Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА,
КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК
ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2018-жылдын 31-декабры № 31-нпа
Кыргыз Республикасынын КР КЧ 22-01:2018 «Учурдагы курулуш имараттарынын жер титирөөгө туруктуулугун баалоо» курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө
Учурдагы курулуш имараттарын реконструкциялоо, курулушту жандандыруу, техникалык кайра жабдуу, имараттарды жана курулмаларды капиталдык оңдоо иштерин аткарууда имараттардын ишенимдүүлүгүн жана жер титирөөгө туруктуулугун камсыздоо, ошондой эле учурдагы курулуш имараттарынын жер титирөөгө туруктуулугуна баа берүү, жер титирөөнүн залалдарын төмөндөтүү максатында, КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 372 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Мамкурулуш) жөнүндө жобону жетекчиликке алып,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын КР КЧ 22-01:2018 «Учурдагы курулуш имараттарынын жер титирөөгө туруктуулугун баалоо» курулуш ченемдери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. КР КЧ 22-01:2018 «Учурдагы курулуш имараттарынын жер титирөөгө туруктуулугун баалоо» курулуш ченемдери Кыргыз Республикасынын аймагында 2019-жылдын 1-мартынан тартып ишке кирери аныкталсын.
3. Мамкурулуштун алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту (мындан ары -ЖТТКжИДМИ) тарабынан:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акттарынын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык, ушул буйруктун расмий жарыяланышы боюнча чаралар көрүлсүн;
- буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөлөрүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, аталган буйрук жарыяланган булакты көрсөтүү менен ченемдик укуктук акттар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;
- ушул буйрук күчүнө киргенден тартып уч жумуш күндүн ичинде көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
4. 2019-жылдын 1-мартынан тартып КР КЧжЭ 22-01:98 «Пайдаланып жаткан имараттарынын жер титирөөгө туруктуулугун баалоо» курулуш ченемдери күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары М.А. Акматалиевге жүктөлсүн.
Статс-катчы | С.Борубаев |