Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
АЙЫЛ ЧАРБА, ТАМАК-АШ ӨНӨР ЖАЙЫ ЖАНА
МЕЛИОРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2019-жылдын 13-февралы № 36
Кыргыз Республикасынын айдоо жерлерине мониторинг жүргүзүү жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын айдоо жерлерине мониторинг жүргүзүү боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү бекитүү жөнүндө
Айдоо жерлердин сапатында болуп жаткан өзгөрүүлөргө системалуу байкоо жүргүзүү жана аларды өз учурунда аныктоо, топурак кыртышынын абалына терс таасирин тийгизген процесстердин өрчүүсүн талдоо менен бирге жерлердин учурдагы абалына баа берүү, терс таасирлүү процесстерди алдын алуу, алардын натыйжаларын жоюу, айдоо жерлерди натыйжалуу пайдалануу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, керектөөчүлөргө терс таасирлүү процесстерди алдын алуу, алардын натыйжаларын жоюу боюнча сунуштар менен бирге айдоо жерлерин пайдалануу жана алардын абалдары тууралуу так, туура маалымат берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги,
БУЙРУК КЫЛАТ:
1. Бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын айдоо жерлерине мониторинг жүргүзүү жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын айдоо жерлерине мониторинг жүргүзүү боюнча методикалык көрсөтмөлөр, 2-тиркемеге ылайык.
2.«Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институту мамлекеттик ишканасы:
1) Жогоруда аталган жобо менен методикалык көрсөтмөлөрдү жетектөөгө жана аткарууга алсын;
2) Жыл сайын 1-декабрга чейин, айдоо жерлердин мониторингинин жыйынтыгы боюнча маалымат Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин расмий сайтына жарыялоого берилсин.
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ушул буйруктун расмий жарыяланышы боюнча тийиштүү чараларды көрүү жана Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтардын Борбордук банкынын ченемдик укуктук актыларынын реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиевге жүктөлсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып, он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтүлсүн.
Министрдин убактылуу м.а., Министирдин орун басары | Ж.Керималиев |
1-Тиркеме
Кыргыз Республикасынын айдоо жерлерине
мониторинг жүргүзүү жөнүндө
ЖОБО
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 137 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жерди эсепке алуу (жер кадастры) жөнүндө Жобого ылайык, айдоо жерлериндеги өзгөрүүлөрдү өз убагында аныктоо, аларга баа берүү, терс таасирлүү процесстердин алдын алуу жана алардын натыйжаларын жоюу үчүн республиканын аймагында айдоо жерлердин мониторинги жүргүзүлүүдө.
1. Жалпы жоболор
1. Айдоо жерлердин мониторинги Кыргыз Республикасынын айыл чарба багытындагы жерлердин мониторингинин маанилүү бир бөлүгү болуу менен, айдоо жерлеринин сапаттык жана сандык абалына ыкчам, мезгилдик болжолдуу жана базалык (баштапкы) көзөмөлдөрдүн системасы катары эсептелет.
2. Жеке менчик формасына, мекемеге тиешелүүлүгүнө жана чарбалык ишмердүүлүк формаларына карабастан бардык айдоо жерлери жер мониторингинин объектилери болуп саналат.
3. Айдоо жерлерге мониторинг жүргүзүүдө айдалган жерлерге таасирин тийгизген төмөнкүдөй факторлор аныкталып талданат:
- эволюциялык (өнүгүүнүн табигый тарыхый процесстери менен байланыштуу);
- циклдик (суткалык, мезгилдик, жылдык жана башка мезгилдик өзгөчөлүктөргө, жаратылыштагы өзгөрүүлөргө байланыштуу);
- антропогендик (адам баласынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу);
- өзгөчө кырдаалдар (авариялар, табигый кырсыктар, стихиялык жана экологиялык алааматтар ж.б.).
4. Айдоо жерлердин мониторинги үчүн маалымат булактары болуп, системалуу көзөмөлдөрдүн, изилдөөлөрдүн, текшерүүлөрдүн, инвентаризациялардын натыйжалары, архивдик маалыматтар, ошондой эле, айдоо жерлеринин сапаттык жана сандык абалы тууралуу башка жалпыланган жана системаланган архивдик маалыматтар эсептелет.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн деңгээлинде кабыл алынган мамлекеттик программаларына ылайык айдоо жерлерине мониторинг жүргүзүү боюнча иштери программаларда сүйлөнүлгөн каржылоо булактарынын эсебинен ишке ашырылат.
2. Айдоо жерлердин мониторингинин мазмуну жана курамы
6. Айдоо жерлердин мониторинги төмөнкү маселелердин чечилишин камсыздайт:
- айдоо жерлеринин сапатын системалык көзөмөлдөө жана пайда болгон өзгөрүүлөрдү өз учурунда аныктоо;
- топурак катмардын абалына терс таасирин тийгизген процесстердин өрчүүсүн талдоо менен бирге жерлердин учурдагы абалына баа берүү;
- терс таасирлүү процесстердин алдын алуу, алардын натыйжаларын жоюу, айдоо жерлерди натыйжалуу пайдалануу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- керектөөчүлөрдү терс таасирлүү процесстерди алдын алуу, алардын натыйжаларын жоюу боюнча тиешелүү сунуштар менен айдоо жерлерин пайдалануу жана алардын абалдары тууралуу так маалымат менен камсыздоо.
7. Айдоо жерлердин мониторинги төмөнкүлөргө системалуу көзөмөл жүргүзүүнү камтыйт:
- жер тилкелеринин (талаалардын) абалы;
- топурак күрдүүлүгүнүн өзгөрүүсүнө (чөлгө айлануусу, суу жана шамаал эрозиясынын пайда болуусу, гумус жана азыктандыруучу элементтерди камтуу динамикасы, топурак чөйрөсүнүн реакциясынын өзгөрүшү, топурак структурасынын бузулушу же жакшырышы, шордонуу, туздуулук, саздактык, ашкере нымдуулук жана топурактын жылышы), топурактын пестициддер, оор металлдар жана башка уулуу заттар менен, ошондой эле өнөр жай, тиричилик жана башка калдыктар менен булгануусуна, топурактын башка касиеттеринин өзгөрүп кетүүсүнө шарт түзгөн процесстердин өрчүшү;
- сел жүрүү, жер титирөө жана башка кубулуштардан улам келип чыккан топурактын, жарлардын суу жана шамаал эрозиясына байланышкан процесстердин өрчүүсү;
- антропогендик мүнөздөгү таасирлер (жол, канал, суу сактагыч ж.б. курулушу).
8. Курамы боюнча айдоо жерлердин мониторинги төмөнкүлөрдөн турат:
- өрөөндүк дыйканчылык аймагынын айдоо жерлеринин мониторинги;
- тоо этегиндеги дыйканчылык аймагынын айдоо жерлеринин мониторинги.
9. Аймактык камтуусуна жараша айдоо жерлердин республикалык, регионалдык жана локалдык мониторинги ишке ашырылат:
- республикалык мониторинг – Кыргыз Республикасынын жалпы аймагын камтыйт;
- регионалдык – физикалык жана географиялык, административдик, экономикалык жана башка чектер менен чектелген аймактарды камтыйт;
- локалдык – регионалдык деңгээлден төмөнкү аймактык объектилерден тартып, өзүнчө жер тилкелерине чейин жүргүзүлөт.
3. Айдоо жерлерге мониторинг жүргүзүүнүн тартиби
10. “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жөнүндө Жобо” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №140 токтомуна ылайык, айдоо жерлердин мониторингин уюштуруу жана ишке ашыруу «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институту мамлекеттик ишканасына (мындан ары - «Кыргызмамжердолбоорлоо» МДИ) жүктөлгөн.
11. Мониторинг жүргүзүүдө айдоо жерлер менен өзүнчө тилкелердин абалы тууралуу маалыматтардын түзүлүшү тийиштүү материалдарды колдонуу аркылуу аткарылган топографиялык жана геодезиялык, аэрокосмостук, жерге жайгаштыруу боюнча, инвентаризациялык, топурак жана башка изилдөөлөр менен текшерүүлөрдүн, ошондой эле көзөмөл пункттарында байкоо жүргүзүүлөр аркылуу алынат.
12. Мониторингдин аймактык-зоналык түйүнү стационардык жана жарым стационардык көзөмөл пункттарын камтыйт.
13. Стационардык көзөмөл пункттары белгиленген толуктук жана тактыкта айдоо жерлердин абалы тууралуу системалуу түрдө маалымат алуу үчүн түзүлөт. Мындай пункттарга стационардык аянтчалар, ачкыч тилкелер жана полигондор кирет.
14. Жарым стационардык көзөмөл пункттары (жарым стационардык аянтчалар, профиль) иштин конкреттүү шарттары менен максаттарына жараша уюштурулат (тастыктоо жана туруктуу байкоо пунктка алынган маалымат менен салыштыруу үчүн).
Өзүнчө жарым стационардык пункттарында узак мөөнөттүү бир жолку (5 жылдан кийин) экологиялык кароосуз аймактарда оор металлдарга, пестецидтерге байкоо жүргүзүлүшү мүмкүн.
15. Мониторингдин көлөмү бирдиктүү улуттук топурак саясатын ишке ашырган ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген, көзөмөл пункттарында ишке ашырылган жердин абалына байкоо жүргүзүү программасы менен аныкталат.
16. Мониторингди ишке ашыруу мөөнөттөрү менен мезгилдүүлүгүнө жараша топурактын абалын көзөмөлдөөнүн төмөнкүдөй түрлөрү болот:
- базалык (көзөмөл объектисинин жерге мониторинг жүргүзүү башталган учурдагы абалын көрсөткөн баштапкы көзөмөлдөр);
- оперативдик (болуп жаткан өзгөрүүлөрдү көрсөтөт);
- мезгилдик (бир же андан көп жылдан кийин).
17. Айдоо жерлерге жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжалары жер кадастрын түзүүдө негизги мааниге ээ болушат.
4. Айдоо жерлердин мониторингин аткаруучулар жана алардын милдеттери
18. «Кыргызмамажердолбоорлоо» МДИ төмөнкү иш-аракеттерди аткарат:
- республиканын аймагында, (программада сүйлөнүлгөн каржылоо булактарынын эсебинен) ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын (айыл өкмөтү) (жергиликтүү бюджеттик каражаттардын эсебинен) жана чарба субъектилердин айдоо жерлерине мониторинг жүргүзүү;
- мониторинг жүргүзүү боюнча методикалык колдонмо;
- керектөөчүлөрдү зарыл болгон алгачкы (базалык) материалдар (топурак карта, топурактын бонитет баллдары ж.б.) менен камсыздоо;
- мониторинг иштеринин натыйжалары боюнча маалыматтарды жалпылоо жана сунуштарды иштеп чыгуу;
- жерлердин абалы тууралуу маалымат банкын түзүү;
- айдоо жерлерине мониторинг жүргүзүү боюнча иштердин жалпы координациясын;
- кызыкдар тараптарды маалымат менен камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ар жыл сайын доклад даярдоо.
19. Жеке менчик формасына жана айыл чарба өндүрүшүн ишке ашыруу ыкмасына карабастан жер ээлери жана жер пайдалануучулары, анын ичинде, ижарачылар өз жер тилкелеринде:
- топурактын өзгөрүүлөрүнө байкоо жүргүзөт;
- топурактагы терс таасирлүү кубулуштарды жоет (деградация, суу эрозиясы, шордонуу, шор топурактуулук);
- которуштуруп себүү ыкмасын өздөштүрөт жана жайылтат;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигин өз чарбалары тууралуу маалымат менен (талаалардын тарыхы, айдоонун түзүлүшү, химизация, топурактын күрдүүлүгү, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү жана башкалар) камсыздайт;
- айдоо жерлеринин абалына мониторинг иштерин жүргүзүү боюнча байкоо пунктарын уюштуруу үчүн өз аймагындагы жер тилкелерин тандоодо ыйгарым укуктуу органдарына көмөк көрсөтөт;
- мониторинг иштери процессинде табылган жердин күрдүүлүгүнө терс таасирин тийгизген негативдүү факторлорду алдын алуу боюнча иш чараларды иштеп чыгат жана ишкек ашырат.
2-Тиркеме
Кыргыз Республикасынын айдоо жерлерине
мониторинг жүргүзүү боюнча
МЕТОДИКАЛЫК КӨРСӨТМӨ
1. Жалпы жоболор
1. Методикалык көрсөтмөлөр байкоо жүргүзүү, аларды жалпылоо жана системага келтирүү мониторинг (изилдөө, лабораториялык, камералдык) керектөөчүлөргө жерди пайдалануу боюнча так жана туура маалымат берүү үчүн колдонмо болуп эсептелет.
2. Айыл чарба багытындагы айдоо жерлеринин мониторинги курамы боюнча төмөнкүлөргө бөлүнөт:
- дыйканчылык өрөөн аймактарына тиешелүү айдоо жерлеринин мониторинги;
- дыйканчылык тоо этегиндеги аймактарына тиешелүү айдоо жерлеринин мониторинги.
2. Айдоо жерлердин топурак кыртыштарына мониторинг жүргүзүү
3. Айдоо жерлеринин топурак кыртышынын мониторинги төмөнкүлөргө байкоо жана контролдоо жүргүзүү системасы:
- топурак кыртыштын сапаттык абалы, аныкталган өзгөрүүлөрдүн багыты жана интенсивдүүлүгү, алардын андан ары өнүгүү божомолу;
- экологиялык абалы начар аймактарды бөлүп чыгаруу (эрозияга чалдыгышы, туздуулугу, таштуулугу, пестициддер, нитраттар, оор металлдар менен булгануусу ж.б.);
- жерлерди туура пайдалануу жана коргоо;
- терс таасирлүү процесстердин алдын алуу жана аларды жоюу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- жер кадастрын маалыматтык камсыздоо.
4. Жеке менчик формасына, пайдалануу мүнөзү менен мөөнөтүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын айдоо жерлеринин топурак кыртыштары айдоо жерлеринин топурак кыртышына мониторинг жүргүзүүнүн объектиси болуп эсептелет.
5. Топурак кыртышынын мониторинги төмөнкү иш-аракеттердин түрлөрү аткарылат:
- топурак кыртышына мониторинг жүргүзүү боюнча иш-аракеттерди уюштуруу үчүн, өткөн жылдардагы топурак, топурак-мелиоративдик, топурак-эрозиялык жана лабораториялык изилдөөлөрдүн материалдарын жалпылай жана системалаштырат;
- топурак кыртышындагы процесстердин өрчүү динамикасына, топурактагы гумустун, азоттун, калийдин, фосфордун, сууда эрүүчү туздардын камтылышы менен алардын өзгөрүшүнө жыл сайын жаз жана күз мезгилдеринде, жана 5 жылда бир жолу пестицид, гербицид жана оор металлдардын камтылышы менен алардын өзгөрүшүнө байкоо жүргүзөт;
- топурак, топурак-мелиоративдик, топурак-эрозиялык изилдөөлөрдү жүргүзөт.
3. Өткөн жылдарда аткарылган топурак кыртыштарын изилдөө боюнча материалдарды жалпылоо
6. Топурак кыртыштарынын параметрлеринин табигый жана тарыхый өрчүүсү менен антропогендик таасирдин натыйжасында өзгөрүүсүн аныктоо үчүн, ар бир доминанттык түрү боюнча маалыматтар алынат, бул маалыматтар республиканын аймактары боюнча мониторинг жүргүзүүдө кезектеги режимдик көзөмөлдөр үчүн маалымат базасы катары колдонулат.
7. Өткөн жылдардагы топурак изилдөөлөрдүн (изилдөөнүн ар бир түрү боюнча) материалдары тандалып алынат жана топурактардын сапаттык мүнөздөмөсү боюнча таблицалык маалыматтар түзүлөт.
8. Жалпы район жана облус боюнча топурак материалдарын талдоо, иштеп чыгуу, топурак түрүнө карай, төмөнкүдөй контролдоочу критерийлер боюнча жалпыланат:
- гумус;
- жалпы азык заттар (азот, фосфор, калий);
- туздануу (туздун суммасы, катуу калдык, туздануунун тиби);
- сиңирүү сыйымдуулугу;
- сиңирилген натрий;
- карбонаттуулук;
- рН;
- эрозияга чалдыгуу даражасы;
- таштуулук даражасы;
- гумустук катмарынын калыңдыгы (А+В);
- жер астындагы кара суулардын жайгашуу тереңдиги;
- оор металлдар;
- пестициддер.
9. Бул маалыматтардын булактары катары төмөнкүлөр эсептелет:
- топурактарды морфологиялык сыпаттоонун журналдары
(бланктары);
- аналитикалык маалыматтардын таблицалары;
- топурак карталары;
- топурак изилдөөнүн натыйжалары боюнча жазылган топурак
очерки.
4. Стационардык жана жарым стационардык пункттардын
түйүндөрүн тандоо жана жайгаштыруу
10. Айдоо жерлердин мониторингин жүргүзүү үчүн аянты 50 га жерден ашык эмес стационардык жана жарым стационардык пункттардын аймактык түйүнүн тандап алуу керек.
11. Стационардык көзөмөл пункттары белгиленген толуктук жана тактык менен топурактын абалы тууралуу маалыматты системалуу (ар жыл сайын) түрдө алуу үчүн түзүлөт. Мындай пункттардын саны административдик райондун чегиндеги топурак түрдүүлүгүнө жараша 1-2 пункттан ашык болбошу керек.
Мындан тышкары, ар бир райондо керектүү сандагы жарым стационардык көзөмөл пункттары тандалып алынат.
12. Жарым стационардык көзөмөл пункттары иштин конкреттүү максаты жана шартына жараша уюштурулат (стационардык көзөмөл пункттарынан алынган маалыматты тастыктоо жана салыштыруу максатында). Жарым стационардык пункттарда 5 жылда бир жолу бир беткей тематикалык багыт боюнча (жердин оор металлдар, радионуклиддер, пестициддердин калдыктары менен булгануусу ж.б.) көзөмөл жүргүзүлөт.
13. Стационардык жана жарым стационардык көзөмөл пункттарын тандоодогу негизги критерий катары, тийиштүү райондо басымдуулук кылган топурактар менен алардын түрлөрүнүн типтери жана типчелери алынат.
14. Стационардык көзөмөл пункттарын тандоо ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат, жер тилкесин тандап алуу боюнча акт түзүлөт.
5. Стационардык жана жарым стационардык көзөмөл пункттарында топурак кыртышынын параметрлеринин комплексине көзөмөл жүргүзүү
15. Стационардык пункттарда жыл сайын өтүүчү жана узак мөөнөттүк режимдик көзөмөл иштери жүргүзүлөт.
16. Жерлерди изилдөө жана ири масштабдуу топурак карталарын түзүү боюнча нускамаларына ылайык пландык негизде 1:10000 масштабында тандалып алынган тилкенин кыртышына изилдөө жүргүзүлөт.
17. Көзөмөл пунктунда иштелип чыккан кыртыштардын орточо саны 2 м тереңдиктеги 5 негизги топурак кесиндиси жана 1-1,5 м тереңдиктеги 5 жарым кесинди болушу керек.
Негизги топурак кесиндилер “конверт” ыкмасы менен жасалат.
Стационардык көзөмөл пункттарында негизги топурак кесиндилери менен жарым кесиндилерден үлгүлөрдү алуу 0-25, 25-50, 50-100, 100-200 см эсептик катмарлар боюнча ленталык ыкма менен, ал эми сыпаттоо болсо генетикалык катмардын калыңдыгы боюнча аткарылат. Кезектеги кесиндилерден үлгүлөрдү алуу учурунда кесиндинин борборунан 50 см алыстыктаоң же сол тарапка туруу зарыл.
Негизги топурак кесиндинин ортосуда жана кесинди орун алган жерлерде бургулоо жолу менен бир көзөмөл (стационардык) пунктуна 20 скважина туура келе турган эсеп менен 20 см тереңдиктеги скважиналар жасалат.
18. Жыл сайын стационардык көзөмөл пункттарында (талаада) топурак пайда кылуу процессинин көбүрөөк мобилдүү деп эсептелген параметрлери аныкталат:
- топурактын морфологиялык касиеттери;
- туздануу;
- карбонаттуулук;
- шордонуу;
- гумустуулук;
- айдалган өсүмдүктөр, сорту, түшүмдүүлүк;
- берилген жер семирткичтердин көлөмү жана түрлөрү;
- жаан-чачындардын саны, интенсивдүүлүгү, вегетативдик мезгилдеги активдүү температуралардын суммасы;
- гумустук катмардын жалпы калыңдыгы А+В.
19. Лабораториялык шарттарда төмөнкүлөр аныкталат:
- эки жылда бир жолу механикалык курам;
- эң жогорку гигроскопиялуулук;
- сууга чыдамдуу агрегаттардын курамы (0,25-10 мм);
- гумус;
- рН;
- СО2;
- сиңирүү сыйымдуулугу;
- сиңирилген натрий;
- фосфор, азот, калийдин жалпы формалары;
- фосфор, азот, калийдин кыймылдуу формалары;
- суу тундурмасы (туздуу топурактардагы толук анализ);
- оор металлдар;
- пестицид, гербицид, нитраттардын (NО3) калдык саны;
- жер астындагы кара суунун анализи;
- түзүлүштүк (структуралык) анализ.
20. Лабораториялык анализдер үчүн талаа көзөмөлдөрүнүн натыйжаларына карай негизги кесиндилер боюнча 0-25, 25-50, 50-100, 100-200 см эсептик катмарларда кыртыштын физикалык-химиялык жана морфологиялык касиеттердин ведомосту түзүлөт, 4-7 тиркемелерге ылайык.
21. Жарым стационардык көзөмөл пункттарынын түйүндөрү, топурак кыртыштын ар бир түрү үчүн, ошондой эле, стационардык принцип боюнча, бирок, сан жагынан көп болуп (3-4) жасалат (райондун административдик чектеринин алкагында).
Жарым стационардагы белгиленген топурактын параметрлери менен иш-аракеттердин түрлөрүнүн тизмеси стационардагы иштердин комплекси менен бирдей.
Айрым бир жарым стационардык пункттарда бир беткей тематикалык багыт боюнча мезгилдүү көзөмөлдөр жүргүзүлүп турушу мүмкүн:
- топурактагы өсүмдүктөрдүн азыктануу элементтеринин камтылышын аныктоо (гумус, азот, фосфор жана калийдин кыймылдуу жана жалпы формалары);
- мелиорациялык жактан жакшыртылган жерлердин (шордонуусун, туздануусун азайтуу, кайрадан нымдоо ж.б.) таасиринен кийин мелиоративдик иш-чаралардын жүрүшүнө көп жылдык көзөмөл жүргүзүү;
- экологиялык жактан каралбаган аймактардагы топурак кыртышынын оор металлдары, пестициддер менен булгануусуна байланыштуу узак мөөнөттүү бир жолку (5 жылдан кийин) жүргүзүлө турган көзөмөл.
6. Топурак кыртыштын туздуулук режиминдеги локалдык өзгөрүүлөргө мониторинг жүргүзүү
22. Жаратылыш шарттарында топурак күрдүүлүгүнө таасирин тийгизген факторлордун бири катары, туздануу эсептелет. Мындай фактор бүтүндөй республика боюнча кеңири жайылган.
Туздуу топурактардын кыртышынын сандык жана сапаттык эсеби топуракка мониторинг жүргүзүүнүн маанилүү бөлүгү катары эсептелет. Туздуу жерлерди эсепке алуу үчүн баштапкы маалыматтар болуп, ири масштабдуу топурак изилдөөлөрдүн, топурак-тузду текшерүүлөрдүн материалдары, ошондой эл, топурактын 2 метрлик катмарынын көрсөтмөлөрү менен жүргүзүлгөн лабораториялык анализдер саналат.
23. Топурактагы туздануунун жайылуу чектеринин өзгөрүүсү менен туздануу даражасына мониторинг жүргүзүү суу тундурмасы менен химиялык анализ үчүн топурак үлгүлөрүн алуу жолу аркылуу ишке ашырылат. Үлгүлөр туташ ленталык тилке менен 0-30, 30-80, 80-100, 100-150, 150-200 см катмарларда скважиналар жана шурфтардан алынат.
Суу тундурмаларынын жыйынтыктары боюнча 0-100 см жана 100-200 см катмарлардагы туздун орточо өлчөмүн аныкташат.
24. Сугат жана кайрак айдоо жерлеринде алынган үлгүлөрдүн саны үстүңкү туз катмардын жайгашуу тереңдигине жараша болот, тактап айтканда:
- туздуурак топурактуу жерлерде 0-30 см катмардан үлгү алынат;
- туздуу топурактуу жерлерде 0-30 см жана 30-80 см катмардан;
- терең тузданган жерлерде 0-30 см, 30-80 см, 80-100 см;
- терең туздуу жерлерде 0-30 см, 30-80 см, 80-100 см, 100-150 см, 150-200 см.
25. 1:10 000 масштабда 100 га аянтка скважиналар менен шурфтардын саны 3 бирдикти түзөт.
26. Суу тундурмасы боюнча маалыматтарды иштеп чыккан соң, аныкталып чыккан топурактын туздуулук режиминин бардык өзгөрүүлөрү (үстүңкү туз катмары же 0-100 см, 100-200 см катмарлардын жайгашуу тереңдиги жана туздануу даражасы) картага түшүрүлөт.
Түшүндүрмө катта иштерди аткарууда колдонулган методика толугу менен сүрөттөлүп, топурактын туздуулук режиминдеги өзгөрүүлөрдүн анализи берилет.
27. Сугат дыйканчылык жерлеринде, ошондой эле, жер астындагы кара суулар 3 м жана андан ашык тереңдикте жаткан жерлерде топурактын туздануусу динамикалык көрсөткүч болуп, аталган тилкелерде туздануу процесси жыл сайын текшерилип турууга тийиш. Эгерде, жер астындагы суулардын деңгээли 3 метрден аз болсо, анда текшерүү 5 жылда 1 жолу жүргүзүлөт.
28. Сугат жерлеринде туздануу режиминин өзгөрүүсүнө мониторинг жүргүзүүдө топурактын шордонуу мүмкүндүгүн текшерип туруу зарыл.
Шордонуу – В горизотунун катмарында туздуулугунун мезгилдик өзгөрүүсүнөн улам келип чыккан, жууп кетүү же вегетациялык сугаруулардан улам күчөгөн шор топурактуулуктун пайда болушу же белгилеринин көбөйүшү.
Жууп кетүү же сугат учурунда топурактын шордонуу мүмкүндүгү төмөнкү чоңдук боюнча суу тундурмасынын катиондордун катышы акрылуу аныкталат:
Na + K
------------ > 4 шордонуу болот,
Ca + Mg
Na + K
------------ 1 - 4 шордонуу мүмкүн,
Ca + Mg
Na + K
------------ > 1 шордонуу мүмкүн эмес.
Ca + Mg
7. Топурак кыртыштын суу эрозиясынын локалдык өнүгүүсүнө мониторинг жүргүзүү
29. Топурак кыртыштын суу эрозиясы майда топурактын суу аркылуу жылып кетиши аркылуу мүнөздөлөт.
Бул процесстердин өнүүгүсү топурактын күрдүүлүгүн төмөндөтөт, бул абалда топурактын кунарсыздандыруусунун пайда болуусу азык заттардын жоголуусуна салыштырмалуу тез жүрөт. Топурак табигый жол менен калыбына келбей, тескеринче калыбына келүүсү үчүн узак мезгил керектелет.
Суу эрозиясынын келип чыгышына механикалык курамдын жеңилдиги, жердин карбонаттуулугу, активдүү шамаалдын таасири, агротехника менен сугаруу технологияларынын бузулушу, айдалган жерлерге интенсивдүү таасир этүү, ири эңкейиштер, эрозиянын терең базиси, аймактын көп бөлүккө ажыратылышы, кардын эришинин интенсивдүүлүгү, токой тилкелеринин жок кылынышы өбөлгө болот.
30. Суу эрозиясынын өнүгүүсүнө мониторинг жүргүзүү топурак жана топурак-эрозиялык изилдөө материалдарына негизделет. Бул материалдарда эрозиянын аз, орто жана күчтүү даражаларын көрсөтүү менен жуулуп кеткен жерлердин контурлары чагылдырылат. Бул карталар менен картограммалар базалык документтер катары эсептелип, кийин жуулуп кеткен жерлердин жайылуу чектери боюнча өзгөртүүлөр киргизилип турат.
Сугат айдоолор үчүн төмөнкү градациялар белгиленген:
1° чейин – эрозияга чалдыкпаган;
1-2° - аз эрозияга чалдыккан;
2-3° - орточо эрозияга чалдыккан;
3-4° - өтө эрозияга чалдыккан;
> 4° - өтө катуу эрозияланган.
31. Жерди соко менен иштетүүнүн натыйжасында айдоого жарамдуу катмар пайда болот. Бул катмар ар түрдүү горизонттордун аралаш материалынан тургандыктан, жердин жуулуп кетүү даражасын түздөн-түз кыртыштын профилинин үстүңкү катмарынын калыңдыгы боюнча так аныктоого мүмкүн эмес. Айтылгандарга байланыштуу топурактын жуулуп кетүү даражасын аныктоодо кыртыштын профилинин кыйыр көрсөткүчтөрүн колдонууга болот, бул көрсөткүчтөр катары төмөнкү параметрлерди пайдаланууга сунушталат:
а) аз жуулуп кеткен жерлер, А горизонтунун жарымынан азы агызылып кеткен;
б) орточо жуулуп кеткен жерлер, гумустук А горизонтунун жарымынан көбү же толугу менен жуулуп кеткен. Өткөөл В катмары ачылат;
в) катуу жуулуп кеткен жерлер, гумустук В горизонтунун бир бөлүгү же толугу менен жуулуп кеткен. Өткөөл В горизонтунун төмөнкү бөлүгү же С горизонтунун жогорку бөлүгү ачылат.
Мындан тышкары, айдоо жерлерде аз жуулуп кеткен кыртыштар 5ке чейинки, орточо жуулгандар 5-100, ал эми катуу жуулуп кеткен кыртыштар 100 жогорку эңкейиштерге таандык деп эсептелет.
Жердин мониторингинин натыйжалары боюнча тилкенин, аймактын ж.б. жуулуп кетүү даражасынын картасы жана картограммасы түзүлөт.
Картографиялык материалга толуктоо катары, жаратылыш шарттарын мүнөздөгөн бөлүмдөрдү, талаа жана камералдык иштердин кыскача методикасын, эрозиялык процесстердин өрчүүсүнүн себептерин, топурактын химиялык анализдеринин жыйынтыктары чагылдырылган таблицаларды камтыган түшүндүрмө каттар болуп 4-7 тиркемелер ылайык эсептелет.
8. Топурак кыртыштын оор металлдар менен локалдык булгануусуна мониторинг жүргүзүү
32. Оор металлдарга мониторинг жүргүзүү жаратылышты (кыртышты) коргоонун маанилүү бөлүктөрүнүн бири катары эсептелет жана төмөнкү бири-бири менен байланышкан иш-чаралардын системасы катары ишке ашырылууга тийиш:
- топурактагы оор металлдардын камтылышына көзөмөл жүргүзүү;
- топурактын оор металлдар менен булгануу даражасын баалоо;
- топуракта оор металлдардын камтылышы боюнча божомолдорду түзүү.
33. Сугат сууда оор металлдардын топтолушу көбүнчө атмосферага түшкөн техногендик чыгындылар (чаң, түтүн, аэрозоль) аркылуу болот, мындан тышкары, айдоо жерлерде оор металлдар минералдык жер семирткичтерди колдонуунун натыйжасында да чогулат.
Оор металлдардын камтылышы боюнча божомолдорду түзүүдө климаттык шарттардын мыйзам ченемдүүлүктөрү да эсепке алынат (шамалдын багыты жана ылдамдыгы, кайталануучулук, жаан-чачындар ж.б.).
Атмосфералык жаан-чачындардын, демек оор металлдардын кайра бөлүштүрүүчүсү катары өсүмдүктөрдү атоого болот. Ошол эле, өсүмдүктөр топурактардын оор металлдар менен булгануусунун эң мыкты индикатору болуп саналат. Чөп өсүмдүктөрүнүн ичинен дан өсүмдүктөрүнө караганда ар түрдүү чөптөр көбүрөөк сезгич келишет.
34. Чыгындылардын ылдамдыгы менен бийиктигинин, алардын таралышынын техногендик шарттары болуп ишкананын кубаттуулугу менен өндүрүш технологиялары, тазалоочу курулмалардын системасы, чыгындылардын температурасы менен чыгынды бөлүкчөлөрүнүн физикалык жана химиялык касиеттери эсептелет.
Газ-чаң чыгындылары кыртыштын үстүнө түшүп, үстүңкү катмарда бекем отурукташат. Оор металлдардын камтылышы профиль менен төмөндү көздөй азайып, көбүнчө 20-40 см тереңдикте алардын фондук өлчөмү байкалат.
Интенсивдүү булгануу аймактарында оор металлдардын аккумуляциясына топурактын генезиси азыраак таасир тийгизип, топурактын абалы менен рельеф боюнча байланыш болот. Булгануу булагынан алыстаган сайын, тескерисинче, топурактын генезиси менен курамынын мааниси ачыгыраак байкала баштайт.
35. Жердин оор металлдар менен булгануусуна мониторинг жүргүзүү жаратылыш шарттарын мүнөздөгөн, жарыяланып чыккан жана фонддук материалдарды топтоо жана системалаштыруу, ошондой эле, булгануу булактары (өнөр жай ишканалары, колдонулган чийки зат, өндүрүш калдыктары, аларды сактоо жана көмүү жайлары) тууралуу маалыматтарды топтоо жолдору аркылуу ишке ашат. Талаа, лабораториялык жана камералдык иштердин программасы менен календардык планы түзүлөт.
36. Талаа жумуштары 1:2000; 1:5000; 1:10000 масштабдарындагы пландык-картографиялык материалда аткарылат.
37. Топурак кесиндиси жердин морфологиялык, физикалык жана химиялык касиеттерин мүнөздөө максатында жасалат. Кесиндинин тереңдиги 1 м түзөт. Үлгүлөр айдоо катмарынын жалпы калыңдыгынан ленталык ыкма менен алынат. Үлгүлөрдү алуу үчүн мезгил мааниге ээ эмес. Бирок, ошентсе да, аларды айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоодон мурда жана жыйым-теримден кийин алган туура болот.
Жол жээгиндеги тилкелерде (автомобилдик транспорттордун таасири болгон жерде) үлгүлөрдү алуу сызыктуу маршрут боюнча жүргүзүлөт.
Аралаш үлгүлөрдү түзүү үчүн сынамдар автомобилдик жолдон 10 м, 10-50 м, 50-100 м, 100-200 м алыстыкта (жолго перпендикулярдуу) 200-500 м узундуктагы маршруттук багыт боюнча казылган чуңкурлардан алынат.
38. Оор металлдарга Менделеевдин таблицасына кирген элементтердин 40тан ашууну кирет. Оор металлдардын бардыгы эле, бирдей кооптуулук жарата бербейт. Уулуулугу, адамдын, жаныбардын организминде, ошондой эле, топурак менен өсүмдүктөрдө топтолуусу, жайылуусу боюнча 12 гана элемент жогорку булгоочу мүнөзгө ээ деп айтууга болот. Бул элементтерге сымап, коргошун, кадмий, мышьяк, жез, ванадий, калай, цинк, сурьма, молибден, кобальт, никель кирет.
Булардын ичинен сымап, коргошун, кадмий адамдын ден-соолугуна абдан зыяндуу деп эсептелет, ошондуктан, биринчи кезекте текшерилүүгө тийиш.
39. Талаа, камералдык жана лабораториялык изилдөө иштеринин материалдары боюнча топурактардын оор металлдар менен булгануусуна байланыштуу карта (картограмма), түшүндүрмө кат жана жердин паспорту даярдалат.
Топурактардын оор металлдар менен булгануу даражасына карай кыртыштын 2 түрү болот:
- булганбаган (жетиштүү концентрациялык чектен (ЖКЧ) төмөн);
- булганган (жетиштүү концентрациялык чектен (ЖКЧ) жогору).
Аны менен бирге топурактагы химиялык заттардын жол берилүүчү чек саны жана концентраттардын жол берилүүчү чендердин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген гигиеналык чендерге ылайык көрсөтүү (21 тиркеме).
40. Киришүү, жаратылыш шарттары (кыскача), топурактын физикалык-химиялык жана морфологиялык касиеттери, изилдөө методикасы деп аталган бөлүмдөрдөн турган түшүндүрмө кат даярдалат. Таблицалык материалдар берилет. Топуракта жана өсүмдүктөрдөгү оор металлдардын камтылышы анализденет.
Топурактын курамында оор металлдарды азайтуу боюнча сунуштар иштелип чыгат.
Топурак кыртышы боюнча ЖКЧ түзүдөгү кыйынчылык татаалдыгы менен мейкиндиктеги өзгөрмөлүүлүгүнө гана байланыштуу болбостон, топурактын жаратылыш телосунан тышкары, өндүрүштүк каражат экендигин дагы эстен чыгарбоо зарыл.
41. Топурактын курамындагы оор металлдар ар кандай топурак жана климаттык факторлордон улам айлана-чөйрөгө түрдүүчө таасир тийгизет. Топурак эритмесинин нейтралдуу жана кычкыл реакциясы жүргөн карбонаттуу жерлерде кээ бир оор элементтер кыймылдуу абалда болуп, булардын белгилүү бир саны айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизет.
Бирок, бул элементтердин топурак эритмесинин щелочтуу реакциясы жүргөн карбонаттуу жерлерде кыймылдуулугу аз болот жана кээ бир учурда топуракта туруктуу байланышкан хелаттык бирикмелерди пайда кылышат. Мындай жерлерде оор металлдардын белгилүү бир өлчөмү экологияга терс таасирин тийгизбейт.
9. Топурак кыртыштын пестициддер менен булгануусуна мониторинг жүргүзүү
42. Отоо чөптөрү менен күрөшүүнүн химиялык ыкмалары негизинен химиялык зат пестициддердин жардамы аркылуу ишке ашат.
Пестициддер топуракка ар түрдүү булактардан келет:
- айыл чарба өсүмдүктөрүн эгүүдөн мурун, эгүү учурунда, өсүп чыгуудан мурун жана өсүп чыккандан кийин;
- жогору турган тилкелерден келген үстүңкү агындардан;
- сугат жана агын суулардан;
- жерлерге айыл чарба авиациясынын жардамы менен химиялык заттар берилген учурда.
Пестициддерди ашыкча колдонуу топурактын булгануусуна алып келет. Токсиканттардын калдыктары топуракка чогулуп отуруп, андан көлмөлөргө түшүүсү же болбосо ошол эле, топурактан өсүмдүктөргө өтүүсү мүмкүн.
43. Топурактардын пестициддер менен булгануусу эң биринчи ирээте айдоо жеринде текшерилүүгө тийиш. Булгануу даражасын аныктоо үчүн казылган чуңкурдан же болбосо бургулоо жолу менен айдоо катмарынын топурагынан үлгү алынат.
1000 га эсебинен сугат айдоо жери үчүн 40 чуңкур, ал эми кайрак жерлер үчүн 20 чуңкур казылат.
Химиялык анализдер жасалгандан кийин, топурактын пестициддер менен булгануу даражасын көрсөткөн картограмма түзүлүп, кыскача түшүндүрмө кат даярдалат.
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2016-жылдын 11-апрелиндеги
№ 201 токтому менен бекитилген
(21 тиркеме)
Кыртыштагы пестициддердин жетиштүү концентрациялык чеги (ЖКЧ)
менен болжолдуу концентрациялык чегинин (БКЧ) нормалары
№ | Пестициддердин аталышы | мг/кг топуракта ЖКЧ мааниси | Чектөөчү көрсөткүч |
1 | ГХЦГ (линдан) | 0,1 | Транслокациялык |
2 | ГХЦГ (гексахлоран) | 0,1 | Транслокациялык |
3 | Гентахлор | 0,1 | Транслокациялык |
4 | Децис | 0,01 | Транслокациялык |
5 | 2,4-Д дихлоруксус кислотасы | 0,1 | Транслокациялык |
6 | 2,4-Д амин тузу (*) | 0,25 | Транслокациялык |
7 | Гексахлорбензол | 0,08 | Транслокациялык |
8 | Симазин | 0,2 | Транслокациялык |
9 | Цинеб | 0,2 | Жалпы санитардык |
10 | Прометрин | 0,5 | Транслокациялык |
(*) - 0,25 мг/кг амин тузуна 0,1 мг/кг 2,4-Д дихлорфеноксиуксус кислотасы туура келет. Бул көрсөткүч боюнча топурактагы өлчөм текшерилет.
10. Топурак кыртыштын минералдык жер семирткичтердин өнүмдөрү менен булгануусуна мониторинг жүргүзүү
44. Минералдык жер семирткичтердин негизсиз жана көзөмөлсүз колдонуу топурактын оор металлдар менен булгануусуна алып келет, топурактын “фосфаттар” менен “нитриттерге” толуп кетүүсүнө себеп жаратат.
Топурактын оор металлдарга толуп кетүүсүнүн негизги булагы катары фосфордук жер семирткичтер менен фосфогипс мелиоранты эсептелет. Булардын курамында ар түрдүү оор металлдар бар (стронций, фтор, коргошун, сымап, цинк ж.б.).
45. Топурактын минералдык жер семирткичтердин өнүмдөрү менен булгануусуна мониторинг 1000 га эсебинен сугат айдоо жери үчүн 40 чуңкур, ал эми кайрак жерлер үчүн 20 чуңкурдан лабораториялык анализдер үчүн үлгүлөрдү алуу жолу менен жүргүзүлөт.
46. Топурактын минералдык жер семирткичтердин өнүмдөрү менен булгануусу боюнча мониторингдин натыйжалары түшүндүрмө катта жазылат. мг/кг ичиндеги өлчөмүн көрсөтүү менен (NO3) азоттун, фосфордун, калийдин кыймылдуу формаларынын картограммасы түзүлөт.
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2016-жылдын 11-апрелиндеги
№ 201 токтому менен бекитилген
(21 тиркеме)
Минералдык жер семирткичтердин ЖКЧ
№ | Минералдык жер семирткичтин аталышы | мг/кг топуракта ЖКЧ мааниси | Чектөөчү көрсөткүч |
1 | Суперфосфат (P2O5) | 200,0 | Транслокациялык |
2 | Хлордуу калий | 360,0 | Суу миграциялык |
3 | Топурактагы нитраттар | 130,0 | Суу миграциялык |
47. Топуракта нитраттардын ЖКЧ жогору экендиги аныкталган учурда булганган жерлердеги айыл чарба өсүмдүктөрүн лабораториялык изилдөөдөн өткөрүү керек.
3-тиркеме
Нитраттардын (NO3) ЖКЧ
№ | Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аталышы | мг/кг |
1 | Томаттар | 60 |
2 | Картошка | 180 |
3 | Сабиз | 300 |
4 | Кызылча (ашкана) | 1400 |
5 | Пияз (көк) | 400 |
6 | Бадыраң | 1500 |
7 | Капуста | 450 |
8 | Дарбыз, коон | 45 |
Айдоо жерлердин кыртышынын мониторинги боюнча таблицалардын
формалары
Кыргыз Республикасынын айдоо
жерлерине мониторинг жүргүзүү боюнча
методикалык көрсөтмөсүнө 4-тиркеме
Эсептик катмарлар боюнча кыртыштын параметрлеринин орточо өлчөнгөн
көрсөткүчтөрү
Облус__________________________________________________________
Район ____________________________________________________________
Базалык көрсөткүчтөр
Физикалык жана химиялык касиеттери
Топурактын аты | Изилденген жыл | Анализденген кесиндинин номери | Аянт, га | Эсептик катмарлар, см | Гумус, % | Жалпы, % | Кыймылдуу, 1 кг топуракка мг | СО2, % | рН | 100 г топуракка мг-экв
| Шордуулук даражасы, % | |||||
азот | фосфор | калий | гидролизденген азот | фосфор | калий | Сиңирүү сыйымдуулугу | Сиңирилген натрий | |||||||||
|
|
|
| 0-25 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 25-50 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 50-100 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 100-150 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 150-200 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын айдоо
жерлерине мониторинг жүргүзүү боюнча
методикалык көрсөтмөсүнө 5-тиркеме
Механикалык курамы
Топурактын аты | Изилденген жыл | Анализденген кесиндинин номери | Аянт, га | Эсептик катмарлар, см | % менен фракцияларды камтуусу (бөлүкчөлөрдүн өлчөмү мм менен) | Бөлүкчөлордүн суммасы < 0,01 | ||||||
cкелет > 1,0 | 1,0- 0,25 | 0,25- 0,05 | 0,05- 0,01 | 0,01- 0,005 | 0,005-0,001 | <0,001 | ||||||
|
|
|
| 0-25 |
|
|
|
|
|
|
|
|
25-50 |
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
50-100 |
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
100-150 |
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
150-200 |
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
Кыргыз Республикасынын айдоо
жерлерине мониторинг жүргүзүү боюнча
методикалык көрсөтмөсүнө 6-тиркеме
Топурактын аты | Изилденген жыл | Анализденген кесиндинин номери | Аянт, га | Эсептик катмарлар, см | Катуу калдык, % | Шакардуулук | СL-- | SO4-- | Са++ | Мg++ | Nа түрдүүлүгү боюнча | Туздалуу даражасы | |
СО3 | НСО3 | ||||||||||||
% . мг-экв | |||||||||||||
|
|
|
| 0-25 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||
25-50 |
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
|
|
|
|
|
|
| |||||||
50-100 |
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
|
|
|
|
|
|
| |||||||
100-150 |
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
|
|
|
|
|
|
| |||||||
150-200 |
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
|
|
|
|
|
|
| |||||||
Кыргыз Республикасынын айдоо
жерлерине мониторинг жүргүзүү боюнча
методикалык көрсөтмөсүнө 7-тиркеме
Топурактын аты | Изилденген жыл | Анализденген кесиндинин номери | Аянты, га | А + В гумустук катмардын кубаттуулугу | Эрозияга чалдыгуу даражасы | Таштулук даражасы | Жер астындагы карасуу-лардын деңгээли, м | Бонитет баллы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|