Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Айыл чарба министрлигинин
2023-жылдын 29-ноябрындагы № 431-НИ буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын
Айыл чарба, тамак-аш өнөр
жайы жана мелиорация
министрлигинин буйругуна
3-тиркеме
Карантинге алынган объекттерди газациялоо ыкмасы менен зыянсыздандыруу иштерин жана аларды дегазациялоо боюнча иштерин уюштуруу жөнүндө тартип
Жалпы жоболор
1. Ушул Карантинге алынган объекттерди газация ыкмасы менен зыянсыздандыруу иштерин жана аларды дегазациялоо боюнча иштерин уюштуруу жөнүндө тиркеме (мындан ары –Тартип) «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 11 беренелерине, Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти жөнүндө жобонун 9, 10, 16 пункттарына, Евразиялык экономикалык кеңештин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 157 чечими менен бекитилген, Евразиялык экономикалык бирликтин бажы чек арасындагы жана бажы аймагындагы карантинге алынган продукцияга жана карантинге алынган объекттерге коюлган бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптардын VII жана X главаларына, Өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо боюнча эл аралык конвенцияга жана Фитосанитардык чаралар боюнча эл аралык №15 стандартка ылайык иштелип чыкты.
2. Ушул Тартип карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу боюнча иштердин түрлөрүн, ишканаларга жана жеке ишкерлерге жыгач таңгактоо материалдарын зыянсыздандыруу жана маркалоо укугун аныктайт.
3. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүү укугун ушул Тартипте белгиленген укукка ээ болгон юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге (мындан ары – аткаруучу) өткөрүп бере алат.
4. Экспортоо жана импорттоо учурунда карантинге алынган объекттерди газациялоо ыкмасы менен зыянсыздандыруу иштери жана аларды дегазациялоо боюнча иштери ыйгарым укуктуу органдын фумигациялык тобу тарабынан ишке ашырылат.
5. Ушул Тартиптин максаттары үчүн төмөнкүлөрдү билдирген түшүнүктөр колдонулат:
газациялоо – карантинге алынган объекттерди ууктургуч заттардын – фумиганттардын буусу же газдары менен зыяндуу организмдерди жоготуу максатында зыянсыздандыруу;
дегазациялоо – газациялоо ыкмасы менен зыянсыздандырылган карантинге алынган объекттерди вентиляция аркылуу тазалоо, желдетүү.
2. Карантинге алынган объекттерди газациялоо ыкмасы менен зыянсыздандыруу иштерин жана аларды дегазациялоо боюнча иштерин уюштуруу жөнүндө тартип
6. Карантинге алынган объекттерди газациялоо ыкмасы менен зыянсыздандыруу иштери жана аларды дегазациялоо боюнча иштери, алардын ээлери, пайдалануучулар, жүк алуучулардын (мындан ары – карантинге алынган объекттердин ээлери) эсебинен, ыйгарым укуктуу органдын фумигациялык тобу тарабынан жана ушул Тартипте белгиленген талаптарга жооп берген юридикалык жактар жана жеке ишкерлер менен түзүлгөн келишимдик негизде жүргүзүлөт.
7. Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген карантинге алынган продукция Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында же жеткирип баруучу жерлерде төмөнкү учурларда газациялоо ыкмасы менен зыянсыздандырылууга тийиш:
- Евразиялык экономикалык бирликтин чечими менен бекитилген Карантиндик объекттердин (өсүмдүк зыянкечтеринин, өсүмдүктөрдүн жана отоо чөптөрдүн ооруларын козгогучтардын) бирдиктүү тизмегине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жок болгон зыяндуу организмдердин тизмегине ылайык карантинге алынган продукцияда (карантинге алынган материалда, карантинге алынган жүктө) карантиндик өсүмдүк зыянкечтери табылса;
- Кыргыз Республикасынын аймагына карантиндик объекттер таралган башка өлкөлөрдөн өсүмдүктөрдүн карантиндик зыянкечтеринин кирип кетүүсүн алдын алуу максатында (профилактикалык зыянсыздандыруу).
8. Карантинге алынган продукция Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгарылган учурда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында же жүк жүктөлгөн жерлерде төмөнкү учурларда газация ыкмасы менен зыянсыздандырылууга тийиш:
- зыянсыздандырууну жүргүзүү контрактта каралган;
- 1-тиркемеге ылайык жүк ээсинин арызы боюнча;
- өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо боюнча расмий улуттук мекеменин талабынын негизинде.
9. Кыргыз Республикасынын аймагында жайылуу булагы катары каралган зыяндуу организм төмөнкү учурларда зыянсыздандырылууга тийиш:
- алардын жайгашкан жерлеринде жылына, бир жолудан кем эмес, профилактикалык максатта;
- өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдын же анын аймактык органдарынын кызмат адамдарынын жазма эскертүүсү боюнча;
- зыяндуу организмдердин карантинге алынган объекттери табылса.
10. Транспорт каражаттары карантинге алынган продукцияларды ташуу алдында, аларды жүктөө жерлеринде же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында, аларда өсүмдүктөрдүн карантиндик зыянкечтери табылган учурда профилактикалык зыянсыздандырылууга тийиш (аба учагынан кошпогондо).
11. Карантинге алынган объекттерди газациялоо ыкмасы менен зыянсыздандыруу жөнүндө жазма эскертүү өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдын же анын аймактык органынын кызмат адамы тарабынан, мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролдун жыйынтыгы боюнча берилет, Фитосанитардык текшерүү актысына тийиштүү жазуулар жазылат.
Эгерде продукция ээси продукцияны зыянсыздандыруудан баш тартса, же зыянсыздандырууну жүргүзүү мүмкүн болбосо, ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы карантинге алынган продукцияны продукциянын ээсинин эсебинен кайтарып берүү жөнүндө жазма эскертүү берет.
12. Карантинге алынган объекттерди газациялоо ыкмасы менен зыянсыздандыруу иштери, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин 2018-жылдын 31-мартындагы №33 буйругу менен бекитилген, Кыргыз Республикасында пайдаланууга уруксат берилген Пестициддердин жана агрохимикаттардын каталогундагы (мындан ары – Каталог) препараттар менен жүргүзүлөт.
13. Төмөнкү иш-чаралар аяктаганда:
- аткаруучу жана карантинге алынган объекттердин ээлери тарабынан карантинге алынган объекттерди газациялоо ыкмасы менен зыянсыздандыруу иштери жана аларды дегазациялоо боюнча иштери аяктаганда, 2-тиркемеге ылайык Зыянсыздандыруу боюнча аткарылган иштердин актысы түзүлөт;
- Кыргыз Республикасынын аймагынан карантинге алынган продукцияны алып чыгаруу учурунда, карантинге алынган продукцияны газация ыкмасы менен зыянсыздандыруу иштери аяктаганда, 3-тиркемеге ылайык, жүк ээсине Карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу актысы берилет.
14. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдын же анын аймактык органынын өкүлү карантиндик объекттердин ээлерине берилген Актынын негизинде фитосанитардк сертификаттын зыянсыздандырууга тийиштүү пункттарын толтурат.
3. Карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу боюнча иштердин түрлөрү
15. Биринчи класстагы коркунуч тобуна киргизилген пестициддерди пайдалануу менен жүргүзүлгөн иштер.
Карантинге алынган продукциядагы же карантинге алынган объекттердеги зыяндуу организмдерди Каталогго ылайык, биринчи класстагы коркунуч тобуна киргизилген пестициддерди колдонуу менен жашоо жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуу же жок кылуу иштери.
Карантинге алынган продукциядагы жана карантинге алынган объекттердеги пестициддерди азайтуу максатында, аларды желдетүү, вентиляция жолу менен тазалоо (дегазациялоо) аркылуу жок кылуу, пестициддердин газдарын, бууларын чыгаруу иштери, пестициддерди жана агрохимикаттарды коопсуз колдонуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген, пестициддерди колдонуу регламенттеринде каралган учурларда аткарылат.
16. Экинчи, үчүнчү, төртүнчү класстагы коркунуч тобуна киргизилген пестициддерди колдонуу менен аткарылуучу иш-чаралар.
Карантинге алынган продукциядагы же карантинге алынган объекттердеги зыяндуу организмдерди Каталогго ылайык, экинчи, үчүнчү, төртүнчү класстагы коркунуч тобуна киргизилген пестициддерди колдонуу менен жашоо жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуу же жок кылуу иштери.
Карантинге алынган продукциядагы жана карантинге алынган объекттердеги пестициддерди азайтуу максатында, аларды желдетүү, вентиляция жолу менен тазалоо (дегазациялоо) аркылуу жок кылуу, пестициддердин газдарын, бууларын чыгаруу иштери, пестициддерди жана агрохимикаттарды коопсуз колдонуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген, пестициддерди колдонуу регламенттеринде каралган учурларда аткарылат.
17. Карантинге алынган продукциядагы жана карантинге алынган объекттердеги зыяндуу организмдерди жок кылуу же жашоо жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуу иштерин аткарууда төмөнкү ыкмалар колдонулат:
- Ысытуу ыкмасы – карантинге алынган продукциядагы же карантинге алынган объекттердеги зыяндуу организмдерди ысытуу ыкмасы менен жок кылуу же жашоо жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуу иштерин;
- Муздатуу ыкмасы (рефрижерация) – карантинге алынган продукциядагы же карантинге алынган объекттердеги зыяндуу организмдерди температураны төмөндөтүү ыкмасы (рефрижерация) менен жок кылуу же жашоо жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуу иштери;
- Вакуумдук ыкма – карантинге алынган продукциядагы же карантинге алынган объекттердеги зыяндуу организмдерди вакуумдун таасири менен жок кылуу же жашоо жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуу иштери;
- Аба басымын көтөрүү ыкмасы – карантинге алынган продукциядагы же карантинге алынган объекттердеги зыяндуу организмдерди аба басымын көтөрүү ыкмасы менен жок кылуу же жашоо жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуу иштери;
- Нурлануу ыкмасы – карантинге алынган продукциядагы же карантинге алынган объекттердеги зыяндуу организмдерди иондошкон (радиоактивдүү) нурлануу ыкмасы менен жок кылуу же жашоо жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуу, стерилизациялоо (репродуктивдик жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуу) иштери.
4. Ишканаларга зыянсыздандыруу жүргүзүүгө уруксат берүү
22. Карантинге алынган материалдарды зыянсыздандыруу укугуна талапкер юридикалык жактар жана жеке ишкерлер ушул Тартипте белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш.
23. Карантинге алынган материалдарга зыянсыздандыруу жүргүзгөн юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге коюлуучу талаптар:
- айыл чарба, биология же санитардык-гигиена боюнча дипломдору бар жогорку билимдүү адистер;
- бардык адистер даярдоо жана кайра даярдоо боюнча адистештирилген курстарда үч жылда бир жолудан кем эмес даярдыктан өтүп турушат, фумиганттар жана башка пестициддер менен иштөө укугу жөнүндө күбөлүктөрү бар;
- мекемелерде пестициддер, анын ичинде газ түрүндөгүлөрү менен иштөөдө керектүү жеке коргонуу каражаттары жана атайын кийимдер; кызмат имаратындагы жана атмосфералык абадагы пестициддердин иштөөчү концентрациясын жана калдык санын контролдоочу аспаптар, фумиганттар, аэрозолдор жана нымдуу-контакттык иштетүү газды буулантуу үчүн жабдуулар, аэрозолдук генераторлор, сепкичтер; врач келгенге чейинки биринчи жардам көрсөтүү үчүн аптечкалар; зыянсыздандыруу боюнча инструкциялык-методикалык китептер болууга тийиш;
- мекемелерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы №361 токтому менен бекитилген, Айыл чарба өндүрүшүндө пестициддерди коопсуз пайдалануу, сактоо жана топтоо боюнча нускамага ылайык тешелүү түрдө жабдылган кампа жайлары болууга тийиш;
- мекемелерде пестициддерди, анын ичинде фумиганттарды ташуу үчүн атайын унаа каражаты болууга тийиш.
24. Карантинге алынган материалдарды зыянсыздандыруу жүргүзүүгө укугу бар зыянсыздандыруу боюнча адистер ыйгарым укуктуу органда жыл сайын аттестациядан өтүп туруулары зарыл.
25. Аткаруучуга карантинге алынган материалдарды зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүү укугун бере турган ыйгарым укуктуу орган, Кыргыз Республикасынын Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдын системасына кирбеген, карантинге алынган объекттерди зыянсыздандыруу шитерин аткарууга атайын ыйгарым укук алуу максатында зыянсыздандыруу иштерин жүргүзгөн мекемелердин арыздарын карап чыгуу боюнча аттестациялык комиссияны түзүү жөнүндө буйрук чыгарууга тийиш.
26. Аткаруучу карантинге алынган объекттерди зыянсыздаруу иштерин аткарууга арызды 4-тиркемеге ылайык берет. Арыз ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин атына жазылып, арызга төмөнкү документтер тиркелет:
- юридикалык жактын Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилгендиги тууралуу күбөлүктүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү юридикалык жактын жеке ишкердик иш жүргүзүүгө укугу бар экендигин далилдейт;
- салык органдарында катталгандыгы тууралуу күбөлүктүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- юридикалык жак зыянсыздаруу иштерин аткарууга укугу бар экендигин далилдеген, уставдын же уставдын бөлүгүнүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- кызматкерлердин жеке коопсуздугун камсыздаган каражаттардын документи;
- зыянсыздандыруу иштерин аткарууга керектүү жабдуунун документи;
- зыянсыздандыруу иштерин аткарууга керектүү препараттардын документи;
- зыянсыздандыруу иштерин аткарууда газациялоо жана дегазациялоо процессин контролдоочу каражаттардын документтери.
27. Карантинге алынган объекттерди зыянсыздандыруу иштерин аткаруучу мекменин жумушчуларында фумигациялоо (карантинге алынган объекттерди зыянсыздандыруу) иштерин жүргүзүү укугун тастыктаган күбөлүктүн болуусу зарыл. Алар аттестациядан өткөн ана зыянсыздандыруу иштерин өз алдынча аткаруу уруксаты бар болууга тийиш.
28. Аткаруучулар карантинге алынган объекттерди газациялоо ыкмасы менен зыянсыздандыруу иштерин жана аларды дегазациялоо иштерин төмөнкүлөрдүн негизинде аткарышат:
- химиялык жактан коркунучтуу өндүрүш объекттеринде иш жүргүзүүгө берилген уруксаттын;
- зыянсыздандыруу боюнча инструкциялык-методикалык китептердин;
- карантинге алынган объекттерди газациялоо ыкмасы менен зыянсыздандыруу жана аларды дегазациялоо иштерин аткаруунун технологиялык схемасынын;
- зыянсыздандыруу параметрлерин ченөө үчүн колдонулган аспаптарга метрологиялык кызмат тарабынан берилген сертификаттардын;
- аткаруучунун карантинге алынган объекттерди зыянсыздарууга жооптуу, зыянсыздандыруу жаатында 1 - жылдан кем эмес тажрыйбасы бар жакты дайындагандыгы тууралуу ички тескөө документтин;
- алардын газациялоо ыкмасы менен зыянсыздандыруу иштерин жана дегазациялоо иштерин аткаруу боюнча квалификациясын тастыктаган, мамлекеттик үлгүдөгү документтердин (диплом), ошондой эле өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органда кесиптик чеберчилик деңгээлин жогорулаткандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн.
29. Аткаруучу карантинге алынган объекттерди газациялоо ыкмасы менен зыянсыздандыруу иштерин жана аларыд дегазациялоо иштерин төмөнкүлөр бар болгондо аткара алышат:
- ушул Тартиптин 5-тиркемесине ылайык, кызмат имаратындагы жана атмосфералык абадагы иштөөчү концентрациянын жана фумиганттардын калдык санын контролдоочу аспаптар, фумиганттарды жана газ бууланткычтарын колдонуу үчүн жабдуулар;
- ушул Тартиптин 6-тиркемесине ылайык, газациялоо иштерин жүргүзүүгө керектүү жабдуу;
- фумиганттарды сактоо үчүн жабдылган кампа жайлары;
- фумиганттарды ташуу үчүн атайын унаа каражаты;
- врач келгенге чейинки биринчи жардам көрсөтүү үчүн аптечкалар;
- фумиганттар, анын ичинде газ түрүндөгүлөр менен иштөөдө колдонулуучу жеке коргонуучу каражаттар жана атайын кийим.
5. Жыгач таңгактоочу материалдарды маркалоо
30. Кыргыз Республикасынан аларды ташып чыгууда жыгач таңгактоочу жана бекитүүчү материалдарды маркалоо үчүн эл аралык үлгүдөгү атайын белгини берүү шарттары (мындан ары – маркалоо белгиси), ошондой эле маркалоо белгисинин формаларына, аларды түшүрүү ыкмаларына коюлган талаптар ушул Тартипте аныкталат.
31. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык органы жыгач таңгактоочу жана бекитүүчү материалдарга белги салуу жана карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу иштерин аткаруу учурунда карантиндик фитосанитардык талаптардын сакталышына мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контроль (көзөмөл) жүргүзөт, маркалоо белгилерин, жыгач таңгактоочу жана бекитүүчү материалдарды карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу иш-аракеттери (мындан ары – зыянсыздандыруу иштери) аткарылган аймакта тариздейт жана берет.
32. Жыгач таңгактоочу жана бекитүүчү материалдарды зыянсыздандыруу иштерин аткаруу максатында берилген өтүнмөнүн негизинде, пестициддерди колдонуу коопсуздугу боюнча белгиленген шарттар жана башка зыянсыздандыруу ыкмалары сакталган учурда белги салынат.
33. Маркалоо белгисин берүү чечимин кабыл алып жатканда, өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык башкармалыгынын кызмат адамы:
1) арыз ээсине жеке номер (мындан ары – жеке номер) ыйгарат;
2) арыз ээсин маркалоо белгилеринин ээлеринин тизмесине (мындан ары – тизме) киргизет.
34. 7-тиркемеге ылайык, маркалоо белгиси тик сызык менен экиге бөлүнгөн тик бурчтукту чагылдырат.
Тик бурчтуктун сол жагында Өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо боюнча эл аралык конвенциянын (International Plant Protection Convention (IPPC) шарттуу кыскартылышы түшүрүлөт жана белгилүү бир стилге салынган дандын элеси жайгаштырылат.
Тик бурчтуктун оң бөлүгүнө код жана номер жазылат:
а) жыгач таңгактоочу жана бекитүүчү материалдарды эскпорттоочу өлкөнүн эки орундуу коду (KG - Kyrgyzstan);
б) ыйгарым укуктуу органдын аймактык башкармалыгы тарабынан ыйгарылган арыз ээсинин жеке номери.
(Ыйгарым укуктуу органдын катар номерине туура келген) арыз ээсинин жеке номеринин биринчи эки саны арыз ээси катталган Кыргыз Республикасынын регионуна таандык кодду билдирет, кийинки үч сан арыз ээсинин жеке номери болуп саналат.
Өлкөнүн коду арыз ээсинин номеринен дефис менен ажыратылат.
в) зыянсыздандыруу ыкмаларынын кыскартылган аталышы:
- ысытма ыкма (НТ);
- бромдуу метил менен фумигациялоо (MB).
Зыянсыздандыруу ыкмаларынын кыскартылган аталышы өлкөнүн кодунан жана арыз ээсинин жеке номеринен кийин көрсөтүлүүгө жана өзүнчө сапта жазылууга тийиш.
35. Маркалоо белгиси жыгач таңгактоочу же бекитүүчү материалдын (мындан ары – материал) бүтүн бирдигине түшүрүлүүгө жана текшерүү органдарынын кызмат адамдары көз чаптырып караганга мүмкүн болгон жерде, кеминде материалдын карама-каршы эки тарабында жайгаштырылууга тийиш.
36. Зыянсыздандыруу иштери бүтөөрү менен материалга маркалоо белгиси күйдүрүп оюу ыкмасы же кызыл жана саргылт түстөн башка каралжын түстөгү жуулгус красканы колдонуп штамптоо жолу менен коюлууга тийиш.
Маркировкада көрсөтүлгөн маалымат так жана кошумча каражаттарды колдонбостон сыртынан караганда түшүнүктүү болуусу зарыл. Эгерде маркировкада жазылган маалыматтар окулса, материалдарды толук жарактан чыкканга чейин, кайрадан зыянсыздандыруу жүргүзбөстөн колдонууга уруксат берилет.
Маркировка коюлган жердин чектеринде башка маалымат жазылбоого тийиш.
1-тиркеме
Карантинге алынган продукцияны, карантинге алынган объектти зыянсыздандыруу жүргүзүүгө
Өтүнмө
Бишкек ш. «___»_______________20__ жыл
_______________________________________________________ аткарууга
(аталышы, иштин көлөмү жана аткаруу мөөнөтү)
Жүктүн келип чыгышы (мамлекет, обл., р-н, чарба)
Жүк алуучу ___________________________________________________________
(жүк баруучу жер)
___________________________________________________________________________
Арыз ээси төлөмдү камсыз кылат _____________________________________________
___________________________________________________________________________
(аты-жөнү, дареги, телефону)
Аткаруучу ______________________________________________________________
(аты-жөнү, кызмат орду)
___________ (дата) | _________________ (арыз ээсинин колу)
|
2(а)-тиркеме
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙЫЛ ЧАРБА, ТАМАК-АШ ӨНӨР ЖАЙЫ ЖАНА МЕЛИОРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН ӨСҮМДҮКТӨРДҮН КАРАНТИНИ ДЕПАРТАМЕНТИ
ФИТОСАНИТАРДЫК ТЕКШЕРҮҮ АКТЫСЫ №
Облус__________________________________________________________Район ___________________________________________________________
Шаар ____________________________ Айыл округу же калктуу конуш ___________________________________________________________________
Чарба же айыл чарба кошууну _______________________________________________________________________________________________________
Арыз ээсинин дареги (жеке жактар үчүн) __________________________________________________________________________________________________
Чарба ээсинин толук аты-жөнү ____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________табуу максатында карантиндик фитосанитардык текшерүү чарбанын, мекеменин ээсинин же өкүлүнүн катышуусунда жүргүзүлдү. ________________________________________________________________________________________________________________________
Текшерүү күнү «____» _____________________________20____ж.
Участоктун номери жана аталышы | Өсүмдүк
| Өсүмдүк эгилген жалпы аянт (га) | Текшерилди | Булганган | Дарылоо талап кылынат | Зыянкечтин тукуму
| Көпөлөк куртунун жашы | ||
га | бактар (даана) | га | бактар (даана) | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бардыгы: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Текшерүүчү _________________ аты-жөнү ________________________________
колу
МО Чарбанын, мекеменин ээси (өкүлү) ________________ аты-жөнү _________________________
колу
Эскертүү. Акт 2 нускада толтурулат (1 – чарба, айыл чарба кошуунунун өкүлүнө, 2 – аймактык органга).
2 (б)-тиркеме
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙЫЛ ЧАРБА, ТАМАК-АШ ӨНӨР ЖАЙЫ ЖАНА МЕЛИОРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН ӨСҮМДҮКТӨРДҮН КАРАНТИНИ ДЕПАРТАМЕНТИ
Ишканалардагы элеваторлор, кампалар, сактоочу жайлар жайгашкан аймактарда
карантиндик жана жөнгө салынуучу карантиндик эмес объекттерди табуу максатында
ФИТОСАНИТАРДЫК ТЕКШЕРҮҮ ЖҮРГҮЗҮҮ АКТЫСЫ №
Облус__________________________________________________________Район_________________________________________________
Шаар ____________________________ Айыл округу же калктуу конуш ____________________________________________________Чарба же айыл чарба кошууну____________________________________________________________________________________________Арыз ээсинин дареги(жеке жактарга)__________________________________________________________________________________________ Чарба ээсинин толук аты-жөн_______________________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________ табуу максатында карантиндик фитосанитардык текшерүү чарбанын, мекеменин ээсинин же өкүлүнүн катышуусунда жүргүзүлдү.
Текшерүү күнү «_____»_____________________________20____ж.
Ишкананын аталышы | Кампаннын, сактоочу жайдын номери | Продукциянын аталышы | Сакталган продукциянын көлөмү (тонна) | Продукциянын келип чыгышы | Кампанын жалпы аянты, кв. м | Кампанын көлөмү, куб. м | Булганды, кв. м | Курт-кумурскалардын саны, өрчүү стадиясы (жумуртка, курт, имаго), даана |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бардыгы: |
|
|
|
|
|
|
|
|
МО Текшерүүчү _________________ аты-жөнү _______________________
колу
Чарбанын ээси (өкүлү) ________________ аты-жөнү ___________________
колу
Эскертүү. Акт 2 нускада толтурулат (1- чарбанын, айыл чарба кошуунун өкүлүнө, 2-аймактык органга).
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти
Зыянсыздандыруу боюнча иштерди аткарууга
(алдын ала текшерүү актысына)
КАБЫЛ АЛУУ-ТАПШЫРУУ АКТЫСЫ № 18
№ _______ «___» ________________________202__ жыл
Келишим №_______ «___» _________________202__ жыл
(кызмат орду, толук аты-жөнү)
_______________________________________________ атынан, б.а. тапшырык ээсинин атынан аракеттенген
бир тараптан, жана ____________________________________________________________
(дезинсекция иштерин аткарган мекеменин аталышы)
экинчи тараптан, төмөнкү
(фумигациялык топтун аталышы)
аткарган иштерди Тапшырык ээси кабыл алгандыгы, ал эми Аткаруучу тапшыргандыгы жөнүндө ушул актыны түзүштү:
Зыянсыздандырууга жооптуу жак _______________________________________________
Иштин натыйжалары _________________________________________________________
Объекттин экспозицияда турган мөөнөтү ___________________________ саат
Объектти тапшыруу күнү: «____» ______________________202__ жыл.
Ишкана объектти төмөнкү ыкма менен дегазациялоону камсыз кылууга милдеттүү:
_____________________________________________________________________________
(Дегазациялоо ыкмасы, химикатты жана температура режимин колдонууга жараша)
_____________________________________________________________________________
Тапшырык ээсинин Аткаруучунун төмөндө аткарган иштерине сын пикири _____________________________________________________________________________
Ишти кабыл алды (Тапшырык ээсинен): ______________________
М.О.
Ишти тапшырды (Аткаруучу тараптан): _____________________
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги
Өсүмдүктөрдүн карантиини департамени
№ 00000
КАРАНТИНДИК ФИТОСАНИТАРДЫК ЗЫЯНСЫЗДАНДЫРУУ АКТЫ
Зыянсыздандыруу башталган убакыт/күн ______________________________________
Зыянсыздандыруу аяктаган убакыт/күн ________________________________________
Жүк жөнөтүчү _____________________________________________________________
Кабыл алуучу ______________________________________________________________
Унаа каражаты _____________________________________________________________
Зыянсыздандырылган продукциянын көлөмү ____________________________________
Иш-аракеттер аткарылган жер ________________________________________________
Зыянсыздандыруу ыкмасы ____________________________________________________
Пестицид __________________________________________________________________
Концентрация _______________________________________________________________
Продукциянын температурасы, С _______________________________________________
Экспозиция, саат _____________________________________________________________
Дегазациялоо/желдетүү _______________________________________________________
Кошумча маалымат ___________________________________________________________
Ушул акты менен жогоруда белгиленген товар дарылоо параметрлерине ылайык зыянсыздандырылгандыгын, ушул жүктө тирүү зыяндуу организмдердин жоктугун ырастайбыз.
Тапшырык ээси ______________________ мөөрдүн орду _____________ ____________
колу аты-жөнү
Зыянсыздантыруу иштери боюнча жетекчи ________________________________________
мөөрдүн орду _____________ ____________
колу аты-жөнү
4-тиркеме
Айыл чарба, тамак-аш өнөр
жайы жана мелиорация
министрлигинин
Өсүмдүктөрдүн карантини
департаментинин директоруна
Карантинге алынга объекттерди
зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүүгө
Өтүнмө
1. ________________________________________________________________
(юридикалык же физикалык жактын аты)
2. ___________________________________________________________________________
____________________________________________________________________ аткарууга
(иштин аталышы жана көлөмү)
3. Аткаруу мөөнөтү ___________________________________________________________
4. Жүктүн келип чыгышы ______________________________________________________
_____________________________________________________________________________
(мамлекет, обл., р-н, чарба)
5. Продукция ээси______________________________________________________________
(продукция ээсинин дареги)
_____________________________________________________________________________
6. Аткаруучу _________________________________________________________________
_______________________________________________________________ камсыз кылат
_____________________________________________________________________________
(толук аты-жөнү, дареги, телефону)
7. Арыз ээси:
М.О.
5-тиркеме
Кызмат имаратындагы жана атмосфералык абадагы
иштөөчү концентрациянын жана фумиганттардын калдык санын контролдоочу аспаптардын, фумиганттарды жана газ бууланткычтарын колдонуу үчүн керектүү жабдуулардын
тизмеси
Фумиганттын аталышы | Жабдуунун аталышы |
Бромдуу метил | 1. Индикатордук галоиддик күйгүч 2. Интерферометр ШИ-10 или ШИ-11 3. 0 - 100 мг/л концентрацияны аныктоочу диапазону бар импорттук сенсордук газ анализаторлору пайдаланылышы мүмкүн 4. Индикатордук түтүкчөлөр 5. Кол помпалары |
Фосфин препараттары | 1. Индикатордук түтүкчөлөр "0,1" калдык көлөмгө жана "50" иштөөчү концентрацияларга, "Drager" же "Auer" фирмасынын, же Россияда өндүрүлгөн (Санкт- Петербург шаарында) фосфин 2. Кол помпалары |
6-тиркеме
Газациялоо боюнча иштерди аткаруу
үчүн керектүү жабдуулардын
тизмеси
Фумиганттын аталышы | Жабдуу |
Бромдуу метил | 1. Чыга бериш жеринде 90°C га чейин ысытууну камсыз кылган, манометри бар, жылаан түрүндөгү газ бууланткыч 2. Ички диаметри 12 - 16 - 18 мм түзгөн резина жана кездемеден жасалган оргутуучу шлангдар 3. Баллондуу струбциндер 4. Бромдуу метили бар баллондордун салмагын өлчөө үчүн таразалар 5. Иш шаймандары: эки ачылма гайка ачкычы, камдалган шайбалар жана переходниктер |
Фосфин препараттары | 1. Дан үймөктөрүнө таблеткаларады киргизүү үчүн муундуу штангалар 2. Таблеткаларды бөлүштүрүү үчүн кездемеден жасалган газ өтпөгөн каптар (фумисливдер) |
7-тиркеме
Маркалоо белгисинин көрүнүшү
1)Өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо боюнча эл аралык конвенциянын шарттуу кыскартылышы (International Plant Protection Convention (IPPC).
2) жыгач таңгактоочу жана бекитүүчү материалдарды эскпорттоочу өлкөнүн эки орундуу коду (KG - Kyrgyzstan);
3) ыйгарым укуктуу органдын аймактык башкармалыгы тарабынан ыйгарылган арыз ээсинин жеке номери.
4) зыянсыздандыруу ыкмаларынын кыскартылган аталышы:
- ысытма ыкма (НТ);
- бромдуу метил менен фумигациялоо (MB).