Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА,
КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК
ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2018-жылдын 13-декабры № 24-нпа
Кыргыз Республикасынын «Бир батирлүү турак үйлөр» курулуш ченемдерин КР КЧ 31-09:2018 бекитүү жөнүндө
Бир батирлүү турак үйлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүү жөнүндө» токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнунда №372 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары Мамкурулуш) жөнүндө жобону жетекчиликке алып,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери КР КЧ 31-09:2018 « Бир батирлүү турак үйлөр » бекитилсин.
2. Мамкурулуштун алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйруктун расмий жарыяланышы боюнча чараларды көрсүн;
- буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, электрондук жана кагаз түрүндө, аталган буйрукту жарыяланган булакты көрсөтүү менен мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
3. Ушул буйрук расмий жарыялангандан күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып крулуш ченемдери жана эрежелери КЧжЭ 31-02-2001 «Бир батирлүү турак үйлөр» колдонулуусу токтотулсун.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары М.А. Акматалиевге жүктөлсүн.
Директор | Б. Абдиев |