Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ЖАНА
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨНӨР-ЖАЙ,
ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ЖЕР КАЗЫНАСЫН ПАЙДАЛАНУУ
МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИ
БУЙРУК
2019-жылдын 29-октябры №01-7/429
Бишкек шаарынын ЖЭБинде жагуу үчүн таштак отунду тандоо тартибин жана шарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Бишкек шаарынын ЖЭБинде жагуу үчүн таштак отунду тандоо тартиби жана шарттары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Электр энергетикасы башкармалыгына:
Бул буйрук катталган күндөн баштап үч күн ичинде төмөндөгүлөр боюнча чараларды кабыл алсын:
1) буйрукту «Эркин-Тоо» гезитинде расмий жарыялоо;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин веб-сайттарына жайгаштыруу;
расмий жарыялангандан күндөн баштап бир жумушчу күндүн ичинде буйруктун мамлекеттик жана расмий тилиндеги көчүрмөсүн кагаз жана электрондук түрүндө, жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү;
буйрук күчүнө кирген күндөн баштап бир жумушчу күндүн ичине буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жиберүү.
3. Ушул буйрук расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 201___-жылдын ___- __________ № ___ жарыяланды.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өнөр-жай, энергетика жана жерказынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары А.Т. Кадырбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.К. Осмонбетов |
Тиркеме
Кыргыз республикасынын өнөр-жай,
энергетика жана жер казынасын
пайдалануу мамлекеттик комитетинин
2019-жылдын____ «________» №___
буйругу менен бекитилген
1. “Бишкек шаарынын ЖЭБинде жагылуучу таштак отундун тандап алынышынын шарты жана тартиби” деп аталган документ жетектөөчү документ (ЖД) болуп эсептелет.
Ал өзүнө “Сатып алууларга даярдык жана өткөрүү боюнча усулдук көрсөтмөлөрдү” камтыйт (мындан ары Усулдук).
2. Бул Усулдук “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде иштелип чыккан.
3. Мамлекет аралык стандартташтыруу боюнча жумуштарды жүргүзүүнүн негизги принциптери жана тартиби ГОСТ 1.0 "Мамлекет аралык стандартташтыруу системасы. Негизги жоболору” жана ГОСТ 1.2 “Мамлекет аралык стандартташтыруу системасы. Мамлект аралык стандарттар, Мамлекет аралык стандартташтыруу боюнча эрежелер жана сунуштар. Иштеп чыгаруу, кабыл алуу, колдонуу, жаңыртуу жана жокко чыгаруу эрежелери” менен аныкталат.
4. Бул жетектөөчү документ (ЖД) “Электр станциялар” ААКтын жана Бишкек ш. ЖЭБтин өндүрүштүк-техникалык, пландоо-экономикалык. бөлүмдөрүнө жана өндүрүштүк кызматтарына арналган. Ал документ менен Бишкек ш. ЖЭБде жагыш үчүн таштак отунду сатып алуу, ага даярдык көрүү, уюштурулат. Отунду жеткирүү Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамына негизделип аткарылат.
5. Таштак отундун жеткирилип келиш процессин тартипке салуу багытында жетектөөчү документ (ЖД) жооптуу кишилердин кыймыл-аракеттерин регламенттейт. Ал аракет ЖЭБдин жабдыктарынын майнаптуулугун төмөндөбөс кылат.
6. Жагыла турган таштак отунду тандоодо жана сатып алууда ЖД усулдук жетекчилик катары колдонот. Көмүр жеткирүүчүлөрү менен “баа-сапат» көрсөткүчтөрдү ыңтайлашуу учурунда Усулдук чечим кабыл алууга негиз түзөт. Сатып алууда тендер аркылуу жеңүүчүнү тандоодо ылайыктуу көрсөткүчтөрдүн деңгээли чен белги болуп берет.
7. Дагы, бул Усулдук «Электр станциялар» ААКы уюштурган сатып алуу тендерге катышкан көмүр жеткирүүчүлөрдүн иш аракеттерин аныктайт.
8. Бишкек ЖЭБинде жагыла турган көмүрдү сатып алууда бул Усулдук таштак отундун тандоосун регламенттейт, жабдыктардын ишенимдүү жана экономдуу иштешинин шарттарын аныктайт, отунду сатып алуунун жана эксплуатация жүргүзүүнүн сарптоолорунун интегралдык эсебин баалаганга мүмкүнчүлүк берет. Сатып алуу тендеринин жеңүүчүсү баалардын минимуму менен тандалат.
Бул Усулдук жаңы, модерн 150 мегаваттык эки блокту эсепке алуу менен Бишкек ш. ЖЭБинин бардык энергетикалык казандарына колдонуу үчүн тиешелүү.
9. Документтин предмети болуп долбоорлук көмүрлөр эсептелинет, алардын мааалымат булагы ГОСТор менен аныкталат. Долбоорлук болуп чаң сыяктуу түрүндө жагылуучу көмүрлөр эсептелинет. Алардын майнаптуулугу жабдыктарды долбоорлооо учурундагы техникалык-экономикалык негиздөө (ТЭН) менен далилденет. ТЭН ГОСТ 25543 “Күрөң, таш көмүрлөр жана антрациттер. Классификация. Генетикалык жана технологиялык параметрлер аркалуу классификация” менен ылайыкталат.
10. Лабораториялык анализден кийин сапаттык көрсөткүчтөрү номенклатурага ылайык эмес болуп чыккан жана ЖЭБдин жабдыктарынын экономдуулугун, ишенимдүүлүгүнүн начарлатып жибере турган долбоорго кирбеген көмүрлөрдү, ошондой эле бардык башка көмүрлөрдү (анын ичинде долбоорлук) пайдаланууга тыюу салынган.
11. ЖЭБдин жагуу режимин жана тендер аркылуу сатып алуулардын уюштуруусун өзгөртүү Бишкек ш. ЖЭБтин чечиминин (арызынын) негизинде аткарылат.
Ал чечимге мажбур кылган себеп бул долбоорлук сапаттуу отундун жеткирилип келишинин чектелгени, номенклатуралык сыпаттамасынын начарлашы. Бул себептер электр жана жылуулук энергиянын чыгарылышын жана жабдыктардын техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн төмөндөтөт.
12. Бул жетектөөчү документке (ЖД) өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды, ошонун ичинде көмүрдүн кошумча түрлөрүн киргизүү мурунку ЖД иштелип чыккан иретинде аткарылат. Бишкек ш. ЖЭБдин жабдыктарын реконструкциялагандан кийин жана долбоорлук эмес отундун тажрыйбалык - өнөр жайлык . жагуусун өткөргөндөн кийин жаңы ЖД иштелип чыгат жана тийиштүү органдар менен макулдашылып бекитилет.
13. Бишкек ЖЭБинде жагыла турган, энергетикалык жабдыктардын иштешинин майнаптуулугун төмөндөтпөгөн көмүрдү тандап алуу үчүн максат катары эксплуатациялык көрсөткүчтөрдүн паспорттук маанисин камсыз кылуу коюлат. Жабдыктардын майнаптуулугу техникалык –экономикалык көрсөткүчтөрү жана такталган отун аркалуу иштелип чыгарылган электр жана жылуулук энергиянын өздүк наркы менен бааланат.
14. Көмүр тандоодогу негизги маселелер.
1) Бишкек ЖЭБдеги жабдыктар майнаптуу жана ишенимдүү иштешин камсыз кылуу үчүн Жетектөөчү Документте жазылган шарттарды Керектөөчү жана Жеткирүүчү тараптар бекем тутуу.
2) ГОСТ 25543 “Мамлекет аралык стандарт. Генетикалык жана технологиялык параметрлер менен Классификация” талаптарын аткаруу. Бул стандартты ГОСТ 25543 “Мамлекет аралык стандарт. Генетикалык жана технологиялык параметрлер менен Классификация” колдонгондо шилтемелик кылып көрсөтүлгөн стандарттардын колдонулушун төмөнкү жактан текшерүү абзел :
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана Метрология Борборунун техникалык регламенттер жана стандарттар улуттук маалымат фондунда;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана Метрология Борборунун Интернет желесиндеги расмий сайтында (Жалпылык колдонуучу маалымат тутуму);
- Жыл сайын чыгуучу стандартташтыруу боюнча документтеринин Каталогунда “Кыргыз Республикасынын чөлкөмүндө улуттук стандарт катары кабыл алынган стандартташтыруу боюнча ченемат документтер, 2019 жылдын 1 январынан актуалдуу”;
- Квартал сайын чыгуучу Бюллетенде (стандартташтыруу боюнча Бюллетен - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана Метрология Борборунун мезгилдүү расмий басылмасы).
Эгерде шилтемелик стандарт өзгөрүлсө (алмаштырылса) бул стандартты колдонгондо өзгөртүлгөн (алмаштырылган) стандарты жетектөөчү катары пайдаланыш керек. Эгерде шилтемелик стандарт алмаштырылбай жокко чыгарылса анда шилтеме көрсөтүлгөн мазмун ал шилтемеге тийиштүү эмес жагынан колдонулат.
15. Маселелер.
1) Тендерлик документтерди даярдоо учурунда күн мурунтан сапаттуу көмүрдүн тандалышын белгилөө. Жеткирип келүүчүнү тандоодо объективдик принциптерди колдонуу;
2) Пайдаланылуучу отундун сапатынын иштин көрсөткүчтөрүнө тийгизген таасирине жараша Бишкек шаарынын ЖЭБинин техникалык-экономикалык жана экологиялык көрсөткүчтөрүнүн туруктууулугун сактап туруу;
3) Отун балансын сактоо менен финансы-экономикалык чыгымдоолордун оптималдуулугун камсыздоо;
4) Стандарттын талаптарын сактоо менен отун сатып алуунун такталган бюджеттерин түзүү;
5) Көмүр сатуучулар менен илимий негизделген келишимдерди түзүү, сатып алууну уюштуруудагы коррупциялык амалдарды жоюу;
16. Функциялары.
1) Өндүрүштүк-техникалык чечимдерге ылайык отун менен камсыздоонун бюджетин сапаттуу пландаштыруу;
2) Бишкек шаарынын ЖЭБине көмүр сатып алуунун, жеткирүүнүн уюштурулушун иреетке салуу;
3) Көмүр жеткирүүчүлөр менен түзүлгөн келишимдерде пайдаланылуучу жабдууларды натыйжалуу иштетүүгө шарт түзүү;
4) Көмүрдүн айрым партияларынын реалдуу мүнөздөмөлөрүнө жараша аларды сатып алууда бааларын тактоо;
5) Өндүрүштүк-сатып алуу процесстерди жана алардын процедураларын стандартташтыруу;
6) Көмүрдү тандоо, сатып алуу учурунда анын сапатын текшерүүнү регламенттештирүү;
7) Көмүрдүн сапатына жараша жабдууларды иштетүүнүн майнаптуулугун талдоону өркүндөтүү.
17. Долбоордо белгиленген өндүрүштүк ченемдердин алкагында Бишкек шаарынын ЖЭБинин негизги жана көмөкчү жабдууларынын коопсуз жана туруктуу иштешине кепилдик камсыздаган керектелүүчү көмүрдүн сапатынын көрсөткүчтөрүнүн тизмеси номенклатура деп аталат.
18. Сапаттын көрсөткүчтөрү ГОСТ 25543 “Мамлекет аралык стандарт. Генетикалык жана технологиялык параметрлер менен классификация” менен корреляцияланат.
19. Жабдуулардын жогорку деңгээлде майнаптуу иштеши көрсөткүчтөрдүн белгилүү чектери менен жетишилет, алар Бишкек ш. ЖЭБинин от казандарында көптөн бери колдонулуп жүргөн БЗ категориядагы күрөн көмүр, Д, К категориядагы ташкөмүрлөрдү күйгүзүү тажрыйбасынан алынган, алар 1 таблицасында берилген.
Башка көрсөткүчтөр боюнча маалыматтар (As, Cl жана радиациялык коопсуздук) азыркы ЖД алкагында каралбайт. ЖДнын максаты Бишкек шаарынын ЖЭБинин негизги энергетикалык казан жана көмөкчү жабдууларынын коопсуз жана туруктуу иштешин камсыздоо.
Отун жеткирүүчү тарап радиологиялык сыноолордун протоколун көрсөтүшү керек.
20. Жогорудагы 1 таблицасында келтирилген Qрн күйүү учурундагы жылуулуктун чектери, Vгучуп чыгуучу заттардын ченеми, Аsкүлдүнчыгышы, Wрнымдуулугу, Sркурамындагы күкүрт, күлдөгү СаОнун курамы, күлдүн деформациялануу t1температурасы от казанындагычаң түрүндөгүотундун долбоордук ченемдерде коопсуз жана туруктуу күйүшүнө шарт түзөт. Тегирмендердин долбоордук өндүрүмдүүлүктө ишенимдүү иштешин 1 таблицадагы Rло майдалануучулук коэфициентинин диапазону, Аsкүлдүүлүгү жана Wрнымдуулугу аныктайт.
Отунду кабыл алуучу, берип туруучу жана майдалоочу системанын үзгүлтүксүз иштөөсү берилүүчүотундун эң чоңкөлөмү Rmaxжана нымдуулукWр менен камсыздалат.
Б3 жана Д категориядагы көмүрлөрдүн жылуулук-физикалык касиеттеринин туруктуулугу жана өз алдынча кычкылдануу процессинин (күйүү жана тутатуу) активдүүлүгүн азайтуу менен колдонулуучу отундун жогорку чеги Vг кармалып турат.
21. Тендердик соодага чейин 1 таблицага ылайык көрсөткүчтөрү бар көмүрлөр дагы тажрыйбалык-өндүрүштүк жагуудан Бишкек ш. ЖЭБинде өтүшү керек.
1 Таблица
Бишкек ш. ЖЭБинде натыйжалуу пайдалануу үчүн көмүр сапаттарынын көрсөткүчтөрүнүн номенклатурасы
№ к/к | Көрсөткүч, белгилөө, чен | Көмүр маркалары боюнча мааниси | ||||||
БЗ | К | Д1) | Д2) | |||||
1. | Күйүү жылуулугу, Qрн, ккал/саат (кДж/кг) |
| ||||||
1.1. | Макулдашма диапазону | 3800 (15922) | 4100 (17179) | 5500 (23045) | ||||
1.2. | Азайтылган баа диапазону | 3700 (15503)
| 3900-4250 (16341-17808) | 5000-5400 (20950-22626) | ||||
1.3. | Баш тартма маанилер | < 3800 (<15922) | < 3900 (<16341) | < 5000 (<20950) | ||||
2. | Күйүүчү массага учуучу заттардын чыгуусу, Vг, %3) |
|
| |||||
2.1. | Макулдашма диапазону
| 35-40 | 25-28 | 34-42 | 42-46 | |||
2.2. | Баш тартма маанилер | ≤32; ≥50 | ≤22 | ≤30
| ≤40; ≥50 | |||
3. | Жумшалуучу массага нымдуулук Wр, % |
| ||||||
3.1. | Макулдашма диапазону | ≤24 | ≤9 | ≤15 | ||||
3.2. | Баш тартма маанилер | ≥25 | ≥12 | ≥17,5 | ||||
4 | Кургак массага күлдүүлүк, Ас, % |
| ||||||
4.1. | Макулдашма диапазону | ≤20 | ≤38 | ≤25 | ≤10 | |||
4.2. | Баш тартма маанилер | ≥22,5 | ≥40 | ≥33 | ≥12 | |||
5. | Күкүрттүн курамдагысы, Sр |
| ||||||
5.1. | Макулдашма диапазону | ≤1,0 | ||||||
5.2. | Баш тартма маанилер | ≥ 1,5 | ||||||
6. | Күлдөгү СаО курамы, % |
| ||||||
6.1 | Макулдашма | ≤18 | ≤5,0 | |||||
6.2 | Баш тартма маанилер | ≥20 | ≥ 10 | |||||
7. | Деформация башталышынын температурасы, t10С |
| ||||||
7.1 | Макулдашма диапазону | ≥1150 | ≥1230 | ≥1120 | ||||
7.2. | Баш тартма маанилер | ≤1130 | ≤ 1200 | ≤1100 | ||||
8. | ВТИ боюнча майдалоо жөндөмдүүлүгүнүн коэффициенти, Кло |
| |
8.1. | Макулдашма диапазону | ≥1,3 | |
8.2. | Баш тартма маанилер | ≤1,2 | |
9. | Бурчтук кесиндилердин максималдуу чен-өлчөмү, Rmax, мм |
| |
9.1. | Макулдашма диапазону | 50-100 | 25-50 |
9.2. | Баш тартма маанилер | ≥100 | ≥ 50 |
1) Күлү көп көмүр;
2) Күлү аз көмүр;
3) БЗ жана Д2) көмүрлөрү үчүн жараксыздыгын көрсөтүүчүVг>50%, тутануучулук жөндүүлүгүн көрсөтүп, ЖЭБдин чектеринде күйүүнүн жылуулугунун жоготууларын төмөндөтүп турат.
Бишкек ш. ЖЭБине отундун партиясын кабыл алууда жана келишимдерди түзүү учурунда көмүрлөрдүн
жеке жылуулук-физикалык касиеттерин эске алуу
22. Жолдомо документтеринен тышкары товардын сапатынын келишимге тура болушун аныктоо максатында анын үлгүсү алынып, талдоодон өткөрүлөт жана акты түрүндө анын баасын төмөндөтүү же кайра артка жөнөтүү керектиги таризделет.
23. Жалпы партиясы менен кошо начар сапаттагы көмүрдүн кампага өтүп кетишин болтурбоо үчүн жана экологиялык көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшүн, жабдуулардын иштөөсүнүн майнаптуулугун азайтууга алып келишин болтурбоо үчүн тендердик документацияга (продукту дүңүнөн ташуу келишимдерин кошо) кабыл алуу процедурасы боюнча бөлүм киргизилет (“Сатып алуу шартына киргизиш үчүн көмүрдү кабыл алуу процедуралары” бөлүмдү кара).
24. Келип тушкөн отундун сапатын текшерүү үчүн түздөн-түз вагондордон же автотранспорттук каражаттын кузовунан QнрVг, Аs, Wр, Sp, Aр, t1 көрсөткүчтөрүн келишимдеги мүнөздөмөлөр менен салыштырып текшерүү үчүн алып, анын негизинде баасын азайтуу, калтыруу же товарды кайтаруу боюнча чечим кабыл алынат. Жүктү түшүрүүдө транспорту адегенде жүгү менен, андан кийин жүгү жок кезинде да таразага тартуу жүргүзүлөт. Кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча 5-акт түзүлөт.
25. Кардар жүктү кабыл алуудан мурда ар бир вагон же автотранспорттук каражаттагы көмүрдүн Qнр , Vг, Аs, Wр, Sp, Aр, t1 боюнча сапатын аныктайт. Мүнөздөмөлөрүн аныктоо аккредитациядан өткөн лаборатория жана адистер аркылуу, баасын төмөндөтүү, жараксыздыгын аныкт, кайтаруу актыларын түзүү менен болот.
26. Кардар 25-пункттагы параметрлерди келишимдеги маанилери менен салыштырат.
27. Эгерде кайсы бир көрсөткүчү келишимдегиден айырмаланып, сапатынын начардыгын (артыкчылыгын) чагылдырса, партиянын баасы төмөндөйт, же жараксыздалып, Отун сатуучуга кайтарууга жатат (жүктү түшүрбөй туруп); 25-27 пункттар боюнча акт түзүлөт. Отун сатуучу көмүрдү даярдоо жана казандарда күйгүзүү шарттары, күйгүзүүдөн чыккан катуу жана газ абалындагы калдыктарды чыгаруу боюнча маалыматты 1 таблицасынан көрсө болот.
28. Акты менен кабыл алынган отун Кардардын шарттары боюнча түшүрүлөт – Кыргыз Республикасынын өлчөөлөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыздоо мыйзамдарына ылайык отуну менен кошо транспорттук каражаттар таразадан өткөрүлүп, жүк тушүрүлгөндөн кийин кайрадан таразадан өтөт.
29. Жогорудагы 25-27-пунктарына ылайык кабыл алуудан кийин салмагы жана сапаты боюнча акт түзүлүп, ошондой эле “Мамлекет аралык стандарт. Генетикалык жана технологиялык параметрлер менен Классификация” 25543 ГОСТун техникалык шарттары боюнча сынамдар анализден өтөт жана экспресс-анализ дагы жүргүзүлөт.
25-пунктуна ылайык кардар кабылалуу аянтчасында Qнр жана Ар параметрлерин баалап, баасын, жарактуулугун аныктайт, жараксыздарын транспорттон түшүрбөй туруп артка жөнөтөт. Мындай учурда баасын төмөндөтүү төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:
Ср'= Ср(Qрн'/Qрн1),
Мында Ср', Ср – 1т отундун такталган жана негизги баасы; Qрн'–1 кг отундун күйүү учурунда чыгарган жылуулугу, ккал/кг; Qрн1 – негизги баа менен алынган отундун күйүү учурунда чыгарган жылуулугунун төмөнкү чеги, ккал/кг.
Текшерилген отунду кабылалбоо чечимин негиздөө үчүнQнр = f (Wр; Aр) параметрин эске алуу менен 1 таблицасынын көрсөткүчтөрүнө таянуу керек.
Ср'= Ср(Qрн'/Qрн1)
Айрым көмүрлөрдүн кулүндөгү СаОнун курамы күлчыгаруучу системанын чапташып калуусунан шлактардын топтолуп калышына алыпкелет. Мындай учурда келишимде бул жагдайларды эске алып, казандардын токтоп калуусун, пайда болгон гипстешүүлөрдү тазалоого кетүүчу чыгымдарды кошо эсептөө керек.
Нымдуулуктун Wр жогору болушу отун берүүчү системанын иштешине терс таасирин берет, ошондуктан кол менен түшүрүүгө кете турган чыгымдарды да келишимдик бааларда эске алуу зарыл.
30. Комиссия (жооптуу жак) отун сатуучулардын документтерин кабыл алып, ушул Методиканын 1 таблицасындагы көрсөткүчтөр менен салыштырып тандоо жүргүзөт.
31. Тандап алууга кабылган көмүрлөр тендердин шарттарына ылайык көрсөткүчтөрүн салыштырылып, жакшылары аныкталат.
32. Пайдалуу касиеттери боюнча, жок дегенде эле «жылуулук берүү» боюнча «Шеллдин» методу аркылуу эң жакшысы аныкталат:
1) Тандоого алынган эки көмүрдүн жылуулук берүү көрсөткүчү жогору болгону биринчи орунга коюлат:
2) Ага калем менен 1-номер ыйгарылат, экинчисине 2 деген номер берилет;
3) Андан соң үчүнчү көмүр 1-номердеги көмүр менен салыштырылып, эгерде анын көрсөткүчү 1-номердикинен жогору болсо, анда ага 1чи номер ыйгарылып, башкалары кайрадан каралат. Ошентип тандоо эң жакшысын аныктаганга чейин жүргүзүлө берет.
33. Терс көрсөткүчтөрү боюнча, мисалы «күлдүүлугү», тандоо тескери тартипте 32 пунктуда көрсөтүлгөн ирет менен жүргүзүлөт.
34. Оң маанидеги көрсөткүчтөрү бирдей болгон учурда, көмүрлөрдүн терс көрсөткүчтөрү аз болгону тандалып алынат.
35. Чечүүчү баа бергенде көмүрлөрдүн бааларынын эң төмөнкүсүнө мани берилет. Керек болгон учурда көмүрдүн орточо баасын аныктоого жол берилет.
1-тиркеме
Отун колдонуулардын башталышы ачык аянтта көмүрдү түшүрүп кабыл алуу жана үймөктөө менен байланышкан.
Кабыл алуу тутуму темир жол жана авто унаа тилкелерин камтыйт. Алардын биринчиси вагон оодаргычтар менен жабдылган.
Үймөктөө тутуму отундарды жыйноочу аянттарга жана ошондой эле которуучу түйүндөрү бар алып берүүчү жана кашааланган тасмалуу конвейерлерге ээ.
Ошондой эле кампадан тышкары казандарга отунду түз берүү үчүн айланма конвейерлер бар.
Тутум тегирмен казандардын орнотмолорунун алдында орнотулган, болоттук кошууларды, тасмалуу конвейерлерди, бункерлерди жана чийки көмүрдү берүүчүлөрдү кармоо үчүн алдын ала жандырылган магниттик сепаратору бар майдалоочу орнотмолордон турат.
Ушул казандардын түрүндө күймөгө чаңды түз үйлөөчү эки чаң системи бар. Ар бир чаң тутуму бункерди жана чийки көмүр берүүчүнү, майдалоочу бараасы бар тегирмен орнотмосун (оодарылгыч орто жүрүштүү тегирмен) өзүнө камтыйт. Көмөкчү жабдуулардын чаңды даярдоо тутумунун мүнөздөмөсү таблица 1.1 келтирилген.
1.1 Таблица
№№ | Аталышы | Чен бир. | Жабдуулардын мүнөздөмөлөрү |
Тегирмендер | |||
1 | Тегирмен түрү |
| МВС-140А |
2 | Даярдаган-завод |
| Сызран оор машина куруу заводу |
3 | КЛО алдындагы караганды көмүрү үчүн өндүрүмдүүлүк = 1,35 | т/саат | 16,0 |
4 | Чаң даярдоо системи |
| От мешине чаңды тикелей үйлөө менен өзүнчө |
5 | Майдалоо столунун айланууларынын саны | ай/мин | 59,2 |
6 | Майдалоо столунун диаметри | мм | 1400 |
7 | Майдалоочу валиктин диаметри | мм | 1070 |
8 | Валиктердин саны | даана | 2 |
9 | Бөлгүч | түрү | Аба аркылуу өтүүчү |
10 | Тегирмен менен редукторду майлоо |
| Борборлоштурулган, “индустриальное 50” – майынын сорту |
11 | Тегирмендин редуктору | түрү | КЦт-700-П 2 баскычтуу конустук цилиндрдик |
12 | Электр кыймылдаткыч | түрү | ДА304-400Х-6У1, А3-12-39-6, ДА30-12-55-6 |
13 | Электр кыймылдаткычтын кубаттуулугу | кВт | 320 |
14 | Электр кыймылдаткычтын айланууларынын саны | ай/мин | 985-1000 |
15 | Чыңалуу | кВ | 6 |
16 | Тегирмендин нормалдуу ишиндеги мотордун керектеген ток күчү | А | 24,5 |
Майдалоочу бараа | |||
1 | Түрү |
| ВВСМ-2 |
2 | Өндүрүмдүүлүгү | м3/саат | 40000 |
3 | Айлануулардын саны | ай/мин | 985 |
4 | Басым | мм в. ст. | 600 |
ПСУ | |||
1 | Түрү, өлчөмү |
| Кыргычтуу – СПУ 700×2520 |
2 | Даярдоочу-завод |
| Черновиц машина заводу |
3 | Өндүрүмдүүлүгү | т/саат | 25 чейин |
4 | Редуктор | түрү | РЦ 4-2 |
5 | Электр кыймылдаткыч | түрү | ПБ-82, П-91, 2П225 |
6 | Электр кыймылдаткычтын айланууларынын саны | ай/мин | 500-1500 |
7 | Электр кыймылдаткычтын кубаттуулугу | кВт | 3,4 |
Көмүр бункери | |||
1 | Саны | даана | 2 |
2 | Бункердин сыйымдуулугу | т | 190 |
Казандардын ар бири күймөгө чаңды тикелей үйлөөчү үч чаң системи менен жабдылган, алардын ар бири өзүнө бункерди, берүүчүнү жана балкалуу тегирменди камтыйт. 1.2 жадыбалда көмөкчү жабдуулардын чаңды даярдоо мүнөздөмөсү келтирилген.
1.2 Таблица
№ п/п | Аталышы | Чен. бирд. | Жабдуулардын мүнөздөмөлөрү |
Тегирмендер | |||
1 | Тегирмен түрү |
| ММА-1660-2030/740м ММТ-1500-2510/750к |
2 | Даярдаган -завод |
| Сызран оор машина куруу заводу |
3 | Өндүрүмдүүлүк ММА ММТ | т/саат |
14,4-17,5 15,8 |
4 | Чаң даярдоо системи |
| Мешке чаңды тикелей үйлөөчү өз алдынча |
5 | Ротордун диаметри ММА ММТ | мм |
1660 1500 |
6 | Жумушчу бөлүгүнүн диаметри ММА ММТ | мм |
2030 2510 |
7 | Бил саны ММА ММТ | даана |
102 92 |
8 | Бөлгүч | түрү | СПММА, аба аркылуу өтүүчү |
9 | Электр кыймылдаткыч | түрү | ДАЗО-13-55-8У3, ДА304-450УК-8У1 |
10 | Электр кыймылдаткычтын кубаттуулугу | кВт | 400 |
11 | Число оборотов электродвигателя ММА ММТ | об/мин |
735/740 750 |
12 | Смазка подшипников |
| Жировая машиностроительная |
ПСУ | |||
1 | Тип |
| ПТУ-820-8900 СПУ2-900-13200 |
2 | Завод-изготовитель |
| Черновицкий машинный завод |
3 | Производительность | т/ч | 15-62,5 |
4 | Редуктор | тип | РЦУ 4 |
5 | Электродвигатель | тип | ПБ-82 |
6 | Электр кыймылдаткычтын айланууларынын саны | ай/мин | 300-1500 |
7 | Электр кыймылдаткычтын кубаттуулугу | кВт | 10 |
Көмүр бункери | |||
1 | Саны | даана | 3 |
2 | Бункердин сыйымдуулугу | т | 90 |
Бул казандардын от мештери суубууларынын чөйрөсү менен ысытылуучу түтүктөр менен экрандалган жана каптал жактарында тангенциалдык орнотулган түз күйгүчтөр менен, ошондой эле үйлөөчү бараалар жана аба киргизгичтер менен жабдылган.
Долбоордук күймөлөр – аралаштыруучу түрү.
Ст №№10,12 казандарында долбоордук күймөлөр активдүү күйүү аймагында реагенттик агымдардын бөлүштүрүлүп кирген түйүндөргө алмаштырылган.
Күйүүчү газ абалындагы заттарды эвакуациялоо системи мештин чыга турган терезесине ысытуунун конвекциялык бети туташкан, күл кармагычтар (скрубберлер), түтүн соргучтар менен газ жибергичтерге ээ.
Катуу заттардын күйүүсүн алып таштоо системи от мешинин камерасынын муздак чыпкасынын астына орнотулган, ваннаны суу менен толтуруучу, шлак чыгаруучу арабага ошондой эле күлшлактарды чыгаруучу каналдар келтирилген күл кармагычтардын күл кабыл алгычтарына ээ.
От меши казандардын ар бири каптал дубалдын ар биринде үчтөн үйлөөчү вентиляторлору, ысык үйлөөчү вентиляторлору, аба жибергичтери бар алты куюндуу чаң көмүр күймөсү менен жабдылган.
Күйүүчү газ заттарын эвакуациялоо системи ысытуунун конвективдүү беттери бар мештин чыга турган терезесине туташкан газ жибергичке, күл кармагычтарга (электр фильтри), түтүн соргучтарга ээ.
Күйүүчү катуу заттарды алып салуу системи күл кармагычтардын күл кабыл алгычтары, күл шлак чыгаруучу каналдары меш камерасынын муздак чыпкасынын астында жайгашкан суу менен толтурулган арабалуу шлак чыгаруучу ваннага ээ.
1.3 Таблица
№№ к/к | Көрсөткүч, белгилөө, чен | Мүнөздөмө, мааниси | |
БКЗ-160 казаны | БКЗ-220 казаны | ||
1.
2.
3. 4.
5.
|
Күйгүзмө
Меш дубалдарындагы алгы түйүндөрүн компоновкалоо түзмөсү. Алгы түйүндөрүнүн катмар саны, nяр, даана Күймө катмарынын максималдуу салыштырмалуу жылуулук чыңалуусу, Күйүүнүн активдүү аймагынын нурдуу бетинин салыштырмалуу жылуулук чыңалуусу, |
Түз тийме
Тангенциалдык
2/2
1,25/1,25
2/2
|
Куюндуу
Бет маңдай
2
1,2
1
|
2-тиркеме
Күйүү жылуулугунун өзгөрүшү, алды менен, көмүрдүн нымдуулугунун же күлдүүлүгүнүн, же бул эки көрсөткүчтү бирге алгандагы өзгөрүшү менен байланышкан. Күйүү жылуулугун төмөндөткөндө, анын тутандыруу мүнөздөмөсү начарлап, аларда мазутту же газды кошумча бербестен (факелди мазут же газ менен жандыруу) туруктуу иштей ала турган меш казандардын бууну минималдуу өндүрүүсү жогорулайт.
Кургатуу жана майдалоо боюнча максималдык өндүрүмдүүлүктүн төмөндөшү меш казандардын бууну максималдуу чыгаруу мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөт, т.а., от казандардын жүгүн өзгөртүүнүн мүмкүн болуучу диапазону төмөндөйт. Мында от жагылчу меште жана от казандын газ тегеренүүчү жолунда газдардын табы төмөндөйт, буунун эсеп параметрлери (табы жана басымы) көтөрө албай калат, от казандардын эксплуатациялоочу орточо жүгү төмөндөйт, акырында анын экономикалык бардык көрсөткүчтөрү начарлайт (пайдалуу аракеттин коэффициенти (ПАК) төмөндөйт, берилген кВтч га отундун салыштырма чыгымы, жеке керектөөлөргө электр энергиясынын салыштырма чыгымы жогорулайт, механикалык жагып бүтпөс жана кеткен газдар менен жылуулуктун жоголушу көбөйөт, отун ашыкча чыгым болот).
Күйүү жылуулугунун төмөндөшү жана от казандардын агрегаттарынын бууну өндүрүшүнүн ошондой төмөндөшү дайыма эле мазут/газ менен тутанышы же көмүрдүн чыгымын жогорулатуу менен компенсациялана бербейт.
Анын натыйжасы болуп ТЭСтин жайгашкан кубаттуулугунун төмөндөшү саналат.
Жагылуучу көмүрдүн сапатын жакшыртууда башкача картина пайда болот, жана үнөмдүүлүк айрым учурларда жакшырышы да мүмкүн. Ошентсе да, от жагылуучу меште жана от казандардын газ жүргөн түтүктөрүндө аба табынын жогорулашы от жагылуучу мештердин жана от жагылуучу мештерди ысытуунун конвективдик үстүнүн шлакка толуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Мындан сырткары, зыяндуу газдардын (NOx и SO2 )чыгышы жогорулайт.
Калориялуулукту төмөндөтүүдө электр станцияларынын көрсөткүчтөрүнүн начарлашы калориялуулукту жогорулатууга караганда тезирээк жана көрүнүктүү жүрөт.
Электр станцияларында атайын орточо өлчөмгө келтирүүчү жана байытуучу комплекстердин жоктугу түрдүү калориялуу көмүрлөрдүн кезектелип жагылышына алып келет.
Түрдүү сапаттуу мүнөздөгү көмүрлөрдү же алардын аралашмасын кезектеп жагуу үчүн айрым көмүрлөрдүн мүнөздөмөлөрү боюнча шлак толтурууну пайда кылуу же күчөөтүү мүмкүнчүлүгүн баалоо өтө татаал болот. Так баалоо үчүн эки-үч айдан кем эмес жүргүзүлгөн сынам катары жагуунун, же от жаккан мештерди бир нече ай бою сынамга иштеткендигинин натыйжалары керек. Мында электр станцияларынын негизги көрсөткүчтөрү келген көмүрлөрдүн эӊ төмөнкү калориялуусун туруктуу жагууга караганда начарыраак болуп чыга келет.
Жогоруда белгилегендей, түрдүү сапаттагы көмүрлөрдү кезеги менен жагуу - айрым түйүндөрдүн жана жалпы эле от мештеринин иштөөсүнүн туруктуулугунун жана оптималдуулугунун бузулушунун эсебинен, от мештеринин иштөөсүнүн ишенимдүүлүгүн жана үнөмдүүлүгүн кошумча төмөндөтүүгө алып келет. Кезектешкен жана туруксуз режимдердин көйгөйлөрү көмүрдүн жаӊы (долбоордук эмес) маркаларын жагуунун башталышында өзгөчө күчөйт.
Учуучу заттардын чыгышы көмүрдүн аба кычкылтеги менен өз ара аракеттенүсүнүн аба табынын жогорулашында өсүп туруучу ылдамдыгын, т.а., көмүрдүн реакциялык жөндөмүн аныктайт жана бул көрсөткүч аркылуу факелдик күйгүзүү үчүн көмүрдүн майдасынын ичкелигин (R90 , R200) талап кылган от жагылчу жерлердин жана от казандардын горелкаларынын конструктивдик көрсөткүчтөрүн, ошондой эле көмүрдүн кампаларда жана бункерлерде сакталышында кычкылдоого жана өзүнөн-өзү күйүп кетүүгө ыктуулугун аныктайт.
Отунду кургатуунун жана майдалоонун маанилүү көйгөйлөрүнүн бири – бул процесстердин жарылууга коопсуздугун камсыз кылуу саналат. Жарылууга коопсуздуктун колдонуудагы эрежелери боюнча, отундардын мүнөздөмөлүрүнүн бүтүндөй комплексинен, эӊ алды менен калориялуулуктан, учуучу заттардан, күл чыгуудан көз каранды болгон жарылуунун Кт критерийи биринчи жолу киргизилди. Учуучу заттардын өлчөмүнө күйүүчүлөр, негизинен углеводороддор, гана эмес, күйүүчү эмес газдар да, мисалы, азот жана «энелик» суу буулары да кирет.
Мисалы алсак, кузнецк бассейнинин көмүр маркаларынын көбү жарылуунун 2 жана 3-группаларына кирет. Ошондуктан бул көмүрлөр кычкылтектин кургатуучу агентте болушу 16%дан ашпаган газдык кургаткыч менен да, аба аркылуу кургаткычы (О2 = 21%) менен жана тегирментин түрдүү типтери менен да көмүр чаӊын даярдоо системасында (ЧДС) колдонулат.
Көмүрдүн көптөгөн маркалары, аны менен бирге 2 жана 3-группадагы маркалары чаӊдаганга жана топтолгон чаӊдын өзү тутанып кетүүсүнө ылайык болгондуктан, жылуулукту берүүчү имарат респирациянын жана гидротазалоонун иштеп турган системасы менен жабдылышы керек. Топтолуп калуунун алдын алуу үчүн бардык конструктивдүү элементтер колдонулуучу бурчтардын жантаймасынын табигый бурчунан чоӊураак жантайыӊкы бурчка ээ болушу керек.
Көмүрдүн жумушчу нымдуулугу анын маанилүү мүнөздөмөлөрүнүн бири болуп саналат жана эки түзүүчүдөн турат: көмүрдүн конкреттүү маркасы үчүн туруктуу жана өтө бийик аба табында (8000 С тан жогору) бууланып кетүүчү «энелик» аналитикалык жана тышкы чөйрөнүн нымдуулугуна жана аба табына жараша өзгөрүүчү тышкы түзүүчүдөн.
Жогоруда каралгандардан сырткары, күйүүнүн жылуулугуна жана ал аркылуу от казандардын ишинин көрсөткүчтөрүнө жогоруда каралган таасирден сырткары, жумушчу нымдуулуктун өзгөрүшү көмүрдүн жана ТЭС жабдууларынын ишинин көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүшүнө алып келиши мүмкүн.
ЧДСда (чаӊды даярдоо системасында) отунду кургатуу процесси негизинен келтирилген (Wп = % / 1000 ккал) нымдуулугу менен аныкталат. Долбоордук чоӊдуктан четтөөнүн жол берилген диапазону +/- 5 – 10% ды түзөт. Келтирилген нымдуулукту долбоорлук нымдуулукка салыштырмалуу 15 – 20%дан ашык кичирейтүү тегирменден чыгып жаткан оозунда көмүр чаӊынын табынын жогорулашына алып келет, бул болсо « …… жарылуу коопсуздугу эрежеси» боюнча чектөөлөргө ылайык, ЧДСтин жарылууга коопсуз ишин камсыздоо боюнча атайын чараларды кабыл алууну талап кылат.
Ички нымдуулукту жогорулатуу, алды менен, көмүрдүн үбөлөнмө касиетин өзгөртүүгө (начарлатууга), отунду жүктөөдө жана анын жылуулукту берүүчү трактылары жана ЧДС боюнча өтүүсүндө кыйынчылыктарга алып келет. Бул болсо вибро- же пневмо кыйроонун атайын системаларын колдонгон учурда да тейлөөчү персоналдын санын олуттуу көбөйтүүнү талап кылышы мүмкүн.
Кыш мезгилинде, өзгөчө узакка созулган транспортировкаларда жана нымдуулук жогору болуп турганда көмүрлөрдүн тоӊуп калуусу жогорулашы мүмкүн, ал болгон эритүүчү түзүлүштөрдүн өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууну, кошумча кубаттуулукту уюштурууну, ошондой эле персоналдын олуттуу көбөйүшүн талап кылат.
Көмүрдүн келтирилген нымдуулугу жогорулагандакөмүрдү от казан агрегатында жагуунун үнөмдүүлүгү кетип жаткан газдар менен жылуулукту жоготуунун эсебинен төмөндөйт, көмүр чаӊын даярдоо системасынын кургатуучу өндүрүмдүүлүгү чектелиши мүмкүн, анын негизинде өз кезегинде даяр чаӊдын нымдуулугунун өсүшүнө жана от казан жабдыктарынын ишинин ишенимдүүлүгүнүн төмөндөшүнө алып келет. Көмүр чаӊынын нымдуулугунун жогорулашы чаӊдын аралык бункери менен чаӊды даярдоо системасы үчүн өзгөчө коркунучтуу болушу мүмкүн, себеби ал бункерлердин жана азыктандыруучу чаӊдын ишин начарлатууга алып келиши мүмкүн.
От казандар дайыма жылуу болуп турган учурда жумушчу нымдуулуктун жогорулашы суу бууларынын көлөмүнүн жана ысуунун конвективдик бетиндеги түтүн газдарынын ылдамдыктарынын жогорулашына алып келет. Ылдамдыктардын белгиленген жогорулашы бир жагынан ысытуунун конвективдик бетиндеги жылуулукту алмашууну жакшыртса, экинчи жагынан алардын абразивдик эскиришин күчөтөт. Ысытуунун конвективдик бетинин абразивдик эскирүүсүнөн терс натыйжа жылуулукту алмашууну жакшыртуудан оӊ натыйжага караганда маанилүү катары бааланат.
Суу бууларынын көлөмүнүн жогорулашы түтүндү соргучтардын өндүрүмдүүлүгүн чектөөгө, жана анын негизинде от казандардын өндүрүмдүүлүгүн чектөөгө алып келиши мүмкүн.
Түтүн газдарынын салыштырма нымдуулугун бир эле маалда жогорулатуу - электр фильтрлеринин жана башка күлдү жана күкүрттү тосуп алуучу жабдуулардын ишин жакшыртышы, аны менен бирге зыяндуу заттардын абага чыгышын төмөндөтүшү жана экологиялык төлөмдөрдү азайтышы мүмкүн.
Жумушчу күлдүүлүк дагы эки түзүүчүдөн турган, анын маанилүү сапаттуу мүнөздөмөлөрүнүн бири болуп саналат: күйүүчү бөлүгү, алды менен углерод жана аны менен байланышкан углеводороддор (ал көмүр үчүн туруктуу) менен тыгыз байланышкан «энелик», жана тышкы шарттардан, курчап турган нымдуулуктан, көмүр казып алып жаткан жердин жайгашышынан улам өзгөрүп туруучу – тышкы.
Жогоруда 1-п. каралгандардан сырткары күйүүнүн жылуулугуна жана ал аркылуу от казандардын көрсөткүчтөрүнө, жумушчу күлдүүлүктүн өзгөрүшүнө таасир этүү көмүрдүн көрсөткүчтөрүнүн жана ТЭС жабдыктарынын ишинин өзгөрүшүнө алып келиши мүмкүн.
Жалпы күлдүүлүктүн жогорулашы ТЭСтин жабдыктарынын (көмүрдү түшүрүүчү тутум, көмүрдү транспорттоо тутуму, көмүрдү майдалоочу жабдык, алды менен, тегирмендин тез эскирүүчү элементтери (шаровойдогу шарлар, балкалардын башы, орточо жүрүүчү тегирмендердин валиктери жана тегирмен-вентиляторлордун жумушчу калактары), ошондой эле сепараторлору жана чаӊды өткөрүүчүлөрү менен тегирмендердин бардык типтериндеги, өзгөчө ЧДСтин бардык типтериндеги алардын кайрылыштарынын брондорунун пропорционалдык эскиришине алып келет. Мындан сырткары күлдүн көлөмүн көбөйтүү меш казандардын ысытылышынын конвективдик үстүнүн жана түтүндү соруучулардын калактарынын эскиришинин тездешине алып келет.
Күлдүн чыгышын көбөйтүү күлдү кармап калуучу жабдуулардын иштешин кыйындатат жана ТЭСтин экологиялык көрсөткүчтөрүн начарлатат. Көмүрдү күйгүзүүдө экологиялык төлөмдөрдүн көпчүлүк бөлүгү ченемге салынган көрсөткүчтөрдөн (чектеги урукат берилген концентрация – ЧУК) жогору болгон күлдүн түшүшүнө жана күлдөн шлак калдыктарына туура келет. Мындай чыгымдардын чоӊдугун күлдү тосуучу жабдуулардын КПДсын эске алуу менен күлдүн тутумунун өзгөрүшү боюнча баалоого болот (ыргытуулардын көлөмү = жумушчу күлдүүлүк * (1 – КПД)).
СПП жабдуусунун өзгөчө эскирип кетиши күлдүн чыгышын жогорулаткандан сырткары, абразивдик түзүүчүнүн чоӊоюшунан улам абразивдүүлүктүн өсүшүнө алып келиши мүмкүн: SiO2 , Fe2O3 и СаО + MqO – кварц куму түрүндө, пириттик, колчедандык жана граниттик жагуулар түрүндө. Көмүрдүн күлүнүн абразивдүүлүгүнүн кабыл алынган мүнөздөмөсү (катуу жана жумшак түзүүчүлөрдүн катышы) жок жана күлдүн абразивдүүлүгүн баалоо үчүн көмүрдү жагуу жана жабдууларды эксплуатациялоо жөнүндөгү чыныгы маалыматтар пайдаланылат.
Күлдүн чыгышынын өзгөрүшү аны түзгөн зыяндуу заттардын - зыяндуу да, жана күлдү германия, же СаО кошулмасы сыяктуу сейрек жер элементтерин алуу булагы катары кылган, күлдү айыл чарбасында жана курулушта пайдаланууга мүмкүндүк берген салыштырмалуу пайдалуу да заттарды чыгаруу көйгөйүнүн күчөшүн пайда кылуучу радиоактивдүүлүктүн, фторду, хлорду жана бензапиренди камтышынын - өзгөрүшүнө жараша да болушу мүмкүн.
Күкүрттүн өлчөмү от казандардын абаны жылыткычтарынан сырткары кетип жаткан газдардын табын, аны менен бирге от казандардын конструкциясын аныктайт, себеби күкүрттүн өлчөмүнүн көбөйүшү менен абаны жылыткычтардын металл элементтеринин күкүрт кычкылдыгынын коррозиясынын (H2SO4 шүүдүрүмдүн чекити) башталышынын табы жогорулайт.
Күкүрт кычкылдыктуу коррозиянын алдын алуу максатында кетип жаткан газдардын табын жогорулатуу керек, ал эми кетип жаткан газ менен жылуулукту жоготуу от казандардын агрегаттарындагы жоготуунун негизги түзүүчүсү болгондуктан, бул жагдай от казандардын КПДсына жана алардын жалпы эле ишинин үнөмдүүлүгүнө терс таасирин тийгизет (азаюу тарабына). Ошондой эле абаны жылытуучулардын жана эконоайзерлердин конструктивдик өзгөчөлүктөрүнө өзгөчө мамиле талап кылынат.
Көмүр чаӊын жагылуучу от казандар үчүн күкүрттүн болушу күкүрттүн зыяндуу кычкылынын абага чыгышынын көлөмүн, экологиялык төлөмдөрдүн өлчөмүн, күкүрттү тосуп алуучу жабдуулардын зарылдыгын, тибин жана өндүрүмдүүлүгүн аныктайт. Күкүрттү тосуп алуучу жабдуулар жок болгондо күкүрт кычкылынын бир аз жупташтыруу отунда болгондордун же СаОнун атайын кошулган кычкылынын же күкүрт кычкылынын нымдуу күл тосуучусунун жабдыгында жарым жартылай эришинин эсебинен мүмкүн болот. Отунда күкүрттүн аз санда болушу терс таасир бергенден сырткары, оӊ таасир да бериши мүмкүн, себеби ал айрым көмүрлөрдүн электрофильтрлерде күлдүн электризациясынын карама-каршы аракеттенүүсүн төмөндөтөт жана электр фильтрлерде күлдү тосуп алуунун жакшырышына жана анын абага чыгышынын азайышына көмөк көрсөтөт.
Азоттун болушу азоттун кычкылынын абага от казандан кетип жаткан түтүн газдары менен зыяндуу чыгышынын санын аныктайт. О казанда пайда болгон азот кычкылынын жалпы санын эки бөлүккө бөлүүгө болот: азоттон пайда болгон жана жагуу технологиясына анча көз каранды болбогон отунга, жана азоттон пайда болгон, от казандардын от жагылчу жеринде жеткен максималдык таптан, т.а., жагуу технологиясынан көз каранды болгон абага.
Эгер от казандагы азот кычкылын төмөндөтүүнүн технологиялык резервдери түгөнсө, отунда азоттун курамынын жогорулашы ченемден ашык чыккандыгы үчүн же азотту тосуп алуучу атайын жабдууларга айып пулдарды төлөгөнгө олуттуу чыгымдарды талап кылышы мүмкүн.
Күлдүн элементардык курамын күлдүн касиетин эксперттик баалоо үчүн колдонушат: алды менен жылытуунун конвективдик бетинде шлактын топтолуусуна жана катуу катмарлардын пайда болушуна ынтаалыгын, жана күлдүн абразивдик касиетин баалоого колдонот.
Көмүрдүн айрым түрлөрү үчүн, мисалы, канско-ачиндик түрү үчүн шлактын топтолуу мүмкүндүгүн күлдүн химиялык курамы боюнча баалоого болот, ал үчүн көпчүлүк учурларда
( СаО + MqO + K2O + Na2O + Fe2O3) / (SiO2 + Al2O3 + TiO2)
(алым –щелочтук / негизгитүзүүчүлөр, бөлүм – кычкылтүзүүчүлөр) катышынколдонушат.
Башка маркадагы көмүрлөрүчүн мындай баалоону ныкмаларын иштеп чыгуу кошумча изилдөөнүн маселеси болуп саналат. Ысытуунун конвективдик бетиндеги катуу катмарлардын пайда болушуна ынтаалыгын аналогиялык катыш жана СаО + MqO и K2O + Na2О тутумдун суммасы боюнча баалашат.
MqO нун таасири СаО го жакын, бирок анын концентрациясын ыназдыгын анан чаачык көрүнбөйт. K2 +Na2O нун таасири андандааз көрүнөт жана негизинен сейрек кездешүү чүкурамдардан 6-7% дана шыгыраак байкалат (туздуу көмүрлөр деп аталат).
Кальцийдин кычкылынын болушу, жогоруда белгилеп кеткендей, көпчүлүк учурда отундун шлактоочу касиетин аныктайт, жана эӊ негизгиси – ысытуунун конвективдик бетинде оӊой менен тазаланылбаган катуу катмарларды пайда кылдыруу жөндөмүн аныктайт. Мындай катмарлар, негизинен, күлдө СаО 15-20%дан ашык болгондо жарала баштайт. Са кычкылынын күкүрттүн, углероддун, темирдин кычкылдары менен кошулганда, алар суу менен өз ара аракеттенишкенде оӊой менен тазаланбаган гипстик-цемент сымал катмарларды жаратат. Ошондуктан күлдө СаО 15-20%дан ашык болгондо күлдү тосуп алуунун нымдуу системасы колдонулбайт, ал эми күлдү шлакты тазалоо гидросистемасынын суу менен камсыздоонун арткы системасы менен ишенимдүү иштеши үчүн бул системалардын жабдууларын резервдөөнү көбөйтүү жана бул системалардын элементтерин оӊдоп-түзөгөнгө жана алмаштырганга пландык чыгымдарды жогорулатуу керек.
Бирок, муну менен тазаланган суунун рHтын мындай гидросистемада 9-10дон ашык чоӊоюшуна жол берилбеши керек.
Мында күлдүн ашыкча шакарланышы жана анда «былжыр» элементтердин, т.а., СаО (25-40%) болушу, мындай күлдү айыл чарбасында жерди кычкылдандыруу үчүн жана курулушта, өзгөчө жол курулушунда бетондорду толтургучтар катары пайдалануу мүмкүнчүлүгүн шарттайт.
Күлдүн табынын мүнөздөмөсү алды менен мындай (Та; Тb; Тс) (а – деформациянын башталышы, в – жарымсферанын эриши, с – суюкэриме абал/агуусу). Күлдүн табынын аныктоо ыкмасы боюнча мүнөздөмөсү күлдүн «шлактоочу» жана «суюк эрүүчү» абалынын э объективдүү көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат жана көпчүлүк учурларда шлакты тазалоонун ыкмасын жана түзүлүшүн, ошондой эле от казандардын отундарынын конструкциясын тандоону аныктайт. (“Тепловой расчет котлов. Нормативный метод.” НПО ЦКТИ, Санкт-Петербург,1998 г.). Бул сапаттык көрсөткүч шлакты суюк тазалоочу от казан агрегаттары үчүн өзгөчө мааниге ээ.
Майдалоо жөндөмүнүн коэффициенти көмүрдүн майдаланууга жөндөмүн аныктайт.
Эскертүү: учурда бул коэффициент эки шкала боюнча аныкталат: по шкале БЖТИ (Бүткүл союздук жылуулук техникалык институту) шкаласы боюнча – К ВТИ боюнча, жана Хардгроува шкаласы боюнча – К ХАР боюнча. Майдалоо жөндөмүнүн коэфициенттеринин ортосундагы өз ара байланыш «Расчет и проектирование пылеприготовительных установок котельных агрегатов» (Нормативные материалы). Ленинград 1971-ж.документтерине ылайык белгиленет
Майдалоо жөндөмүнүн коэфициентин көбөйтүү отундардын жеӊил майдаланышына жана электр энергиясынын майдалоого жана көмүр чаӊын даярдоого салыштырма чыгымынын кыскарышына туура келет.
Майдалоо жөндөмүнүн коэффициенти отундун майдаланууга жөндөмүн аныктайт жана керектүү тегирмендердин, сепараторлордун, отунду тамызгычтардын жана СППнын башка жабдыктарынын өндүрүмдүүлүгүн аныктайт.
Баштапкы отундун жана даяр көмүр чаӊынын (R5 , R10 , R90 , R200) гранулометрикалык курамы баштапкы отунду жана даяр көмүр чаӊын көмүр үчүн ячейкалардын 5 жана 10 мм өлчөмүндөгү электердеги калдыктары жана даяр чаӊ үчүн 90 жана 200 микрон боюнча мүнөздөйт.
Казылып алынган жана электр станциясына жеткирилген көмүрдүн гранулометрикалык курамы
Кабыл алынган бункерлердин торлорунда атайын «аягына чейин майдалоочу» механизмдерди пайдалануу зарылдыгын, ошондой эле баскычтардын санын, тибин жана жылуулукту берүүчү трактыда майдалагычтардын өндүрүмдүүлүгүн аныктайт. Электр станциясына түшкөн отундун кесиндилери канчалакы кесегирээк болсо, аны майдалоо жана чаӊын даярдоо үчүн ошончолук көбүрөөк чыгым талап кылынат. СППнын кабыл алынган бункерлерине берилген отундун гранулометрикалык курамы жана даяр чаӊдын керектүү гранулометрикалык курамы керектүү типтерди жана тегирмендердин жана чаӊдын сепараторлорунун өндүрүмдүүлүгүн аныктайт.
СППнын бункерине түшкөн отундун кесиндилери канчалык кесек болсо, жана чаӊдын өтө жука майдаланышы канчалык керек болсо, көмүрдү майдалоого ошончолук чыгым талап кылынат.
БЖТИ (Бүткүл союздук Жылуулук техникалык илимий-изилдөө институту) адистеринин пикири боюнча, начарлатылган сапаттагы көмүрдү жагуунун натыйжасында РФ ТЭСинде электр энергиясынын толук иштелип чыкпашы, экологиялык абалды жакшыртуудан пайданы эске албастан дагы, аны байытууга кеткен бардык чыгымдарды жаба алмак.
Ушуга байланыштуу, энерго ишканаларын азыркы учурда отун менен камсыз кылуу катуу отундун маркалык бир курамынын чегинде же отундун бул түрүнүн чегинде түрдүү маркаларды аралаштыруу жолу менен отундардын мүнөздөмөсүн ортолотуу жолу менен жетишүүгө мүмкүн болгон(бир түрдүүлүктү калыптандыруу) отундун касиетин турукташтыруу өтө зор роль ойнойт. Кадимки таш көмүрлөрдү ортолотууга болот, күрөӊ көмүрлөргө мындай операцияларды жасоого болбойт.
Эреже катары, көмүрлөрдү негизги техникалык мүнөздөмө боюнча орточо өлчөмгө келтирүү аны казып чыгарган жерлерде жүзөгө ашыруу максатка ылайык. Отундун бир маркасынын чегинде нымдуулук, күлдүүлүк, жана күйүүнүн жылуулугу, ошондой эле азоттун жана күкүрттүн курамы да орточо боло алат. Аралашмадагы компоненттердин эсептик салмагы жана көлөмдүк үлүшү сапаттын дайындалган көрсөткүчүн орточосалмактанган чоӊдуктан сыяктуу шартынан аныкталат.
Отундун бардык касиеттери түрдүү себептер менен орточо көлөмгө келтирилбейт, себеби отундун бул сапаттык мүнөздөмөлөрү алардын аралашмасында аддитивдик касиеттерге ээ эмес. Бир маркадагы же отундун бир түрүнүн түрдүү маркасына таандык отундарды аралаштыруу аркылуу төмөнкүлөрдү орточо өлчөмгө келтирүүгө болбойт:
- бир түрдөгү, бирок, түрдүү реакциялык жөндөм (учуучу заттардын чыгуусу), чаӊдын майдаланыш ичкелигинин орточлонгон чоӊдугун камсыздоо мүмкүн болбогондугу (майдалоо жөндөмүнүн коэфициенттеринде айырмачылыктар) менен мүнөздөлгөн ар башка маркадагы отундар – майдалоочу түзүлүштөрдүн түрдүү типтерин пайдалануу зарыл, тандоо – анын аралашмадагы үлүшүнө карабастан, майдалоо жөндөмүнүн эӊ кичине коэффициенти менен мүнөздөлгөн отунга ылайык;
- жарылуу коопсуздугунун критерийлеринин (Кт) түрдүү маанилери менен мүнөздөлгөн отундар - жарылуу коопсуздугундагы отундун аралашмасындагы үлүшүнө карабай, ал чаӊды даярдоонун жана жылуулукту берүү тутумун эксплуатациялоонун жарылуу коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын топтомун жана коргоону аныктайт;
- алардын минералдык түзүүчүлөрү шлакталууга жана ысытуунун бетинин кирдешине (кальцийдин, магнийдин, калийдин, натрийдин кычкылы) түрдүү ынтаасы бар отундар - аралашманын компоненттеринин минералдык бөлүктөрү топтук камерада өзүлөрүн такыр эркин, аралашманын ар бир компоненти «таза» түрүндө жагылгандай алып жүрүшөт, ал болсо отундун ушул эле түрүн «таза» түрүндө жакканга караганда интенсивдүү шлакталууга алып келет:
курамында кальций кычкылынын түрдүү камтылышы менен мүнөздөлгөн отундар, нымдуу күлдү тосуп алуу жана күлдү чыгаруу системасынын ишенимдүү ишин камсыз кылбайт;
шлактануунун башталышында олуттуу айырмаланган аба таптары менен отундар – аралашманын шлакталышынын табынын мааниси шлакталуунун төмөн табы менен көмүрдүн аралашмасында кичинекей эле үлүшү болуп калганда да дароо төмөндөйт; аз шлакталчу көмүрдүн топтук камеранын үстүн шлактоого ынтаасы аралашмага өтө шлакталуучу көмүрдү бир аз болсо да кошкондо олуттуу жогорулайт.
Катуу отундун сапатын орточо өлчөмгө келтирүү/аралаштыруу жолу менен турукташтыруу техникалык бир нече маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берет:
- төмөнкү сорттогу отундарды күйгүзүү мүмкүнчүлүгү;
- жабдуунун ишинин ишенимдүүлүгүн жогорулатуу;
- айлана-чөйрөгө зыяндуу ташталмалардын өлчөмүн төмөндөтүү.
Отундарды аралаштыруу көбүнчө, аларды казып алган жерден сырткары, деӊиз жана дарыянын портторунда - үймөктөлгөн жүктөрдүн транспорттун бир түрүнөн экинчи түрүнө жүктөөчү жерлерде жүзөгө ашырылат.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, конкреттүү көмүрдү конкреттүү энергожабдыгында жагуу мүмкүндүгү жөнүндө аналитикалык маалыматтарга жана эксперттик баалоолорго ээ болуп туруп дагы, иш жүзүндө аларды бир-эки айдан кеч эмес убакытта жүргүзүлүүчү же от казандарды бир инече ай бою сынамдык иштетүүдө сынамдык жагып көрүүнүн жыйынтыктары боюнча текшерүү керек
Отундун сапаттык көрсөткүчтөрүнүн чектеги уруксат берилген мааниси ТЭСтин технологиялык циклинин башка этаптарында өндүрүмдүүлүктүн резервдери, жана колдонулуучу негизги жана ТЭСти долбоорлоо этабында каралуучу көмөкчү жабдуулардын ийкемдүүлүгү менен аныкталат
Бул бөлүм катуу отунду жеткирүүчү ишканалар үчүн, тактап айтканда, Кыргыз Республикасында көмүрдүн негизги керектөөчүсү катары Бишкек ТЭЦ-1ге маалымдама материал болушу мүмкүн.
3-тиркеме
1. Буу чыгуучу от казандардын иши жылуулукту бөлүп чыгаруу жана аны суу буулануучу жумушчу чөйрөдө түтүктөр системасы (жылуулукту алмаштыргычтар) аркылуу суу буулануу жумушчу чөйрөсүндө өткөрүп берүү менен отунду жагууга (кычкылдандырууга) негизделген. Буу түрүндөгү ысытылган жумушчу чөйрөнү керектөөчүлөргө бөлүп берет (электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн турбогенераторлорго, коштоочу өндүрүштөргө). Көмүрдүн чаӊын дубалдарын суулануучу буунун чөйрөсү менен болгон түтүктөр менен экрандаштырылган. От жагуучу камеранын ичинде жылуулукту генерирлеген чаӊдуу бурчтук факель түзүлүп, өнүгөт. Мында иштелип чыккан жылуулуктун бөлүгү от жагуучу жайдын экранына, дагы бөлүгү - бууну жылытуучуга, экономайзерге жана газдын жүрүшүнүн от жакчу жеринде абаны жылытуучуга берилет. Факелдик күйүүнү колдоо үчүн от жакчу жайга гарелка аркылуу көмүр чаӊынын жана абанын агымдарын жиберет.
2. Бишкек шаарынын ТЭЦинде түрдүү көмүрлөрдү жакканда, көмүрдү сатып алуу боюнча чечимдерди даярдоонун түрдүү баскычтарында төмөнкү көрсөткүчтөр талдоого алынат:
- от жагуучу жайдын факелинин жылуулук мүнөздөмөсү;
- отунду пайдалануучу жабдыктын ишенимдүүлүгү;
- отунду пайдалануучу жабдуунун экологиялык жана техникалык-экономикалык күрсөткүчтөрү.
3.От жагуучу жерге отунду салуунун касиетинен, күйүү камераларынын конструкцияларынан жана ага реагент агымдарын киргизүү шарттарынан улам, коштоочу терс кубулуштар чоӊ же кичине даражада чыга берет:
- от жагылуучу камералардын дубалдагы экрандарынын, жана факелдик жана суудан буу чөйрөсүнүн ортосундагы жылуулукту алмашууну от казандардын бууну өндүрүүчүлүгүн төмөндөтүү менен начарлатуучу күл жана шлак менен ысышынын конвективдик бетинин кирдеши;
- тез өтүүчү кирдөө, жана амбразураны, күйүүчү түзүлүштөрдүн конструкцияларын термобузуу;
-зыяндуу заттардын, анын ичинде учуучу күлдөрдүн, азыт кычкылынын (NOx) жана атмосферага ташталуучу күкүрт кычкылынын (SOx), ошондой эле отвалдарга чыгарылуучу күлдүн жана шлактын көп санда пайда болушу.
4. Күйүүчү өнүмдөрдү от жагылчу жердин сыртка чыгуучу терезесине кошулган газ өтүүчү жеринде которуу - ысытуунун конвективдик бетинин, өзгөчө орчундуу – абаны жылытуучулардын күлгө булганып эскириши менен коштолот. Көмүр породасында СаО көп санда болсо газды тазалоо системасын жана күлдү шлакты өткөрүүчү каналдарды гипстөө жүрөт. ТЭЦтин тиешелүү жоопкер бөлүмчөлөрү жогоруда белгиленген көрсөткүчтөрдү үзгүлтүксүз көзөмөлдөөгө жана аларды төмөндөтүүгө, алды менен көмүрдү тандоону оптималдаштыруу жолу менен чараларды кабыл алууга милдеттүү.
5. «Электр станциялары» ААКынын жетекчисинде бузулуулардын өзгөчө жигердүүлүгүн чектөө жана отундун жана күлдүн табынын, ылдамдыгынын, концентрациясынын максималдык мааниси менен жааттарда шлакка толтуруу менен, факелдин параметрлерин тегиз эмес бөлүштүрү аркылуу алардын тереӊдеп кетишинен алыс болуу үчүн мындай көрсөткүчтөрдүн динамикасы тууралуу маалыматы болушу керек.
6. Көмүрдүн бир маркадан экинчи маркага өтүүсү статистикалык отчеттуулукту жүргүзүү үчүн тиешелүү тартипте чагылдырылышы керек. Негизинен, көмүрдүн бир маркасынан экинчи маркасына аргасыз сезондук өтүүлөр менен байланышкан коштоочу породанын жана күлдүн курамынын өзгөрүшү дагы от казан жабдыгынын ишенимдүүлүгүнө, коопсуздугуна жана үнөмдүүлүгүнө таас ир этиши мүмкүн. Мында статистикалык отчеттуулук көмүрдүн сапатынын жана жабдуунун эксплуатациялык көрсөткүчтөрүнүн ортосундагы корреляцияларды табууну камсыз кылууга багытталган.
7. Анализдердин төмөнкү түрлөрү жүргүзүлөт:
-от жагуучу факелдин жылуулук мүнөздөмөсүнө талдоо.
-отунду пайдалануучу жабдуунун техникалык-экономикалык натыйжалуулугуна жана экологиялык коопсуздугуна талдоо.
- изилденген көмүрлөрдүн кампада сактоого жана ЖЭБ технологияларында пайдаланууга жарамдуулугуна сапатын баалоо.
8. Талдоо жана баалоо боюнча аткарылган иштердин натыйжасындатиешелүү отчёт бекитүү үчүн өндүрүштүк-техникалык бөлүмгө жиберилет.
9. Талдоолор, баалоолор жана сунуштоолор аларды жүзөгө ашыруу тажрыйбасына дал келиши керек [15].
10. Жагуучу мүнөздөмөлөрдүн түрдүү көмүрлөрдөгү гана эмес, бир маркадагы көмүрдө да айрым келген партиялар боюнча олуттуу термелүүсү терс процесстердин жылуулукту пайдалануунун бардык технологиялык чынжырында жигердешин демилгелеши мүмкүн. Келтирилген залалдын көлөмүн төмөндөтүү үчүн Бишкек шаарынын ЖЭБине ар партияда келип түшкөн көмүрдүн жеке жылуулук физикалык касиеттерин эсепке алуу камсыздалат.
4-тиркеме
Бишкек шаарынын ЖЭБинин от казандарында узакка жагуу үчүн соодага коюлуучу отунду тандоодо.
Сатып алуучу (Тапшырыкчы) 1 таблицасынын номенклатуралык көрсөткүчтөрүнө ылайык анын мүнөздөмөсүн баалоону жүргүзөт. Эгер ар башка Сатуучулардан (Жеткирүүчүдөн) бир нече сунуш туура болуп өтсө, Тапшырыкчы алардын экономикалык натыйжалуулугун нарктык көрсөткүчтөр боюнча баалоону жүргүзөт. Төмөндө аткарылган эсептөө Тапшырыкчы тарабынан Сатуучу-жеӊүүчүнү тандоонун үлгүсү катары соода-сатыкта пайдалануу үчүн багытталган
1) Түрдүү маркадагы (Б3; К; Д1; Д2) көмүрдү жагууда отундун мүнөздөмөсүнөн жана баасынан көз каранды болгон чыгымдарды шарттуу баадагы жана техникалык көрсөткүчтөр боюнча баалоо жана салыштыруу (Эvar).
2) Отунду коопсуз жагууну камсыз кылган реконструкцияга амортизациялык чыгымдар, от казан жагылуучу, жылуулукту берүүчү, көмүр чаӊын даярдоочу жайлардын жана ЖЭБди н экономикалык жана экологиялык көрсөткүчтөрүн начарлатпаган күл-шлак-газ чыгаруучу конструкциялардын ишенимдүүлүгү.
3) Бишкек шаарынын ЖЭБинде узакка жагуу үчүн отунду жана Сатуучу-жеӊүүчүнү техникалык-физикалык мүнөздөмөнүн жыйындысы, отундун шарттуу баасы жана реконструкциянын шарттуу наркы боюнча тандоо.
№ пп | Параметр, белгилөө, чен | Көмүрдүн маркасы боюнча чоңдуктар
|
Эскертүү | |||
Б3 | К | Д1) | Д2) | |||
1. | ЖЭБдин жылдык жылуулук иштеп чыгарышы, Qжыл,ккал/жыл |
8,41012 | Эсептешүү негизинин шарттуу сапатында кабыл алынат. ЖЭБ аныгында берет. | |||
2. | Отундун күйүү жылуулугу, Qнр,ккал/кг | 3800 | 3800 | 4100 | 5500 | Порталдык чоңдук |
3.
| Казандардын нетто ПАК, ηнетто |
0,85 | Шарттуу орточолонгон | |||
6 | Отундун жылдык чыгымы,Bржыл, т/жыл | 2,46 | 2,56 | 2,36 | 1,96 | Эсептик маанилер Bржыл = Qжыл/Qнрабηнетто |
5. | Отундун соодалашуу баасы, Gт, сом/т (жеткирүү менен) | 2000 2500 3000 | 3000 | 3000 | 3600 | Шарттуу. Аныгы соодалашууда аныкталат. |
6. | ЖЭБ жабдууларын текшерүүгө, долбоорлоого, курап-ажыратууга, оңдоого капиталдык чыгымдар, К, сом |
4506 |
3006 |
3006 |
4506 | Шарттуулар. Долбоордун иштеп чыгуучулары тарабынан аныгы аныкталат. Негизги көлөм – көп функционалдуу күймөлөрдү орнотуу; Б3 жана Д2) үчүн окшош чыгымдар боюнча [11,13,14,15,17,19] ылайык ЖЭБ ВПБ боюнча кошумча иш-чаралар |
7. | Чыгымдардын бөлүштүрүлгөн коэффициенти, Е, 1/жыл |
0,15 | [13,14, 19] ылайык нормативдүү | |||
8. | Газ менен жарыктандырууга чыгымдар (мазут менен), Эжарыктанд, сом/жыл | 50106 | 480106 | 480106 | 50106 | Окшош маалыматтарга ылайык шарттуу кабыл алынат Күйүүнүн узактыгы же тажрыйбанын жыйынтыгы боюнча аныкталат. |
9. | Авариялык жана кезектеги оңдоп-түзөөлөргө пайдалануу чыгымдары, шлакты кетирүүгө, казандарды токтотуу жана жагуучу газ менен жүргүзүү аркылуу гипсти чыгаруу, Ээксплуат, сом/жыл |
406 | Шарттуу туруктуулар эсепте. Күйүү узактыгы же тажрыйба жыйынтыгы боюнча аныгы аныкталат. | |||
10. | Амортизациялык чыгымдар, Эам, сом/жыл |
67,56 |
456 |
67,56 | Эсептөө маанилери Эам = Е К | |
11. | Негизги отунга чыгымдар, Эт, сом/жыл | 4,89 | 7,59 | 6,99 | 6,89 | Эсептөө маанилери Эт = GтBргод |
12. | Отундун касиети жана баасы менен байланышкан жалпы чыгымдары, Эvar, млн.сом/жыл |
4.957,5 6.157,5 7.357,5 |
8.065 |
7.465 |
6.997,5 | Эсептөө маанилери Эvar = Этоп + Эам + + Эподсв + Ээкспл |
1. Отундун мүнөздөмөлөрү жана баасы менен байланышкан чыгымдар (Эvar) негизинен анын баасы менен аныкталат Gт.
2. Жеткирип берүү менен 2000 сом/т баасында Б3 көмүрү 3000-3600сом/т басына салыштырмалуу башкаларга караганда (К, Д1), Д2)) пайдалуураак. ЖЭБде Б3 көмүрүн пайдалануу менен байланышкан суммалык чыгымдар Эvar, (К; Д1; Д2) көмүрүн колдонуудагы аналогиялык чыгымдардан 1,5 эсе төмөн. Мында Эvar боюнча белгиленген катыштар диапазонунда Qгод жылуулук иштеп чыгуусунун абсолюттук чоӊдугунан бир аз эле көз каранды.
3. Б3 маркасындагы көмүрдүн баасын 2500сом /т га чейин жогорулатканда ага туура келген Эvarмааниси башка көмүрлөр үчүн аналогдордон төмөн, бирок 1,15 – 1,3 эсе төмөн кала берет. Б3 көмүрүнө 300 сом,т баасын белгилегенде ага туура келген Эvar параметри Д2)маркасындагы көмүр үчүн Эvar дан жогору болуп калат (т.а., акыркысы пайдалуураак болот).
4. Соода–сатыкта коюлган отундардын бардык катары бьоюнча бааны төмөндөтүүгө жетүүгө болот. Бирок Бишкек шаарынын ЖЭБинде пайдалануу үчүн алардын тандоосун Эvarпараметринин минималдык мааниси менен тастыктоо керек.