Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ЖАШТАР ИШТЕРИ, ДЕНЕ
ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН
БУЙРУК
2019-жылдын 12-сентябры №2-Н
Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу жана спорттук багыттагы расмий коомдук бирикмелердин ортосундагы өз ара мамилелердин тартибин бекитүү жөнүндө
“Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясын аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15 сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Мамагенттик) менен дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу жана спорттук багыттагы расмий коомдук бирикмелердин ортосундагы өз ара мамилелерди тартипке келтирүү максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу жана спорттук багыттагы расмий коомдук бирикмелердин ортосундагы өз ара мамилелердин тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Мамагенттиктин Спорттогу жогорку жетишкендиктерди анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмү:
1)ушул буйруктан келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн;
2)ушул буйруктун 1-пункту менен бекитилген, жогоруда аталган Тартип менен дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу жана спорттук багыттагы расмий коомдук бирикмелерди тааныштырсын;
3)кабыл алынган буйруктун көчүрмөсүн Ченемдик укуктар актылар мамлекеттик ресстрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жиберилсин.
3. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамагенттиктин директорунун орун басары К.М.Арпачиевге жүктөлсүн.
Директор | К.М.Аманкулов |