Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК ЖАНА
СОЦИАЛДЫК ӨНҮГҮҮ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2019-жылдын 29-майы № 1
Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсацияны чектөөнүн тартиби жөнүндө Усулдук көрсөтмөлөрдү бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 15-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” № 530 токтомун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы №795 “Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө” токтомун (мындан ары- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №795 токтому) иш жүзүнө ашыруу масатында
БУЙРУК КЫЛАМ
1. Бекитилсин:
1) “Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсацияны чектөөнүн тартиби жөнүндө Усулдук сунуштар” 1 - тиркемеге ылайык;
2) “Ай сайынкы акчалай компенсация чектөө жөнүндө арыз” формасы 2- тиркемеге ылайык;
3) “Ай сайынкы акчалай компенсация чектөөнү катоо журналы” формасы 3- тиркемеге ылайык;
4) “Ай сайынкы акчалай компенсация алуучуга Кабарлама” формасы 4- тиркемеге ылайык;
5) “Территориалдык мамлекеттик уюмдарга суроо-талап” формасы 5- тиркемеге ылайык;
6) "МСЭКтин күбөлөндүрүү актысынын көчүрмөсү" формасы 6- тиркемеге ылайык;
7) “Ай сайынкы акчалай компенсация алуучуну эсептен чыгаруу арызы” формасы 7- тиркемеге ылайык;
8) “Категория боюнча акчалай компенсация алуучулардын саны тууралуу маалымат (район/шаар, облус аралык)” формасы 8- тиркемеге ылайык.
2. Социалдык камсыз кылуу департаменти, Ички аудит бөлүмү, Маалыматтык технологиялар бөлүмү, райондук, шаардык, райондор аралык эмгек жана социлдык өнүгүү башкармалыктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №795 токтому жана жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация (мындан ары – ай сайынкы компенсация) берүүнү камсыз кылган башка ченемдик укуктук актылар менен бирге колдонулуучу бул буйрукту жетекчиликке алсын жана катуу ишке ашырууну камсыз кылсын.
3. Социалдык камсыз кылуу департаменти ай сайынкы компенсацияны дайындоо маселелесин тиркелген буйрукту эске алуу менен туруктуу негизде райондук, шаардык, райондор аралык эмгек жана социлдык өнүгүү башкармалыктарына практикалык жана методикалык жардамды көрсөтсүн.
4. Райондук, шаардык, райондор аралык эмгек жана социлдык өнүгүү башкармалыктарынын башчылары:
1) ай сайынкы компенсацияны дайындоо Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасы (мындан ары – СЖКМС) аркылуу ишке ашырылсын.
2) ай сайынкы компенсация жөнүндө калк арасында үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштерин жүргүзүлсүн;
3) ай сайынкы компенсацияларды алууга укугу бар адамдарга тиешелүү документтерди тариздөөгө жардам көрсөтсүн;
4) ай сайынкы компенсация алуучулардын арасынан чыгып жаткан жарандардын жеке иштерин архивге өз убагында өткөзүүнү тариздесин.
5. Райондук, шаардык, райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарынын башчыларына ай сайынкы компенсацияны өз убагында туура чектөө жоопкерчилиги жүктөлсүн.
6. Маалыматтык технологиялар бөлүмү:
1) СЖКМС ай сайынкы компенсацияны дайындоо боюнча, ошондой эле кириш жана чыгыш маалыматтарын түзүү иштерин калыптандырсын;
2) Мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын жана ички ведомстволорунун маалыматтык системаларын СЖКМТ аркылуу көмөк көрсөтсүн;
3) СЖКМС маалыматтарды “Мамлекеттик кызматтардын электрондук порталы” сайтындагы маалыматтар менен интеграциялоо жана кайра иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылсын;
4) Бул буйрук күчүнө киргенден кийин үч жумушчу күндүн ичинде буйрукту Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин веб-сайтына жана ftp-серверине жайгаштырууну камсыздасын.
7. Үй-бүлөөнү, балдарды колдоо жана мамлекеттик төлөмдөр башкармалыгы:
1) бул буйрукту каттаган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде рассмий жарыялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жиберсин;
2) бул буйрукту рассмий жарыяланган күндөн кийин үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана рассмий тилдеринде, кагаз жана электрондук түрүндө, жарыяланган булагын көрсөтүү менен ченемдик укуктук актыларынын тизмесине киргизүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
3) бул буйруктун көчүрмөсү үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат катары жиберүүнү камсыздасын.
8. Ушул буйрук рассмий түрдө чыккандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде күчүнө кирет.
9. Документтик камсыз кылуу жана административдик колдоо бөлүмү ушул буйрукту аткаруучуларга жеткирсин.
10. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары А.К. Солтонбековага жүктөлсүн.
Төрага | У.Кочкоров |
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 2019 ж.
“_______” _________ № _____
буйругуна 1-тиркеме
1. Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсацияларды дайындоонун тартиби жөнүндө Усулдук көрсөтмөлөр (мындан ары - Усулдук көрсөтмөлөр) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн:
- 2014-жылдын 15-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” №530;
- 2009-жылдын 22-декабрындагы “Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө” №795 (мындан ары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №795 токтому) токтомдорун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
2. Жеңилдиктердин ордуна берилүүчү ай сайынкы акчалай компенсация (мындан ары - ай сайынкы компенсациялар) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №795 токтому менен бекитилген “Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсацияларды чектөөнүн тартиби жөнүндө” Жобого ылайык берилет (мындан ары - Жобо).
Жобо бул усулдук көрсөтмөлөр жана ай сайынкы компенсацияларды берүү маселелер боюнча ченемдик укуктук актылар менен бирге иштөө үчүн колдонулуучу негизги документ болуп эсептелет.
3. Эмгек жана социалдык өнүгүү аймактык бөлүмдөрүнүн жана Медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын (мындан ары- МСЭК), ошондой эле аймактык мамлекеттик бийлик органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча электрондук кызматташуу толук күчүнө киргенге чейин ай сайынкы акчалай компенсацияларды дайындо жарым-жартылай электрондук жана кагаз жүзүндө (сканирленген документтерди колдонуу жана Министрликтин ички электрондук почтасы zimbra аркылуу) жүзөгө ашырылат.
4. 2009-жылдын 31-декабрына чейин берилип келген жеңилдиктердин ордуна жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсациялар 2010-жылдын 1-январынан тартып дайындалат жана төлөнөт.
Компенсация алууга укугу бар жарандардын категориялары жана алардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 795 токтомунун 1- тиркемесинде көрсөтүлгөн.
5. Бир нече негиз боюнча ай сайынкы компенсация алууга укугу бар адамдарга ай сайынкы компенсация алуу үчүн бир негизди гана тандап алууга укук берилет.
1-мисал, эгерде Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусунун жесири ооруктун эмгекчиси дагы болуп эсептелсе, анда ал ай сайынкы компенсация дайындоо үчүн бул эки категориянын бирин тандашы керек.
2-мисал, эгерде көрүүсү боюнча же угуусу боюнча ДМЧА бир эле учурда өлгөн аскер кызматчысынын үй-бүлө мүчөсү (жубайы же каза болгондун ата- энеси) жана дагы “Кыргыз Республикасынын Ардактуу донору” болуп эсептелсе, анда ал бул категориянын бирин гана тандашы керек.
Башкача айтканда, эгерде бир эле адам Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 795 токтомундагы 1-тиркемеде көрсөтүлгөн 25 категориянын бир нече категориясына таандык болсо, анда ал өз каалоосу боюнча бир категория боюнча гана ай сайынкы компенсация алганга укуктуу болот.
6. Социалдык стационардык мекемелерде жашаган (республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынан каржыланган) адамдарга, ай сайынкы компенсация дайындоо, баардык керектүү документтердин негизинде компенсация алууга статусу тастыкталган учурда социалдык стационардык мекемелердин жайгашкан орду боюнча район, шаар, район аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктары (мындан ары - ЭСƟБ) тарабынан жүргүзүлөт.
7. Көрүүсү боюнча III топтогу жана “жалпы оорудан” көрүүсү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар (көрүүсү, угуусу боюнча) ай сайынкы компенсация алууга укуктуу эмес.
Ушуну менен бирге, эгерде көрсөтүлгөн категориядагы жарандар 2013-жылдын 21-майына чейинки мезгилде ЭСƟБда эсепте турган болсо, анда алардын ай сайынкы компенсация алуу укугу:
- көрүүсү боюнча III топтогу жана “жалпы оорудан” көрүүсү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - III топтогу ДМЧА) - майыптыктын мөөнөтү аяктаганга чейин;
- көрүүсү, угуусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар (мындан ары – ДМЧ бала) – 18 жашка толгонго чейин сакталат.
3-мисал, көрүүсү боюнча III топтогу жана “жалпы оорудан” көрүүсү боюнча ден соолугугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам 2013-жылдын 21-майына чейинки мезгилде ЭСƟБ эсепте турган, 2018-жылдын 8-августунда майыптуулуктун мөөнөтү аяктайт. Эгерде, күбөлөндүрүлгөндөн кийин МСЭК майыптыктын мөөнөтүн узартып жана көрүүсү боюнча III топтогу жана “жалпы оорудан” көрүүсү боюнча сакталса, бул учурда ай сайынкы компенсацияны төлөө 2018-жылдын 1-сентябрынан баштап токтотулат.
Эгерде, күбөлөндүрүүдөн өткөндө МСЭК көрүүсү боюнча I жана II топтогу майыптыкты белгилесе, анда ай сайынкы компенсацияны төлөө 2018-жылдын 1-сентябрынан кайра улантылып төлөнөт.
4-мисал, 2013-жылдын 21-майына чейинки мезгилде ЭСƟБда эсепте турган ДМЧ баланын майыптыгынын мөөнөтү 2018-жылдын 2-августунда бүтөт, бирок бала 18 жашка чыга элек. Бул учурда, эгерде МСЭК майыптыктын мөөнөтүн узартса, анда ДМЧ балага ай сайынкы компенсацияны төлөө токтотулган айдан кайра улантылат.
Ай сайынкы компенсацияны төлөө 2018-жылдын 1-сентябрынан баштап токтотулат:
- эгерде күбөлөндүрүүдөн өткөндө МСЭК ДМЧ баланы 18-жашка чыккандыгына байланыштуу эсептен чыгарса;
- эгерде МСЭК көрүүсү боюнча 3-топтогу майыптык дайындалса.
Эгерде ошол алуучуга көрүүсү боюнча I жана II топтогу ДМЧА дайындалса, анда ай сайынкы компенсацияны төлөө узартылат.
8. Эгерде, бир үй-бүлөдө ай сайынкы компенсацияны алууга укугу бар бир нече адам жашаган учурда (Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу жана ооруктун эмгекчиси, 2 адамы реабилитацияланган, 3 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар көрүүсү боюнча ж.б.) ай сайынкы компенсация ар бирине өзүнчө дайындалат.
9. Ай сайынкы компенсацияны алууга укугу бар “Каза болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү”, “Чернобыль АЭСнин катышуучуларынын үй-бүлөлөрү” жана “Жесир аял” категориясындагы үй-бүлө мүчөлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
- курман болгон же кайтыш болгон адамдын экинчи ирет никеге турбаган аялы (күйөөсү);
- никеге турбай курман болгон, кайтыш болгон адамдын ата-энелеринин бирөө.
Эгерде курман болгон же кайтыш болгон адамдын аялы (күйөөсү) экинчи ирет никеге турган болсо, анда ай сайынкы компенсацияны дайындоо укугуна ээ болбойт.
Үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү ай сайынкы компенсация укугуна ээ эмес.
10. 1988-1989-жылдардагы Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышып каза болгон адамдардын үй-бүлөлөрү ай сайынкы компенсация алуу укугуна ээ эмес.
11. Эгерде ЧАЭСтин катышуучусу никеде туруп ажырашып кетсе жана Чернобылдан кийин кайра катталган расмий никеден жана никесиз төрөлгөн 18 жашка чейинки жаштагы мындай балдарга, баардык керектүү документтери бар болгон учурда гана акчалай компенсация дайындалат.
12. Кыргыз мамлекеттик медициналык-дозиметриялык регистринин маалымкатында 18 жашка чейинки курактагы баланын диагнозунда баланын ден соолугу чың деп белгиленген учурда, андай бала ай сайынкы компенсация алуу укугуна ээ эмес.
13. Кыргыз Республикасынын граждандарынын катышуусу менен согуш аракеттери жүргөн мамлекеттердин, шаарлардын, аймактардын жана мезгилдердин тизмеси ушул Методикалык көрсөтмөнүн 1-таблицасында көрсөтүлгөн.
14. Тажик-оган чек арасында кызмат өтөгөн аскер кызматчылары "башка мамлекеттердин аймагында согуш аракеттеринин катышуучусу" категориясындагы адамдарга таандык болушпайт, анткени тажик-оган чек ара участогу Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусу менен согуш аракеттер мамлекет, шаар, аймактар тизмесине кирбейт демек, ай сайынкы компенсация алганга укуктары жок.
15. Ички иштер органдарында кызмат өтөгөн мезгилде майыптыкка кабылган, ички иштер органдарынын кызматчылары ай сайынкы компенсация алуу укугуна ээ эмес.
Алар Кыргыз Республикасынын "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамына ылайык пенсия алганга укуктуу.
16. Буйруктун 2-тиркемесиндеги ай сайынкы компенсация дайындоо жөнүндөгү арызга ай сайынкы компенсация алуучу адамдардын баардык категориялары үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашагандыгын ырастаган документ болуп колдонушунун анык мөөнөтү бар аймактык паспорттук бөлүмдөрүнүн жана каттоо иши берген төмөнкү документтер:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорттон тышкары) же КМШ өлкөлөрүнүн биринин чет элдик жаранынын паспорту;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын келген жеринен убактылуу каттоосу жөнүндө маалымкат;
- арыз берүүчү КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны болуп эсептелген туруктуу жашап туруу укугу тиркелет;
Арыз берүүчүлөрдүн категорияларына жараша Жобонун тиркемесинде көрсөтүлгөн документтер милдеттүү түрдө арызга тиркелет.
17. Милдеттүү түрдө тапшырылган документтердин көчүрмөлөрү түпнускалар менен салыштырат жана дайындоо же узартуу үчүн кабыл алынган документтерге алардын окшоштугун далилдеп тастыктап (түпнускага далкелүүсүн) ЭСƟБнын адиси виза коет, аймактык социалдык өнүгүүнүн бөлүмүнүн гербдүү мөөрү менен ынандырылат.
18. ДМЧА майыптыгы жөнүндө тастыктоочу документти, арыз ээси (алуучунун) майыптыгынын мөөнөтү же үй-бүлө мүчөсүнүн, ай сайынкы компенсация алуучунун категориясына жараша ЭСƟБнын адиси өз алдынча медициналык – социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары – МСЭК) базасы аркылуу, Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасынын (мындан ары – СЖКМС) маалыматтар базасы жардамы менен түзөт. Майыптыкты тастыктоо жөнүндө документ алуучунун жеке ишине тиркелет, буйруктун 6-тиркемеси.
Ай сайын компенсация алуучунун категориясы | МСЭКтин маалымкатындагы зарыл богон жазуу |
УАСтун майыбы | а)“Улуу Ата мекендик согушу мезгилинде фронтко келүүсүнө байланыштуу жаракат (жараат) алынган”; б) “жаракат (жараат) СССРди коргоодо алынган. |
Интернационалист- майып | а) “жараттын, контузиянын, мертинүүнүн айынан майыптык алган”; б) ооруну, кызматтык милдеттерин согуш аракеттери жүргөн мамлекеттерде өтөө мезгилинде алган” |
Советтик армиянын майыбы | МСЭКтин 2010-жылга чейин берилген маалымкатында - “аскер кызматынын милдеттерин аткаруу учурунда жаракат (травма) алганы жөнүндө”; МСЭКтин 2010-жылдан баштап берилген маалымкатында - а) “аскер кызматынын милдеттерин аткаруу учурунда аскердик жаракат”; б) оору "аскер кызматын өтөө мезгилинде алынган" в) оору “жок, аскердик кызматына байланыштуу эмес”; г) жаракат “жок, аскердик кызматка байланыштуу эмес”. |
ЧАЭС майыбы | а)“жаракатты аскер кызматынын милдеттерин аткаруу учурунда, Чернобыль АЭСинде жана башка ядролук объекттердеги кыйроолордун кесепетинен жоюуу (аскер кызматчылары үчүн) учурунда алган”; б) оору ЧАЭСтеги кыйроого байланыштуу, (Чернобыль АЭСинде кыйроодо жабыр тарткан майыптар) ишканалардын жолдомолору боюнча жана четтетүү аймагында жашаган адамдар” |
Реабилитацияланган жарандар, ар кандай оорудан майыптык алгандар | а)“ I топтогу майып ”; б)“ II топтогу майып”; в)“III топтогу майып” |
Ар кандай оорудан майыптык тобу бар ооруктун эмгекчилери | а)“ I топтогу майып ”; б)“ II топтогу майып”; в)“III топтогу майып” |
Көрүүсү боюнча ДМЧА | а) “I топтогу көрүүсү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам”; б)“II топтогу көрүүсү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам” |
Угуусу боюнчаи ДМЧА | “бала кезинен угуусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам” |
19. МСЭКтин чектелүү убактысы көргөзүлгөн маалымкаттын кезектеги кайра күбөлөндүрүү датасы бүткөндө, ДМЧА милдеттүү түрдө кайра күбөлөндүрүүдөн өтүп, МСЭКтин жаңы маалымкатын ЭСӨБна тапшырат же ЭСӨБгы МСЭКтин жаңы маалымкатын СЖКМС аркылуу алат.
20. "Оору (зыян) аскер кызматын өтөө мезгилинде алынган"; оору “жок, аскердик кызматына байланыштуу эмес”; жаракат “жок, аскердик кызматка байланыштуу эмес” деп жазылган МСЭКтин корутундусу менен, аскер кызматчылары ай сайынкы компенсация алуу укугуна ээ эмес.
21. 1991-жылдын 1-декабрына чейин СССРдин курамына кирген КМШ мамлекет-катышуучуларынын аймактарында тийиштүү тартипте мөөнөтсүз берилген МСЭКтин маалымкаттары жана күбөлөндүрүү актысынын көчүрмөсү Кыргыз Республикасында аймагында легализациясыз кабыл алынат.
22. Ардактуу донордун тастыктоочу документи болуп СЖКМС аркылуу Социалдык камсыз кылуу департаментинен алынган Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин “Кыргыз Республикасынын Ардактуу донору” статусун ыйгаруу боюнча буйругунун көчүрмөсү саналат.
23. ЭСƟБтын адистери ай сайынкы компенсация дайындоодо арыз ээсине (алуучуларга) төмөнкү документтерди жарактуулук мөөнөтү бүткөнгө чейин, өз убагында жаңыртуу үчүн, тиешелүү мамлекеттик органдарына өз убагында кайрылуулары керек экендигин, түшүндүрүүлөрү керек:
1) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортунан тышкары);
2) алуучунун жашаган жери боюнча убактылуу каттоо жөнүндө маалымкатын;
3) туруктуу жашап турууга уруксатты;
4) Чернобыль АЭСиндеги кыйроодогу ликвидациянын катышуучусунун 18 жашка чейинки баласына берилген Республикалык ведомстволук экспертик советтин алдындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык- дозиметриялык регистринен райондук деңгээлдеги регистрден маалымкатты (жылына жаңыртылуучу);
5) МСЭКтин кийинки мөөнөткө кайра экспертизадан өтүү жөнүндө маалымкатты;
24. Жогоруда көрсөтүлгөн документтердин мөөнөтү бүтөөрүнө үч ай калганда, алуучуларды ЭСƟБгы документтерди жаңыртуу керек экендиги жөнүндө кабарлайт, буйруктун 4-тиркемеси.
25. Ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн 23 - пунктунда көрсөтүлгөн документтердин биринин мөөнөтү бүткөндөн кийин, дайындалган ай сайынкы компенсацияны төлөө төмөнкү убактыка токтотулат:
1) үч айга чейин - калкты аймактык бөлүмдөрүнүн регистринен паспортту жаңыртуу үчүн;
2) үч айга чейин - медициналык- социалдык эксперттик комиссиянын карап чыгуу күбөлүгүнүн актысынан көчүрмөнү жаңыртуу үчүн;
3) эки айга чейин - 18 жашка чейинки балдарга берилүүчү маалымкатты Республикалык ведомстволук эксперттик советтин алдындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык- дозиметриялык регистринен райондук деңгээлдеги регистринен жаңыртуу үчүн;
4) бир айга чейин –турган жеринен убактылуу каттоо жөнүндө маалымкаттын жана жашап турууга уруксааттын мөөнөттөрүн узартуу үчүн.
Эгерде алуучу көрсөтүлгөн документтерди белгиленген мөөнөттүн убагы бүткөнгө чейин жаңыртып тапшырбаса, ЭСƟБгы тиешелүү аймактык мамлекеттик органдын бөлүмдөрүнөн аларды жаңыртуу жөнүндө маалыматтарды расмий түрдө сурайт, буйруктун 5-тиркемеси.
Суроо - талапка ылайык алынган жооптун негизинде ЭСƟБгы ай сайынкы акчалай компенсацияны төлөөнү узартуу, токтото туруу же болбосо токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат. Суроо –талап жана ага жооп алуучунун жеке ишине тиркелет.
Эгерде, алуучунун күнөөсү менен (тиешелүү документтерди жаңыртуу үчүн мамлекеттик органдарга өз убагында кайрылуу) ЭСƟБгы документтерди өз убагында жаңыртуу белгиленген мөөнөттөн ашкан убакта алгандыгы тууралуу маалыматты алса, анда ай сайынкы компенсацияны төлөөнү жаңыртуу, алуучу документти жаңырткан айдан кийинки айдын 1-числосунан баштап жүргүзүлөт. Аймактык мамлекеттик органдан алынган маалыматтар алуучунун жеке ишине тиркелет.
Алуучунун күнөөсү боюнча төлөнбөгөн айлар үчүн, ай сайынкы компенсация төлөнбөйт.
Учурда, эгерде ЭСƟБгы алуучудан жаңыртылган документтер жөнүндө маалыматтарды белгиленген мөөнөттөн ашкан убакта алса, ошол эле убакта алуучунун объективдүү себептери боюнча тастыктоочу документтери болсо, (оору, аракет жөндөмдүүлүгү жок, ишенген адамдардын жоктугу) анда ай сайынкы компенсацияны кайрадан төлөө, токтотулган күндөн тартып жүргүзүлөт:
1) оорусу жөнүндө (жумушчулар жана катталган жумушсуз жактар үчүн – убактылуу эмгекке жарамсыз баракчасы, иштебегендер үчүн - оорусу тууралуу маалымкат);
2) аракет жөндөмдүүлүгү тууралуу (МСЭКтин маалымкаты);
3) ишенген адамдардын жоктугу (жаңы жашаган жери боюнча ай сайынкы акчалай компенсацияны тариздөө үчүн күбөлөндүрүлгөн нотариалдык ишеним каттын жоктугу).
5 - мисал, ай сайын компенсация алуучунун паспортунун мөөнөтү 2018-жылдын 10-ноябрында бүтөт, учурда ЭСƟБ 2018-жылын августунда алуучуга аларды жаңыртуу керек экендиги тууралуу кабарлама жөнөтөт.
2018-жылдын 1-декабрында ай сайынкы компенсацияны төлөө токтотулат.
Учурда, жаңы паспорттун кочүрмөсүн 2019-жылдын 1-февралына чейин тапшырса ай сайынкы компенсацияны төлөө ал токтотулган убактан баштап кайрадан төлөнөт. Учурда белгиленген үч айлык мөөнөттөн ашып кетсе, б.а. эгерде жаңыртылган документ 2019-жылдын 1-февралынан кийин тапшырса, анда компенсацияны кайрадан төлөө, жаңыртылган паспорт тапшырылган айдын кийинки айынын биринчи числосунан баштап б.а. 2019-жылдын 1-мартынан баштап жүргүзүлөт.
26. Чернобылчылардын 18 жашка чейинки балдарына ай сайын компенсация дайындоодо, бала 18 жашка чыкканга чейинки курагын жана майыптыктын мөөнөтү бүткөнгө чейин ЭСƟБгы милдеттүү түрдө көзөмөлдөп туруш керек.
27. Афганистан согушунун ардагерлеринин Кыргызстандагы Союзу, "Защитники Отечества" Коомдук Бирикмеси, "Чернобыль- Союзу” сыяктуу коомдук уюмдардын күбөлүктөрү конкреттүү адамдын берилген коомдук уюмга таандыктыгын аныктайт, бирок акчалай компенсация дайындоо үчүн мыйзамдуу негизге ээ болбойт. Мындай күбөлүктөрдү кабыл алууга тыюу салынат. Мындай күбөлүктөр ай сайынкы компенсация дайындоо үчүн тастыктоочу документ болуп саналбайт.
28. ЭСƟБнын адистери туруктуу негизде арыз ээлерине (алуучуларга) ай сайынкы компенсацияны төлөөнү кайрадан жаңыртуу үчүн белгиленген мөөнөттө мамлекеттик органдарга тастыктоочу документтерди жаңыртуу боюнча кайрылуу тууралуу түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүүлөрү керек.
29. Биринчи жолку ай сайын компенсация дайындоо, ошондой эле компенсация алуучунун жаңы жашаган жери боюнча ай сайынкы компенсацияны төлөөнү кайрадан жаңыртуу, ЭСƟБгы арыз ээсинин, ошондой эле компенсация алуучунун жаңы жашаган жери боюнча, ЭСƟБгында ай сайын компенсация алуучу катары регистрация болгон күндөн кийинки айдын биринчи числосунан тартып жүргүзөт, буйруктун 2-тиркемеси.
6-мисал, ай сайынкы компенсация алуу үчүн биринчи жолу кайрылган жаран 2018-жылдын 2-сентябрында арыз тапшырган. Ай сайынкы компенсация дайындоо 2018-жылдын 1-октябрынан тартып жүргүзүлөт.
30. Ай сайынкы акчалай компенсация дайындоо жөнүндө арыз (электрондук), буйруктун 2-тиркемеси, Методикалык көрсөтмөлөрдүн 16-пунктунда көрсөтүлгөн иштөө мөөнөтүү бүтө элек документтердин толук пакети болгондо гана катталат.
Арыз (электрондук) каттоодон өткөндөн кийин, арыз ээсине ай сайын компенсацияны дайындоонун шарртары түшүндүрүлүп, арызга кол коет. Арызды кабыл алуу жөнүндө билдирүү датасын жана регистрациялык номерин көрсөтүү менен, арыз ээсине тил-кат берилет, буйруктун 2-тиркемеси.
Мындан кийин ЭСƟБнын адиси арыз берүүчүнүн маалыматтарын СЖКМСна киргизип, ай сайын компенсацияны дайындоо боюнча Каттоо (электрондук) журналын толтуруп, буйруктун 3-тиркемеси, ай сайын бир жолу басып чыгарып папкага тиркелейт.
31. Эгерде, ай сайын компенсация алуучу убактылуу турган жери боюнча кайрылса, анда ал милдеттүү тартипте калкты каттоонун аймактык бөлүмүндө регистрациядан (убактылуу каттодон) өтүүсү керек.
32. Жобонун 18 - пунктуна ылайык, алуучу ЭСƟБна аны эсептен чыгаруу боюнча жашаган жеринин өзгөргөндүгүнө байланыштуу арыз берген кезде, эски жашаган жери боюнча ЭСƟБнын адиси ай сайынкы компенсация алуучудан жаңы жашаган жериндеги жаңы дарегин тактайт.
Эгерде ай сайын компенсация алуучу арызында, буйруктун 7-тиркемеси, жаны жашай турган жеринин дарегин көрсөтсө, анда ЭСƟБнын адиси аны эсептен чыгарат жана ай сайын компенсация алуучунун укугун тастыктоочу документтерин (сканерленген көчүрмөсүн) СЖКМТ аркылуу алуучунун жаңы жашаган жери боюнча ЭСƟБна жөнөтөт.
Эгерде компенсация алуучу эски жашаган жери боюнча ЭСƟБгынан эсептен чыып аткан учурда жаңы жашай турган жеринин дарегин билбесе, анда жаңы жашаган жери боюнча ЭСӨБгы компенсация алуучуга акчалай компенсацияны төлөөнү арыздын, паспорттун, жаңы турган жери боюнча убактылуу каттоо жөнүндө маалымкаттын жана анын акчалай компенсацияга болгон укугун тастыктоочу документтердин негизинде кайрадан жаңыртат.
Эгерде компенсация алуучунун жаңы жашаган жери боюнча убактылуу каттоо жөнүндө маалымкатты жок болсо, анда ай сайынкы акчалай компенсация катто орду боюнча дайындалат.
Мурунку жашаган жеринен эсептен чыгаруу датасы менен жаңы жашаган жери боюнча эсепке тургузуу датасынын ортосундагы мөөнөт үч айдан ашпоосу керек. Бул учурда ай сайын компенсация төлөөнү кайрадан жаңыртуу жаңы жашаган жери боюнча ай сайын компенсация акыркы төлөнгөн айдын кийинки айынан баштап жүргүзүлөт.
Эгерде жүйөөлү себепсиз үч айлык мөөнөттөн ашса, ай сайын компенсацияны кайрадан төлөө жаңы жашаган жери боюнча ЭСƟБна эсепке турган айдан баштап жүргүзүлөт.
Эгерде компенсация алуучу ЭСƟБна үч айлык мөөнөт өткөндөн кийин жүйөөлү себептер менен кайрылса (оору, аракет жөндөмдүүлүгү жок, ишенген адамдардын жоктугу) болсо, анда ай сайын компесацияны кайрадан төлөө мурунку жашаган жери боюнча акыркы ай сайын компенсация төлөнгөн айдан баштап жүргүзүлөт.
7-мисал, компенсация алуучу 24-январьда Нарын районунан Бишкек шаарына көчүп келди, ай сайын компенсация январь айыныкы төлөнгөн.
1) эгерде ал жаңы жашаган жери боюнча ЭСƟБна 25-апрельде кайрылса, анда ай сайын компенсацияны кайрадан төлөө февраль айынан баштап жүргүзүлөт.
2) эгерде жүйөөлү себепсиз үч ай өткөндөн кийин кайрылса, б.а. 25-апрелде кайрылса кийин, анда ай сайын компенсация апрель айынан баштап кайрадан төлөө жүргүзүлөт.
3) эгерде 25-апрелден кийин кайрылса, бирок жүйөөлү себептерин тастыктаган документтери бар болсо, анда ай сайын компенсацияны кайрадан төлөө февраль айынан баштап жүргүзүлөт.
33. Эски жана жаңы жашаган жери боюнча ай сайын компенсацияны эки жолу дайындоого жол бербөө максатында эки ЭСƟБтын адистери компенсация алуучуну эски жашаган жери боюнча ЭСƟБнын эсебинен чыгарып, жаңы жашаган жери боюнча ЭСƟБка компенсация алуучу катары эсепке тургузууну СЖКМС системасы аркылуу көзөмөл жүргүзүүлөрү керек.
34. Учурда, качан компенсация алуучу улгайган жашына, начар ден-соолугуна байланыштуу өз алдынча ай сайын компенсация ала албаса, ай сайын компенсацияны нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат берилген адамга берилет.
35. Учурда, эгерде компенсация алуучу айыпталса, камакка алынып жана жаза аткаруу тутумунун мекемелериндеги жаткан болсо, акчалай компенсация нотариалдык түрдө ишеним- кат күбөлөндүрүлгөн адамга төлөнөт. Эгерде ишеним кат күбөлөндүрүлгөн болбосо акчалай компенсацияны төлөө жүргүзулбөйт.
36. Өлкөнүн чегинен тышкары, көп убакытка иштөө үчүн кеткен компенсация алуучуларга, ай сайын компенсация алуу укугу сакталат.
Компенсация алуучу убактылуу жок болгон мезгилде, ай сайын компенсацияны алуу үчүн башка адамды өкүл кылып, бир жылдан ашпаган мөөнөткө нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн адамга өткөрүп берүүсү керек. Учурда компенсация алуучу ишеним катты күбөлөндүрбөй чыгып кеткен болсо акчалай компенсацияны төлөө жүргүзүлбөйт.
Ишеним каттын иш-аракет мөөнөтү бүткөндө компенсация алуучу жаңы ишеним катты бир жылдан ашык эмес мөөнөткө берүүсү керек.
КМШ өлкөлөрүндө нотариалдык түрдө таризделген ишеним катты кабыл алууга уруксаат берилет.
Бир жылдан ашык мөөнөткө берилген ишеним кат, кабыл алынбайт.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн компенсация алуучу каза болгон учурда, ай сайын компенсацияны ал үчүн алууга ыйгарым укуктуу адам, компенсация алуучу каза болгон күндөн тартып үч айдын ичинде ЭСƟБна бул тууралуу билдирүүсү керек.
Өткөн айлар үчүн төлөнүп берилген ай сайын компенсация б.а. компенсация алуучу каза болгондон кийинки айлар үчүн төлөнүп кеткен компенсация аймактык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарынын эсебине же “Кыргыз почтасы” МП филиалынын кассасына кайтарылууга тийиш.
8-мисал, эгерде компенсация алуучу республиканын чегинен тышкары болуп 15-апрельде каза болсо, анда ал үчүн ай сайын компенсация алып жаткан ыйгарым укуктуу адам ЭСƟБ 15-июлга чейин билдирүүсү керек.
Бул учурда, май, июнь, июль айлары үчүн төлөнүп кеткен ай сайын компенсация кайтарылууга тийиш.
37. Учурда, компенсация алуучу өлкөнүн чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде, компенсация алуучунун арызынын негизинде ЭСƟБнын эсебинен чыгарылат. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жеке ишин жөнөтүү үчүн жазуу жүзүндөгү суроо-талабы келгенде, ЭСƟБгы алуучунун жеке ишинин көчүрмөсүн жазуу жүзүндөгү суроо-талап катталган күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде жөнөтөт.
38. ЧАЭС катышуучуларынын 18 жашка чейин балдарына дайындалган ай сайынкы компенсация алардын статусун тастыктаган керектүү документтердин негизинде ата-энесинин бирөөнө чектелет.
Эгерде бала жетим болсо же алардын ата-энеси ата-энелик укуктарынан ажыратылган болсо, бирок анын үстүнөн камкордук бар болсо, баланын абалы жөнүндө зарыл болгон документтердин баары болсо, анда ай сайын компенсация камкорчуга таризделет.
39. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курман болгон аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө жана Улуу Ата Мекендик согушта каза болгондордун кайрадан никеге турбаган жесирлерине (жесилдерине), эгерде нике тууралуу күбөлүгү жок болсо, ай сайын компенсация дайындалбайт.
40. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилген Кыргыз мамлекеттик медициналык- дозиметриялык регистринин маалымкатында балдардын өнөкөт оорулары бар экендиги көрсөтүлсө ай сайын компенсация дайындалат.
18 жашка чейинки балдар үчүн медициналык – дозиметриялык регистрдин маалымкаты жылына жаңыртылууга тийиш.
Кыргыз мамлекеттик медициналык – дозиметриялык регистринин маалымкатында баланын диагнозунда баланын ден-соолугу чың деп белгиленген болсо, бул учурда компенсация дайындалбайт.
41. 1988-1989- жылдардагы ЧАЭС катышуучусу радиациянын таасиринен же нурлануу оорусуна чалдыгып жана аны баштан кечирген себептер менен майып болуп калган учурда (Республикалык ведомстволук эксперттик советтин корутундусунун негизинде) ал “ЧАЭС майыбы” категориясына которулат. Жаңы өлчөмдөгү ай сайын компенсация, МСЭКтин күбөлөндүрүү актысынын көчүрмөсү тапшырылгандан айдын кийинки айынын 1-числосунан баштап дайындалат.
Ошол эле учурда чернобылчынын жеке иши МСЭКтин маалымкатынын көчүрмөсү жана “ЧАЭС майыбы” категориясына которуу жөнүндө жеке арыз менен толукталат.
42. “ЧАЭС майыбы” ЧАЭСтеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге байланышкан аскер кызматын милдеттүү түрдө аткарууда майып болгону, дартка чалдыкканы тууралу МСЭКтин маалымкатынын жана күбөлөндүрүү актысынын көчүрмөсүн берген учурда гана, “аскер кызматчысы майыбы” категориясына өтүү укугуна ээ болот.
Бул үчүн компенсация алуучу Кыргыз Республикасынын "Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" мыйзамында каралган бардык социалдык кепилдиктерден жана компенсациялардан баш тартуу жөнүндө жана “аскер кызматчы майыбы” статусуна өткөрүү боюнча ЭСӨБна өз арызын жазышы керек. Жаңы өлчөмдөгү компенсация арыз бергенден кийинки айдын 1-числосунан баштап дайындалат.
43. “ЧАЭСтин майыбы” “аскер кызматчы майыбы” категориясына өткөрүлгөн учурда анын балдарына, “ЧАЭС катышуучусуну 18 жашка чейинки балдары” категориясы боюнча компенсация алуу укугу калтырылат.
44. Кыргыз Республикасынын "Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" мыйзамында каралган компенсациялар жана социалдык гарантиялар башка (Чернобыль АЭСинен башка) граждандык же аскердик багыттагы ядролук объектилерге, ошондой эле ядролук куралдарды кошо алгандагы ар түрдүү ядролук орнотмолор менен байланышкан сыноо, үйрөтүү жана башка иштердин натыйжасында радиациялык авариялардын жана алардын кесепетинен нур оорусуна чалдыккан же майып болгон адамдарга таркатылат, эгерде бул факт Республикалык Ведомстволор аралык эксперттик кеңештин (мындан ары - РВаЭК) эксперттик жыйынтыктоосу менен тастыкталса.
45. Реабилитация болгон жарандарга акчалай компенсация дайындоо, эгерде реабилитация болгон адам репрессиянын натыйжасында майып болуп калган учурда же пенсионер болгон учурда гана жүргүзүлөт.
Реабилитация болгон адам, пенсиялык куракка жетелек болсо же майып болуп эсептелбесе, компенсация дайындалбайт.
46. Ай сайын компенсация алуучулардын жеке иштерин ЭСƟБгы ай сайын өлүп калуу жана көчүп кетүү учуру боюнча калкты каттоо чөйрөсүндөгү аймактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү же болбосо СЖКМС аркылуу текшерүү жүргүзөт.
47. Ай сайынкы компенсация алган адам кайтыш болгон учурда, компенсацияны төлөө адам кайтыш болгон күндөн кийинки айдын биринчи числосунан баштап токтотулат. Албай калган ай сайынкы компенсация үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирине (жубайы (аялы), бойго жеткен балдары, неберелери, ага-инилери, эже-карындаштары, аракетке жөндөмдүү ата-энеси, таятасы, таенеси, өлгөн күндөн тартып алты айдын ичинде ЭСƟБна кайрылганда төлөнөт.
9- мисал, ай сайынкы компенсация алуучу адам 2018-жылдын 1-майында кайтыш болгон. Ай сайынкы компенсацияны төлөө 2018- жылдын 1-июнунан баштап токтотулат. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири алты айлык мөөнөттөн ашпаган мөөнөттө ЭСƟБна кайрылуусу керек, б.а. алынбай калган акчалай компенсациянын суммасын алуу үчүн 2018-жылдын 1-ноябрына чейин. Эгерде, 2018-жылдын 1-ноябрынан кийин кайрылган болсо, анда алынбай калган акчалай компенсация төлөнбөйт.
5-бөлүм. Ай сайын компенсация дайындоо жана төлөө тууралыгы үчүн жоопкерчилик
48. ЭСƟБнын адистери туруктуу негизде берилген документтердин иштөө мөөнөтүн аныктыгын дайыма текшерип турушу керек жана боюнча арыз ээлерине (алуучуларга) мамлекеттик органдардан тастыктоочу документтерди алуу үчүн белгиленген мөөнөттө кайрылуусун түшүндүрүп турушу керек.
49. Төлөм алуучунун статусун тастыктаган берилген документтердин аныктыгы үчүн бул документтерди берген уюмдар жана документке кол койгон адамдар жоопкерчилик тартышат.
1-таблица
Кыргыз Республикасынын граждандарынын катышуусу менен согуш аракеттери жүргөн мамлекеттердин, шаарлардын, аймактардын жана мезгилдердин Тизмеси
(Кыргыз Республикасынын “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” мыйзамына Тиркеме)
Мамлекеттин аты | Согуш учурундагы мезгил |
Венгрия | 1956- жыл |
Даманск аралы | 1969- жылдын марты |
Жаланашкөл | 1969 –жылдын августу |
Алжир | 1962-1964 жылдар |
Египет (Бириккен Араб Республикасы) | 1962-жылдын октрябрынан тартып 1963-жылдын мартына чейин; 1967-жылдын июну; 1968-жыл; 1969-жылдын мартынан тартып 1972-жылдын июлуна чейин; 1973-жылдын октябрынан тартып 1974-жылдын мартына чейин; 1974-жылдын июнунан тартып 1975-жылдын февралына чейин (Суэцк каналынын зонасын минадан тазалоого катышкан Кара деңиз жана Тынч океан флотторунун тральщиктеринин өздүк составы үчүн) |
Йемен Араб Республикасы | 1962-жылдын октябрынан 1963-жылдын мартына чейин; 1967-жылдын ноябрынан 1969-жылдын декабрына чейин |
Вьетнам | 1961-жылдын январынан тартып 1974-жылдын декабрына чейин |
Сирия | 1967-жылдын июну; 1970-жылдын март-июлу; 1972-жылдын сентябрь-ноябры; 1973-жылдын октябры |
Ангола | 1975-жылдын ноябрынан тартып 1979-жылдын ноябрына чейин |
Мозамбик | 1967-1969-жылдар; 1975-жылдын ноябрынан тартып 1979-жылдын ноябрына чейин |
Эфиопия | 1977-жылдын декабрынан тартып 1979-жылдын ноябрына чейин |
Афганистан | 1978-жылдын апрелинен тартып 1989-жылдын 15-февралына чейин |
Камбоджа | 1970-жылдын апрель-декабры |
Бангладеш | Бангладештеги согуш аракеттери: 1972-1973-жылдар (СССР Аскер-Деңиз Флотунун кораблдеринин жана көмөкчү кемелеринин өздүк составы үчүн) |
Лаос | 1960-жылдын январынан тартып 1963-жылдын декабрына чейин; 1964-жылдын августунан тартып 1968-жылдын ноябрына чейин; 1969-жылдын ноябрынан тартып 1970-жылдын декабрына чейин |
Сирия жана Ливан | 1982 -жылдын июну |
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 20______ж.
“_______” ___________ № _____
буйругуна 2-тиркеме
_____________________________
(шаардык, райондук)
Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы _____________________________
(Аты-жөнү)
Ай сайынкы акчалай компенсация дайындоо жөнүндө
АРЫЗ
Сизден ___________________________________________________________________
(ай сайынкы акчалай компенсациянын категориясын көргөзсүн)
категориясы боюнча мага ай сайынкы акчалай компенсацияны дайындап берүүнүздү суранам (*)
Аты-жөнү ________________________________________________________________
ПИН ______________________ Туулган датасы ________________жынысы __________
Паспорттун/туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн № жана сериясы (керектүүсүн сызуу керек)
Ким аркылуу жана качан берилген _______________________________________________
Жашап турууга уруксаат күбөлүгүнүн №__________________________________________ ким аркылуу жана качан берилген_______________________________________________
Атуулдугу _________________________________________________________________
Баланын аты-жөнү | Туулган датасы | ПИН | Арыз ээсине карата баланын статусу (уулу, кызы, небереси, камкордука алынган) |
|
|
|
|
(*)Таблица 18 жашка чыга элек балага ай сайынкы акчалай компенсация дайындоо болгон учурда толтурулат.
Катталган дареги: __________________обл. ____________________________ район/шаар
________________ а/өкмөтү _________________айылы _______________________ көчөсү үй № _________________ кв.____________________
Иш жүзүндө жашаган дареги: ________________ обл. ___________________ район/шаар
а/өкмөтү ______________________ айылы __________________________________көчөсү
үй № ______ кв.______Телефондору: үйдөгү № ____________ жумуштагы № __________
мобилдүү №_______________ e-mail ___________________________
Арызга тиркелген документтердин саны _________________________________
Мен, арызда көрсөткөн баардык маалыматтар толук жана анык экендигин билдирем.
Мен төмөнкүдөй маалымат алгандыгым жөнүндө билдирем:
- туура эмес маалымат бергендигим үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоопкерчилик тартаарымды билем;
- эгерде жашаган жеримдин дареги өзгөрсө, милдеттүү түрдө беш жумушчу күн ичинде ЭСƟБна маалымат беришим керек экендигин билем;
- эгерде тастыктоочу документтердин мөөнөтү бүткөндө, тиешелүү органдарга документтерди жаңыртуу үчүн өз убагында кайрылбасам, ай сайынкы акчалай компенсацияны төлөө токтотулаарын билем.
Мага ай сайынкы акчалай компенсация дайындоонун шарттары түшүндүрүлдү.
Арыз алынгандыгы тууралуу тил кат – кабарландыруу алдым.
Арыз берүүчүнүн колу _________Арыз толтуруу датасы 20___ ж. “ _____” ________
ЭСƟБ адиси | _____________ | _______________ | 20 _____ж. “_____” ________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
|
---------------------------------------------------------------------------------------------------------
Ай сайынкы акчалай компенсация алууга арыз ээсине
ТИЛ КАТ- КАБАРЛАНДЫРУУ
Бүгүнкү кабарлоо “____” _____________20________ж. ай сайынкы акчалай компенсация дайындоо жөнүндө өлчөмүндө______________ сом арыз кабыл алынды
Каттоо номери ________ менен _____________________________________ атуулунан
(Арыз берүүчүнүн аты-жөнү)
20______ж. “____”_________ арыз кабыл алынгандыгын билдиребиз.
Арызга тиркелген документтердин саны __________
ЭСƟБ адиси | _____________ | ________________ | 20 ______ж. “_____” ______ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
|
Мен, арызда көрсөткөн баардык маалыматтар толук жана анык экендигин билдирем.
Мен төмөнкүдөй маалымат алгандыгым жөнүндө билдирем:
- туура эмес маалымат бергендигим үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоопкерчилик тартаарымды билем;
- эгерде жашаган жеримдин дареги өзгөрсө, милдеттүү түрдө беш жумушчу кун ичинде СƟБ маалымат беришим керек экендигин билем;
- эгерде тастыктоочу документтердин мөөнөтү бүткөндө, тиешелүү органдарга документтерди жаңыртуу үчүн өз убагында кайрылбасам, ай сайынкы акчалай компенсацияны төлөө токтотулаарын билем.
Мага ай сайынкы акчалай компенсация дайындоонун шарттары түшүндүрүлдү.
Арыз берүүчүнүн колу ______________ 20____ ж. “____” ____________
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 20______ж.
“_______” ___________ № _____
буйругуна 3-тиркеме
Ай сайынкы акчалай компенсация дайындоону каттоонун ЖУРНАЛЫ
№/№ | Маалымат базасындагы № |
Аты-жөнү
|
ПИН |
Алуучунун категориясы |
Ɵлчөм |
(Ж.А.К.) баштап АК дайын- далды | Аткаруу мөөнөтү бүтөт | ||||
Паспорттун | Убактылуу каттоо маалымкатынын | Жашап туруу укугу күбөлүгүнүн | Медицина лык- дозиметрия лык каттоо маалымкатынын | МСЭКтин маалым катынын | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Кыскартуулардын тизмеси:
АК – Акчалай компенсация
(ж.а.к.) – жылы, айы, күнү
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин
20 _____ж. “_____”_______ № ______
буйругуна 4-тиркеме
Бурчтук штамптын орду
Ай сайынкы акчалай компенсация алуучуга
КАБАРЛАМА
Урматтуу ____________________________________________________________
(ай сайынкы акчалай компенсация алуучунун аты-жөнү, ПИН, туулган датасы)
20____ж.”_____” _________ _________________________________________________
(документтин аталышы)
мөөнөтү бүтөт. Ушуга байланыштуу Сизге ай сайынкы акчалай компенсация төлөө токтотулаарын билдиребиз.
Ай сайынкы акчалай компенсацияны Сизге өз убактысында төлөө үчүн Сиз аталган документти жаңыртуу үчүн _______________________________________________________________
(мамлекеттик органдын аталышы)
кайрылып жана жаңыртылган документтин көчүрмөсүн ЭСƟБ 20_____ж. “_____” _______ чейин тапшырышыңыз керек.
ЭСƟБ башчысы
_______________ ________________
(колу) (аты- жөнү)
Эскертүү:
Эгерде жаңыртылган документ көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин тапшырылса, ай сайынкы акчалай компенсация жаңыртылган документ берилген айдын кийинки айынын 1-числосунан баштап төлөнөт.
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 20______ж.
“_______” ___________ № _____
буйругуна 5-тиркеме
Бурчтук штамптын орду
___________________________________
(Жетекчинин аты-жөнү)
___________________________________
(аймактык мамлекеттик органдын аталышы)
_______________________________ (райондук/шаардык СƟБнын аталышы)
___________________________________
(СƟБнын башчысынын аты-жөнү)
Аймактык мамлекеттик органдарга
СУРОО-ТАЛАП
Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсацияларды алуучуга төлөмдү улантуу үчүн, Сизден төмөнкү маалыматтарды берүүңүздү суранам.
___________________________________________________________________________
(Акчалай компенсацияны алуучунун аты – жөнү, ПИН (мындан ары - АК)
__________________________________________________________________________________________
(суралган документтин аталышы)
АК алуучунун суралган документти жаңыртуу үчүн кайрылган датасы ________
АК алуучуга суралган документти берүү датасы ___________________________
ЭСƟБ башчысы _________ _________________
(колу) (аты-жөнү)
Кыргыз Республикасынын
Эмгек жана социалдык өнүгүү
министрлигинин
20____ ж. “____” _________
№_________
буйругуна 6 - тиркеме
МСЭКтин текшерүү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү
№ __________ № сериясы ________ МСЭКтин маалымкатына
________________________________________________________________берилген
(МСЭК аталышы)
_____________________________________________________________________________
(ДМЧА аты-жөнү толугу менен)
ПИН ____________________________
Туулган датасы ___________________
Дареги_____________________________________________________________________
Күбөлөндүрүү датасы __________________________________________________________
Майыптыктык тобу ________________________________
Майыптуулукту алган: (керектүүсүн сызуу керек)
майыптуулукту аскер кызматын аткаруу учурунда /аскер кызматын өтөө учурунда алган
(керектүүсүн сызуу керек)
Майыптык биринчи / кайра белгиленген
(керектүүсүн сызуу керек)
Майыптыктын пайда болушунун убагы__________________________________________
Майыптык белгиленген мөөнөт 20______ж. “ ________” ______________ чейин
Майыптыкты кийинки жолку күбөлөндүрүү датасы 20_____ж. “______” _______
МСЭК тин төрагасы ___________________ _____________________ __________
(колу) (аты-жөнү.) (датасы)
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 20______ж.
“_______” ___________ № _____
буйругуна 7-тиркеме
___________________________
(шаардык, райондук)
Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы _____________________________
(Аты-жөнү)
___________________________________
(АК алуучунун аты-жөнү, ПИН, туулган датасы)
Ай сайынкы акчалай компенсация алуучуну эсептен чыгаруу жөнүндө АРЫЗ
Көчүп кеткендигиме байланыштуу Сизди эсептен чыгарып салууну суранам
Жаңы жашаган жерим боюнча дарегим: ________________________________обл. ___________________район/шаар _______________а/өкмөтү ___________________айылы ___________________________ көчөсү, үй № ______ кв.______Тел: үй № _____________ жумуштагы № ________________ мобилдүү №_______________ e-mail _______________
Мен, эсептен чыгарып салуу боюнча арызда көрсөтүп жаткан жаңы жашаган жерим боюнча дарек анык экендигин билдирем.
Мен төмөнкүдөй маалымат алгандыгымды билдирем:
ай сайынкы акчалай компенсацияны төлөөнү жаңы жашаган жер боюнча улантуу үчүн ай сайынкы акчалай компенсация алуучу катары мурунку жашаган жеримден эсептен чыгарып салгандан кийин үч ай өткөнгө чейин мен жаңы жашаган жерим боюнча ЭСӨБна кайрылуум керек;
эгерде жашаган жеримдин дареги өзгөрсө, милдеттүү түрдө беш жумушчу күн ичинде ЭСӨБна маалымат беришим керек;
жаңы жашаган жерим боюнча ЭСӨБна үч ай өткөндөн кийин кайрылганда ай сайынкы акчалай компенсация арыз берген убакыттан баштап кайра улантылат.
Мага ай сайынкы акчалай компенсацияны узартуу шарттары түшүндүрүлдү.
Эсептен чыгаруу тууралуу тил-кат - кабарландыруу алдым.
Арыз берүүчүнүн колу ___________Арыз толтуруу датасы 20____ж. “_____” ________
ЭСƟБ адиси | _____________ | _______________ | 20____ж. “____” _____ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
|
------------------------------------------------------------------------------------------------------------------
Ай сайынкы акчалай компенсация алуучуга
ТИЛ КАТ – КАБАРЛАНДЫРУУ
Ай сайынкы акчалай компенсация алуучуну_______________________________________
_____________________________________________________________________________
(АК алуучунун аты-жөнү, ПИН, туулган датасы)
_________________________________________________________________________
(АК категориясы боюнча)
Ушуну менен 20____ж. “_____” ________ эсептен чыгаруу арызы кабыл алынгандыгын билдиребиз.
ЭСƟБ адиси | _____________ | ________________ | 20____ж. “____” ___ |
| (колу) | (Аты-жөнү) |
|
Мен, эсептен чыгарып салуу боюнча арызда көрсөтүп жаткан жаңы жашаган жерим боюнча дарек анык экендигин билдирем.
Мен төмөнкүдөй маалымат алгандыгымды билдирем:
ай сайынкы акчалай компенсацияны төлөөнү жаңы жашаган жер боюнча улантуу үчүн ай сайынкы акчалай компенсация алуучу катары мурунку жашаган жеримден эсептен чыгарып салгандан кийин үч ай өткөнгө чейин мен жаңы жашаган жерим боюнча ЭСӨБ кайрылуум керек;
эгерде жашаган жеримдин дареги өзгөрсө, милдеттүү түрдө беш жумушчу күн ичинде ЭСӨБна маалымат беришим керек;
жаңы жашаган жерим боюнча ЭСӨБна үч ай өткөндөн кийин кайрылганда ай сайынкы акчалай компенсация арыз берген убакыттан баштап кайра улантылат.
Мага ай сайынкы акчалай компенсацияны узартуу шарттары түшүндүрүлдү.
Арыз берүүчүнүн колу 20______ж. “______” ________________
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 20______ж.
“_______” ___________ № _____
буйругуна 8-тиркеме
Категориялар боюнча
акчалай компенсация алуучулардын саны жөнүндө маалымат
район/шаар боюнча 20_____ж. “______” _________ карата
(ай сайын)
№ п/п | Ай сайынкы акчалай компенсация алуучулардын категориясы
| АК өлчөмү
(миң сом) | Саны
|
адам | |||
1 | Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары | 7,0 |
|
2 | Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары | 7,0 |
|
3 | КР баатырлары, Советтер Союзунун баатырлары, | 7,0 |
|
4 | Концлагерлердин мурдагы жашы жетпеген туткундары | 7,0 |
|
5 | Ленинград Блокадчылары | 7,0 |
|
6 | Эмгек армиячылары | 2,0 |
|
7 | Майыптык топко кирген ооруктун катышуучулары | 2,0 |
|
8 | Майыптык топко кирбеген ооруктун катышуучулары | 1,0 |
|
9 | Советтик Армиянын майыптары | 7,0 |
|
10 | Интернационалист - майыптар | 7,0 |
|
11 | Интернационалист - катышуучулар | 6,0 |
|
12 | ЧАЭС майыптары | 7,0 |
|
13 | 1986-1987-жылдардагы ЧАЭС катышуучулары | 2,5 |
|
14 | 1988-1989-жылдардагы ЧАЭС катышуучулары | 1,0 |
|
15 | Реабилитацияланган жарандар | 1,5 |
|
16 | Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аскер кызматчылардын үй-бүлөлөрү | 1,0 |
|
17 | Аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчылардын үй-бүлөлөрү | 1,0 |
|
18 | ЧАЭС катышуучуларынын курман болгон жана каза болгон майыптарынын үй-бүлөлөрү | 1,0 |
|
19 | Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин курман болгон үй-бүлөлөрү | 1,0 |
|
20 | ЧАЭС катышуучуларынын 18 жашка чейинки балдары | 1,0 |
|
21 | Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынын жесирлери | 1,0 |
|
22 | Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун жесирлери | 1,0 |
|
23 | Ленинград блокадчыларынын жесирлери | 1,0 |
|
24 | Ардактуу донорлор | 1,0 |
|
25 | Көрүүсү жана угуусу боюнча майыптар, алардын ичинен: | 1,0 |
|
| -көрүүсү боюнча майыптар | 1,0 |
|
| - угуусу боюнча майыптар | 1,0 |
|
| - 18 жашка чейинки көрүүсү жана угуусу боюнча майыптар | 1,0 |
|
| Бардыгы: |
|
|