Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ
ЖАШТАР ИШТЕРИ, ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2018-жылдын 21-декабры №1-п
“Кыргыз Республикасынын калкын дене бой жактан даярдоо боюнча нормативдик талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы № 600 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга “Спорттук Кыргызстан” программасын аткарууда, жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун “Аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүлүп берилүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмеси” 1-тиркемесинин 21-пунктун ишке ашыруу максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын калкын дене бой жактан даярдоо боюнча нормативдик талаптар жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги дене бой жактан даярдоо боюнча нормативдик талаптарды тапшыруучу адамдарга медициналык кароо жүргүзсүн жана алардын ден-соолугунун абалы жөнүндө корутунду берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин документтерди камсыздоо жана аткарууну контролдоо бөлүмү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Мамлекеттик Реестрге киргизүү үчүн ушул буйрукту жөнөтсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет
Статс-катчы | Н.А. Бардинова |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын “21” декабры №1-Н буйругу менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын калкын дене бой жактан даярдоо боюнча нормативдик талаптар жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын калкын дене бой жактан даярдоо боюнча нормативдик талаптарды (мындан ары – Нормативдер) жүргүзүү жана андан ары ишке ашыруу боюнча иштин түзүмүн, мазмунун, аны уюштурууну аныктайт.
2. Нормативдер ушул жобонун 1-жана 2-тиркемелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарынын дене бой жактан даярдыгына карата, артыкчылыктын алтын, күмүш белгилерине, калктын ар кандай курак топторундагы (18 жаштан 69 жашка чейинки) категориялары үчүн сергек жашоо мүнөзүн жүргүзүүдө билимдин, шыктын жана көндүмдөрдүн тизмегине ылайык келген сыноолордун (тесттердин) жана ченемдердин түрүн камтыган талаптарды аныктайт.
2-глава. Максаты жана милдети
3. Нормативдердин максаты жеке адамдын ден соолугун, гармониялуу жана ар тараптуу өнүгүүсүн чыңдоодо, атуулдукка тарбиялоодо жана калкты дене бой жактан тарбиялоону ишке ашыруудагы ишти улантууну камсыз кылууда дене тарбия жана спорттун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.
4. Нормативдердин милдети:
1) калктын дене тарбия жана спорт менен системалуу түрдө машыгууга, дене бой жактан өзүн өркүндөтүүгө, сергек жашоого жана ушул негизде республиканын жарандарынын өмүрүнүн узактыгын көбөйтүүгө болгон каныккан муктаждыктарын калыптандыруу;
2) өз алдынча, анын ичинде заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен машыгууну уюштуруунун каражаттары, ыкмалары жана формалары жөнүндө калктын билим деңгээлин жогорулатуу;
3) дене тарбия системасын жана массалык, студенттик, ошондой эле калктын бардык курактагы топтору үчүн спортту өнүктүрүү системасын, анын ичинде спорттук клубдардын санын көбөйтүү жолу менен модернизациялоо.
3-глава. Нормативдердин түзүмү жана мазмуну
5. Нормативдер жаш курактарга ылайык 5 баскычка бөлүнөт:
Баскычтардын аталышы | Курактын диапазону (толук жашы) | |
эркектер | аялдар | |
Кыргыз Республикасынын калкын дене бой жактан тарбиялоо боюнча нормативдик талаптар | ||
6 баскыч | 18-29 жаш | 18-29 жаш |
7 баскыч | 30-39 жаш | 30-39 жаш |
8 баскыч | 40-49 жаш | 40-49 жаш |
9 баскыч | 50-59 жаш | 50-59 жаш |
10 баскыч | 60-69 жаш | 60-69 жаш |
6. Нормативдик-тестирлөөчү бөлүк төмөнкүлөрдү карайт:
1) сыноолордун (тесттердин) милдеттүү жана адамдын жыныстык жана жаш курактык өнүгүү өзгөчөлүктөрүнө ылайык дене бой жактан сапатын, кыймылдоо шыгын өнүктүрүүнүн деңгээлин аныктоого мүмкүндүк берүүчү түрлөрүн тандап алуу боюнча;
2) дене тарбия жана спорт, машыгуулардын гигиенасы, ден соолук абалына таасирлер, акыл жана күч жагынан иштөөгө жөндөмдүүлүктү жогорулатуу жаатында билим жана көндүм деңгээлин баалоого карата талаптар;
3) билим берүү мекемелеринде милдеттүү машыгууларды, спорттун түрлөрү боюнча спорттук секцияларда жана ден соолук чыңдоо багытындагы топтордо уюштурулган машыгууларды, ошондой эле өз алдынча даярдыкты камтыган кыймылдоо ишинин ар кандай түрлөрүнүн минималдуу көлөмүн аныктоочу бир жумалык кыймыл режимине карата сунуштамалар
4-глава. Нормативдерди ишке ашыруу боюнча уюштуруу иштери
7. дене тарбия жана спорт менен системалуу түрдө, анын ичинде өз алдынча машыккан адамдарга диспансеризациянын (медициналык байкоонун) же медициналык кароонун жыйынтыктарынын негизинде нормативдерди аткарууга жол берилет.
8. Нормативдерди аткарууда дене бой жактан даярдыгынын деңгээлине карата талаптар билим берүү программаларында, “Дене тарбия” предмети боюнча билим берүү уюмдарында эске алынат.
9. Орто кесиптик жана жогорку окуу жайларына окууга кирген учурда абитуриент дене тарбия жана спорт боюнча өзүнүн жеке жетишкендиктери, нормативдерди тапшыруунун айырмалануу белгилери жөнүндө берген маалыматтары эске алынат.
10. Нормативдик талаптары тапшырууга карата даярдануунун негизги формалары билим берүү программаларынын, спорттун түрлөрү боюнча секцияларда жана ден соолукту чыңдоо багытындагы топтордо окуу-машыгуу сабактарынын, ошондой эле өз алдынча машыгуунун жана республикалык, региондук, спорттук-массалык иш-чаралардын ведомстволук календардык пландарына кирген нормативдерди тапшыруу боюнча мелдештердин негизинде дене тарбия жана спорт менен машыгуу болуп саналат.
11. Билим берүү жана өнөр жай уюмдарынын, мекемелеринин жетекчилери менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин аймактык өкүлчүлүктөрү, кесиптик бирлик органдары менен биргеликте окуп жаткандардын жана кызматкерлердин дене бой жактан даярдыгынын Нормативдерин тапшырууга даярдоого жана тапшырууну камсыз кылууга көмөк көрсөтөт.
12. Иш берүүчү Нормативдердин артыкчылык белгилерине ылайык келген нормативди жана талаптарды аткарган адамдарга белгиленген тартипте сыйлоого укуктуу.
13. Сыноолордун (тесттердин) түрлөрүн жана нормативдерди аткаруунун маалыматтарын эсепке алуу статистикалык байкоонун белгиленген тартибинде жана эсепке алуучу документтердин негизинде ишке ашырылат.
14. Нормативдерди аткаргандарга күбөлүктөр, “күмүш” же “алтын” белгилери берилет, алардын үлгүсү жана сүрөттөлүшү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин буйругу менен бекитилет.
15. Кыргыз Республикасынын калкын дене бой жактан даярдоо физикалык даярдоо боюнча Нормативдик талаптарды жайылтууну маалыматтык камсыз кылуу жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу
Жаштар иштери, дене тарбия
жана спорт боюнча мамлекеттик
агенттигинин “21” декабрь 2018-ж. №1-Н
буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын калкын
дене бой жактан даярдоо боюнча
нормативдик талаптар жөнүндө жобого
1-тиркеме
ЭРКЕКТЕР ҮЧҮН ЧЕНЕМДЕР 18-29 жаш (6-баскыч)
Милдеттүү сыноолор (тесттер):
| Тесттер | ЭРКЕКТЕР 18-24 жаш | ЭРКЕКТЕР 25-29 жаш | ||
алтын белги | күмүш белги | алтын белги | күмүш белги | ||
1 | 100 метрге чуркоо (секунд) | 13,6 | 14,1 | 14,8 | 15,1 |
2 | 2 000 метрге чуркоо (мүн., сек.) | 6:15 | 6:35 | 7:08 | 7:32 |
3.1 | Бийик турникке тартылуу (жолу) | 24 | 22 | 20 | 18 |
3.2 | же полдон көтөрүлүп тартылуу (жолу) | 32 | 28 | 27 | 24 |
4 | Отурган абалдан алдыга эңкейүү, буттар түз (кар.) | +19 см. | +16 см. | +14 см. | +11 см. |
ТАНДООГО СЫНООЛОР (ТЕСТТЕР)
№ | Тесттер | ЭРКЕКТЕР 18-24 жаш | ЭРКЕКТЕР 25-29 жаш | ||
алтын белги | күмүш белги | алтын белги | күмүш белги | ||
5 | “Чөлмөк” чуркоо 3х10 м. (сек.) | 7,7 | 8,0 | 7,9 | 8,2 |
6 | Ордунан туруп узундукка секирүү (см.) | 240 | 225 | 220 | 210 |
7 | 700 гр. (м.) салмактагы спорттук снарядды ыргытуу | 37 | 35 | 34 | 32 |
8 | Чалкасынан жаткан абалда тулку боюн көтөрүү (1 мүн., ичиндеги аткаруулардын саны) | 37 | 35 | 34 | 31 |
9 | Өз салмагы менен отуруп-туруу (30 сек.) | 35 | 32 | 33 | 30 |
10 | 50 м. (мүн., сек) сууда сүзүү | убакыт эске алынбастан | убакыт эске албастан | убакыт эске албастан | убакыт эске алынбастан |
Эскертүү: Бассейн жок болгон учурда “50 м. сууда сүзүү” сыноосунун түрү убакытты эске албастан “3000 м. кросстук чуркоого” алмашылат.
БЕЛГИ АЛУУНУН ШАРТТАРЫ
ЭРКЕКТЕР 18-24 жаш | ЭРКЕКТЕР 25-29 жаш | |||
алтын белги | күмүш белги | алтын белги | күмүш белги | |
Белги алуу үчүн аткаруу зарыл болгон сыноолордун (тесттердин) саны | 7 | 6 | 7 | 6 |
18-29 жаштагы АЯЛДАР ҮЧҮН ЧЕНЕМДЕР (6-баскыч)
Милдеттүү сыноолор (тесттер):
№ | Тесттер | АЯЛДАР 18-24 жаш | АЯЛДАР 25-29 жаш | ||
алтын белги | күмүш белги | алтын белги | күмүш белги | ||
1 | 100 метрге чуркоо (секунд) | 17,4 | 17,8 | 18,2 | 18,8 |
2 | 1000 метрге чуркоо (мүн., сек.) | 3:35 | 3:58 | 4:03 | 4:15 |
3.1 | 110 см. жапыз турникке жерде жаткан абалда тартылуу (тартылуулардын саны) | 12 | 10 | 8 | 6 |
3.2 | же полдон өзүн көтөрүү (көтөрүүнүн саны) | 18 | 16 | 15 | 14 |
4 | Өз салмагы менен отуруп туруу (30 сек.) | +22 см. | +21 см. | +20 см. | +19 см. |
ТАНДООГО СЫНООЛОР (ТЕСТТЕР)
№ | Тесттер | АЯЛДАР 18-24 жаш | АЯЛДАР
25-29 жаш | ||
алтын белги | күмүш белги | алтын белги | күмүш белги | ||
5 | “Чөлмөк” чуркоо 3х10 м. (секунд) | 8,8 | 9,0 | 9,2 | 9,5 |
6 | Ордунан туруп узундукка секирүү (см.) | 190 | 175 | 160 | 150 |
7 | 500 гр. (метр) салмактагы спорттук снарядды ыргытуу | 28 | 26 | 24 | 22 |
8 | Чалкасынан жаткан абалда тулку боюн көтөрүү (1 мүн. канча жолу) | 30 | 28 | 26 | 24 |
9 | Өз салмагы менен отуруп туруу (30 сек.) | 30 | 28 | 26 | 24 |
10 | 50 м. (мүн., сек.) сууда сүзүү | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан |
Эскертүү: Бассейн жок болгон учурда “50 м. сууда сүзүү” сыноонун түрү убакытты эске албастан “2000 м. кросстук чуркоого” алмашылат.
БЕЛГИ АЛУУНУН ШАРТТАРЫ
Шарт | АЯЛДАР 18-24 жаш | АЯЛДАР 25-29 жаш | ||
алтын белги | күмүш белги | алтын белги | күмүш белги | |
Белги алуу үчүн аткаруу зарыл болгон сыноолордун (тесттердин) саны | 7 | 6 | 7 | 6 |
Талаптар:
1. Мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык “Дене тарбия” сабагы боюнча теориялык маалыматтарды өздөштүрүү.
2. Бир жумалык кыймыл-аракет режимине карата сунуштарды - мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык аткаруу (жумасына 6 сааттан кем эмес).
№ п/п | Кыймыл-аракеттин түрлөрү | Жумасына (мүн.) кем эмес көлөмдө |
1 | Эртең мененки көнүгүү | 70 |
2 | Билим берүү мекемелериндеги милдеттүү окуу сабактары | 90 |
3 | Спорт секцияларында жана спорттун түрлөрү боюнча ийримдердеги жана ден соолукту чыңдоо багытындагы топтордогу уюшкан сабактар. | 200 |
ЭРКЕКТЕР ҮЧҮН ЧЕНЕМДЕР 30-39 жаш (7-баскыч)
Милдеттүү сыноолор (тесттер):
№ | Тесттер | ЭРКЕКТЕР 30-34 жаш | ЭРКЕКТЕР 35-39 жаш | ||
алтын белги | күмүш белги | алтын белги | күмүш белги | ||
1 | 60 метрге чуркоо (секунд) | 11,1 | 12,1 | 12,5 | 12,9 |
2 | 1000 метрге чуркоо (мүн., сек.) | 4:03 | 4:13 | 4:30 | 4:40 |
3.1 | Бийик турникке тартылуу (тартылуу саны) | 17 | 15 | 13 | 11 |
3.2 | же полдон өзүн көтөрүү (көтөрүүнүн саны) | 22 | 20 | 18 | 16 |
4 | отурган абалдан алдыга эңкейүү, буттар түз (кар.) | +18 см. | +15 см. | +13 см. | +10 см. |
ТАНДООГО СЫНООЛОР (ТЕСТТЕР)
№ | Тесттер | ЭРКЕКТЕР 30-34 жаш | ЭРКЕКТЕР 35-39 жаш | ||
алтын белги | күмүш белги | алтын белги | күмүш белги | ||
5 | Ордунан узундукка секирүү (см.) | 215 | 205 | 210 | 195 |
6 | 700 гр. (метр) салмактагы спорттук снарядды ыргытуу | 31 | 28 | 27 | 25 |
7 | Чалкасынан жаткан абалда тулку боюн көтөрүү (1 мүн., ичиндеги атк. саны) | 32 | 29 | 30 | 27 |
8 | Өз салмагы менен отуруп туруу (30 сек.) | 31 | 28 | 29 | 26 |
9 | 50 м. (мүн., сек.) сууда сүзүү | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан |
Эскертүү: Бассейн жок болгон учурда “50 м. сууда сүзүү” сыноосунун түрү убакытты эске албастан “адыр-будур жерде 2000 м. кросстук чуркоого” алмашылат.
БЕЛГИ АЛУУНУН ШАРТТАРЫ
Шарт | ЭРКЕКТЕР 30-34 жаш | ЭРКЕКТЕР 35-39 жаш | ||
алтын белги | күмүш белги | алтын төш белги | күмүш белги | |
Белги алуу үчүн аткаруу зарыл болгон сыноолордун (тесттердин) саны | 6 | 5 | 6 | 5 |
АЯЛДАР ҮЧҮН ЧЕНЕМДЕР 30-39 жаш (7-баскыч)
Милдеттүү сыноолор (тесттер):
№ | Тесттер | АЯЛДАР 30-34 жаш | АЯЛДАР 35-39 жаш | ||
алтын белги | күмүш белги | алтын белги | күмүш белги | ||
1 | 60 метрге чуркоо (секунд) | 11,7 | 12,08 | 13,2 | 13,6 |
2 | 500 метрге чуркоо (мүн., сек.) | 2:29 | 2:44 | 3:10 | 3:25 |
3.1 | 110 см. жапыз турникке жерде жаткан абалда тартылуу (тартылуулардын саны) | 10 | 8 | 7 | 5 |
3.2 | же полдон өзүн көтөрүү (көтөрүүнүн саны) | 14 | 13 | 12 | 11 |
4 | Отурган абалдан алдыга эңкейүү, буттар түз (см.) | +18 см. | +17 см. | +16 см. | +15 см. |
ТАНДООГО СЫНООЛОР (ТЕСТТЕР)
№ | Тесттер | АЯЛДАР 30-34 жаш | АЯЛДАР 35-39 жаш | ||
алтын белги | күмүш белги | алтын белги | күмүш белги | ||
5 | Ордунан узундукка секирүү (см.) | 165 | 150 | 140 | 130 |
6 | Чалкасынан жаткан абалда тулку боюн көтөрүү (1 мүн., ичиндеги атк. саны) | 25 | 23 | 22 | 20 |
7 | 500 гр. (метр) салмактагы спорттук снарядды ыргытуу | 20 | 18 | 16 | 14 |
8 | Өз салмагы менен отуруп туруу (30 сек.) | 27 | 25 | 24 | 21 |
9 | 50 м. (мүн., сек.) сууда сүзүү | убакытты эске албас тан | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан |
Эскертүү: Бассейн жок болгон учурда “50 м. сууда сүзүү” сыноосунун түрү “адыр-будур жерде 1000 м. кросстук чуркоого” алмашылат.
БЕЛГИ АЛУУ ҮЧҮН ШАРТТАР
Шарттар | АЯЛДАР 30-34 жаш | АЯЛДАР 35-39 жаш | ||
алтын белги | күмүш белги | алтын белги | күмүш белги | |
Белги алуу үчүн аткаруу зарыл болгон сыноолордун (тесттердин) саны | 6 | 5 | 6 | 5 |
Талаптар:
Бир жумалык кыймыл-аракет режимине карата сунуштарды аткаруу (жумасына 6 сааттан кем эмес).
№ к/н | Кыймыл-аракеттин түрлөрү | Бир жумалык көлөм, мүн. |
1 | Эртең мененки көнүгүү | 105тен кем эмес |
2 | Эмгек иш процессинде кыймыл-аракеттин активдүүлүгүнүн түрлөрү | 135 |
3 | ЖДД (жалпы дене бой жактан даярдануу) топторундагы дене тарбия жана спорт менен уюштурулган сабактар же дене тарбия көнүгүүлөрүнүн өз алдынча сабактары | 120дан кем эмес |
ЭРКЕКТЕР ҮЧҮН ЧЕНЕМДЕР 40-49 жаш (8-баскыч)
Милдеттүү сыноолор (тесттер):
№ | Тесттер | ЭРКЕКТЕР 40-44 жаш | ЭРКЕКТЕР 45-49 жаш | ||
алтын белги | күмүш белги | алтын белги | күмүш белги | ||
1 | 60 метрге чуркоо (секунд) | 12,0 | 12,8 | 13,5 | 14,4 |
2 | 1 000 метрге чуркоо (мүн., сек.) | 5:10 | 5:30 | 6:00 | 6:18 |
3.1. | Бийик турникке тартылуу (тартылуу саны) | 10 | 8 | 7 | 5 |
3.2. | Же полдон өзүн көтөрүү (көтөрүүнүн саны) | 17 | 14 | 12 | 10 |
4 | Отурган абалда алдыга эңкейүү, буттар түз (кар.) | +15 см. | +13 см. | +12 см. | +10 см. |
ТАНДООГО СЫНООЛОР (ТЕСТТЕР):
№ | тесттер | ЭРКЕКТЕР 40-44 жаш | ЭРКЕКТЕР 45-49 жаш | ||
алтын белги | күмүш белги | алтын белги | күмүш белги | ||
5 | Чалкасынан жаткан абалда тулку боюн көтөрүү (1 мүн., ичиндеги атк. саны) | 28 | 25 | 26 | 23 |
6 | Өз салмагы менен отуруп туруу (30 сек.) | 27 | 25 | 24 | 21 |
7 | 50 м. (мүн., сек) сууда сүзүү | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан |
Эскертүү: Бассейн жок болгон учурда “50 м. сууда сүзүү” сыноосунун түрү “адыр-будур жерде 1500 м. кросстук чуркоого” убакытты эске албастан алмашылат.
БЕЛГИ АЛУУ ҮЧҮН ШАРТТАР
Шарт | ЭРКЕКТЕР 40-44 жаш | ЭРКЕКТЕР 45-49 жаш | ||
алтын белги | күмүш белги | алтын белги | күмүш белги | |
Белги алуу үчүн аткаруу зарыл болгон сыноолордун (тесттердин) саны | 5 | 4 | 5 | 4 |
АЯЛДАР ҮЧҮН НОРМАЛАР 40-49 жаш (8-баскыч)
Милдеттүү сыноолор (тесттер):
№ | Тесттер | АЯЛДАР 40-44 жаш | АЯЛДАР 45-49 жаш | ||
алтын белги | күмүш белги | алтын белги | күмүш белги | ||
1.1. | 60 метрге чуркоо (секунд) | 13,8 | 14,0 | 14,4 | 15,2 |
2 | 500 метрге чуркоо (мүн., сек.) | 3:15 | 3:30 | 3:40 | 3:58 |
3.1. | 110 см. жапыз турникке жерде жаткан абалда тартылуу (тартылуулардын саны) | 6 | 4 | 5 | 3 |
3.2. | же полдон өзүн көтөрүү (көтөрүүнүн саны) | 11 | 9 | 8 | 7 |
4. | Отурган абалдан алдыга эңкейүү, буттар түз (кар.) | +14 см. | +13 см. | +12 см. | +11 см. |
ТАНДООГО СЫНООЛОР (ТЕСТТЕР)
№ | Тесттер | АЯЛДАР 40-44 жаш | АЯЛДАР 45-49 жаш | ||
алтын белги | күмүш белги | алтын белги | күмүш белги | ||
5 | Чалкасынан жаткан абалда тулку боюн көтөрүү (1 мүн., ичиндеги атк. саны) | 23 | 21 | 20 | 18 |
6 | Өз салмагы менен отуруп туруу (30 сек.) | 22 | 20 | 19 | 17 |
7 | 50 метрге сууда сүзүү | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан |
Эскертүү: Бассейн жок болгон учурда “50 м. сууда сүзүү” сыноосунун түрү убакытты эске албастан “1000 м. кросстук чуркоого” алмашылат.
БЕЛГИ АЛУУ ҮЧҮН ШАРТТАР:
Шарт | АЯЛДАР 40-44 жаш | АЯЛДАР 45-49 жаш | ||
алтын белги | күмүш белги | алтын белги | күмүш белги | |
Белги алуу үчүн аткаруу зарыл болгон сыноолордун (тесттердин) саны | 5 | 4 | 5 | 4 |
Талаптар:
Бир жумалык кыймыл-аракет режимине карата сунуштарды аткаруу (жумасына 6 сааттан кем эмес).
№ к/н | Кыймыл-аракеттин түрлөрү | Жумасына (мүн.) кем эмес көлөм |
1 | Эртең мененки көнүгүү | 70 |
2 | Эмгек иш процессинде кыймыл-аракеттин активдүүлүгүнүн түрлөрү | 90 |
3 | ЖДД топторундагы дене тарбия жана спорт менен уюштурулган сабактар же дене тарбия көнүгүүлөрүнүн өз алдынча сабактары | 200 |
ЭРКЕКТЕР ҮЧҮН ЧЕНЕМДЕР 50-59 жаш (9-баскыч)
Милдеттүү сыноолор (тесттер):
№ | Тесттер | ЭРКЕКТЕР 50-54 жаш | ЭРКЕКТЕР 55-59 жаш | ||
алтын белги | күмүш белги | алтын белги | күмүш белги | ||
1 | 500 метрге чуркоо (мүн., сек.) | 2:25 | 2:40 | 2:45 | 2:55 |
2.1 | Бийик турникке тартылуу (тартылуу саны) | 6 | 4 | 4 | 3 |
2.2 | Же полдон өзүн көтөрүү (көтөрүүнүн саны) | 12 | 10 | 8 | 6 |
3 | Отурган абалдан алдыга эңкейүү, буттар түз (кар.) | +10 см. | +8 см. | +6 см. | +4 см. |
ТАНДООГО СЫНООЛОР (ТЕСТТЕР):
№ | Тесттер | ЭРКЕКТЕР 50-54 жаш | ЭРКЕКТЕР 55-59 жаш | ||
алтын белги | күмүш белги | алтын белги | күмүш белги | ||
4 | Чалкасынан жаткан абалда тулку боюн көтөрүү (1 мүн., ичиндеги атк. саны) | 24 | 21 | 22 | 18 |
5 | Өз салмагы менен отуруп туруу (30 сек.) | 21 | 18 | 19 | 16 |
6 | 50 м. (мүн., сек) сууда сүзүү | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан |
Эскертүү: Бассейн жок болгон учурда “50 м. сууда сүзүү” сыноосунун түрү убакытты эске албастан “1000 м. кросстук чуркоого” алмашылат.
БЕЛГИ АЛУУ ҮЧҮН ШАРТТАР
Шарт | ЭРКЕКТЕР 50-54 жаш | ЭРКЕКТЕР 55-59 жаш | ||
алтын белги | күмүш белги | алтын белги | күмүш белги | |
Белги алуу үчүн аткаруу зарыл болгон сыноолордун (тесттердин) саны | 5 | 4 | 5 | 4 |
АЯЛДАР ҮЧҮН ЧЕНЕМ 50-59 жаш (9-баскыч)
Милдеттүү сыноолор (тесттер):
№ | Тесттер | АЯЛДАР 50-54 жаш | АЯЛДАР 55-59 жаш | ||
алтын белги | күмүш белги | алтын белги | күмүш белги | ||
1 | 1 000 м. аралаш орун которуу | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан |
2.1 | 110 см. жапыз турникке жерде жаткан абалда тартылуу (тартылуулардын саны) | 5 | 4 | 4 | 3 |
2.2 | же гимнастикалык отургучка тартылуу (тартылуулардын саны) | 7 | 5 | 4 | 3 |
3 | Отурган абалдан алдыга эңкейүү, буттар түз (см.) | +10 см. | +9 см. | +8 см. | +7 см. |
ТАНДООГО СЫНООЛОР (ТЕСТТЕР):
№ | Тесттер | АЯЛДАР 50-54 жаш | АЯЛДАР 55-59 жаш | ||
алтын белги | күмүш белги | алтын белги | күмүш белги | ||
4 | Чалкасынан жаткан абалда тулку боюн көтөрүү (1 мүн., ичиндеги атк. саны) | 17 | 15 | 14 | 12 |
5 | Өз салмагы менен отуруп туруу (30 сек.) | 18 | 16 | 15 | 13 |
6 | 25 м. (мүн., сек.) сууда сүзүү | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан |
Эскертүү: Бассейн жок болгон учурда “25 м. сууда сүзүү” сыноосунун түрү убакытты эске албастан “адыр-будур жерде 500 м. кросстук чуркоого” алмашылат.
БЕЛГИ АЛУУНУН ШАРТТАРЫ
Шарт | АЯЛДАР 50-54 жаш | АЯЛДАР 55-59 жаш | ||
алтын белги | күмүш белги | алтын белги | күмүш белги | |
Белги алуу үчүн аткаруу зарыл болгон сыноолордун (тесттердин) саны | 5 | 4 | 5 | 4 |
Талаптар:
Бир жумалык кыймыл-аракет режимине сунуштарды аткаруу (жумасына 6 сааттан кем эмес).
№ к/н | Кыймыл-аракет ишмердүүлүгүнүн түрлөрү | Бир жумалык көлөм, мүн. |
1 | Эртең мененки көнүгүү | 70 |
2 | Эмгек иш процессинде кыймыл-аракеттин активдүүлүгүнүн түрлөрү | 90 |
3 | ЖДД топторундагы дене тарбия жана спорт менен уюштурулган сабактар же дене тарбия көнүгүүлөрүнүн өз алдынча сабактары | 200 |
ЭРКЕКТЕР ҮЧҮН ЧЕНЕМДЕР 60-69 жаш (10-баскыч)
Милдеттүү сыноолор (тесттер):
№ | Тесттер | ЭРКЕКТЕР 60-64 жаш | ЭРКЕКТЕР 65-69 жаш | ||
алтын белги | күмүш белги | алтын белги | күмүш белги | ||
1 | 1 000 м. аралаш орун которуу | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан |
2 | же гимнастикалык отургучка тартылуу (тартылуулардын саны) | 9 | 7 | 6 | 4 |
3 | Отурган абалдан алдыга эңкейүү, буттар түз (см.) | +4 см. | +2 см. | 0 см. | -2 см. |
ТАНДООГО СЫНООЛОР (ТЕСТТЕР):
№ | Тесттер | ЭРКЕКТЕР 60-64 жаш | ЭРКЕКТЕР 65-69 жаш | ||
алтын белги | күмүш белги | алтын белги | күмүш белги | ||
4 | Чалкасынан жаткан абалда тулку боюн көтөрүү (1 мүн., ичиндеги атк. саны) | 17 | 14 | 13 | 9 |
5 | Өз салмагы менен отуруп туруу (30 сек.) | 17 | 14 | 13 | 11 |
6 | 25 м. (мүн., сек.) сууда сүзүү | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан |
Эскертүү: Бассейн жок болгон учурда “25 м. сууда сүзүү” сыноосунун түрү убакытты эске албастан “адыр-будур жерде 500 м. кросстук чуркоого” алмашылат.
БЕЛГИ АЛУУ ҮЧҮН ШАРТТАР:
Шарт | ЭРКЕКТЕР 60-64 жаш | ЭРКЕКТЕР 65-69 жаш | ||
алтын белги | күмүш белги | алтын белги | күмүш белги | |
Белги алуу үчүн аткаруу зарыл болгон сыноолордун (тесттердин) саны | 4 | 3 | 4 | 3 |
АЯЛДАР ҮЧҮН ЧЕНЕМДЕР 60-69 жаш (10-баскыч)
Милдеттүү сыноолор (тесттер):
№ | Тесттер | АЯЛДАР 60-64 жаш | АЯЛДАР 65-69 жаш | ||
алтын белги | күмүш белги | алтын белги | күмүш белги | ||
1 | 500 м. аралаш орун которуу | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан |
2 | же гимнастикалык отургучка тартылуу (тартылуулардын саны) | 6 | 4 | 3 | 2 |
3 | Отурган абалда алдыга эңкейүү, буттар түз (см.) | +6 см. | +5 см | +4 см. | +3 см. |
ТАНДООГО СЫНООЛОР (ТЕСТТЕР):
№ | Тесттер | АЯЛДАР 60-64 жаш | АЯЛДАР 65-69 жаш | ||
алтын белги | күмүш белги | алтын белги | күмүш белги | ||
4 | Чалкасынан жаткан абалда тулку боюн көтөрүү (1 мүн., ичиндеги атк. саны) | 11 | 9 | 7 | 5 |
5 | Өз салмагы менен отуруп туруу (30 сек.) | 14 | 12 | 11 | 9 |
6 | 25 м (мүн., сек.) сууда сүзүү | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан |
Эскертүү: Бассейн жок болгон учурда “25 м. сууда сүзүү” сыноосунун түрү убакытты эске албастан “адыр-будур жерде 300 м. кросстук чуркоого” алмашылат.
БЕЛГИ АЛУУ ҮЧҮН ШАРТТАР:
Шарт | АЯЛДАР 60-64 года | АЯЛДАР 65-69 жаш | ||
алтын белги | күмүш белги | алтын белги | күмүш белги | |
Белги алуу үчүн аткаруу зарыл болгон сыноолордун (тесттердин) саны | 4 | 3 | 4 | 3 |
Талаптар:
Бир жумалык кыймыл-аракет режимине сунуштарды аткаруу (жумасына 6 сааттан кем эмес).
№ к/н | Кыймыл-аракет ишмердүүлүгүнүн түрлөрү | Жумасына (мүн.) кем эмес көлөм |
1 | Эртең мененки көнүгүү | 70 |
2 | ЖДД топторундагы дене тарбия жана спорт менен уюштурулган сабактар же дене тарбия көнүгүүлөрүнүн өз алдынча сабактары | 200 |
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу
Жаштар иштери, дене тарбия
жана спорт боюнча мамлекеттик
агенттигинин “21” декабрь 2018-ж. №1-Н
буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын калкын
дене бой жактан даярдоо боюнча
нормативдик талаптар жөнүндө жобого
2-тиркеме
Көнүгүүлөрдү аткаруунун шарттары
1. Бийик турникке тартылуу
Баштапкы абал: жогору карай шамдагайлык менен тартылуу, манжалар ийиндин кеңдигинде, колдор, дене тулкусу жана буттар түз, жерге тийбейт, тамандар чогуу турат.
Тартылган учурда ээк турниктин үстүңкү сызыгын кесип өтөт, катышуучу абалды 0,5 секундка кармап туруп, баштапкы абалына төмөн кайтат. Туура аткарылган тартылуулардын саны эсептелет.
Каталар:
1) буттарды жулкуу же шилтеп тартуу (тулку);
2) ээк турниктин үстүңкү сызыгынан жогору көтөрүлгөн жок;
2) 0,5 секундка кармалган жок;
3) колдорду ар кайсы убактарда бүгүү.
Эркектер үчүн бийик турникте көнүгүү аткаруу үчүн контролдук убакыт - 4 мүнөт.
1.1. 110 см. жапыз турникке жерде жаткан абалда тартылуу (тартылуулардын саны)
Баштапкы абал: чалкадан жатып жогору карай шамдагайлык менен тартылуу, манжалар ийиндин кеңдигинде, баш, дене жана колдор түз сызыкты түзөт, согончок 4 см. чейинки таянычка тийип турушу мүмкүн, ээк турниктин үстүңкү сызыгында турат.
Катышуучу ээгин турниктин үстүңкү сызыгынан жогору көтөрүп тартылат, андан кийин төмөн салаңдап, абалды 0,5 секундка кармап туруп, баштапкы абалына кайтат.
Туура аткарылган тартылуулардын саны эсептелет.
Каталар:
1) буттарды жулкуу же денени ийүү менен тартылуу;
2) ээк турниктин үстүңкү сызыгынан жогору көтөрүлгөн жок;
3) 0,5 секундка кармалган жок;
4) колдор кезектештирип бүгүү.
2. Тулку бойду көтөрүү (полдо жатып же гимнастикалык отургучта колдорду бүгүү жана жазуу – көтөрүлүүлөрдүн саны)
Тестирлөө “байланыш платформасын” пайдалануу менен же анысы жок жүргүзүлүшү мүмкүн. Баштапкы абал: полдо жатып же гимнастикалык отургучка таянып тулку бойду көтөрүү, колдор ийиндин кеңдигинде, манжалар алдыга сунулган, чыканактар 45 градустан көбүрөөк ачылган, ийиндер, дене жана буттар түз сызыкты түзөт, тамандар полго таянып турат.
Колдорду бүгүү менен төштү полго же 5 см. бийиктиктеги “байланыш платформасына” тийгизүү, андан кийин аны 0,5 секунд кармап туруп, колдорду жазуу менен баштапкы абалга кайтып баруу.
Каталар:
1) полго тизе, сан, жамбашты тийгизүү;
2) түз сызыкты бузуу “ийиндер - дене – буттар”;
3) 0,5 сек. кармалган жок;
4) колдорду кезектештирип жазуу;
5) көкүрөк полго (платформа) тийишкен жок;
6) чыканактарды тулку бойго карата 45 градустан көбүрөөк жазуу.
3. Кыска аралыкка чуркоо
Чуркоо стадиондун жолдорунда же катуу тегиздиктеги ар кандай тегиз аянтта жүргүзүлөт. 30 м. чуркоо бийик старттан, 60 м. жана 100 м. төмөн жана бийик старттан аткарылат.
4. Узун аралыкка чуркоо
Чуркоо стадиондун чуркоо жолунда же ар кандай тегиз жерде жүргүзүлөт.
5. Полдо же гимнастикалык матта буттарды түз кармап отурган абалда алдыга эңкейүү.
Баштапкы абал: отурганда буттар чогуу, тизелер түз, арка түз. Алдыга карай эңкейүүнү аткаруу учурунда колуңар менен тамандарды кармагыла, көкүрөктү буттарга тарткыла, буттардын булчуңдарын чоюу менен абалды бир аз убакытка кармагыла.
6. Ордунан эки бут менен түртүлүү аркылуу узундукка секирүү
Ордунан эки бут менен түртүлүү аркылуу узундукка секирүү секирүүлөр үчүн тийешелүү сектордо аткарылат.
Баштапкы абал: буттар ийиндердин кеңдигинде, тамандар паралеллдүү, буттардын башы өлчөө сызыгынын алдында турат.
Эки буттун бир эле учурда түртүлүүсү менен алдыга карай секирүү аткарылат. Колдорду шилтөөгө уруксат берилет.
Өлчөө катышуучунун денесинин кайсы гана сызыгы тарабынан болбосун калтырылган өлчөө сызыгынан жакынкы изге чейин жүргүзүлөт. Катышуучуга үч аракет берилет. Мыкты жыйынтык эсептелет.
Каталар:
1) өлчөө сызыгын басып алуу же ага тийип туруу;
2) түртүлүүнү алдын ала секирүү менен аткаруу;
3) буттар менен ар кайсы убактарда түртүлүү.
7. Спорттук снаряд ыргытуу
Тестирлөө үчүн 500 гр. жана 700 гр. салмактагы спорттук снаряд колдонулат.
Спорттук снаряд ыргытуу стадиондо же же кайсы гана болбосун тегиз аянтта 15 м. коридордо өткөрүлөт. Коридордун узундугу катышуучулардын даярдыгына жараша белгиленет.
Ыргытуу ордунан же “ийин аркылуу аркасынан” болгон ыкма менен түз чуркап келүү аркылуу аткарылат.
Катышуучуга үч жолу ыргытууга укук берилет. Мыкты жыйынтык эсептелет. Өлчөө ыргытуу сызыгынан снаряддын түшкөн жерине чейин жүргүзүлөт.
Каталар:
1) Ыргытуу линиясын басып алуу;
2) Снаряд “коридорго” түшкөн жок;
3) Аракет судьянын уруксатысыз аткарылды.
8. Сууда сүзүү
Сыноо бассейнде дагы, ошондой эле көлмөлөрдөгү атайы жабдылган жерлерде жүргүзүлүшү мүмкүн.
Сууда сүзүү ыкмасы – эркин. Аралыктын аягына чыккан соң бортко дененин кайсы гана болбосун бөлүгүн тийгизесиз.
50 метрге сууда сүзүү учурунда бассейндин бортуна сөзсүз түрдө колдорду же буттарды тийгизүү менен кайсы гана болбосун ыңгайлуу ыкма менен бурулуу аткарылат.
9. Өз салмагы менен отуруп-туруу
Баштапкы абал: буттар ийиндин кеңдигинде, колдор денени бойлото түшүрүлгөн. Отуруп жаткан учурда бутту тизеден жана жамбаш сан муундарында сандын арткы бетин шыйракка тийгизүү менен жай бүгөсүз, андан кийин баштапкы абалга кайтып барасыз.
10. Чалкасынан жаткан абалда тулку бойду көтөрүү (1 мүн., ичиндеги көтөрүлүүлөрдүн саны)
Баштапкы абал: чалкасынан жатып, колдорду баштын астына коёт, манжалар “кулпуга” кайчылашкан, далы матка тийип турат, буттар түз, тамандар өнөктөш тарабынан жерге бастырылып турат. Көнүгүүнү аткаруу үчүн жуптар түзүлөт, катышуучулардын бири сыноону аткарат, экинчиси анын буттарын таман жана тизеден кармап турат. Андан кийин тестирлөөдөн өтүп жаткандар орун алмашат.
Тулку бойду көтөрүүдө чыканак менен сан же тизеге тийиңиз жана баштапкы абалга кайтып келиңиз.
Каталар:
1) чыканак сандарга (тизелерге) тийишпейт;
2) далы матка тийбей турат;
3) манжалар “кулпудан” чыгып кеткен;
4) жамбаштын жылышуусу.
11. Аралаш орун которуу
Аралаш орун которуу чуркоонун басууга өтүүсү жана кайрадан чуркоого өтүшүнөн турат. Чуркоо жана басуунун бөлүгүн өзүңүздүн каалооңуз жана даярдык деңгээлиңиз боюнча өзгөртүңүз. Сыноо ар кандай тегиз жерде же стадиондо жүргүзүлөт.
12. 3х10 “чөлмөк” чуркоо
Чуркоочу жолдо же старт сызыгы жана бурулуш сызыгынын жолдору белгиленген (кеңдиги 1,25 см.) башка тегиз аянтта жогорку старт менен аткарылат. “Марш” командасы боюнча 10 м. чуркап келет, бурулуштун сызыгынан артындагы жерге тийип, айланып бурулуп, ушундай эле түрдө 10 м. дагы эки кесиндини чуркап өтүү керек.
Кыскартуулардын тизмеси:
чм. | чакырым; |
м. | метр; |
см. | сантиметр; |
1 мүн. атк. саны | 1 мүнөт ичиндеги аткаруулардын саны |
мүн. | мүнөт; |
сек. | секунд; |
гр. | грамм. |