Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨНӨР ЖАЙ,
ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ЖЕР КАЗЫНАСЫН ПАЙДАЛАНУУ
МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИ
БУЙРУК
2018-жылдын 12-майы № 01-7/239
«Өнөр жай коопсуздугу жаатында ишканалардын адистерин даярдоо жана аттестациялоо иштерин уюштуруу жөнүндөгү Жобону» жана «Өнөр жай коопсуздугу жаатында ишканалардын жумушчуларын окутуу жана билимин текшерүүнү уюштуруу жөнүндөгү Жобону» бекитүү жөнүндө
(2020-жылдын 11-февралындагы 01-7/73, 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 01-01/306 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Куруу, иштетүү, реконструкциялоо, техникалык жаңылап куралдандыруу, консервациялоо жана жок кылуу, ошондой эле, кооптуу өндүрүштүк объектилерде колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдү, машиналарды жана жабдууларды жасоо, курап чогултуу, ишке салуу, тейлөө жана оңдоп түзөтүү жумуштарын аткаруучу ишканалардын жетекчилерин, адистерин жана негизги кесиптер боюнча жумушчуларын даярдоо жана аттестациялоо иштерин уюштуруу тартибин камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
Бекитилсин:
- 1-тиркемеге ылайык, Өнөр жай коопсуздугу жаатында ишканалардын адистерин даярдоо жана аттестациялоо боюнча иштерди уюштуруу жөнүндөгү жобо;
- 2-тиркемеге ылайык, Өнөр жай коопсуздугу жаатында ишканалардын жумушчуларын даярдоо жана билимин текшерүүнү уюштуруу жөнүндөгү жобо.
Бул буйрук, расмий түрдө жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Бул буйруктун көчүрмөсү, ал күчүнө киргенден кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына, маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
Төрага | У.Д.Рыскулов |
Өнөр жай коопсуздугу жаатында ишканалардын адистерин даярдоо жана аттестациялоо боюнча иштерди уюштуруу жөнүндөгү
жобо
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо, кооптуу өндүрүштүк объектилерге (мындан ары – объектилер) тиешелүү, аларды долбоорлоо, куруу, иштетүү, реконструкциялоо, капиталдык оңдоп түзөтүү, техникалык жаңылап куралдандыруу, консервациялоо жана жок кылуу, ошондой эле, аларда колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдү, машиналарды жана жабдууларды жасоо, курап чогултуу, ишке салуу, тейлөө жана оңдоп түзөтүү жумуштарын аткаруучу ишканалардын адистерин (кызматкерлерди) даярдоо жана аттестациялоо; өндүрүштүк көзөмөл (мындан ары - көзөмөлдөнүүчү ишканалар), ошондой эле, жетекчилерди жана адистерди өндүрүштүк коопсуздук маселелери боюнча даярдоо жана кайра даярдоо иштерин уюштуруу тартибин орнотот.
2. Эгерде, адистердин кээ бир категориялары үчүн нормативдик укуктук актылар боюнча коопсуздук боюнча билимин кошумча текшерүү жана көзөмөлдөө каралган болсо, анда ошол нормативдик укуктук актыларда каралган талаптар колдонулат.
3. Адистерди өнөр жай коопсуздугу маселелери боюнча даярдоо жана аттестациялоо, кызматтык милдеттерине тиешелүү көлөмдө жүргүзүлөт.
4. Өнөр жай коопсуздугу маселелери боюнча аттестациялоодо, өндүрүштүк коопсуздуктун, мыйзамдарда жана башка Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларында бекитилген өндүрүштүк коопсуздуктун талаптары боюнча билими текшерилет.
Билимин текшерүү өзүнчө экзамен аркылуу жүргүзүлөт. Экзамендик билеттерди калыптоодо, аларга, аттестациянын ар бир областы боюнча бештен кем эмес суроолор (тесттик тапшырма) киргизилет.
Ыйгарым укуктуу контролдоочу орган түзгөн аттестациялык комиссияларда билимин текшерүү электрондук тестирлөө форматында жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Жараталыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 01-01/306 буйругунун редакциясына ылайык)
2. Адистерди өнөр жай коопсуздугу маселелери боюнча даярдоо
5. Адистерди өнөр жай коопсуздугу маселелери боюнча аттестациялоого чейин, аларды атайын уруксат берүүчү функциялуу жана өнөр жай коопсуздугу жаатында мамлекеттик саясатты жана нормативдик-укуктук жөнгө салууну жүргүзгөн аткаруу бийлиги менен макулдашылган окуу программалары боюнча даярдоо жүргүзүлөт.
Даярдоо жүргүзүлөт:
- даярдоо менен алектенген мекемелерде, бетме-бет жана дистанциялык формаларда;
- өз алдынча даярдануу режиминде. Мында окуу программасын даярдоо менен алектенген мекемелерден алуу зарыл.
(КР 2020-жылдын 11-февралындагы № 01-7/73 буйругунун редакциясына ылайык)
6. Даярдоо менен алектенген мекеменин, керектүү сандагы тиешелүү адистикке жараша ушул Жобонун тартиби боюнча аттестацияланган адистери болууга тийиш.
3. Өнөр жай коопсуздугу жаатында адистерди аттестациялоо
7. Өнөр жай коопсуздугу маселелери боюнча аттестациялоо төмөндөгү ишканалардын адистери үчүн жүргүзүлөт:
- долбоорлоо, куруу, иштетүү, реконструкциялоо оңдоп түзөтүү, техникалык жаңылап куралдандыруу, консервациялоо жана жок кылуу, ошондой эле, кооптуу өндүрүштүк объектилерде колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдү, машиналарды жана жабдууларды жасоо, курап чогултуу, ишке салуу , тейлөө жана оңдоп түзөтүү жумуштарын аткаруучу;
- өндүрүштүк көзөмөл жүргүзүүчү;
- жетекчилерди жана адистерди өнөр жай коопсуздугу маселелери боюнча аттестацияга чейинки даярдоо жана кайра даярдоо менен алектенген;
8. (КР 2020-жылдын 11-февралындагы №01-7/73 буйругунун негизинде КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
9. Кооптуу өндүрүштүк объектилерди долбоорлоо куруу, иштетүү, реконструкциялоо, техникалык жаңылап куралдандыруу, консервациялоо жана жок кылуу, ошондой эле, кооптуу өндүрүштүк объектилерде колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдү, машиналарды жана жабдууларды жасоо, курап чогултуу, ишке салуу , тейлөө жана оңдоп түзөтүү жумуштарын; өндүрүштүк көзөмөл; жетекчилерди жана адистерди өнөр жай коопсуздугу маселелери боюнча аттестацияга чейинки даярдоо жана кайра даярдоо иштерин аткаруучу ишканалардын адистерин аттестациялоо, аттестациялануучулар иштеген ишканалардын комиссияларында, ошондой эле, өнөр жай коопсуздугу жаатында текшерүү жана көзөмөлдөө функцияларга ээ жана өнөр жай копсуздугу жаатында мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүчү (мындан ары – ыйгарымдуу текшерүүчү орган) аткаруу бийлигинин органынын аттестациялык комиссияларында (борбордук аттестациялык комиссия, аймактык аттестациялык комиссиялар) жүргүзүлөт.
(КР 2020-жылдын 11-февралындагы №01-7/73 буйругунун негизинде КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
Ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын аттестациялык комиссиясынан өндүрүштүк контролду жүзөгө ашырган бөлүктөрүнүн жетекчилери жана башкы адистери аттестациядан өтүшөт. Ишканалардын катардагы инженердик-техникалык курамы, кооптуу өндүрүштүк объекттер үчүн адистерди даярдоо чөйрөсүндөгү билим берүү ишмердигине лицензиясы бар окуу борборлоруна караштуу комиссиялардан алгачкы аттестациядан өтүшөт, ал эми улантуучуларын ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын катушуусу менен аттестациядан өткөн жумушчулар иштеген ишканалардан өтүшөт.
Жалданама жана ага караган ишканалардын адистери жалдоочу уюмдун аттестациялык комиссиясынан мезгилдик аттестациядан өтүшөт.
Бир ишканадан башка ишканага өтүп жатканда, эгерде кызмат орду алмашпаса аттестациядан өтүү талап кылынбайт.
Аттестациялык комиссиялардын иштери аттестация алдындагы даярдык өткөрүлгөн ишканалардын базасында өткөрүлүшү мүмкүн, мында комиссиянын ишин уюштуруу ошол ишканага жүктөлөт
Ыйгарымдуу текшерүүчү органдын комиссияларында ишканалардын жетекчилери жана башкы адистер аттестациядан өтүшөт. Ишканалардын катардагы инженердик-техникалык курамы, өздөрү иштеген жердеги комиссиялардан аттестациядан өтүшөт.
(КР 2020-жылдын 11-февралындагы № 01-7/73 буйругунун редакциясына ылайык)
10. Адистерди алгачкы аттестациялоо бир айдан ашпаган мөөнөттө:
- кызматка дайындоо учурунда;
- башка жумушка которулган учурда, эгерде, ал кызматтын милдеттерин аткаруу үчүн аттестациядан өтүү талап кылынса.
11. Адистерди мезгилдик аттестациялоо үч жылда бир жолкудан кем эмес жүргүзүлөт.
12. Ишкананын жетекчисинин жана адистин компетенциясына тиешелүү, өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бекитүүчү нормативдик укуктук актылардын маселелери боюнча билимин кезексиз текшерүү, жаңы нормативдик укуктук актылар ишке киргизилгенден кийин жүргүзүлөт.
Кезексиз билимин текшерүү, ошондой эле, болуп өткөн авариялардан, күтүлбөгөн кырсыктардан кийин, ыйгарымдуу текшерүүчү органдын кызматкеринин эскетмеси менен жүргүзүлөт.
13. Ыйгарымдуу текшерүүчү органдын борбордук аттестациялык комиссияда кезексиз аттестациядан өтүү, авария же өлүмгө алып келген күтүлбөгөн кырсык болгон, ошондой эле, курч мүнөздүү, адаттуу кесиптик оору аныкталган объектинин жетекчисине жана/же ал объектиде иштөөнүн коопсуздугу үчүн жооптуу кишиге тиешелүү.
Борбордук аттестациялык комиссияда кезексиз аттестациядан өтө тургандар жөнүндөгү маалыматтарды, борбордук аттестациялык комиссиянын төрагасына, авариянын же күтүлбөгөн кырсыктын себептерин изилдөө боюнча комиссиянын төрагасы берет. Айтылган маалыматтар, авариянын же өлүмгө алып келген күтүлбөгөн кырсыктын изилдөөсү аяктаган учурдан кийинки жыйырма күндүк мөөнөт ичинде берилет.
14. Көзөмөлдөнүүчү ишканалардын аттестациялык комиссиялары ишкананын жетекчисинин буйругу (көрсөтмөсү) менен түзүлөт. Ишкананын аттестациялык комиссиясынын курамына ишкананын жетекчилери жана башкы адистери, өнөр жай коопсуздугунун талаптарынын аткарылышына өндүрүштүк көзөмөл жүргүзүүчү башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн жетекчилери жана башчылары, авариялык-куткаруучулук кызматтардын өкүлдөрү жана башка жогорку квалификациялуу адистер кирет. Комиссияны ишкананын жетекчилеринин бири башкарат.
Ишкананын аттестациялык комиссиясынын төрагасынын, же, анын орун басарынын демилгеси менен, комиссиянын курамына ыйгарымдуу текшерүүчү органдын аймактык өкүлдөрү, эгерде, алардын катышуусу, тиешелүү нормативдик укуктук актылар менен эсепке алынбаган болсо, киргизилиши мүмкүн.
15. Ишканаларда адистерди өнөр жай коопсуздугу маселелери боюнча аттестациялоо, ишкананын жетекчиси бекиткен график боюнча жүргүзүлөт. Аттестациядан өтүүчүлөр, аттестацияны өткөрүү графиги жана өткөрүлүүчү жай менен тааныштырылат.
16. Ыйгарымдуу текшерүүчү органдын аттестациялык комиссиялары, аттестациялануучулар иштеген көзөмөлдөнүүчү ишканалардан аттестациялык комиссиялардын катчылыгына келип түшкөн, ишчилерди аттестациядан өткөрүү жөнүндөгү кайрылууларын карайт. Көзөмөлдөнүүчү ишканалардын кайрылуусунун формасы ушул Жобонун 3-тиркемесинде келтирилген.
17. Өнөр жай коопсуздугунун маселелери боюнча билимин текшерүүнүн жыйынтыктары протоколго жазылып, андан кийин аттестациялоо жөнүндөгү күбөлүк тапшырылат. Кезексиз аттестациялоонун жыйынтыктары протокол менен гана жазылат.
ыйгарымдуу текшерүүчү органдын аттестациялык комиссияларынан аттестациялоодон өтүшкөн жетекчилер жана адистер, аттестациялык комиссиялардын отурумунун протоколун, же анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, ошондой эле, аттестация жөнүндөгү күбөлүк алышат. Кезексиз аттестациядан өткөн учурда, аттестациялануучу протоколду же анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн гана алат.
Аттестациялык комиссикомиссиянын протоколунун жана аттестациялоо жөнүндөгү күбөлүктүн формалары ушул Жобонун1- жана 2- тиркемелеринде көрсөтүлгөн.
(КР 2020-жылдын 11-февралындагы № 01-7/73 буйругунун редакциясына ылайык)
18. Ыйгарымдуу текшерүүчү органдын борбордук аттестациялык комиссиясынын же аймактык аттестациялык комиссиялардын биринен аттестациядан өткөндүгүн тастыктаган документтер, Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында жарактуу.
19. Аттестациялоодон (билимин текшерүүдөн) өтпөй калгандар, кайрадан бир айлык мөөнөттө андан өтүүсү керек. Аттестациядан өтпөй калгандар, аттестациялык комиссиянын чечимине каршы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна ылайык, арыздана алышат.
Ишканалардын аттестациялануучулары ыйгарымдуу текшерүүчү органдын аттестациялык комиссияларынан электрондук форматта аттестациядан өтө алышат.
( 2020-жылдын 11-февралындагы № 01-7/73, 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 01-01/306 буйруктарынын редакцияларынана ылайык)
20. Аттестацияны өткөрүү үчүн тесттик суроолор ыйгарым укуктуу контролдоочу орган тарабынан иштелип чыгат.
21. Тесттик суроолордун базасын өзгөртүү, толуктоо жана жаңылоо ыйгарым укуктуу контролдоочу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
22. Электрондук тестирлөө ыйгарым укуктуу контролдоочу орган тарабынан атайын жабдылган жайда жүргүзүлөт. Тестирлөө компьютерлерди колдонуу менен жүргүзүлөт.
23. Ыйгарым укуктуу контролдоочу орган тестирлөөгө түшкөн арыздардын негизинде тесттин өткөрүү күнүн аныктайт, аттестациялануучу катышуучуларды каттайт, жыйынтыктарды иштеп чыгып, тиешелүү протоколдор менен тариздөөнү камсыздайт.
24. Аттестациялануучу катышуучуларды каттоо "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу алынган маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт. Эгерде мындай маалыматтар жок болсо, катышуучу паспортун же инсандыгын тастыктаган башка документин көрсөтөт.
25. Катышуучу тестирлөө эрежелерин бузган учурда (залдан чыгуу, башка катышуучулар менен сүйлөшүү, фотоаппарат колдонуу, экранды сүрөткө тартуу, жумуш ордунда бөтөн нерселердин болушу, күйгүзүлгөн уюлдук телефондор ж.б.) тестирлөөгө катышуудан четтетилет жана бул тууралуу тиешелүү протокол түзүлөт.
26. Ыйгарым укуктуу контролдоочу орган билимине коюлган квалификациялык талаптарга жооп бербеген же жалган маалымат берген адамдарды тестирлөөгө киргизбөөгө, ошондой эле эрежелер бузулган учурда тестирлөөнүн жыйынтыктарын жокко чыгарууга укуктуу.
27. Жүйөлүү себептер менен, бирок 15 мүнөттөн ашпаган мөөнөттө тестирлөөгө кечиккен катышуучулар ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын аттестациялык комиссиясынын чечими менен тесттик тапшырмаларды аткарууга киргизилиши мүмкүн.
28. Компьютердик тестирлөөнүн ачыктыгын жана объективдүүлүгүн камсыздоо максатында ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын атайын жабдылган имаратында видеобайкоо жүргүзүлөт.
29. Электрондук тестирлөөдө өтүү баллы туура жооптордун 60 пайызынан кем эмес деңгээлде белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын Жараталыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 01-01/306 буйругунун редакциясына ылайык)
Өнөр жай коопсуздугу жаатында ишканалардын
адистерин даярдоо жана аттестациялоо иштерин
уюштуруу жөнүндөгү жобого 1-тиркеме
Аттестациялык комиссиянын протоколунун формасы
|
(аттестациялык комиссиянын аталышы)
Аттестациялык комиссиясы
|
№ ____ПРОТОКОЛУ
«___» _________20___ж. __________ шаары (айылы)
Төрага |
|
| |||
|
| (кызматы, фамилиясы, инициалдары) | |||
| Комиссиянын мүчөлөрү:
|
| |||
| (кызматы, фамилиясы, инициалдары)
| ||||
|
|
| |||
| (кызматы, фамилиясы, инициалдары)
| ||||
|
|
| |||
| (кызматы, фамилиясы, инициалдары)
| ||||
| Жетекчилердин жана адистердин билимин текшерүү жүргүзүлдү
| ||||
|
| ||||
| (ишкананын аталышы) | ||||
|
|
|
|
|
|
кызматтык милдеттерине ылайык көлөмдө.
Аттестациянын жааттары
А
А1.
А2. | Өнөр жай коопсуздугунун жалпы талаптары Мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен бекитилген өнөр жай коопсуздугунун жалпы талаптары боюнча билимин текшерүү - Эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы жана өнөр жай коопсуздугу боюнча инженердик-техникалык жумушчу (мындан ары - ИТЖ). - Эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы жана өнөр жай коопсуздугу боюнча адис. |
Б | Өнөр жай коопсуздугунун атайын талаптары Ченемдик укуктук актылар жана ченемдик-техникалык документтер менен бекитилген өнөр жай коопсуздугунун атайын талаптары боюнча билимин текшерүү: |
Б1.
Б1.1.
Б1.2.
Б1.2.1.
Б1.2.2.
Б1.2.3. Б1.2.4.
Б1.2.5. Б1.3.
Б1.4.
Б1.5.
Б1.6.
Б1.7.
Б1.7.1.
Б1.8.
Б1.9.
Б1.10.
Б1.11.
Б1.12.
Б1.13.
Б1.14.
Б1.15.
Б1.16.
Б1.17.
Б1.18.
Б1.19.
Б1.20.
Б1.21.
| Химиялык, мунай-химиялык жана мунайды кайра иштетүү өнөр жайы Ченемдик укуктук актылар жана ченемдик-техникалык документтер менен бекитилген, химиялык, мунай-химиялык жана мунайды кайра иштетүү өнөр жайындагы коопсуздуктун талаптары Лак жана боёк жасоону өндүрүштү иштетүүчү ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Мунай иштетүү объекттерин иштетүүчү ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы: - Мунай базаларынын жабдууларын жана курулмаларын коопсуз иштетүүгө жооптуу ИТЖ. - Мунай жана мунай өнүмдөрүн, алардын жабдууларын, арматураларын, өткөрмө түтүктөрүн, куюштуруу-төгүү эстакадасын жана мунай иштетүүчү заводду сактоо үчүн резервуарларды коопсуз иштетүүгө жооптуу ИТЖ. - Май куюучу станцияларды коопсуз иштетүүгө жооптуу ИТЖ - Тез тутануучу суюктуктарды (ТТС), спирт жана башкаларды сактоо үчүн резервуарларды коопсуз иштетүүгө жооптуу ИТЖ. - Туюк мейкиндиктерде иштеген жооптуу ИТЖ. Химия жана мунай химия объекттерин иштеткен ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Органикалык эмес кислоталарды жана щелочторду колдонуп иштөөчү объекттерге өндүрүштүк контроль кылган ишканалардын бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Хлор колдонуп иштөөчү объекттерге өндүрүштүк контроль кылган ишканалардын бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы. Минералдуу жер семирткичтерди иштетүүчү өндүрүш ишканаларына өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Аммиактык муздатуучу орнотмолорду пайдаланган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы: - Муздаткыч компрессордук (аммиактык жана хладагендик) орнотмолорду иштетүүгө жооптуу ИТЖ. Газ иштеп чыгаруу заводдорду жана өндүрүштөрдү иштеткен ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы. Мунай химия объекттерин иштеткен электроэнергетика ишканаларына өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Химия өнөр жайы объекттерин долбоорлогон ишканаларынын бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Химия жана мунай химия өнөр жай объекттерин долбоорлогон ишканалардын бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Мунай иштетүүчү өнөр жай объекттерин долбоорлогон ишканалардын бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Химия өнөр жай объекттерин куруу, кайра жаңылоо, капиталдык оңдоо иштерин аткарган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Химия жана мунай химия өнөр жай объекттерин куруу, кайра жаңылоо, капиталдык оңдоо иштерин аткарган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Мунай иштетүүчү өнөр жай объекттерин куруу, кайра жаңылоо, капиталдык оңдоо иштерин аткарган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Химиялык, мунай химиялык жана мунай иштетүүчү кооптуу өндүрүштүк объекттерди оңдоо иштерин коопсуздуу жүргүзүү тартиби жөнүндө өндүрүштүк контроль кылган ишкананын бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Газдык кооптуу иштерин коопсуз уюштуруу боюнча ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Түтүн жана желдетүүчү өнөр жай түтүктөрүн пайдаланган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Жарылып кете турган жана зыян газдарда иштетилген поршендүү компрессорлору бар компрессордук орнотмолорду пайдаланган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Стационардык компрессордук орнотмолорду, аба зымдарын жана газ зымдарын пайдаланган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Сууну электролиздөө методу менен суутекти өндүргөн ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы |
Б2 Б2.1.
Б2.2.
Б2.3.
Б2.4.
Б2.5.
Б2.6.
Б2.7.
Б2.8.
Б2.9.
Б2.10.
Б2.11.
Б2.11.1.
Б2.12.
Б2.13.
Б2.14.
Б2.15.
Б2.15.1. | Мунай жана газ өнөр жайы Мунай жана газ өнөр жайы объекттерин иштеткен ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Мунай жана газ скважинасын оңдогон ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Мунай, газ казуучу объекттерди долбоорлочу ишканалардын бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Мунай, газ казуучу кооптуу өндүрүштүк объекттердеги оңдоо, куроо жана ишке киргизүүчү иштерин жүргүзгөн ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Континенттик шельфтеги мунай жана газ кендерин иштеткен ишканалардын жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Мунай жана газ скважиналарын курган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин Магистралдык мунай түтүктөрүн жана мунай өнүм түтүктөрүн пайдаланган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Магистралдык газ түтүктөрүн пайдаланган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Суюк аммиакты ташуу үчүн өткөрмө түтүктөрдү колдонгон магистралдык ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Мунай жана газды ташуу үчүн мунай өндүрүүчү өткөрмө түтүктөрүн колдонгон ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин Суюктукка айландырылган жаратылыш газын ГБС МГ жана АГТКСда өндүрүү, сактоо жана берүү ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы: - Автомобилдик газдык толуктоочу компрессордук станцияларды (АГТКС) коопсуз иштетүүгө жооптуу ИТЖ. Көпшөк пласттардагы газды жерде сактоону пайдаланган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Мунай жана газ өнөр жай объекттерин долбоорлогон, курган, кайра жаңылаган жана капиталдык оңдогон ишканалардын бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Жарылып кете турган жана зыян газдарда иштетилген поршендүү компрессорлору бар компрессордук орнотмолорду пайдаланган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Стационардык компрессордук орнотмолорду, аба зымдарын жана газ зымдарын пайдаланган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы: - компрессордук орнотмолордун коопсуз иштөөсүнө жооптуу ИТЖ. |
Б3 Б3.1.
Б3.1.1. Б3.1.2. Б3.2.
Б3.3.
Б3.4.
Б3.5.
Б3.5.1.
Б3.5.2.
Б3.5.3.
Б3.6.
Б3.7.
Б3.8.
Б3.9.
Б3.10.
Б3.11.
Б3.11.1.
Б3.12.
Б3.12.1. | Металлургиялык өнөр жай Кара жана түстүү металлдарды куюучу өндүрүш ишканаларына өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы - Куюу иштерин коопсуз аткарганга жооптуу ИТЖ. - Куюучу өндүрүштүн чебери. Жез-никель өндүрүшү бар ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Кокс химиялык өндүрүшү бар ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Баштапкы алюминийлерди өндүргөн ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин Сейрек кездешүүчү, асыл жана башка түстүү металлдарды өндүргөн ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы: - Төмөнкүдөй иштерди коопсуз жүргүзүүгө жооптуу ИТЖ: - байытуучу жана металлургиялык өндүрүштөгү тоо тектеринин эритиндилерин алууда; - талдоонун физика-химиялык методдору. - Кооптуу өндүрүш объекттериндеги алтын алуучу жана байытуучу фабрикаларды коопсуз иштетүүгө жооптуу ИТЖ. - Алтын алуучу фабрикадагы (ААФ) жана байытуучу фабрикадагы (БФ) технологиялык процесстердеги уулуу заттардын эритмелерин зыянсыздандыруу процесстеринин чебери. Болот эритүүчү өндүрүш ишканаларына өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Куйма темир өндүрүш ишканаларына өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Толук металлургиялык цикл менен ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Металлургиялык өнөр жай объекттерин долбоорлогон ишканалардын бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Түтүн жана желдетүүчү өнөр жай түтүктөрүн пайдаланган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Абаны бөлүү продукцияларын өндүрүүгө жана керектөөгө байланышкан ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы: - Басым алдында иштөөчү абаны, идиштерди бөлүштүрүү продукцияларын өндүрүү жана керектөөдө коопсуздукка жооптуу ИТЖ Өндүрүштүк контроль кылган – Металлургиялык ишканалардын энергетикалык кызматынын бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы - лазердик иштеп чыгуунун технологиялык процессине жооптуу ИТЖ. |
Б4
Б4.1.
Б4.1.1.
Б4.1.2.
Б4.2.
Б4.3.
Б4.3.1
Б4.3.2
Б4.3.3 Б4.3.4.
Б4.3.5.
Б4.3.6. Б4.3.7. Б4.3.8.
Б4.3.9.
Б4.3.10. Б4.3.11. Б4.4.
Б4.4.1.
Б4.4.2.
Б4.4.3.
Б4.4.4.
Б4.5.
Б4.6.
Б4.7.
Б4.8.
Б4.8.1. Б4.9.
Б4.10.
Б4.11.
Б4.11.1.
Б4.11.2.
| Тоо-кен өнөр жайы (жер астындагы, ачык) (керектүүсүнүн астын сызуу керек) Майдалоо, сорттоо, пайдалуу кендерди байытуу жана кендерди, концентраттарды кесе кылуу иштерин аткарган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин өнөр жай коопсуздук жаатындагы аттестациясы: - Майдалоо-сорттоо орнотмолорундагы коопсуз өндүрүш иштерине жооптуу ИТЖ. - Түстүү металлдарды, алтынды, көмүрдү жана башкаларды байытуучу-чебер. Жер астындагы курулмаларды курган, кайра жаңылаган, капиталдык оңдоо кылган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин өнөр жай коопсуздук жаатындагы аттестациясы Пайдалуу кендерди казуу жерлерин ачык жол менен иштеп чыккан ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин өнөр жай коопсуздук жаатындагы аттестациясы - Тоо, анын ичинде геологиялык чалгындоо иштерин ачык жол менен коопсуз жүргүзүүгө жооптуу ИТЖ - Тоо, анын ичинде геологиялык чалгындоо иштерин ачык жол менен жүргүзүүнү башкарууга укугу бар ИТЖ. - Бургулоо иштерин жүргүзүүгө жооптуу ИТЖ. -Тоо-кен казуу ишканаларындагы кампа чарбаларын коопсуз иштетүүгө жана сактоого жооптуу ИТЖ. - Ачык тоо иштериндеги механизациялашкан жумуштарга жооптуу ИТЖ. - Ачык тоо иштериндеги электр чарбаларына жооптуу ИТЖ. - Бургулоо иштерин жүргүзүүгө жооптуу ИТЖ. - Калдык сактагычтарды жана тоонун жараксыз катмарын коопсуз иштетүүгө жооптуу ИТЖ. - Калдык сактагычтарды жана тоонун жараксыз катмарын иштетүүдө башкарууга укугу бар ИТЖ. - Калдык сактагыч чарбаларынын чебери. - Суу куюу чебери. Кендерди, кен эмес жана пайдалуу кендердин катмарлуу жерлерин жер астындагы ыкма менен иштеткен ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин өнөр жай коопсуздук жаатындагы аттестациясы - Тоо, анын ичинде геологиялык чалгындоо иштерин жер астындагы ыкма менен коопсуз жүргүзүүгө жооптуу ИТЖ. - Тоо, анын ичинде геологиялык чалгындоо иштерин жер астындагы шарттарда жүргүзүүнү башкарууга укугу бар ИТЖ. - Тоо иштерин жер астындагы шарттарда жүргүзүүдө механизациялашкан жумуштарга жооптуу ИТЖ. - Тоо иштерин жер астындагы шарттарда жүргүзүүдө электр чарбаларына жооптуу ИТЖ. Тоо-кен өнөр жай объекттерин долбоорлогон ишканалардын бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Тоо-кен өнөр жайы объекттерин куруу, кайра жаңылоо, капиталдык оңдоо иштерин аткарган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин өнөр жай коопсуздук жаатындагы аттестациясы Жер казынасын пайдалануу жана аларды долбоорлоого байланышкан иштерди жүргүзгөн ишканалардын бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин тоо иштерин коопсуз жүргүзүүнү маркшейдердик камсыздоо жаатындагы аттестациясы Пайдалануу кендерин казууга, ошондой эле курууга жана суу техникалык курулмаларды иштетүүгө байланышпаган максатта жер казынасын пайдаланган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин тоо иштерин коопсуз жүргүзүүнү маркшейдердик камсыздоо жаатындагы аттестациясы - Маркшейдердик иштерин жетектеген ИТЖ. Пайдалануу кендердин кендик жана кендик эмес жерлерин иштеткен ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин тоо иштерин коопсуз жүргүзүүнү маркшейдердик камсыздоо жаатындагы аттестациясы Пайдалануу кендердин катмарлуу жерлерин иштеткен ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин тоо иштерин коопсуз жүргүзүүнү маркшейдердик камсыздоо жаатындагы аттестациясы Көмүр суутектүү чийки заттардын жана суу минералдык ресурстардын жерлерин иштеткен ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин тоо иштерин коопсуз жүргүзүүнү маркшейдердик камсыздоо жаатындагы аттестациясы Өнөр жай объекттеринин суу техникалык курулмалардын коопсуздугу жаатындагы ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Суу чарба комплексинин объекттеринин суу техникалык курулмалардын коопсуздугу жаатындагы ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы |
Б5
Б5.1.
Б5.1.1.
Б5.1.2. Б5.2.
Б5.3. | Көмүр өнөр жайы (жер астындагы, ачык) (керектүүсүнүн астын сызуу керек) Көмүр чыккан жерлерди ачык жол менен иштеткен ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы - Баалуу металлдарды, түстүү металлдарды, кара металлдарды жана көмүрдү өндүрүү чебери. - Түстүү металлдар, алтын, көмүр жана башка кендерди байытуучу чебер. Көмүрлөрдү (тектерин) байытуучу жана брикеттөөчү ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Көмүр чыккан жерлерди жер астындагы ыкма менен иштеткен ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы |
Б6 Б6.1.
Б6.1.1.
Б6.1.2.
Б6.2.
Б6.3.
Б6.4.
Б6.5.
Б6.6.
Б6.6.1. Б6.7.
Б6.7.1.
Б6.7.2. | Газ бөлүштүрүү жана газ колдонуу объектилери Газ бөлүштүрүү жана газ колдонуу системасын иштетүүдө коопсуздугун камсыздоого жооптуу ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы: - Өнөр жай ишканаларынын газ чарбаларын коопсуз иштетүүгө жооптуу ИТЖ. - Коммуналдык-тиричилик ишканаларынын газ чарбаларын коопсуз иштетүүгө жооптуу ИТЖ. Суюктукка айландырылган көмүр суутектүү газдарын колдонгон объекттерди иштеткен ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Суюктукка айландырылган көмүр суутектүү газдын унаага май куюучу станцияларын иштетүүдө өнөр жай коопсуздугу боюнча ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Газ бөлүштүрүү жана газ колдонуу системасын иштеткен ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Газ бөлүштүрүү жана газ колдонуу системасын долбоорлоого жана курууга техникалык көзөмөл жүргүзүүгө жооптуу ишканалардын бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы Газ бөлүштүрүү жана газ колдонуу объекттерин долбоорлогон ишканалардын бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы. - Жабык мейкиндиктердеги иштерге жооптуу ИТЖ. Газ бөлүштүрүү жана газ колдонуу объекттерин куруу, кайра жаңылоо, капиталдык оңдоо иштерин аткарган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы: - Жогорку жана орто басымдагы технологиялык өткөрмө түтүктөрдү иштетүүгө жана тейлөөгө жооптуу ИТЖ. - Газдаштыруу (турак үйлөрдү, коммуналдык-тиричилик жана өнөр жай объекттерин) иштерин куруу-куроо чебери. |
Б7 Б7.1.
Б7.1.1.
Б7.1.2.
Б7.2.
Б7.2.1.
Б7.3
Б7.3.1.
Б7.3.2.
Б7.3.3.
Б7.3.4.
Б7.3.5.
Б7.3.6. Б7.4.
Б7.5.
Б7.6. | Басым астында иштөөчү жабдуу Кооптуу өндүрүш объекттеринде (буу, суу ысытуучу, органикалык жана органикалык эмес жылуулукту алып жүрүүчү) казандарды иштетүү - Атайын жылуулук техникалык билими жок буу, суу ысытуучу казандарды, электр түрдүү казандарды жана электр казандарын коопсуз иштетүүгө жооптуу ИТЖ - Жылуулук техникалык билими бар буу, суу ысытуучу казандарды, электр түрдүү казандарды жана электр казандарын коопсуз иштетүүгө жооптуу ИТЖ Кооптуу өндүрүш объекттеринде буу жана ысык суу өткөрмө түтүктөрүн иштетүү - Буунун жана ысык суунун өткөрмө түтүктөрүнүн бузулбаган абалына жана коопсуз иштешине жооптуу ИТЖ. Кооптуу өндүрүш объекттеринде басым астында иштеген түтүкчөлөрдү иштетүү: - Абаны бөлүштүрүү продукцияларын, басым астында иштеген түтүкчөлөрдү өндүрүүдө жана колдонууда коопсуздук үчүн жооптуу ИТЖ - Металлдарды газ алоолонгон жабдууларын коопсуз иштетүүгө жооптуу ИТЖ. - Басым астында иштеген түтүкчөлөрдүн техникалык абалына жана колдонууга көзөмөл кылууга жооптуу ИТЖ. - Жогорку жана орто басымдагы технологиялык өткөрмө түтүктөрдү иштетүүгө жана тейлөөгө жооптуу ИТЖ. - Буунун жана ысык суунун өткөрмө түтүктөрүнүн бузулбаган абалына жана коопсуз иштешине жооптуу ИТЖ. - Компрессордук орнотмолорду коопсуз иштешине жооптуу ИТЖ. Кооптуу өндүрүш объекттеринде медициналык жана водолаз барокамераларын иштетүү Кооптуу өндүрүш объекттеринде колдонулган газ басымдары астында кысылган, суюктукка айланган, эриген сактоо жана ташуу үчүн баллондорду толтуруу, техникалык күбөлөндүрүү жана оңдоо Кооптуу өндүрүш объекттерин долбоорлоо, куруу, кайра жаңылоо, капиталдык оңдоо жана техникалык кайра куралдандыруу, кооптуу өндүрүш объекттеринде басым менен иштеген, колдонулган жабдууну куроо (ажыратуу), ишке киргизүү, тейлөө жана оңдоо (кайра жаңылоо) менен байланышкан ишмердик |
Б8 Б8.1.
Б8.2.
Б8.3.
Б8.4.
Б8.4.1.
Б8.5.
Б8.5.1.
Б8.5.2.
Б8.5.3. Б8.5.4. Б8.5.5. Б8.6.
Б8.6.1. Б8.6.2. Б8.6.3. Б8.6.4. Б8.7.
Б8.7.1. Б8.7.2. | Көтөрүүчү курулмалар Бузулбаган абалдагы көтөрүүчүлөргө (секи) жооптуу адистердин өнөр жай коопсуздук боюнча аттестациясы. Метрополитендердеги жана травалаторлордогу эскалаторлорду коопсуз иштетүүнү көзөмөлдөө боюнча ишканалардын адистеринин аттестациясы Метрополитендердеги жана травалаторлордогу эскалаторлорду иштеткен ишканалардын аттестациялык комиссиялардын мүчөлөрүнүн аттестациясы Аркан жолунун бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы өнөр жай коопсуздук жаатындагы аттестациясы Аркан жолдорунун башчыларынын өнөр жай коопсуздугу жаатындагы аттестациясы Жүктөрдү көтөрүүгө жана ташууга арналган көтөрүүчү курулмалар колдонулган кооптуу өндүрүш объекттеринде иштеген ишканалардын бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы - Жүк көтөрүүчү машиналардын (ЖКМ), чечилүүчү жүк салуучу куралдардын жана идиштердин коопсуз иштешине көзөмөл боюнча ИТЖ. - Жүк көтөрүүчү машиналарды бузулбаган абалда кармаганга жооптуу ИТЖ. - Крандар менен иштөөдө коопсуздугуна жооптуу адам. - Оор техниканы оңдоо жана тейлөө боюнча чебер. - Тоо машиналарын жана жабдууларды оңдоо жана тейлөө боюнча чебер. Адамдарды көтөрүп, ташууга арналган көтөрүүчү курулмаларда колдонулган кооптуу өндүрүш объекттерин иштеткен бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы - Лифттерди жана эскалаторлорду коопсуз иштетүүгө жооптуу ИТЖ - Лифттердин жана эскалаторлордун техникалык абалына жооптуу ИТЖ. - Курулуш көтөргүчтөрүн коопсуз иштетүүгө жооптуу ИТЖ. - Бийиктиктеги иштерге жооптуу ИТЖ. Кооптуу өндүрүш объекттерин иштетүү процесстеринде көтөрүүчү курулмаларды куроо, ишке киргизүү, оңдоо, кайра жаңылоо же модернизациялоо - Куруу-куроо иштерин жүргүзүүгө жооптуу ИТЖ. - Аттракциондорду коопсуз иштетүүгө жооптуу. |
Б9 Б9.1.
Б9.1.1 | Кооптуу заттарды ташуу Кооптуу өндүрүш объекттериндеги кооптуу заттарды ташууда коопсуздукка жооптуу бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы - Катуу таасир этүүчү уулуу заттарды (КТУЗ) сактоодо, ташууда жана колдонууда коопсуздукка жооптуу ИТЖ. |
Б10 Б10.1.
Б10.1.1. | Өсүмдүк чийки заттарын сактоочу кайра иштетүүчү объектилер Өсүмдүк чийки заттарын сактоо жана иштетүү объекттерин пайдаланган ишканалардын бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы - Ун салуу өндүрүшү боюнча жооптуу ИТЖ. |
Б11 Б11.1.
Б11.1.1.
Б11.1.2.
Б11.2.
Б11.2.1. | Жардыруу иштери Жер астындагы иштетүүлөрдө жана кендердин үстүлөрүндө (тоо кен объекттери жана кен эмес өнөр жайы), газ же чаңы боюнча кооптуу (кооптуу эмес) көмүр жана катмар кен шахталарында жардыруу иштерин аткарган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы. Атайын жардыруучу иштер - Газ же чаңы боюнча кооптуу эмес жер астындагы иштетүүлөрдө жана кендердин үстүлөрүндө (тоо кен объекттери жана кен эмес өнөр жайы) жардыруу иштерин техникалык жактан башкарууга укугу бар ИТЖ. - Жер астындагы тоо иштеринде (ЖТИ) жардыруу жумуштарын башкарууга укугу бар ИТЖ. Ачык тоо иштетүүлөрүндө жардыруу иштерин жана атайын жардыруу иштерин аткарган ишканаларга өндүрүштүк контроль кылган бөлүктөрдүн жетекчилеринин жана башкы адистеринин аттестациясы - Ачык тоо иштериндеги (АТИ) жардыруу жумуштарын башкарууга укугу бар. |
Өнөр жай коопсуздугу жаатында ишканалардын адистерин даярдоо жана аттестациялоо иштерин уюштуруу жөнүндөгү жобого 2-тиркеме
Аттестациялоо жөнүндөгү күбөлүктүн формасы
Бет жагы
а) ыйгарымдуу текшерүүчү органдын аттестациялык комиссияларында аттестациядан өткөндүгү тууралуу күбөлүк
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||
Ыйгарымдуу текшерүүчү орган
КҮБӨЛҮК № ХХ-ХХ-ХХХХ-ХХ
| ||||||||||||||||
Берилди |
|
| ||||||||||||||
| (Фамилиясы) |
| ||||||||||||||
|
|
| ||||||||||||||
| (Аты) |
| ||||||||||||||
|
|
| ||||||||||||||
| (Атасынын аты) |
| ||||||||||||||
Иштеген жери |
|
| ||||||||||||||
Кызматы |
|
| ||||||||||||||
ал аттестациялык комиссияда аттестациядан өткөндүгү тууралуу | ||||||||||||||||
|
|
| ||||||||||||||
| ||||||||||||||||
Протокол- дун датасы |
| № |
|
| ||||||||||||
Чейин жарактуу |
|
| ||||||||||||||
Төрага |
|
| ||||||||||||||
М.О.
|
|
|
|
| ||||||||||||
| (колу) |
| (Ф.А.Аа.) |
| ||||||||||||
| ||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
_______________
1Номер, белгилердин төрт тобунан турат. Биринчи топ – Борбордук аппараттын же аймактык органдын коду, экинчи топ – күбөлүк берилген жылдын акыркы эки цифрасы, үчүнчү топ – аттестациянын протоколунун номери жана төртүнчү топ – аттестациялануучунун, аттестациялык протоколдогу катар номери.
Арткы бети (керектүү аттестация жааттын тушундагы оң жактагы талаага V белгиси коюлат)
Аттестация жааттары
А | Өнөр жай коопсуздугунун жалпы талаптары |
|
Б | Өнөр жай коопсуздугунун атайын талаптары |
|
Б1 | Химиялык, мунай-химиялык жана мунайзатты кайра иштетүү өнөр жайы |
|
Б2 | Мунайзат жана газ өнөр жайы |
|
Б3 | Металлургия өнөр жайы |
|
Б4 | Тоо-кен өнөр жайы (жер астындагы, ачык,) (керектүүсүнүн астын сызуу керек) |
|
Б5 | Көмүр казуу өнөр жайы (жер астындагы, ачык) (керектүүсүнүн астын сызуу керек) |
|
Б6 | Газ бөлүштүрүү жана газ пайдалануу объектилери |
|
Б7 | Басым менен иштөөчү жабдуу |
|
Б8 | Көтөрүүчү курулмалар |
|
Б9 | Кооптуу заттарды ташуу |
|
Б10 | Өсүмдүк чийки заттарын сактоочу кайра иштетүүчү жарылууга кооптуу объектилер |
|
Б11 | Жардыруу иштери |
|
б) Ишканалардагы аттестациялык комиссиялардагы аттестация тууралуу күбөлүк
|
|
| |||||||||||
| (ишкананын аталышы)
|
| |||||||||||
КҮБӨЛҮК№ _____ | |||||||||||||
Берилди |
|
| |||||||||||
| (Фамилиясы) |
| |||||||||||
|
|
| |||||||||||
| (Аты) |
| |||||||||||
|
|
| |||||||||||
| (Атасынын аты) |
| |||||||||||
Иштеген жери |
|
| |||||||||||
Кызматы |
|
| |||||||||||
ал аттестациялык комиссияда аттестациядан өткөндүгү жөнүндө ________________________________________________________________
| |||||||||||||
Протоколдун датасы |
| № |
|
| |||||||||
Чейин жарактуу |
|
| |||||||||||
Төрага |
|
| |||||||||||
М.О. |
|
|
|
| |||||||||
| (колу) |
| (Ф.А.Аа.) |
| |||||||||
|
|
| |||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Арткы бети (керектүү аттестациялык жааттын тушундагы оң жактагы талаага V белгиси коюлат)
Аттестацииялык жааттар
А | Өнөр жай коопсуздугунун жалпы талаптары |
|
Б | Өнөр жай коопсуздугунун атайын талаптары |
|
Б1
| Химиялык, мунай-химиялык жана мунайзат иштетүү өнөр жайы |
|
Б2 | Мунайзат жана газ өнөр жайы |
|
Б3 | Металлургия өнөр жайы |
|
Б4
| Тоо-кен өнөр жайы (жер астындагы, ачык) (керектүүсүнүн астын сызуу керек) |
|
Б5 | Көмүр казуу өнөр жайы (жер астындагы, ачык) (керектүүсүнүн астын сызуу керек) |
|
Б6 | Газ бөлүштүрүү жана газ пайдалануу объектилери |
|
Б7 | Басым менен иштөөчү жабдуу |
|
Б8 | Көтөрүүчү курулмалар |
|
Б9 | Кооптуу заттарды ташуу |
|
Б10 | Өсүмдүк чийки заттарын сактоочу жана кайра иштетүүчү жарылууга кооптуу объектилер |
|
Б11 | Жардыруу иштери |
|
Өнөр жай коопсуздугу жаатында ишканалардын адистерин даярдоо жана аттестациялоо иштерин уюштуруу жөнүндөгү жобого 3-тиркеме
Көзөмөлдөнүүчү ишкананын кайрылуусунун формасы
Аттестациялоого жолдонот:
| 1. | Фамилиясы, аты, атасынын аты |
|
|
| |
| 2. | Туулган датасы |
|
| ||
| 3. | Өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтин көрсөтмөлөрү |
|
| ||
| 4. | Ээлеген кызматы |
|
| ||
| 5. | Ишкананын аталышы |
|
| ||
| 6. | Ишкананын штаттык саны |
|
| ||
| 7. | Ишкананын дареги |
|
| ||
| 8. | Ишкананын ИСН |
|
| ||
| 9. | Телефон, факс, e-mail |
|
| ||
| 10. | Аттестациялоонун себеби (алгачкы, мезгилдүү,кезексиз) |
|
| ||
| 11.
| Аттестациялануучунун билими (качан жана кайсы окуу жайларын бүтүргөн, диплом боюнча адистиги жана квалификациясы, дипломунун номери) кадрлар бөлүмү күбөлөндүргөн билими жөнүндөгү документтердин көчүрмөсү |
|
| ||
| 12.
| Мурунку аттестация (лар) жөнүндөгү маалыматтар |
|
| ||
| 13. | Аттестациялоо жааттары | А | Б.1...Б.11 |
| |
|
|
|
|
|
| |
Өнөр жай коопсуздугу жаатында ишканалардын жумушчуларын окутуу жана алардын билимин текшерүүнү уюштуруу жөнүндөгү
жобо
1. Жалпы жоболор
1. Өнөр жай коопсуздугу жаатында ишканалардын жумушчуларын окутуу жана алардын билимин текшерүүнү уюштуруу жөнүндөгү ушул жободо (мындан ары – Жобо), кооптуу өндүрүштүк объектилерди (мындан ары – объектилер) долбоорлоо, куруу, иштетүү, реконструкциялоо, капиталдык оңдоп түзөтүү, техникалык жаңылап куралдандыруу, консервациялоо жана жок кылуу, ошондой эле, аларда колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдү (машиналар жана жабдуулар) жасоо, курап чогултуу, ишке салуу, тейлөө жана оңдоп түзөтүү, кооптуу заттарды ташуу жумуштарын аткаруучу мекемелердин (ал ишканалардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчик түрүнө карабай) негизги кесиптеги жумушчуларын өндүрүштүк өндүрүштүк коопсуздук маселелери боюнча окутуу жана билимин текшерүү иштерин уюштуруу убагында эске алынуучу талаптар көрсөтүлгөн
2. Эгерде, негизги кесиптеги жумушчулардын кээ бир категориялары үчүн, нормативдик укуктук актылар аркылуу, коопсуздук боюнча окутуу жана билимин текшерүүгө кошумча талаптар коюлган болсо, анда да, ошол нормативдик укуктук актыларда эсепке алынган талаптар колдонулат.
3. Өнөр жай коопсуздугу жаатында негизги кесиптердеги жумушчулардын билимин текшерүү, квалификациялык көлөмдө, ошондой эле, өндүрүштүк нускамалардын жана/же ал кесипчилик үчүн нускамалардын көлөмүндө жүргүзүлөт.
4. Өз убагында жана сапаттуу окутуу жана билимин текшерүүнү уюштуруу үчүн жоопкер болуп, жалпы ишкана үчүн ишкананын жетекчиси, ал эми, ишкананын бөлүмдөрүндө – бөлүмдүн жетекчиси эсептелет.
2. Негизги кесиптеги жумушчуларды кесиптик окутуу
5. Негизги кесиптеги жумушчуларды кесиптик окутуу, төмөндөгүлөрдү камтыйт:
- жаңы алынган жумушчуларды даярдоо;
- жумушчуларды даярдоо (кайра даярдоо);
- жумушчуларды экинчи (чектеш) кесипке окутуу;
- жумушчулардын квалификациясын жогорулатуу.
Негизги кесиптеги жумушка жаңыдан кабыл алынгандарды даярдоо, билим берүү ишкерлиги боюнча укуктук лицензиясына жараша кесиптик даярдоо, кошумча кесиптик билим берүү, баштапкы кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу ишканаларда (мекемелерде) жүргүзүлөт.
Негизги кесиптеги жумушчулар үчүн кесиптик окутуу программалын, конкреттүү кесиптин ар бир разряды үчүн квалификациялык талаптарга жараша жана бекитилген окуу мөөнөтү менен, бул программаларды ишке ашыруучу ишканалар (мекемелер) иштеп чыгышат. Кесиптик окутуу программалары, теоретикалык жана өндүрүштүк окутууну камтыйт.
6. Кесиптик окутуу программалары, аткаруу бийлигинин атайын уруксат берүү функциялары бар жана өнөр жай коопсуздугу жаатында мамлекеттик саясатты жана нормативдик-укуктук жөнгө салууну ишке ашыруучу органы (мындан ары – ыйгарымдуу орган) менен макулдашылат. Окутуу программалары ыйгарымдуу орган менен макулдашылуучу негизги кесиптердин тизмеси, ошол орган тараптан бекитилет.
7. Негизги кесиптер боюча жаңы кабыл алынган жумушчуларды жекече теориялык даярдоого жол берилбейт. Теориялык жана өндүрүштүк окутуу, окуучу тайпада өткөрүлөт.
8. Өндүрүштүк окутуу, окутулуучулардын практикалык ыкмаларын сапаттуу көнүктүрүүнү камсыз кылуучу окуу-материалдык базада (окуу лабораториялар, өнөрканалар, бөлүмдөр, цехтер, тренажерлор, полигондор ж.б.). Өндүрүштүк окутуу, окутуучунун, өндүрүштүк окутуунун чеберинин жетекчилиги астында жүргүзүлөт.
9. Окутуу аяктагандан кийин, окутулуучулардын теориялык билимин жана практикалык ыкмаларын текшерүү боюнча жыйынтыктоочу сынак өткөрүлөт. Сынактын жыйынтыктары боюнча, квалификациялык комиссиянын протоколунун негизинде, окутулуучуга квалификация (кесип), разряд ыйгарылат жана күбөлүк берилет. Окутуудан өткөн жана объектиде конкреттүү жумуштарды жасоо боюнча сынактарды бекитилген тартипте тапшыргандарга, күбөлүктөн тышкары, ал жумуштарды жасоого жол берүүчү да күбөлүк берилет. Квалификациялык комиссия, окутууну жүргүзүүчү ишкананын жетекчисинин буйругу менен түзүлөт. Квалификациялык комиссиянын курамына, макулдашуу менен, аткаруу бийлигинин, өнөр жай коопсуздугу жаатында текшерүүчү жана көзөмөлдөөчү функциялары бар жана өнөр жай коопсуздугу жаатында мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүчү органынын (мындан ары – ыйгарымдуу текшерүүчү орган) өкүлдөрү киргизилет. Квалификациялык комиссиянын курамына, окутууну жүргүзгүндөр киргизилбейт.
Жумушчу адистиктеринде иштеген жогорку жана атайын орто билими бар адистерге, теориялык окуу курсу үчүн, диплом менен ырасталган теориялык курсунун, жаңы кабыл алынган жумушчуларды даярдоо программасынын алкагындагысы эсептелет, ал эми, практикалык курсу үчүн – жумушчу орундагы үйрөнүү мезгили.
10. Негизги кесип боюнча жумушчуларды кайра даярдоо (кайра даярдоо), бар кесиптери боюнча иштетүүгө мүмкүн болбой бош калган жумушчуларды, ошондой эле, кесибин алмаштырууну каалагандарды жаңы кесиптерге ээ кылуу максаттарында уюштурулат.
11. Жумушчуларды экинчи (чектеш) кесиптерге окутуу, баштапкы, же, жогорураак деңгээлдеги квалификациялуу кесиптерди өздөштүрүү максаттарында уюштурулат.
12. Негизги кесиптер боюнча жаңы кабыл алынган жумушчуларды даярдоодо колдонулуучу окутуу тартиби, кайра даярдоого (кайра окутууга), ошондой эле, жумушчуларды экинчи (чектеш) кесиптерге окутууга да таркатылат. Жумушчуларды кайра даярдоо (кайра окутуу), ошондой эле, экинчи (чектеш) кесипке окутуу боюнча окуу программаларын, жаңы кабыл алынган жумушчуларды даярдоо программаларына ылайык, ушул Жобонун 5 – пунктунда көрсөтүлгөн ишканалар иштеп чыгышат жана бекитишет. Жумушчуларды кайра даярдоо (кайра окутуу), ошондой эле, экинчи (чектеш) кесипке окутуу боюнча окуу программаларын өздөштүрүү мөөнөттөрү кыскартылышы мүмкүн, бирок, жаңы кабыл алынган жумушчуларды даярдоо мөөнөтүнүн жарымынан көп эмес убакытка.
13. Жумушчулардын квалификациясын жогорулатуу, алардын азыркы кесиптери боюнча кесиптик билимдерин, жөндөмдөрүн, ыкмаларын дасыктандырууга, кесиптик чеберчилигин өстүрүүгө багытталат. Квалификацияны жогорулатуу, билим берүү ишкерлигине укуктук лицензиясына жараша, билим берүү мекемелеринде жүргүзүлөт.
14. Жумушчуларды кесиптик окутуу, адистер (окутуучулар, өндүрүштүк окутуунун чеберлери) тарабынан жүргүзүлөт. Окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуунун чеберлеринин, педагогиканын негиздери боюнча билимдери, адистикке тиешелүү билими жана практикалык тажрыйбасы болушу керек, ишканалардын адистерин даярдоо жана аттестациялоо иштерин уюштуруу жөнүндөгү Жобого ылайык, тиешелүү адистик (окута турган сабагы) боюнча аттестациядан өткөн болушу керек.
3. Коопсуздук боюнча нускамалык тааныштыруу, ишке көнүгүү, өз алдынча иштөөгө жол берүү, билимин текшерүү
15. Объектиде өз алдынча иштөөгө жол берээрдин алдында, жумушчулар коопсуздук боюнча нускамалык тааныштыруудан жана жумуш орунундагы ишке көнүгүүдөн өтүшөт.
16. Мүнөзү жана өткөрүү мөөнөтү боюнча, коопсуздук боюнча нускамалык тааныштыруу төмөндөгүдөй бөлүнөт:
- кириш;
- алгачкы;
- кайталануучу;
- кезексиз;
- максаттуу.
Коопсуздук боюнча нускамалык тааныштыруу программаларын иштеп чыгуу, алардын жыйынтыктарын калыптап жазуу, ишкана бекиткен тартипте жүргүзүлөт.
17. Коопсуздук боюнча кириш нускамалык тааныштыруу, бардык жаңы кабыл алынган жумушчулар менен, алардын тиешелүү кесип боюнча эмгектенген убактысына карабастан, убактылуу жумушчулар, эмгек сапарындагылар, окутууга, же, өндүрүштүк практикага келген окуучулар жана студенттер менен өткөрүлөт. Кириш нускамалык тааныштырууну, ишкананын буйругу менен ал милдеттер жүктөлгөн кызматкер өткөрөт. Кириш нускамалык тааныштыруунун кээ бир бөлүмдөрү боюнча өткөрүүгө тиешелүү адистер чакырылышы мүмкүн. Кириш нускамалык тааныштыруу, атайын жабдылган бөлмөдө, заманбап техникалык каражаттарды жана көгөзмө куралдарды пайдалануу менен өткөрүлөт
18. Коопсуздук боюнча жумушчулар менен жумуш ордундагы алгачкы нускамалык тааныштыруу, алардын өндүрүштүк ишкерлигинин башталышына чейин өткөрүлөт. Жабдууларды тейлөөгө, сыноого, ишке салууга жана оңдоп-түзөтүүгө, курал-жарактарды пайдаланууга, чийки заттарды жана материалдарды сактоого жана колдонууга байланышы жок жумушчулар жумуш ордундагы алгачкы нускамалык тааныштыруудан өтүшпөйт. Жумуш ордундагы алгачкы нускамалык тааныштыруу, ар бири менен жекече, коопсуз иштөө ыкмаларын көрсөтүү менен өткөрүлөт. Жумуш ордундагы алгачкы нускамалык тааныштыруу, бир түрдөгү жабдууларды тейлегендер менен бир тайпада, жалпы жумуш ордунун алкагында өткөрүлүшү мүмкүн.
19. Коопсуздук боюнча жумуш ордундагы алгачкы нускамалык тааныштыруудан кийин, бардык жумушчулар конкреттүү жумуш ордунда, ишканадагы буйрук менен дайындалган тажрыйбалуу ишчилердин жетекчилиги астында, жумуш ордундагы ишке көнүгүүдөн өтүшөт. Ошол эле буйрук менен жумуш ордунда ишке көнүгүү мөөнөтүнүн узактыгы (эки алмашуудан кем эмес) аныкталат.
20. Жумуш ордундагы коопсуздук боюнча кайталануучу нускамалык тааныштыруу, жарым жылдыкта бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
21. Коопсуздук боюнча кезексиз нускамалык тааныштыруу:
- коопсуздукка таасир этүүчү, технологиялык процесстин өзгөрүүсүндө, жабдууну алмаштырууда, же, модернизациялоодо;
- коопсуздук талаптары бузулган учурларда;
- 30 календардык күндөн ашык иштебей калганда;
- ыйгарымдуу текшерүүчү органдын кызматкерлеринин, өзүнүн кызмат милдеттерин аткаруу учурундагы көрсөтмөлөрү боюнча – өткөрүлөт.
22. Жумуш ордундагы коопсуздук боюнча алгачкы нускамалык тааныштырууну, ошондой эле, кайталануучу жана кезексиз коопсуздук боюнча нускамалык тааныштырууну, жумуштардын түздөн-түз жетекчиси өткөрөт. Жумуш ордундагы коопсуздук боюнча нускамалык тааныштыруу, билимин ооз эки, же, техникалык каражаттардын жардамы менен текшерүү менен, ошондой эле, иштөөнүн коопсуз жолдору боюнча үйрөнгөн ыкмаларын текшерүү менен аяктайт. Билимин текшерүүнү, нускамалык тааныштырууну өткөргөн кызматкер жүргүзөт. Канааттандырарлык эмес билим көрсөткөндөр, нускамалык тааныштырууну өткөргөн кызматкер койгон мөөнөттөрдө, кайрадан өтүшөт.
23. Ушул Жобонун 2-пунктунда көрсөтүлгөн ишканаларда, аларда орнотулган тартипте, өндүрүштүк нускамалар жана/же конкреттүү кесиптер үчүн нускамалар иштелип чыгат жана бекитилет. Айтылган нускамалар жумуш орундарында болот жана ал нускамаларды билүүгө милдеттүү болгон жумушчуларга колдорун койуу аркылуу берилет. Өз алдынча иштөөгө уруксат берүү алдында, коопсуздук боюнча нускамалык тааныштыруудан өткөндөн кийин, жумушчулар нускамаларды билүүсү боюнча текшерүүдөн өтүшөт.
Билимин текшерүү ишкананын, же, ишкананын бөлүмүнүн комиссиясында жүргүзүлөт. Комиссиянын курамы ишкананын буйругу менен түзүлөт. Билимин текшерүүнүн жыйынтыктары протокол менен калыптап жазылат.
Жумушчулар, 12 ай ичинде бир жолудан кем эмес мезгилдүү түрдө, өндүрүштүк нускамалар жана/же конкреттүү кесип үчүн нускамалар боюнча билимин текшерүүдөн өтүшөт.
Билимин текшерүүдөн алдын, сабактар, лекциялар, семинарлар, консультациялар уюштурулат.
Кезексиз билимин текшерүү:
- башка ишканага которулганда;
- өндүрүштүк нускамаларга жана/же конкреттүү кесиптер үчүн нускамаларга өзгөртүүлөр киргизилген учурларда;
- ыйгарымдуу текшерүүчү органдын кызматкеринин өз кызматтык милдеттерин аткаруу убагында, нускамаларды жетишээрлик билбеген учурлар аныкталганда берген көрсөтмөсү боюнча – жүргүзүлөт.
Кесиби боюнча 12 айдан ашык иштебей калган учурда, жумушчулар, өз алдынча иштөөгө уруксат берилээрден алдын, практикалык жөндөмдөрүн кайтарып алуу үчүн, жумуш ордунда ишке көнүгүүдөн өтүшөт.
24. Максаттуу нускамалык тааныштыруу, бир жолку жумуштарды аткарууда, авариялардын, табигый кырсыктардын кесепеттерин жойуу учурларында, наряд-уруксат, уруксат же башка документтер жазылышы керек болгон жумуштарды аткарууда, ошондой эле, ишканада массалык иш-чараларды өткөзүү учурларында жүргүзүлөт.
25. Өз алдынча иштөөгө уруксат, ишканагы буйрук менен жазып берилет.