Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА,
КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК
ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2018-жылдын 12-декабры № 18-нпа
Кыргыз Республикасынын «Өндүрүштүк имараттар» курулуш ченемдерин КР КЧ 31-05:2018 бекитүү жөнүндө
Өндүрүш имараттардын коопсуздугун камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүү жөнүндө» токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнунда №372 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары Мамкурулуш) жөнүндө жобону жетекчиликке алып,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери КР КЧ 31-05:2018 «Өндүрүштүк имараттар» бекитилсин.
2. Мамкурулуштун алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйруктун расмий жарыяланышы боюнча чараларды көрсүн;
- буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, электрондук жана кагаз түрүндө, аталган буйрукту жарыяланган булакты көрсөтүү менен мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
3. Ушул буйрук расмий жарыялангандан күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери жана эрежели КР КЧжЭ 31-05:2001 «Өндүрүштүк имараттары» колдонулуусу токтотулсун.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары М.А. Акматалиевге жүктөлсүн.
Директор | Б. Абдиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ
Курулуштагы ченемдик документтер тутуму
ӨНДҮРҮШТҮК ИМАРАТТАР
ПРОИЗВОДСТВЕННЫЕ ЗДАНИЯ
Industrial buildings
Киргизүү датасы 2018-ж.12-декабры
1 Колдонуу чөйрөсү
1.1 Кыргыз Республикасынын 2016-ж. 7-июнундагы №78 “Өрт коопсуздугун камсыздоо жөнүндө” мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында, өндүрүш жана лаборатордук курулмаларды, өнөрканаларды (мастрескойлорду) (өрт кооптуулугунун Ф5.1 функционалдык классындагы), ошондой эле заттарды, материалдарды, өндүмдөрдү жана сырьелорду (жүктөрдү) сактоого арналган кампа имараттарын жана курулмаларын (өрт кооптуулугунун Ф5.2 функционалдык классындагы), алардын ичинде имаратка улай курулган башка функционалдык классындагы өндүрүш жана лаборатордук имараттарды тургузуунун жана эксплуатациялоонун бардык этаптарында ушул курулуш ченемдери сакталуусу керек.
1.2 Ушул курулуш ченемдери согуш милдетиндеги, тоо өндүрүшүндө колдонулуучу жарылуучу заттарды жана жарылуучу каражаттарды чыгаруучу жана сактоочу, кургак минерал жер семирткичтерди жана өсүмдүктөрдү сактоочу химиялык каражаттарды сактоочу, радиоактивдүү жана таасири күчтүү уулуу заттарды, күйүүчү газдарды, тарадагы 70 кПа басымдагы күйбөс газдарды, мунай жана мунай заттарды, каучукту, целлулоидди, күйүүчү пластмассаларды, кинопленкаларды, цементти, пахтаны, унду, комбитоюттарды, аӊ терилерин, терилерди жана терилерден жасалган буюмдарды, айыл чарба өндүмдөрүн, ошондой эле муздаткычтарды жана буудайды сактоого арналган имараттарга жана курулмаларга тиешеси жок.
1.3 Ишканада майыптардын эмгегин колдонгон цехтерди же кампаларды (тилкелерди) түзгөндө, Кыргыз Республикасынын 2003-ж. 1-августундагы №167 “Эмгекти коргоо жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын 2009-ж.17-апрелиндеги №127, 2014-ж.31-октябрындагы №149, 2016-ж.26-июлундагы №142 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) мыйзамынын талаптарына ылайык, КЧны 35-104 эске алып, майыптардын жана курагы боюнча пенсияга чыккандардын эмгегин колдонуучу ишканалар, цехтер жана тилкелер үчүн санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жетекчиликке алуу керек.
Ишканаларда же кампаларда майыптардын эмгегин колдонуу мүмкүнчүлүгү каралган учурларда, майыптуулуктун түрүнө жараша, ушул эрежелер жыйнагынын тийиштүү пункттарында айтылган, кошумча талаптарды тутуу керек. А жана Б категориясындагы жайларда ушундай цехтерди жана кампаларды (тилкелерди) жайгаштырууга жол берилбейт.
2 Ченемдик шилтемелер
Ушул курулуш ченемдеринде төмөндөгү документтерге шилтеме жасалган:
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы №78 “Өрт коопсуздугун камсыздоо жөнүндө” Мыйзамы;
ЭАКЧ 2.04-05-95 «Табигый жана жасалма жарыктандыруу»;
КЧжЭ 2.04.05-91* «Жылытуу, желдетүү жана кондициондоштуруу»;
КЧжЭ 2.01.07-85 «Жүктөмдөр жана таасирлер»;
КЧжЭ 2.03.13-88 «Полдор»;
КР КЧ 21-01-2018 «Имараттардын жана курулмалардын өрт коопсуздугу»;
КР КЧ 31-06:2018 «Администрациялык жана тиричилик имараттар»;
КР КЧ 35-01-18 «Жашоо-турмуш чөйрөсүн долбоорлоо керектөөлөрүн эсепке алуу менен мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү»;
КЧ 181-70 «Өндүрүш имараттарынын жана өнөр жай ишканаларынын интерьерин түстүү жасалгалоону долбоорлоо боюнча көрсөтмөлөр»;
ГОСТ 9238-2013 «Курулмалар менен 1520 (1524) мм темир жол колеясынын кыймылдуу составынын жакындашуу габариттери»;
ГОСТ 22853 Мобилдүү (инвентардык) имараттардын геометриялык параметрлери;
ГОСТ 28984-91 «Курулуштагы өлчөмдөрдү модулдук координациялоо»;
ГОСТ Р 12.4.026-2015 «Эмгек коопсуздугунун стандарттар тутуму (ЭКСТ). Белги (сигнал) берүүчү түстөр, коопсуздук белгилери жана белги (сигнал) берүүчү белгилөө. Милдети жана колдонуу эрежелери. Жалпы техникалык талаптар жана мүнөздөлүшү».
Э с к е р т ү ү: ушул курулуш ченемдерин пайдаланууда шилтеме жасалган стандарттарды жана классификаттарды жалпы пайдаланган маалымат тутумунан-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин расмий сайтынан, интернет тармагынан иштеп жаткандыгына текшерип коюу максатка ылайык келет.
Эгерде шилтеме жасалган документ алмаштырылса (өзгөртүлсө), анда ушул курулуш ченемдерин колдонууда алмаштырылган (өзгөртүлгөн) документтерди жетекчиликке алуу керек. Эгерде шилтеме жасалган документ алмаштырылбай эле алынып ташталса, анда ага шилтеме берилген тиркеменин ушул шилтемеге тиешеси жок бөлүктөрү гана колдонулат.
3 Терминдер жана аныктамалар
Ушул курулуш ченемдеринде төмөндөгү терминдер тиешелүү аныктамалары менен берилген:
3.1 антресоль: Имараттын ичиндеги аянтча, анда ар кандай милдеттеги бөлмөлөр жайгашкан (өндүрүш, администрациялык-тиричилик же инженердик жабдыктар үчүн).
3.2 бир кабаттуу өндүрүш имаратка куралган бөлүк (кошуп курулган): Бийиктиги жана кеӊдиги боюнча (куралган бөлүк) же бийиктиктин же кеӊдиктин жарымы боюнча (кошуп куруу) бир кабаттуу имараттын чегинде жайгашкан, тосмо конструкциялары менен бөлүнгөн имараттын эки же көп кабаттуу бөлүгү.
3.3 бийик стеллажда сактоо: 5,5 м жогору болгон стеллаждарда сактоо.
3.4 докшелтер – Кампа жайынын дубалы менен транспорт каражатынын кузовунун ортосундагы тешикти жылчыксыздандыруу (герметизациялоо) тутуму.
3.5 имараттын инженердик жабдыктары: Суюктуктарды, газдарды, электр энергиясын берип жана бурууну камсыздаган куралдардын, аппараттардын, машиналардын жана коммуникациялардын тутуму (суу түтүктөрүнүн, газ түтүктөрүнүн, жылуулук, электр, канализация, желдетүү жабдыктары).
3.6 мобилдүү (инвентардык) имараттар жана курулмалар: ГОСТ 25957 карагыла.
3.7 рампа: Жүктөп-түшүрүүчү иштерди аткарууга арналган курулма. Бир тарабы кампанын дубалына кадалат, экинчи жагы темир жолду (темир жол рампасы) же авто кирүүнү (авторампа) бойлой жайгашат. Ал кампанын ичинде деле жайгашышы мүмкүн. Полдун деӊгээлинен рампанын бийиктиги транспорттун түрү менен аныкталат.
3.8 платформа: Милдети рампанын милдетине окшош курулма. Бирок рампадан айырмаланып, эки тараптуу долбоорлонот: бир тарабы темир жолду бойлой жайгашат, каршы тарабы - авто кирүүнү бойлой жайгашат.
3.9 аянтча: Имаратта же анын тышында жайгашкан, өз алдынча тирөөчтөргө, имараттын же курулманын конструкцияларына таянган жана жабдыктарды ремонттоого, орнотууга же тейлөөгө арналган бир ярустуу (дубалы жок) курулма.
3.10 терминал: Кампада жүктүн оптималдуу жайгашуусу жана тышкы чөйрө менен байланышуунун автоматту башкарылуусу каралган, өзүнө кириш, чыгыш жана ички агымдарды камтыган кампа милдетиндеги курулма.
3.11фонарлар (чырактар): Аэрацияга жана (же) өндүрүш жайларын жогору жактан жарыктандырууга арналган үстүнө курулган бөлүк, адатта, имараттын айнектелип жабылган бөлүгү.
3.12 имараттын кабаттуулугу: Имараттын кабаттарынын саны, эгерде цоколь жана техникалык кабаттардын жабуусунун үстү жагы жердин орто мерчемделүүчү белгисинен 2 метрден кем эмес бийиктикте жайгашса, ага жер үстүндөгү кабаттар, цоколь жана техникалык кабаттар да кирет.
3.13 жер үстүндөгү кабат: Жердин мерчемделүүчү белгисинен төмөн эмес бөлмөнүн полун белгилөөдөгү кабат.
3.14 подвал кабаты: Жердин мерчемделүүчү белгисинен төмөн жайгашкан бөлмөнүн бийиктигинин жарымынан көп болгон бөлмөнүн полун белгилөөдөгү кабат.
3.15 цоколь кабаты: Жердин мерчемделүүчү белгисинен төмөн жайгашкан бөлмөнүн бийиктигинин жарымынан көп эмес болгон бөлмөнүн полун белгилөөдөгү кабат.
3.16 техникалык кабат: Инженердик жабдыктарды жана коммуникацияларды төшөө үчүн арналган кабат; имараттын төмөнкү (техникалык жер төлөдө), жогору (техникалык чатырда) же орточо бөлүгүндө жайгашуусу мүмкүн.
3.17 этажерка: Имараттын ичинде же анын тышында эркин турган, технологиялык ж.б. жабдыктарды тейлөөгө арналган каркастуу көп ярустуу курулма (дубалы жок).
4 Негизги жоболор
4.1 Имараттар жана курулмалар турган учурунун бардык этаптарында коопсуздук талаптарына жооп берүүгө тийиш.
4.2 Ушул курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин өрт коопсуздугунун талаптары Кыргыз Республикасынын 2016-ж. 7-июнунда №78 «Өрт коопсуздугун камсыздоо жөнүндө» мыйзамынын жана КР КЧ 21-01 жоболоруна жана классификацияларына негизделет.
4.3 Имараттарды долбоорлоодо:
- адатта, бир имаратта ар түрдүү өндүрүш үчүн бөлмөлөрдү, кампа жайларын, алардын ичине экспедиция, кабыл алуу, жүктөрдү сорттоо жана комплектациялоо бөлмөлөрү кирет, администрациялык жана тиричилик бөлмөлөрдү, ошондой эле инженердик жабдыктар үчүн бөлмөлөрдү бириктирүү керек;
- көлөмдүү-мерчемдөө жана конструкциялык чечимдерди ГОСТ 28984 талаптарына ылайык иштеп чыгуу керек;
- Кыргыз Республикасынын 2011-ж. 26-июлунда №137 «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» ( Кыргыз Республикасынын 2013-ж. 18-октябрындагы №194 мыйзамынын редакциясында) мыйзамына ылайык энергияны сактоо боюнча талаптарды аткаруу, архитектуралык чечимдердин жана энергиялык натыйжалуулуктун жогорку деӊгээлин камсыз кылуусун эске алып, өндүрүштү же кампаны ар кандай кабаттагы (бийиктиктеги) имараттарда жайгаштыруунун техника-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн варианттарын салыштыруунун негизинде кабаттардын санын жана имараттын бийиктигин 5.29. аныкталгандай кабыл алуу керек;
- көлөмдүү-мерчемдөө жана конструкциялык чечимдерди технологиялык долбоорлоонун ченемдерине ылайык иштелип чыккан долбоордун технологиялык бөлүмүнө ылайык кабыл алуу. Кампа имараттарынын көлөмдүү-мерчемдөө чечимдери аларды реконструкциялоо мүмкүнчүлүктөрүн, имаратты кыйла өзгөртүүсүз жүктөрдү жыюунун технологиясын өзгөртүүнү камсыдоого тийиш;
- айрым цехтерди, кампаларды жана курулмаларды блокторго бөлүүдө мүмкүн болушунча имараттын пролетторунун бийиктигин жана тышкы тосмо конструкцияларынын ички бурчтарын өзгөртпөөгө аракет жасаш керек;
- жарык берүүчү тешиктердин аянтын ЭАКЧнын 2.04-05 табигый жана жасалма жарыктандырууну долборлоо ченемдерине ылайык кабыл алуу керек;
- эгерде технологиялык шарттар жана санитардык-эпидемиологиялык талаптар жол берсе жана экономикалык жактан максатка ылайык болсо, имараттарды жарыктандыруучу тешиктери жок кабыл алса болот;
- инженердик жана технологиялык жабдыктар заводдо комплекттелип-блоктолгон түрдө чыгарылган ирилештирилген блоктору бар имараттарды пайдаланууга артыкчылык берүү;
- көпүрө крандарды полдун үстүнө жайгаштырылуучу көтөрүүчү-транспорт жабдыктарына алмаштыруу варианттарын караштыруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келген экологиялык талаптарды эске алып, инженердик камсыздоо тутумун, көлөмдүү-мерчемдүү чечимдерди иштеп чыгуу.
4.4 Үзгүлтүксүз технологиялык процессти камсыздоо үчүн технологиялык долбоорлоодо аныкталган ченемдеги санда сырьелордун жана жарым фабрикаттардын чыгым (арадагы) кампаларын өндүрүштү имараттарда өндүрүш жайлардын өзүндө же торлор менен тосулган жерлерде жайгаштырууга жол берилет. Технологиялык долбоорлоо ченемдеринде мындай маалыматтар жок болгон учурда аталаган жүктөрдүн саны, адатта, бир жарым сменанын керектөөлөрүнөн көп эмес болууга тийиш.
4.5 Имараттарда жүргөндө адамдардын коопсуздугу санитардык-эпидемиологиялык жана микроклиматтык шарттар менен камсыздалууга тийиш: жумушчу зоналардын абасында уруксат берилген концентрациянын жеткен чегинен ашкан зыяндуу заттардын жоктугу; бөлмөлөргө жылуулуктун жана нымдуулуктун минималдуу чыгышы; чуулдоонун, дирилдөөнүн, ультра үндүн, электр магнит толкундарынын, радио жыштыктардын, статикалык электрдин жана иондошуучу нурлануулардын уруксат берилген деӊгээлден ашпоосу, ошондой эле физикалык күч жумшоону, көӊүл коюнун чыӊалуусун чектөө жана технологиялык процесстерди уюштурууга, өндүрүш жабдыктарга жана жумушчу куралдарга гигиеналык талаптарга, ошондой эле иштеп жаткан санитардык-эпидемиологиялык ченемдик документтердин талаптарына ылайык адамдардын чарчоосун алдын алуу.
4.6 Технологиялык процесстерди ишке ашырууда жана жайлардын микроклиматына карата талаптарды аткарууда энергиялык ресурстарды үнөмдүү сарптоону камсыздоо эске алынып ишке ашырылыууга тийиш.
Эгерде техникалык тапшырмада же регламентте айтылган болсо, анда жумушчу убакыттан кийин жайлардын температурасын төмөндөтүүгө жол берилет.
Инженердик тутумдардын аба менен камсыздоочу тутуму автоматтык жана кол менен жөнгө салгычка ээ болушу керек. Имараттын жылытуучу тутуму жылуулук агымын жөнгө салуучу куралдар менен жабдылууга тийиш.
Тышкы абанын эсептик температурасы - 15 °С жана андан төмөн болгон райондордо имараттардын киришине тамбур-шлюздарды же аба-жылуулук тосмолорду орнотууну караштыруу керек.
4.7 Кампа имараттарынын курулуш конструкцияларында санитардык-эпидемиологиялык корутундусунда колдонууга уруксат берилген полимер жана полимери бар материалдарды колдонууга жол берилет.
4.8 Курчап турган айлана-чөйрөгө өндүрүш объекттеринин терс таасирин тийгизбөө үчүн өнөр жай агындыларын тазалоо боюнча иш-чаралар аткарылышы керек, таштандысыз же таштандыны аз чыгаруучу технологияларды жайылтуу, технологиялык жана желдетүүдөн бөлүнүп чыккан зыяндуу таштандыларды тосуп, тазалоо, өндүрүш калдыктарын өз учурунда зыянсыздандыруу, жок кылуу жана жоюу.
4.10 Жайлар жана имараттар жарылууга жана өрткө кооптуулугу боюнча Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы №78 “Өрт коопсуздугун камсыздоо жөнүндө” мыйзамына жана КР КЧ 21-01 ылайык категорияларга бөлүнөт.
4.11 Имараттын жалпы аянты тышкы дубалдардын (эгерде тышкы дубалдар жок болсо, четки колонналардын огунун), тоннелдердин, ички аянтчалардын, антресолдордун, ички этажеркалардын бардык ярустарынын, рампалардын, галлереялардын (горизонталдуу проекцияда), жана башка имаратка өткөөлдөрдүн ички чегинде өлчөнгөн бардык кабаттардын аянттарынын суммасы катары аныкталат (жер үстүндөгү, анын ичинде техникалык, цоколь, жер төлө). Имараттын жалпы аянтына (коммуникацияларды тейлөөгө өткөөлдөр талап кылынбаган) чыгып турган конструкциялардын этегине чейин бийиктиги 1,8 метрден кем эмес техникалык жер төлөлөрдүн аянты, 5.5 ылайык долбоорлонгон асма шыптардын үстүндөгү аянт, кран алдындагы жолдорду, крандарды, конвейерлерди, монорельстерди, шам чырактарды тейлөөчү аянттар кирбейт.
Эки же андан көп кабаттуу имараттын (эки жана көп түстүү) чегиндеги имараттардын кабаттарын ээлеген жайлардын аянтын бир кабаттын чегиндеги жалпы аянтка кошуу керек.
Имараттын кабатуулугун аныктоодо аянттары кайсыл белгиде болбосун ушул имараттын кабат аянтынын 40% көбүн түзгөн аянттардын, этажеркалардын ярустарынын жана антресолдордун аянттары эске алынат.
Имараттын өрт отсегинин чегиндеги кабаттын аянты тепкич торлорунун аянтынан тышкары, кабаттын тышкы дубалдарынын ички периметри боюнча аныкталат. Аянтчалар жана этажеркалар бар болгон учурда кабаттын аянтына бир кабаттуу имаратта бардык аянтчалардын, этажеркалардын ярустарынын жана антресолдордун аянттары кирет, көп кабаттуу имараттарда - аянтчалардын, этажеркалардын ярустарынын жана антресолдордун аянтчаларынын белгилеринин ортосундагы бийиктик аралыгынын чегинде, кабаттын полунун аянтынын ар бир 40% көп белгилөөдө. Имараттын өрт отсегинин чегиндеги кабаттын аянтына автоунаалар жана темир жол транспортуна тышкы рампалар кирбейт.
Куруунун аянты имараттын тышкы периметри боюнча цоколдун деңгээлинде аныкталат, ага чыгып турган бөлүктөр, имараттын алдындагы өткөөл жолдор, имараттын тышкы тосмо конструкцияларысыз бөлүктөрү кирет.
4.12 Имараттын курулуш көлөмү жер үстүндөгү бөлүгүнүн ±0.00 белгисинен жана жер алдындагы бөлүгүнүн полунун өзүнөн ±0.00. белгиге чейин аныкталат.
Имараттын жер үстүндөгү жана жер алдындагы курулуш көлөмү тосмо конструкциялардын тышкы беттеринин чегинде аныкталат, ага имараттын ар бир бөлүгүнүн жарык жана аэрациялык чырактары кирет.
4.13 Өндүрүштүк имараттарында же кампаларда иштеген жумушчулар үчүн администрациялык жана тиричилик имараттарын, ошондой эле уланып салынган, кошо курулган бөлмөлөрдө жайгашкан администрациялык жана тиричилик имараттарын КР КЧ 31-05 жана өрт коопсуздугу боюнча ченемдик документтердин талаптарына ылайык долбоорлоо керек.
4.14 Өрт өчүрүүчү жана өрт сигнализациясынын автоматтык орнотмолору орт коопсуздугу боюнча ченемдик документтерге ылайык каралуусу керек.
Адамдарды өрт учурунда эвакуациялоо жана кабарландыруу тутумун өрт коопсуздугу боюнча ченемдик документтерге ылайык кароо керек.
5 Көлөмдүү-мерчемдөө жана конструкциялык чечимдер
5.1 Имараттын көлөмдүү-мерчемдөө жана конструкциялык чечимдери адамдар ал жерде жүргөндө, иштеп жатканда, кыймылдоочу түзүлүштөрдү пайдаланууда, технологиялык жана инженердик жабдыктарды колдонууда жаракат алып калышын болтурбоого өбөлгө түзүшү керек.
Курулуш конструкциялары, кооптуу таасирлер эске алынып, узак мөөнөттүү жана ишенимдүү, ошондой эле тийиштүү эсептер менен аныкталган прогрессивдүү бузулууларга чыдамдуу болууга тийиш.
Имараттын негиздери жана көтөрүп туруучу конструкциялары курулуш жана эксплуатациялоо процессинде имараттын эксплуатациялык сапаттарын төмөндөтүүчү жаракаларсыз, бузулууларсыз жана деформацияланбаган болууга тийиш.
КЧжЭнин 2.01.07 талаптарына ылайык, курулуш жүрүп жаткан райондогу геологиялык кооптуу процесстердин таасирлерин кабыл алууну эске алып, конструкциялар аларга тирелип турган конструкциялардын салмагынын, өзүнүн салмагынын, кар жана шамалдын күчүнүн, технологиялык, транспорт жана инженердик жабдыктардын жүгүнүн таасирине ылайыкталып эсептелиши керек.
Көлөмдүү-мерчемдүү чечимдерди курулуш конструкцияларына, технологиялык процесстерге жана жумушчуларга активдүү дирилөөчү же тышкы чайпалуу булактары пайда кылган динамикалык таасирлерди төмөндөтүү зарлыдыгын эске алып, иштеп чыгуу абзел.
Узундугу чоң имараттарда алардын көлөмдүү-мерчемдүү чечимдерине жана курулуш жүрүп жаткан райондун табигый-климаттык шарттарына жараша температуралык-усадкалык, жаан-чачындык жана антисейсмикалык тигиштер каралышы керек.
5.2 Имараттардын архитектуралык чечимдерин курулуш жүрүп жаткан райондун шаар куруу, климаттык, сейсмикалык шарттарын жана курчап турган курулуштардын мүнөзүн эске алып, кабыл алуу керек. Интерьерлердин түстүү жасалгаланышын 181 -70 курулуш ченемдердин талаптарына ылайык кароо керек.
5.3 Эксплуатациялык энергетикалык чыгымдарды азайтуу максатында имараттын көлөмдүү-мерчемдүү чечимдерин имараттын тышкы катмарынын аянтынын андагы көлөмгө карата катышына барабар болгон компакттуулуктун минималдуу көрсөткүчтөрү менен кабыл алуу максатка ылайык болот.
Эксплуатациялык шарттар боюнча жол берилген учурларда, зарыл болгон учурда жабылуучу жерлерди караштырып, энергетикалык жана санитардык-техникалык жабдыктарды ачык аянттарда жайгаштыруу керек.
5.4 Жайларда перекрытиелердин (шып жабууларынын) (жабуулардын) чыгып турган конструкцияларынын астынан полго чейинки бийиктик 2,2 метрден кем эмес болууга тийиш, адамдар ар дайым өткөн жерде жана эвакуация жолдорунда полдон коммуникациялардын жана жабдыктардын чыгып турган бөлүктөрүнүн астына чейинки бийиктик 2 метрден кем эмес болууга тийиш, ал эми адамдар көп өтпөгөн жерлерде – 1.8 метрден кем эмес. Имаратка автоунаалардын кириши зарыл болгон учурларда кирүүлөрдүн бийиктиги конструкциялардын, чыгып турган коммуникациялардын жана жабдыктардын чыгып турган бөлүктөрүнүн түбүнө чейин 4,2 метрден кем эмес болууга тийиш, өрт өчүрүүчү автоунаалар үчүн 4,5 метрден кем эмес болушу керек.
Мобилдүү (инвентардык) имараттардын геометриялык параметрлери ГОСТ 22853 талаптарына ылайык болушу керек.
5.5 Технологиялык шарттардын талаптары боюнча имараттарда жана курулмаларда аба чөйрөсүнүн туруктуу параметрлерин кармап туруу керек болгондо, жана инженердик жабдыктарды жана коммуникацияларды жайгаштыруу керек болгондо төмөндөгүлөрдү караштырууга жол берилет: тейлөөчү персонал үчүн өткөөлдөрдү караштыруу талап кылынбаган учурда, асма (тигилген) шыптар жана фальшполдор. Аталган коммуникацияларды тейлөө үчүн люктарды жана болоттон жасалган тике шатыларды долбоорлоого жол берилет; технологиялык шарттар боюнча ушул кабаттарда жайгашкан инженердик жабдыктарды, коммуникацияларды жана жардамчы технологиялык орнотмолорду тейлөө үчүн бийиктиги 5.4. ылайык кабыл алынган өткөөлдөрдү орнотуу талап кылынганда техникалык кабаттарды долбоорлоого жол берилет.
5.6 Имараттын ичине темир жолду киргизүүнү 5.43. талаптарын эске алып жана долбоордун технологиялык бөлүгүнө ылайык кароого жол берилет. Темир жол рельстеринин баштарынын үстү жагы полдун өзүнүн белгисинде болушу керек.
5.7 Жердин мерчемделген белгисинен жогорку кабаттын полунун өзүнүн (техникалк кабатты санабаганда) белгисине чейин бийиктиги 15 метрден жогору болгон көп кабаттуу имараттарда жана 15 метрден жогору белгисинде сменада үч жолудан кем эмес тейленүүчү туруктуу жумушчу орундар же жабдыктар болгон учурда, лифттердин санын жана жүк көтөрүмдүүлүгүн жүргүнчүлөрдүн жана жүктөрдүн агымына жараша кабыл алуу керек. 15 метрден бийик жайгашкан бардык кабаттарда жумушчулардын саны 30дан ашпаган учурда (жумушчулар эң көп сменада), имаратта бир лифт каралат. А жана Б категориясындагы жайлардагы бардык кабаттардагы лифттердин тушуна туруктуу нормативдик аба тирөөчү бар тамбур-аянтча каралышы керек. Жер төлө кабаттарында лифттин тушуна өрт болгондо туруктуу нормативдик аба тирөөчү бар тамбур-аянтча каралышы керек. Лифттин шахтасы тарабындагы тамбур-шлюздун эшиги күйбөс материалдан жасалып, айнектелбеши керек. А жана Б категориясындагы имараттардын лифттеринин машина бөлүмдөрүндө туруктуу нормативдик аба тирөөчү каралышы керек. Эгерде коляска-кресло пайдаланган майыптардын эмгетенүүсү үчүн биринчи кабатта эмгек ордун уюштуруу мүмкүн болбосо, мындай майыптар үчүн эмгек орундары экинчи же андан бийик кабаттарда жайгашкан имараттарда жүргүнчүлөр үчүн лифт каралат. Лифттин кабинасынын өлчөмү: туурасы- 1,1 м, тереңдиги – 2,1 м, эшиктин тешиги – 0,85 м. болууга тийиш.
5.8 Жер төлөлөрдөн чыгыштарды көтөрүүчү-транспорт жабдыктардын иштеген зонасынан тышкары жайгаштыруу керек.
5.9 Тамбур жана тамбур-шлюздардын кеңдигин тешиктердин кеңдигинен 0,5 метрден (тешиктин ар бир тарабынан 0,25 м) кем эмес кененирээк кылыш керек, ал эми тереңдиги эшик же кабылганын бетинен 0,2 метрге же андан да чоңураак, бирок 1,2 метрден кем эмес болушу керек. Коляска-креслолорду колдонгон майыптар бар болсо, анда тамбурлардын жана тамбур-шлюздардын тереңдиги 1,8 метрден кем эмес кабыл алынууга тийиш.
5.10 А жана Б категориясындагы жайларда жарылуу жана өрт кооптуулугун алдын алуу үчүн тышкы оңой күбүлүп калуучу тосмо конструкцияларды караштыруу керек. Оңой күбүлүп калуучу тосмо конструкциялар катары, адатта, терезелерди жана чырактарды бир катар айнек менен каптоо абзел. Айнек менен капталган аянт аздык кылган учурда, оңой күбүлүп калуучу конструкциялар катары, болоттон, алюминден, хризолитцементтен жана битум толкун беттерден, ийкемдүү карападан, металл карападан, хризолитцементтен жана сланец плиткаларынан жана натыйжалуу күйбөс жылуулагычтардан жабуулардын конструкцияларын пайдаланууга жол берилет. Оңой күбүлүп калуучу конструкциялардын аянты эсеп менен аныкталат. Эсептөөлөр жок болгон учурда оңой күбүлүп калуучу конструкциялардын аянты А категориясындагы бөлмөнүн 1 метр көлөмүнө 0,05 метрден кем эмес жана Б категориясындагы бөлмөнүкү - 0,03 метрден кем эмес көрсөткүчтү түзүш керек.
Э с к е р т ү ү л ө р:
1 3, 4 жана 5 мм калыңдыктагы жана 0,8, 1 жана 1,5 м кем эмес аянттагы айнек терезелери оңой күбүлүп калуучу конструкцияларга кирет. Армирленген айнек, айнекпакеттер, триплекс, сталинит жана поликарбонат оңой күбүлүп калуучу конструкцияларга кирбейт.
2 Жабуулардын оңой күбүлүп калуучу конструкцияларынын тилкелериндеги түрүлмө килемдерди карталарга кесип чыгуу абзел, алардын ар биринин аянты 180 м чоң эмес болууга тийиш.
3 Жабуунун оңой күбүлүп калуучу конструкцияларынын массасынан эсептик жүк 0,7 кПа көп эмес болушу керек.
5.11 Жүк көтөрүүчү крандарды тейлөөчү галереяларды, аянттарды жана тепкичтерди жүк көтөрүүчү крандарды коопсуз эксплуатациялоо жана орнотуу эрежелерине ылайык долбоорлоо абзел.
5.12 Имараттын жалпы бийиктиги боюнча же технологиялык жабдыктарды жайгаштыруу шарттары боюнча терезелерди жана чырактарды айнектөө жана ремонтоо үчүн көчүрмө же жылдырылуучу полго коюлуучу инвентардык куралдарды (тиреп коюучу шатылар, тегеренүүчү аянтчалар, телескопикалык көтөргүчтөр) пайдалануу мүмкүн болбой калган учурда, аталган иштерди коопсуз аткаруучу стационардуу түзүзлүштөрдү пайдаланууну караштыруу керек.
5.13 Чырактарды орнотуу зарылдыгы жана алардын типтери (зенит, П түрүндөгү, жарык, жарык аэрациялык ж.б.) технологиялык процесске, санитардык-гигиеналык жана экологиялык талаптардын өзгөчөлүктөрүнө жараша, курулуш районунун климаттык шарттары эске алынып, долбоордо аныкталат.
5.14 Чырактар жел кирбес болууга тийиш. Чырактардын узундугу 120м көп эмес болууга тийиш. Чырактардын торецтери менен чырактын тореци жана тышкы дубалдын ортосундагы аралык 6 метрден кем эмес болуш керек. Чырактардын капкактары механикалык түрдө ачылыш керек (ачуу механизми бөлмөдөн чыгып жатып күйгүзө турган болуш керек), кол менен ачылышы да каралышы керек.
5.15 Лист силикат айнектен жана айнек пакеттерден жасалган зенит чырактардын айнектеринин алдында, ошондой эле тик бурчтуу жарык аэрациялык чырактардын ички тарабын бойлото коргоочу металл тордун орнотулушу каралышы керек.
5.16 Ички суу агызгычы бар имараттарда тунукедеги тосмо катары парапетти колдонууга жол берилет. Парапеттин бийиктиги 0,6 метрден кем болгон учурда, аны тунукенин үстүнөн 0,6метр бийиктиктеги решеткалуу тосмо менен толуктоо абзел.
5.17 Аралыктан жана автоматтык түрдө ачылган дарбазалардын башка учурларда кол менен ачылышын камсыздоо керек. Дарбазанын жарыктагы өлчөмүн жер үстүндө жүрө турган транспорт үчүн транспорттук каражаттардын габариттеринен бийиктигинен 0,2 метрге жана туурасынан 0,6 метрге чоңураак (жүктөлгөн абалда) кабыл алуу керек.
5.18 Тепкич торлорундагы эңкейиш таман коюлуучу жердин туурасы 0,3 м болгондо 1:2 кем эмес кабыл алынышы керек; жер төлө кабаттары жана чатырлар үчүн тепкичтин эңкейиши таман коюлуучу жердин туурасы 0,26м болгондо 1:1,5 кабыл алынышы керек.
5.19 Ички ачык тепкичтердин (тепкич торлору жок болгон учурда) эңкейиши 1:1 көп эмес болушу керек. Бир кишилик жумушчу орундарга өтүүчү ачык тепкичтердин эңкейишин 2:1 чейин көбөйтүүгө жол берилет. 10 м бийик эмес жерлерде жайгашкан жабдыктарды текшерип карап чыгуу үчүн туурасы 0,6 м. тике тепкичтерди долбоорлоого жол берилет.
5.20 Таяныч-кыймылдаткыч аппараты чабал майыптар иштеген жерлерде эвкауациялоо жолдорундагы тепкичтердин эңкейиши 1:2 көп болбошу керек.
5.21 Жердин мерчемделген белгисинен парапеттин үстү жагына чейин же карнизге чейин 10м жана андан көп болгон имараттар үчүн тунукеге бир чыгыш долбоорлонушу керек (тунукенин ар бир толук эмес жана толук 40000м), алардын ичинде: бир кабаттуу имараттарда – тышкы ачык болот тепкичтер боюнча; көп кабаттуу имараттарда – тепкич торлордон.
Жогорку кабаттын чегинде тунукеге чыгыш үчүн тепкич торлорунун болушу максатка ылайык келбеген учурларда, жердин мерчемделген белгисинен жогорку кабаттын полунун өзүнө чейинки бийиктик 30м көп эмес болгон имараттарга тунукеге чыгыш үчүн тепкич торлорунан тышкы ачык болот тепкичтер аркылуу чыгууну долбоорлоого жол берилет.
5.22 Имараттарда ар кандай категориялардагы бөлмөлөрдүн жайгашуусун жана алардын бири-биринен бөлүнүшүн, эвакуациялык чыгууларга жана жолдорго талаптарды, түтүндү чыгаруучу түзүлүштөрдүн, шлюздардын, тамбур-шлюздардын, тепкич торлорунун жана тепкичтердин, тунукеге чыгыштардын орнотулушун Кыргыз Республикасынын “Өрт коопсуздугун камсыздоо жөнүндө” Мыйзамы жана КР КЧ 21-01 талаптарына ылайык кабыл алуу керек.
Өндүрүш имаратка улап кампа же администрациялык милдеттеги кабатты курууга жол берилет, ошондой эле КР КЧ 31-06 милдеттеги кабатты кампа жайына өзгөртүүгө жол берилет.
Терминалдардын СО өрт коопсуздугун конструкциялык классынын өрткө чыдамкайлуулугу I жана II даражадагы бир кабаттуу имараттарында зарыл болгон учурларда тике тышка чыгуучу өрткө каршы 1-типтеги тосмолор менен тосулган жана өрт болгон учурда колдонулуучу аба түрткүчү менен камсыздалган эвакуациялык коридорлорду жайгаштырууга жол берилет. Мындай учурларда эвакөуация жолунун узундугун эсептөөдө коридорлордун узундугу эске алынбайт.
5.23 Бөлмөдөгү эң алыс жумушчу орундан бөлмөдөн тике тышка чыгуучу жакынкы эвакуациялык чыгышка чейинки же тепкич торлоруна чейинки аралык 1-таблицада келтирилген көрсөткүчтөрдөн ашпоого тийиш.
Аянты 1000 м көп болгон жайлар үчүн 1-таблицада келтирилген аралык өзүнө коридордогу жолдун тышка чыкканга чейинки же тепкич торлоруна чейинки узундукту камтыйт.
Эгерде жайдын эвакуациялык чыгышы коридорго, тышка, тепкич торлоруна чектеш бөлмө аркылуу чыкса, анда бул бөлмөнүн эң алыс жумушчу орунунан чектеш бөлмөнүн чыгышына чейинки аралык чектеш бөлмөлөрдүн ичинен эң кооптуу категориялары боюнча кабыл алынат.
Адамдардын агымынын тыгыздыгы жалпы өткөөл боюнча эвакуацияланып жаткан адамдардын санынын ушул өткөөлдүн аянтына карата катышы катары аныкталат.
А жана Б категориясындагы жайлар үчүн аралык жалбырт этип күйүүчү жана күйүүчү суюктуктардын 50 м барабар төгүлүү аянтын эске алып аныкталган; төгүлүү аянты 1-таблицада көрсөтүлгөн башка сандык маанилерге ээ болгон учурда, аралык 50% коэффициентке көбөйтүлөт, ал жерде мүмкүн болгон төгүлүү аянты - долбоордун технологиялык бөлүгүндөгү аныкталуучусу.
Жайлардын көлөмүнүн чектеш маанилеринде аралык линиялуу интерполяция менен аныкталат.
Аралыктар 6м чейинки бийиктиктеги жайлар үчүн аныкталган (бир кабаттуу имараттар үчүн бийиктик фермалардын этегине чейин кабыл алынат); жайлардын бийиктиги 6м жогору болсо, аралыктар төмөндөгүдөй көбөйөт: жайлардын бийиктиги 12 м болсо - 20%га, 18 м - 30%га, 24 м болсо - 40%га, бирок А,Б категорияларындагы жайлар үчүн 140 м көп эмес, В категориясындагы жайлар үчүн 240 м. Жайлардын көлөмүнүн чектеш маанилеринде аралык линиялуу интерполяция менен аныкталат.
1-4-таблицаларда имараттын өрткө кооптуулук классынын жана өрткө чыдамдуулук даражасынын алдын ала каралган айкалышындагы имараттар жана өрт отсектер үчүн ченемдер аныкталган. Көрсөтүлгөн таблицаларда каралбаган башка айкалышууларда адамдардын саны жана аралыктар ушул категориядагы жайлардын ушул көрсөткүчтөрүнүн эң начары боюнча кабыл алынат же аныкталган тартипте макулдашылат.
Ички этажеркалардын жана аянттардын экиден кем эмес ачык болот тепкичтери болушу керек.
Аянтчанын жана этажерканын эң алыс чекитинен имараттын жакынкы эвакуациялык чыгышына чейинки аралыкты 2-типтеги тепкич боюнча эвакуациялык жолдун узундугунун эки эсе көбөйүшүн эске алып, 1-таблица боюнча кабыл алуу абзел.
Аянттары кайсы белгиден болбосун, кабаттын аянтынын 40%нан ашкан этажеркалардын аянттарынын жана ярустарынын эвакуациялык чыгыштары, аларда жумушчу орундары бар болгон учурда, тепкич торлору аркылуу каралышы керек.
1-таблица
Жайдын көлөмү миң м³ | Жайдын категориясы | Имараттын өрткө чыдамкайлуулук даражасы | Имараттын өрт кооптуулугунун конструкциялык классы | Жалпы өткөөлдөгү адамдардын агымынын тыгыздыгында м, аралык, киши/м | ||
1 чейин | 1жогору 3 чейин | 3 жогору 5 чейин | ||||
15 чейин | А, Б | I, II, III, IV | С0 | 40 | 25 | 15 |
В1-В3 | I, II, III, IV | С0 | 100 | 60 | 40 | |
III, IV | С1 | 70 | 40 | 30 | ||
V | С2, С3 | 50 | 30 | 20 | ||
30 | А, Б | I, II, III, IV | С0 | 60 | 35 | 25 |
В1-В3 | I, II, III, IV | С0 | 145 | 85 | 60 | |
III, IV | С1 | 100 | 60 | 40 | ||
40 | А, Б | I, II, III, IV | С0 | 80 | 50 | 35 |
В1-В3 | I, II, III, IV | С0 | 160 | 95 | 65 | |
III, IV | С1 | 110 | 65 | 45 | ||
50 | А,Б | I,II,III,IV | С0 | 120 | 70 | 50 |
В1-В3 | I, II, III, IV | С0 | 180 | 105 | 75 | |
III, IV | С1 | 160 | 95 | 65 | ||
60 жана андан жогору | А, Б | I, II, III, IV | С0 | 140 | 85 | 60 |
В1-В3 | I, II, III, IV | С0 | 200 | 110 | 85 | |
III, IV | С1 | 180 | 105 | 75 | ||
80 жана андан жогору | В1-В3 | I, II, III, IV | С0 | 240 | 140 | 100 |
III, IV | С1 | 200 | 110 | 85 | ||
1 - таблицасынын аягы
Жайдын көлөмү миң м | Жайдын категориясы | Имараттын өрткө чыдамкайлуулук даражасы | Имараттын өрт кооптуулугунун конструкциялык классы | Жалпы өткөөлдөгү адамдардын агымынын тыгыздыгында м, аралык, киши/м | ||
1 чейин | 1жогору 3 чейин | 3 жогору 5 чейин | ||||
Көлөмүнө карабастан | В4, Г | I, II, III, IV | С0 | Чектелбейт | Чектелбейт | Чектелбейт |
III, IV | С1 | 160 | 95 | 65 | ||
V | ченемдештирилбейт | 120 | 70 | 50 | ||
Ошол эле | Д | I, II, III, IV | С0, С1 | Чектелбейт | Чектелбейт | Чектелбейт |
IV, V | С2, С3 | 160 | 95 | 65 | ||
С2 жана С3 өрт кооптуулугунун конструкциялык классынын IV өрткө чыдамкайлуулук даражасындагы бир же эки кабаттуу имараттын эң алыс жумушчу орунунан жакынкы эвакуациялык чыгышка чейинки аралыкты төмөндөгүлөрдөн көп эмес кабыл балуу керек:
В1-В3 категорияларындагы бөлмөлөрү бар бир кабаттуу имараттарда - 50 м, В4, Г жана Д категорияларына - 80 м;
В1-В3 категорияларындагы бөлмөлөрү бар эки кабаттуу имараттарда - 40 м, В4, Г жана Д категорияларына - 60 м.
Эгерде жайлардагы жабдыктар ээлебеген полдун аянты эң көп адам иштеген сменада бир адамга 75 м түзсө жана андан көп болсо, көрсөтүлгөн аралыктарды 50%га чоңойтууга жол берилет.
В1-В4, Г жана Д категориясындагы жайлары бар бир кабаттуу имараттарда аталган аралыктарды сактоо мүмкүн болбогон учурда, эвакуациялык чыгыштарды тышкы дубалдарда имараттын периметри боюнча ар бир 72м аралыкта жайгаштыруу зарыл.
Тепкич маршынын туурасы экинчи кабаттан эвакуацияланып түшүп бара жаткан адамдардын санына жараша, ошондой эле эвакуация жолундагы эшиктердин, коридорлордун же өткөөлдөрдүн кеңдиги 100 кишиге 0,6 м деген эсеп менен кабыл алынышы керек.
5.24 Аянты 1000 м чоң эмес бөлмөнүн эң алыс жумушчу орунунун эшигинен жакынкы тышка чыгышка чейинки же тепкич торуна чейинки коридор боюнча аралык 2-таблицада көрсөтүлгөндөрдөн ашпоого тийиш.
2-таблица
Чыгыштын жайгашуусу | Жайдын категориясы | Имараттын өрткө чыдамкайлуулук даражасы | Имараттын өрт кооптуулугунун конструкциялык классы | Коридордогу адамдардын агымынын тыгыздыгында жакынкы тышка чыгышка чейинки же тепкич торуна чейинки коридор боюнча аралык Киши/м | |||
|
|
|
| до 1 | св. 2 до 3 | св. 3 до 5 | св. 4 до 5 |
Эки тышка чыгыштын же эки тепкич тордун ортосундагы аралык | А, Б | I, II, III, IV | С0 | 60 | 50 | 40 | 35 |
| В1-В3 | I, II, III, IV | С0 | 120 | 95 | 80 | 65 |
|
| III, IV | С1 | 85 | 65 | 55 | 45 |
|
| ченемдештирилбейт | С2, С3 | 60 | 50 | 40 | 35 |
| В4, Г, Д | I, II, III, IV | С0 | 180 | 140 | 120 | 100 |
|
| III, IV | С1 | 125 | 100 | 85 | 70 |
|
| ченемдештирилбейт | С2, С3 | 90 | 70 | 60 | 50 |
Туюк коридорго | Категорияга карабастан | I, II, III, IV | С0 | 30 | 25 | 20 | 15 |
|
| III, IV | С1 | 20 | 15 | 15 | 10 |
|
| ченемдештирилбейт | С2, С3 | 15 | 10 | 10 | 8 |
Бир кабатта ар кандай категориядагы бөлмөлөр жайгашкан учурда коридордогу эң алыс жайгашкан бөлмөнүн эшигинен тышка чыгышка чейинки же жакынкы тепкич торуна чейинки аралык кооптуураак категория боюнча аныкталат.
Коридордогу адамдардын агымынын тыгыздыгы бөлмөлөрдөн коридорго эвакуацияланып жаткан адамдардын санынын ушул коридордун аянтына карата катышы катары аныкталат, мында жалпы коридорлорго ачылган эшиктердин жанында жалпы коридордун туурасы кичирейтилип кабыл алынышы керек:
- эшиктин полотносунун кеңдигинин жарымына- эшиктер бир тараптуу жайгашкан учурда;
- эшиктин полотносунун кеңдигине - эшиктер эки тараптуу жайгашкан учурда.
5.25 Бөлмөлөрдүн эвакуациялык чыгышынын (эшигинин) кеңдигин ушул чыгыш аркылуу эвакуацияланган адамдардын жалпы санына жана 3-таблицада аныкталган адамдардын чыгыштын (эшиктин) кеңдигинин 1метрине карата катышына жараша кабыл алынат, бирок иштеген таяныч-кыймылдагыч аппараты чабал майыптар бар болгон учурда 0,9 метрден кем эмес кабыл алынышы керек.
Эвакуациялык чыгыштын кеңдигинин 1метрине адамдардын саны бөлмөлөрдүн көлөмдөрүнүн арадагы маанилеринде интерполяция менен аныкталат.
Бийиктиги 6м жогору болгон жайлардын эвакуациялык чыгышынын (эшигинин) кеңдигинин 1метрине адамдардын саны төмөндөгүдөй көбөйөт: жайлардын бийиктиги 12 м болсо - 20%га, 18 м - 30%га, 24 м - 40%га; жайлардын бийиктигинин арадагы маанилеринде чыгыштын кеңдигинин 1метрине адамдардын санын көбөйүшү интерполяция менен аныкталат.
3-таблица
Жайдын көлөмү миң м³ | Жайдын категориясы | Имараттын өрткө чыдамкайлуулук даражасы | Имараттын өрт кооптуулугунун конструкциялык классы | Эвакуациялык чыгыштын (эшиктин) 1 м кеңдигине адамдардын агымынын саны, киши |
15чейин | А, Б | I, II, III, IV | С0 | 45 |
| В1-В3 | I, II, III, IV | С0 | 110 |
|
| III, IV | С1 | 75 |
|
| ченемдештирилбейт | С2, С3 | 55 |
30 | А, Б | I, II, III, IV | С0 | 65 |
| В1-В3 | I, II, III, IV | С0 | 155 |
3-таблицанын аягы
Жайдын көлөмү миң м | Жайдын категориясы | Имараттын өрткө чыдамкайлуулук даражасы | Имараттын өрт кооптуулугунун конструкциялык классы | Эвакуациялык чыгыштын (эшиктин) 1 м кеңдигине адамдардын агымынын саны киши | |
|
| III, IV | С1 | 110 | |
40 | А, Б | I, II, III, IV | С0 | 85 | |
| В1-В3 | I, II, III, IV | С0 | 175 | |
|
| III, IV | С1 | 120 | |
50 | А, Б | I, II, III, IV | С0 | 130 | |
| В1-В3 | I, II, III, IV | С0 | 195 | |
|
| III, IV | С1 | 135 | |
60 жана андан көп | А, Б | I, II, III, IV | С0 | 150 | |
| В1-В3 | I, II, III, IV | С0 | 220 | |
|
| III, IV | С1 | 155 | |
80 жана андан көп | В1-В3 | I, II, III, IV | С0 | 260 | |
|
| III, IV | С1 | 220 | |
Көлөмүнө карабастан | В4, Г | I, II, III, IV | С0 | 260 | |
|
| III, IV | С1 | 180 | |
|
| ченемдештирилбейт | С2, С3 | 1130 | |
Ошол эле | Д | Ченемдештирилбейт | |||
5.26 Коридордон тышка же тепкич торуна чыккан эвакуациялык чыгыштын (эшиктин) кеңдигин ушул чыгыш аркылуу эвакуацияланып жаткан адамдардын жалпы санына жараша жана 4-таблицада аныкталган адамдардын санын чыгыштын (эшиктин) 1метрине карап кабыл алуу керек, бирок 0,8 метрден кем эмес кабыл алынат. Иштеген таяныч-кыймылдагыч аппараты чабал майыптар бар болгон учурда 0,9 метрден кем эмес кабыл алынышы керек.
4-таблица
Коридорго чыккан өрткө эң кооптуу жайдын категориясы
| Имараттын өрткө чыдамкайлуулук даражасы | Имараттын өрт кооптуулугунун конструкциялык классы | Эвакуациялык чыгыштын (эшиктин) 1 м кеңдигине адамдардын агымынын саны киши |
А, Б | I, II, III, IV | С0 | 85 |
В1-В3 | I, II, III, IV | С0 | 175 |
| IV | С1 | 120 |
| ченемдештирилбейт | С2, С3 | 85 |
В4, Г, Д | I, II, III, IV | С0 | 260 |
| IV | С1 | 180 |
| ченемдештирилбейт | С2 ,С3 | 130 |
5.27 Таяныч-кыймылдагыч аппараты чабал майыптар иштеген учурда тепкич маршынын туурасын 1,2 метрден кем эмес кабыл алуу керек.
5.28 Жайларда жана коридорлордо өрт болгон учурларга өрт коопсуздугу боюнча ченемдик документтердин талаптарына ылайык түтүн чыгаруучу түзүзлүштөрдү караштыруу керек.
5.29 Өрт отсегинин чегиндеги имараттын бийиктигин жана кабаттын аянтын, отко чыдамдуулук даражасын, өрткө кооптуулук конструкциялык классын өндүрүштүк имараттары үчүн 5-таблица боюнча, ал эми кампа имараттары үчүн 6-таблица боюнча кабыл алуу керек.
Өндүрүш же кампа имараттарын автоматтык өрт өчүрүүчү орнотмолору менен жабдууда 5- жана 6-таблицалардагы өрт отсегинин чегиндеги кабаттардын аянттарын 100%га көбөйтүүгө жол берилет, отко чыдамдуулуктун IV жана V даражасындагы имараттардан тышкары.
5-таблица
Өрт отсегинин же имараттардын категориялары | Имараттын бийиктиги*, м | Имараттын отко чыдамдуулук даражасы | Имараттын өрткө кооптуулук конструкциялык классы | Имараттын өрт отсегинин чегиндеги кабатынын аянты, м²,
| ||
|
|
|
| Бир кабаттуу | Эки кабаттуу | Үч жана андан көп кабаттуу |
А, Б | 36 | I | С0 | чектелбейт | 5200 | 3500 |
А | 36 | II | С0 | чектелбейт | 5200 | 3500 |
| 24 | III | С0 | 7800 | 3500 | 2600 |
| - | IV | С0 | 3500 | - | - |
Б | 36 | II | С0 | чектелбейт | 10400 | 7800 |
| 24 | III | С0 | 7800 | 3500 | 2600 |
| - | IV | С0 | 3500 | - | - |
В | 48 | I, II | С0 | чектелбейт | 25000 7800** | 10400 5200** |
| 24 | III | С0 | 25000 | 10400 5200** | 5200 3600** |
| 18 | IV | С0, С1 | 25000 | 10400 | - |
| 18 | IV | С2, С3 | 2600 | 2000 | - |
| 12 | V | Ченемдештирилбейт. | 1200 | 600*** | - |
Г | 54 | I, II | С0 | Чектелбейт | ||
| 36 | III | С0 | Чектелбейт | 25000 | 10400 |
| 30 | III | С1 | Ошол эле | 10400 | 7800 |
| 24 | IV | С0 | " | 10400 | 5200 |
| 18 | IV | С1 | 6500 | 5200 | - |
Д | 54 | I, II | С0 | Чектелбейт | ||
| 36 | III | С0 | Чектелбейт | 50000 | 15000 |
| 30 | III | С1 | Ошол эле | 25000 | 10400 |
| 24 | IV | С0, С1 | " | 25000 | 7800 |
| 18 | IV | С2, С3 | 10400 | 7800 | - |
| 12 | V | Ченемдештирилбейт. | 2600 | 1500 | - |
5-таблицанын аягы
· Ушул таблицадагы имараттын бийиктиги 1-кабаттын полунан жогорку кабаттын, анын ичинде техникалык кабат да кирет, шыбына чейин өлчөнөт; шыптын бийиктиги өзгөрүлмө болгон учурда, кабаттын ортончо бийиктиги кабыл алынат. С0 жана С1 өрткө кооптуулук классындагы бир кабаттуу имараттардын бийиктиги ченемдештирилбейт. ** Жыгачты кайра иштетүүчү өндүрүш үчүн. *** Рамалардын саны 4кө чейин болгон жыгач аралоочу цехтер үчүн, жыгачты баштапкы иштетүүчү жыгач иштетүүчү цехтер жана жыгачты майдалоочу кесүүчү станциялар үчүн. |
Өндүрүштүк имараттарында кампаларды жайгаштырууда өрт отсегинин чегиндеги кампа жайларынын кабатынын аянты жана алардын бийиктиги (кабаттардын саны) 6-таблицада көрсөтүлгөндөрдөн ашпоого тийиш.
6-таблица
Кампанын категориясы | Имараттын бийиктиги*, м | Имараттын отко чыдамдуулук даражасы | Имараттын өрткө кооптуулук конструкциялык классы | Имараттын өрт отсегинин чегиндеги кабатынын аянты, м, | ||
|
|
|
| Бир кабаттуу | Эки кабаттуу | Көп кабаттуу |
А | - | I, II | С0 | 5200 | - | - |
| - | III | С0 | 4400 | - | - |
| - | IV | С0 | 3600 | - | - |
| - | IV | С2, С3 | 75** | - | - |
Б | 18 | I, II | С0 | 7800 | 5200 | 3500 |
| - | III | С0 | 6500 | - | - |
| - | IV | С0 | 5200 | - | - |
| - | IV | С2, С3 | 75** | - | - |
В | 36 | I, II | С0 | 10400 | 7800 | 5200 |
| 24 | III | С0 | 10400 | 5200 | 2600 |
| - | IV | С0, С1 | 7800 | - | - |
| - | IV | С2, С3 | 2600 | - | - |
| - | V | Ченемдештирилбейт. | 1200 | - | - |
Д | Чектелбейт | I, II | С0 | Чектелбейт | 10400 | 7800 |
| 36 | III | С0, С1 | Чектелбейт | 7800 | 5200 |
6-таблицанын аягы
Кампанын категориясы | Имараттын бийиктиги*, м | Имараттын отко чыдамдуулук даражасы | Имараттын өрткө кооптуулук конструкциялык классы | Имараттын өрт отсегинин чегиндеги кабатынын аянты, м, | ||
|
|
|
| Бир кабаттуу | Эки кабаттуу | Көп кабаттуу |
| 12 | IV | С0, С1 | Чектелбейт | 2200 | - |
| - | IV | С2, С3 | 5200 | - | - |
| 9 | V | Ченемдештирилбейт. | 2200 | 1200 | - |
* Ушул таблицадагы имараттын бийиктиги 1-кабаттын полунан жогорку кабаттын, анын ичинде техникалык кабат да кирет, шыбына чейин өлчөнөт; шыптын бийиктиги өзгөрүлмө болгон учурда, кабаттын ортончо бийиктиги кабыл алынат. С0 жана С1өрткө кооптуулук классындагы I, II жана III отко чыдамдуулук даражасындагы бир кабаттуу имараттардын бийиктиги ченемдештирилбейт. С0 өрткө кооптуулук классындагы IV отко чыдамдуулук даражасындагы бир кабаттуу имараттардын бийиктигин 25м көп эмес кабыл алуу керек, С2 жана С3 классындагылардыкын - 18 м көп эмес (полдон тирөөчтөгү жабуулардын көтөрүп туруучу конструкцияларынын түбүнө чейин) ** Мобилдүү имараттар. | ||||||
Кайсы белгиде болбосун бөлмөнүн полунун аянтынан 40%дан ашкан этажеркалар , антресолдор жана аянттар бар болгон учурда, кабаттын аянты 4.11 боюнча аныкталган көп кабаттуу имараттыкындай аныкталат.
С2 өрткө кооптуулук классындагы IV отко чыдамдуулук даражасындагы бир кабаттуу имараттарда жалпы аянты 300 м көп эмес А жана Б категориясындагы бөлмөлөрдү жайгаштырууга жол берилет. Мында аталган бөлмөлөр 1-типтеги өрткө каршы тосмолор менен жана 3-типтеги өрткө каршы перекрытиелер менен бөлүнүп туруш керек. Ушундай бөлмөлөрдүн тышкы дубалдары К0 же К1классында болушу керек.
5.30 Бир эле имаратта же бөлмөдө жарылууга жана өрткө кооптуу ар кандай технологиялык процесстерди жайгаштырууда жарылууну алдын алган жана өрттүн таралышын болтурбоочу иш-чаралар каралышы керек. Мындай иш-чаралардын натыйжалуулугу долбоордун технологиялык бөлүгүндө негизделүүгө тийиш. Эгерде аталган иш-чаралардын натыйжалары жетиштүү болбосо, анда жарылууга жана өрткө кооптуу ар кандай технологиялык процесстерди өз-өзүнчө бөлмөлөргө жайгаштыруу керек жана өрт коопсуздугу боюнча ченемдик документтердин талаптарына ылайык бири-биринен бөлүү керек.
5.31 В1-В3 категориясындагы бөлмөлөрдү жер төлөлөргө жайгаштырууда өрт коопсуздугу боюнча ченемдик документтердин талаптарына ылайык бири-биринен бөлүү керек.
5.32 Жылуулукту ашыкча бөлүп чыгаруучу ысык цехтерде, адатта, жылууланбаган тосмо конструкцияларды долбоорлоо керек.
5.33 Тунукелеринин эңкейиши 12%га чейин болуп, карнизге же парапеттин үстүнө чейинки бийиктик 10 м болгон имараттардын тунукелеринде, ошондой эле карниздин этегине чейин 7метрден көп болуп, тунукелеринин эңкейиши 12%дан көп болгон имараттардын тунукелеринде стандарттардын талаптарына ылайык тосмолор каралышы керек.
Эксплуатацияланган тунукелерде имараттын бийиктигине карабастан, ушул стандарттын талаптарына жооп берген тосмолор каралышы керек.
5.34 Жылытылуучу имараттардын тунукелерин ички суу агызгычы менен жасоо керек. Тоңгон муздун жана муздун үстүнө суу туруп калуусун болтурбоочу иш-чаралар аткарылган шартта, жылытылуучу жана жылытылбаган имараттарда тышкы суу агызгычы бар тунукелерди орнотууга жол берилет.
5.35 Бийик стеллаж сактагычтары бар бир кабаттуу имараттарда, эгерде негиздөөлөр болсо, стеллаждардын конструкцияларын жабуулардын тирөөчтөрү жана тышкы дубалдардын бекитүүлөрү катары пайдаланууга жол берилет.
5.36 Тамак-аш азыктарын сактоочу кампа бөлмөлөрүндө төмөндөгүлөр каралышы керек: кырлары чыкпаган жана кемирүүчүлөр зыян келтирбөөчү материалдардан жасалган тосмо конструкциялар; тышкы эшиктердин, дарбазалардын жана люктардын капкактарынын беттери бир туташ жана көңдөйлөрү жок болушу керек; желдетүү тутумунун каналдарынын тешиктерин жабуучу түзүлүштөр; жер төлө кабаттарынын терезелерине жана полдун деңгээлинен 1,2 м бийиктиктин чегинде жайгашкан дубалдардагы жана аба жүрүүчүлөрдөгү желдетүүчү тешиктерге болот тор тосмо (көзөнөкчөлөрү 12x12 мм чоң эмес өлчөмдө) (терезелердин болот тор тосмо конструкциялары ачыла турган же алына турган болуш керек).
Ушундай кампа имараттардын долбоорлорунда трубопроводдорду өткөрүү үчүн (дубалдардагы, тосмолордогу жана перекрытиелердеги) тешиктерди жана бөлмөлөрдүн (ички жана тышкы дубалдардын, өз ара, полдордун же перекрытиелердин тосмолорунун) тосмо конструкцияларынын байланышкан жерлериндеги тешиктерди кылдаттык менен бүтөө боюнча көрсөтмөлөр каралышы керек.
Тамак-аш азыктарын сактоочу кампа жайларынын полдорун жабуу үчүн кара майды (дёготту) жана кара май мастикаларын ж.б. экологиялык зыяндуу материалдарды колдонууга жол берилбейт.
Тамак-аш азыктарын сактоочу кампа жайларды кемирүүчүлөрдү жок кылуучу тутумдар менен жабдууга жол берилет.
5.37 Кампа имараттарынын тешиктеринин капталдарындагы (алкактарындагы) колонналар жана конструкциялар полдун үстүндө жүрүүчү транспорт тынымсыз жүргөн жерлеринде механикалык бузулуулардан корголуп, ГОСТ Р 12.4.026. Белги (сигнал) берүүчү түстөр, коопсуздук белгилери жана белги (сигнал) берүүчү белгилөө. Милдети жана колдонуу эрежелери. Жалпы техникалык талаптар жана мүнөздөлүшү» талаптарына ылайык боёлууга тийиш.
Жүктөрдү ташууда колонналардын бузулуусун азайтуу үчүн түтүк формасындагы колонналарды колдонуу керек.
5.38 Жүктөөчү-түшүрүүчү рампаларды жана платформаларды жүктөрдү жана жүктөөчү-түшүрүүчү механизмдерди атмосфералык жаан-чачындардан коргоого талаптарды эске алып долбоорлоо абзел.
Темир жол жүктөөчү-түшүрүүчү рампаларынын жана платформаларынын үстүндөгү сере темир жолдун огун 0,5 метрден кем эмес жаап турушу керек, ал эми автоунаа рампаларынын үстүнөн рампанын четинен автоунаа жүрүүчү жолду 1,5 метрден кем эмес жаап турушу керек.
5.39 Жүктөөчү-түшүрүүчү рампалардын узундугун жүктүн айланышына жана кампанын сыйымдуулугуна жараша аныктоо керек, ошондой эле имараттын көлөмдүү-мерчемделүүчү чечимдеринен алынып аныкталууга тийиш.
Жүктөөчү-түшүрүүчү рампалардын жана платформалардын кеңдигин жүктөөчү-түшүрүүчү иштердин коопсуздук техникасынын жана технологиялардын тлаптарына ылайык кабыл алуу керек.
5.40 С0 жана С1 өрт коопсуздугу классындагы I, II, III жана IV отко чыдамдуулук даражасындагы рампалардын жана платформалардын конструкциялары күйбөс материалдардан кабыл алынышы керек.
5.41 Жүктөөчү-түшүрүүчү рампалар жана платформалар экиден кем эмес ар тарапта жайгаштырылган тепкичтерге жана пандустарга ээ болушу керек.
5.42 Автоунаалар келүүчү тараптагы транспорт каражаттары үчүн жүктөөчү-түшүрүүчү рампалардын четинин белгиси жолдун жүрүүгө жарактуу бөлүгүнүн бетинин же жүктөөчү-түшүрүүчү аянттын деңгээлинен 1,2 метрге барабар болушу керек же аянттын деңгээлинен 1,2 метрге бийик болушу керек.
5.43 Темир жол составы үчүн жүктөөчү-түшүрүүчү рампаларды жана платформаларды ГОСТ 9238.
5.44 Полдун үстүнөн жүрүүчү транспорт каражаттары үчүн пандустардын кеңдиги максималдуу жүктөлгөн транспорт каражатынан 0,6 метрден кем эмес ашып турууга тийиш. Жабык бөлмөлөрдө жайгашкан пандустардын эңкейишин 16%дан көп эмес, ал эми имараттын тышында жайгашкандардыкын 10%дан көп эмес кабыл алуу керек.
5.45 Кампа имараттарында абанын температурасын, салыштырма нымдуулугун жана ылдамдыгын КЧжЭнин 2.04.05 талаптарына жана жүктөрдү сактоо талаптарына ылайык кабыл алуу керек.
Кампанын ички мейкинин тышкы чөйрөнүн таасирлеринен обочолонтуу үчүн тышкы дубалдардын кабылга тешиктерине докшелтерлерди орнотуу керек.
5.46 Кампа имараттарынын жана бөлмөлөрүнүн негиздеринин материалдарын жана пол жабууларын жыйылуучу жүктөрдүн жүктөмдөрүн кабыл алуусун, пол үстүндө жүрүүчү транспорттун механикалык таасиринин түрүн жана интенсивдүүлүгүн, чаң чыгаруусун, КЧжЭнин 2.03.13 талаптарына ылайык статикалык электрдин топтолушун жана учкундун пайда болушун эске алып жасоо керек.
Температурасы 60 °С ашкан жүктөрдү жыюуда ысыкка чыдамдуу полдорду караштыруу керек.
5.47 Көп кабаттуу Б жана В категориясындагы кампа имараттарын туурасы 60 метрден көп эмес кылып долбоорлоо керек.
5.48 Өндүрүштүк имараттарынын кампа бөлмөлөрүн өрт коопсуздугу боюнча ченемдик документтердин талаптарына ылайык башка бөлмөлөрдөн бөлүү керек.
5.49 Бийик стеллаж сактагычтары бар кампа имараттарын өрт коопсуздугу боюнча ченемдик документтердин талаптарына ылайык долбоорлоо керек.
5.50 Өрт коопсуздугу боюнча бирдей жүктөрү бар кампа бөлмөлөрүн технологиялык жана санитардык шарттар боюнча тосмолор менен бөлгөн учурда, тосмолорго болгон талаптар долбоордун технологиялык бөлүгүндө аныкталат.
Жүктөрдү сактоо технологиясынын талаптары боюнча экспедицияны, жүктөрдү кабыл алууну, сорттоштурууну жана комплектациялоону сактоочу жерлердин өзүндө, тосмолорсуз жайгаштырууга жол берилет. Мында товароведдердин, эксперттердин, кампачылардын, брак чыгаруучулардын, эсептөөчүлөрдүн жана операторлордун жумушчу ордун отко чыдамдуулугу жана өрт коопсуздук классы ченемдештирилбеген (туюк жагынын бийктиги 1,2метрден көп эмес айнектелген же торлонгон, чогултулуп-ажыратылуучу жана эки жакка түрүлмө) тосмолор менен тосууга жол берилет.
5.51 Кампа имараттарынын терезе тешиктеринде, жалпы аянты өрт учурунда түтүнгө каршы сордуруучу желдеткич тутумдун параметрлеринин эсептери боюнча аныкталган, ачыла турган терезе фрамугаларды орнотуу керек.
Эгерде өрт коопсуздугу боюнча ченемдик документтердин талаптарына ылайык орнотулган түтүнгө каршы сордуруучу желдеткич тутум аркылуу өрт учурунда күйүүдөн бөлүнүп чыгуучу продукттарды чыгаруу камсыздалса, сактоочу жайларда терезе тешиктерин орнотпой коюга жол берилет.
5.52 А жана Б категориясындагы бөлмөлөрдүн этажеркаларынын же аянттарынын ар бир ярусунун полунун аянты 108м ашпаса, В1-В4, Г жана Д категориясындагы бөлмөлөрдүкү 400м ашпаса, ички этажеркалар жана аянттар үчүн бир ачык болот тепкичти долбоорлоого жол берилет.
5.53 Аянты кайсы белгиде болбосун кабаттын аянтынан 40%га ашкан этажеркалардын аянттарында жана ярустарында туруктуу жумушчу орундар бар болгон учурда, алардан чыккан эвакуациялык чыгыштардын бирин 3-типтеги тепкичке чыгарууну караштырууга болот.
5.54 Мобилдүү бир кабаттуу С2 жана С3 өрт коопсуздук классындагы отко чыдамдуулуктун IV даражасындагы А жана Б категориясындагы имараттардын аянтын 75 м көп эмес кылып долбоорлоо керек.