Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 68-чуа буйругунун редакциясына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА,
КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК
ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2022-жылдын 28-февралы № 50-нпа
"КР КЧ 20-02:2018 "Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери" Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 31-декабрындагы № 32-чуа буйругуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Курулуштагы ченемдик базаны "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Мамкурулуш) жөнүндө жобону жетекчиликке алуу менен,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. "КР КЧ 20-02:2018 "Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери" Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө" Мамкурулуштун 2018-жылдын 31-декабрындагы № 32-чуа буйругуна төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункттагы "2022-жылдын 1-мартынан" деген сөздөр "2024-жылдын 1-мартынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2) бийиктиги 18 же андан көп кабаттуу имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо КР КЧ 20-02:2018* "Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери" боюнча гана жүзөгө ашырылсын.
2. Мамкурулушка караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту:
- "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 токтомуна ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө ушул буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жөнөтсүн.
3. Ушул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө директордун орун басары М.А.Акматалиевге жүктөлсүн.
Директор | Т. Сатышов |
“КР КЧ 20-02:2018 “Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери” Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 31-декабрындагы № 32-чуа буйругуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу”буйруктун долбооруна
НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМ КАТ
1. Максаты жана милдеттери
Ушул буйрук Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан курулушта ченемдик укуктук базанын системасын түзүү жана жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча курулуш ченемдерин өркүндөтүү жана аларды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык келтирүү максатында даярдалган.
2. Баяндоо бөлүгү
КР КЧ 20-02:2018 иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 31-декабрындагы № 32-чуа буйругу менен бекитилген.
КР КЧ 20-02:2018 КР КЧжЭ 20-02:2009 “Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдеринин” ордуна иштелип чыккан.
КР КЧжЭ 20-02:2009 жана КР СЧ 20-02:2018 сейсмикалык таасир этүүдө имараттардын жана курулмалардын кадимки эксплуатациясына тоскоолдук жараткан жеадамдардын коопсуздугун камсыз кылуудааны убактылуу токтотууну талап кылган айрым элементтеринин бузулушу мүмкүн болгонимараттарга жана курулмаларга талаптарды аныктайт.
КР КЧжЭ 20-02:2009 жана КР СЧ 20-02:2018 имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо менен алектенген жалпы курулуш, адистештирилген долбоорлоо уюмдары үчүн маанилүү.
ЧТДда көрсөтүлгөн талаптар биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын сейсмикалык зоналарында долбоорлонгон объектилердин ишенимдүүлүгүн камсыздоого багытталган.
“КР КЧ 20-02:2018 “Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери” Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 31-декабрындагы № 32-чуа буйругуна ылайык, КР КЧжЭ 20-02:2009 жана КР КЧ 20-02:2018 параллелдүү иштеген жана 2022-жылдын март айында КР КЧжЭ 20-02:2009 мөөнөтү бүтөт, КР КЧжЭ 2.01.01-93 «Бишкек шаарынын аймактарында сейсмикалык кичи райондорго бөлүштүрүүнү жана жер кыртыштык-геологиялык шарттарды эске алуу менен куруу», Кыргыз Республикасынын аймагында 1974-2012-жылдар аралыгында Мамкурулуш тарабынан бекитилип, иштеп келген сейсмо-кичи райондоштуруу жана сейсмо-райондорго бөлүштүрүү (алардын ичинде кылдаттык сейсмо-райондоштуруу жана күтүлүүчү жер титирөөлөрдүн баштапкы баллдары көрсөтүлгөн калктуу пункттардын тизмеси) карталары
Коронавирустук инфекциянын жайылышынын фонунда туруксуз эпидемиологиялык жана экономикалык кырдаалга, ошондой эле Шаар куруу Кеңешинин узак мөөнөткө өткөрүлбөй калгандыгына, жер маселелери боюнча отурумдардын сейрек өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу КР КЧжЭ 20-02:2009, “Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери” боюнча иштелип чыккан көптөгөн долбоорлор азыркы күнгө чейин аягына чыга элек. Атап айтканда, Кыргыз РеспубликасынынКуруучулар союзу боюнча эле 30га жакын объектилер бүтө элек, «ЖИА» бирикмесине мүчө болгон курулуш уюмдарында 50дөн ашык объект бар.
Кыргыз Республикасынын Куруучулар союзунун жана «ЖИА» ассоциациясына мүчө болгон курулуш компаниялардын өтүнүчү боюнча, КР КЧжЭ 20-02:2009, «Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери»боюнча иштелип жаткан долбоорлорду аягына чыгаруу максатында, ошондой эле Мамкурулуштун Техникалык кеңешинин 2022-жылдын 17-февралындагы чечимин ишке ашыруу үчүн “КР КЧ 20-02:2018 “Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери” Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 31-декабрындагы № 32-чуа буйругуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” ушул буйруктун долбоору иштелип чыкты.
3. Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин болжолу
Буйруктун бул долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
4. Коомдук талкуулоонун жыйынтыктары жөнүндө маалымат
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 22-беренесине ылайык, буйруктун бул долбоору коомдук талкуулоодон өткөрүү үчүн Мамкурулуштун расмий сайтына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштырылып, ошондой эле буйруктун боу долбоору Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жарыяланган. Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча эскертүүлөр жана сунуштар келип түшкөн жок.
5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүнүн талдоосу
Сунушталган долбоор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
6. Финансылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат
Буйруктун бул долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен финансылык чыгымдарга алып келбейт.
Регулятивдик таасир этүү талдоосу жөнүндө маалымат
Сунушталган долбоор ишкердик ишмердүүлүктү жөнгө салууга багытталбагандыктан, регулятивдик таасир этүү талдоосунан өткөрүүнү талап кылбайт.
Директор | Т. Сатышов |