Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2019-жылдын 18-сентябры № 5
“14-КРАЭ Аэродромдор” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
“Кыргыз Республикасынын айрым ченем чыгаруу укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өкүлдөө жөнүндө” 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, ошондой эле, Жарандык авиациянын Эл аралык уюмунун Стандарттарына жана сунуш кылынган Практикасына (ИКАО) максималдуу бирдейликти камсыздоо максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. “14-КРАЭ Аэродромдор” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2016-жылдын 27-январындагы №1 Буйругу менен бекитилген “14-КРАЭ Аэродромдор” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежесине Тиркемеге ылайык расмий тилде өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги бул буйрукту аткарууга кабыл алсын.
3. Үч жумушчу күндүн ичинде, расмий жарыяланган күндөн тартып буйруктун көчүрмөлөрүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрүндө, жарыяланган булагын көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жиберилсин.
4. Бул буйрук расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жиберилсин.
6. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Ж.А.Ногойбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Бейшенов |