Загрузка документа…
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Жаштар иштери, дене тарбия
жана спорт боюнча мамлекеттик
агенттиктин 2019-ж. “12” сентябры
№1-Н буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамын
түзүүнүн тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын спорттун түрлөрү боюнча курама командасынын курамын түзүүнүн тартиби (мындан ары – Тартип) төмөнкүлөрдүн негизинде иштелип чыккан:
1) “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-декабрындагы № 701 “Спорттун түрлөрүн жана спорттук сабактарды Кыргыз Республикасынын спортунун түрлөрүнүн жана спорттук сабактарынын улуттук реестрине (мындан ары - Спорттун түрлөрүнүн реестри) киргизүү эрежелерин жана аны жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому.
3) Ушул Тартип спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командаларынын курамын түзүүнүн жол-жоболорун регламенттейт.
3. Спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командаларынын негизги милдети ийгиликтүү катышуу жана эл аралык расмий спорттук мелдештерде эң мыкты натыйжаларга жетишүү болуп саналат.
4. Ушул Тартипте колдонгон негизги түшүнүктөр:
курама команданын башкы машыктыруучусу – спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командаларынын спортчу-мүчөлөрүн Олимпиадалык оюндарга, Азия оюндарына, Дүйнө чемпионатына жана башка расмий мелдештерге даярдоо үчүн жооптуу машыктыруучу. Башкы машыктыруучу Кыргыз Республикасынын курама командаларынын улук жана жеке машыктыруучуларынын ишин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын чемпионаты – Кыргыз Республикасынын облустарынан жана республикалык маанидеги шаарларынан спортчулар катышкан чемпионат.
спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командалары – Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарга жана башка эл аралык спорттук мелдештерге даярдануу жана катышуу максатында түзүлгөн спортчулардан, машыктыруучулардан, дене-тарбия жана спорт уюмдарынын жана спорттук медицина уюмдарынын кызматкерлеринен, расмий коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнөн турган жамааттарын түшүндүрөт.
Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү – Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамына киргизилген спортчу.
машыктыруучулар кеңеши – 6 адамдан турган коллегиалдуу, кеңешүүчү орган болуп саналат. Машыктыруучулар кеңешине курама команданын башкы машыктыруучусу, курама команданын улук машыктыруучусу, федерациянын сунушу боюнча 2 машыктыруучу, спорттун түрүн тескеген тиешелүү Спорттун түрлөрү боюнча дирекцияларынын методисти (Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция, Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекция, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция) жана врач кирет. Машыктыруучулар кеңешин башкы машыктыруучу башкарат. Машыктыруучулар кеңешинин курамы Спорттун түрү боюнча дирекциянын буйругу менен 4 жылга бекитилет. Ошол эле учурда Машыктыруучулар кеңешинин курамына киргизүү үчүн машыктыруучу жогорку же орто-атайын дене тарбия билими, эсепке алып каттоодон өткөндүгү туралуу күбөлүгү жана машыктыруучу болуп 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болууга тийиш.
Спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командаларын комплектөөнүн жалпы принциптери жана критерийлери
5. Кыргыз Республикасынын курама командасы Спорттун түрлөрүнүн реестрине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Мамагенттик) аныктаган спорттун түрү боюнча түзүлөт.
6. Спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасы Эл аралык ченемдерге ылайык жаш курагынын (кадеттер, өспүрүмдөр, чоңдор) топтору боюнча спорттун тийиштүү түрү боюнча түзүлөт.
7. Спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командаларынын курамы ар жыл сайын Спорттун түрлөрү боюнча дирекциялар тарабынан учурдагы жылдын 25-декабрына чейин 1 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Чемпионатынын жыйынтыгы боюнча бекитилет.
8. Негизги курама команда спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Чемпионатынын жеңүүчүлөрүнөн, резервдеги курама команда спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Чемпионатынын байге ээлеринен турат. Спорттун түрлөрү боюнча негизги жана резервдик курама командалардын сандык курамын Спорттун түрлөрү боюнча дирекциялар машыктыруучулар кеңешинин сунушу боюнча бекитет.
9. Спорттук оюндардын түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын негизги жана резервдик курама командасы Спорттун түрлөрү боюнча дирекциялар тарабынан ар кандай республикалык жана эл аралык мелдештерде, ошондой эле чет өлкөлүк клубдук командалардын мелдештеринде спортчулардын катышуусуна жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы менен Машыктыруучулар кеңешинин сунушу боюнча түзүлөт.
10. Башкы машыктыруучунун рапорту боюнча резервдеги курама команданын мүчөлөрү окуу-машыгуу жыйындарына тартылышы, ошондой эле расмий эл аралык мелдештерге жөнөтүлүшү мүмкүн.
11. Машыктыруучулар кеңешинин чечиминин негизинде Спорттун түрлөрү боюнча дирекциялар курама команданы түзөт.
3. Эл аралык спорттук-массалык мелдештерге катышуу үчүн спорттук делегацияларды түзүүнүн тартиби
12. Ар жыл сайын машыктыруучулар кеңеши жылдык иш планды жана курама командалардын эл аралык мелдештерге катышуу планын бекитет. Машыктыруучулар кеңеши эгерде ага 4төн ашуун мүчөсү катышкан шартта чечим кабыл алууга укуктуу болуп саналат.Спорттун түрлөрү боюнча Башкы машыктыруучу машыктыруучулар кеңешинде мелдештерге катышуучулардын курамы боюнча негизделген сунуштарын киргизет. Машыктыруучулар кеңеши талкуулардын жыйынтыгы боюнча курама команданын курамын колдойт же өзгөртүү киргизет. Курама команданын курамы боюнча акыркы чечим көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуштар тең чыгып калган шартта башкы машыктыруучунун добушу чечүүчү болуп саналат. Машыктыруучулар кеңешинин жыйыны протокол менен таризделет. Протоколго маселени талкуулоонун жүрүшү, сунуштар, сын-пикирлер жана чечим жазылат. Машыктыруучулар кеңешинин иш планы, Машыктыруучулар кеңешинин жыйынынын протоколу Спорттун түрлөрү боюнча дирекцияларда сакталат.
13. Спорттун түрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынан спортчу чыгарылган учурда ушул Тартиптин 15-пунктуна ылайык башкы машыктыруучу Машыктыруучулар кеңешинин кезексиз жыйынын чогултат жана спорттун түрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын жаңы курамы боюнча сунуш киргизет.
4. Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамын өзгөртүү
14 Курама командасынын мүчөлөрү курама командадан башкы машыктыруучунун расмий өтүнүчү боюнча спорттук жыйынтыктарды азайткандыгы, жеке планды жана белгиленген нормативдерди системалуу түрдө аткарбагандыгы, тыюу салынган дары-дармектерди колдонгондугу, медициналык көрсөткүч боюнча, комплекстүү илимий топтун корутундусу боюнча жаракат алгандыгы, келишимдин талаптарын жана Мамагенттиктин 2017-жылдын 3-майындагы № 157-Н буйругу менен бекитилген спортчунун этика кодексин бузгандыгы үчүн чыгарылат.
15. Спорттун түрлөрү боюнча дирекциялар комплектелген курама команданын тизмесине тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечимди календардык жыл ичинде спорттун түрлөрү боюнча Машыктыруучулар кеңешинин расмий өтүнүчүнүн негизинде киргизет.