Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2019-жылдын 14-январы № 3
“Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиясын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 28-майындагы № 2-ДП буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 4-бөлүгүнө жана 49-беренесинин 1-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 11-октябрындагы № 140-п буйругу менен бекитилген Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын ишинин тартиби жөнүндө жобого ылайык, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтомун жетекчиликке алуу менен, даттанууларды жана нааразылыктарды өз убагында кароону камсыз кылуу, ошондой эле объективдүү жана адилеттүү чечимдерди кабыл алуу максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. “Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиясын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 28-майындагы № 2-ДП буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын курамына, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн маалымат базасына төмөнкү аталгандар киргизилсин:
Бердигулов Айбек – Азия өнүктүрүү банкынын Инвестициялык долбоорлор ишке ашыруу тобунун сатып алуулар боюнча адиси;
Торобеков Улан Барктабасович – Бүткүл дүйнөлүк банкынын улуттук консультанты;
Турусбекова Айнур Абдымуталифовна – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Окуу борборунун тренери;
Муканова Нурипа Аалиевна – Кыргыз Республикасынын Антикоррупциялык ишкерлик кеңешинин башкы катчысы;
Хусеинов Нурзат Закирович – Мамлекеттик картографиянын пландык-иш алып баруу бөлүмүнүн начальнигинин орун басары;
Аскарова Зарема Маликовна; - Жөнгө салууну системалык талдоо долбоорунун юристи, ОБСЕ;
Барктабасов Нурсултан Мелисович – «Альфа Телеком» ЖАКнын Камсыздоо жана логистика департаментинин сатып алуулар боюнча адиси;
- Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын курамынан төмөнкү аталгандар чыгарылсын: Красников А.А.; Акенеев А.Ж.; Садыков Н.Б.; Омуркул у У.; Шаршеев И.Ш.; Школьникова К.Н.; Абдымомунова С.Р.
2. Иш кагаздарын жүргүзүү жана документтерди электрондук жүгүртүү бөлүмү ушул буйрукту белгиленген тартипте каттоону жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти:
- бул буйрукту катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде "Эркин-Тоо" гезитине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяласын;
- бул буйрукту расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- бул буйруктун көчүрмөсүн белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары А.К. Азимовго жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ушул буйругу расмий жарыяланган күндөн тартып он жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Финансы министри | Б.Ж. Жеенбаева |