Загрузка документа…
КР Финансы министрлигинин 2022-жылдын 17-майындагы № 85-п буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
(КР ФМ 2019-жылдын 14-январындагы №3 буйругунун редакциясына ылайык)
2018-жылдын 28-майы № 2-ДП
Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиясын түзүү жөнүндө
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 4-бөлүмүнө, 49-беренесинин 1-бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 11-октябрындагы № 140-б буйругу менен бекитилген Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын ишинин тартиби жөнүндө ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна ылайык, даттанууларды, нааразылыктарды же кайрылууларды калыс, өз убагында кароо, ошондой эле объективдүү, адилеттүү чечим кабыл алынуусун максат кылып,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиясынын курамы тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. "Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо, ошондой эле мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө ишенимсиз (ак ниет эмес) берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссияны түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2016-жылдын 15-мартындагы 1-ДП буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Иш кагаздарын жүргүзүү жана иш кагаздарын электрондук жүгүртүү бөлүмү ушул буйрукту тиешелүү тартипте каттоодон өткөрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти:
- бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде "Эркин Тоо" гезитине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин официалдуу сайттарында ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяласын;
- бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- бул буйруктун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтүлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары А.К.Азимовго жүктөлсүн.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган учурдан тартып кеминде он күндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын финансы министри |
| А.Касымалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 28-майындагы № 2-ДП буйругуна тиркеме |
Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиясынын
КУРАМЫ
(КР ФМ 2019-жылдын 14-январындагы №3 буйругунун редакциясына ылайык)
1. Тупчибаева Асель Абдуманнаповна - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин администрациялык чарба жана финансылык камсыздоо бөлүмүнүн сатып алуулар боюнча адиси;
2. Атанова Гульсаара Тургумбаевна - "Идис-Аудит-Консалтинг" ЖЧКнын директору;
3. Жолошев Музарбек Азимбекович - "Кыргыз Шоколады" ЖЧКнын башкы директору;
4. Исаев Тулоберди Джолдошбекович - ЕРӨБдүн "Кичи жана орто бизнестердин электрондук мамлекеттик сатып алууларда катышуусунда көмөк көрсөтүү" долбоорунун жергиликтүү консультанты;
5. Капушенко Анна - kloop.kg жаңылыктар сайтынын журналисти;
6. Койчуева Мэрим Тураровна - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын башкы илимий кызматчысы;
7. Чыналиева Алтынай Бейшенбековна - "Айыл Банк" ААКнын сатып алуулар бөлүмүнүн адиси;
8. Эралиев Эдиль Джанболотович - "Зеркало Центральная Азия" ЖЧКсынын бажы укуктук маселелери боюнча консультанты.
9. Бердигулов Айбек – Азия өнүктүрүү банкынын Инвестициялык долбоорлор ишке ашыруу тобунун сатып алуулар боюнча адиси;
10. Торобеков Улан Барктабасович – Бүткүл дүйнөлүк банкынын улуттук консультанты;
11. Турусбекова Айнур Абдымуталифовна – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Окуу борборунун тренери;
12. Муканова Нурипа Аалиевна – Кыргыз Республикасынын Антикоррупциялык ишкерлик кеңешинин башкы катчысы;
13. Хусеинов Нурзат Закирович – Мамлекеттик картографиянын пландык-иш алып баруу бөлүмүнүн начальнигинин орун басары;
14. Аскарова Зарема Маликовна; - Жөнгө салууну системалык талдоо долбоорунун юристи, ОБСЕ;
15. Барктабасов Нурсултан Мелисович – «Альфа Телеком» ЖАКнын Камсыздоо жана логистика департаментинин сатып алуулар боюнча адиси;
Премьер-министри | Д.Үсөнов |