Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Айыл чарба министрлигинин
2023-жылдын 29-ноябрындагы № 431-НИ буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Айыл
чарба, тамак-аш өнөр жайы жана
мелиорация министрлигинин
1-тиркеме
Карантинге алынган продукцияны жана объекттерди
текшерип кароо тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул карантинге алынган продукцияны жана объекттерди текшерип кароо жүргүзүү тартиби (мындан ары – Тартип) «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 5, 9 жана 12-беренелерине, Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти жөнүндө жобонун 9, 10 жана 16-пункттарына, Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 318 чечими жана № 23 Фитосанитардык чаралар боюнча эл аралык стандарт менен бекитилген, Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык контроль (көзөмөл) жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобонун III главасынын 3.3 – 3.14 - пункттарына ылайык иштелип чыкты.
2. Карантинге алынган продукцияны жана объекттерди текшерип кароо жүргүзүү тартиби карантинге алынган продукцияны жана объекттерди импорттоо жана экспорттоодо текшерип кароо жол-жобосун баяндайт.
3. Текшерип кароонун негизги максаты жүктүн (объекттин) фитосанитардык регламентацияларга шайкештигин көз чаптырып текшерип кароо, документтерди текшерүү, ошондой эле жүктүн аныктыгын жана бүтүндүгүн текшерүү жолу менен аныктоону көздөйт.
4. Өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын адиси (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) жүктүн (объекттин) фитосанитардык регламентацияларга шайкештигин карантинге алынган материалдарда зыяндуу организмдерди табууга багытталган, көз чаптырып текшерип кароо, документтерди текшерүү, ошондой эле жүктүн аныктыгын жана бүтүндүгүн текшерүү жолу менен аныктайт.
5. Ушул Тартиптин максаттары үчүн төмөнкүлөрдү билдирген түшүнүктөр колдонулат:
транспорт каражаттары – карантинге алынган продукциянын партиясын которуштуруу үчүн пайдаланылган транспорт каражаттары;
транспорттук (ташуучу) документтер – Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык ташууда жүктү коштоого тийиш болгон коносамент, коштомо кагаз же башка документтер.
6. Ушул Тартипте колдонулган башка түшүнүктөр «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана 1951-жылдын 6-декабрындагы Өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо боюнча эл аралык конвенцияда жана фитосанитардык чаралар боюнча эл аралык стандарттарда белгиленген мааниде колдонулат.
7. Жүктөрдү текшерип кароонун максаты импорттоо же экспорттоо учурунда карантиндик зыяндуу организмдер боюнча фитосанитардык талаптарга шайкештикти тастыктоо болуп саналат:
- экспорттоо учурунда жүргүзүлгөн текшерип кароо, жүк кароодон өтүп жатканда импорттоочу өлкөнүн фитосанитардык талаптарына жооп бергендигин далилдейт;
- текшерип кароонун натыйжасында, каралып жаткан жүккө фитосанитардык сертификат берилет;
- импорттоо учурунда текшерип кароо жүктүн импорттук фитосанитардык талаптарга жооп бергендигин далилдейт.
Жүктү толук текшерип карап чыгуу мүмкүн болбогон учурда үлгүлөр тандалып алынат. Текшерип кароо фитосанитардык тобокелдикти башкаруу жол-жобосу катары дагы колдонулат.
8. Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамында текшерип кароо жүргүзүү учурунда төмөнкүлөр болууга тийиш:
- өзүнүн функцияларын аткарууга тийиштүү ыйгарым укугу;
- зыяндуу организмдерди табуу жаатында зарыл болгон квалификациясы жана техникалык компетенциялары;
- өсүмдүктөрдө, өсүмдүк продуктуларында жана башка карантинге алынган материалдарда зыяндуу организмдерди идентификациялоо мүмкүнчүлүгү жана көндүмдөрү;
- текшерип кароо жүргүзүү үчүн керектүү каражаттарды, куралдарды жана жабдууларды колдоно алуу мүмкүнчүлүгү;
- колдонмолор (үлгүлөрдү тандап алуу боюнча колдонмо, зыяндуу организмдер боюнча маалымат материалдары);
- калыстык жана адилеттүүлүк.
Текшерип кароо тартиби
9. Көз чаптырып текшерип кароого коюлуучу техникалык талаптар төмөнкү жол-жоболорго тийиштүү:
- зыяндуу организмдерди аныктоо үчүн жана башка фитосанитардык талаптардын сакталышын (мисалы, топурактын, төшөлүүчү материалдын жоктугу, жүктө маркировканын болушу) сыртынан текшерүү;
- транспорт каражаттарын, кузовдун жана кабинанын ички жана тышкы беттерин, таңгактоочу материалды текшерип кароо;
- жүктүн аныктыгын жана бүтүндүгүн текшерүү;
- жүктүн герметикалуулугун жана төгүлбөгөндүгүн текшерүү.
Документтерди текшерүү тартиби
10. Жүктү коштоочу документтерди текшерүү.
Импорт жана экспорт учурунда документтер төмөнкүлөргө текшерилет:
- толуктугуна;
- ырааттуулугуна;
- тактыгына;
- аныктыгына жана жарамдуулугуна.
Импорттоо же экспорттоо үчүн сертификациялоого керектүү документтер:
- фитосанитардык сертификаттар же реэкспорттук фитосанитардык сертификаттар;
- жүк декларациясы;
- импорттоого уруксаттар;
- дарылоо жана маркировкалоо жөнүндө документтер же сертификаттар;
- келип чыгышы тууралуу сертификаттар;
- жер-жерлерде сыртынан кароо жөнүндө отчёт;
- өндүрүүчүлөрдүн же таңгактоочулардын реестри;
- сертификациялоо программаларына тийиштүү документтер (мисалы, үрөндүк картошканы сертификациялоо программалары, эркин зоналар боюнча документтер);
- лабораториялардын отчеттору.
Текшерип кароого коюлган талаптар
11. Карантинге алынган продукцияны жана объекттерди текшерип кароо мамлекеттик чек арада, жүк ташылып баруучу жерде же жүктү жөнөтүүгө камдоо жайларында, ыйгарым укуктуу органдын адиси тарабынан жүргүзүлөт.
12. Текшерип кароо учурунда төмөнкү талаптар сакталат:
- карантинге алынган продукция жана объекттер жабдуулар бар жерлерде текшерип каралат;
- үлгүлөр 12430-66 ГОСТу боюнча методикага ылайык тандап алынат;
- текшерип кароо жол-жобосу үлгүлөрдүн бүтүндүгүн, көзөмөлдөнүшүн жана коопсуздугун камсыз кылат;
- текшерип кароонун жыйынтыктары документтештирилет.
Текшерип кароонун жыйынтыгы
13. 2010-жылдын 18-июнунда Бажы бирлигинин комиссиясынын чечими менен бекитилген, Евразиялык экономикалык бирликтин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык контроль (көзөмөл) жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун 1-тиркемесине ылайык, текшерип кароонун жыйынтыгы боюнча Карантиндик фитосанитардык текшерүү акты түзүлөт. Фитосанитардык талаптар туура эмес аткарылып жаткандыгы аныкталган учурда, 1-тиркемеге ылайык жазма эскертүү түзүлүп, текшерилип жаткан карантинге алынган продукцияга жана объектиге карата төмөнкү чечим кабыл алынат:
- фитосанитардык сертификатты берүүдөн баш тартуу;
- кошумча текшерүү жүргүзүү;
- карантинге алынган продукцияны жана объектти зыянсыздандыруу;
- карантинге алынган продукцияны жок кылуу;
- карантинге алынган продукцияны кайтарып берүү;
- карантинге алынган продукцияны жана объектти тазалоо.
Фитосанитардык талаптардын туура эмес аткарылып жаткандыгы аныкталса, фитосанитардык сертификатты берүү же ташып кирүүгө уруксат берүүдөн баш тартуу чечими кабыл алынат.
Тиркеме
Өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган
ЖАЗМА ЭСКЕРТҮҮ №
Мен, ____________________________ Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлү карантинге алынган объекттин өкүлүнүн (ээсинин) катышуусунда _____________________________________________
___________________________________________________________________
___________________________________________________________________
Материалдын аталышы, келип чыгышы, текшерүү орду
Саны ________________________________________ сертификаттын болуусу ___________________________________________________________________
Көрсөтүлгөн материалды текшерүү учурунда төмөнкүлөр аныкталды:
______________________________________________________________________________________________________________________________________
Лабораториялык экспертизага тандалып алынган үлгүлөрдүн саны__________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________________________________________________________
Инспектордун корутундусу: _____________________________________________
____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________________________________________________________
Ыйгарым укуктуу органдын өкүлү________________
М.О.
Материал ээси (өкүлү)____________