Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА
ЖОЛ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2020-жылдын 15-январы №7
2020 – 2024 –жылдарга карата Кыргыз Республикасынын автомобиль транспортун өнүктүрүүнүн Концепциясын бекитүү тууралуу
Автотранспорттук тармакты келечекте өнүктүрүү жана өркүндөтүү үчүн шарттарды түзүү максатында, автомобиль транспортунда жүргүнчү, жүк ташуунун сапатын жакшыртуу жана деңгээлин жогорулатууну камсыздоочу автотранспорттук кызмат көрсөтүү, инфраструктура рыногуна, транспорттук жетишпөөчүлүктү азайтууга, ата мекендик жүк ташуучуларды колдоо жана Кыргыз Республикасынын автотранспорттук комплексинин инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014 – жылдын 15 – сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
Бекитилсин:
- 2020 – 2024 –жылдарга карата Кыргыз Республикасынын автомобиль транспортун өнүктүрүүнүн Концепциясы, 1-тиркемеге ылайык;
- 2020 – 2024 –жылдарга карата Кыргыз Республикасынын автомобиль транспортун өнүктүрүүнүн Концепциясын ишке ашыруу тууралуу иш-чаралар Планы, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- белгиленген мөөнөттө Концепцияны аткаруу боюнча конкреттүү чараларды көрүшсүн;
- жыл сайын, отчёттук мезгилден кийинки 15-январдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигине жалпылоо үчүн иш-чаралар Планынын аткарылышы жөнүндө маалыматтарды беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлиги жыл сайын, отчёттук мезгилден кийинки 15-февралдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына иш-чаралар Планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты берсин.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Автомобиль жана темир жол транспорт башкармалыгы Мамлекеттик ченемдик укуктук актылардын тизмегине киргизүү үчүн бул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жиберсин.
6. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө автотранспорт тармагын тескөөчү Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин орун басарына жүктөлсүн.
Министр | Ж.Бейшенов |
1-тиркеме
2020 – 2024 –жылдарда Кыргыз Республикасынын автомобиль транспортун өнүктүрүүнүн
Концепциясы
Киришүү
Автомобиль транспорту – республиканын транспорт системасынын маанилүү элементи болуп эсептелет. Автотранспорт тармагынын стратегиялык максаты – бул экономиканын бардык тармагында жүк ташууну толук жана сапаттуу аткаруу, калктын кыймылдуулугун жогорулатуу, жүргүнчү жана жүк ташууда коопсуздукту камсыз кылуу.
Бийик тоолуу жана өлкөнүн аймактарына жетүүнүн татаал шарттарына байланыштуу, автомобиль транспорту Кыргыз Республикасында транспорттун негизги бир түрү болуп эсептелет. Ушуга ылайык жүк жана жүрнүнчү ташуунун 95 пайызы транспорттун негизги бөлүгүн түзгөн автомобиль транспорту менен жүргүзүлөт.
Жүргүнчү жана жүк ташуунун акыркы жылдардагы анализи жүк ташуунун көлөмүнүн, жүргүнчү жана жүк айлануунун негизги көрсөткүчтөрүнүн өсүшүн көргөзөт.
2020 – 2020 – жылдарда Кыргыз Республикасынын автомобиль транспортун өнүктүрүүнүн Концепциясын ишке ашыруу убагында бир нече жаӊы ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу пландалууда, ошондой эле кыймылдуу бөлүктөрдүн жаӊылануусуна шарт түзүп, автомобиль транспортунун инфратүзүмүн жакшыртып, автомобиль транспортунун айлана-чөйрөгө болгон таасирин азайтуу каралууда.
2. Автомобиль транспорту тармагындагы учурдагы абалы
Азыркы күндө Кыргыз Республикасынын автомобиль паркында 1,2 млн жакын автомобиль катталган, анын ичинде 850 миң жеңил автомобиль, 130 миң жүк ташуучу автомобиль жана 37 миңге жакын автобус жана микроавтобустар.
Азыркы учурда автомобиль тармагында жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүшкөн 350 – жакын юридикалык жактар иштейт, (анын ичинде 70 – юридикалык жак жүргүнчүлөрдү жеңил автотранспорттук каражат – “такси” менен ташууну ишке ашырат), жүк ташуу боюнча 100 – жакын юридикалык жактар, ошондой эле 20 миң жеке адамдар камтылган, мындан сырткары 70 станциондук курулуштар иштейт (12 автовокзал, 33 автостанция, 25 автокасса), анын ичинде 28 мамлекеттик менчикке карайт.
Уюштуруу-укуктук формалардын структурасы жана транспорттук ишканалардын саны жыл сайын өзгөрүп турат. Бул - транспорттук кызматка атаандаштыктын принциптери жана реалдуу суроо-талап менен жөнгө салынуучу оптималдуу рыноктун түзүлүүсүнүн улантылып жаткандыгын билдирет.
Мамлекеттик сектор болуп эсептелген жол чарбасынан айырмаланып, автомобиль тармагы өткөн кылымдын 90 – жылдардын жарымында эле толук менчиктештирилген жана азыркы күндө дээрлик бардык автотранспорттук ишканалар жеке менчикке өтүп кеткен. Алардын ишмердигин лицензиялоо гана жүргүнчүлөрдү жана эл аралык жүк ташууларды мамлекеттик жөнгө салуунун жана транспорттук мыйзамды сактоону көзөмөлдөөнүн жалгыз механизми болуп эсептелет.
2.1. Жүргүнчүлөрдү ташуу
Кыргыз Республикасындагы автобуста жүргүнчү ташуунун маршруттук тармагына ылайык, 2019 – жылдын 1 – январына карата байма-бай 995 автобустук каттам иштейт, анын ичинде эл аралык маанидеги – 20, шаарлар аралык – 282, шаар четинде – 420 жана шаар ичинде – 273. Каттамдардын жалпы узундугу 55 миң км түзөт. Бул каттамдарда күн сайын 10 миң автобустар иштейт.
1 - таблица
2014 – 2018 – жылдарда автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу (млн киши)*
Транспорт/жылдар | 2014 | 2015 | 2016 | 2017 | 2018 |
Транспорт – бардыгы, млн киши, анын ичинен: | 638,6 | 653,0 | 682,1 | 709,9 | 731,6 |
Автобустар | 596,1 | 604,0 | 627,3 | 649,7 | 664,4 |
Такси | 20,9 | 24,1 | 27,6 | 29,1 | 32,4 |
Троллейбустар | 20,1 | 23,3 | 25,87 | 29,3 | 33,1 |
2 - таблица
2014 – 2018 жылдарда автомобиль транспортунда жүргүнчү айлантуу (млн жүргүнчү-километр)*
Транспорт/жылдар | 2014 | 2015 | 2016 | 2017 | 2018 |
Транспорт - бардыгы, млн жүрг-км, анын ичинде: | 10776,8 | 11014,1 | 11333,6 | 12279,3 | 12510,8 |
Автобустар | 8000,0 | 8412,7 | 8839,2 | 8931,5 | 9305,6 |
Такси | 471,4 | 499,6 | 546,0 | 569,1 | 642,3 |
Троллейбустар | 82,5 | 95,5 | 106,1 | 120,1 | 137,1 |
*Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы.
Келтирилген таблицалардан көрүнүп тургандай, автомобиль транспорту менен жүргүнүчлөрдү ташуу республика үчүн чоң мааниге ээ жана өлкөнүн транспорттук системасында алдыңкы орунду ээлейт.
Жүргүнчү ташуучулардын арасында жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлөөнү камсыздоо жана ачык атаандаштыкты камсыздоо максатында үзгүлтүксүз негизде каттамдарды ылайыкташтыруу жүргүзүлүп турат, кайталоочу каттамдар алынып салынат.
Жүргүнчүлөрдү автомобиль транспорту менен ташуу төмөн рентабилдүү болуп эсептелет жана мунун бирден бир себеби автомобиль транспортунун ички каттамдардагы ташуу тарифтери мамлекеттик жөнгө салуунун калыптанып калган системасы болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын «Автомобиль транспорту тууралуу» Мыйзамына ылайык жалпы пайдалануудагы автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан орнотулат, бирок жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары байма-бай автомобилдик жүргүнчү каттамдарында жолдо жүрүү тарифтерин социалдык маанисине карап, көбөйтүүгө макулдук бербейт. Пайдаланылып жаткан отун, электроэнергия, материалдарга жана техникалык каражаттарга баанын өсүшүнүнөн кирешенин өсүшүнүн артта калуусу авто ташуучуларга кыймылдуу курамын өз убагында жаңыртып турууга жана акча каражаттарын өздөрүнүн өндүрүш-техникалык базасын өнүктүрүүгө, айдоочулар курамына билим берүүгө жумшоого мүмкүндүк бербейт.
Кирешесиз автобус каттамдарынын ишин камсыз кылуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары колдоо чараларын (же программаларын) иштеп чыгып кабыл алуулары зарыл. Көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдө жүргүнчү транспорту мамлекет тарабынан субсидия алат, бирок кирешеси төмөн мамлекеттер үчүн бул оор маселе.
Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын “Транспорт жөнүндө”, “Автомобиль транспорту жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Мыйзамдарын аткаруу үчүн жана жүргүнчү жана эл аралык автомобилдик ташуулар чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташууну камсыздоо үчүн лицензия берүү менен мамлекеттик жөнгө салуу колдонулат.
3 - таблица
Берилген лицензиялардын саны (автомобиль ташуулары), бирдик
|
Ишмердүүлүктүн аталышы | Берилген лицензиялардын саны, бирдик | ||||
2014 - жыл | 2015- жыл | 2016 -жыл | 2017 -жыл | 2018 -жыл | ||
1 | Жүргүнчү ташууга: | 14416 | 14268 | 14293 | 14021 | 12530 |
| Юридикалык жактар: |
|
|
|
|
|
| - ишмердүүлүккө | 265 | 263 | 257 | 245 | 243 |
| - транспортко | 219 | 149 | 183 | 130 | 133 |
| Физикалык жактар: | 13932 | 13856 | 13853 | 13646 | 12154 |
Жеңил таксилердин ишмердиги мамлекет тарабынан жөнгө салынбагандыктан, шаар аралык жана эл аралык каттамдарда жеңил такси менен автобустардын ортосунда (көлөмү ар кандай класстагы) туура эмес атаандаштыкты пайда кылып жатат.
Өмүрдү, саламаттыкты жана жүргүнчү жана жүктөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын сактоо үчүн Австрия, Бельгия, АКШ, Канада, Франция, Нидерланды, Великобритания, Германия, Дания, Япония, Турция, Финляндия жана Швейцария сыяктуу чет элдик экономикасы өнүккөн өлкөлөр бул ишмердикти лицензиялоо жолу менен мамлекеттик жөнгө салууну киргизишкен.
Ушуга байланыштуу ишмердиктин субъекттерине бирдей шарт түзүү максатында жана жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында жеӊил таксилердин ишмедүүлүгүн лицензиялоо механизмин иштеп чыгуу зарыл.
2.2. Жүк ташуу
Автомобиль транспортунун өнүгүүсүндө жүк ташуулар маанилүү ролду ойнойт. Эл аралык жүк ташуулар Кыргыз Республикасы менен чет өлкөлөрдүн ортосунда түзүлгөн автомобиль каттамдары жөнүндө эки тараптуу макулдашуулардын негизинде ишке ашырылат.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасы тарабынан 21 мамлекет менен эки тараптуу өкмөттөр жана ведомстволор аралык автомобиль каттамы тууралуу макулдашуулар түзүлгөн.
4 - таблица
2014 – 2018 - жылдарда автомобиль транспорту менен жүк ташуулар (млн т.)
Транспорт/жылдар | 2014 | 2015 | 2016 | 2017 | 2018 |
Транспорт - жалпы, млн т, анын ичинде: | 28,9 | 29,6 | 31,23 | 31,9 | 33 |
Автомобиль | 27,2 | 28,1 | 29,3 | 29,8 | 30,5 |
5 - таблица
2014 – 2018 - жылдарда автомобиль транспортунда жүк айлантуу (млн тонна-километр)
Транспорт/жылдар | 2014 | 2015 | 2016 | 2017 | 2018 |
Транспорт - жалпы, млн т, анын ичинде: | 2497,1 | 2524,6 | 2468,6 | 2641 | 2777,3 |
Автомобиль | 1264,7 | 1401,7 | 1501,8 | 1527,1 | 1624 |
Келтирилген таблицалардан көрүнүп тургандай, автомобиль транспорту менен жүктөрдү ташуу республика үчүн чоң мааниге ээ жана өлкөнүн транспорттук системасында алдыңкы орунду ээлейт.
Республиканын аймагы аркылуу жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен жүк ташууну камсыз кылган, эл аралык транспорттук коридорлор түйүнүнө шайкештирилген транспорттук каттамдар өтөт. Мисалга Борбор Азия регионалдык экономикалык шериктештигинин (мындан ары – БАРЭШ) алты приоритеттүү жана атаандаш транспорттук коридорлорунун төртөө Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өтөт:
1) БАРЭШ 1 - Европа - Чыгыш Азия (Бишкек-Нарын - Торугарт автожолу аркылуу);
2) БАРЭШ 2 - Ортодеӊиз - Чыгыш Азия (Ош – Сарыташ - Иркештам автожолу аркылуу);
3) БАРЭШ 3 - Россия Федерациясы – Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Азия (Ош – Сарыташ - Карамык автожолу аркылуу);
4) БАРЭШ 5: Чыгыш Азия – Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Азия (Иркештам – Сарыташ – Карамык автожолу аркылуу).
Ош – Сары – Таш – Иркештам жана Бишкек – Нарын – Торугарт автомобиль жолдору Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жүктөрдүн транзиттик өтүүсүн камсыз кылат, ошондой эле потенциалдуу маанилүү эл аралык транспорттук коридор болуп эсептелет жана жүктөрдү Кытай Эл Республикасынан Борбор Азия мамлекеттерине ташууда маанилүү орунду ээлейт.
Автомобиль транспортунун эффективдүү ишмердиги тиешелүү инфраструктура менен камсыздалат, ага автомобиль жолдору кирет. Автомобиль жол каттамдары боюнча Кыргызстан менен чектешкен мамлекеттердин баарына барса болот (Өзбекстан, Тажикстан, Казахстан, Кытай). Андан башка, автожол каттамдары Кыргызстанды Европа жана Персид булуңдары менен, КМШ жана Түштүк-Чыгыш Азия менен бириктирет. Европадан алынган, же Европага жиберилген товарлар дайындалган пунктуна жараша 15 – 25 күндүн ичинде жеткирилет.
Бирок республика ичиндеги жана транзиттик жүк ташуулардын көлөмүнүн көбөйүүсүнө байланыштуу, республиканын негизги транспорттук коридорлорун сактоо жана өркүндөтүү максатында, транспорттук каражаттардын салмакгабариттик параметрлерин көзөмөлдөө механизмин жакшыртуу зарыл.
Транспорттук каражаттардын кирүүсүн (чыгуусун) көзөмөлдөө механизмин жакшыртуу, жана ошондой эле оор салмактуу же ири көлөмдүү транспорттук каражаттардын республиканын аймагы аркылуу жүрүүсүн көзөмөлдөө транспорттук саясаттын бирден-бир приоритеттүү багыты болуп эсептелет. Ушуга байланыштуу транспорттук көзөмөл пункттарын жаӊылап, салмакгабариттик параметрлерди текшерүүнүӊ автоматташтырылган системасын киргизүү зарыл.
Эл аралык жүк ташуулардын өнүгүүсүнө Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине (мындан ары – ЕАЭБ) кирүүсү чоӊ таасир берди. ЕАЭБдин Келишимине ылайык, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттин биринде катталган автоташуучу тарабынан аткарылган эл аралык автомобилдик жүк ташуу уруксаатсыз негизде ишке ашырылат.
Мындан сырткары Кыргыз Республикасы Жогорку Евразиялык экономикалык кеӊешинин 2015 – жылдын 21 – декабрындагы № 39 – чечиминин негизинде «2016 – жылдан 2025 – жылга чейинки мезгилде Евразиялык экономикалык союзунун мүчөсү – башка мамлекеттин аймагында жайгашкан пунктун ортосундагы жүктөрдү автомобилде ташуу боюнча Евразиялык экономикалык союзуна мүчө мамлекеттердин биринин аймагында катталган жүк ташуучулардын аткаруусун этаптуу либералдаштыруу Программасына» (мындан ары – Программа) кошулду.
Программанын негизги максаты Евразия экономикалык союзунун алкагында автотранспорттук кызмат көрсөтүүнүн жалпы рыногун түзүү жана ЕАЭС мүчө-мамлекеттердин жүк ташуучуларына автотранспорттук каражаттардын катталган мамлекетине жана жарандыгына карабастан ЕАЭСдин бардык аймагында жүк ташуучу автомобиль транспортунун кызмат көрсөтүүсүнө ЕАЭСге мүчө-мамлекеттердин жүк ташуучуларынын жеткиликтүүлүгүн жеңилдетүү болуп эсептелет. Программа узак мөөнөттө аткарылууну көздөйт жана төрт этаптан турат башталышы 2016 – жылдын 1 – январы аягы 2024 -жылдын 31 – декабры.
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кирүүсү менен, ЕАЭБ мейкиндигине интеграциялоо максатында, башка багыттардагы интеграциялык маселелер менен биргеликте автотранспорттук кыймылды контролдоонун кыргыз системасын интеграциялоо маселеси турат. Бул үчүн автоматташкан маалыматтык система (АМС) түзүлүп жатат, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транспорттук (автомобилдик) контролдоо органдарынын маалыматтык алмашуусун ишке ашыруу максатында «Электрондук транспорттук контроль» түзүлүүдө. Маалыматтардын мындай базасын түзүү эл аралык жүк ташуулардын саясатын эффективдүү жана ачык ишке ашырууга көмөк көрсөтөт.
2.3. Автомобиль транспортунун айлана-чөйрөгө тийгизген таасири
Автомобиль транспорту кычкыл газдардын, чөйрөнү булгоочу заттардын жана башка адамдардын ден – соолугуна жана табиятка таасир этүүчү заттарды бөлүп чыгаруунун булагы болуп эсептелет. Транспорт каражаттарынын пайдалануу мезгилинин жогорулоосу менен айтылган таасирлер дагы жогорулайт. Жол механикалык транспорт каражаттарынны паркынын курагы – бул кыймылдуу күчтөрдүн, парктын техникалык абалын чыгарылган жылына карата мүнөздөөчү көрсөткүч. Транспорт тармагын өркүндөтүүнүн мамлекеттик саясатынын башкы максаты болуп транспорттук каражаттардын курамын жаңылоо болуп эсептелет, эскирген автомобилдерди этаптуу жаӊыртуу, экологиялык жактан таза альтернативдүү күйүүчү каражаттарды колдонууну колго алуу жана ошондой эле электр кыймылдаткычы бар транспорттук каражаттарын колдонуу.
Рынок инфратүзүмүн өркүндөтүүдө, ички жана тышкы сооданы жайылтууда башкы ролду автомобиль транспорту ойнойт. Автожол транспортунун, курулуш жана айыл-чарба машиналарына жана механизмдерине жалпы күйүүчү-майлоочу каражаттарынын 90-98% колдонулат, ага жараша автомобиль транспортунун айлана-чөйрөгө болгон таасири күчөйт. Кыймылдуу бөлүктөрдүн курамынын анализдөө көрсөткөндөй, 2011 – 2015 – жылдары республиканын көбүнчө региондорунда автомобилдердин саны бир нече эсеге өскөн жана 2019 – жылга карата жалпы республикадагы автомобилдердин саны 1,2 млн бирдикке жетти.
Жыл сайын республикага көптөгөн сандагы транспорт каражаттары импорттолууда. 7 – таблицада көрсөтүлгөндөй жыл сайын алынып келинген траснпорт каражаттарынын саны өсүүдө.
7 - таблица
Жеке жактар тарабынан бажы кириштөө ордери аркылуу жол-жоболонуп, алынып келинген автотранспорт каражаттарынын чыгарылган жылдарга карата саны, бирдик*
Жылдар | Транспорт каражаттары | 2 жылга чейин | 2 жылдан 5 жылга чейин | 5 жылдан 10 жылга чейин | 10 жылдан жогору | Бардыгы |
2012 | Автобустар | 9 |
| 29 | 135 | 173 |
Жеңил автомобилдер | 367 | 1533 | 38313 | 28601 | 68814 | |
Жүк ташуучу мотордук транспорттук каражаттар | 385 | 102 | 4397 | 6227 | 11111 | |
2013 | Автобустар |
|
| 28 | 485 | 513 |
Жеңил автомобилдер | 388 | 1314 | 49594 | 40262 | 91558 | |
Жүк ташуучу мотордук транспорттук каражаттар | 391 | 110 | 4122 | 9207 | 13830 | |
2014 | Автобустар |
| 5 | 138 | 481 | 624 |
Жеңил автомобилдер | 787 | 2163 | 52615 | 51287 | 106852 | |
Жүк ташуучу мотордук транспорттук каражаттар | 213 | 134 | 2348 | 3724 | 6419 | |
2015 | Автобустар | 28 | 5 | 34 | 186 | 253 |
Жеңил автомобилдер | 474 | 217 | 1499 | 240 | 2430 | |
Жүк ташуучу мотордук транспорттук каражаттар | 240 | 122 | 421 | 2779 | 3562 | |
2016 | Автобустар | 19 | 5 | 4 |
| 28 |
Жеңил автомобилдер | 329 | 41 | 28 | 23 | 421 | |
Жүк ташуучу мотордук транспорттук каражаттар | 85 | 31 | 25 | 26 | 167 |
* Булак: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик бажы кызматы
Акыркы беш жылда алынып келген автомобилдердин курагынын анализи көрсөткөндөй пайдалануудагы транспорт каражаттарынын жаӊыруусу байкалууда. Бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кабыл алып жаткан иш-чараларынан болууда, себеби акыркы жылдарда чыгарылган жылы эски автомобилдерди бажыдан каттоо өлчөмдөрү жогорулатылган. Бул иш-чаранын негизги максаты чыгарылган жылы эски автомобилдерди алып келүүнү чектөө жана атмосферага кычкыл газдарды чыгарууну азайтуу болгон. Автомобилдин чыгарылган жылы канча жогору болсо, алып кирүү бажы төлөмү ошончо жогору. Жыл сайын республикага жаӊы автомобилдерди алып келүү көбөйүүлө. Бирок белгилей кетчү жагдай, негизинен жаӊылануу жеӊил автомобилдер паркында болууда. Автобустардын жана жүк ташуучу автомобилдердин жаӊылануу деӊгээли жеӊил автомобилдердин жаӊылануу темпинен артта калууда. Ушуга байланыштуу автобустар жана жүк ташуучу автомобилдердин паркын жаӊылатууга багытталган иш-чараларды кабыл алуу зарыл.
БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык конвенциясы алдындагы милдеттери ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-октябрындагы № 546-токтому менен “Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Үчүнчү улуттук билдирүүсү” бекитилген жана анда атмосферага булгоочу заттардын чыгуусун азайтууга багытталган иш-аракеттер камтылган, алар төмөндөгү багыттардагы иштерди аткаруу менен ишке ашат:
- укуктук жана экономикалык чаралар;
- коомдук транспортту өнүктүрүү;
- кыймылды башкаруу жана жол инфраструктурасын пландоо;
- шаарларда велосипед инфраструктурасын өнүктүрүү.
3. Көйгөйлөр
Автобустар жана жүк ташуучу автомобилдердин паркын жаӊылоо зарылчылыгы.
7 – таблицадагы көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык, ызыркы учурда негизинен жеӊил автомобилдердин паркынын жаӊылануусу жүрүп жатат, ушул себептен автобустардын жана жүк ташуучу автомобилдердин паркын жаңыртууга багытталган иш-чараларды кабыл алуу зарыл.
Жүк ташуучу автомобилдердин бардыгы жана автобустардын көпчүлүк бөлүгү жеке менчикте болгондугуна байланыштуу, мамлекет бул транспорт каражаттарын сатып алууну каржылай албайт. Аталган транспорт каражаттарынын паркын жаӊылоо алып келүү шарттарын жеӊилдетүү, салык салуу жана эсепке коюу жараяндарын жеӊилдетүү жолу менен гана ишке ашат. Мындан сырткары транспорттук каражарттарды лизинг механизми аркылуу алуу маселесин карап чыгуу зарыл.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (шаарларда жана райондордо) жүргүнчүлөрдү ташууну өркүндөтүү тууралуу (ар бир кадамын камтыган) программасынын жоктугу.
Шаарларда жана райондордо жүргүнчү ташуучу транспорт өнүккөн эмес, ал эми кээ бир учурларда шаар ичиндеги же район ичиндеги маршруттук каттамдар жокко эсе. Жүргүнчүлөрдү ташуу шаар аралык каттоочу автобустар менен ишке ашырылат.
Мындан сыркткары азыркы күндө республиканын шаар аралык жана шаар ичиндеги автобустук каттамдары тууралуу маалымат базасы жок. Жүргүнчүлөр автобустардын сапарга кетүү жерин жана так убагын биле алышпайт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүргүнчүлөрдү ташууну өнүктүрүү тууралуу программаларды иштеп чыгуусу абзел, мындан сырткары шаар ичиндеги жана шаар аралык автобустук каттамдардын маалымат базасын түзүү зарыл жана ал маалыматтар интернет сайттарында жайгаштырылуу мүмкүнчүлүгү болуусу керек.
Байма-бай жүргүнчү ташууну аткарган автобустар менен жеңил таксилердин (минивэндер) ортосунда, жеңил таксилердин ишин жөнгө салуу механизми жоктугунан улам жүргүнчүлөрдү ташууну ишке ашырууда атаандаштыктын шарттарынын бирдей болбогондугу, жана ошондой эле республиканын ичиндеги жүк ташуунун жөнгө салуунун жөндөө механизминин жоктугу.
Жеңил таксилердин ишмердиги мамлекет тарабынан жөнгө салынбаганы, шаар аралык жана эл аралык каттамдарда жеңил такси менен автобустардын ортосунда (көлөмү ар кандай класстагы) туура эмес атаандаштыкты пайда кылып жатат. Ошондуктан жеңил таксилердин ишмердүүлүгүн мамлекеттик жөнгө салуу зарыл жана ошондой эле республика ичиндеги жүк ташууларды жөнгө салуу.
3.4 Жүргүнчүлөрдү ташыган юридикалык (физикалык) жактардын көптүгү жана тийиштүү инфраструктуралык базасы бар чоң транспорт фирмалардын жоктугу.
Жүргүнчүлөрдү ташуу кичи транспорттук фирмалар менен ишке ашырылууда, алардын өздөрүнүн жүргүнчү ташуучу транспортун коопсуз жана тынымсыз иш алып баруусу үчүн тийиштүү өндүрүштүк базалары жок, анын натыйжасында жүргүнчүлөргө көрсөтүлүп жаткан тейлөө сапатына таасирин тийгизүүдө.
3.5 Ата-мекендик автоташуучуларга башка чет мамлекеттердин аймагында үзгүлтүксүз жүрүүсүнө тоскоолдуктардын болуусу.
Ата-мекендик автоташуучулардын башка мамлекеттердин аймагы боюнча тоскоолдуксуз өтүү боюнча көйгөйлөрдүн бири, Кыргыз Республикасынын 1970-жылдын 1-июнунда Женева шаарында кол коюлган айдоочулардын жана транспорттук каражаттардын экипажынын эмгек шарттарын регламенттөөгө багытталган Эл аралык автомобилде жүк ташууларды ишке ашыруучу транспорттук каражаттардын экипаждарынын иштерине тиешелүү Европа Макулдашуусуна кошулуу маселеси болуп эсептелет. 2010-жылдан жогору чыгарылган автомобилдер санарип тахограф колодонуусу тууралуу талап аткарылбаса, ата-мекендик автоташуучуларга тоскоолдуктар пайда болушу мүмкүн.
3.6 Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун транспорттук каражаттардын салмак-өлчөм параметрлерин текшерүүчү автоматташтырылган электрондук жабдуулары бар транспорттук көзөмөл пункттары менен төмөн камтылышы.
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун сактоо жана жүк ташыган автомобилдерди транспорттук көзөмөлдү күчөтүү максатында, автоматташтырылган электрондук өлчөөчү жабдуулары бар транспорттук көзөмөл пункттарынын санын көбөйтүү зарыл.
3.7 Жалпы пайдалануудагы жолдордон өтүү үчүн жүк ташуучу автоунаалардан төлөм алуу механизминин жоктугу.
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун сактоо максатында, республиканын жол түйүнүн өнүктүрүү, жана ошондой эле мамлекеттик бюджеттен жол тейлөо үчүн болгон басымды алып салуу үчүн, жалпы пайдалануудагы жолдордон өтүү үчүн жүк ташуучу автоунаалардан төлөм алуу механизминин киргизүү зарыл.
3.8 Бажы-логистикалык борборлордун жоктугу, өзгөчө чек-ара өткөрүү пункттарына жакын жерлерде.
Азыркы учурда республикада бажы-логистикалык борборлор жок, өзгөчө чек-арага жакын “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрү пункттарында, анын негизинде ата-мекендик автоташуучулардын иши татаалдашып жатат. Бажы-логистикалык борборлорунун жоктугунан ташуу үчүн жүктөр майда өлчөмдөрдө чогулуп, транспорттук каражаттар бош жүрүүгө дуушар болушууда, ал болсо автоташуучулардын кошумча чыгымдарына алып келип, жүк ташуунун баасын жогорулатууда.
3.9 Жалпы пайдалануудагы жолдордун боюндагы кошумча инфраструктуранын төмөн деңгээлдеги абалы.
Республиканын негизги транспорттук коридорлору татаал географиялык жана климаттык шартта, калктуу конуштар жок аймактарда өтөт. Ошол транспорттук коридорлордун жээгинде тийиштүү инфраструктура өнүккөн эмес (автозаправка станциялары, ашканалар, автомобиль оңдоочу жайлар, автомобиль токтоочу аянтчалар, жатаканалар жана кемпингдер). Мындан сырткары автомобиль жолдорунун көптөгөн тилкелеринде мобилдик байланыш жок, тез жардам көрсөтүүчү медициналык пункттар жок. Ушуга байланыштуу, жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында жана жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү үзгүлтүксүз ташуу үчүн республиканын негизги транспорттук коридорлорунда тийиштүү кошумча инфраструктураны куруу зарыл.
3.10 Бардык категориядагы транспорттук каражаттардын милдеттүү түрдө техникалык кароодон өтүүсү тууралуу талаптын жоктугу.
Азыркы учурда транспорттук каражаттар милдеттүү түрдөгү жыл сайын өтүүчү техникалы кароо жүргүзүлбөйт, болгону ишкердик ишмердүүлүк жүргүзгөн жүргүнчү жана жүк ташуучу автомобилдер техникалык кароодон өтүшөт. Мындай мамиле автомобилдердин агрегаттарынын жана жабдууларынын орнотулган техникалык талаптарга жана атмосферага зыяндуу заттарды чыгаруу деңгээлине карата коюлган жол кыймылынын коопсуздугунун талаптарына жооп бербейт.
3.11 Экологиялык түрдөгү траспортту жана отунду колдонууну стимулдаштыруу, жана ошондой эле атмосферага чыгуучу кычкыл газдардын деңгээлин азайтуу.
Атмосферага кычкыл газдардын чыгуусун азайтуу жана чоң шаарлардын экологиясын жакшыртуу үчүн нефтепродуктуларды автомобиль транспортунда аз колдонуу боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгуу зарыл. Мындан сырткары республикага кычкыл газдарды аз чыгаруучу жаңы автомобилдерди алып келүүгө шарт түзүү зарыл.
3.12 Республиканын чоң шаарларында экологиялык түрдөгү коомдук транспорттун төмөн деңгээлде өнүгүүсү.
Республиканын чоң шаарларында, өзгөчө Бишкек жана Ош шаарларында жүргүнчүлөрдүн көпчүлүк бөлүгү (90 % жакын) өзгөчө кичи класстагы (микроавтобус) автобустар менен ташылат, ушуга байланыштуу айлана-чөйрөнү кычкыл газдар менен булгануусу жогорку деңгээлде.
Жүргүнчүлөрдү кичи автобустар менен ташуу шаарлардын көчөлөрүндө автомобилдердин жогорку тыгыздыгын түзүп, транспорттук каражаттардын жүрүү ылдамдыгын жайлатат. Коомдук транспортту колдонуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан стимулдаштырылбайт, себеби коомдук транспорт жеке транспорттон артыкчылыгы жок. Ушул себептен, коомдук транспортту колдонууну стимулдаштыруу боюнча саясат алып баруу зарыл.
3.13 Чоң шаарларда транспорттук каражаттардын кыймылын башкаруу механизмдери жок, жол инфраструктурасы учурдагы кыймыл жыштыгына жана келечектеги кыймылдын өсүүсүнө тийиштүү деңгээлде жооп бербейт.
Чоң шаарларда кыймылды автоматташтырылган түрдө башкаруу системалары жок (жашыл толкун, кыймылды алмаштыруу, жол чырактарын автоматтык режимде башкаруу), мындан сырткары жол инфраструктурасы учурдагы транспорт каражаттарынын кыймылынын жыштыгына ылайыкталган эмес. Бул факторлор атмосферага кычкыл газдардын чыгуусуна жана транспорт каражаттарынын кыймыл ылдамдыгына таасир этет.
3.14 Автомобиль жана шаар транспортун санариптештирүү жана маалымат технологияларын киргизүү зарылчылыгы.
Автомобиль жана шаар транспорту, транспорт тармагынын тез өнүгүп жаткан сектору болуп эсептелет, ушуга байланыштуу автомобиль жана шаар транспортунун колдонуучуларына жагымдуу шарттарды түзүү, мобилдүүлүктү жогорулатуу, жүктөрдү жеткирүү мөөнөтүн азайтуу, ошондой эле жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун жогорулатуу үчүн, автомобиль жана шаар транспортунда жаңы маалыматтык технологияларды киргизүү зарыл.
3.15 Кадрларды даярдоо жана кайра даярдоонун төмөн деңгээли
Автомобиль транспорту айланадагыларга жогорку кооптуу булак болуп эсептелет. Автомобиль транспортун коопсуз эксплуатациялоо айдоочу курамдын, механиктердин жана транспорт ишканаларынын жетекчилеринин тажрыйбасынан жана квалификациясынан көз каранды.
4. Максаты, артыкчылыктуу багыттары, милдеттери жана чаралары
2020 – 2024 –жылдарда Кыргыз Республикасынын автомобиль транспортун өнүктүрүүнүн Концепциясынын максаты бул – Кыргыз Республикасынын автотранспорт тармагын бир калыпта өнүгүүсүн камсыз кылуу жана республиканын калкынын, экономикасынын керектөөсүн автомобилдик ташуулар менен камсыз кылуу, автомобиль транспортунун эффективдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатуу, автотранспорттук кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү.
1 – артыкчылык. Жүк жана жүргүнчү ташуучу транспорттук каражаттардын паркын жаңыртуу жана коомдук транспортту өнүктүрүү
милдет. Чоң жана орто көлөмдөгү автобустарды жана жүк ташуучу автомобилдерди лизингге алууга шарт түзүү.
Чаралар.
1. Жүк ташуучу автомобилдерди жана автобустарды лизингге алууну караштыруу.
2 – милдет. Аткаруу органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен республиканын шаарларында жана райондорунда жүргүнчүлөрдү ташууну өркүндөтүү программаларын иштеп чыгуу.
Чаралар.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүнчүлөрдү ташууну өркүндөтүү программаларын иштеп чыгуу.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан автобустук каттамдардын маалымат базасын ишеп чыгуу.
2 – артыкчылык. Жеке автоташуучулардын (жеңил такси, ички жүк ташуулар) ишмердүүлүгүн мамлекеттик жөнгө салуу механизмин киргизүү жана автомобиль ташуучулардын чоң транспорттук ишканаларга айлануусуна шарт түзүү.
1 – милдет. Ташуучулар тарабынан республиканын транспорт мыйзамдарын сактоосун көзөмөлдөөнү күчөтүү жана жүргүнчүлөрдү ташуунун коопсуздугун жогорулатуу.
Чаралар.
Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жеңил таксилердин ишмердүүлүгүн жөнгө салууну киргизүү тууралуу ченемдик укуктук акт иштеп чыгуу.
Республиканын ичинде жүк ташыган автоташуучулардын ишмердүүлүгүн мамлекеттик жөнгө салуу тууралуу ченемдик укуктук актты иштеп чыгуу.
Эл аралык жана шаар аралык багыттарда жеңил таксилер менен жүргүнчү ташууларды аткарууну көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү.
2 – милдет. Автомобиль менен жүргүнчү жана жүк ташуучулардын биригүүсүнө шарт түзүү.
Чаралар.
Автотранспорт ишканаларын түзүү жана иш алып баруусу тууралуу ченемдик укуктук акт иштеп чыгуу.
3 – артыкчылык. Транспорттук каражаттардын бардык түрлөрүнө жана категорияларына милдеттүү техникалы кароону киргизүү.
1 – милдет. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында транспорт каражаттарын милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөзүү механизмин киргизүү
Чаралар.
Транспорт каражаттарын милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөзүү тууралуу ченемдик укуктук акт иштеп чыгуу.
4 – артыкчылык. Эл аралык автомобиль ташууларын өркүндөтүү жана автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык багыттарда ташууда ата-мекендик автоташуучулардын кызыкчылыгын коргоо.
1 – милдет. Автомобиль каттамы тууралуу жаңы келишимдерди түзүү жана эл аралык келишимдерге кошулуу.
Чаралар.
1970-жылдын 1-июнунда Женева шаарында кол коюлган айдоочулардын жана транспорттук каражаттардын экипажынын эмгек шарттарын регламенттөөгө багытталган Эл аралык автомобилде жүк ташууларды ишке ашыруучу транспорттук каражаттардын экипаждарынын иштерине тиешелүү Европа Макулдашуусуна кошулуу тууралуу ченемдик укуктук акт иштеп чыгуу.
Кызыкчылык келтирген мамлекеттер менен эл аралык автомобиль катташы тууралуу келишимдерди иштеп чыгуу.
5 – артыкчылык. Транспорттук көзөмөл механизмин жакшыртуу.
1 – милдет. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун, транспорттук каражаттардын салмак-өлчөм параметрлерин электрондук автомтташтырылган жабдуулары бар транспорттук көзөмөл пункттарын жайылтуусун көбөйтүү.
Чаралар.
1. 6 транспорттук көзөмөл пункттарында транспорттук каражаттын салмак-өлчөм аныктоочу электрондук автоматташтырылган жабдуулар менен камсыздоо.
2. Кошумча 2 транспорттук көзөмөл пунктун ачуу.
3. Транспорт көзөмөлүнүн ыкчам тобуна мобилдүү таразалары менен жабдылган автоунааларды алып берүү.
6 – артыкчылык. Жалпы пайдалануудагы жолдордон өтүү үчүн жүк ташуучу автоунаалардан төлөм алуу механизминин киргизүү.
– милдет. Жүк ташуучу унаалардан төлөм алууну автоматташтыруу.
Чаралар.
Жүк ташуучу унаалардан төлөм алуу Жобосун иштеп чыгуу.
Жүк ташуучу унаалардан төлөм алуу маалыматтык системасын иштеп чыгып, колдонууга берүү.
7 – артыкчылык. Республикада бажы- логистикалык борборлорду түзүү жана жалпы пайдалануудагы жолдордун боюнда кошумча инфраструктураны өнүктүрүү.
1 – милдет. Автомобиль менен жүк ташууну өнүктүрүү үчүн бажы-логистикалык терминалдарды куруу.
Чаралар.
Ат-Башы жана Алай райондорунда мамлекеттик - жеке менчик өнөктөштүгүндө бажы-логистикалык борборлорун куруу.
2 – милдет. Эл аралык жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууда алардын эффективдүү өнүгүүсүнө тоскоолдук болуп жаткан эл аралык коридорлордогу (жолдордогу) жол боюндагы инфраструктуранын абалын жакшыртуу, жана бул маселени аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте кароо.
Чаралар.
«Моделдик шоссе» долбоорун илгерилетүү жана жол боюндагы инфратүзүмдү куруу.
8 – артыкчылык. Экологиялык жактан таза транспортту жана отунду колдонууну стимулдаштыруу, жана ошондой эле атмосферага кычкыл газдардын чыгуусун азайтуу
1 – милдет. Экологиялык таза түрдөгү отунду колдонууга шарт түзүү.
Чаралар.
Чоң шаарларда газ заправкаларынын түйүнүн көбөйтүү.
Бишкек жана Ош шаарларында электр кыймылдаткычы бар транспорттук каражаттарга кубаттоочу станцияларды куруу.
9 – артыкчылык. Шаарлардын экологиясын кычкыл газдардын чыгарулуусун азайтуу жолу менен жакшыртуу жана шаардык коомдук транспортту өркүндөтүү.
1 – милдет. Экологиялык жактан таза түрдөгү чоң өлчөмдөгү коомдук транспортту көбөйтүү (автобустар жана троллейбустар) жана коомдук транспорттун алкагын кеңейтүү.
Чаралар.
Экологиялык жактан таза түрдөгү транспорттун санын көбөйтүү.
Шаарларга кире бериште унаа токтоочу жайларды куруу.
Шаарлардын борборуна жеке транспорттун кирүүсүнө төлөм киргизүү.
Коомдук транспорттун ылдамдыгын жогорулатуу.
2 – милдет. Чоң шаарларда транспорттук каражаттардын тыгыздыгын азайтуу максатында жол инфраструктурасын жакшыртуу, жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системаларын колдонуу.
Чаралар.
Жол чырактардын иштөөсүнүн оптималдуу уюштуруу (жашыл толкун) жана жол чырактарды башкарууда автоматташтырган системаларды колдонуу.
Унаа токтоочу жайы жана жашылданган аймагы жок имараттарды курууга тыюу салуу.
Негизги магистралдарда жолдорду ар кайсы деңгээлде кесилишүүсүн уюштуруу.
Азыркы экинчи орундагы автожолдорду жана айланып өтмө жолдорду кеңейтүү жана абалын жакшыртуу, негизги магистралдардан автотранспорт каражаттарынын санын азайтуу.
Борбордук жолдордон, шаардын борборлорунан унаа токтоону чектөө жана жарым-жартылай тыюу салуу.
Велосипед тилкелерин куруу.
10 – артыкчылык. Автомобиль жана шаар транспортун санариптештирүү жана маалымат технологияларын киргизүү.
1 – милдет. Байма-бай автобустук каттамдарда электрондук билеттерди киргизүү.
Чаралар.
Шаар аралык автобустук каттамдарда электрондук билеттерди сатып алуу системасын киргизүү.
Шаар транспортунда (автобус жана троллейбустар) жол акысын төлөө үчүн валидатор системасын киргизүү.
– милдет. Уруксат кагаздарын берүүдө кагаз маалымкаттарды талап кылуудан баш тартуу.
Жүргүнчү жана жүк ташууга лицензия берүүдө талап кылынган маалымкаттарды электрондук форматта алууга өтүү.
3 – милдет. Аварияларда тийиштүү ыкчам кызматтарды чакыруу системасын түзүү.
Чаралар.
ЕАЭБ “Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу тууралуу” техникалык регламентинин негизинде ыкчам кызматтарды чакыруу маалымат-байланыш системасын түзүү.
11 – артыкчылык. Окуу-методикалык жабдууларга жакшы эл аралык методдорду киргизүү менен, автомобиль транспортуна кадрларды даядоо жана кайра даярдоо системасын жакшыртуу.
1 – милдет. Кадрларды даярдоо жана кайра даярдоону жакшыртуу – каржылоо талап кылынбайт.
Чаралар.
1. Эл аралык автомобиль ташууларына тиешеси бар жумушчулардын профессионалдык компетенттүүлүгүн методикалык жабдуулар менен камсыз кылуу менен, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу менен, көчмө жана дистанциялык окутуу формаларын киргизүү менен жогорулатуу.
5. Күтүлгөн натыйжалар
Концепцияны ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүдө жалпы оң социалдык-экономикалык эффективдүүлүккө алып келет жана калкка автотранспорттук кызмат көрсөтүүнү кеңейтүү жана сапатын жогорулатууга көмөк көрсөтөт. Автомобиль транспорту системасынын иш алып баруусунун кийинки сапаттуу жаңы деңгээлине өтүүсүнө, ошондой эле экономикалык жана калктын автомобиль транспортунун коопсуз жана ишенимдүү кызматтарына керектөөлөрүн камсыздоонун зарыл деңгээлине жетишүү үчүн өбөлгө түзүлөт. Автомобиль транспортунун айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтууга чаралар көрүлөт.
Жол инфратүзүмүн колдонуу үчүн жаңы төлөм алуу механизмин киргизүү эсебинен (ошол учурда эле ташуучуларга салык басымын азайтуу менен) жол жана көчө-жол түйүнүн курууга, оңдоого жана кармоого кошумча эффективдүү финансы булагы түзүлөт, бул болсо өз учурунда тийиштүү деңгээлде жолдордун транспорттук-эксплуатациялык сапаттарын сактоого шарт түзөт. Ошол учурда эле аталган максаттарга ылайык транспорттук суроо-талапты жөнгө салууга багытталган механизмдер жана чаралар киргизилет, аны жалпы пайдалануудагы коомдук транспорттун пайдасына бөлүштүрүү, шаар куруу саясатын жана жер колодонуу чөйрөсүндө саясатты жакшыртуу менен жеке транспорт менен колдонууга талапты азайтуу.
Автомобиль транспортунун эффективдүүлүгүн камсыздоо аны өлкөнүн экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүү элементи кылууга мүмкүндүк түзөт. Продукциянын жана кызмат көрсөтүүнүн өз баасынын транспорттук үлүшү дээрлик төмөндөйт жана ата мекендик экспорттун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жогорулайт.
Республиканын аймагында заманбап товар өткөрүүчү түйүндөрдүн түзүлүүсү үчүн чечүүчү маанини, атаандаштык түрдө кеңири кызмат көрсөтүүнү камсыз кылган, интеграцияланган түйүнү бар, автомобиль транспортун жана автотранспорт инфратүзүмүн колдонгон мультимодалдык транспорттук-логистикалы коплекстерди түзүү негизги маанини ойнойт.
6. Кооптуулуктарды жана тобокелдиктерди баалоо
Автомобиль транспортунун (ички жана магистралдык) таяныч тармагы, ошондой эле автовокзалдык инфраструктура мамлекеттик менчикте калат, бул мамлекеттин узак мөөнөттөгү активдери жана менчиктештирүүгө жатпашы керек. Жүргүнчү жана жүк ташуучу автотранспорт жеке сектордун жеке менчигинде турат, бул ага ийкемдүү, мобилдүү болууга шарт түзүп, рыноктун коньюктурасына ыңгайлашууга жана активдүү өнүгүүгө мүмкүндүк берет.
Автотранспорттук тармакта атаандаштыкты жана эффективдүү иштөөнү колдоо үчүн туруктуу инвестициялоо жана жаңы долбоорлорду ишке ашырып туруу зарыл.
2020 – 2024 –жылдарда Кыргыз Республикасынын автомобиль транспортун өнүктүрүүнүн Концепциясын аткарууда мамлекеттик каржылоодон сырткары, төмөндөгү эл аралык институттарды чакыруу каралаууда, булар эл аралык кызматташтыктын Германия коомчулугу (GIZ), Азия өнүгүү банкы (АӨБ), Дүйнөлүк банк (ДБ), Ислам өнүгүү банкы (ИӨБ), Эл аралык кызматташтыктын Япония агенттиги (JICA), Кайра куруу жана өнүктүрүүнүн Европа банкы (ККЕБ), Евразия өнүгүү банкы (ЕӨБ), Кыргыз-Орус өнүгүү фонду (КОӨФ) жана башка.
Жеке бизнести өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу климатты түзүү үчүн, негизги каражаттарды жаңыртууга өбөлгө түзүүчү жеңилдиктерди жана преференцияларды берүү жолдору менен ишке ашырылат. Бул Концепциянын чараларын ишка ашырууну каржылоо ички булактардан жана ошондой эле сырттан жардам берүү жолу менен ишке ашырылат.
Муну менен бирге 2020 – 2024 –жылдарда Кыргыз Республикасынын автомобиль транспортун өнүктүрүүнүн Концепциясында коюлган милдеттерди убагында же болбосо толук эмес аткарылып калуусу үчүн тобокелдиктер бар. Мындай тобокелдиктерге төмөндөгүлөрдү тийиштүү:
а) экономиканын өсүү темпин жана инвестициялык активдүүлүктүн деңгээлин, экономикалык системанын кризисин, бюджеттик таңсыкты жана инфляцияны төмөндөтүү мүмкүнчүлүктөрүнө байланышкан макроэкономикалык тобокелчиликтер.
Автомобиль транспортунун ишмердүүлүгү энерго алып жүрүүчүлөрдүн (отун) дүйнөлүк баасынан, автожолдордун абалынан, жана ошондой эле эл аралык транспорттук коридорлордун (жолдор) абалынан түздөн түз көз каранды.
Коньюктуралык баалардын жагымсыз өзгөрүүлөрү, тактап айтканда, отунга баалардын өсүшү транспорттук коромжунун көбөйүшүнө, транспортто жүк ташуунун өз наркынын өсүшүнө, калкка транспорттук кызмат көрсөтүүнүн бааларынын жогорулоосуна алып келиши мүмкүн.
б) Концепцияны жетишээрлик эмес инвестициялык, ченемдик-укуктук, кадрдык колдоого байланышкан операциялык тобокелчиликтер.
Автомобиль транспортунун эффективдүү жана динамикалык өнүгүүсү негизинен инвестициялык колдоонун болуусунан, керектүү ченемдик укуктук актылардан жана ошондой эле автомобиль транспорту үчүн квалификацияланган кадрлардын (инженерлер, механиктер, диспетчерлер, айдоочулар) болуусунан көз каранды.
Булардын жоктугунан автомобиль транспортун өнүктүрүүнүн чараларын аткаруу бир топ кыйынчылыктуу болот.
7. Ишке ашыруунун мониторинги жана баалоо
Иш-чаралар планын аткаруунун такай мониторинги жана баалоо аларды ишке ашырууда прогресске баалоо жүргүзүүнүн майнаптуу куралына айланып, өз убагында чечимдерди кабыл алууга жана оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизүүгө мүмкүндүк берет.
Күтүлгөн натыйжалар ушул Концепциянын 2020 – 2024 – жылдарда белгиленген артыкчылыктарды ишке ашыруудагы прогресстин мониторингинин ажыратылгыс курамы болуп калат. Концепциянын мониторинг жана баалоо индикаторлору сапаттык жана сандык мүнөздөмөлөргө ээ болот.
Ишке ашыруунун мониторинги жана баалоо Министрлик тарабынан уюштурулат жана түрдүү ыкмалар менен, анын ичинде мамлекеттик социалдык заказ аркылуу да жүргүзүлөт. Концепцияны ишке ашыруунун мониторингинин маалыматтык базасы болуп статистикалык байкоо маалыматтары, мамлекеттик органдардын жана алардын бөлүмдөрүнүн, ушул Программанын иш-чараларын ишке ашыруунун катышуучуларынын маалыматтары, ошондой эле көз карандысыз сурамжылоолордун натыйжалары эсептелет.
2 – тиркеме
2020 – 2024 –жылдарда Кыргыз Республикасынын автомобиль транспортун өнүктүрүүнүн Концепциясын ишке ашыруу боюнча
Иш-чаралардын планы
№ | Иш-чаралар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Каржылоо булактары | Күтүлүүчү натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар | ||
1 – Глава. Жүк жана жүргүнчү ташуучу транспорттук каражаттардын паркын жаңыртуу жана коомдук транспортту өнүктүрүү | |||||||
1 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө лизинг маселесин финансылык институттардын жардамы менен илгерилтүү үчүн конкреттүү сунуштарды киргизүү | 01. 06. 2021 | Министрилктин бекитилген бюджетинин алкагында | Жүргүнчү жана жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын паркын жаңылоого ыңгайлуу шарт түзүлүп, андан ары автобустардын жана жүк ташуучу автомобилдердин паркын жаңылоого алып барат | ТЖМ | ||
2 | Аткаруу органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүнчүлөрдү ташууну өркүндөтүү программаларын иштеп чыгуусу (ар бир кадамды камтыган аракеттери менен) жана аны бекитүү. Акыркы жыйынтыгы болуп райондордун жана шаарлардын ичинде жүргүнчүлөрдү ташууну өркүндөтүүгө шарттардын түзүлүшү зарыл | 31. 12 2020 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин алкагында жана тартылып келинген ивестициялар (гранттар, кредиттер) | Жүргүнчү ташууну өнүктүрүү приоритеттерин аныктоо жана аларга жетишүү, калкты ташуу чөйрөсүндө көйгөйлүү маселелерди чечүү. | ЖӨБО (макулдашуу менен), жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, КРӨ облустардагы ЫУӨ | ||
3 | Аткаруу бийликтеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан шаар аралык, эл аралык жана шаар ичиндеги автобустук каттамдардын маалымат базасын ишеп чыгуусу жана ал маалыматтарды интернет сайттарга жайгаштыруусу | 31. 12. 2020 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана министрликтин бюджетинин алкагында, тартылып келинген ивестициялар (гранттар, кредиттер) | Жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлөөгө жана маалымдоого шарттар түзүлдү | Шаардын мэриялары (макулдашуу менен), ТЖМ | ||
2 – Глава. Жеке автоташуучулардын (жеңил такси, ички жүк ташуулар) ишмердүүлүгүн мамлекеттик жөнгө салуу механизмин киргизүү жана автомобиль ташуучуларына чоң транспорттук ишканаларга биригүүсүнө шарт түзүү | |||||||
4 | Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү | 30. 06. 2020 | Министрилктин бекитилген бюджетинин алкагында | Жүргүнчүлөргө көргөзүлүп жаткан тейлөөнү жакшыртуу, жеңил таксилер менен болгон жол кырсыктарын азайтуу, транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуу санын азайтуу | ТЖМ | ||
5 | Республиканын ичинде жүк ташыган автоташуучулардын ишмердүүлүгүн мамлекеттик жөнгө салуу тууралуу ченемдик укуктук актты иштеп чыгуу. | 01. 12. 2022 | Министрилктин бекитилген бюджетинин алкагында | Жүк жөнөтүүчүлөргө көрсөтүлгөн тейлөөнүн сапатын жакшыртуу | ТЖМ | ||
6 | Эл аралык жана шаар аралык багыттарда жеңил таксилер менен ташууларды автобекеттердин жана автостанциялардын аймагынан кетүүсүн көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү. | Дайыма | Министрилктин бекитилген бюджетинин алкагында | Жүргүнчү ташуучулардын ишмердүүлүгүн ирээтке келтирүү | ТЖМ, ИИМ | ||
7 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Автотранспорттук ишканаларды түзүү жана иштөөсү жөнүндө” токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | 01. 06. 2022 | Министрилктин бекитилген бюджетинин алкагында | Калкты сапаттуу тейлөөгө шарт түзүү | ТЖМ | ||
3 – Глава. Транспорттук каражаттардын бардык түрлөрүнө жана категорияларына милдеттүү техникалы кароону киргизүү | |||||||
8 | Кыргыз Республикасынын “Жол кыймылы тууралуу” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | 01. 03. 2022 | Министрилктин бекитилген бюджетинин алкагында | Транспорттук каражаттардын техникалык абалын жана жабдууларын жол коопсуздугу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын, эрежелердин, стандарттардын жана техникалык нормалардын талаптарына жооп берүүсүн текшерүү | ИИМ, ТЖМ | ||
4 – Глава. Эл аралык автомобиль ташууларын өркүндөтүү жана автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык ташууда ата-мекендик автоташуучулардын кызыкчылыгын коргоо | |||||||
9 | “Автотранспорт каражаттарынын кипаждарынын иши тууралуу Европа макулдашуусусуна (ТКЕМ), Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | 01. 06. 2021 | Министрилктин бекитилген бюджетинин алкагында | Жүк ташуу кызматын көрсөтүү рыногуна жеткиликтүүлүктүн бирдей шарттарын түзүү, ата мекендик жүк ташуучулардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыздоо.
| ТЖМ, ТИМ | ||
10 | Кызыкчылык келтирген мамлекеттер менен эл аралык автомобиль катташы тууралуу келишимдерди иштеп чыгуу | 01. 06. 2023 | Министрилктин бекитилген бюджетинин алкагында | Автомобиль транспорту менен эл аралык жүк жана жүргүнчү ташууларды өркүндөтүү. Кызыкчылык келтирген чет мамлекеттер менен жаңы келишимдерге кол коюу | ТЖМ | ||
5 – Глава. Транспорттук көзөмөл механизмин жакшыртуу | |||||||
11 | 6 транспорттук көзөмөл пункттарында транспорттук каражаттын салмак-өлчөмүн аныктоочу электрондук автоматташтырылган жабдуулар менен камсыздоо | 31. 12. 2023 | Министрилктин бекитилген бюджетинин алкагында, гранттар | Салмак-өлчөм текшерүү жараянын жана транспорттук кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу | ТЖМ | ||
12 | Кошумча 3 транспорттук көзөмөл пунктун ачуу | 31.12. 2024 | Министрилктин бекитилген бюджетинин алкагында, гранттар | Транспорттук көзөмөл жүргүзүү жараянынын географиялык алкагын кеңейтүү | ТЖМ | ||
13 | Транспорт көзөмөлүнүн ыкчам тобуна мобилдүү таразалары менен жабдылган автоунааларды алып берүү. | 01.06. 2024 | Министрилктин бекитилген бюджетинин алкагында, гранттар | Транспорттук көзөмөлдү жакшыртуу | ТЖМ | ||
6 – Глава. Жалпы пайдалануудагы жолдордон өтүү үчүн жүк ташуучу автоунаалардан төлөм алуу механизминин киргизүү. | |||||||
14 | Жүк ташуучу унаалардан төлөм алуу Жобосун иштеп чыгуу. | 01. 03. 2020 | Министрилктин бекитилген бюджетинин алкагында, гранттар | Жалпы пайдалануудагы жолдордон өтүү үчүн жүк ташуучу автоунаалардан төлөм алуу механизминин киргизүү үчүн ченемдик база түзүлдү. | ТЖМ | ||
15 | Жүк ташуучу унаалардан төлөм алуу маалыматтык системасын иштеп чыгып, колдонууга берүү. | 01. 03. 2021 | Министрилктин бекитилген бюджетинин алкагында, гранттар | Жалпы пайдалануудагы жолдордон өтүү үчүн жүк ташуучу автоунаалардан төлөм алуу үчүн маалыматтык система түзүлдү. | ТЖМ | ||
7 – Глава. Республикада бажы-логистикалык борборлорун түзүү жана жалпы пайдалануудагы жолдордун боюнда кошумча инфраструктураны өнүктүрүү | |||||||
16 | Ат-Башы жана Алай райондорунда мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүгүндө бажы-логистикалык борборлорду куруу. | 31. 12. 2022 | Инвестициялар, гранттар, жеке-өнөктөштүк долбоорунун алкагында | Жүк ташууга ыңгайлуу шарттарды түзүү. Ата-мекендик автоташуучулар тарабынан жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүү. Товардын баасындагы транспорттук түзүмдү азайтуу | МБК, ЭМ, ТЖМ | ||
17 | «Моделдик шоссе» долбоорун илгерилетүү жана жол боюндагы инфраструктураны куруу (өлкөнүн негизги транспорт коридорлорун туруктуу мобилдик байланыш менен камсыз кылуу, тез жардам көрсөтүү үчүн медициналык пункттарды куруу) | 31. 12. 2023 | Министрилктердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында, инвестициялар | Автомобиль жолунун боюнда керектүү инфраструктураны куруу | ТЖМ, ССМ, АКТКЧМА, МТБМК, ЖӨБО (макулдашуу менен), уюлдук байланыш операторлору (макулдашуу менен) | ||
8 – Глава. Экологиялык түрдөгү транспортту жана отунду колдонууну стимулдаштыруу, жана ошондой эле атмосферага кычкыл газдардын чыгуусун азайтуу | |||||||
18 | Чоң шаарларда газ заправкаларынын түйүнүн көбөйтүү, ар бир облуста кеминде 5 газ заправкаларын куруу. | 31. 12. 2022 | Шаарлардын жана ведомствонун бекитилген бюджетинин алкагында, инвестициялар | Экологиялык жактан таза транспортту алып келүүгө тийиштүү инфраструктураны түзүү. | АКТКЧМА, ЖӨБО (макулдашуу менен), жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, КРӨ облустардагы ЫУӨ, шаар мэриялары (макулдашуу менен) | ||
19 | Бишкек жана Ош шаарларында электр кыймылдаткычы бар транспорттук каражаттарга кубаттоочу станцияларды куруу | 31. 09. 2023 | Шаарлардын жана бекитилген бюджетинин алкагында, инвестициялар. | Автомобиль транспортунун коопсуздугун жогорулатуу, атмосферага зыяндуу заттардын чыгуусун азайтуу | Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу менен) | ||
9 – Глава. Шаарлардын экологиясын кычкыл газдардын чыгарулуусун азайтуу жолу менен жакшыртуу жана шаардык коомдук транспортту өркүндөтүү. | |||||||
20 | Экологиялык түрдөгү транспорттун санын (троллейбустар жана газ баллон жабдуусундагы автобустар) Бишкек жана Ош шаарларында жалпы коомдук транспорттун санынын 40% чейин көбөйтүү. | 01. 10. 2023 | Шаарлардын бекитилген бюджетинин алкагында, инвестициялар, кредиттер жана гранттар | Жүргүнчү ташуучу автобустардын паркы жаңы экологиялык жактан таза автобустар менен жаңыланды | Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу менен), ФМ | ||
21 | Бишкек жана Ош шаарларынын кире беришине 4 унаа токтоочу жайларды курууну кароо | 31. 12. 2022 | Шаарлардын жана ведомствонун бекитилген бюджетинин алкагында, инвестициялар | Унаа токтоочу жайлар курулду. | Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу менен), КРӨ Чүй облусундагы ЫУӨ, ТЖМ | ||
22 | Бишкек жана Ош шаарларында коомдук транспорттун ылдамдыгын, жолдорду салууда жана оңдоодо коомдук транспортко өзүнчө тилке берүү менен жогорулатуу | 31. 12. 2022 | Шаарлардын бекитилген бюджетинин алкагында, инвестициялар, кредиттер жана гранттар | Автобустарга өзүнчө тилке берүү тажрыйбасы киргизилди | Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу менен) | ||
23 | Жол чырактардын иштөөсүн оптималдуу уюштуруу (жашыл толкун) жана жол чырактарды башкарууда автоматташтырган системаларды колдонуу | 31. 12. 2021 | Шаарлардын бекитилген бюджетинин алкагында, инвестициялар, кредиттер жана гранттар | Кыймылды башкаруунун автоматташтырылган системасы киргизилди | ИИМ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу менен) | ||
24 | Унаа токтоочу жайы жок жана жашылданган аймагы жок имараттарды курууга тыюу салуу | 01. 06. 2021 | Шаарлардын бекитилген бюджетинин алкагында | Унаа токтоочу жайы жок имараттарды салууга тыюу салуу тажрыйбасын колдонулду | АКТКЧМА, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу менен) | ||
25 | Бишкек жана Ош шаарларында негизги магистралдарда жолдордун ар кайсы деңгээлде кесилишүүсүн кеминде 2 транспорттук кесилиш куруу | 31. 12. 2024 | Шаарлардын бекитилген бюджетинин алкагында, инвестициялар, кредиттер жана гранттар | Көп кабаттуу жолдордун кесилиши курулду | АКТКЧМА, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу менен) | ||
26 | Азыркы экинчи орундагы автожолдорду жана айланып өтмө жолдорду кеңейтүү жана абалын жакшыртуу, негизги магистралдардан автотранспорт каражаттарынын санын азайтуу | 31. 12. 2022 | Шаарлардын бекитилген бюджетинин алкагында, инвестициялар, кредиттер жана гранттар | Колдонууга жаңы курулган жана реконструкцияланган жолдор берилди | Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу менен), ТЖМ | ||
27 | Борбордук жолдордон, шаардын борборлорунан унаа токтоону чектөө жана жарым-жартылай тыюу салуу. | 31. 12. 2021 | Шаарлардын бекитилген бюджетинин алкагында | Унаа токтоого тыюу салынган шаардын көчөлөрү жана жолдору белгилүү болду | Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу менен), АКТКЧМА | ||
28 | Бишкек жана Ош шаарларында велосипед тилкелерин куруу. | 01. 06. 2022 | Шаарлардын бекитилген бюджетинин алкагында, инвестициялар, кредиттер жана гранттар | Велосипед тилкелери курулду | Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу менен), АКТКЧМА | ||
10 – Глава. Автомобиль жана шаар транспортун санариптештирүү жана маалымат технологияларын киргизүү. | |||||||
29 | Шаар аралык автобустук каттамдарда электрондук билеттерди сатып алуу системасын киргизүү. | 01. 09. 2020 | Министрилктин бекитилген бюджетинин алкагында, инвестициялар | Жүргүнчүлөр дистанциялык түрдө билет сатып алуу үчүн маалыматтык база түзүлдү | ТЖМ, “Кыргыз автобекети” МИ | ||
30 | Шаар транспортунда (автобус жана троллейбустар) жол акысын төлөө үчүн валидатор системасын киргизүү. | 01. 03. 2021 | Шаарлардын бекитилген бюджетинин алкагында, инвестициялар | Коомдук транспортто автоматташтырылган төлөө системасы түзүлдү | Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары | ||
31 | Жүргүнчү жана жүк ташууга лицензия берүүдө талап кылынган маалымкаттарды электрондук форматта алууга өтүү. | 01. 06. 2020 | Министрилктин бекитилген бюджетинин алкагында, инвестициялар | Маалымкаттарды алмашуу боюнча электрондук база түзүлдү | ТЖМ, АСТжСӨА | ||
32 | ЕАЭБ “Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу тууралуу” техникалык регламентинин негизинде ыкчам кызматтарды чакыруу маалымат-байланыш системасын түзүү. | 01. 06. 2022 | Министрилктин бекитилген бюджетинин алкагында, инвестициялар, донорлор, кошумча бюджеттик каражаттар | Жол транспорт кырсыктарында жана аварияларда ыкчам кызматтарды чакыруучу маалыматтык система түзүлдү | ӨКМ, МТБМК | ||
11 – Глава. Окуу-методикалык жабдууларга жакшы эл аралык методдорду киргизүү менен, автомобиль транспортуна кадрларды даядоо жана кайра даярдоо системасын жакшыртуу | |||||||
33 | “2006-жылдын 24-ноябрында Минск шаарында кол коюлган КМШ мүчө-мамлекеттеринин эл аралык автомобилде жүк ташуучулардын кошумча окутуу жана кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө Макулдашууну бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун иштеп чыгуу | 01. 12. 2021 | Министрилктин бекитилген бюджетинин алкагында | Автомобиль транспортунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн ченемдик укуктук база түзүлдү
| ТЖМ | ||
34 | Эл аралык автомобиль ташууларына тиешеси бар жумушчулардын профессионалдык компетенттүүлүгүн методикалык жабдуулар менен камсыз кылуу менен, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу менен, көчмө жана дистанциялык окутуу формаларын киргизүү менен жогорулатуу. | 01. 06. 2023 | Министрилктин бекитилген бюджетинин алкагында |
| ТЖМ, ташуучулар ассоциациялары. | ||
Кыскартуулардын тизмеси
ТЖМ – Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлиги
ИИМ - Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги
ТИМ - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги
ЭМ - Кыргыз Республикасынын экономика министрлиги
ФМ - Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги
ССМ - Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлиги
ББИМ - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги
МБК - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик бажы кызматы
АКТКЧМА – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги
МТБМК – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик байланыш технологиялары жана байланыш Комитети
ЖӨБО – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
КРӨ облустардагы ЫУӨ – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү
КМТУ – И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалы университети
КМКТАУ – Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт, архитектура университети