Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 68-чуа буйругунун редакциясына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА,
КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК
ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2018-жылдын 31-декабры № 32-нпа
Кыргыз Республикасынын КР КЧ 20-02:2018 “Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери” курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө
(КР Мамкурулушунун 2021-жылдын 26-февралындагы № 43-нпа, 2022-жылдын 28-февралындагы № 50-нпа буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Жаңы курулуш, реконструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, капиталдык оңдоо объекттеринин туура эксплуатациялоосун татаалдаштырган сейсмикалык таасирлер болгон учурда айрым элементтеринин бузулушун, сейсмикалык таасирлерден зыян келтирүүлөрдү төмөндөтүү максатында, КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 372 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Мамкурулуш) жөнүндө жобону жетекчиликке алып,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын КР КЧ 20-02:2018 “Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери” курулуш ченемдери, тиркемеге ылайык;
- 2018-жылдын 29-ноябрында КР УИА СИ тарабынан иштелип чыккан Кыргызстандын жер титирөөлөрүн пайда кылган активдүү жаракалардын жана алардын сегменттеринин максималдуу локалдык магнитудасынын (MLH) таралышынын картасы;
- 2018-жылдын 29-ноябрында КР УИА СИ тарабынан иштелип чыккан Кыргызстандагы мүмкүн болгон максималдуу жер титирөөлөрдө жер бетинин термелүү күчтөрүнүн (интенсивдүүлүгүнүн) балл менен көрсөтүлгөн картасы;
- 2018-жылдын 29-ноябрында КР УИА СИ тарабынан иштелип чыккан Кыргызстандагы аскалуу грунтта сейсмикалык термелүүнүн жогорку чектеги (пиктик) ылдамдануулар (PGA) картасы;
- 2018-жылдын 29-ноябрында КР УИА СИ тарабынан иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын сейсмикалык кооптуу аймактарынын баллдары жана ылдамдануулары (PGA) көрсөтүлгөн тизмеси;
2. КР КЧ 20-02:2018 “Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери” КР КЧ 20-02:2009 “Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери” менен катар жарыш түрдө 2019-жылдын 1-мартынан тартып ишке кирери аныкталсын.
3. 2024-жылдын 1-мартынан тартып күчүн жоготту деп таанылсын:
- КР КЧжЭ 20-02:2009 “Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери”;
- КР КЧжЭ 2.01.01-93 «Бишкек шаарынын аймактарында сейсмикалык кичи райондорго бөлүштүрүүнү жана жер кыртыштык-геологиялык шарттарды эске алуу менен куруу»;
- Кыргыз Республикасынын аймагында 1974-2012-жылдар аралыгында Мамкурулуш тарабынан бекитилип, иштеп келген сейсмо-кичи райондоштуруу жана сейсмо-райондорго бөлүштүрүү (алардын ичинде кылдаттык сейсмо-райондоштуруу жана күтүлүүчү жер титирөөлөрдүн баштапкы баллдары көрсөтүлгөн калктуу пункттардын тизмеси) карталары.
(КР Мамкурулушунун 2021-жылдын 26-февралындагы № 43-нпа, 2022-жылдын 28-февралындагы № 50-нпа буйруктарынын редакцияларына ылайык)
4. 2021-жылдын 1-мартына чейин Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту (мындан ары – ЖТТКжИДМИ) Мамкурулуштун Мамлекеттик экспертиза департаменти менен биргеликте төмөндөгү иштерди жүргүзсүн:
- КР КЧ 20-02:2018 “Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдеринин" эсептик жоболорун курулуш конструкцияларын эсептөө үчүн чыгарылган Кыргыз Республикасында актуалдуу болгон программалык комплекстерге киргизүү боюнча;
- кызыктар уюмдарга КР КЧ 20-02:2018 “Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдеринин” эсептик жоболорун түшүндүрүү боюнча.
5. Мамкурулуштун алдындагы ЖТТКжИДМИ тарабынан:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акттарынын расмий жарыялоо чыгуу булактары жөнүндө” токтомуна ылайык, ушул буйруктун расмий жарыяланып чыгышына чаралар көрүлсүн;
- буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрү эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, аталган буйрук жарыяланган булакты көрсөтүү менен ченемдик укуктук акттардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;
- ушул буйрук күчүнө киргенден тартып 3 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
6. Ушул буйрук 2019-жылдын 1 - мартынан тартып күчүнө кирет.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары М.А. Акматалиевге жүктөлсүн.
Статс-катчы | С. Борубаев |