Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ
ОТУН-ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КОМПЛЕКСТИ ЖӨНГӨ САЛУУ
БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИКТИН
БУЙРУК
2019-жылдын 25-ноябры №1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2015-жылдын 6-августундагы № 1 “Энергиянын кайра жаралуу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын генерациялоочу станциялар тарабынан берилген электр энергиясына тарифтерди эсептөөнүн усулдугун бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык жана энергиянын кайра жаралуу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыккан ата мекендик долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестицияларга түрткү берүү максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2015-жылдын 6-августундагы № 1 “Энергиянын кайра жаралуу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын генерациялоочу станциялар тарабынан берилген электр энергиясына тарифтерди эсептөөнүн усулдугун бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген энергиянын кайра жаралуу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын генерациялоочу станциялар тарабынан берилген электр энергиясына тарифтерди эсептөөнүн усулдугунун:
- 4-пунктунун биринчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кубаттуулуктарды квоталоо алкагында курулган ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясына тарифтерди төмөндөгүдөй эсептик формула боюнча бекитет жана кайра карайт:»;
- 4-пункттун сегизинчи абзацындагы “2,1” сандары “1,3” сандарына алмаштырылсын;
- 4-пункттун тогузунчу абзацындагы “2,75” сандары “1,3” сандарына алмаштырылсын;
- 4-пункттун онунчу абзацындагы “2,5” сандары “1,3” сандарына алмаштырылсын;
- 4-пункттун он биринчи абзацындагы “6,0” сандары “1,3” сандарына алмаштырылсын;
- в абзаце двенадцатом пункта 4 цифры «3,35» заменить цифрами «1,3»; 4-пункттун он экинчи абзацындагы “3,35” сандары “1,3” сандарына алмаштырылсын;
- 4-пункт төмөндөгүдөй абзацтар менен толукталсын:
“- кубаттуулуктарды квоталоо алкагынан тышкары курулган, ЭКБны пайдалануу менен орнотмолор үчүн алар тарабынан иштелип чыгуучу электр энергиясына тариф өзүн-өзү актоо мезгилин колдонуу мөөнөтүндө электр энергетикалык компаниялардын транзитинин кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркын чыгарып таштоо менен акыркы керектөөчүлөр үчүн максималдуу тарифтин деңгээлинде белгиленет;
- акыркы керектөөчүлөр үчүн максималдык тарифтен электр энергетикалык компаниялардын транзиттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркын чыгарып салуу электр энергиясын сатып алуу-сатууга тиешелүү келишими бар бөлүштүрүүчү/берүүчү энергетикалык компаниялардын тармактары боюнча өзүнүн абоненти үчүн ЭКБнын субьекттеринен электр энергиясын берген учурда аткарылат;
- ээлери жеңилдик мезгили боюнча тарифтик преференцияга талапкер болбогон, кубаттуулуктарды квоталоо алкагынан тышкары курулган ЭКБны пайдалануу менен орнотмолор үчүн өзүн-өзү актоо мезгилин колдонуу мөөнөтүн белгилөө долбоордук-сметалык документтердин негизинде ишке ашырылат.”;
- 6-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
“6. Электр энергиясын сатууга тарифтерди кайра кароо ЭКБнын субьектинин кайрылуусунун негизинде акыркы керектөөчүлөр үчүн максималдуу тарифтин көлөмү өзгөргөн учурда отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.”;
төмөндөгүдөй редакциядагы 7-пункт менен толукталсын:
“7. Жеңилдик мезгилинде жана өзүн-өзү актоо мезгилинде ЭКБнын субьекттеринин лицензиялык ишмердүүлүгүнө мониторинг жана талдоо жүргүзүү максатында чарба жүргүзүүчү субьекттер электр энергиясын сатууга тарифтер белгиленген учурдан тартып иш жүзүндөгү техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жана финансылык отчеттуулукту квартал сайын милдеттүү түрдө беришет.”.
2) жогорудагы көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген энергиянын кайра жаралуу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын генерациялоочу станциялар тарабынан берилген электр энергиясына тарифтерди эсептөөнүн Усулдугунун 1-тиркемеси:
- төмөндөгүдөй редакциядагы 7-пункт менен толукталсын:
“7. Обьектти пайдаланууга берүү боюнча кабыл алуу актысы.”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин пресс-катчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйрукту жарыяласын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук колдоо бөлүмү:
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Директор | Т. И. Нурбашев |