Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА,
КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК
ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2018-жылдын 28-декабры № 29-нпа
Кыргыз Республикасынын «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын муктаждыктарын эске алуу менен жашоо турмушунун чөйрөсүн долбоорлоо» курулуш ченемдерин КР КЧ 35-01:2018 бекитүү жөнүндө
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын муктаждыктарын эске алуу менен жашоо турмушунун чөйрөсүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүү жөнүндө» токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнунда №372 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары Мамкурулуш) жөнүндө жобону жетекчиликке алып,
БУЙРУК КЫЛАМ:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйруктун расмий жарыяланышы боюнча чараларды көрсүн;
- буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, электрондук жана кагаз түрүндө, аталган ченемдик укуктук актынын жарыялаган булакты белгилөө менен ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
3. Ушул буйрук расмий жарыялангандан күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып КР КЧжЭ 35-01-99 «Майып жана аз кыймылдуу элдердин тобунун керектөөлөрүн эсепке алуу менен алардын тиричилик аракеттеринин чөйрөсүн долбоорлоо» колдонулуусу токтотулсун.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары М.А. Акматалиевге жүктөлсүн.
Директор | Б. Абдиев |