Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ЖАШТАР ИШТЕРИ, ДЕНЕ
ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН
БУЙРУК
2019-жылдын 12-сентябры №1-Н
Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамын түзүү боюнча Тартипти бекитүү жөнүндө
“Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясын аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командаларынын курамына спортчуларды ачык жана айкын тандап алуу максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамын түзүүнүн тартиби (мындан ары-Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Мамагенттик) алдындагы Спорттун түрлөрү боюнча дирекциялар:
1) бир айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул буйрукка ылайык келтиришсин;
2) дене тарбия - ден соолукту чыңдоо жана спорттук багыттагы коомдук бирикмелерди Тартип менен тааныштырышсын;
3) кабыл алынган буйруктун көчүрмөсүн Ченемдик укуктар актылар мамлекеттик ресстрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жиберишсин.
3. Ушул буйрук расмий жарыялангандан күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамагенттиктин директорунун орун басары К.М.Арпачиевге жүктөлсүн.
Директор | К.М.Аманкулов |