Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ЖАНА
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨНӨР-ЖАЙ,
ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ЖЕР КАЗЫНАСЫН ПАЙДАЛАНУУ
МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИ
БУЙРУК
2020-жылдын 11-февралы №01-7/73
“Өнөр жай коопсуздугу жаатында ишканалардын адистерин даярдоо жана аттестациялоо боюнча иштерди уюштуруу жөнүндөгү Жобону” жана “Өнөр жай коопсуздугу жаатында ишканалардын жумушчуларын окутуу жана билимин текшерүүнү уюштуруу жөнүндөгү Жобону” бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2018-жылдын 12-майындагы № 01-7/239 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, кооптуу өндүрүштүк объектилерди долбоорлоо, куруу, иштетүү, реконструкциялоо, техникалык жаңылап куралдандыруу, консервациялоо жана жок кылуу, ошондой эле кооптуу өндүрүштүк объекттеринде колдонулган техникалык түзүлүштөрдү жасоо, курап чогултуу, ишке салуу, тейлөө жана оңдоо иштерин аткаруучу ишканалардын негизги кесиптеринин жетекчилерин, адистерин жана жумушчуларын өнөр жай коопсуздугу маселелери боюнча даярдоо, аттестациялоо иштерин уюштуруу тартибин камсыздоо максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2018-жылдын 12-майындагы № 01-7/239 “Өнөр жай коопсуздук жаатында ишканалардын адистерин даярдоо жана аттестациялоо боюнча иштерди уюштуруу жөнүндөгү Жобону” жана “Өнөр жай коопсуздугу жаатында ишканалардын жумушчуларын окутуу жана билимин текшерүүнү уюштуруу жөнүндөгү Жобону” бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Өнөр жай коопсуздугу жаатында ишканалардын адистерин даярдоо жана аттестациялоо боюнча иштерди уюштуруу жөнүндө Жобого:
- 5-пункттагы “(мындан ары – ыйгарым укуктуу орган)” деген сөздөр алынып салынсын;
- 8-пункт күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 9-пунктта:
биринчи абзац “куруу” деген сөзгө чейин “Кооптуу өндүрүштүк объектилерди долбоорлоо,” деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзац күчүн жоготту деп эсептелсин;
төмөнкүдөй мазмундагы 3, 4, 5, 6-абзацтар менен толукталсын:
Ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын аттестациялык комиссиясынан өндүрүштүк контролду жүзөгө ашырган бөлүктөрүнүн жетекчилери жана башкы адистери аттестациядан өтүшөт. Ишканалардын катардагы инженердик-техникалык курамы, кооптуу өндүрүштүк объекттер үчүн адистерди даярдоо чөйрөсүндөгү билим берүү ишмердигине лицензиясы бар окуу борборлоруна караштуу комиссиялардан алгачкы аттестациядан өтүшөт, ал эми улантуучуларын ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын катушуусу менен аттестациядан өткөн жумушчулар иштеген ишканалардан өтүшөт.
Жалданама жана ага караган ишканалардын адистери жалдоочу уюмдун аттестациялык комиссиясынан мезгилдик аттестациядан өтүшөт.
Бир ишканадан башка ишканага өтүп жатканда, эгерде кызмат орду алмашпаса аттестациядан өтүү талап кылынбайт.
Аттестациялык комиссиялардын иштери аттестация алдындагы даярдык өткөрүлгөн ишканалардын базасында өткөрүлүшү мүмкүн, мында комиссиянын ишин уюштуруу ошол ишканага жүктөлөт.
- 17-пункттун экинчи абзацындагы жана 20-пункттагы “ыйгарымдуу жана ыйгарымдуу текшерүүчү органдардын” деген сөздөр “ыйгарымдуу текшерүүчү органдын” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемесинде:
- “Аттестациянын жааттары” төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
А
А1.
А2. | Өнөр жай коопсуздугунун жалпы талаптары Мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен бекитилген өнөр жай коопсуздугунун жалпы талаптары боюнча билимин текшерүү - Эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы жана өнөр жай коопсуздугу боюнча инженердик-техникалык жумушчу (мындан ары - ИТЖ). - Эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы жана өнөр жай коопсуздугу боюнча адис. |
Б | Өнөр жай коопсуздугунун атайын талаптары Ченемдик укуктук актылар жана ченемдик-техникалык документтер менен бекитилген өнөр жай коопсуздугунун атайын талаптары боюнча билимин текшерүү: |
Б1.
Б1.1.
Б1.2.
Б1.2.1.
Б1.2.2.
Б1.2.3. Б1.2.4.
Б1.2.5. Б1.3.
Б1.4.
Б1.5.
Б1.6.
Б1.7.
Б1.7.1.
Б1.8.
Б1.9.
Б1.10.
Б1.11.
Б1.12.
Б1.13.
Б1.14.
Б1.15.
Б1.16.
Б1.17.
Б1.18.
Б1.19.
Б1.20.
Б1.21.
| Химиялык, мунай-химиялык жана мунайды кайра иштетүү өнөр жайы Ченемдик укуктук актылар жана ченемдик-техникалык документтер менен бекитилген, химиялык, мунай-химиялык жана мунайды кайра иштетүү өнөр жайындагы коопсуздуктун талаптары Лак жана боёк жасоону өндүрүштү иштетүүчү ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Мунай иштетүү объекттерин иштетүүчү ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы: - Мунай базаларынын жабдууларын жана курулмаларын коопсуз иштетүүгө жооптуу ИТЖ. - Мунай жана мунай өнүмдөрүн, алардын жабдууларын, арматураларын, өткөрмө түтүктөрүн, куюштуруу-төгүү эстакадасын жана мунай иштетүүчү заводду сактоо үчүн резервуарларды коопсуз иштетүүгө жооптуу ИТЖ. - Май куюучу станцияларды коопсуз иштетүүгө жооптуу ИТЖ - Тез тутануучу суюктуктарды (ТТС), спирт жана башкаларды сактоо үчүн резервуарларды коопсуз иштетүүгө жооптуу ИТЖ. - Туюк мейкиндиктерде иштеген жооптуу ИТЖ. Химия жана мунай химия объекттерин иштеткен ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Органикалык эмес кислоталарды жана щелочторду колдонуп иштөөчү объекттерге өндүрүштүк контроль кылган ишканалардын бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Хлор колдонуп иштөөчү объекттерге өндүрүштүк контроль кылган ишканалардын бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы. Минералдуу жер семирткичтерди иштетүүчү өндүрүш ишканаларына өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Аммиактык муздатуучу орнотмолорду пайдаланган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы: - Муздаткыч компрессордук (аммиактык жана хладагендик) орнотмолорду иштетүүгө жооптуу ИТЖ. Газ иштеп чыгаруу заводдорду жана өндүрүштөрдү иштеткен ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы. Мунай химия объекттерин иштеткен электроэнергетика ишканаларына өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Химия өнөр жайы объекттерин долбоорлогон ишканаларынын бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Химия жана мунай химия өнөр жай объекттерин долбоорлогон ишканалардын бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Мунай иштетүүчү өнөр жай объекттерин долбоорлогон ишканалардын бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Химия өнөр жай объекттерин куруу, кайра жаңылоо, капиталдык оңдоо иштерин аткарган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Химия жана мунай химия өнөр жай объекттерин куруу, кайра жаңылоо, капиталдык оңдоо иштерин аткарган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Мунай иштетүүчү өнөр жай объекттерин куруу, кайра жаңылоо, капиталдык оңдоо иштерин аткарган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Химиялык, мунай химиялык жана мунай иштетүүчү кооптуу өндүрүштүк объекттерди оңдоо иштерин коопсуздуу жүргүзүү тартиби жөнүндө өндүрүштүк контроль кылган ишкананын бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Газдык кооптуу иштерин коопсуз уюштуруу боюнча ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Түтүн жана желдетүүчү өнөр жай түтүктөрүн пайдаланган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Жарылып кете турган жана зыян газдарда иштетилген поршендүү компрессорлору бар компрессордук орнотмолорду пайдаланган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Стационардык компрессордук орнотмолорду, аба зымдарын жана газ зымдарын пайдаланган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Сууну электролиздөө методу менен суутекти өндүргөн ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы |
Б2 Б2.1.
Б2.2.
Б2.3.
Б2.4.
Б2.5.
Б2.6.
Б2.7.
Б2.8.
Б2.9.
Б2.10.
Б2.11.
Б2.11.1.
Б2.12.
Б2.13.
Б2.14.
Б2.15.
Б2.15.1. | Мунай жана газ өнөр жайы Мунай жана газ өнөр жайы объекттерин иштеткен ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Мунай жана газ скважинасын оңдогон ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Мунай, газ казуучу объекттерди долбоорлочу ишканалардын бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Мунай, газ казуучу кооптуу өндүрүштүк объекттердеги оңдоо, куроо жана ишке киргизүүчү иштерин жүргүзгөн ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Континенттик шельфтеги мунай жана газ кендерин иштеткен ишканалардын жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Мунай жана газ скважиналарын курган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин Магистралдык мунай түтүктөрүн жана мунай өнүм түтүктөрүн пайдаланган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Магистралдык газ түтүктөрүн пайдаланган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Суюк аммиакты ташуу үчүн өткөрмө түтүктөрдү колдонгон магистралдык ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Мунай жана газды ташуу үчүн мунай өндүрүүчү өткөрмө түтүктөрүн колдонгон ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин Суюктукка айландырылган жаратылыш газын ГБС МГ жана АГТКСда өндүрүү, сактоо жана берүү ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы: - Автомобилдик газдык толуктоочу компрессордук станцияларды (АГТКС) коопсуз иштетүүгө жооптуу ИТЖ. Көпшөк пласттардагы газды жерде сактоону пайдаланган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Мунай жана газ өнөр жай объекттерин долбоорлогон, курган, кайра жаңылаган жана капиталдык оңдогон ишканалардын бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Жарылып кете турган жана зыян газдарда иштетилген поршендүү компрессорлору бар компрессордук орнотмолорду пайдаланган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Стационардык компрессордук орнотмолорду, аба зымдарын жана газ зымдарын пайдаланган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы: - компрессордук орнотмолордун коопсуз иштөөсүнө жооптуу ИТЖ. |
Б3 Б3.1.
Б3.1.1. Б3.1.2. Б3.2.
Б3.3.
Б3.4.
Б3.5.
Б3.5.1.
Б3.5.2.
Б3.5.3.
Б3.6.
Б3.7.
Б3.8.
Б3.9.
Б3.10.
Б3.11.
Б3.11.1.
Б3.12.
Б3.12.1. | Металлургиялык өнөр жай Кара жана түстүү металлдарды куюучу өндүрүш ишканаларына өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы - Куюу иштерин коопсуз аткарганга жооптуу ИТЖ. - Куюучу өндүрүштүн чебери. Жез-никель өндүрүшү бар ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Кокс химиялык өндүрүшү бар ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Баштапкы алюминийлерди өндүргөн ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин Сейрек кездешүүчү, асыл жана башка түстүү металлдарды өндүргөн ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы: - Төмөнкүдөй иштерди коопсуз жүргүзүүгө жооптуу ИТЖ: - байытуучу жана металлургиялык өндүрүштөгү тоо тектеринин эритиндилерин алууда; - талдоонун физика-химиялык методдору. - Кооптуу өндүрүш объекттериндеги алтын алуучу жана байытуучу фабрикаларды коопсуз иштетүүгө жооптуу ИТЖ. - Алтын алуучу фабрикадагы (ААФ) жана байытуучу фабрикадагы (БФ) технологиялык процесстердеги уулуу заттардын эритмелерин зыянсыздандыруу процесстеринин чебери. Болот эритүүчү өндүрүш ишканаларына өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Куйма темир өндүрүш ишканаларына өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Толук металлургиялык цикл менен ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Металлургиялык өнөр жай объекттерин долбоорлогон ишканалардын бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Түтүн жана желдетүүчү өнөр жай түтүктөрүн пайдаланган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Абаны бөлүү продукцияларын өндүрүүгө жана керектөөгө байланышкан ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы: - Басым алдында иштөөчү абаны, идиштерди бөлүштүрүү продукцияларын өндүрүү жана керектөөдө коопсуздукка жооптуу ИТЖ Өндүрүштүк контроль кылган – Металлургиялык ишканалардын энергетикалык кызматынын бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы - лазердик иштеп чыгуунун технологиялык процессине жооптуу ИТЖ. |
Б4
Б4.1.
Б4.1.1.
Б4.1.2.
Б4.2.
Б4.3.
Б4.3.1
Б4.3.2
Б4.3.3 Б4.3.4.
Б4.3.5.
Б4.3.6. Б4.3.7. Б4.3.8.
Б4.3.9.
Б4.3.10. Б4.3.11. Б4.4.
Б4.4.1.
Б4.4.2.
Б4.4.3.
Б4.4.4.
Б4.5.
Б4.6.
Б4.7.
Б4.8.
Б4.8.1. Б4.9.
Б4.10.
Б4.11.
Б4.11.1.
Б4.11.2.
| Тоо-кен өнөр жайы (жер астындагы, ачык) (керектүүсүнүн астын сызуу керек) Майдалоо, сорттоо, пайдалуу кендерди байытуу жана кендерди, концентраттарды кесе кылуу иштерин аткарган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин өнөр жай коопсуздук жаатындагы аттестациясы: - Майдалоо-сорттоо орнотмолорундагы коопсуз өндүрүш иштерине жооптуу ИТЖ. - Түстүү металлдарды, алтынды, көмүрдү жана башкаларды байытуучу-чебер. Жер астындагы курулмаларды курган, кайра жаңылаган, капиталдык оңдоо кылган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин өнөр жай коопсуздук жаатындагы аттестациясы Пайдалуу кендерди казуу жерлерин ачык жол менен иштеп чыккан ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин өнөр жай коопсуздук жаатындагы аттестациясы - Тоо, анын ичинде геологиялык чалгындоо иштерин ачык жол менен коопсуз жүргүзүүгө жооптуу ИТЖ - Тоо, анын ичинде геологиялык чалгындоо иштерин ачык жол менен жүргүзүүнү башкарууга укугу бар ИТЖ. - Бургулоо иштерин жүргүзүүгө жооптуу ИТЖ. -Тоо-кен казуу ишканаларындагы кампа чарбаларын коопсуз иштетүүгө жана сактоого жооптуу ИТЖ. - Ачык тоо иштериндеги механизациялашкан жумуштарга жооптуу ИТЖ. - Ачык тоо иштериндеги электр чарбаларына жооптуу ИТЖ. - Бургулоо иштерин жүргүзүүгө жооптуу ИТЖ. - Калдык сактагычтарды жана тоонун жараксыз катмарын коопсуз иштетүүгө жооптуу ИТЖ. - Калдык сактагычтарды жана тоонун жараксыз катмарын иштетүүдө башкарууга укугу бар ИТЖ. - Калдык сактагыч чарбаларынын чебери. - Суу куюу чебери. Кендерди, кен эмес жана пайдалуу кендердин катмарлуу жерлерин жер астындагы ыкма менен иштеткен ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин өнөр жай коопсуздук жаатындагы аттестациясы - Тоо, анын ичинде геологиялык чалгындоо иштерин жер астындагы ыкма менен коопсуз жүргүзүүгө жооптуу ИТЖ. - Тоо, анын ичинде геологиялык чалгындоо иштерин жер астындагы шарттарда жүргүзүүнү башкарууга укугу бар ИТЖ. - Тоо иштерин жер астындагы шарттарда жүргүзүүдө механизациялашкан жумуштарга жооптуу ИТЖ. - Тоо иштерин жер астындагы шарттарда жүргүзүүдө электр чарбаларына жооптуу ИТЖ. Тоо-кен өнөр жай объекттерин долбоорлогон ишканалардын бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Тоо-кен өнөр жайы объекттерин куруу, кайра жаңылоо, капиталдык оңдоо иштерин аткарган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин өнөр жай коопсуздук жаатындагы аттестациясы Жер казынасын пайдалануу жана аларды долбоорлоого байланышкан иштерди жүргүзгөн ишканалардын бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин тоо иштерин коопсуз жүргүзүүнү маркшейдердик камсыздоо жаатындагы аттестациясы Пайдалануу кендерин казууга, ошондой эле курууга жана суу техникалык курулмаларды иштетүүгө байланышпаган максатта жер казынасын пайдаланган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин тоо иштерин коопсуз жүргүзүүнү маркшейдердик камсыздоо жаатындагы аттестациясы - Маркшейдердик иштерин жетектеген ИТЖ. Пайдалануу кендердин кендик жана кендик эмес жерлерин иштеткен ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин тоо иштерин коопсуз жүргүзүүнү маркшейдердик камсыздоо жаатындагы аттестациясы Пайдалануу кендердин катмарлуу жерлерин иштеткен ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин тоо иштерин коопсуз жүргүзүүнү маркшейдердик камсыздоо жаатындагы аттестациясы Көмүр суутектүү чийки заттардын жана суу минералдык ресурстардын жерлерин иштеткен ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин тоо иштерин коопсуз жүргүзүүнү маркшейдердик камсыздоо жаатындагы аттестациясы Өнөр жай объекттеринин суу техникалык курулмалардын коопсуздугу жаатындагы ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Суу чарба комплексинин объекттеринин суу техникалык курулмалардын коопсуздугу жаатындагы ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы |
Б5
Б5.1.
Б5.1.1.
Б5.1.2. Б5.2.
Б5.3. | Көмүр өнөр жайы (жер астындагы, ачык) (керектүүсүнүн астын сызуу керек) Көмүр чыккан жерлерди ачык жол менен иштеткен ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы - Баалуу металлдарды, түстүү металлдарды, кара металлдарды жана көмүрдү өндүрүү чебери. - Түстүү металлдар, алтын, көмүр жана башка кендерди байытуучу чебер. Көмүрлөрдү (тектерин) байытуучу жана брикеттөөчү ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Көмүр чыккан жерлерди жер астындагы ыкма менен иштеткен ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы |
Б6 Б6.1.
Б6.1.1.
Б6.1.2.
Б6.2.
Б6.3.
Б6.4.
Б6.5.
Б6.6.
Б6.6.1. Б6.7.
Б6.7.1.
Б6.7.2. | Газ бөлүштүрүү жана газ колдонуу объектилери Газ бөлүштүрүү жана газ колдонуу системасын иштетүүдө коопсуздугун камсыздоого жооптуу ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы: - Өнөр жай ишканаларынын газ чарбаларын коопсуз иштетүүгө жооптуу ИТЖ. - Коммуналдык-тиричилик ишканаларынын газ чарбаларын коопсуз иштетүүгө жооптуу ИТЖ. Суюктукка айландырылган көмүр суутектүү газдарын колдонгон объекттерди иштеткен ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Суюктукка айландырылган көмүр суутектүү газдын унаага май куюучу станцияларын иштетүүдө өнөр жай коопсуздугу боюнча ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Газ бөлүштүрүү жана газ колдонуу системасын иштеткен ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Газ бөлүштүрүү жана газ колдонуу системасын долбоорлоого жана курууга техникалык көзөмөл жүргүзүүгө жооптуу ишканалардын бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Газ бөлүштүрүү жана газ колдонуу объекттерин долбоорлогон ишканалардын бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы. - Жабык мейкиндиктердеги иштерге жооптуу ИТЖ. Газ бөлүштүрүү жана газ колдонуу объекттерин куруу, кайра жаңылоо, капиталдык оңдоо иштерин аткарган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы: - Жогорку жана орто басымдагы технологиялык өткөрмө түтүктөрдү иштетүүгө жана тейлөөгө жооптуу ИТЖ. - Газдаштыруу (турак үйлөрдү, коммуналдык-тиричилик жана өнөр жай объекттерин) иштерин куруу-куроо чебери. |
Б7 Б7.1.
Б7.1.1.
Б7.1.2.
Б7.2.
Б7.2.1.
Б7.3
Б7.3.1.
Б7.3.2.
Б7.3.3.
Б7.3.4.
Б7.3.5.
Б7.3.6. Б7.4.
Б7.5.
Б7.6. | Басым астында иштөөчү жабдуу Кооптуу өндүрүш объекттеринде (буу, суу ысытуучу, органикалык жана органикалык эмес жылуулукту алып жүрүүчү) казандарды иштетүү - Атайын жылуулук техникалык билими жок буу, суу ысытуучу казандарды, электр түрдүү казандарды жана электр казандарын коопсуз иштетүүгө жооптуу ИТЖ - Жылуулук техникалык билими бар буу, суу ысытуучу казандарды, электр түрдүү казандарды жана электр казандарын коопсуз иштетүүгө жооптуу ИТЖ Кооптуу өндүрүш объекттеринде буу жана ысык суу өткөрмө түтүктөрүн иштетүү - Буунун жана ысык суунун өткөрмө түтүктөрүнүн бузулбаган абалына жана коопсуз иштешине жооптуу ИТЖ. Кооптуу өндүрүш объекттеринде басым астында иштеген түтүкчөлөрдү иштетүү: - Абаны бөлүштүрүү продукцияларын, басым астында иштеген түтүкчөлөрдү өндүрүүдө жана колдонууда коопсуздук үчүн жооптуу ИТЖ - Металлдарды газ алоолонгон жабдууларын коопсуз иштетүүгө жооптуу ИТЖ. - Басым астында иштеген түтүкчөлөрдүн техникалык абалына жана колдонууга көзөмөл кылууга жооптуу ИТЖ. - Жогорку жана орто басымдагы технологиялык өткөрмө түтүктөрдү иштетүүгө жана тейлөөгө жооптуу ИТЖ. - Буунун жана ысык суунун өткөрмө түтүктөрүнүн бузулбаган абалына жана коопсуз иштешине жооптуу ИТЖ. - Компрессордук орнотмолорду коопсуз иштешине жооптуу ИТЖ. Кооптуу өндүрүш объекттеринде медициналык жана водолаз барокамераларын иштетүү Кооптуу өндүрүш объекттеринде колдонулган газ басымдары астында кысылган, суюктукка айланган, эриген сактоо жана ташуу үчүн баллондорду толтуруу, техникалык күбөлөндүрүү жана оңдоо Кооптуу өндүрүш объекттерин долбоорлоо, куруу, кайра жаңылоо, капиталдык оңдоо жана техникалык кайра куралдандыруу, кооптуу өндүрүш объекттеринде басым менен иштеген, колдонулган жабдууну куроо (ажыратуу), ишке киргизүү, тейлөө жана оңдоо (кайра жаңылоо) менен байланышкан ишмердик |
Б8 Б8.1.
Б8.2.
Б8.3.
Б8.4.
Б8.4.1.
Б8.5.
Б8.5.1.
Б8.5.2.
Б8.5.3. Б8.5.4. Б8.5.5. Б8.6.
Б8.6.1. Б8.6.2. Б8.6.3. Б8.6.4. Б8.7.
Б8.7.1. Б8.7.2. | Көтөрүүчү курулмалар Бузулбаган абалдагы көтөрүүчүлөргө (секи) жооптуу адистердин өнөр жай коопсуздук боюнча аттестациясы. Метрополитендердеги жана травалаторлордогу эскалаторлорду коопсуз иштетүүнү көзөмөлдөө боюнча ишканалардын адистеринин аттестациясы Метрополитендердеги жана травалаторлордогу эскалаторлорду иштеткен ишканалардын аттестациялык комиссиялардын мүчөлөрүнүн аттестациясы Аркан жолунун бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы өнөр жай коопсуздук жаатындагы аттестациясы Аркан жолдорунун башчыларынын өнөр жай коопсуздугу жаатындагы аттестациясы Жүктөрдү көтөрүүгө жана ташууга арналган көтөрүүчү курулмалар колдонулган кооптуу өндүрүш объекттеринде иштеген ишканалардын бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы - Жүк көтөрүүчү машиналардын (ЖКМ), чечилүүчү жүк салуучу куралдардын жана идиштердин коопсуз иштешине көзөмөл боюнча ИТЖ. - Жүк көтөрүүчү машиналарды бузулбаган абалда кармаганга жооптуу ИТЖ. - Крандар менен иштөөдө коопсуздугуна жооптуу адам. - Оор техниканы оңдоо жана тейлөө боюнча чебер. - Тоо машиналарын жана жабдууларды оңдоо жана тейлөө боюнча чебер. Адамдарды көтөрүп, ташууга арналган көтөрүүчү курулмаларда колдонулган кооптуу өндүрүш объекттерин иштеткен бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы - Лифттерди жана эскалаторлорду коопсуз иштетүүгө жооптуу ИТЖ - Лифттердин жана эскалаторлордун техникалык абалына жооптуу ИТЖ. - Курулуш көтөргүчтөрүн коопсуз иштетүүгө жооптуу ИТЖ. - Бийиктиктеги иштерге жооптуу ИТЖ. Кооптуу өндүрүш объекттерин иштетүү процесстеринде көтөрүүчү курулмаларды куроо, ишке киргизүү, оңдоо, кайра жаңылоо же модернизациялоо - Куруу-куроо иштерин жүргүзүүгө жооптуу ИТЖ. - Аттракциондорду коопсуз иштетүүгө жооптуу. |
Б9 Б9.1.
Б9.1.1 | Кооптуу заттарды ташуу Кооптуу өндүрүш объекттериндеги кооптуу заттарды ташууда коопсуздукка жооптуу бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы - Катуу таасир этүүчү уулуу заттарды (КТУЗ) сактоодо, ташууда жана колдонууда коопсуздукка жооптуу ИТЖ. |
Б10 Б10.1.
Б10.1.1. | Өсүмдүк чийки заттарын сактоочу кайра иштетүүчү объектилер Өсүмдүк чийки заттарын сактоо жана иштетүү объекттерин пайдаланган ишканалардын бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы - Ун салуу өндүрүшү боюнча жооптуу ИТЖ. |
Б11 Б11.1.
Б11.1.1.
Б11.1.2.
Б11.2.
Б11.2.1. | Жардыруу иштери Жер астындагы иштетүүлөрдө жана кендердин үстүлөрүндө (тоо кен объекттери жана кен эмес өнөр жайы), газ же чаңы боюнча кооптуу (кооптуу эмес) көмүр жана катмар кен шахталарында жардыруу иштерин аткарган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы. Атайын жардыруучу иштер - Газ же чаңы боюнча кооптуу эмес жер астындагы иштетүүлөрдө жана кендердин үстүлөрүндө (тоо кен объекттери жана кен эмес өнөр жайы) жардыруу иштерин техникалык жактан башкарууга укугу бар ИТЖ. - Жер астындагы тоо иштеринде (ЖТИ) жардыруу жумуштарын башкарууга укугу бар ИТЖ. Ачык тоо иштетүүлөрүндө жардыруу иштерин жана атайын жардыруу иштерин аткарган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы - Ачык тоо иштериндеги (АТИ) жардыруу жумуштарын башкарууга укугу бар. |
жогоруда аталган Жобонун 2-тиркемесиндеги:
- а) пункттагы “ыйгарымдуу жана ыйгарымдуу текшерүүчү органдардын” деген сөздөр “ыйгарымдуу текшерүүчү органдын” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- “Ыйгарымдуу орган/” деген сөздөр алынып салынсын.
2. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо чаралары көрүлсүн.
4. Ушул буйруктун көчүрмөсү, анын расмий жарыяланган күнүнөн тартып үч иш күндүн ичинде, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Ушул буйруктун көчүрмөсү, анын күчүнө киргенинен тартып үч иш күндүн ичинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
Төрага
| Э.К. Осмонбетов
|