Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине
караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын
2023-жылдын 13-сентябрындагы № 505
буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ
КАРАШТУУ ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫ
БУЙРУК
2020-жылдын 17-январы № 29
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын "ОМЕГА" атайын дайындалган отряды жөнүндө жобону" бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн айрым ченем чыгаруучу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүлүп берилүүчү айрым ченем чыгаруучу ыйгарым укуктардын тизмесинин 23-пунктуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө жобонун 14-пунктун жетекчиликке алып
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын "ОМЕГА" атайын дайындалган отряды жөнүндө жобо ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Катчылыгы ушул буйруктун көчүрмөсүн (мамлекеттик жана расмий тилдеги) Кыргыз' Республикасынын Юстиция министрлигине Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратына контролдоо үчүн жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Пресс-кызматы ушул буйрукту "Эркин Too" газетасына жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын расмий сайтына жарыялоону ишке ашырсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз мамлекеттик Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басарьша жүктөлсүн.
Төрага | М.Турганбаев
|
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө
караштуу ЖАМКнын 2020-жылдын "
буйругуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын «ОМЕГА» атайын дайындалган отряды
жөнүндө ЖОБО
1 -глава. Жалпы жоболор
1. "ОМЕГА" атайын дайындалган отряды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (мындан ары - ЖАМК) өз алдынча тузумдук бөлүмү болуп эсептелет жана соттолгондордун кылмыш жасоосуна жана кармоо режимин бузуусуна богот коюуга, алар тарабынан топтошкон тартип, бузууларды жок кылууга, мекемелерде жана тергоо изоляторлорунда барымтага алынгандарды бошотууга, кызматкерлердин жана алардын үй-бүлөсүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн түзүлгөн.
2. "ОМЕГА" атайын дайындалган отряды (мындан ары - АДО) өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин, ЖАМКнын буйруктарын, тескемелерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. АДОнун ЖАМКнын чечими менен белгиленуучу шарттуу аталышы жана символикасы бар.
4. "ОМЕГА" АДОнун кызматкерлеринин функционалдык милдеттери ЖАМКнын чечими менен аныкталат.
5. ЖАМКнын төрагасынын жазуу жүзүндөгү тескемеси боюнча АДОнун күчтөрү жана каражаттары убактылуу Кыргыз Республикасынын башка аймактарына жөнөтүлүшү мүмкүн.
6. АДОнун өздүк курамын алгачкы даярдоо жана кайра даярдоо (квалификациясын жогорулатуу) ЖАМКнын төрагасы тарабынан бекитилген окутуу жана даярдоо программаларына ылайык жүргүзүлөт.
7. АДО окутуу-усулдук жыйындарын, тактикалык атайын машыгууларды, кесиптик чеберчилик конкурстарын, спорттун колдонмо түрлөрү боюнча мелдештерди өткөрүүнү ишке ашырат.
8. АДОнун материалдык-техникалык камсыздалуусу ЖАМКга бөлүнгөн республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.
9. АДОнун кызматкерлери кызматтык милдеттерин кунумдук формалуу кийимчен же айырмалоочу белгилери жана символикасы бар атайын аскер кийиминде, ошондой эле өткөрүлүп жаткан атайын иш-чаранын өзгөчөлүгүнө жараша бөлүмдүн командири аныктаган кийим формасында аткарышат. Атайын операцияларда кызматкерлер бетин жашыруу үчүн шлем ичине кийүүчү чүмбөттөрдө болушу мүмкүн.
10. АДО нөөмөт өтөөгө, кызматтык жана атайын даярдык боюнча сабак өткөрүүгө ылайык, ошондой эле атайын каражаттарды, автотранспортту, ыкчам техникалык жана башка мулкту кайтаруу үчүн жабдылган атайын бөлмөлөрдө (шаарчаларда) жайгашат.
11. АДОнун кызматтык даярдыгы ЖАМКнын төрагасы бекиткен жылдык пландын негизинде ишке ашат.
12. Күтүүсүздөн келип чыккан ыкчам кызматтык милдеттерди аткаруу зарылдыгы келип чыккан учурда АДОнун өздук курамы казармалык абалга которулушу мүмкүн. Бул учурда ЖАМКнын тийиштуу буйругу чыгарылат.
13. Атайын иш-чаралар (план боюнча же пландан тышкары) АДОнун командирине же анын милдетин аткаруучу адамга берилген ЖАМКнын төрагасынын жазуу жүзүндөгү тескемесинин негизинде өткөрүлөт.
14. Атайын иш-чаранын жыйынтыгы жөнүндө АДОнун командири же анын милдетин аткаруучу адам ЖАМКнын жетекчисине жазуу жүзүндө баяндама кылат.
15. Атайын жана башка иш-чараларды өткөрүүдө аларды жазып алуу үчүн (зарыл болгон учурда) кино-, фото, - видео жана башка техника колдонулушу мүмкүн.
16. АДОдо иш кагаздарын жургузуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жургузуу боюнча типтуу нускамага ылайык ишке ашырылат.
17. АДОнун комплекттөөсү ЖАМКнын атайын бөлүктөргө болгон талаптарына ылайык, кесиптик жана атайын психофизикалык тандоодон өткөн, кызматтык жана дене боюнун даярдыгы мыкты кызматкерлердин арасынан, ошондой эле аталган талаптарга жооп берген ЖАМКга кызматка жацы келип жаткан кызматкерлердин ичинен жүргүзүлөт.
2-глава. АДОнун милдеттери
г
18. АДОнун милдеттери төмөнкүлөр:
- Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун (мындан ары -ЖАТ) объектилеринде кылмыштарды жана башка укук бузууларды алдын алуу жана аларга бөгөт коюу;
- ЖАМКнын мекемелеринде, тергөө изоляторлорунда (ТИЗО) укуктук тартипти, ал жакта кармалган соттолгондордун жана камакта кармалган адамдардын жана ошондой эле кызматкерлердин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылууга катышуу;
- укук коргоо органдары менен биргеликте чогуу иштелип чыккан жана бекитилген план боюнча коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча атайын иш-чараларды өткөрүүгө катышуу;
- АДОнун өздук курамынын, курал-жарактардын жана атайын каражаттардын дайыма даярдыкта болушун камсыз кылуу.
3-глава. АДОнун функциялары
19. АДОнун функциялары болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
- соттолгондор, камакта кармалган адамдар жана башкалар тарабынан коомдук коопсуздуктун топтошуп бузушун, баш ийбөөчүлүктөрдү, бейбаштыкты жана башка укукка каршы иш-аракеттерди жоюуга катышуу;
- ЖАТтын мекемелеринде куралдуу кылмышкерлерди куралсыздандыруу жана зыянсыз абалга алып келүү;
-ЖАТтын мекемелеринде барымтага алынган адамдарды, тартып алынган имараттарды, курулмаларды, бөлмөлөрдү жана ЖАТтын транспорт каражаттарын бошотуп алуу;
качып кеткен соттолгондорду жана камакта кармалган адамдарды издөөгө жана кармоого катышуу;
- ЖАТтын объектилерине болгон кол салууларга кайра сокку берүүгө катышуу;
ЖАМКнын мекемелерине акчаны, баалуу буюмдарды жана соттолгондорго, камакка алынган адамдарга колдонууга тыюу салынган нерселерди, буюмдарды, заттарды алып өтүүгө бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды өткөрүүгө катышуу;
- тинтуулорду өткөрүүгө, соттолгондорду жана камакта кармалгандарды тизме боюнча толуктоолорго, аларды көзмөлдөөнү күчөтүүгө жана ЖАМКнын мекемелеринде белгиленген режимди бекемдөөгө багытталган иш-чараларга катышуу;
- ЖАМКнын тийиштуу кызматтарына кылмышкерлерди кармоо жана операциянын катынгуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында ыкчам издөө иштерин жүргүзүүгө жана ыкчам иш-чараларды жүзөгө ашырууда көмөктөшүү;
- ЖАМКнын мекемелеринде өзгөчө шарттагы режимди киргизүү мезгилинде укуктук тартипти сактоону камсыз кылууга катышуу;
- жазаларды аткаруу мекемелеринин кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мучөлөрүнүн жеке коопсуздугун камсыз кылуу боюнча компетенттуу органдар менен биргеликте иш-чараларды өткөрүү;
- өзгөчө кырдаалдар чыккан учурда коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларга белгиленген тартипте катышуу, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун тийиштуу бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенишүү;
- АДОнун өздук курамын тандоо, тарбиялоо жана окутуу, ЖАМКнын жетекчилигине АДОнун материалдык техникалык жабдуусу жана медициналык камсыздалуусу жөнүндө маселерди коюу жана сунуштарды киргизүү;
- куралдарды, соот техникасын, автотранспортту, атайын жана башка каражаттарды жарактуу абалда сактоо, АДОнун материалдык базасын бекемдөө жана өнүктүрүү
- АДО жайгашкан аймак боюнча куну-туну күжүрмөн нөөмөттү иш ашыруу;
- ЖАМКнын Борбордук аппаратынын имаратын кайтарууну жана өткөрүү режимин уюштуруу жана камсыз кылуу;
- ЖАМКнын тергөө башкармалыгына соттолгондорду жана камакта кармалган адамдарды коштоого көмөктөшүү;
- өзгөчө коркунуч туудурган же алардын коопсуздугун коргоого муктаж болгон соттолгондорду жана камакта кармалган адамдарды кайтаруу жана коштоо.
4-глава. АДОнун укуктары
20. АДОнун кызматкерлери төмөнкү укуктарга ээ:
- ЖАМКнын АДОсунун куралдануусунда болгон ок атуучу, атылбас, атылбас ыргытуучу, пневматикалык жана газ куралдарын, атайын каражаттарды белгиленген тартипте сактоого жана пайдаланууга;
- жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында атайын иш-чараларды өткөрүү учурунда кара күчтү, күжүрмөн самбонун ыкмаларын, атайын тактикалык формаларды жана ыкмаларды колдонууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте атайын каражаттарды жана куралды колдонууга;
- ЖАМКнын АДОсунун куралдануусунда болгон жардыргыч заттарды, иштелип чыккан атайын техникалык буюмдарды ж.б. ушул сыяктууларды белгиленген тартипте сактоого жана колдонууга;
ЖАМКнын АДОсунун куралдануусунда' болгон байланыш каражаттарын, атайын техниканы белгиленген тартипте сактоого жана колдонууга;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык укуктук тартипти бузган адамды кармоо чараларын көрүүгө.
5-глава. Башка тузумдук бөлүктөр менен болгон өз ара байланыштары
21. АДО ЖАМКнын мекемелери менен тартипти камсыз кылуу боюнча өз ара аракеттенүүдө болот, мекемелердин кызматкерлери, курама отряды менен соттолгондор жана камакта кармалган адамдар тарабынан административдик тартип бузууларга бөгөт коюу боюнча, барымтага алынган адамдарды, имараттарды жана курулмаларды, транспорт каражаттарын бошотуу тууралуу сабактарды өткөрөт, ошондой эле ЖАМКнын Борбордук аппаратынын кызматкерлери менен ок атуу, күжүрмөн-кызматтык даярдык (күрөш, самбо ж.б.) боюнча жана сабактарды өткөрөт. Ошондой эле ЖАМКнын тергөө изоляторлорунда куралдардын жана ок дарылардын сакталышын каттоого алат.
6-глава. АДОнун ишин уюштуруу
22. Отрядды ЖАМКнын төрагасынын биринчи орун басары сунуштамасы боюнча ЖАМКнын төрагасы кызматка дайындаган жана кызматтан бошоткон командир жетектейт.
23. Отряддын командиринин ЖАМКнын төрагасынын биринчи орун басары менен макулдашылган командирдин сунуштамасы боюнча ЖАМКнын төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу орун басары болот. , '
24. АДОнун тузуму, саны жана штаттык тизими ЖАМКнын бекитилген штаттык санынын чегинде ЖАМКнын төрагасы тарабынан бекитилет.
25. АДОнун командири отряддын ишин жетектейт, АДОго жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына, кызматтык тартиптин сакталышына жеке жоопкерчилик тартат.
26. АДОнун командири өзүнүн ыйгарым укуктарынын бөлүгүн аткарууну өзүнүн орун басарына тапшырышы мүмкүн.
27. Командир жок болгон учурда анын функционалдык милдеттерин командирдин орун басары аткарат.