Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА,
КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК
ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2018-жылдын 18-декабры № 23-нпа
Кыргыз Республикасынын «Жарандардын дача, бак өстүрүүчү бирикмелеринин аймактарын, ал жерде жайгашкан имараттарды жана курулмаларды мерчемдөө жана куруу» курулуш ченемдерин КР КЧ 30-03:2018 бекитүү жөнүндө
Жарандардын дача, бак өстүрүүчү бирикмелеринин аймактарын, ал жерде жайгашкан имараттардын жана курулмалардын коопсуздугун камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүү жөнүндө» токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнунда №372 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары Мамкурулуш) жөнүндө жобону жетекчиликке алып,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери КР КЧ 30-03:2018 « Жарандардын дача, бак өстүрүүчү бирикмелеринин аймактарын, ал жерде жайгашкан имараттарды жана курулмаларды мерчемдөө жана куруу » бекитилсин.
2. Мамкурулуштун алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйруктун расмий жарыяланышы боюнча чараларды көрсүн;
- буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, электрондук жана кагаз түрүндө, аталган буйрукту жарыяланган булакты көрсөтүү менен мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
3. Ушул буйрук расмий жарыялангандан күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып ведомстволук курулуш ченемдери ВКЧ 43-85 «Куруу аймактардын жамааттык бакчалары. Имараттар жана курулмалар. Долбоорлоо ченемдери» колдонулуусу токтотулсун.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары М.А. Акматалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Б. Абдиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ
Курулуштагы ченемдик документтер тутуму
ЖАРАНДАРДЫН ДАЧА, БАК ӨСТҮРҮҮЧҮ БИРИКМЕЛЕРИНИН АЙМАКТАРЫН, АЛ ЖЕРДЕ ЖАЙГАШКАН ИМАРАТТАРДЫ ЖАНА КУРУЛМАЛАРДЫ МЕРЧЕМДӨӨ ЖАНА КУРУУ
ПЛАНИРОВКА И ЗАСТРОЙКА ТЕРРИТОРИЙ
ДАЧНЫХ, САДОВОДЧЕСКИХ ОБЪЕДИНЕНИЙ ГРАЖДАН.
ЗДАНИЯ И СООРУЖЕНИЯ
Planning and development of territories
country, horticultural associations of citizens.
buildings and structures
Киргизүү датасы - 2019-01-01
1 Колдонуу чөйрөсү
1.1 Ушул курулуш ченемдер жарандардын дача, бак өстүрүүчү коммерциялык эмес бирикмелеринин(мындан ары- дача бирикмеси) аймактарына, ал жерде жайгашкан имараттарды жана курулмалардыкурууну долбоорлоого тиешелүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын субъекттерине аймактык курулуш ченемдерди иштеп чыгууга негиз болуп берет.
2 Ченемдик шилтемелер
Ушул курулуш ченемдеринде төмөндөгү документтерге ченемдик шилтемелер пайдаланылды:
Кыргыз Республикасынын Суу кодекси;
Кыргыз Республикасынын 2016-ж. 7-июнундагы № 78 «Өрт коопсуздугун камсыздоо жөнүндө» мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын 2014-ж. 30-декабрындагы № 175 «Ветеринария жөнүндө» мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын 2011-ж. 30-майындагы № 34 «Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө» мыйзамы;
КЧжЭ 2.04.01-85*. Имараттардын ички суу түтүктөрү жана канализациясы;
КЧжЭ 2.04.02-84* Суу менен камсыздоо. Тышкы тармактар жана курулмалар;
КЧжЭ 2.04.03-85 Канализация. Тышкы тармактар жана курулмалар;
МАКЧ 4.03-01-2003 Газ бөлүштүрүүчү тутумдар;
КЧжЭ 31-02-2018 Бир батирлүү турак үйлөр;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-ж. 11-апрелдеги № 201 токтому менен бекитилген СанЭжЧ «Суу менен камсыздоо булактарын жана чарба-ичүүчү милдеттеги суу түтүктөрүн санитардык-коргоочу зоналары»;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-ж. 11-апрелдеги № 201 токтому менен бекитилген СанЭжЧ «Ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди санитардык классификациялоо жана аларды санитардык-коргоочу зоналары».
3 Терминдер жана аныктамалар
3.1Ушул курулуш ченемдеринде төмөндөгү терминдертиешелүү аныктамалары менен берилген:
3.2 биодаараткана: Электр жылытуу аркылуу же химиялык заттарды кошуу менен активдештирип, биологиялык кычкылдануу процессин колдонуу аркылуу фекалдык калдыктарды органикалык жер семирткичтерге кайра иштетүүчү түзүлүш;
3.3 дача жер тилкеси: Жаранга эс алуу үчүн берилген же сатып алынган жер тилкеси (турак курулушту же турак үйдү, чарба курулмаларын тургузуу укугуна, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү укугуна ээ);
3.4 турак имарат: Бак өстүрүүчү, дача жер тилкелеринде катталууга укугу жок, убактылуу жашоо үчүн тургузулган имарат;
3.5 турак үй: Бак өстүрүүчү, дача жер тилкелеринде катталууга укуктуу, убактылуу жашоо үчүн тургузулган имарат;
3.6 каптаж: Жер алдындагы сууларды жер үстүнө чыккан жерде тосуп, чогултуу үчүн курулма (таш наброска, кудук, траншея);
3.7 кызыл сызыктар: Дача жана бак өстүрүүчү тилкелердин тосмолорунун сызыктары боюнча көчөлөрдүн, транспорт жолдорунун чектери;
3.8 компост аңы: Органикалык таштандыларды жок кылуу, ошондой эле өсүмдүктөр үчүн таб игый субстратты алуу;
3.9 крыльцо: Үйгө кирип чыгуучу эшиктин алдында жасалган баскычтуутепкичи бар аянтча;
3.10 люфт-клозет: Үйдүн ичиндеги жылуу, жер алдында фекалдарды чыгаруучусу бар даараткана, ал жакка фекалийлер агын (фан) трубасы аркылуу түшөт. Желдетүү атайын люфт-канал аркылуу жүргүзүлөт, люфт-канал жылытуучу түзүлүштөргө ыкталат, ал эми фекалдарды чыгаруучу люк сыртта жайгашат;
3.11 короодогу даараткана: Аңдын үстүнө курулган жеңил курулма;
турак курулуштун жана турак үйдүн жалпы аянты: анын бөлмөлөрүнүн, кошо курулган шкафтардын, лоджиялардын, балкондордун, верандалардын, террасалардын жана муздак кампалардын аянттарынын суммасы, төмөндөгүдөй төмөндөтүлүүчү коэфициенттер менен эсептелет: лоджиялар үчүн - 0,5, балкон жана террасалар үчүн - 0,3, веранда жана муздак кампаларүчүн - 1,0; меш ээлеген аянт бөлмөнүн аянтына кирбейт. Батирдин ичиндеги тепкич маршынын бийиктиги полдон чыгып турган конструкциялардын төмөн жагына чейин 1,6 м жана андан бийик болгон учурда тепкич маршынын алдындагы аянт тепкич жайгашкан бөлмөнүн аянтына кирет.
3.12 жол/өткөөл: Өзүнө транспорт үчүн бир тилкелүү бөлүктү, жолдун четин, кюветтерди жана бекемдөөчү бермаларды камтыган транспорт жана жүргүнчүлөрдүн жүрүшүнө арналган аймак;
3.13 пудр-клозет: Даараткана, анда фекалдык калдыктар упа сыяктуу курам менен иштетилет, адатта, торф менен иштетилет, ошондуктан кургак болуп, обочолонгон идиште (чайыр шыбалган капкактуу жашик) компост болгонго чейин сакталат;
3.14 жарандардын дача, бак өстүрүүчү бирикмелери: Жарандар тарабынан өз ыктыярдуулугу менен, бак өстүрүүчү чарбаларды жүргүзүүдө келип чыккан жалпы социалдык-чарбалык маселелерди чечүүгө уюмдун мүчөлөрүнө көмөк көрсөтүү үчүн түзүлгөн коммерциялык эмес уюм;
3.15 бак өстүрүүчү жер тилкеси: Жаранга айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө, ошондой эле эс алуу үчүн берилген же сатып алынган жер тилкеси (турак курулушту же турак үйдү, чарба курулмаларын тургузуу укугуна ээ);
3.16 терраса: Жерде же төмөн жайгашкан кабаттын үстүндө жайгашкан, адатта, чатыры бар, үйгө кошулуп курулган, тосулган ачык аянт;
3.17 жалпы колдонуучу жер аймагы: Адамдардын чектелбеген саны тоскоолдуктарсыз колдонгон жер аймагы;
3.18 көчө: Жалпы колдонуучу жер аймагы, өзүнө транспорт үчүн эки тилкелүү бөлүктү, жолдун четин, кюветтерди жана бекемдөөчү бермаларды камтыган транспорт жана жүргүнчүлөрдүн жүрүшүнө арналган аймак;
4 Жалпы жоболор
4.1 Дача, бак өстүрүүчү бирикмелердин аймагын уюштуруу жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы бекиткен, дача, бак өстүрүүчү бирикмелердин аймагын өздөштүрүүгө жана ал жерде курууга катышкан бардык адамдарга милдеттүү болгон юридикалык документ болуп эсептелген, дача, бак өстүрүүчү бирикмелердин аймагын мерчемдөө долбооруна ылайык жүргүзүлөт.
Долбоорду өзгөртүүлөр жана андан четке чыгуулардын баары жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы менен бекитилүүгөтийиш.
Долбоорду бир дача, бак өстүрүүчү бирикмеге түзгөндөй эле, бири бирине жакын жайгашкан дача, бак өстүрүүчү бирикмелердин аймактарынын тобуна (массивге) иштеп чыкса болот.
50 га дан ашык аянтты ээлеген дача, бак өстүрүүчү бирикмелердин аймактарынын тобуна (массивге) дача, бак өстүрүүчү бирикмелердин аймактарын мерчемдөөгө чейин генералдык мерчемдин концепциясы иштелип чыгат, анда эл жайгашкан жерлердин тутумдары менен тышкы байланыштарды; транспорт коммуникациясын, социалдык жана инженердик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча негизги жоболор камтылат.
4.2 Дача, бак өстүрүүчү бирикмелердин аймактарынын чегин аныктоодо курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо талаптары, аймакты чуулдоодон жана транспорт магистралдарынын пайдаланып бүткөн газынан, өнөржай объектилеринен, электр жана электрмагнит шоолалануудан, жерден чыккан радондон жана башка терс таасирлерден коргоо талаптары сакталууга тийиш.
4.3 Дача, бак өстүрүүчү бирикмелердин аймактарын өнөржай ишканаларынын санитардык-коргоочу зоналарында жана башка аймакты өзгөчө пайдалануу шартында иштеген корголуучу зоналарда жайгаштырууга тыюу салынат.
4.4 Дача, бак өстүрүүчү бирикмелердин аймактарын бардык категориядагы темиржолдордон жана I, II, III категориядагы жалпы колдонуучу автожолдордон 50м кем эмес кеңдиктеги санитардык-коргоочу зоналары менен бөлүү керек, ал эми Ivкатегориядагы автожолдордон – 25м кем эмес алыстыкта, анда 10м кем эмес кеңдиктеги токой тилкесин отургузуу зарыл.
4.5Дача, бак өстүрүүчү бирикмелердин аймактарын жогорку чыңалуудагы 35 кВА передача линияларынын алдындагы жерлерге, ошондой эле ошол жерлерди магистралдуу газ жана мунай өткөргүчтөрү кесип өткөн жерлерге жайгаштырууга тыюу салынат.
Жогорку чыңалуудагы линиялардын четки сымдарынан (алардын эң чоң четке чыгууларында) бак өстүрүүчү бирикмелердин аймактарына чейинки горизонталдуу аралык КР ЭОЭ ылайык кабыл алынат.
4.6 Бак өстүрүүчү бирикмелердин аймагындагы куруулардан токой массивдерине чейинки аралык 15м кем эмес болууга тийиш.
4.7 Бак өстүрүүчү бирикмелердин аймагын инженердик коммуникациялар кесип өткөндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-ж. 11-апрелдеги № 201 токтому менен бекитилген СанЭжЧ «Ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди санитардык классификациялоо жана аларды санитардык-коргоочу зоналарына»
ылайык санитардык-коргоочу зоналарды алдын ала карап чыгуу керек.
4.8 Дача, бак өстүрүүчү бирикмелердин аймагы аларда жайгашкан жер тилкелеринин санына жараша :
- 100гө чейин - чакан;
- 101ден 300чейин - орто;
- 301ден көп тилке - ири деп бөлүнөт.
5 Дача, бак өстүрүүчү бирикмелердин аймактарын мерчемдөө жана ал жерде куруу
5.1Дача, бак өстүрүүчү бирикмелердин аймагынын чеги боюнча тосмо каралган. Эгерде табигый чектер бар болсо (суу, аңдын кашы ж.б), тосмо койбой коюга уруксат берилет.
Дача, бак өстүрүүчү бирикмелердин аймагынын тосмолорун казылган аң, арыктар, үйүлгөн жер тосмолору менен алмаштырууга болбойт.
5.2 Дача, бак өстүрүүчү бирикмелердин аймагы чоң жолго чыгуучу жалпы колдонуучу автомобиль жолу менен байланышы керек.
5.3 Бак тилкелеринин саны 50гө чейинки дача, бак өстүрүүчү бирикмелердин аймагына бир кирүү каралуусу абзел, 50дөн көп болсо, экиден кем эмес болушу керек. Дарбазанын туурасы 4,5 м кем эмес, калитканыкы - 1 м кем эмес болууга тийиш.
5.4 Дача, бак өстүрүүчү бирикмелерге берилген жер тилкеси жалпы колдонгон жерлерден жана жеке жер тилкелерден турат.
Жалпы колдонуучу жерлерге (кызыл сызыктын чегиндеги) жолдор, көчөлөр, өткөөлдөр, өрт өчүрүүчү суулар, ошондой эле жалпы колдонгон аянттар жана тилкелер (алардын ичинде санитардык-коргоочу зоналар) жайгашкан жерлер кирет.
Жалпы колдонуучу жерлердеги зарыл болгон имараттардын жана курулмалардын минималдуу курамы жана өлчөмү 1-таблицада берилген.
1 - т а б л и ц а Жалпы колдонуучу жерлердеги зарыл болгон имараттардын жана курулмалардын минималдуу курамы жана өлчөмү
Объекттер | Жер тилкелеринин саны төмөндө көрсөтүлгөндөй дача, бак өстүрүүчү бирикмелердин аймагында жер тилкелеринин салыштырмалуу өлчөмдөрү, 1 бак тилкесине м2, | ||
100 чейин (чакан) | 101 – 300 (орто) | 301ден көп (ири) | |
Бирикменин башкармалыгы менен кароолкана | 1-0,7 | 0,7-0,5 | 0,4-0,4 |
Аралаш соода дүкөнү | 2-0,5 | 0,5-0,2 | 0,2ден аз |
Өрт өчүрүүчү каражаттарды сактоочу имараттар жана курулмалар | 0,5 | 0,4 | 0,35 |
Таштандыларды чогултуу үчүн аянтчалар | 0,1 | 0,1 | 0,1 |
Бак өстүрүүчү бирикменин аймагына киргенде автомобилдерди коюу үчүн аянт | 0,9 | 0,9-0,4 | 0,4төн аз |
Э с к е р т ү ү 1 Тиешелүү инженердик курулмалардын курамы жана аянттары, алардын жер тилкелеринин өлчөмдөрү, коргоо зонасы эксплуатациялоочу уюмдардын техникалык шарттары боюнча аныкталат. 2 2 Өрт өчүрүүчү каражаттарды сактоочу имараттардын жана курулмалардын типтери жана өлчөмдөрү Мамлекеттик өрткө каршы кызмат органдары менен макулдашуу боюнча аныкталат. Көчүрмө мотопомпаны жана өрткө каршы инвентарды сактоо үчүн бөлмө 10м2 кем эмес аянтка ээ болуп, дубалдары өрткө туруктуу болууга тийиш.
| |||
5.5 Дача, бак өстүрүүчү бирикмелердин жалпы колдонуучу аймагына кирүүдө кароолкана болушу керек, анын бөлмөлөрүнүн курамы жана аянты долбоордун тапшырмасына, дача, бак өстүрүүчү бирикменин уставына ылайык аныкталат.
5.6 Дача, бак өстүрүүчү бирикменин аймагынын мерчемдөө чечимдери бардык жеке бак тилкелерине жана жалпы колдонуучу объекттерге автотранспорттун өтүшүн камсыздоого тийиш.
5.7 Дача, бак өстүрүүчү бирикменинаймагында кызыл сызыктагы көчөлөрдүн жана өткөөлдөрдүн туурасы төмөндөгүдөй болушу керек:
Көчөлөр үчүн- 15 м кем эмес;
Өткөөлдөр үчүн- 9 мкем эмес.
Жүрүүгө жарактуу бөлүктүн четинин бурулушунун минималдуу радиусу - 6,0 м.
Көчөлөрдүн жана өткөөлдөрдүн жүрүүгө жарактуу бөлүгүнүн көчөлөр үчүн туурасы - 7,0м кем эмес, өткөөлдөр үчүн - 3,5 м кем эмес.
5.8 Өткөөлдөрдө жолдор айрылган жерлерде 15м кем эмес узундуктагы жана жүрүүгө жарактуу бөлүктүн кеңдиги кошулуп, 7м кем эмес кеңдиктеги аянтчалар каралышы керек, ошондой эле жолдор айрылган жерлердеги аянтчалар менен кайчы жолдун ортосундагы аралык 200м көп болбошу керек.
Туюк өткөөлдүн максималдуу узундугу 150м ашпоого тийиш.
Туюк өткөөлдөр 15 x 15 м кем эмес өлчөмдөгү бурула турган аянтчалар менен камсыздалат. Бурула турган аянтчаларга автомобилдерди токтотуп коюуга уруксат берилбейт.
5.9 Борборлоштурулган өрт өчүрүүчү суу камсыздоо жок болгон учурда өрт өчүрүүнү камсыздоо үчүн дача, бак өстүрүүчү бирикменинжалпы колдонуучу аймагында өрткө каршы көлмөлөр же резервуарлар каралышы керек, алардын сыйдыргычтыгы тилкелерге жараша өзгөрүп турат: 300чейин - 25м3 кем эмес;
300дөн ашуун - 60м3 кем эмес(ар биринде өрт өчүрүүчү транспортту орнотуу үчүн аянтчалар болууга тийиш, сууну сордургуч менен алууга мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек жана экиден кем эмес өрт өчүрүүчү транспорт кире алгандай өткөөл уюштурулушу керек).
Көлмөлөрдүн жана резервуарлардын саны жана алардын жайгашуусу КЧжЭ 2.04.02 талаптарына ылайык аныкталат.
300 чейин бак тилкелери бар дача, бак өстүрүүчү бирикмелер өрткө каршы максаттарда көчүрмө мотопомпага ээ болушу керек; тилкелери 301ден 1000ге чейин болгон бирикмелерде – прицеп мотопомпа болуш керек; 1000ден ашуун болгон бирикмелерде – экиден кем эмес прицеп мотопомпа болуш керек.
Мотопомпаларды сактоо үчүн атайын жай сөзсүз курулуш керек.
5.10 Жалпы колдонуучу имараттар жана курулмалар бак тилкелеринин чегинен 4м кем эмес аралыкта болууга тийиш.
5.11 Дача, бак өстүрүүчү бирикмелердин аймактарында жана анын чегинен тышкары таштандыларды үйүп ыргытууга тыюу салынат. Тиричилик калдыктары, адатта, дача, бак тилкелеринде эле жок кылынышы керек. Жок кылууга мүмкүн болбогон таштандылар (айнек, металл, полиэтилен ж.б.) үчүн жалпы колдонуучу жерлерде контейнерлерди жайгаштырууга аянтчалар каралууга тийиш. Аянтчалар үч тараптан 1,5м кем эмес бийиктиктеги туюк тосмо менен тосулуп, катуу жабуу менен жабылып, тилкелердин чегинен 20м-ден жакын эмес 500м-ден алыс эмес аралыкта жайгашуусу керек.
5.12 Дача, бак өстүрүүчү бирикмелердин аймактарынан үстүнкү агындарды жана дренаж сууларын кюветтерге жана арыктарга буруу дача, бак өстүрүүчү бирикменин аймагын мерчемдөө долбооруна ылайык ишке ашырылыш керек.
6 Дача, бак тилкелерин мерчемдөө жана куруу
6.1 Жеке дача, бак тилкелеринин аянты 0,04 гадан кем эмес кабыл алынат.
6.2 Жеке дача, бак тилкелеринин периметрин тор тосмо менен тосуп коюу сунушталат. Коңшулаш тилкелердин эки тараптуу жазуу түрүндөгү макулдугу боюнча (дача, бак өстүрүүчү бирикменин башкармалыгы менен макулдашылган учурда) башка типтеги тосмолорду орнотсо болот.
Дача, бак өстүрүүчү бирикменин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечими боюнча көчө жана жол/өткөөлдөр жактан туюк тосмолорду орнотууга уруксат берилет.
6.3 Дача, бак тилкелеринде компост аянтчалары, аңы же жашиктери каралышы керек, канализация жок болгон учурда – даараткана болууга тийиш.
6.4 Дача, бак тилкелеринде турак курулуш же турак үй, чарба курулмаларын, алардын ичинде теплицаларды, жайкы ашкананы, мончону (саунаны), душту, серени же автомобиль үчүн гаражды тургузса болот.
Чарба курулмаларынын жергиликтүү салттар менен жана жайгашуу мүмкүнчүлүгү менен шартталган ар кандай түрлөрүн курууга уруксат берилет. Майда мал-жандыктарды жана куштарды багуу үчүн чарба курулмаларынын курамы, өлчөмү жана милдети, аларды тургузуу тартиби, ошондой эле санитардык-ветеринардык коопсуздукту сактоо боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын 2014-ж. 30-декабрындагы №175 «Ветеринария жөнүндө» мыйзамына ылайык аныкталат.
6.5 Бир бак тилкесинин чегиндеги имараттар менен курулмалардын ортосундагы өрткө каршы аралык ченемдештирилбейт.
Коңшу тилкелерде жайгашкан турак имараттардын же турак үйлөрдүн ортосундагы өрткө каршы аралык көтөрүп туруучу жана тосмо материалдарга жараша 2-таблицада көрсөтүлгөндөрдөн кем болбошу керек.
2 - т а б л и ц а Тилкелердеги турак имараттарынын тобунун (же үйлөрдүн) же четки турак имараттарынын (же үйлөрдүн) ортосундагы өрткө каршы минималдуу аралык
| Көтөрүп туруучу жана тосуучу материалдар | Аралыктар, м | ||
А | Б | В | ||
А | Таш, бетон, темирбетон жана башка күйбөс материалдар | 6 | 8 | 10 |
Б | Ошолор эле, күйбөс жана күйүшү кыйын материалдар менен корголгон жыгач перекрытиелери жана жабуулары менен.
| 8 | 10 | 12 |
В | Күйбөс, күйүшү кыйын жана күйүүчү материалдардан жасалган сөңгөктөр, каркас тосмо конструкциялары
| 10 | 12 | 15 |
Бир катар курулуштагы эки коңшу тилкедеги турак имараттарды же турак үйлөрдү жана эки катар курулуштагы төрт коңшу тилкедеги турак имараттарды же турак үйлөрдү топтоштуруп, блоктоштуруп коюга уруксат берилет.
Мында ар бир топтогу турак имараттардын же турак үйлөрдүн өрткө каршы аралыктары ченемдештирилбейт, ал эми топтун четки турак имараттарынын же турак үйлөрүнүн арасындагы минималдуу аралык 2-таблицага ылайык кабыл алынат.
6.6 Турак имарат же турак үй көчөнүн кызыл сызыгынан 5м кем эмес аралыкта, жолдордун кызыл сызыгынан - 3м кем эмес аралыкта жайгашуусу керек.
Мында, жолдун карама-каршы жагында жайгашкан үйлөдүн ортосунда 2-таблицада көрсөтүлгөн өрткө каршы аралыктар эске алынышы керек. Чарба курулуштарынан көчөлөрдүн жана жолдордун кызыл сызыгына чейинки аралык 5м кем эмес болушу керек. Дача, бак өстүрүүчү бирикменин башкармалыгы менен макулдашып, серени же автомобиль гаражын тилкенин көчө же жол жактагы тосмосуна ыктап жайгаштырса болот.
6.7 Санитардык-тиричилик шарттар боюнча коңшу тилкенин чегине чейинки минималдуу аралык:
Турак имараттан (же үйдөн) - 3 м;
Майда мал-жандыктарды же кушту кармаганга курулуштардан - 4 м;
Башка курулуштардан - 1 м;
Бийик өскөн тал-теректердин сөңгөгүнөн - 4 м,
Орто өскөн тал-теректердин сөңгөгүнөн - 2 м;
Бадалдардан - 1 м.
Турак имарат (же үйдүн), чарба курулуштар менен коңшу тилкенин чегине чейинки аралык, эгерде үйдүн же курулуштун элементтери (эркер, кире бериштеги аянтча, сере, чатырдын салаңдап турган бөлүгү ж.б.) дубалдын түздүгүнөн 50см көп эмес чыгып турса, үйдүн цоколунан, цоколь жок болсо, курулуштун дубалынан ченелет.
Эгерде дубалдын түздүгүнөн 50см көп чыгып турса, аралык чыгып турган бөлүктөрдөн же алардын жерге түшкөн проекциясынан (чатырдын консоль сереси, түркүктө жайгашкан экинчи кабаттын элементтери) ченелет. Коңшу дача, бак тилкесинин чегинен 1м аралыкта дача, бак тилкелеринде чарба курулуштарын тургузууда чатырдын эңкейишин жаан-чачындан аккан суулар коңшу тилкеге түшпөгөндөй кылып тургузуу абзел.
6.8 Санитардык-тиричилик шарттар боюнча курулуштардын коңшу тилкенин чегине чейинки минималдуу аралыгы:
Турак имараттан (же үйдөн) душка, мончого(саунага), дааратканага чейин - 8м;
Кудуктан дааратканага жана компостко чейин - 8м.
Көрсөтүлгөн аралык чектеш тилкелердин курулуштарынын ортосунда да сакталууга тийиш.
6.9 Турак имаратка (же үйгө) чарба курулуштары ыкташып калган учурда коңшу тилкенин чегине чейинки аралык ар бир блоктолгон объекттен өз-өзүнчө ченелет, мисалы:
үй-гараж (үйдөн 3 м кем эмес, гараждан 1 м кем эмес);
үй- куш жана мал-жандыктар үчүн курулуш (үйдөн 3 м кем эмес,куш жана мал-жандыктар үчүн курулуштан 4 м кем эмес).
6.10 Автомобилдер үчүн гараждар өзүнчө турган, дачага, үйгө же чарба курулуштарына кошо курулган, жанаша курулган болушу мүмкүн.
6.11 Аянты 0,06 - 0,12 га болгон дача, бак тилкелеринде үстүнө катуу материалдар төшөлгөн курулуштарга, отмостторго, жолчолорго аймактын 30%нан көп эмес бөлүгүн гана жумшоо абзел.
7 Имараттардын жана курулмалардын көлөмдүү-мерчемдүү жана конструкциялык чечимдери
7.1 Турак имараттар жана үйлөр ар кандай көлөмдүү-мерчемдүү түзүлүштөр менен долбоорлонот(тургузулат).
7.2 Турак имараттардын же турак үйлөдүн жана чарба курулуштардын алдында жер төлөнүн жана погребдин болушуна уруксат берилет.
7.3 Турак бөлмөлөрдүн бийиктиги полдон шыпка чейин 2,2м кем эмес кабыл алынат.
Чарба бөлмөлөрүнүнбийиктигин, алардын ичинде жер төлөдө жайгашкандардын бийиктигин 2м кем эмес кабыл алуу абзел, погребдин бийиктигин чыгып турган конструкциялардын(устун, прогондор) алдына чейин - 1,6м кем эмес кабыл алуу керек.
Жыл бою жашай турган үйлөрдү долбоорлоодо КР КЧ 31-09 талаптарын эске алуу керек.
7.4 Турак имараттардын жана турак үйлөдүн экинчи кабатка, мансардага чыгуучу тепкичтери үйдүн ичинде да, сыртында да жайгашуусу мүмкүн. Аталган тепкичтердин параметрлери, ошондой эле жер төлө жана цоколь кабаттардын тепкичтери конкреттүү шарттарга жараша, адатта, КР КЧ 31-09 талаптарын эске алып, кабыл алынат.
7.5 Чатырдан түшкөн жаан-чачындарын агын сууларын коңшу тилкеге агызууга уруксат берилбейт.
8 Инженердик жабдуулар
8.1 Дача, бак өстүрүүчү бирикмелердин аймагы КЧжЭ 2.04.02 талаптарына жооп берген суу менен камсыздоо тутуму менен жабдылууга тийиш.
Чарба-ичүүчү суу менен камсыздоо, борборлоштурулган суу менен камсыздоо тутумунан да, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-ж. 11-апрелдеги № 201 токтому менен бекитилген СанЭжЧ «Суу менен камсыздоо булактарын жана чарба-ичүүчү милдеттеги суу түтүктөрүн санитардык-коргоочу зоналары» баяндалган талаптарды сактап автономдуу – шахталардан, кичине түтүктүү кудуктардан, булактын каптажынан да болушу мүмкүн.
КЧжЭ 2.04.01ге ылайык турак имараттарга жана турак үйлөргө суу түтүктөрүн киргизүүгө уруксат жергиликтүү канализация болгон учурда же борборлоштурулган канализация тутумуна туташтырылган учурда берилет.
Бак өстүрүүчү бирикмелердин аймагында суу түтүктөрүнүн тармагындагы суунун эркин жиреп чыгуусу 0,1 МПа кем болбошу керек.
8.2 Дача, бак өстүрүүчү бирикмелердин жалпы колдонуучу жерлеринде ичүүчү суунун булагы каралууга тийиш. Ар бир булактын айланасында (артезиан скважиналарына гидрогеологдор орнотот) радиусу 30мден 50мге чейин болгон санитардык-коргоочу зонасы уюштурулат. Суу топтоочу түйүн менен комплексте болгон артскважина үчүн I тилкенин зонасын жергиликтүү санитардык-эпидемиологиялык кызмат органдары менен макулдашып, 15метрге чейин кыскартууга жол берилет.
8.3 Суу менен камсыздоо тутумундагы чарбага-ичүүгө керектелүүчү ичүүчү суунун сапатына карата гигиеналык талаптар Кыргыз Республикасынын «Ичүүчү суунун коопсуздугу» Техникалык регламенти» мыйзамына ылайык келиши керек.
8.4 Суу менен камсыздоо тутумунун эсебин жүргүзүү суунун чарбага-ичүүгө төмөндөгү ортосуткалык керектөө ченеминен келип чыгат:
сууну суу топтоочу колонкалардан, скважиналардан, кудук шахталарынан колдонгондо–1 жашоочуга бир суткага 30 - 50 л;
ички суу түтүктөрү жана канализация (ваннасы жок) менен камсыздалган учурда -1 жашоочуга бир суткага 125 - 160 л.
Үйдүн жанындагы тилкелерди сугаруу үчүн: жашылча-жемиштер үчүн– суткасына 3 - 15 л/м2; мөмө-жемиштүү бактарга - суткасына10 - 15 л/м2.
Суу түтүктөрү жана артезиан скважиналары бар болгон учурда сарпталган суунун эсебин алыш үчүн суу топтоочу жабдыктарда счетчиктерди коюу каралыш керек.
8.5 Дача, бак өстүрүүчү бирикмелердин аймактарын өрткө каршы суу менен камсыздоону өрткө каршы көлмөлөрдү же резервуарларды түзүү аркылуу же тышкы суу түтүктөрүнүн тармагына кошулуу жолу менен жүргүзүүгө тийиш.
Тышкы суу түтүктөрүнүн тармагында ар бир 100м сайын өрт өчүрүүчү машиналар суу ала тургандай кылып, бириктирүүчү башчаларды орнотуу абзел.
Дача, бак өстүрүүчү бирикмелердин аймактарында жайгашкан суу мунаралары өрт өчүрүүчү машиналар суу ала тургандай түзүлүштөр менен(бириктирүүчү башчаларды) жабдылууга тийиш.
Өрткө каршы кызматтар менен макулдашуу боюнча, өрт өчүрүү максатында дача, бак өстүрүүчү бирикмелердин аймактарынан 200м алыс эмес аралыкта жайгашкан табигый булактарды да колдонууга уруксат берилет.
Өрт өчүрүүгө сууну сарптоо - 5 л/с.
8.6 Кир-кокторду чогултууну, жок кылууну жана зыянсыздандырууну канализациялык жол менен эмес, жергиликтүү тазалоочу курулмалардын жардамы аркылуу жүргүзсө болот. Аларды жайгаштыруу жана орнотуу тиешелүү ченемдердин талаптарын аткаруу менен жана аныкталган тартипте макулдашылып жүргүзүлөт. Тилкелерге канализацияларды орнотууга уруксат заманбап технология менен иштеген жана тазаланган сууларды ченемдик көрсөткүчтөргө жеткирген, турак имараттарга 20м чейинки санитардык-коргоочу зонасы менен, жабык типтеги суткасына 5миң м3 агын санына барабар бирдиктүү тазалоочу курулмаларга уруксат берилет.
КЧжЭ 2.04.03нин талаптарын аткарган учурда борборлоштурулган канализация тутумдарына кошулууга болот. Өзгөчө учурларда, борборлоштурулган канализация тутумдарына кошулууда, рельефтин төмөн жерлеринде жайгашкан тилкелерде жеринде тазалоочу курулмаларды орнотууга уруксат берилет.
8.7 Фекалийлерди канализация жолу менен эмес жок кылууда жеринде компост орнотуулар менен – пудр-клозеттер, биодааратканалар менен камсыздоо керек.
Люфт-клозет жана короодогу дааратканалардай орнотмолорду, ошондой эле тилкенин чегинен 1м аралык алыста бир-эки камералуу септиктерди жайгаштырууга жол берилет. IV климат районунда жана III Б райончосунда люфт-клозеттерди пайдаланууга тыюу салынат.
Ар бир жеке тилкеде жеринде кийин төмөндөтүлгөн жерлерге бурулган, өндүрүшү 1-3м3 чейинки тазалоочу курулмаларды жайгаштырууга уруксат берилет.
8.8 Душтун, мончонун, саунанын ж.б. чарба агын сууларын чогултууну жана тазалоону коңшу тилкенин чегинен 1м жакын эмес аралыкта жайгашкан гравий-кум төшөлгөн фильтр траншеясында же башка тазалоочу курулмаларда жүргүзүү керек. Ар бир учурда санитардык көзөмөл органдары менен макулдашуу боюнча чарба агын сууларын атайын жасалган арыкка тышкы кюветке төгүүгө болот.
8.9 Жылытылуучу үйлөрдө жылытуу жана жылуу суу менен камсыздоо автономдуу тутумдан болуусун алдын ала кароо керек, аларга: жылуулук менен камсыздоо булактары (меш, котел ж.б), ошондой эле жылытуучу куралдар жана суу ажыратуучу арматура кирет.
8.10 Үйлөрдү газ менен камсыздоо газ баллондордон, суюк газы бар резервуардык орнотмолордон же газ тармактарынан болууга тийиш.Газ тутумдарын долбоорлоо, газ плиталарын жана газдын сарпталуусун эсептөөчү куралды орнотуу МАКЧ 4.03-01 жана Газ чарбасында коопсуздук эрежелеринин талаптарына ылайык жүргүзүлүшү керек.
8.11 Ашканадагы ж.б. плиткаларды камсыздоого 12л ден көп батырган баллондор күйбөс материалдан үйгө бириктирилип курулган жайда же металл жашикте тышкы дубалдын туюк тилкесинин жанында имаратка кирүүчү жерге 5м жакын эмес аралыкта жайгаштырылууга тийиш.
8.12 Дача, бак өстүрүүчү бирикмелердин аймактарындагы электр менен камсыздоо тармактары, адатта, аба чубалгылар аркылуу тартылат. Аба чубалгыларды тилкелердин тик үстүнөн алып өтүүгө тыюу салынат. Жеке тартып алууларга уруксат берилет.
8.13 Үйлөрдүн электр жабдылышын жана чагылгандан корголушун РДС 34.21.122 талаптарына жана Газ чарбасында коопсуздук эрежелеринин талаптарына ылайык долбоорлоо керек.
8.14 Турак имаратта (үйдө) электр энергиясын керектөөнү эсептөө үчүн счетчиктин орнотулушун алдын ала кароо керек.
8.15 Дача, бак өстүрүүчү бирикмелердин аймактарындагы көчөлөрүндө жана жолдорунда тышкы жарыктандыруу каралууга тийиш. Жарыктандырууну башкаруу, адатта, кароолканадан жүргүзүлөт.
8.16 Кароолкананын бөлмөсү медициналык тез жардамды, өрт өчүрүүчү кызматты, милиция жана авария кызматтарын чакыра ала турган телефон же мобилдүү байланышы менен камсыздалууга тийиш.