Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 123 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 22-декабры № 792
Он үчүнчү эмгек акыны эсептөө тартибин бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 656 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-октябрындагы № 375 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 13-декабрындагы № 548 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» Жарлыгына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он үчүнчү эмгек акыны эсептөөнүн тиркелген Тартиби бекитилсин.
. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине ушул токтом боюнча түшүндүрмө берүү тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 656 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
4. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Д. Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 792 токтому менен бекитилген |
Он үчүнчү эмгек акыны эсептөө тартиби
Бул Тартип он үчүнчү эмгек акыны бирдей ыкмада эсептөө максатында иштелип чыккан. Он үчүнчү эмгек акы - бул бир жылдагы иштин жыйынтыгы боюнча сыйакы.
1. Он үчүнчү эмгек акы календардык жылдын аягында төлөнөт (календардык жылдын аягына чейин жумуштан бошонуп кеткендерден жана кош бойлуулугуна жана төрөгөндүгүнө байланыштуу өргүүдө жүргөндөрдөн башкаларга) жана төмөнкү формула менен эсептелет:
ОҮЭА = ЭАЖФ/12, мында:
ОҮЭА - он үчүнчү эмгек акы,
ЭАЖФ - кызматкердин эмгек акысынын жылдык фонду,
12 - календардык жылдагы айлардын саны.
Бул формула тийиштүү календардык жылда толук жыл (1-январдан 31-декабрга чейин) иштеген кызматкерлерге он үчүнчү эмгек акыны эсептөөдө колдонулат.
Эмгек акынын жылдык фонду эсептелген эмгек акыларды (эмгек акыны төлөө шарттарында каралган үстөктөр, кошумча төлөөлөр жана башка төлөмдөр эске алынган кызматтык маяна), өргүүгө төлөмдү, ден соолугун чыңдоого жөлөкпулду эки айлык эмгек акы фондусунун өлчөмүндө кошуу жолу менен эсептелет.
2. Тийиштүү календардык жылдын аягында бир жылды толук иштебеген кызматкерлерге он үчүнчү эмгек акыны эсептөөдө төмөнкү формула колдонулат:
ОҮЭА = ЭАФ /12, мында:
ОҮЭА - он үчүнчү эмгек акы,
ЭАФ - иштеген мезгилдеги эмгек акы фонду,
12 - календардык жылдагы айлардын саны.
Мисалы, кызматкер календардык жылда төрт ай иштеген, бул төрт айдагы эмгек акысы 20000 сомду түзсө, анын он үчүнчү эмгек акысы төмөнкүдөй болот:
20000/12 = 1667 сом.
3. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө жүргөн аялдарга он үчүнчү эмгек акы бул Тартиптин 2-пунктуна ылайык эсептелет.
Ошондой эле аялдарга жана эркектерге он үчүнчү эмгек акы бала багуу үчүн эмгек акысы сакталбаган кошумча өргүүгө чыгаарда төлөнүп берилет.
4. Календардык жылдын аягына чейин эмгек мамилелерин токтоткон учурда он үчүнчү эмгек акы кызматкердин иштеген убактысына бул Тартиптин 2-пунктуна ылайык эсептелет жана акыркы эсептөө жүргүзүлгөндө төлөнөт.
5. Он үчүнчү эмгек акыны эсептөөдө бир жолу берилүүчү материалдык жардам, жумушка убактылуу жарамсыздык, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар жана эмгек акы төлөө шарттарында каралбаган башка төлөөлөр, социалдык төлөмдөр (жол киреге, тамактанууга, менчик автотранспортту пайдаланууга ж.б.) кошулбайт.