Загрузка документа…
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт
боюнча мамлекеттик агенттиктин
2019-ж. “12” сентябры№2-Н
буйругу менен бекитилген
Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу жана спорттук багыттагы расмий коомдук бирикмелердин ортосундагы өз ара мамилелердин тартиби
Жалпы жоболор
1. Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ( мындан ары – Ыйгарым укуктуу орган) менен дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу жана спорттук багыттагы расмий коомдук бирикмелердин (мындан ары – спорттук бирикмелер) ортосундагы өз ара мамилелердин тартиби төмөнкүлөрдүн негизинде иштелип чыккан:
1)“Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
2)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-декабрындагы № 701 “Спорттун түрлөрүн жана спорттук сабактарды Кыргыз Республикасынын спортунун түрлөрүнүн жана спорттук сабактарынын улуттук реестрине (мындан ары - спорттун түрлөрүнүн реестри) киргизүү эрежелерин жана аны жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому.
2. Ушул Тартип ыйгарым укуктуу орган менен “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында ишин жүргүзгөн спорттук бирикмелердин өз ара аракеттенүүлөрү шарттарын белгилейт.
2. Меморандум түзүүнүн тартиби
3. Спорттун түрлөрүн өнүктүрүүнү камсыздоо, Кыргыз Республикасында дене тарбияны жана сергек жашоо мүнөзүн пропагандалоо жана кеңири жайылтуу, стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү максатында, андан ары узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу кызматташуунун кызыкчылыгы үчүн ыйгарым укуктуу орган менен спорттук бирикмелердин ортосунда Меморандум түзүлөт.
4. Ыйгарым укуктуу орган республикалык маанидеги, эл аралык федерация тааныган жана спорттун түрлөрүнүн реестринде спорттун түрү катталган спорттук бирикмелер менен Меморандум түзөт.
5. Ыйгарым укуктуу орган менен спорттук бирикме Меморандумду 5 жылга түзөт. Эгерде тараптардын бири Меморандумду колдонуу мөөнөтүү бүткөндөн кийин Меморандумду колдонууну токтотуу тууралуу өз ниетин жазуу жүзүндө билдирбесе, мындай учурда Меморандумду колдонуу ушул эле мөөнөткө, ушундай эле шарттар менен узартылды деп эсептелет.
6. Меморандумдун предмети ыйгарым укуктуу орган менен спорттук бирикмелердин ортосундагы төмөнкүлөр боюнча кызматташуу болуп саналат:
1)Кыргыз Республикасында спорттун түрүн өнүктүрүүнүн саясатын жана негизги багыттарын аныктоо;
2)машыктыруучу кадрларды тандап алуу, жайгаштыруу, үйрөтүү жана квалификациясын жогорулатуу;
3)жаш курагы боюнча курама командалардын сапаттык курамын түзүү;
4)спорттун түрү менен байланышкан мелдештерди жана башка иш-чараларды пландоо, уюштуруу жана макулдашып өткөрүү;
5)тараптардын спорттун түрүн өнүктүрүүгө каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуусу;
6)инвестицияларды тартуу, спорттун түрү үчүн инфратүзүмдү пайдалануунун сапатын жогорулатуу;
7)дене тарбия жана спорт менен системалуу машыгууга калктын көпчүлүк бөлүгүн тартуу;
8)девианттык жүрүш-туруштун, алкоголизмдин, баңгиликтин, тамеки тартуунун алдын алуу.
3. Тараптардын өз ара аракеттери
7. Меморандумдун алкагында Тараптар Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алат жана тең укуктуулук жана ачык айкындык принциптери менен өз ара кызматташууну ишке ашырышат.
8. Спорттук бирикмелер спорттук иш жаатындагы эл аралык ченемдерди жана эрежелерди сактоого, ыйгарым укуктуу орган өз компетенциясында чыгарган чечимдерди аткарууга тийиш.
9. Негизги республикалык жана эл аралык дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу жана спорттук-массалык иш-чаралардын календардык планы “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ыйгарым укуктуу органдын коллегиясы тарабынан, жыл сайын кийинки календардык жыл башталганга чейин бекитилет. Календардык план ыйгарым укуктуу орган тарабынан спорттук бирикмелердин сунуштамасы боюнча түзүлөт.
10. Ыйгарым укуктуу органдын мекемелеринин штаттык санына кирген спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командаларынын башкы жана ага машыктыруучулары спорттук бирикмелердин сунуштамасы боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат жана дайындалат. Ыйгарым укуктуу органдын штатына кирбеген спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командаларынын башкы жана ага машыктыруучулары спорттук бирикмелер тарабынан дайындалат. Ошону менен бирге эле спорттук бирикмелер дайындоонун алдында талапкерлиги ыйгарым укуктуу органга макулдашууга жиберилет.
11. Өткөрүлүп берилген ченем жаратуучу ыйгарым укуктууктардын алкагында курама команданын курамы ыйгарым укуктуу орган белгилеген тартипте түзүлөт.
4. Корутунду жоболор
12. Меморандум ага эки Тарап кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана эки Тараптын кош тараптуу макулдашуусу боюнча же биринчи Тараптын экинчи Тарапка 30 (отуз) календардык күндөн кечиктирбей алдын ала кабарлоосу менен Тараптардын биринин каалоосу боюнча бузганга чейин күчүндө болот.
13. Меморандумдун негизинде башталган жана аны колдонуу учурунда бүткөрүлбөй калган чаралар ушул Меморандумду колдонуу токтотулган учурда улантылат жана түзүлгөн келишимдерге ылайык бүткөрүлөт.
14. Меморандумду колдонуу төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
1) Меморандумдун шарттары аткарылбаганда же талаптагыдай аткарылбаганда;
2) спорттук бирикмелер жиберген документтерде так эмес же бурмаланган маалыматтар табылганда;
3) укуктуу орган өз компетенциясында чыгарган чечимдерди аткарбаганда;
4) Дүйнөлүк допингге каршы агенттик бекиткен Дүйнөлүк допингге каршы кодекстин талаптарын жана чечимдерин аткарбаганда.
Ыйгарым укуктуу органдын чечими менен Меморандумду колдонуу токтотулат, анда ыйгарым укуктуу орган тарабынан табылган спорттук бирикмелердин бузууларын жоюу мөөнөтү белгиленет.
Аталган мөөнөт 3 айдан ашпоого тийиш. Табылган бузууларды четтетүү үчүн аныкталган мөөнөт Меморандумду колдонууну токтотуу жөнүндө спорттук бирикмелер кабар алган күндөн тартып эсептелет.
Меморандумду колдонууну токтотууга алып келген бузуулар өз убагында жоюлган учурда спорттук бирикменин арызы боюнча Меморандумду колдонуу жаңыланат.
Табылган бузуларды четтеттүүнү спорттук бирикмеге милдеттендирген ыйгарым укуктуу органдын чечими аткарылбаган учурда Меморандум жокко чыгарылат.
15. Спорттук бирикме кайра өзгөртүлүп түзүлгөндө же жоюлганда Меморандум юридикалык күчүн жоготот.
Типтүү меморандум
Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу
мамлекеттик орган менен дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу
жана спорттук багыттагы расмий коомдук бирикмелердин
ортосундагы кызматташуу жөнүндө
МЕМОРАНДУМ
1. Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) атынан, Жобонун негизинде иштеген директор ______ жана дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу жана спорттук багыттагы расмий коомдук бирикмелердин (мындан ары – спорттук бирикмелер) атынан, Уставдын негизинде иштеген ______, биргеликте “Тараптар”, ал эми өз-өзүнчө “Тарап” деп аталып, стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү максатында, андан ары узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу кызматташуунун жана колдо болгон потенциалды натыйжалуу пайдалануунун кызыкчылыгы үчүн кызматташуу жөнүндө Меморандумду (мындан ары – Меморандум) төмөндөгүлөр тууралуу түзүштү:
1. Меморандумдун предмети
1. Ушул Меморандумдун предмети ыйгарым укуктуу орган менен спорттук бирикмелердин ортосундагы төмөнкүлөр боюнча кызматташуу болуп саналат:
1)Кыргыз Республикасында спорттун түрүн өнүктүрүүнүн саясатын жана негизги багыттарын аныктоо;
2)машыктыруучу кадрларды тандап алуу, жайгаштыруу, үйрөтүү жана квалификациясын жогорулатуу;
3)жаш курагы боюнча курама командалардын сапаттык курамын түзүү;
4)спорттун түрү менен байланышкан мелдештерди жана башка иш-чараларды пландоо, уюштуруу жана макулдашып өткөрүү;
5)тараптардын спорттун түрүн өнүктүрүүгө каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуусу;
6)инвестицияларды тартуу, спорттун түрү үчүн инфратүзүмдү пайдалануунун сапатын жогорулатуу;
7)дене тарбия жана спорт менен системалуу машыгууга калктын көпчүлүк бөлүгүн тартуу;
8)девианттык жүрүш-туруштун, алкоголизмдин, баңгиликтин, тамеки тартуунун алдын алуу
2. Ушул Меморандумдун 1-пунктунда аталган кызматташуунун багыттары Тараптардын макулдугу менен толукталышы жана/же өзгөртүлүшү мүмкүн.
3. Меморандум Тараптардын өз ара аракеттенүүлөрүнүн жалпы принциптерин аныктайт жана алар үчүн юридикалык милдеттерди белгилебейт.
2. Тараптардын өз ара аракеттенүүлөрү
4. Меморандумдун алкагында Тараптар жалпыга бирдей таанылган колдонуудагы мыйзамдардын принциптерин жана ченемдерин жетекчиликке алат жана тең укуктуулук жана ачык айкындык принциптери менен өз ара кызматташууну ишке ашырышат.
5. Пайда болгон маселелерди кароо жана биргелешкен аракеттерди жүргүзүү үчүн Тараптар ыйгарым укугун өткөрүп берген ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аркылуу ушул Меморандумдун пункттарын аткаруунун маселелери боюнча бири бири менен өз ара аракеттенишет.
6. Тараптар өз ара кызматташууну ишке ашырууда колдо болгон тажрыйбасына жана мүмкүнчүлүктөрүнө жараша бири бирине уюштуруучулук, маалыматтык жана башка көмөк көрсөтүүнү камсыздашат.
Тараптар кызматташууну ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды камсыздашат.
Ушул Меморандумдун 1-пунктунда аныкталган багыттар боюнча өз ара кызматташуунун натыйжалуулугуна жетишүү үчүн Тараптардын ар бир төмөнкүлөргө милдеттенишет:
Укуктуу орган:
1) спорттук бирикмелерди Кыргыз Республикасында спорттун түрүн өнүктүрүүнүн негизги багыттарын талкуулоого жана аныктоого тартуу;
2) спорттук бирикмеге пландар жана ниеттерге, ошондой эле спорттун түрүн өнүктүрүү боюнча кабыл алынган кадамдар тууралуу тийиштүү бардык керектүү маалыматтарды берүү;
3) ыйгарым укуктуу органдын карамагында турган мекемелерде спорттун түрү боюнча машыктыруучу кадрларды тандап алуу жана жайгаштыруу бөлүгүндө спорттук бирикмелердин сунуштамаларын жетекчиликке алуу;
4) спорттун түрү боюнча машыктыруучу кадрларды окутуу жана квалификацияларын жогорулатуу процессин ишке ашырууда спорттук бирикмелерге көмөктөшүү;
5) спорттун түрү боюнча спорттук иш-чаралардын календарын түзүүдө спорттук бирикмелердин пикирлерин жана сунуштарын эске алуу;
6) спорттук бирикмелерге ар кандай мелдештерди, окутуу-машыктыруу жыйындарын жана командалардын мелдештерге баруусун уюштурууга жана өткөрүүгө бекитилген бюджеттин чегинде мүмкүн болгон финансылык жана материалдык жардамды көрсөтүү.
Спорттук бирикмелер:
1) спорттун түрүн өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча талкууларга активдүү катышуу жана сунуштарды киргизүү;
2) спорттун түрүн өнүктүрүү боюнча саясатты ишке ашырууда ыйгарым укуктуу органга көмөктөшүү;
3) машыктыруучу кадрларды сапаттуу тандап алуу жана жайгаштыруу бөлүгүндө сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү;
4) алдыңкы адистерди тартуу жана заманбап методикаларды колдонуу менен машыктыруучу кадрларды окутуу жана квалификацияларын жогорулатуу;
5) ыйгарым укуктуу орган менен биргелешкен иш-чараларды өткөрүү үчүн кодо болгон материалдык-техникалык базаны берүү;
6) спорттук иш-чаралардын календарын түзүүдө спорттун түрү боюнча сунуштарды киргизүү;
7) спорттун түрүн өнүктүрүүгө багытталган, ыйгарым укуктуу орган менен биргелешкен иш-чараларды каржылоого мүмкүн болушунча катышуу.
9. Башка Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугу жок Тараптардын бирөө дагы үчүнчү тарапка ушул Меморандум боюнча өз укуктарын бергенге укуксуз.
3. Башка шарттар
10. Ушул Меморандумду аткарууда Тараптар бири бирине берүүчү маалыматтардын купуялуулугуна кепилдик берет, аларды таркатпоого жана алар алган маалыматты үчүнчү тарапка, маалымат берген Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугу жок, бербөөгө милдеттенет.
11. Ушул Меморандумду колдонуу чөйрөсүнө тийиштүү маселелер боюнча Тараптардын ортосундагы талаш-тартыштар жана кайчы пикирлер Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечилет. Ушул Меморандум сотто, арбитраждык жана бейтарап сотто кароонун предмети болуп саналбайт.
12. Ушул Меморандумду өзгөртүү жана толуктоо жазуу жүзүндө, Протокол формасында Тараптардын ыйгарым укуктуу адамдарынын колу коюлуп таризделет жана ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
13. Меморандумга кол коюучу ыйгарым укуктуу адамдар Меморандумдун аткарылышы үчүн бардык ыйгарым укуктарга ээ экендигин кепилдейт жана күбөлөндүрөт.
14. Меморандум ага эки Тарап кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана эки Тараптын кош тараптуу макулдашуусу боюнча же биринчи Тараптын экинчи Тарапка 30 (отуз) календардык күндөн кечиктирбей алдын ала кабарлоосу менен Тараптардын биринин каалоосу боюнча бузганга чейин күчүндө болот.
15. Меморандумдун негизинде башталган жана аны колдонуу учурунда бүткөрүлбөй калган чаралар ушул Меморандумду колдонуу токтотулган учурда улантылат жана түзүлгөн келишимдерге ылайык бүткөрүлөт.
16. Меморандумду колдонуу төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
1) Меморандумдун шарттары аткарылбаганда же талаптагыдай аткарылбаганда;
2) спорттук бирикмелер жиберген документтерде так эмес же бурмаланган маалыматтар табылганда;
3) укуктуу орган өз компетенциясында чыгарган чечимдерди аткарбаганда;
4) Дүйнөлүк допингге каршы агенттик бекиткен Дүйнөлүк допингге каршы кодекстин талаптарын жана чечимдерин аткарбаганда.
Ыйгарым укуктуу органдын чечими менен Меморандумду колдонуу токтотулат, анда ыйгарым укуктуу орган тарабынан табылган спорттук бирикмелердин бузууларын жоюу мөөнөтү белгиленет.
Аталган мөөнөт 3 айдан ашпоого тийиш. Табылган бузууларды четтетүү үчүн аныкталган мөөнөт Меморандумду колдонууну токтотуу жөнүндө спорттук бирикмелер кабар алган күндөн тартып эсептелет.
Меморандумду колдонууну токтотууга алып келген бузуулар өз убагында жоюлган учурда спорттук бирикменин арызы боюнча Меморандумду колдонуу жаңыланат.
Спорттук бирикмени табылган бузуларды четтеттүүнү милдеттендирген ыйгарым укуктуу органдын чечими аткарылбаган учурда Меморандум жокко чыгарылат.
17. Меморандумдун негизинде башталган жана аны колдонуу учурунда бүткөрүлбөй калган чаралар Меморандумду колдонуу токтотулган учурда улантылат жана түзүлгөн келишимдерге ылайык бүткөрүлөт.
18. Меморандум эки нускада түзүлдү, бирдей юридикалык күчкө ээ, Тараптардын ар бири үчүн бирден.
Тараптардын дареги жана колтамгалары
Ыйгарым укуктуу орган _________ М.О..
| Спорттук бирикме _________ М.О |