Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 262 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛДОР МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2018-жылдын 28-декабры № 365
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин кызматчыларынын ведомстволук формалык кийиминин, айырмалоочу белгилердин жана формалык кийимдин фурнитурасынын Сүрөттөлүшүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна 1 -Тиркеменин 4-пунктунун алтынчы жана жетинчи абзацтарына ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин кызматчыларынын ведомстволук формалык кийиминин жана айырмалоочу белгилердин Сүрөттөлүшү 1 -тиркемеге ылайык бекитилсин;
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттиги өзүнүн чечимдерин ушул буйрукка ылайык келтирсин;
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттиги ведомстволук формалык кийимдин кийилүүсүн жана айырмалоочу белгилердин тагылуусун 1 -тиркемеге ылайык камсыздасын; •
Министрдин м.а. | Ногойбаев Ж. |
Тиркеме 1
Формалык кийим кийүү укугуна ээ Кыргыз Республикасынын автомобиль, суу транспортун жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөөнү жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары – Агенттик) кызматчыларынын тизмеги:
1.1. Агенттиктин директору.
1.2. Агенттиктин директорунун орун басарлары.
1.3. Агенттиктин борбордук аппаратындагы бөлүмдөрдүн начальниктери.
1.4. Агенттиктин борбордук аппаратынын башкы адистери.
1.5. Агенттиктин борбордук аппаратынын башкы инспекторлору.
1.6. Агенттиктин борбордук аппаратынын жетектөөчү адистери.
1.7. Агенттиктин борбордук аппаратынын ага инспекторлору.
1.8. Агенттиктин борбордук аппаратынын инспекторлору.
1.9. Агенттиктин борбордук аппаратынын адистери.
1.10. Агенттиктин аймактык башкармалыктарынын начальниктери.
1.11. Агенттиктин аймактык башкармалыктарынын начальниктеринин орун басарлары.
1.12. Агенттиктин аймактык башкармалыктарынын башкы адистери.
1.13. Агенттиктин аймактык башкармалыктарынын башкы инспекторлору.
1.14. Агенттиктин аймактык башкармалыктарынын жетектөөчү адистери.
1.15. Агенттиктин аймактык башкармалыктарынын ага инспекторлору.
1.16. Агенттиктин аймактык башкармалыктарынын инспекторлору.
1.17. Агенттиктин аймактык башкармалыктарынын адистери.
2.1. Кызматчылардын формалык кийими эки комплектиден турат:
- сый кийим;
- күнүмдүк;
Министрдин м.а._______________Ж. Ногойбаев
Юр.сектордун башчысы___________У.Смаилов
«____»______________2018-ж.
2.2. Эркектер үчүн жайкы формалык кийим комплектиси:
- китель;
- күрмө (оперативка);
- шым;
- галстук;
- узун жана кыска жеңдүү формалык көйнөк;
- көк түстөгү футболка;
- плащ;
- фуражка;
- кепка;
- кара түстөгү туфли;
2.3. Эркектер үчүн кышкы формалык кийим комплектиси:
- кышкы пальто;
- жазгы-күзгү күрмө;
- жазгы-күзгү свитер (жемпер);
- узун жеңдүү формалык көйнөк;
- кулакчындуу тумак;
- моюн орогуч;
- кара түстөгү мээлей;
- куур;
- жылуулатылган кара түстөгү кончу кыска өтүк;
- кара түстөгү боолуу өтүк (берцы);
2.4. Аялдар үчүн жайкы формалык кийим комплектиси:
- китель;
- күрмө (канцелярка);
- плащ;
- пилотка (кепка);
- галстук;
- узун жана кыска жеңдүү формалык көйнөк;
- юбка;
- шым;
- кара түстөгү туфли;
2.5. Аялдар үчүн кышкы формалык кийим комплектиси:
- кышкы пальто;
- кулакчындуу тумак (кубанка);
- фетр кездемеден баш кийим (беретка, таблетка);
- жазгы-күзгү күрмө;
- жазгы-күзгү свитер (жемпер);
- моюн орогуч;
- кара түстөгү мээлей;
- жылуулатылган кара түстөгү өтүк;
Министрдин м.а._______________Ж.Ногойбаев
Юр.сектордун башчысы___________У.Смаилов
«____»______________2018-ж.
Сый комплектиде – жеңи узун көйнөк, ак түстөгү мээлей жана моюн орогуч, алтын түстө куур.
Жазгы-күзгү күрмө, жазгы-күзгү свитер (жемпер) күнүмдүк комплектиге гана кирет.
Жылдын кышкы мезгилинде кулакчындуу тумак (кубанка), беретка, таблетка пайдаланылат. Жайкы мезгилде фуражка, пилотка жана кепка.
3.1. Кышкы пальто.
Пальто денеге кыналып турат, ичине ватин салынган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн алтын түстүү үч формалык топчуга топчуланат. Жакасы кайырмалуу лацкандары менен, жеңдери кош тигиштүү. Инспектор, ага инспектор, башкы инспектор, адис, жетектөөчү адис, башкы адис кызматын ээлеген адамдар үчүн – бир жакка кымтыланма пальто деңиз толкун түстөгү драптан тигилет.
Бөлүмдөрдүн начальниктери, аймактык башкармалыктардын начальниктери, директордун орун басары, директор кызматын ээлеген эркек адамдар үчүн – эки жакка кымтылама пальто, денеге кыналышкан, ичине ватин салынган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн алтын түстүү алты формалык топчуга топчуланат, деңиз толкун түстөгү драптан тигилет. Жакасы каракүл, жеңдери тилик, кош тигиштүү, тиликке Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн кичине көлөмдөгү алтын түстүү экиден топчу кадалган.
Кызматкер аялдар үчүн – пальто денеге өтө кыналбаган көрүнүштө, бир жакка кымтыланма, жакасы кайырма, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн алтын түстүү үч формалык топчуга топчуланат.
Бөлүмдөрдүн начальниктери, аймактык башкармалыктардын начальниктери, директордун орун басары, директор кызматын ээлеген аялдар үчүн – пальто деңиз толкун түстөгү драптан тигилет, денеге жарым-жартылай кыналышкан, эки жакка кымтылама, ичине ватин салынган. Жакасы кайырма, жаканын жогорку бөлүгүнө, жеңдердин кайрууларына жана манжеттерине каракүл салынган. Пальто Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн алтын түстүү алты формалык топчуга топчуланат
3.2. Кышкы бут кийим.
Өтүк мех менен кара түстөгү булгаарыдан тигилет, эркектер үчүн – кыска, аялдар үчүн – бийик кончтуу. Кончуна сыдырма салынат.
Министрдин м.а.______________Ж.Ногойбаев
Юр.сектордун башчысы___________У.Смаилов
«____»______________2018-ж.
3.3. Плащ.
Плащ деңиз толкун түстөгү cуу өткөрбөс кездемеден тигилет, төрт топчуга топчулануучу бир жагына кымтыланма, ичилик салынган. Тогоо менен курчалган куру бар. Жакасы кайрыма, тилик. Жеңдери кош тигиштүү.
3.4. Жазгы-күзгү күрмө.
Жазгы-күзгү күрмө деңиз толкун түстөгү cуу өткөрбөс кездемеден тигилет, бир жагына кымтыланма, топчуланма клапандары менен каптал чөнтөктүү. Төш чөнтөктөр. Жакасы кайрыма. Баш чүмбөтүнө жана ичилигине синтепон салынган, топчуларга топчуланат.
3.5. Кулакчындуу тумак.
Тумак алкактан, төбөсүнөн жана кептен турат. Алкак (маңдай кыры, желкеси кулакчындары менен) боз түстөгү каракүлдөн жасалат. Төбөсү төрт талаадан туруп, маңдай кыры жана кулакчындуу желкеси (ич жагы) – деңиз толкун түстөгү замшадан тигилет. Кеби кебез салынып, ичилик менен кебезге бекитилет.
Кызматкер аялдар үчүн кышкы баш кийим кулакчындуу тумак (кубанка) боз түстөгү табигый каракүлдөн тигилет.
Аялдар үчүн жазгы-күзгү баш кийим – деңиз толкун түстөгү кездемеден таблетка, беретка, ал эми жайкысын – пилотка (кепка).
3.6. Мээлей.
Мээлей мех менен кара түстөгү булгаарыдан тигилет. Сый комплектиде ак түстө.
3.7. Моюн орогуч.
Моюн орогуч деңиз толкун түстөгү трикотаж кездемеден тигилет. Сый комплектиде ак түстө болот. Кышкы жана жазгы-күзгү форма кийимин кийүүдө моюнга оролот.
3.8. Фуражка.
Фуражка ачык-көк түстөгү баркыт алкактуу деңиз толкун түстөгү кездемеден тигилет, алкагына жана кебине милте бастырылат. Алкагындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн эки кичине топчуга (14 мм) өрүлгөн кош катар филигрань боо бекитилип, алкагында алтын түспүлдөнгөн кокарда болот. Маңдай кыры кара түскө лакталган.
Агенттиктин директору үчүн, алкагындагы маңдай кырынын үстүнө алтын түспөлдөнгөн өрүлгөн боодон башка, симметриялуу жайгашкан эки эмен бутагы түрүндөгү алтын түстүү кооздук саймаланат. Жайкы фуражка ак түстө болот.
Кызматкер аялдар үчүн фуражканын ордуна пилотка, ачык-көк түстөгү милтеси менен ак же деңиз толкун түстөгү тегерек топу (таблетка) берилет.
3.9. Сыйда кийилүүчү китель-шым.
Деңиз толкун түстөгү кездемеден тигилген эки жакка кымтыланма китель Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн алты топчуга топчуланат, денеге жарым-жартылай кыналган, ичилиги бар, жакасы кайрыма жана жеңдери кадимки кош тигиштүү. Аркасынын төмөн жагында тилиги жок.
Министрдин м.а._______________Ж. Ногойбаев
Юр.сектордун башчысы___________У.Смаилов
«____»______________2018-ж.
Кителдин клапандуу тилик каптап чөнтөктөрү, жана тилкелүү тилик төш чөнтөктөрү бар, аялдар үчүн – топчулама сол жагында болот.
Агенттиктин директору үчүн китель деңиз толкун түстөгү же боз түстөгү габардинден тигилет, жакасы жана кайрылган жең учу ачык-көк түстөгү милте менен кыюуланган, милтенин эни 2,5 мм. Кызматкер аялдар үчүн – топчулама сол сол жагында, ошондой эле боз түстөгү кителдерди кийиши мүмкүн.
Шым багелеги коё берилип, манжетсиз, кызматкерлер үчүн – эни 2,5 мм болгон ачык-көк түстөгү милте бастырылган. Агенттиктин директору үчүн, шымдын милтелеринен 0,5 см аралыкта бүткүл узундугуна формалык шымдын тышкы тигиши боюнча эни 2,2 см болгон көгүш-жашыл түстөгү тилке бастырылып тигилет.
Кызматкер аялдарга формалык шым берилиши мүмкүн.
3.10. Аялдардын кители жана юбкасы.
Аялдар үчүн китель жана юбка деңиз толкун түстөгү костюм кездемеден тигилет.
Китель сол жагына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн төрт топчуга топчуланып, эки жакка кымтыланма, учасынын этегинде тилиги жок. Кителдин алкакталган тилик каптал чөнтөктөрү болот. Юбка тизеге чейин узундукта, түз.
3.11. Күнүмдүк кийилүүчү китель (канцелярка)
Күндө кийилүүчү китель-шым (юбка) деңиз толкун түстөгү кездемеден тигилет. Кителде беттеме бүгүштүү жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн кичине өлчөмдөгү топчуга топчуланган клапандуу төш чөнтөктөрү, сыдырма салынган каптал чөнтөктөрү болот.
3.12. Күнүмдүк кийилүүчү жазгы-күзгү күрмө.
Күрмө деңиз толкун түстөгү кездемеден тигилет, сыдырма салынган тилик каптал чөнтөктөрү бар, кайрыма жакалуу, бел кур жана ичилик салынган. Жеңи кош тигиштүү, учтарына тилиги бар манжета салынган.
Кызматкер аялдар үчүн күрмөнүн формасы ушундай эле.
3.13. Свитер (жемпер) жүн аралашкан кездемеден тигилет, узун жеңдүү, күңүрт түстө болот. Ийиндеги катар тигишке погондорду бекитүү үчүн – экиден шлевка жана экиден илмек болот. Погондор алып-такма.
3.14. Сырт көйнөк.
Узун жеңдүү көйнөк ак же ачык-көк кездемеден тигилет, жакасы кайрыма, кесик каттамдуу, клапандуу эки төш чөнтөгү бар, көктөлгөн бел кур салынган.
Көйнөктүн алды жагы – этегине чейин ачык, жеңдери тилик жана манжета салынган. Көйнөктүн алды, манжеталары жана бел куру топчуларга топчуланат.
Кыска жеңдүү көйнөк ак же ачык-көк түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайрыма, клапандуу эки төш чөнтөгү бар, көктөлгөн бел кур салынган. Көйнөктүн алды жагы – этегине чейин ачык. Көйнөктүн алды, клапандар жана бел кур топчуларга топчуланат.
Жогорку жана саясий кызматтындагы атайын наамдары бар адамдар үчүн бел куру резинкага бекитилет. Кызматкер аялдар үчүн топчулама сол жагында.
Министрдин м.а._______________Ж.Ногойбаев
Юр.сектордун башчысы___________У.Смаилов
«____»______________2018-ж.
3.15. Галстук.
Галстукка Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлөт, деңиз толкун же кара түстөгү жибек кездемеден тигилет, чоюлган трапеция түрүндө, этеги учтуу болуп бүткөн негизги бөлүктөн, туруктуу «Регат» түйүнчөктөн жана галстукту бекитүү үчүн көйнөктүн жакасынын астындагы моюнчадан турат.
3.16. Бел кур күңүрт түстөгү булгаарыдан жасалат, эни 50 мм.
Сыйга тагылуучу кур алтын түстө болот, эни 50 мм. Курга, ичине түндүк түшүрүлгөн тегерек күндүн сүрөтү менен сүйрү тегерек металл бекитилет.
3.17. Туфли.
Туфли кара түстө болот. Кызматкер аялдар үчүн туфли накта булгаардан тигилип, такасы анча бийик эмес, моделдүү, кара түстө болот.
3.18. Посттордо иштөө үчүн кончу кыска өтүк (берцы) боосу менен кара түстө болот.
4.1. Баш кийимдеги кокарда.
Баш кийимдеги кокарда алтын түстөгү томпойгон сүйрү тегерек розетка түрүндө металдан жасалат, дал ортосуна Агенттиктин символика белгилеринин элементтери жайгашкан, символика белгсинин алкагынан кокарданын четтерине чейин бүктөлмө (гофреленген) бетке ээ.
Кокарданын арт жагынын дал ортосунда – аны баш кийимге бекитүү үчүн бекиткичи болот.
4.2. Кепке кадалуучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү.
Кепке кадалуучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү жүн кездемеден жасалат жана белгиленген үлгүдөгү тегерек формада болот.
4.3. Эмблема.
Тийиштүү чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
4.4. Төш белги.
Тийиштүү чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
4.5. Жеңдеги белги (шеврон).
Шеврон кителдин, пальтонун же көйнөктүн жеңине тигүү үчүн зымырыт-жашыл түстөгү кебез кездемеден жасалат, тиешелүү түрдө ага шелкография жолу менен сүрөттөлүш түшүрүлөт.
Тийиштүү чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
Министрдин м.а._______________Ж.Ногойбаев
Юр.сектордун башчысы___________У.Смаилов
«____»______________2018-ж.
4.6. Топчулар.
Топчулар металлдан жасалып, алтын түстө болуп, чөйчөкчөдөн, түпчөдөн, көзөнөктөн же бекиткич илмектен турат.
Үстүнкү бет жагы томпок, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин рельефтүү сүрөтү түшүрүлгөн. Топчулардын диаметри 14 жана 22 мм.
4.7. Ийинге тагылма погондор.
Ийинге тагылма погондор пальтого, плащка, кителге, курмөгө жана көйнөккө кадалат. Погон жумшагыраак келип, жарыш кеткен узун жактары бар чоюлган алты бурчтук түрүндө болот, анын төмөнкү учу тик бурчтуу, ал эми жогорку учу кесик жагынан кең бурч болуп бутуп, төмөнкү четине жарыш кетет.
Погондун узундугу 12-16 см, Автотранспорт агенттигинин жетекчиси үчүн погондун эни - 5,5 см, кызматкерлер үчүн – 4,5-5 см. Погондун четтери, төмөн жагынан башкасы ачык-көк түстөгү нооту менен милтеленет, милтенин эни - 2,5 мм.
Тигилме погондор пальтого, плащка, кителге кадалат. Чыгарып коймо погондор свитерге, күрмөлөргө жана көйнөктөргө тагылат. Погондор боз түстө, ал эми ак түстөгү көйнөккө – күмүш же ак түстө болот.
4.8. Агенттиктин директорунун погону.
Өзгөчө токулган боз түстөгү волокадан даярдалат, жарык чагылдырбайт, нооту менен капталган. Параддык погондор алтын түстөгү волокадан даярдалат.
Агенттиктин директорунун, мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинин погонунун талаачасына алтын түспөл металл жип менен кооздолгон беш бурчтуу 1 жылдызча тигилет же диаметри 22 мм болгон алтын төспүл металл 1 жылдызча тагылат.
4.9. Автомобиль, суу транспортун жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөөнү жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматчыларынын погондору.
Өзгөчө токулган боз түстөгү волокадан даярдалат. Погондордо ачык-көк түстөгү бир же эки жарык чагылдыргыч тилке бар.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1,2,3-класстагы кеңешчиси чени бар директордун орун басарынын, Борбордук аппараттын бөлүмдөрүнүн начальниктеринин, аймактык башкармалыктардын начальниктеринин погондорунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 20 мм болгон алтын түстөгү 3 жылдызча бекитилет. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы инспекторунун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 20 мм болгон алтын түстөгү 2 жылдызча бекитилет. Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы инспекторунун погонуна металлдан туташ жасалган диаметри 20 мм болгон алтын түстөгү 1 жылдызча тигилет.
Борбордук аппараттын башкы адисинин, Борбордук аппараттын башкы инспекторунун, аймактык башкармалыктын начальниктеринин орун басарларынын, мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы инспекторунун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 20 мм болгон алтын түстөгү 2 жылдызча бекитилет.
Министрдин м.а._______________Ж.Ногойбаев
Юр.сектордун башчысы___________У.Смаилов
«____»______________2018-ж.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы инспекторунун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 20 мм болгон алтын түстөгү 1 жылдызча бекитилет.
Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы инспекторунун чени бар Борбордук аппараттын жетектөөчү адисинин, ага инспекторунун, аймактык башкармалыктын бөлүмүнүн начальнигинин, посттордогу транспорттук көзөмөл кызматтын начальнигинин погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 20 мм болгон алтын түстөгү 1 жылдызча, мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспекторунун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 13 мм болгон алтын түстөгү 4 жылдызча бекитилет.
Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспекторунун чени бар Борбордук аппараттын инспекторунун, башкы адисинин, аймактык башкармалыктын башкы инспекторунун, посттордогу транспорттук көзөмөл кызматтын башкы инспекторунун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 13 мм болгон алтын түстөгү 4 жылдызча бекитилет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспекторунун чени бар жетектөөчү адистин, аймактык башкармалыктын ага инспекторунун, посттордогу транспорттук көзөмөл кызматтын ага инспекторунун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 13 мм болгон алтын түстөгү 3 жылдызча бекитилет.
Адистин, аймактык башкармалыктын инспекторунун, посттордогу транспорттук көзөмөл кызматтын инспекторунун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 13 мм болгон алтын түстөгү 2 жылдызча бекитилет.
Погондордогу жылдызчалар аскер кызматчыларынын погондорундагы жылдызчалардын жайгашуусуна окшош жайгаштырылат.
Кызматтан төмөндөтүлгөн учурда класстык чен жана айырмалоочу белгилер сакталат.
Кызматчылар үчүн атайын (ведомстволук) формалык кийимди алуу (сатып алуу) республикалык бюджеттин эсебинен учурга жана кийинки жылга каралган чекте жүзөгө ашырылат.
Министрдин м.а._______________Ж.Ногойбаев
Юр.сектордун башчысы___________У.Смаилов
«____»______________2018-ж.