Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 24-мартындагы № 39-нпа буйругу менен бекитилген |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ
Курулуштагы ченемдик документтер тутуму
ШААРЛАРДЫ ЖАНА ШААР ТИБИНДЕГИ КАЛКТУУ ПУНКТТАРДЫ
ПЛАНДАШТЫРУУ ЖАНА КУРУУ
ПЛАНИРОВКА И ЗАСТРОЙКА
ГОРОДОВ И НАСЕЛЕННЫХ ПУНКТОВ ГОРОДСКОГО ТИПА
Planning and building
cities and popular points of city type
Киргизүү датасы_____________
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 23-ноябрындагы № 58-нпа, 2024-жылдын 12-январындагы № 65-нпа, 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа, Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай - коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 18-сентябрындагы № 96-чуа , 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 101-чуа буйруктарынын редакцияларына ылайык)
1 Жалпы жоболор
1.1 Ушул курулуш ченемдери шаардык калктуу конуштардын жаңыларын долбоорлоого жана мурункуларын кайра калыбына келтирүүгө жайылтылат жана өз ичине Кыргыз Республикасынын аймагындагы шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу конуштарды пландоо жана куруу боюнча суроолордун тартибинин жана негиздеринин негизги талаптарын камтыйт.
1.2 1994-жылдын 11-январындагы № 1372-XII “Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектурасы жөнүндө”, 1991-жылдын 21-декабрындагы № 689-XII “Кыргыз Республикасындагы жеке турак жай курулушу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле архитектура, шаар куруу жана курулуш тармагындагы мыйзам актылары, шаар куруу, курулуш боюнча курулуш ченемдери жана эрежелери, стандарттар, нускамалар, көрсөтмөлөр жана башка шаар куруу чөйрөсүнө тиешелүү кабыл алынуучу актылар ушул курулуш ченемдеринин курамдык бөлүктөрү болуп саналат жана аны менен чогуу колдонулат.
1.3 Шаарлардын жана шаар тибиндеги калктуу конуштардын жаңы курулушу жана мурункуларын кайрадан калыбына келтирүү башкы пландарга, аймактарды пландоо жана куруу долбоорлоруна ылайык бекитилген, белгиленген тартипте жүргүзүлүүгө тийиш.
2 Курулуш ченемдерин колдонуу чөйрөсү
2.1 Ушул ченемдер жаңы жана калыбына келтирилүүчү шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу конуштарды долбоорлоого жайылтылат жана аларды пландоонун жана куруунун негизги талаптарын камтыйт.
2.2 Шаар тибиндеги калктуу конуштарды (жумушчу, курорттук) долбоорлоо кичине шаарлар үчүн белгиленген ченемдер боюнча, ошондой эле эсептик сандагы калкы менен долбоорлоонуусу керек.
3 Ушул курулуш ченеминде пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Бул документте тиешелүү аныктамалары менен төмөнкү терминдер колдонулат:
3.1 архитектуралык документтер (архитектуралык долбоор): Курулуш объектисинин документтерин андан ары иштеп чыгуу үчүн керек боло турган көлөмдө объектиге коюлуучу социалдык, экономикалык, функционалдык, инженердик, техникалык, өрткө каршы, санитардык-техникалык, экологиялык, архитектуралык-көркөм жана башка талаптарды комплекстүү түрдө эсепке алган, архитектуралык чечимдерди камтыган долбоордук документтин бөлүгү;
3.2. калктуу конуштардын башкы планы: Калктуу конуштардын аймактарынын өнүгүүсүн, келечектүү шаар курууну пландоо жөнүндө шаар куруу документи;
3.3. объектинин башкы планы: Объектинин (имараттын, курулманын, комплекстин) курулушунун аймактагы (жер тилкесиндеги) жайгашышын, транспорттук коммуникациялардын, инженердик тарамдардын тартылышын, комплекстүү абаттоону, жашылдандырууну, чарбалык тейлөөнү уюштурууну жана башка долбоорлонуучу объектинин жайгашуу орду менен байланышкан иш чараларды комплекстүү чечүү маселелерин камтыган долбоордун бөлүгү;
3.4. башкы долбоорчу: Инвестор же тапшырык берүүчү менен түзүлгөн келишимдин негизинде долбоордук документтин айрым бөлүмдөрү боюнча субподрядчыларды жана адистерди тартуу менен долбоордук документти иштеп чыгуучу, долбоордук (долбоордук-изилдөөчү) ишмердиктин түрү боюнча уруксаттамага ээ болгон долбоордук уюм;
3.5. шаардык агломерация: Шаар-борбор менен ургаалдуу өндүрүштүк, эмгектик, маданий-тиричилик жана рекреациялык байланыштары аркылуу бир бүтүнгө бириккен калктуу конуштардын (негизинен шаардык) мейкиндиктеги чакан тобу;
3.6. шаардын, кыштактардын чеги, калктуу конуштардын чеги: шаардын жана башка калктуу конуштардын жерлерин жердин башка категорияларынан жана жер фондуларынан бөлүп туруучу сырткы чек арасы;
3.7. мамлекеттик шаар куруу кадастры: Колдонуунун социалдык-укуктук шарттарынын белгилери, имараттардын жана курулмалардын архитектуралык-пландаштыруу параметрлери, инженердик-техникалык жабдуунун деңгээли, ресурстук камсыздоо жана айлана чөйрөнүн абалынын белгилери боюнча шаар курууну жөндөө аймагын мүнөздөөчү картографиялык, статистикалык жана тексттик маалыматты камтыган сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдүн бирдиктүү тутуму;
3.8. мамлекеттик ченемдер (мамлекеттик ченемдик документтер): Адамдын жашоо тиричилигин жана башка жашоо шарттарынын жагымдуу коопсуздугун камсыз кылууга сөзсүз керек жана башка милдеттүү талаптардын, шарттардын, чектөөлөрдүн, ченемдик укуктук актылардын, шаар куруу жана техникалык регламенттердин, ченемдик-техникалык документтердин тутуму;
3.9. меймандык унаа токтоочу жайлар (паркингдер): Келген меймандардын жеңил автомобилдерин убактылуу токтотууга арналган ачык аянттар;
3.10. шаар куруу: Коомдук-экономикалык, курулуш-техникалык, архитектуралык-көркөм, санитардык-гигиеналык жана экологиялык татаал комплекстүү көйгөйлөрдү чечүүнү камтыган жана монотондуу типтүү курулуштан качууга багытталган, өлкөнүн улуттук өзгөчөлүгүн эске алуу менен мурунку курулуштарды илимий негизде кайра курууга, анын ичинде кооптуу өндүрүш объектилерин, суу тогоондорун жана курулмаларын, почта жана электр байланыштарынын объектилерин, электр чордондорун жана көмөк чордондорду, ушул сыяктуу башка түрдөгү имараттарды жана курулмаларды долбоорлоого жана курууга багытталган калктуу конуштарды жана өзүнчө аймактарды пландоо жана куруу чөйрөсүндөгү юридикалык, жеке жактардын ишмердиги;
3.11. аймактын шаар куруу сыйымдуулугу: Шаардын пландалуучу түзүмүндөгү аймактын ролуна жана ордуна ылайык келген курулуштун көлөмү;
3.12. шаар куруу долбоорлору: Аймактарды (калктуу конуштарды) жана түйүндөрдү же алардын бөлүктөрүн комплекстүү аймактык шаар курууну пландоону, уюштурууну, өнүктүрүүнү, курууну камтыган долбоорлор;
3.13. шаар куруу документтери: Райондук пландоонун долбоорлору, башкы пландар, деталдык пландоонун долбоорлору, чек салуу, кварталдардын, шаар куруу түйүндөрүнүн жана калктуу конуштардын пландоо курамынын башка элементтеринин документи;
3.14. аймактарды шаар курууга баалоо: Аймакты баалуулугу боюнча баалоо жана чөлкөмдөө жыйынтыгы катары саналган комплекстүү, көп факторлуу талдоо;
3.15. шаар курууну (укуктук) чөлкөмдөө: Аймактык чөлкөмдөрдүн чек араларын жана мындай чөлкөмдөрдүн чегинде капиталдык курулуш объектилерин, жер тилкелерин пайдалануунун шаар куруу регламенттерин тактоо максатында калктуу конуштардын аймактарын чөлкөмдөө; шаардын айрым бөлүктөрүн функционалдык пайдаланууга (функционалдык чөлкөмдөө), курууга (курулуштук чөлкөмдөө) жана ландшафты уюштурууга милдеттүү талаптарды, чектөөлөрдү аныктоо;
3.16. шаар куруу регламенти: Аймактарды жана башка кыймылсыз мүлк объектилерин пайдалануунун шарттамдары, уруксаттамалары, чектөөлөрү (убаракерчилик, тыюу салуу жана сервитуттарды кошкондо), ошондой эле мыйзам чегинде аныкталган алардын абалдарынын мүмкүн болгон өзгөрүүлөрү;
3.17. шаар куруу ресурстары: Жер, кен байлыктары, суу, аба мейкиндиги, энергетикалык, эмгек, инвестициялык жана башка ресурстар, ошондой эле адам баласынын жашоосун, ишмердигин калыптандыруунун ажырагыс компоненттери болгон калктуу конуштардын аймактары жана алардын тутуму;
3.18. турак жай, аралаш турак жай курулушунун тобу: Турак жайлардын, аралаш турак жайлардын жер тилкелери жана жалпы колдонулууга жаткан аймактар: квартал же кварталдын бөлүгү катары калыптандырылуучу жашылдандырылган аймактар (скверлер, бульварлар), күнүгө жана мезгилдүү колдонулуучу объектилер, бала бакчалары, унаа коюучу жайлар, өтмөлөр, унаа токтоочу жайлар жана башкалар;
3.19. турак жай курулушу (турак жай аймактары): Селитебдик аймак, тиричилик чөйрөсүн уюштуруу үчүн калыптанган жана турак жай фондун түзүүчү, шаар курууну пландоо объектилеринин төмөнкү түрлөрүндө калыптануучу, заманбап социалдык, гигиеналык жана шаар куруу талаптарына жооп берген турак жай чөйрөсүн уюштуруу үчүн аймак:
1) коомдук чөлкөмдөрдүн, турак жай топторунун жана кичи райондордун курамдарындагы турак жай, аралаш турак жай курулушу;
2) коомдук чөлкөмдөрдүн, кичи райондордун, кварталдардын курамындагы же комплекстер жана башка функционалдык дайындалыштагы чөлкөмдөр менен жанаша автономдуу түрдө жайгашкан турак жай, аралаш турак жай курулушу;
3) турак жай райондорунун курамындагы же комплекстер жана башка функционалдык дайындалыштагы чөлкөмдөр менен жанаша автономдуу түрдө жайгашкан кичи райондор;
4) турак жай райондору;
3.20. турак жай району: Аянты 60 га дан ашкан аймак. Турак жай райондун калкы өзүнүн аймагынын чегинде, күнүмдүк жана мезгилдүү тейлөөчү объектилердин комплекси менен камсыз болот;
3.21. долбоорлоого тапшырма: Пландаштыруучу, архитектуралык, инженердик жана технологиялык чечимдерге жана шаар куруу объектилеринин касиеттерине, анын негизги параметрлерине, курулушунун наркына жана уюштурулушуна негизделген талаптар камтылуучу жана шаар куруу шарттарына жана чектөөлөрүнө ылайык түзүлүүчү документ;
3.22. жашыл сызык: Башка чөлкөмдөрдөн (турак жай, өнөр жай), ошондой эле көчөлөрдү жана жолдорду жалпы пайдалануудагы өсүмдүктөрдөн (сейилбактар, бактар, скверлер, бак көчөлөр, жашылдандырылган жээк жолдор) жана атайын багыттагы өсүмдүктөрдөн (питомниктер, коргоочу токой тилкелери ж.б.) бөлүп туруучу чек ара;
3.23. инженердик-техникалык, унаалык жана социалдык инфраструктура: Калктуу конуштардын жана конуш аралык аймактардын туруктуу өнүгүүсүн, жашоо шартын камсыз кылуучу унаанын, байланыштын, энергетиканын, суу чарбасынын, ирригациялык тарамдардын, инженердик жабдуулардын курулмаларынын жана коммуникацияларынын, ошондой эле калкты социалдык жана маданий-тиричилик жактан тейлөөчү объектилердин комплекси;
3.24. курулуш үчүн инженердик изилдөөлөр: Райондун, аянттын, жер тилкесинин, долбоорлонуучу курулуш трассасынын жаратылыш шарттарын комплекстүү изилдөө үчүн жүргүзүлгөн, жергиликтүү курулуш материалдарынын жана суу менен камсыздоочу булактардын, жаратылышты коргоону жана рационалдуу колдонууну эске алуу менен объектилерди куруу жана долбоорлоодо техникалык жактан негиздүү жана экономикалык жактан максаттуу чечимдердин матриалдарын камтыган жумуштар;
3.25. аймакты пайдалануунун ургаалдуулугу (курулуштун ургаалдуулугу): Кварталдын (кичи райондун) ченемдик өлчөмү менен туюнтулган курулуштун жыштыгынын, аймактын курулуу пайызы жана көчө-жол тарамынын жыштыгынын көрсөткүчтөрү менен мүнөздөлгөн шаардын, калктуу конуштун башкы планынын курамында иштелип чыккан көчө-жол тарамынын жана жалпы шаардык борборлордун схемаларына ылайык шаардын, калктуу конуштун түзүмүндөгү аймактын көрсөткүчү;
3.26. квартал: Магистралдык жана турак жай көчөлөрүнүн, жолдордун кызыл сызыктары, ошондой эле шаар курууну жөндөөнүн башка регламенттери менен чектелген, аянты 10 га чейинки, шаарды, калктуу конуштарды пландоо курамынын негизги элементи;
3.27. шаар куруу кадастрынын маалыматтык курамынын компоненттери: Шаар куруу кадастрынын маалыматтык ресурстары жана маалыматтык технологиялары (программалык, техникалык, лингвистикалык, укуктук, уюштуруучулук каражаттары);
3.28. кызыл сызыктар: Пландаштырылуучу түзүмдүн кварталдарынын, кичи райондорунун жана башка элементтеринин аймактарын калктуу конуштардагы көчөлөрдөн, жолдордон жана аянттардан бөлүп туруучу чек аралар;
3.29. аймакты комплекстүү абаттоо: Тигил же бул аймакты курулуш үчүн жарактуу жана багыты боюнча ченемдүү пайдалануу, калк үчүн таза, ыңгайлуу, коопсуз жана маданий шарттарга келтирүү максатында жүргүзүлө турган курулуучу аймакты инженердик даярдоо жана жолдорду салуу боюнча; суу менен камсыздоонун, суу агындылоонун, энергия жана газ менен камсыздоонун, байланыштын, ирригациялык, нөшөрлүк жана башка коммуникациялык курулмаларды жана тарамдарды өнүктүрүү боюнча; аймакты жыйноо, кургатуу жана жашылдандыруу, санитардык тазалоо боюнча; микроклиматты жакшыртуу, аба мейкиндигин, ачык суу кыртыштарын булгануудан коргоо, ызы-чуунун деңгээлин төмөндөтүү жана башкалар боюнча жүргүзүлүүчү жумуштардын жана иш чаралардын жыйындысы;
3.30. курулушту жөнгө салуу сызыктары (курулуштун сызыктары): Имараттарды, курулуштарды жана курулмаларды жайгаштырууда кызыл сызыктардан же жер тилкелеринин чек араларынан (же кызыл сызык менен дал келишкен) чегинүү менен аныкталган жана долбоорлонуучу имараттардын, курулуштардын жана курулмалардын сырткы контурларынын жайгашышын көрсөтүп туруучу курулуштун сызыктары, ошондой эле көчөнү бойлото имараттардын жана курулмалардын курулушун чектөөчү сызыктар;
3.31. чек коюу: Чек коюу долбоорлорун, кыймылсыз мүлк катары калыптанган жана кайра калыбына келтирилген жер тилкелеринин чек араларын өзгөртүү жана бекитүү, калыбына келтирүү, белгилөө боюнча шаар куруу жана жерге жайгаштыруу иштеринин комплекси;
3.32. конуш аралык аймактар: Калктуу конуштардын чек араларынан (чектеринен) сырткаркы аймактар;
3.33. кичи район: Жалпы аянты 60 гектарга жана калкынын эсептик саны 50 миң кишиге чейин болгон, өзүнүн аймагынын чегинде күнүмдүк тейлөө объектилери жана ченемдик жеткиликтүүлүк чегинде мезгилдүү тейлөө объектиилери менен камсыз болгон аймак;
3.34. шаар куруу объектилерине байкоо жүргүзүү: Шаар куруу ишмердигинин объектилеринин абалына, пайдалануусуна жана өзгөрүүсүнө жүргүзүлгөн байкоолордун тутуму;
3.35. ченемдик-техникалык документ: Белгилүү бир ишмердиктин түрлөрүнө эрежелерди, жалпы принциптерди же мүнөздөмөлөрдү аныктаган же алардын жыйынтыктарына тиешеси бар жана керектөөчүлөрдүн кеңири чөйрөсүнө жеткиликтүү документ;
3.36. коомдук аймактар: Бийликтин органдарынын, өкүлчүлүктөрдүн жана элчиликтердин; илим-изилдөө жана долбоордук-конструктордук уюмдардын; маданий, билим берүү (жогорку жана орто кесиптик окуу жайлары, мектептер, мектепке чейинки жана мектептен сырткаркы билим берүү уюмдары); дин уюмдарынын; соода, тейлөө; спорт, эс алуу; саламаттык сактоо; мейманкана; социалдык кызматтар объектилерин жайгаштырууга дайындалган аймактар;
3.37. тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо чөлкөмү: Тарыхый жана маданий эстеликтерге кирген, жерди колдонуунун катуу тартибиндеги коргоо чөлкөмүнүн долбоору менен аныкталган, тарыхый жана маданий эстеликтердин сакталуусун бузууга алып келүүчү иштердин түрлөрүнө, ошондой эле анын кабыл алуу шарттарын жана баалуу шаар куруу айланасынын салттуу параметрлерин бузууга тыюу салуучу аймак;
3.38. турак жай курулушунун жыштыгы: Жер тилкесинин (кварталдын) аянтынын бир бирдигине туура келген имараттардын жана курулмалардын жер үстүндөгү курулушунун сырткы дубалдарынын тыш өлчөмдөрү менен алгандагы кабаттардын суммардык аянты (миң чарчы метр менен);
3.39. түпкүлүгү кооптуу объектилер: Башка объектилердин туруктуу иштөөсүнө кооптуу, техногендик жана экологиялык кырсыктардын пайда болуусуна, ошондой эле сөзсүз экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык, мамлекеттик баа берүүнү жүргүзүүнү талап кылган өрт жана жарылуу боюнча талаптарды аткаруу керек бологон объектилер;
3.40. укуктук шаар курууну чөлкөмдөө: Калктуу конуштардын жана шаарлардын курулушу жана жер пайдалануу эрежелеринде жазылган, аймактарды куруу жана шаар курууну пландоонун өнүгүү долбоолорунун курамында же негизинде аткарылган долбоордук иштер;
3.41. шаар жана айыл калктуу конуштардын курулушунун жана жер пайдалануусунун эрежелери (мындан ары-куруу жана жерди пайдалануу эрежелери): Шаар куруу регламентин киргизүү аркылуу кыймылсыз мүлк объектилеринин курулушуна өзгөтүүлөрдү киргизүүнү жана аны колдонууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар;
3.42. үй алдындагы жер тилкеси (көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы жер тилкелери): Чектери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте аныкталган, үйгө жанаша жайгашан аймакты, жашылдандурууну, ички ирригациялык түйүндөрдү (магистралдык жана түшүүчү каналдарды кошпогондо) жана сырткы жарык берүү түйүндөрүн, чарбалык, балдар жана спорт үчүн аянтчаларды, катуу турмуш-тиричилик калдыктары үчүн жабдылган аянтчаларды жана башка жер тилкелерин кошкон жер тилкеси;
3.43. магистраль жанындагы аймактар: Чек аралары тиешелүү шаар куруу документтери менен аныкталуучу жалпы шаардык маанидеги магистралдык көчөлөргө, унаа коридорлоруна, унаа айрылыш жолдоруна жанаша жайгашкан аймак;
3.44. долбоор алдындагы документ: Шаар куруу жана архитектуралык-курулуш долбоорлорун иштеп чыгууга өбөлгө түзүүчү документтерди иштеп чыгууга керектүү болгон программаларды, отчетторду, курулуштун техникалык-экономикалык негиздемелерин, техникалык-экономикалык эсептөөлөрдү, илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын, инженердик изилдөөлөрдү, технологиялык жана конструктивдик эсептөөлөрдү, эскиздерди, макеттерди, объектилерди ченөө жана текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын, ошондой эле долбоордук документтерди иштеп чыгуу жана андан ары ишке ашыруу жөнүндө чечимдерди кабыл алууга керектүү болгон алгачкы маалыматтарды жана материалдарды камтыган документтер;
3.45. долбоор: Шаар куруу, архитектуралык жана курулуш документтери (чиймелер, графикалык жана текст түрүндөгү материалдар, инженердик жана сметалык эсептөөлөр) формасында берилген, адамдардын жашоосуна жана ишмердигине керектүү болгон шарттарды камсыз кылуу боюнча жеке жана юридикалык жактардын, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көздөмдөрү;
3.46. долбоордук документ: Курулушту, кайра калыбына келтирүүнү же курулуш объекттеринин жана/же алардын бөлүктөрүнүн башка өзгөртүүлөрүн камсыз кылуу үчүн керектүү, архитектуралык, функционалдык, технологиялык, конструктивдик жана инженердик-техникалык чечимдерди аныктоочу графикалык, долбоордук жана тексттик документтердин жыйындысы;
3.45. аймакты пландоо долбоору: Турак жай, өнөр жай, рекреациялык, тарыхый жана башка функционалдык чөлкөмдөрдүн, шаар түйүндөрүнүн, жолдордун, магистралдардын долбоорлору;
3.47. курулуш долбоору: Кварталдардын, кичирайондордун, шаар куруу, архитектуралык, ландшафтык комплекстердин, сейилбактардын, ансаблдардын жана башка калктуу конуштардын пландоо элементтеринин долбоорлору;
3.48. аймакты жашылдандыруу долбоору жана ирригация: Аймакты жашылдандыруу боюнча пландарды камтыган долбоордук документ (дендрологиялык план, отургузуу чиймеси, М1;500, М1;1000 масштабында аткарылган пландоонун бөлгүч чиймелери, жумуштардын көлөмүн жан сметасын эсептөө менен түшүндүрмө кат);
3.49. архитектуралык чыгармачылык, шаар куруу искусствосу: Жеке жактардын кесиптик ишмердүүлүгүндөгү чыгармачылык процесстин жыйынтыгы болгон автордун (авторлордун) автордук укугунун жана интеллектуалдык менчигинин объектиси. Алар шаар куруунун, архитектуралык жана техникалык чечимдердин жогорку денгээлине жеткен, ишке ашырылган накта долбоор (долбоордун бөлүгү), долбоордук документтин, айрым чийме, макет же эскиз түрүндө автордук көздөмдү камтыган архитектуралык объектини же шаар куруу мейкиндигин калыптандырууну түзүүгө багытталган ишмердүүлүк.
3.50. куруу аянты: Сырткы көрүнүшү, бош орундары жана босогосу менен имаратты же курулманы куруу үчүн жер тилкесинин аянты;
3.51. өндүрүш аймактары: Өндүрүштүк-ишкердик (тажрыйбалык участоктору жана өндүрүштөрү менен ИИИ, техникалык тейлөө цехтери менен соода ишканалары, басма-типографиялык бөлүмү менен маалыматтык борборлор), өнөр жай (тамак-аш жана жеңил өнөр жай, алет куруу, машина куруу, курулуш материалдарын өндүрүү), коммуналдык-кампалык (ЖЭМдин (ТЭЦ) аймактары, тазалоочу курулмалар, отканалар, электр чордондору, газ бөлүштүрүүчү түйүндөр, шаардык инженердик инфратүзүмдүн башка курулмалары, кампалык курулмалар, аймактарды механикалык жыйноо үчүн машиналардын турук жайлары, көрүстөндөр), унаа жана инженердик объекттердин жайгашышына арналган аймактар;
3.52. курулуштун эсептик наркы: Айрым жумуштун түрлөрүнө же айрым объектилерге ирилештирилген эсептик наркы боюнча аныкталган курулушка же калыптанган объектилерди өзгөртүүгө инвесторлордун же тапшырык берүүчүлөрдүн толук чыгымдарынын наркы;
3.53. шаар куруу кадастрында документти каттоо: Документти же анын бөлүгүн шаар куруу кадастрынын маалыматтык ресурстарына киргизүүгө жасалган, жыйынтыгында анда камтылган шаар куруу регламенттери шаар куруу ишмердигинин баардык катышуучулары жана жер тилкелеринин, анын үстүндөгү кыймылсыз мүлк объектилеринин ээлери үчүн милдеттүү түрдө аткарылуучу аракет;
3.54. кайра калыбына келтирүү: Имараттардын, курулмалардын көлөмдүк-пландаштыруучу жана конструктивдик чечимдерин (бийиктигин, кабаттардын санын, аянтын, сырткы көрүнүшүн, чөйрө сызыгын), технологиялык жана инженердик жабдууларын, өндүрүштүк кубаттуулуктун көрсөткүчтөрүн, инженердик-техникалык камсыздоонун сапатын жана көлөмүн өзгөртүү;
3.55. рекреациялык аймактар: Шаар токойлорун, токойлуу сейил бактарын, коргоолуучу токой чөлкөмдөрүн, көлмөлөрдү, айыл чарба багытындагы жерлерди жана башка чарба жерлерин камтыган, сейил бактар, бакчалар, скверлер жана баккөчөлөр менен селитебдик аймакта жайгашкан жана адамдардын эс алуусу (эмгектенүүсү) үчүн ачык мейкиндик системасын түзгөн аймак;
3.56. санитардык ажырымдар: Зыяндуу таасир булактарынан (өнөр жай, кампа объектилери, инженердик курулмалар, автомагистралдар, темир жол линиялары, магистралдык өткөргүч түтүктөр ж.б.) турак жай курулушунун, ландшафтык-рекреациялык чөлкөмүнүн, эс алуу чөлкөмүнүн, курорттун чек арасына чейинки минималдык аралык менен аныкталуучу ажырымдар;
3.57. санитардык коргоочу чөлкөм: Атайын дайындалыштагы чөлкөмдөрдү, ошондой эле өнөр жай ишканаларын жана калктуу конуштардагы башка өндүрүштүк, коммуналдык, кампалык объектилерди жакынкы селитебдик аймактардан, турак жай-жарандык багытындагы имарат жана курулмалардан, аларга жагымсыз факторлордун таасирин азайтуу максатында бөлүп туруучу аймак. Санитардык коргоо чөлкөмү адамдардын ден соолугуна жана жашоо чөйрөсүнө таасир этүүчү булак катары, бардык объектилердин сөзсүз түрдөгү элементи болуп саналат.
3.58. селитебдик аймак: Жайгашуусу жана ишмердиги атайын санитардык коргоочу чөлкөмдү талап кылбаган турак жай, коомдук жана рекреациялык аймактарды, ошондой эле инженердик-техникалык айрым бөлүктөрдүн жана унаалык инфратүзүмдүн, башка объектилерди жайгаштыруу үчүн арналган калктуу конуштардын аймагынын бөлүгү;
3.59. башкы пландын схемасы: Долбоордун негизги идеясын берген, эскиз түрүндө аткарылган (чийме, алгачкы жасалган долбоор) жөнөкөйлөтүлгөн долбоордук чечимдин түрү;
3.60. жайгаштыруу схемасы (аймактык жана мейкиндик пландоо): Калктуу конуштардын түрлөрүнүн бирдиктүү жайгаштыруу мүнөзүн жана айыл аралык байланыштардын өнүгүү деңгээлин аныктоочу схемалар;
3.61. курулуш объектилеринин сейсмотуруктуулугу: Тиешелүү сейсмикалык таасирлерди эске алуу менен курулуш объектилеринин эсептик-техникалык жана курулуштук-конструктивдик коопсуздугун камсыздоо;
3.62. жалпы колдонулуучу аймактар (жалпы колдонуудагы жерлер): Катанаш жолдору катары колдонулган же калктын маданий-турмуш шарттарын камсыз кылуучу аймак (жер) (жолдор, аянттар, жээк жолдор, жолдун жээгиндеги жер тилкелери, жашыл бак-дарактар, газондор, автомобиль жүрүүчү жолдордун жээгинде жагашкан жана жээги менен өткөн арык жана башка суугат түйүндөрү, өтмөктөр, токойсейилбактары, сейилбактар, скверлер, көлмөлөр ж.б.)
3.63. жаратылыш комплексинин аймактары: Турак жай, коомдук, өндүрүштүк курулуштун жер тилкелеринин курамындагы сейилбактар, бактар, скверлер, бак көчөлөр, тигилген өсүмдүктөр түрүндө көрсөтүлгөн шаар курууну долбоорлоонун объектилери;
3.64. аймактык пландаштыруу: Аймактарды колдонуунун өзгөчө шарттары менен чөлкөмдөлгөн мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар үчүн аймактарды өнүктүрүүнү, функционалдык чөлкөмдөөнү, капиталдык курулуштун объектилерин пландуу жайгаштыруу чөлкөмдөрүн аныктоону пландаштыруу;
3.65. шаар куруу ишмердигиндеги техникалык жөндөө: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылуучу, техникалык регламенттерди (алар жок болгон учурларда – курулуш ченемдерин жана эрежелерин), стандарттарды иштеп чыгуу жана колдонуу, курулуш өндүрүмдөрүнүн шайкештигин баалоо (тастыктоо), контролдоо жана мамлекеттик көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү мамилелерди укуктук жөндөө; өрткө каршы ажырым (өрткө каршы аралык): Өрттүн таралышын алдын алуу үчүн аныкталган имараттар жана (же) курулмалар ортосундагы ченемделүүчү аралык;
3.66. көчө-жол тарамы: Калктуу конуштардын функционалдык-пландаштыруу уюштурулуусу менен өз ара байланышкан, жалпы шаардык бир тутумга бириктирилген көчөлөрдүн, аянттардын жана жөө жол мейкиндиктеринин тарамы;
3.67. көчө, аянт: Шаардын (калктуу конуштун) көчө-жол тарамынын кызыл сызыктары менен чектелген аймак;
3.68. (КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августундагы № 77-нпа буйругунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
3.69. аймактардын туруктуу өнүгүүсү: Шаар куруу ишмердигинде адамдын жашоо-тиричилигине жагымдуу шарттарды жана коопсуздукту камсыздоо, чарбалык жана башка айлана чөйрөгө терс таасир тийгизүүсүн чектөө, ошондой эле азыркы жана кийинки муундар үчүн жаратылыш ресурстарын коргоону жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуу;
3.70. турак жай, аралаш курулушунун тилкеси: Аянты 1,5 гектарга чейин, үй алдындагы жер тилкеси менен ар кандай кабаттуулуктагы турак үйлөр жайгашкан аймактар;
3.71. функционалдык-пландаштыруучу түзүлүш: Аймактын функционалдык багытына жараша ишмердиктин социалдык-кепилденген шарттарынын комплексин камсыздаган, чек арасы, аймактык регламенттери, шаар куруу ченемдери жана эрежелери аныкталган, бүтүндөй бир шаар куруу түзүлүшүн берген шаардын (калктуу конуштун) аймагынын бөлүгү;
3.72. функционалдык чөлкөмдөр: Аймактык пландаштыруу документтери менен чек аралары жана функционалдык багыты аныкталган чөлкөмдөр;
3.73. эскиздик долбоор: Шаар куруу документинин курамындагы долбоорлоонун алдындагы концептуалдуу архитектуралык-шаар куруу сунушу;
3.74. эскиздик долбоор: Шаар куруу документинин курамындагы долбоорлоонун алдындагы концептуалдуу архитектуралык-шаар куруу сунушу;
3.75 өткөөлдөр: Калктуу конуштун ичиндеги көчө, жол, шаардык инфраструктуранын негизги элементтеринин бири;
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
3.76 имараттын подъезди: Имаратка, курулмага же кандайдыр бир объектке кирүүнү камсыз кылуучу жолдор же жөө адамдар өтүүчү жолдор;
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
3.77 өрткө каршы ажырым (өрткө каршы аралык): Өрттүн жайылышын болтурбоо үчүн имараттардын жана (же) курулмалардын ортосундагы ченемделген аралык;
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
3.78 коомдук имараттар: Имараттар жана алардын жайлары, соода, тарбиялоо, турмуш-тиричилик жактан тейлөө, көңүл ачуу ж. б. кызматтарды (тейлөөчү) көрсөтүүчү ишканалар, уюмдар;
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
3.79 шаар куруу реконструкциясы: Бул системаны жакшыртуу жана өнүктүрүү муктаждыктары менен шартталган мурда түзүлгөн шаардын пландоо системасын же анын курамдык элементтерин өзгөртүү боюнча максаттуу иш-аракет болуп саналат. Кайра реконструкциялоо пландоо системасын трансформациялоону калыптанып калган структураны дээрлик толук алмаштырганга чейин сактоо катары карайт. Эреже катары, көбүнчө бул терминди колдонуу бүтүндөй олуттуу өзгөрүүдө эски элементтердин жакшы бөлүгүн сактап калууну камтыйт;
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
3.80 шаар куруу комплекси: Инженердик жабдуулардын зарыл түрлөрү менен камсыз кылынган, көрктөндүрүлгөн жана функционалдык жана композициялык биримдик менен бириктирилген турак жай жана коомдук объекттердин, өндүрүштүк жана башка курулмалардын тобу.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
3.81 имараттын пайдалуу аянты: Тепкич клеткаларын, лифт шакталарын, ички ачык тепкичтерди жана пандустарды кошпогондо, ага жайгаштырылган бардык аянттардын,ошондой эле балкондордун жана залдагы антресолдордун, фойе ж.б.у.с. суммасы катары аныкталат.
4 Шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарынын өнүгүү концепциясы жана жалпы уюштурулушу
4.1 Шаарларды жана калктуу конуштарды долбоорлоо республика боюнча жайгаштыруунун, ошондой эле облустар, райондор жана чарбалар аралык жайгаштыруу схемасынын негизинде, илимий техникалык прогресстин комплекстүү программалары, өндүрүш күчтөрүн өнүктүрүү жана жайгаштыруу схемалары, экономикалык жана социалдык өнүктүрүүнүн концепциялары, экономикалык жана социалдык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программалардын негизги багыттары, ошондой эле максаттуу программалар: жаратылышты коргооуну аймактык комплекстүү программасы, кооптуу жаратылыштык-техногендик процесстерден калктуу конуштарды жана аймактарды коргоо схемасы, жайгаштыруу системасы үчүн бирдиктүү өндүрүштүк, инженердик-транспорттук жана башка инфратүзүмдөр, ошондой эле жайгаштыруу системасындагы борбордун же борборчонун таасир этүү чөлкөмүнун чегинде келечекте өнүгүүчү эмгектик, маданий-турмуш-тиричиликтик жана рекреациялык байланыштар.
Ошол эле учурда калктуу конуштардын эсептик мөөнөттөн сырткаркы өнүгүшүнүн келечегин, алардын аймактык өнүгүүсү, функционалдык чөлкөмдөөсү, мерчемдик түзүмү, инженердик-унаалык инфратүзүмү, табигый ресурстарды рационалдуу пайдалануусу жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча принципиалдуу чечимдерди кошуу менен аныктоо зарыл.
4.2 Шаардын жана калктуу конуштардын өнүгүүсү үчүн аймакты архитектуралык-пландаштыруу чечимдердин, техникалык-экономикалык, санитардык-гигиеналык көрсөткүчтөрдүн, отун-энергетикалык, суу, аймактык ресурстардын, курчап турган чөйрөнүн абалынын варианттарын салыштыруунун негизинде, жаратылыш жана башка шарттардын келечекте боло турган өзгөрүүлөрүн эске алуу менен тандоо зарыл. Ошол эле учурда, мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жерди алып коюуга олуттуу негиздемелер болууга тийиш. Өтө баалуу айыл чарба багытындагы жерлерди башка категорияга которуу Кыргыз Республикасынын Жер жөнүндө кодексинин 74 беренесинин 4 пунктуна ылайык ишке ашырылат. Жаңы шаарды, калктуу конуштарды куруу же мурункуларын кайра куруу үчүн аймакты, алардын келечектеги өнүгүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен, курулуш объектилеринин баардык түрлөрүн жайгаштыруу үчүн жетиштүү өлчөмдө, ошондой эле суу менен камсыздоого, суу агындылоого жана сугат уюштурууга ыңгайлуу шарттарга ээ болууга тийиш.
4.3 Калктуу конуштарды пландаштыруу жана куруу шаар куруу документтерине, шаарлардын жана калктуу конуштардын башкы пландарына, өрт коопсуздугунун талаптарын эске алуу менен жана башка техникалык регламенттерге ылайык ишке ашырылышы керек.
4.4 Эсептик мөөнөткө калктын санын калктын табигый жана механикалык өсүүсүнүн демографиялык божомолун жана миграцияны эске алуу менен жайгаштыруу тутумундагы калктуу конуштардын өнүгүүсүнүн келечеги жөнүндө демографиялык маалымдарынын негизинде аныктоо керек.
Башкы пландардын эсептик мөөнөтү 25 жыл, ал эми шаар куруунун болжолу 30-40 жылды камтуусу мүмкүн.
4.5 Пайдалуу кендер жаткан аянттарды курулуш жер тилкелерине берүү геология жана минералдык ресурстар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу аркылуу жүргүзүлөт.
4.6 Артыкчылыктуу функционалдык пайдаланууну эске алуу менен шаардын аймагы селитебдик, өндүрүштүк жана ландшафтык-рекреациялык деп бөлүнөт.
Чөлкөмдөрдө жайгаштырылуучу объектилердин түрүнө жараша, өлкөмдөрдүн ар бири колдонуунун эрежелерине жана жоболоруна ылайык аныкталат.
Селитебдик аймак турак жай фондун, коомдук имараттарды жана курулмаларды, анын ичинде илимий-изилдөө институттарын жана алардын комплекстерин, ошондой эле санитардык коргоо чөлкөмдөрүн курууну талап кылбаган өзүнчө коммуналдык жана өнөр жай объектилерин; шаар ичиндеги байланыш жолдорун, көчөлөрдү, аянттарды, сейилбактарды, бактарды, бак көчөлөрдү жана башка жалпы пайдаланылуучу жерлерди жайгаштырууга арналган.
Өндүрүштүк аймак өнөр жай ишканаларын жана аны менен байланышкан тажрыйбалык өндүрүштөрдү, коммуналдык-кампалык объектилерди, сырткы унаанын курулмаларын, шаардан сырткаркы жана шаар чети менен байланыштыруучу жолдорду жайгаштыруу үчүн арналган.
Ландшафтык-рекреациялык аймак шаар токойлорун, токой сейилбактарын, коргоочу токой чөлкөмдөрүн, көлмөлөрдү, айыл чарба багытындагы жана башка жерлерди камтып, селитебдик аймакта жайгашуучу сейилбактар, бактар, скверлер жана бульварлар менен бирге ачык мейкиндиктер тутумун калыптандырат.
Жогоруда келтирилген аймактардын чегинде ар кандай функционалдык дайындалыштагы чөлкөмдөр бөлүп көрсөтүлөт: коммуналдык-кампалык, сырткы унаа, массалык эс алуу, курорттук (дарылоо ресурстары бар шаарларда жана кыштактарда), корголуучу ландшафтар.
Тарыхый шаарларда тарыхый курулуштар чөлкөмдөрүн өзүнчө бөлүп кароо зарыл.
Ошол эле учурда:
4.6.1 Ар кандай функционалдык багыттагы объектилерди санитардык-гигиеналык жана башка талаптарды сактоо менен бирге жайгаштыруу көп функционалдуу чөлкөмдөрдү түзүүгө мүмкүнчүлүк берет, калыптанган имараттарды эсепке алуу менен караштырылышы керек.
4.6.2 Кооптуу жана кыйратуучу табигый кубулуштарга (жер титирөөлөр, селдер, жер көчкүлөр жана жар кулоолор) дуушар болуучу райондордо калктуу конуштардын аймактарын чөлкөмдөөнү тобокелчиликтин даражасын азайтуу жана туруктуу жашоону камсыз кылууну эске алуу менен ишке ашыруу керек. Жогорку даражадагы тобокелчилик бар чөлкөмдөрдө курулушу жок элементтерди – сейилбактарды, бактарды, ачык спорт аянттарын ж.б. жайгаштыруу зарыл.
Сейсмикалык райондордо аймакты функционалдык чөлкөмдөштүрүүнү сейсмикалык шарттар боюнча кичи райондоштуруунун негизинде караштыруу керек.
4.6.3 Инженердик-геологиялык шарттары татаал райондордо курулушту инженердик даярдоодо, имараттарды жана курулмаларды курууда жана аларды пайдаланууда эң аз сарптоолорду талап кылган жер тилкелерин колдонуу керек.
4.7 Шаарлардын жана калктуу конуштардын пландык түзүмүн функционалдык чөлкөмдөрдү жайгаштырууну жана функционалдык байланыштарды камсыздоону, аймакты коомдук борборлор тутуму менен рационалдуу райондоштурууну, инженердик-унаалык инфратүзүм менен байланышта, шаар куруу баалуулуктарына жараша аймакты натыйжалуу колдонууну, архитектуралык-шаар куруу салттарын, табигый-климатикалык, ландшафтык, улуттук-тиричилик жана башка жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү, айлана-чөйрөнү, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоону, аныкталган талаптарга ылайык өрттөн коргоо жумуштарын жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо менен түзүү зарыл.
4.8 Өтө ири жана ири шаарларда шаардык унаа курулмаларын, соода, тамак-аш жана коммуналдык-тиричилик тейлөө ишканаларын, өзүнчө оюн-зоок жана спорт курулмаларын, административдик, коомдук, турак жай имараттарын, инженердик жабдуулар тутумунун объектилерин, ар кандай дайындалыштагы өндүрүштүк жана коммуналдык-кампалык объектилерди өз ара байланышта жайгаштыруу үчүн жер алдындагы мейкиндикти комплекстүү колдонууну камсыз кылуу керек.
4.9 Шаарга жакын жайгашкан аймактарда шаарлардын кийин өнүгүүсү жана аларда чарбалык тейлөө объектилерин жайгаштырууга резерв катарында пайдалануу үчүн шаардын чет жакасындагы чөлкөмдөрдү караштыруу керек, ал эми калктын эс алуусун уюштурууну, микроклиматты, атмосфералык абанын абалын жана санитардык-гигиеналык шарттарды жакшыртууну уюштурууга арналган жашыл чөлкөмдөрдү шаардын чет жакасындагы чөлкөмдөрдүн курамында кароо зарыл.
Шаардын чет жакасындагы чөлкөмдөрдүн чек араларын аныктоодо шаарлардын жана айыл калктуу конуштардын өз ара байланышта өнүгүшүн, административдик райондордун, айыл чарба багытындагы жана башка ишканалардын чек араларын эске алуу керек. Жайгаштыруунун түзүлүп жаткан топтук тутумуна кирүүчү шаарлар үчүн жалпы шаардын айланасындагы чөлкөмдү караштыруу зарыл.
4.10 Ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин айылдык көмөкчү чарбаларын, ошондой эле жамааттык бактар жана чарбактар үчүн жер тилкелерди жайгаштырууну, эреже катары, шаардын чет жакасындагы чөлкөмдөрдүн курамында кароо керек. Айылдык көмөкчү чарбалардын турак жай-жарандык курулуштарынын объектилерин, эреже катары, отурукташкан айыл калктуу конуштардын аймагында жайгаштыруу каралат.
4.11 Өзүнчө санаторий-курорттук жана эс алуу мекемелерин курууга жалпы курорттун же эс алуу чөлкөмүнүн алдын ала иштелип чыккан башкы планысыз, ошондой эле комплекстердин деталдык пландоонун долбоорлорусуз курууга жол берилбейт.
Курорттордун башкы пландарын иштеп чыгууга берилген тапшырмада, алардын профили жана минералдык суулардын жана дарылоо баткактарынын камдыктарын, кумжээктердин ресурстарын комплекстүү баалоо менен, курулуш аймактары жана башка факторлор үчүн ыңгайлуу аймактын чен-өлчөмдөрүнө ылайык санаторий-курорттук мекемелердин долбоордук сыйымдуулугу аныкталат.
4.12 Курорттордун жана эс алуу чөлкөмдөрдүн аймактарында жаңы жана калыптанган өнөр жай ишканаларын кеңейтүүгө, калкты такай жана убактылуу тейлөө менен байланышпаган башка объектилерди курууга тыюу салынат. Ысык-Көл курорттук чөлкөмүндө жогоруда келтирилген объектилерди, ошондой эле жеке турак жай, мал чарба фермаларынын курулуштарын курууга жээк айланасындагы эки километрдик чөлкөмдө тыюу салынган.
4.13 Айлана чөйрөгө терс таасир этүүнүн булактары болгон курорттордун жана эс алуу чөлкөмүнүн чегинде жайгашкан өнөр жай жана айыл чарба ишканалары курорттордун жана эс алуу чөлкөмдөрүнүн аймактарынын чегинен пландуу түрдө чыгарылат же алардын өндүрүшүнүн профилдери өзгөртүлөт.
4.14 Курортторду жана эс алуу чөлкөмдөрүн пландоо жана куруу долбоорлорунда төмөнкү негизги функционалдык чөлкөмдөрдү бөлүп көрсөтүү менен, аймакты пайдалануу түрлөрү боюнча чөлкөмдөө камсыздалышы зарыл:
курорттук, эс алуу чөлкөмдөрүндө – ден соолукту чыңдоочу – комплекстерди жана өзүнчө санаторий-курорттук мекемелерди, эс алуу мекемелерин, жалпы курорттук борборлорду жана эс алуу борборлорун, жалпы пайдаланылуучу жашыл аянттарды жана пляждарды жайгаштыруу үчүн;
селитебдик – курорттордун жана эс алуу чөлкөмдөрүнүн туруктуу калкын жайгаштыруу үчүн;
коммуналдык-кампалык – базаларды жана кампаларды, отканаларды, кир жуучу жайларды, гараждарды, автопарктарды, ошондой эле курортторду жана эс алуу чөлкөмдөрүн тейлөө менен байланышкан өнөр жай ишканаларын жайгаштыруу үчүн;
курорттордун жана эс алуу чөлкөмдөрүнүн жашыл чөлкөмүн – курорттордун жана эс алуу чөлкөмдөрүнүн керектүү санитардык-гигиеналык шарттарын камсыз кылуу үчүн.
4.15 Балдар санаторийлерин жана эс алуу мекемелерин өз алдынча чөлкөмдөрдө жайгаштыруу керек жана аларды чоңдор үчүн мекемелерден жазылыгы 100 метрден кем эмес жашыл өсүмдүктөр тилкеси менен бөлүү зарыл.
4.15.1. Турак үйлөрдү, коомдук жана башка имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо, куруу бирдиктүү архитектуралык-мейкиндик чечими менен шаар куруу комплекси түрүндө жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
4.15.2. Шаар куруу комплекстеринин курамы жана чектери аймакты көлөмдүк-мейкиндик уюштуруу долбооруна - деталдуу пландаштыруу долбооруна жана куруу долбооруна ылайык аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
4.15.3. Бөлүнгөн участокто шаар куруу комплексин долбоорлоо жана куруу участканы жолдор жана магистралдык инженердик тармактар менен камсыз кылуу боюнча иштер менен бирдикте жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
5 Селитебдик аймак
5.1 Шаарлардын жана калктуу конуштардын селитебдик аймагынын пландык түзүмүн коомдук борборлордун, турак жай курулушунун, көчө-жол тарамдарынын, жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймактардын, эмгектенүү жерлеринин чөлкөмдөрүнүн өз ара байланышта жайгашышын эске алуу менен, ошондой эле аймактын чоңдугуна жана жаратылыштык өзгөчөлүгүнө жараша жалпы калктуу конуштун пландык түзүмү менен байланышта түзүү керек.
Селитебдик аймакка муктаждыкты алдын ала аныктоо үчүн 1000 кишиге эсептелген ирилештирилген көрсөткүчтөрдү кабыл алуу зарыл: турак жайлардын орточо кабаттуулугу 3 кабатка чейин болгон шаарларда – жер тилкелери жок курулуштар үчүн 10 га жана жер тилкелери менен курулуштар үчүн 20 га; 4 төн 8 кабатка чейин – 8 га.
I B, II B, III В климатикалык райончолор үчүн (ткрак жай району, кичирайон, квартал) келтирилген көрсөткүчтөрдү кичирейтүүгө жол берилет, бирок 30%дан көп эмес.
Ошол эле учурда шаарлардагы селитебдик аймактарды жазылыгы 100 м ден кем эмес магистралдар же жашыл тилкелер менен аянттары 250 га дан ашпаган райондорго бөлүү керек.
5.2 Селитебдик аймактын өлчөмдөрүн аныктоодо ар бир үй-бүлөгө өзүнчө батир же үй берүү зарылдыгын кароо керек. Үй менен камсыз болуунун эсептик саны үй-бүлө мүчөлөрүнүн орточо саны жөнүндөгү болжолдун негизинде, берилүүчү турак үйлөрдүн типтерин, турак жай курулушунун пландаштырылуучу көлөмүн эске алуу менен ар бир шаар үчүн жана алардын райондору үчүн өзүнчө аныкталат.
5.3 Шаарларда жеке турак жай курулуштарын жайгаштыруу аймакты жашылдандырууну, көрктөндүрүүнү жана инженердик жабдууну, күнүмдүк пайдалануудагы тейлөө мекемелерин жана ишканаларын жайгаштырууну эске алуу менен каралышы керек.
Жеке турак үйлөрдөн жана чарбалык курулуштардан жер участогунун чек араларына чейинки аралык жеткиликтүүлүктү, ошондой эле учурдагы оңдоону камсыз кылуу максатында А тиркемесине ылайык 1 метрден кем эмес өрт коопсуздугунун ченемдерине ылайык келүүгө тийиш.
шаардын чегинен сырткары – негизинен бош аймактарда, мурун курулуш үчүн жараксыз деп табылган аймактарды, ошондой эле кайра курулуучу курулуштардын аймагын кошкондо (мурунку жеке чарбак курулуш жер тилкелеринде, жышташтыруу жана мурун калыптанып калган шаар чөйрөсүнүн келбетин сактоо максатында чарбаксыз курулуш райондорунда);
шаардын чет жакасындагы чөлкөмдөрдүн аймактарында – шаардык аймакка кирүүчү резервдик аймактарда; шаардан 30-40 мүнөттүк унаалык жетимдүүлүк чегинде жайгашкан жаңы жана өнүгүүчү калктуу конуштарда.
Шаарлардагы жеке чарбактуу курулуш райондорун келечекте көп кабаттуу курулуштун өнүгүү башкы багытына жайгаштыруу туура болбойт.
Жеке курулуштуу райондордо жашылдандыруу, абаттоо жана аймакты инженердик жабдуу, күнүмдүк керектелүүчү тейлөө мекемелерин жана ишканаларын жайгаштырууну караштыруу керек.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
5.4 Деңиз леңгээлинен 1000 жана андан да бийик жайгашкан шаарлардагы II B, II B, III В климатикалык райондор үчүн 4 кабаттан ашпаган лифтсиз турак жайларды колдонууга жол берилет.
Коомдук борборлор
5.5 Шаарларда жалпы шаардык борборду, пландалган райондордун борборлорун, турак жай жана өнөр жай райондорун, эс алуу чөлкөмдөрүн, күнүмдүк колдонулуучу соода-тиричилик борборлорун, ошондой эле адистештирилген борборлорду (медицина, окуу, спорт ж.б.) камтыган, шаардын айланасында жайгаштырууга жол берилген коомдук борборлордун системасын түзүү керек.
Ошол эле учурда:
5.5.1 Коомдук борбордогу айрым объектилердин санын, курамын жана жайгашуусун шаардын чоңдугун, анын аймакты жайгаштыруу жана функционалдык-пландык уюштуруудагы ролун эске алуу менен кабыл алуу зарыл. Ири жана өтө ири шаарларда, ошондой эле түзүмү ажырымдалган шаарларда жалпы шаардык борбор, эреже катары, шаардык маанидеги борборчолор менен толукталат. Кичине шаарларда жана калктуу конуштарда, эреже катары, турак жай курулушунда күнүмдүк пайдаланылуучу объектилер менен толукталуучу бирдиктүү коомдук борбор түзүлөт.
5.6 Жалпы шаардык борбордо, анын өлчөмүнө жана мерчемдик уюштурулуусуна жараша, жалпы шаардык борбордун ядросун түзгөн өз ара байланышта болгон коомдук мейкиндиктер тутумун (башкы көчөлөрдү, аянттарды, жөө жол чөлкөмдөрүн) калыптандыруу керек.
Тарыхый шаарларда жалпы шаардык борбордун өзөгүн толугу менен же өзүнчө калыптанган тарыхый чөйрөнүн бүтүндүгүн камсыз кылуу шарты менен тарыхый курулуштун чөлкөмүндө калыптандырууга жол берилет.
Турак жай курулушу
5.7 Турак жай курулушун долбоорлоодо селитебдик аймактын түзүмдүк уюштурулуусунун эки негизги деңгээли бөлүп каралат:
кичи район (квартал) – аянты 40 га дан 80 га, магистралдык көчөлөр жана жолдор менен бөлүнгөн, чегинде тейлөө радиусу 500 метрден ашпаган (тейлөө радиусу ушул эрежелер топтомунун 4-таблицасына ылайык аныкталган мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан башкалары) күнүмдүк пайдалануудагы мекемелер жана ишканалар жайгашкан турак жай курулушунун түзүмдүк элементи; чек арасы катары магистралдык жана турак жай көчөлөрү, жолдор, жөө жолдор, табигый чектер кызмат кылат;
турак жай району – аянты 80 ден 250 гектарга чейин болгон селитебдик аймактын түзүмдүк элементи. Анын чегинде тейлөө радиусу 1500 метрден ашпаган мекемелер жана ишканалар, ошондой эле шаардык маанидеги объектилердин бөлүгү жайгашат; алардын чек аралары болуп өтө татаал өтмө табигый жана жасалма чектер, жалпы шаардык маанидеги магистралдык көчөлөр жана жолдор эсептелет.
Турак жай району, эреже катары, аймакты пландоо долбоорун иштеп чыгуу объектиси, ал эми кичирайон (квартал)- курулуш долбоорунун. Долбоорлоого берилген тапшырмада долбоорлонгон объектини селитебдик аймактын структуралык уюштуруунун баскычтарынын бирине киргизүү.
Мында, турак жай курулушун түзүү кийинки кабаттагы имараттар менен ишке ашырылат:
Аз кабаттуу – 1-3 кабаттуу;
Орто кабаттуу – 4-5 кабаттуу;
Көп кабаттуу – 6-12 кабаттуу;
Жогору кабаттуу – 13-18 кабаттуу;
Бийик – 18 кабаттан жогору.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
5.8 Кичи райондор жана кварталдардын аймактарына кирме жолдорду, ошондой эле имараттардагы өтмөк жолдорду бири-биринен 300 метрден алыс эмес аралыкта, ал эми периметрдик курулуучу кайра калыбына келтирилүүчү райондордо 180 метрден алыс эмес аралыкта караштыруу керек. Жолдордун жөндөлмө кыймылдуу магистралдык көчөлөрдүн жүрмө бөлүктөрүнө кошулушуна жакынкы жол кесилиштеринин токтоо-сызыгынан 50 метрден кем эмес жана коомдук унаанын аялдамасынан 15 метрден кем эмес аралыкта кароого мүмкүндүк берилет.
Турак имараттардын тобуна, ири тейлөө мекемелерине жана ишканаларына, соода борборлоруна баруу үчүн негизги жолдорду, ал эми өзүнчө турган имараттарга – көмөкчү жолдорду караштыруу зарыл жана жолдордун өлчөмдөрү ушул эрежелер топтомунун 7-таблицасына ылайык кабыл алынат.
5 жана андан бийик кабаттуу курулуштары менен кичирайондор жана кварталдар эки тилкелүү жолдор аркылуу тейленет.
Туюк жолдордун узундугу 150 метрден ашпоого тийиш жана алар таштанды чыгаргыч, жыйноочу, өрт өчүрүүчү машиналар үчүн бурулууну камсыз кылган аянттар менен бүтүшү керек.
Жанжолдорду жана велосипед жолдорун жолдордун жүрмө бөлүгүнүн деңгээлинен 15 см ге көтөрүңкү кылып салуу керек. Жанжолдордун жана велосипед жолдорунун көмөкчү жолдор менен кесилиши, ал эми мектеп жана мектепке чейинки балдар уюмдарына баруучу жолдордогу негизги жолдор менен узундугу тиешелүү түрдө 1,5 жана 3 м болгон рампа куруу менен бир деңгээлде курууну караштыруу керек.
Ошол эле учурда:
5.8.1 Бийиктиги 9 кабаттан ашык эмес болгон турак жай имараттарына, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар каттоочу объектилерге жанжолдор менен бириктирилген жүрмө жолдорду курууга мүмкүндүк берилет, алардын узундугу 150 метрден ашык эмес, жазылыгы 4,2 метрден чоң эмес, ал эми аз кабаттуу (1 – 3 кабат) имараттарга - жазылыгы 3,5 метрден кем эмес болууга тийиш.
5.9 Шаарларда жеке турак үйлөргө же бир батирге бөлүнүүчү чарбак алдындагы (батир алдындагы) жер тилкелеринин өлчөмүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан кабыл алынган тартипте аныктоо керек.
Чарбак алдындагы жана батир алдындагы жер тилкелеринин өлчөмдөрүн аныктоодо ар кандай чоңдуктагы шаарлардын шаар куруу кырдаалынын өзгөчөлүктөрүн: турак үйлөрдүн типтерин, калыптануучу турак жай курулушунун (чөйрөсүнүн) мүнөзүн, анын шаар түзүмүндөгү жайгашуу шартын, сунуш кылынган 3-тиркемени жетекчиликке алуу менен эсепке алуу керек.
5.10 Кичи райондун жашылдандырылган аймагынын аянтын 6 м2/киши өлчөмүнөн (мектептердин жана мектепке чейинки балдар уюмдарынын жер тилкелерин эсепке албаганда) кем эмес кабыл алуу керек.
5.11 Турак жай имараттарынын, турак жай жана коомдук, ошондой эле өндүрүш имараттарынын ортосундагы аралыктарды ушул курулуш ченемдеринин 12-бөлүмүндө келтирилген жарык берүү ченемдеринин негизинде жана жарык берүү ченемдерине, ошондой эле милдеттүү түрдө А тиркемеде келтирилген өрткө каршы талаптарга ылайык кабыл алуу керек.
Бийиктиги 2-3 кабат болгон турак жай имараттарынын узун тараптарынын ортосундагы аралыкты (тиричилик ажырымы) 15 метрден кем эмес, ал эми бийиктиги 4 кабаттуу турак жайлардыкын – 20 метрден кем эмес, ошол эле имарттардын узун тараптары менен турак бөлмөлөрүнүн терезелери жайгашкан маңдай тараптарынын ортосундагы аралык – 10 метрден кем эмес кылып кабыл алынуусу керек. Белгиленген аралыктар жарык берүү ченемдерин сактоодо кыскарат.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
5.12 Турак жай курулушун долбоорлоодо аянтчаларды жайгаштыруу каралышы керек жана алардын өлчөмдөрү, турак жайдын жана коомдук имараттарга чейинки аралыгы 1-таблицада белгиленген көрсөткүчтөрдөн кем эмес кабыл алынышы керек.
1-таблица
Аянтчалар | Аянтчалардын салыштырмалуу өлчөмдөрү, м2/киши | Аянтчалардан турак үйлөрдүн жана имараттардын терезесине чейинки аралык, м кем эмес |
Мектепке чейинки жана мектептеги майда жаштагы балдардын оюндары үчүн | 0,7 | 12 |
Жетилген курактагы элдин эс алуусу үчүн | 0,1 | 10 |
Дене тарбия машыгуусу үчүн | 2,0 | 10-40 (алардын ызы-чууга карата мүнөздөмөсүнө жараша, 50 дцб. кем эмес) |
Чарбачылык максаттар | 0,3 | чарбалык максаттар үчүн 20 |
Иттерди сейилдетүү үчүн | 0,3 | чарбалык максаттар үчүн 40 |
Э с к е р т ү ү
1-таблицала белгиленген көрсөткүчтөр атайын долбоорлонгон жана курулуп жаткан турак жай имараттарына жайылтылбайт.
5.12.1 Аянтчалардын салыштырма өлчөмүн азайтууга жол берилет, бирок 50% дан ашык эмес: кичи райондун бирдиктүү дене тарбия - ден соолукту чыңдоо комплексин түзүүдө балдар оюндары үчүн, окуучулар жана калк үчүн чоңдордун эс алуусу, дене тарбия менен машыгуусу үчүн.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
5.12.2 Балдар аянтчаларынан жолдорго (жол тилкеси) чейинки аралык жолдун категориясына жараша 20 метрден кем эмес болушу керек.
(Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай - коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 101-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
5.13 Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 18-сентябрындагы № 96-чуа буйругуна ылайык күчүн жоготту)
5.14 Таштанды таштоочу аяттан дене тарбия, балдардын ойноосу жана чоңдордун эс алуусуна арналган аятчага чейинки аралык – 20 м кем эмес, турак үйлөрдүн эн алыскы эшигине чейинки аралык – 100 м кем эмес болууга тийиш.
Таштанды чогулткучтар үчүн аянтчалар атайын техника үчүн атайын бөлүнгөн жана жеткиликтүү жерлерде каралышы керек.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
5.15 Шаарларда турак жай курулуштарын долбоорлоодо турак жай районунунун жана кичи райондун аймагындагы калктын жыштыгын, киши/га, ушул курулуш ченеминде сунушталган Г тиркемесин эске алуу керек.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
6 Өндүрүш аймагы
Өнөр жай чөлкөмү (району)
6.1 Өнөр жай ишканалары өнөр жай чөлкөмдөрүнүн (райондорунун) аймактарында жалпы көмөкчү өндүрүштөрү же инфратүзүм объектилери менен ишканалар тобунун (өнөр жай түйүндөрүнүн) курамында, ал эми айыл калктуу конуштарында өндүрүш чөлкөмдөрүнүн курамында жайгаштыруу керек.
6.2 Өнөр жай чөлкөмдөрүн (райондорун) жайгаштырууда алардын турак жай райондору менен өз ара рационалдуу байланышуусу үчүн эмгектик жылып жүрүүлөргө убакыттын аз сарпталуусун камсыз кылуу керек.
Өнөр жай чөлкөмдөрүнүн (райондорунун) аймактарын ургаалдуу (интенсивдүү) пайдалануунун даражасын жана өлчөмүн алардын шаардын түзүмүндө жайгашуу шарттарына жана анын аймагынын ар кандай жер тилкелеринин шаар куруу баалуулуктарына жараша кабыл алуу зарыл.
6.3 Өнөр жай чөлкөмдөрүнүн функционалдык-мерчемдик уюштурулуусун, ишканалардын тармактык мүнөзүн, алардын жайгашуусуна санитардык-гигиеналык жана өрткө каршы талаптардын, жүк көтөрүмдүүлүгүн жана унаанын түрлөрүн, ошондой эле куруу кезегин эске алуу менен негизги жана көмөкчү өндүрүштөрдү панель жана блок түрүндө кароо керек.
Ошол эле учурда, өнөр жай чөлкөмдөрүнө жанаша жайгашкан турак жай райондорунун калкы менен ишканаларында иштеген жумушчуларды тейлөөнүн өз ара байланышкан тутумун түзүү керек.
6.4 Өнөр жай ишканаларынын жана башка өндүрүш объектилеринин, тейлөө мекемелери жана ишканаларынын ээлеген аянты өнөр жай чөлкөмүнүн (районунун) жалпы аянтынын 60% кем болбоого тийиш.
6.5 Селитебдик аймактын чегинде зыяндуу заттарды бөлүп чыгарбаган, өрткө жана жарылууга кооптуу эмес өндүрүш процесстери менен, кабыл алынган ченемдерден ашкан ызы-чууну түзбөгөн, темир жол бутактарын курууну талап кылбаган өнөр жай ишканаларын жайгаштырууга жол берилет. Ошол эле учурда, өнөр жай аймагынын чек араларын турак жай имараттарына, мектепке чейинки балдар уюмдарынын, жалпы билим берүү мектептеринин, саламаттык сактоо жана эс алуу мекемелеринин аймактарына чейинки аралыкты 50 м кем эмес кылып кабыл алуу керек.
Турак жай курулушунун чегинде жайгашкан ишкананын айлана чөйрөгө зыяндуу таасирин жокко чыгаруу мүмкүн болбогон учурларда ишкананын кубаттуулугун азайтуу, ишкананы же анын айрым өндүрүшүн өзгөртүү же турак жай курулушунун чегинен сырткары которууну караштыруу зарыл.
6.6 Эгерде, зыяндуу чыгындыларды тазалоо, зыянсыздандыруу жана ызы-чуунун деңгээлин азайтуу боюнча баардык техникалык жана технологиялык чараларды көргөндөн кийин селитебдик аймакта зыяндуу заттардын мүмкүн болгон чектик концентрациясы жана ызы-чуунун мүмкүн болгон чектик деңгээли камсыз кылынбаса, санитардык-коргоочу чөлкөмдөрдү караштыруу керек .
Мындай чөлкөмдөрдүн өлчөмдөрүн өнөр жай ишканаларын жайгаштырууну иштеп жаткан санитардык ченемдерге ылайык жана ишканалардын чыгындыларынын курамындагы зыяндуу заттардын абадагы концентрациясын эсептеп чыгаруу усулдарына, ошондой эле ушул курулуш ченеминин 12-бөлүгүндө келтирилген ызы-чуудан сактоо жана башка талаптарга ылайык аныктоо зарыл.
6.7 Санитардык-коргоочу чөлкөмдө турак жай имараттарын, балдардын билим берүү уюмдарын, жалпы билим берүү мектептерин, саламаттык сактоо жана эс алуу мекемелерин, спорт курулмаларын жайгаштырууга жол берилбейт.
Санитардык-коргоо чөлкөмдөрүн жашылдандыруунун минималдык аянттарын чөлкөмдүн жазылыгына жараша кабыл алуу керек, % менен:
300 метрге чейин .................................... 60;
300дөн 1000 метрге чейин......................50;
1000ден 3000 метрге чейин.....................40.
Селитебдик аймак жагынан жазылыгы 50 м кем эмес бак-бадал өсүмдүктөрүнөн турган тилкени, ал эми чөлкөмдүн жазылыгы 100 м чейин болсо – жазылыгы 20 м кем эмес тилкени караштыруу керек.
6.8 Үйүндүлөрдү, тунма калдыктарды топтогучтарды, калдык сактагычтарды, ишканалардын калдыктарын жана таштандыларын жайгаштыруу аларды жок кылууга мүмкүн болбогон негизде гана ишке ашырылышы мүмкүн; бул учурда өнөр жай райондору жана түйүндөрү үчүн борборлоштурулган (топтоштурулган) үйүндүлөрдү караштыруу керек. Алар үчүн жер тилкелерди ишканалардын чегинен, жер алдындагы суу булактарынын жана жер алдындагы суулардын өтүүсүнүн санитардык коргоо чөлкөмүнүн III алкагынан сырткары, санитардык ченемдерди жана коопсуздук эрежелерин сактоо менен жайгаштыруу керек.
6.9 Курамында көмүр, сланец, мышьяк, коргошун, сымап жана башка күйүүчү жана уу заттарды камтыган үйүндүлөр турак жай жана коомдук имараттардан жана курулмалардан “Ишканаларды долбоорлоо, куруу, кайра куруу жана пайдалануу, калктуу конуштарды пландаштыруу жана куруу” СанЭжЧдин аныкталган чегинде жана анын негизинде жайгаштырылууга тийиш, бирок иштелип чыккан жана макулдашылган ТЭН негизинде үйүндүлөрдүн эсептик кооптуу жылышуусунан жакын эмес аралыкта болуусу керек.
Илимий жана илимий-өндүрүштүк чөлкөм (район)
6.10 Илимий жана илимий-өндүрүштүк чөлкөмдөрдүн аймагында илимий жана илимди тейлеген мекемелерди, тажрыйбалык өндүрүштөрдү жана аны менен байланышкан жогорку, орто окуу жайларын, тейлөө мекемелерин жана ишканаларын, ошондой эле инженердик жана унаалык коммуникацияларды жана курулмаларды жайгаштыруу керек.
6.11 Селитебдик аймактын чегинде жайгашкан илимий-өндүрүштүк чөлкөмдүн жумушчуларынын саны 15 миң кишиден ашпоого тийиш.
6.12 Илимий мекемелердин жер тилкелеринин өлчөмдөрү (1000 м2 жалпы аянтка) төмөнкү маанилерден ашык болбошу керек, га:
табигый жана техникалык илимдер ................................... 0,14 – 0,2;
коомдук илимдер.................................................................. 0,1 - 0,12.
Ошол эле учурда:
6.12.1 Келтирилген ченемдерге тажрыйба талаалары, полигондор, резервдик аймактар, санитардык-коргоо чөлкөмдөрү кирбейт.
6.12.2 Көрсөткүчтөрдүн кичине маанилерин өтө ири, ири шаарлар жана кайра куруу шарттары үчүн кабылдоо керек.
Коммуналдык-кампалык чөлкөм (район)
6.13 Коммуналдык-кампалык чөлкөмдөрдүн (райондордун) аймактарында тамак-аш (тамак-татым, эт жана сүт) өнөр жай ишканаларын, жалпы товардык (азык-түлүк жана азык-түлүк эмес), адистештирилген кампалар (муздаткычтар, картөшкө, жашылча, жемиш сактагычтар), шаардын калкын коммуналдык, унаалык жана тиричилик тейлөө ишканаларын жайгаштыруу зарыл.
Калкты күнүмдүк тейлөө менен байланышпаган кампалар комплексинин тутумун өтө ири жана ири шаарлардын сыртына, сырткы унаа түйүндөрүнө, айрыкча темир жол түйүндөрүнө жакындатып жайгаштыруу керек.
Шаарлардын аймактарынын чегинен жана алардын жашыл чөлкөмдөрүнөн сырткары, санитардык, өрткө каршы жана атайын ченемдерди сактоо менен шаар четиндеги чөлкөмдөрдүн райондорунда өзгөчөлөнгөн кампаларда мамлекеттик резервдердин кампаларын, мунай зат жана биринчи топтогу мунай зат өндүрүшүнүн кампаларын, мунай зат жана мунай зат өндүрүшүнүн ашыруу базаларын, суюлтулган газ кампаларын, жарылуучу материалдар кампаларын жана өтө күчтүү уулуу заттардын базистик кампаларын, азык-түлүктүн, жемдин жана чийки өнөр жай заттарынын базистик кампаларын, жыгач жана курулуш материалдарынын базистик кампаларынын ашыруу базаларын чачыратып жайгаштырууну кароо керек.
Кичине шаарлар жана калктуу конуштар үчүн калктуу конуштардын тобун тейлеген борборлоштурулган кампаларды кароо керек, мындай кампаларды райондордун борборлоруна же темир жол чордондоруна жакын жайгашкан калктуу конуштарга жайгаштыруу артыкчылык берет.
Аймактык ресурстары жана баалуу айыл чарба жерлери чектелген райондордо объектилерди жайгаштырууга жарактуу иштетилип бүткөн тоо казындылары жана кен тилкелери болсо, аларга сырткы таасирлерге туруктуулукту жана ишенимдүү иштөөнү камсыз кылууну талап кылган азык-түлүк жана өнөр жай товарларын сактоочу жайларды, бөлүштүрүүчү муздаткычтарды жана башка объектилерди курууга жол берилет.
6.14 Калктуу конуштарды тейлөө үчүн дайындалган кампалардын жер тилкелеринин өлчөмдөрүн өтө ири жана ири шаарларда көп кабаттуу кампаларды курууну эске алуу менен 1 кишиге 2 м2 эсебинде, ал эми калган калктуу конуштарда 2,5 м2 эсебинде кабыл алууга жол берилет.
Курорт-шаарларда дарылануучу жана эс алуучуларды тейлөө үчүн коммуналдык-кампалык чөлкөмдөрдүн өлчөмдөрүн бул чөлкөмдөрдө 8 м2 эсебинде оранжереялык-күнөсканалык чарбаны эске алуу менен аныктоо зарыл.
Шаарларда айыл чарба азыктарын сактоочу жамааттык сактагычтарынын жалпы аянты бир үй-бүлөгө 4–5 м2 эсебинде аныкталат. Сактагычтарды колдонуучу үй-бүлөлөрдүн саны долбоорлоого берилген тапшырмада такталат.
Жашылчаларды, картөшкө жана жемиштерди, отундарды жана курулуш материалдарын сактоо үчүн жалпы товардык жана адистештирилген кампалардын сыйымдуулугун, жер тилкелеринин өлчөмдөрүн, аянттарын сунуш кылынган 6-тиркемеге ылайык кабыл алууга жол берилет.
Бул учурда картөшкө, жашылча жана жемиш сактагычтар үчүн санитардык-коргоочу чөлкөмдөрүнүн өлчөмдөрүн 50 м деп кабыл алууга болот.
7 Ландшафтык-рекреациялык аймак
7.1 Шаарларда жана шаар тибиндеги калктуу конуштарда шаар куруу документтерин иштеп чыгууда жашылдандырылган аймактардын жана башка ачык мейкиндиктердин үзгүлтүксүз системасын кароо зарыл. Мында, белгиленген жашылдандырылган аймактардын чектери, классификациясы жана функционалдык арналышы жалпыдан жекеге деталдаштыруу баскычында такталат.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
7.2 Жалпы колдонуудагы жашылдандырылган аймактардын – шаарлардын жана калктуу конуштардын селитебдик аймактарында жайгашкан сейилбактардын, бактардын, гүл бактардын, бульварлардын аянтын 2-таблица боюнча кабыл алуу керек.
Өтө ири, ири жана чоң шаарларда шаардык токойлордун калыптанган массивдерин шаар токой-сейилбактарга айлантып, 5 м2/киши эсебинен көп эмес кылып кошумча түрдө 2-таблицада көрсөтүлгөн жалпы колдонуудагы жашылдандырылган аймактарга кошууга болот.
2-таблица
Жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймактар | Жашылдандырылган аймактардын аянты, м2/киши | ||
өтө ири, ири жана чоң шаарларда | орто шаарларда | кичине шаарларда жана калктуу конуштарда | |
Жалпы шаардык | 10 | 7 | 8 (10) |
Турак жай райондорунда | 6 | 6 | - |
Кашаада калкынын саны 20 миң кишиге чейин болгон кичине шаарлар үчүн өлчөмдөр келтирилген.
Ошол эле учурда:
7.2.1 Курорт-шаарлар үчүн жалпы пайдалануудагы жалпы шаардык жашылдандырылган аймактардын келтирилген ченемдерин 50% көп эмес кылып көбөйтүүгө болот.
7.3 Жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймактардын түзүмүндө жазылыгы 0,5 км жана андан көп болгон ири сейилбактар жана токой-сейилбактар калктуу конуштардын жалпы аянтынан 10% кем болбоого тийиш.
Шаардык сейилбактарга баруу убактысы 20 мүнөттөн, ал эми мерчемделинүүчү райондордун сейилбактарга – 15 мүнөттөн ашык эмес болууга тийиш.
Сейсмикалык райондордо жалпы пайдалануудагы сейилбактарга, бактарга жана башка жашылдандырылган аймактарга, турак жай райондор жайгашкан тарабына тосмо койбой, эркин кирүүнү камсыз кылуу керек.
7.4 Сейилбактардын, токой-сейилбактардын, токойлордун, жашыл чөлкөмдөрдүн аймактарына бир убакта кирүүчүлөрдүн эсептик санын төмөнкү маанилерден, киши/га, ашык эмес кылып кабыл алуу керек:
шаардык сейилбактар үчүн .......................................................100;
эс алуу чөлкөмдөрүнүн сейилбактары үчүн ........................... 70;
курорттордун сейилбактары үчүн ............................................ 50;
токой-сейилбактар (чабынды-сейилбактар,
гидросейилбактар) үчүн ............................................................. 10;
токойлор үчүн ............................................................................. 1 – 3.
Ошол эле убакта, бир убакта кирүүчүлөрдүн саны 10 – 50 киши/га болсо, алардын жүрүүсүн уюштуруу үчүн чыйыр жол – жол тарамын, ал эми талаалардын чет жагына кыртыш коргоочу өсүмдүктөрдү тигүүнү, ошондой эле бир убакта кирүүчүлөрдүн саны 50 киши/га ашык болсо – токой ландшафтын сейил бак ландшафтына кайра түзүүнү караштыруу керек.
7.5 Өтө ири, ири жана чоң шаарларда шаардык жана райондук маанидеги сейилбактар менен катар адистештирилген – балдар, спорттук, көргөзмөлүк, зоологиялык жана башка сейилбактарды, ботаникалык бактарды, өлчөмдөрүн долбоорлоого берилген тапшырма боюнча кабыл алуу керек.
Балдар сейилбагынын болжолдуу өлчөмүн 0,5 м2/киши, спорт сейилбагыныкы 12 м2/киши, аянттардын өзүн жана спорт курулмаларын кошкондо, эсептик ченемдери Е тиркемеси келтирилген эсепте кабыл алууга жол берилет.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
7.6 Эстетикалык жана өздөштүрүү баалуулуктарга ээ, сакталуусу жогорку деңгээлдеги табигый ландшафттардын аймактарда улуттук жана жаратылыш сейилбактарын түзүү керек. Улуттук жана жаратылыш сейилбактарынын архитектуралык-мейкиндик уюштурулуусу алардын аймактарын илимий, маданий-агартуу жана рекреациялык максаттарда корук, корук-рекреациялык, рекреациялык жана чарбалык чөлкөмдөрүн бөлүү менен, жүргүзүлүшү керек.
7.7 Сейилбактарды жана бактарды жайгаштырууда өсүмдүктөрү жана көлмөлөрү бар жер тилкелерин максималдуу түрдө сактоо керек.
Сейилбактардын, бактардын жана гүл бактардын аймактарынын аянттарын, га, төмөнкүлөрдөн кем эмес кабыл алуу керек: шаардык сейидбактардыкын – 15, пландаштырылуучу райондордун сейилбактарыныкын – 10, турак жай райондорунун бактарыныкын – 3, гүл бактардыкын – 0,5, кайра куруу шарттары үчүн гүл бактардын аянттары кичирээк өлчөмдө болушу мүмкүн.
Сейилбактардын жана бактардын аймактарынын жалпы теңдеминде жашылдандырылган аймактардын аянтын 70% кем эмес кабыл алуу керек.
7.8 Суу жээктериндеги аймактарда сейилбактарды курууда ушул курулуш ченемдеринин 11-бөлүгүнүн талаптарын сактоо керек.
7.9 Бульварларды жана жөө жол аллеяларын жөө жол кыйымылынын массалык агымы багытында караштыруу керек. Бульварды жайгаштырууну, анын узундугун жана жазылыгын, көчөнүн туура кесилиш профилиндеги ордун көчөнүн архитектуралык-мерчемдик чечилишин жана анын курулушун эске алуу менен аныктоо зарыл. Бульварларда жана жөө жол аллеяларында тыныгуу үчүн аянтчаларды караштыруу керек.
Узунунан кеткен бир жөө жол аллеялуу бульварлардын жазылыгын, көчөлөрдүн жайгашышына жараша төмөнкүлөрдөн кем эмес кылып кабыл алуу керек, м менен:
көчөлөрдүн огу боюнча ........................................ 18,
көчөнүн бир жагында, жүрмө бөлүк
жана курулуштун аралыгында ............................. 10
7.10 Жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймактар чакан архитектуралык формалар: оргумалар жана бассейндер, шатылар, жантык жолдор, тирөөч дубалдар, маек жайлар, шамчырактар ж.б. менен жабдылуусу керек. Шамчырактардын санын аймактын жарыктануу ченемдери боюнча аныктоо зарыл.
7.11 Ландшафтык-рекреациялык аймактардын жол тарамын (жолдор, аллеялар, чыйыр жолдор) мүмкүн болушунча аз жантаймалуу кылып, жөө кишилердин кыймылынын негизги багыттарына ылайык жана аялдама пункттарына, оюн, спорт аянтчаларына чейинки кыска аралыкты аныктоо менен жайгаштыруу керек. Жолдун жазылыгы 0,75 м (бир киишинин басуу тилкесинин жазылыгы) болуусу шарт.
Ландшафтык-рекреациялык аймактардын чегиндеги аянтчалардын, чыйыр жол- жол тарамынын жабууларын тактачалардан, шагылдан жана башка бекем минерал материалдарынан, өзгөчө учурларда асфальт жабуусун колдонууга жол берүү менен салуу каралат.
7.12 Имараттардан, курулмалардан, ошондой эле инженердик абаттоо объектилеринен бактарга жана бадалдарга чейинки аралыкты 3-таблица боюнча кабыл алуу керек.
3-таблица
Имарат, курулма, инженердик абаттоонун объектиси | Имараттан, курулмадан, объекттен - огуна чейинки аралык, м | |
дарактын өзөгүнүн | бадалга | |
Имараттын жана курулманын сырткы дубалы | 5,0 | 1,5 |
Жан жолдун жана бак жолчосунун чети | 0,7 | 0,5 |
Көчөлөрдүн жүрмө бөлүктөрүнүн чети, жолдун четинин бекемделген тилкесинин чети, же арыктын кыры | 2,0 | 1,0 |
Жарыктандыргыч тарамдын мамысы жана таянычы, көпүрөнүн таянычы жана эстакада | 4,0 | - |
Жантайманын, террасанын ж.б. таманы | 1,0 | 0,5 |
Тирөөч дубалчанын таманы жана ички кыры | 3,0 | 1,0 |
Жер алдындагы тарамдар: газ өткөргүч, суу агындылагыч жылуулук тарамы (каналдын, тоннелдин дубалчасы же каналсыз жаткырууда кабыкчасы) суу өткөргүч, сарыктыргыч күчтүк кабель жана байланыш кабели |
1,5 2,0
2,0 2,0 |
- 1,0
- 0,7
|
Ошол эле учурда:
7.12.1 Келтирилген ченемдер сөңгөгүнүн диаметри 5 м ашпаган дарактарга тиешелүү жана бул ченемдер сөңгөгүнүн диаметри андан чоң дарактар үчүн чоңойтулуп кабыл алынышы керек.
7.12.2 Электр өткөргүч аба чубалгыларынан дарактарга чейинки аралыкты электр орнотмолорун тургузуу эрежелери боюнча кабыл алуу керек.
7.12.3 Имараттардын жанына отургузулган дарактар ушул курулуш ченеминин 11-бөлүгүндө келтирилген талаптардын чегинде, турак жай жана коомдук имараттарга күндүн тийүүсүнө жана жарыктануусуна жолтоо болбошу керек.
7.13 Шаардын жашыл чөлкөмдөрүндө шаар жана айыл калктуу конуштардын тобун отургузулуучу материалдар менен камсыздоону эске алуу менен бак жана бадал өсүмдүктөрүнүн питомниктерин жана гүл-оранжерея чарбаларын караштыруу керек.
Питомниктердин аянтын калктын жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймактар менен камсыздалуу деңгээлине, санитардык-коргоо чөлкөмдөрүнүн өлчөмдөрүнө, бак өстүрүүчүлөр шериктештигинин өнүгүүсүнө, табигый-климатикалык өзгөчөлүктөрүнө жана башка жергиликтүү шарттарга жараша 3 – 5 м2/киши эсебинде кабыл алуу зарыл. Гүл-оранжерея чарбасынын жалпы аянтын 0,4 м2/киши эсебинде кабыл алуу керек.
7.14 Сейилбактардын аймактарында ар бир сейилбактын уюштурулуусуна жана багытталышына функционалдык жактан ылайык келе турган имараттарды жана курулмаларды курууга мүмкүндүк берилет. Бул объектилер катары коомдук тамактануу ишканалары, көргөзмө залдар, галареялар, музейлер, клубдук, театрдык, дене тарбиялык-спорттук жана маданий-массалык курулмалар болушат. Ошол эле убакта сейилбактын аймагында жайгаштырылуучу мындай объектилердин курулуш аянттары ошол сейилбактын аянтынын 15% ашпашы керек.
Эс алуу жана курорттук чөлкөмдөр
7.15 Кыска убакытка массалык эс алуу чөлкөмдөрүн жайгаштырууну бул чөлкөмдөргө коомдук унаада 1,5 сааттан ашык эмес убакытта жетүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен караштыруу зарыл.
7.16. Эс алуу чөлкөмдөрүнүн аймактарынын өлчөмдөрүн бир келүүчүгө 500 – 1000 м2 эсебинде кабыл алуу керек, анын ичинде активдүү эс алуу үчүн интенсивдүү пайдаланылуучу бөлүгү бир келүүчүгө 100 м2 кем болбоого тийиш. Кыска убакытка массалык эс алуу чөлкөмүнүн жер тилкесинин аянтын 50 га кем эмес кылып кабыл алуу керек.
7.17 Токой-сейил бактарынын чек араларынын, эс алуу жана курорт чөлкөмдөрүнүн жанында жайгаштырылуучу автомобиль токтотуучу жайлардын өлчөмдөрү долбоорлоого берилген тапшырма боюнча аныктоо керек, ал эми маалыматтар жок болгон учурда – 3 тиркемеси боюнча аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
7.18 Курорттук чөлкөм табигый дарылык факторлорго, жагымдуу микроклиматтык, ландшафтык жана санитардык-гигиеналык шарттарга ээ аймактарга жайгаштырылышы керек. Анын аймагында санаторий-курорттук жана ден соолук чыңоочу, эс алуу жана туризм мекемелери, дарылануучулардын жана эс алуучулардын тейлөө ишканалары, калыптанган коомдук борборлор, жалпы курорттук борбор, курортук сейил бактар жана башка жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймактар, пляждар жайгаштырылат.
7.19 Курорттук чөлкөмдөрдү долбоорлоодо төмөнкүлөрдү камтуу керек:
аймактарында ызы-чуунун деңгээли мүмкүн болгон чектеги узак убакытка эс алдыруучу санаторий-курорттук мекемелерди; чоңдор үчүн мекемелерден жазылыгы 100 м кем эмес жашыл тилке менен бөлүнгөн балдар үчүн санаторий-курорттук жана ден соолукту чыңдоо мекемелерин жайгаштырууну;
дарылануучулар жана эс алуучуларды тейлөө менен байланышпаган өнөр жай жана коммуналдык-кампалык объектилерди, турак жай курулушун жана коомдук имараттарды сыртка чыгарууну;
унаа кыймылын чектөөнү жана транзиттик унаа агымын толук жокко чыгарууну.
7.20 Курорттук чөлкөмдүн сыртында жайгашкан бир багыттагы жана профили боюнча жакын санаторий-курорттук, ден соолукту чыңоо мекемелерин медициналык, маданий-тиричилик жана чарбалык тейлөөнү борборлоштурууну камсыз кылуу менен комплекстерге жана бирдиктүү архитектуралык-мейкиндик чечимдерге бириктирүү керек.
7.21 Курорттук чөлкөмдөрдүн жалпы пайдаланылуучу аймактарынын өлчөмдөрүн санаторий-курорттук жана ден соолукту чыңоочу мекемелерде, бир орунга - метр эсебинен, аныктоо зарыл: жалпы курорттук борборлордукун – 10, жашылдандырылгандардыкын – 100.
Ошол эле учурда:
7.21.1 Мурун калыптанган курорттордун, ошондой эле тоо курортторунун чөлкөмдөрүндөгү жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймактардын көлөмүн кичирейтүүгө жол берилет, бирок 50% көп эмес.
7.22. Курорттук чөлкөмдөрдө жана эс алуу чөлкөмдөрүндө жайгашуучу пляждардын аймактарынын өлчөмдөрүн бир келүүчүгө, төмөнкүлөрдөн кем эмес алуу зарыл, м2,:
дарыя жана көлдөрдүкүн ........................................ 8,
дарыя жана көлдөрдүкүн (балдар үчүн) ................ 4.
Айыл чарбага пайдаланууга жарактуу жерлерде жайгаштырылуучу дарыя жана көлдөрдүн пляждарынын өлчөмдөрүн бир келүүчүгө эсептегенде 5 м2 эсебинде алуу керек.
Кыймылы чектелген дарылануучулар үчүн адистештирилген дарылоочу пляждардын аймактарынын өлчөмдөрүн бир келүүчүгө 8 – 12 м2 эсебинде алууга болот.
Бир келүүчүгө туура келүүчү пляждын жээк тилкесинин минималдык узундугун 0,25 м кем эмес алуу керек.
Пляждардагы бир убакта келүүчүлөрдүн санын алардын бир убакта келүү көмөк чоңдугун эске алуу менен эсептөө зарыл:
санаторийлердикин .......................................................... 0,6 – 0,8,
эс алуу жана туризм мекемелериникин ................. ....... 0,7 – 0,9,
балдар лагерлериникин ........................................... ....... 0,5 – 1,0,
жергиликтүү эл үчүн жалпыга пайлануучулардыкын ... 0,2,
жолдомосу жок эс алуучулардыкын ............................... 0,5.
8 Тейлөө мекемелери жана ишканалары
8.1. Тейлөө мекемелерин жана ишканаларын шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарында, аларды калктын жашаган жерине жана ишине жакындатып, коомдук жүргүнчү унаа тарамдары менен байланышта коомдук борборлорду калыптандыруу менен жайгаштыруу зарыл.
Тейлөө мекемелеринин жана ишканаларынын эсептик санын жана алардын жер тилкелеринин өлчөмдөрүн болжолдуу эсептеп чыгарууда Е тиркемеге ылайык жүргүзүү керек.
Бул бөлүмдө жана Е тиркеме камтылбаган тейлөө мекемелерин жана ишканаларын жайгаштырууну, алардын сыйымдуулугун жана жер тилкелеринин өлчөмдөрүн долбоорлоого берилген тапшырмадан алуу зарыл.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
8.2 Жайгаштыруу тутумунун шаар-борборлорунда тейлөө мекемелерин жана ишканаларынын санын, курамын жана сыйымдуулугун аныктоодо чоң, ири жана өтө ири шаар-борборго келүү убактысы 2 сааттан, майда жана орто шаар-борборлорго же борборчолорго келүү убактысы 1 сааттан ашпаган чөлкөмдө жайгашкан башка шаарлардан жана айылдардан келүүчү калкты; тарыхый шаарларда туристтерди кошо, кошумча түрдө эсепке алуу талап кылынат.
8.3 Турак жай курулуштарында жайгашкан мекемелер жана ишканалар менен калкты тейлөө радиусун, эреже катары, 4-таблицада келтирилгенден ашык эмес кабыл алуу керек.
8.4 Имараттардан тейлөө мекемелеринин жана ишканаларынын жер тилкелеринин чек араларына чейинки аралыкты 5-таблицада келтирилгенден кем албоо керек.
4-таблица
Тейлөө мекемелери жана ишканалары | Тейлөө радиусу, м |
Билим берүүчү балдар уюмдары: |
|
шаарларда | 300 |
бир, эки кабат курулуштуу майда шаарларда | 500 |
жалпы билим берүүчү мектептер1 | 750 (500 баштапкы класстар үчүн) |
дене тарбия-ден соолук чыңоочу сабактар үчүн жайлар | 500 |
турак жай райондорунун дене тарбия-спорт борборлору | 1500 |
бейтапканалар жана алардын шаарлардагы филиалдары | 1000 |
сүт ашканасынын таратуучу пункттары | 500 |
ошондой эле, бир жана эки кабат курулуштарда | 800 |
шаарлардагы дарыканалар | 500 |
ошондой эле, бир жана эки кабат курулуштарда | 800 |
жергиликтүү дайындалыштагы соода, коомдук тамактануу жана тиричилик тейлөө ишканалары: шаарлардагы курулуштарда: көп кабаттуу бир, эки кабаттуу айыл конуштарында |
500 800 2000 |
байланыш бөлүмдөрү жана банктардын филиалдары | 500 |
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
5-таблица
Тейлөө мекемелеринин жана ишканаларынын имараттары (жер тилкелери) | Тейлөө мекмелеринин жана ишканаларынын имараттарынан (жер тилкелеринин чек араларынан) аралык, м | ||
Кызыл сызыкка чейин | Турак үйлөрдүн дубалдарына чейин | Жалпы билим берүү мектептеринин, мектепке чейинки балдар жана дарылоочу мекемелердин имараттарына чейин | |
шаарларда | |||
Билим берүүчү балдар уюмдары жана жалпы билим берүүчү мектептер (имараттардын дубалдары) | 25 | Күндүн тийүүсү жана жарыктандыруу ченемдери боюнча | |
Экинчилик чийки заттарды кабыл алуу пункттары | - | 20* | 50 |
Өрт депосу | 10 | - | - |
Мештеринин саны бирден көп болгон крематорийлер
Аянты 20дан 40 га чейин болгон аралаш жана салттуу көрүстөндөр
Аянты 10дон 20 га чейин болгон аралаш жана салттуу көмүү көрүстөнү
Аянты 10 га жана андан аз болгон аралаш жана салттуу көмүүдөгү көрүстөн
Тамак-аш өнүмдөрүн (эт, сүт, кондитер, жашылча, жемиш, суусундук ж.б.), дары-дармек, өнөр жай жана чарбалык товарларын сактоо үчүн кампалар | 6
6
6
6
5 | 1000
500
300
100
50 | 1000
500
300
100
50 |
*Эшиктери жана терезелери менен.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 “Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө” токтомунун 5-тиркемесине ылайык, жаңы курулуштарда, түзүлгөн тар курулуш шарттарында мектепке чейинки балдардын билим берүү уюмдарын турак үйлөргө кошо курулган жана курулуп-жанаша курулган жайларда жайгаштырууга жол берилет.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
9 Унаа жана көчө-жол тарамы
9.1 Шаарларды жана калктуу конуштарды долбоорлоодо пландаштыруучу түзүмү жана ага жанаша жайгашкан аймак менен байланышта, баардык функционалдык чөлкөмдөр, жайгаштыруу тутумунун башка калктуу конуштары, шаардын чет жакасындагы чөлкөмүндө жайгашкан объектилер, сырткы унаа объектилери жана жалпы унаа тарамынын автомобиль жолдору менен ыңгайлуу, тез жана коопсуз унаалык байланыштарды камсыз кылуучу бирдиктүү унаа тутумун жана көчө-жол тарамын түзүү керек.
9.2 Шаарларда жумушта иштеген калктын 90% үчүн жашаган жеринен жумуш ордуларына чейин (бир жагына) убакыт көрсөткүчү (минимум), калкынын саны, төмөндө көрсөтүлгөн шаарлар үчүн төмөнкү маанилерден ашпоосу керек, миң киши:
1000 ........................ 40,
500 .......................... 37,
250 .......................... 35,
100 жана андан аз ... 30.
Шаар-борборго башка калктуу конуштардан жумушка күнүгө келүүчүлөр үчүн жогоруда келтирилген убакыт сарптоо ченемин 2 эседен ашык эмес көбөйтүүгө болот.
9.3 Көчөлөрдүн, жолдордун жана унаалык кесилиштердин тарамынын өткөрүмдүүлүгүн, автомобилдер токтоочу жайларынын санын эсептик мөөнөткө автомобилдештирүү деңгээлинен, 1000 кишиге туура келген автомобилдердин санынан аныктоо керек: 200-250 жеңил автомобилдер, 25 – 40 жүк ташуучу автомобилдер. 1000 кишиге мотоциклдердин жана мопеддердин санын калкынын саны 100 миң кишиден ашкан шаарлар үчүн 50 – 100 бирдикте, ал эми калкынын саны 100 миң кишиге чейин болгон калган калктуу конуштар үчүн – 100 – 150 бирдикте.
Жайгаштыруу тутумунун башка калктуу конуштарынан шаар-борборго келүүчү жана транзиттик унаалардын саны атайын эсептөөлөр менен аныкталат.
Автомобилдештирүүнүн келтирилген деңгээлин жергиликтүү шарттарга жараша азайтып же көбөйтүүгө болот, бирок 20% көп эмес.
Сырткы унаа
9.4 Жүргүнчү бекеттерин (темир жол, автомобиль, суу унаасынын жана учак) шаардын борбору, бекеттер аралык, турак жай жана өнөр жай райондору менен унаа байланышын камсыздагыдай кылып жайгаштыруу керек.
9.5 Жалпы темир жол тарамынын жаңы сорттоочу чордондорун шаарлардын сыртында, ал эми жүргүнчүлүк техникалык чордондорун, кыймылдуу курамдын резервдик паркын, жүк чордондорун жана темир жол, автомобиль унааларынын контейнердик аянтчаларын селитебдик аймактын сыртында жайгаштыруу керек. Селитебдик аймакта жайгашкан көпкө сакталуучу үймө жүктөр үчүн кампаларды жана аянтчаларды коммуналдык-кампалык чөлкөмгө көчүрүү керек.
9.6 Ири жана өтө ири шаарлардын шаардын чет жакасындагы чөлкөмдөрүндө транзиттик поезддерди өткөрүү үчүн жалпы түйүндүк маанидеги сорттоочу жана жүк чордондорун жайгаштыруу менен айланып өтмө жолдорду караштыруу зарыл. Шаардын чет жакасындагы жана шаар ичиндеги жүргүнчүлөр кыймылынын ургаалдуулугу саатына 10 даана поездден көп болсо темир жолдун баш участкаларында кошумча жолдорду, ал эми керек учурларда – шаардагы ылдамдыктуу унаалар менен өз ара байланышты камсыздандыруу менен шаарларда терең кирүүчү темир жолдорду же диаметрлерди караштыруу керек.
9.7 Темир жол линияларынын ар кандай деңгээлдерде кесилишүүсүн линиялардын категорияларына жараша караштыруу керек: I, II –калктуу конуштардын аймактарынан сырткары; III, IV – селитебдик аймактын чегинен сырткары.
Калктуу конуштардын аймактарынын чегинде темир жолдун көчөлөр жана автомобиль жолдору, ошондой эле коомдук жүргүнчү электр унаасынын линиялары менен бир деңгээлде кесилишүүсүн курулуш тармагында аракеттеги ченемдик-техникалык документтерге ылайык караштыруу керек.
9.8 Турак жай курулушун темир жолдордон четки темир жолдун огунан эсептегенде жазылыгы 100 м келген санитардык-коргоочу чөлкөм менен бөлүү зарыл. Темир жолду ойдуңда жайгаштырууда же ызы-чуудан коргоочу атайын иш чараларды көргөндө санитардык-коргоочу чөлкөмдүн жазылыгы кичирейтилет, бирок 50 м көп эмес. Сорттоочу чордондордон турак жай курулушуна чейинки аралык жүк айлантуунун санын, ташылуучу жүктүн өрт-жарылуу коопсуздугун, ошондой эле ызы-чуунун жана жер титирөөлөрдүн мүмкүн болгон деңгээлдерин эске алуу менен кабыл алынат.
Темир жолго тиешелүү тилкеден сырткары санитардык-коргоочу чөлкөмдө автомобиль жолдорун, гараждарды, автомобиль токтоочу жайларды, кампаларды, коммуналдык-тиричилик мекемелерин жайгаштырууга мүмкүндүк берилет. Санитардык-коргоочу чөлкөмдүн 50% кем эмес аянты жашылдандырылууга тийиш. Санитардык-коргоочу чөлкөмдүн бактуу жер тилкелердин чек араларына чейинки жазылыгын 50 м кем эмес алуу керек.
Ушул пункттун жогоруда аталган ченемдери жерге мунапыс берүү объекттерине жайылтылбайт. Жер мунапысынын объекттеринин максаттуу багытын андан ары өзгөртүүгө жол берилбейт.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 12-январындагы № 65-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
9.9 I, II, III категориядагы жалпы тарамдын автомобиль жолдорун курулуш тармагында аракеттеги ченемдик-техникалык документтерге ылайык калктуу конуштарды айланта долбоорлоо керек.
Жалпы тарамдын жолдорун калктуу конуштардын аймактары аркылуу алып өткөндө аларды ушул эрежелер топтомунун талаптарына ылайык долбоорлоо керек.
9.10 Шаардын чет жакасындагы чөлкөмдөрдө шаар магистралдарынын уландысы болгон жана шаар-борбордон сырткаркы массалык эс алуу чөлкөмдөрүнө, аэропортторго жана жайгаштыруу тутумунун башка калктуу конуштарына бирдей өлчөмдөгү эмес унаа агымдарын багыттары боюнча өткөрүүнү камсыз кылуучу автомобиль жолдорун, алга-артка кыймылды эсепке алуу менен, негизги жүрмө бөлүктүн жазылыгын эң чоң сааттык автомобиль агымына ылайыктап долбоорлоо керек.
Шаарлардын чет жакасындагы чөлкөмдөрдө (жайгаштыруу тумунун) автомобиль жолдорунун категорияларын жана параметрлерин ушул курулуш ченеминин сунуш кылынуучу 7-тиркемесине ылайык кабыл алуу зарыл.
9.11 Аэродромдорду жана вертодромдорду курулуш тармагында аракеттеги ченемдик-техникалык документтерге ылайык, учуулардын коопсуздугун, авиашуулдактардын жана электр магниттик нурлануулардын мүмкүн болгон деңгээлин камсыздоочу селитебдик аймактан жана калктын массалык эс алуу чөлкөмдөрүнөн селитебдик аймактар үчүн санитардык ченемдер менен аныкталган аралыкта жайгаштыруу керек.
Келтирилген талаптар аракеттеги аэропорттордун райондорунда жаңы селитебдик аймактарды жана массалык эс алуу чөлкөмдөрүн жайгаштырууда дагы сакталышы шарт.
9.12 Аэродромдордун райондорунда аба кемелеринин учуу коопсуздугуна коркунуч жаратышы же аэродромдордун багыттагыч каражаттарынын кадимкидей иштөөсүнө жолтоо болуусу мүмкүн болгон имараттарды, жогорку чыңалуудагы электр өткөрүүчү линияларды, радиотехникалык жана башка курулмаларды жайгаштырууда аэродромдор карамагында турган ишканалар жана уюмдар менен макулдашуу жүргүзүлүшү керек. Объектилерди жайгаштырууну макулдашуу боюнча талаптар милдеттүү Б тиркемеси келтирилген.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
9.13 Деңиз жана көл портторун селитебдик аймактан сырткары турак жай курулушунан 100 м кем эмес аралыкта жайгаштыруу керек. Ошол эле учурда:
9.13.1 Деңиз портторунун аймактарында сууга түшүүчү жолдорду жана өрт өчүрүүчү машиналар суу алуучу аянтчаларды жайгаштыруу зарыл.
9.13.2 Жүк айлантуусу кичине порттордо жүргүнчү жана жүк райондорун бир эле жүк-жүргүнчү районуна бириктирүүгө жол берилет.
9.13.3 Спорт клубдарына жана жеке жарандарга тиешелүү кичине өлчөмдөгү кемелер үчүн жээктик базаларды жана токтоочу жайларды шаардын чет жаксындагы чөлкөмдөрдө, ал эми шаарлардын чегинде – селитебдик аймактан сырткары жайгаштыруу керек.
Көчөлөрдүн жана жолдордун тарамы
9.14 Калктуу конуштардын көчө-жол тарамын көчөлөрдүн жана жолдордун функционалдык дайындалышын, унаа, велосипед жана жөө жол кыймылынын ургаалдуулугун, аймактын архитектуралык-мерчемдик уюштурулушун жана курулуштун мүнөзүн эсепке алуу менен үзгүлтүксүз тутум түрүндө долбоорлоо зарыл. Көчө-жол тарамынын курамында магистралдык жана жергиликтүү көчөлөрдү, жолдорду, ошондой эле башкы көчөлөрдү бөлүп көрсөтүү керек. Шаарлардын көчөлөрүнүн жана жолдорунун категорияларын 6-таблицада келтирилген классификацияга ылайык дайындоо зарыл.
6-таблица
Көчөлөрдүн жана жолдордун категориялары | Жолдордун жана көчөлөрдүн негизги дайындалыштары |
|
1 | 2 |
|
Магистралдык жолдор: ылдамдыктуу кыймылдагы | Өтө ири жана ири шаарларда алыскы өнөр жай жана пландаштырылуучу райондордун ортосундагы ылдамдыктуу унаа байланышы; сырткы автомобиль жолдоруна, аэропортторго, массалык эс алуу ири чөлкөмдөрүнө жана жайгаштыруу тутумунун калктуу конуштарына чыгуулар. Магистралдык көчөлөр жана жолдор менен кесилишүү ар кандай деңгээлдерде. |
|
жөндөлүүчү кыймылдагы | Шаардын райондорунун ортосундагы айрым багыттарда жана жер тилкелеринде турак жай курулушунан сырткары өткөрүлүүчү, көбүнчө жүк ташуу кыймылы, унаалык байланыш; сырткы автомобиль жолдоруна чыгуучу жолдор; көчөлөр жана жолдор менен бир деңэгэлде кесилишүү. |
|
Магистралдык көчөлөр: жалпы шаардык дайындалыштагы: үзгүлтүксүз кыймылдагы | Өтө ири жана ири шаарлардагы турак жай, өнөр жай райондору менен коомдук борборлор ортосундагы, ошондой эле башка магистралдык көчөлөр, шаардык жана сырткы автомобиль жолдору менен унаалык байланыш. Негизги багыттар боюнча унаанын кыймылын ар кандай деңгээлдерде камсыз кылуу. |
|
жөндөлүүчү кыймылдагы | Турак жай, өнөр жай райондору жана шаардын борбору, пландаштырылуучу райондордун борборлору менен унаалык байланыш; магистралдык көчөлөргө, жолдорго жана сырткы автомобиль жолдоруна чыгуулар. Магистралдык көчөлөр жана жолдор менен бир деңгээлде кесилишүү. |
|
райондук маанидеги: унаалык-жөө жолдук
| Турак жай райондорунун ортосундагы, ошондой эле турак жай жана өнөр жай райондорунун, коомдук борборлордун ортосундагы унаа-жөө жолдук байланыш, башка магистралдык көчөлөргө чыгуулар. |
|
жөө жол-унаалык | Пландаштырылуучу райондун чегинде жөө жолдук-унаалык байланыш (көбүнчө коомдук жүргүнчү унаасы). |
|
Жергиликтүү маанидеги көчөлөр жана жолдор: турак жай курулушун-дагы көчөлөр | Турак жай райондорунун (кичи райондордун) аймагындагы унаалык (жүк жана жүргүнчү ташуучу унааны коё бербей) жана жөө жол байланышы, жөндөлүүчү кыймылдагы магистралдык көчөлөргө жана жолдорго чыгуулар. |
|
Илимий-өндүрүштүк, өнөр жай жана коммуналдык-кампа-лык чөлкөмдөрдөгү (райондордогу) көчөлөр жана жолдор | Чөлкөмдөрдүн (райондордун) чегинде унаалык, көбүнчө жеңил жана жүк ташуучу унаанын, байланыш, магистралдык шаардык жолдорго чыгуулар. Көчөлөр жана жолдор менен кесилишүүлөр бир деңгээлде ишке ашырылат. |
|
жөө жүрүүчү көчөлөр жана жолдор
| Эмгектенген жерлер, тейлөө мекемелери жана ишканалары, алардын ичинде коомдук борборлордун, эс алуучу жана коомдук унаанын аялдама пункттары турган жерлердин чегиндеги жөө жол байланышы. |
|
парк жолдору
| Сейилбактардын жана токой-сейилбактардын аймактарындагы унаалык байланыш көбүнчө жеңил автомобилдер үчүн. |
|
өтмө жолдор
| Райондордун, кичи райондордун, кварталдардын ичиндеги турак жайларга жана коомдук имараттарга, мекемелерге, ишканаларга жана башка шаардык курулуштун объектилерине унаа каражаттарынын баруусу. |
|
велосипед жолчолору | Башка түрдөгү унаа кыймылы трассаларынан бош жолдор боюнча эмгектенүү, эс алуу жерлерине, коомдук борборлорго велосипед менен баруу, ал эми өтө ири жана ири шаарларда – пландаштырылуучу райондордун чегиндеги байланыш. |
|
Ошол эле учурда:
9.14.1 Магистралдык жолдордун негизги жүрмө бөлүгүнүн четинен кызыл сызыкка жана турак жай курулушун жөндөөчү сызыкка чейинки аралыкты 25 м кем эмес кылып кабыл алуу керек.
9.14.2 Башкы көчөлөр унаа-жөө жолдук, жөө жол-унаалык жана жөө жүрүүчү көчөлөрдүн курамынан бөлүнүп көрсөтүлүп, жалпы шаардык борбордун архитектуралык-пландык түзүлүшүнүн негизи болуп саналат.
9.14.3 Шаарлардын чоңдугуна жана пландаштырылуучу түзүмүнө, кыймылдын көлөмүнө жараша жогоруда келтирилген көчөлөрдүн жана жолдордун негизги категорияларын толуктоого же алардын толук эмес курамын колдонууга мүмкүндүк берилет. Эгерде эмгектик которулууларга убакыттын эсептик сарптоолору ушул ченемдердеги аныкталгандардан ашып кетсе, атайын негиздемелер аркылуу ушул таблицада келтирилген калкынын саны көп болгон шаарлардын тобу үчүн магистралдык көчөлөрдүн жана жолдордун категорияларын колдонууга мүмкүндүк берилет.
Кайра куруу шарттарында, ошондой эле райондук маанидеги көчөлөр үчүн троллейбус-жөө жолдук же автобус-жөө жолдук кыймылдарды уюштуруу менен коомдук унаа каражаттарын гана өткөрүүгө арналган магистралдарды же алардын тилкелерин салууга мүмкүндүк берилет.
Тарыхый шаарларда жалпы шаардык борбордун тарыхый өзөгүнүн аймагы аркылуу өтүүчү жер үстүндөгү унаа кыймылынын көлөмүн жокко чыгаруу же кыскартуу керек: айланып өтүүчү магистралдык көчөлөрдү, унаа кыймылы чектелген көчөлөрдү, жөө жүрүүчү көчөлөрдү жана чөлкөмдөрдү; автомобилдер токтоочу жайларды көбүнчө ошол өзөктүн периметри боюнча жайгаштыруу керек.
9.15. Шаарлардын көчөлөрүнүн жана жолдорунун эсептик параметрлерин 7-таблица боюнча кабыл алуу зарыл.
7-таблица
Жолдордун жана көчөлөрдүн категориялары | Кыймылдын эсептик ылдам-дыгы, км/саат | Кыймыл тилкесинин жазылыгы, м | Кыймыл тилкесинин саны | Пландагы эң кичине буру-луу радиусу, м | Эң чоң узата жантайма % | Жан жолдун жөө жүрмө бөлүгүнүн жазылыгы, м |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
Магистралдык жолдор: Ылдамдыктуу кыймылдагы Жөндөлүүчү кыймылдагы |
120
80 |
3,75
3,50 |
4-8
2-6 |
600
400 |
30
50 |
-
- |
Магистралдык көчөлөр: жалпы шаардык маанидеги: үзгүлтүксүз кыймылдагы жөндөлүүчү кыймылдагы райондук маанидеги: унаа-жөө жолдук |
100
80
50 |
3,75
3,50
4.00 |
4-8
4-8
2 |
500
400
125 |
40
50
40 |
4,5
3,0
3,0 |
Жергиликтүү маанидеги көчөлөр жана жолдор: Турак жай курулушундагы көчөлөр илимий-өндүрүштүк райондордун, өнөр жай жана коммуналдык-кампалык райондордун көчөлөрү жана жолдору сейилбактагы жолдор |
40 30 50 40
40 |
3,00 3,00 3,50 3,50
3,00 |
2-3* 2 2-4 2
2 |
90 50 90 50
75 |
70 80 60 70
80 |
1,5 1,5 1,5 1,5
- |
Жүрмө жолдор: негизги негизги эмес |
40 30 |
2,75 3,50 |
2 1 |
50 25 |
70 80 |
1,0 0,75 |
Жөө жүрмө көчөлөр: негизги негизги эмес |
- - |
1,00 0,75 | эсептөө боюнча |
- - |
40 60 | долбоор боюнча |
Велосипед жолдору: өзгөчөлөнгөн обочолонгон |
20 30 |
1,50 1,50 |
1-2 2-4 |
30 50 |
40 30 |
- - |
Эскертүү.
1. Тротуардын жөө жүрүүчүлөр өтүүчү бөлүгүнүн туурасы жөө жүрүүчүлөр адам/саат интенсивдүүлүгүнө жараша кабыл алынышы керек.
2. №7-таблицада көрсөтүлбөгөн шаарлардагы жана калктуу конуштардагы көчөлөрдүн жана жолдордун эсептик параметрлерин, Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган ушул сыяктуу Курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык км/саат кыймылдын эсептик ылдамдыгына жараша кабыл алуу зарыл.
Велосипед жолчолорун жолдун жүрмө бөлүгүнө жайгаштырууга жол берилбейт.
*Бир тилкени жеңил автомобиль токтоочу жайлар үчүн колдонууну эсепке алуу менен.
Ошол эле учурда:
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
9.15.1 Көчөлөрдүн жана жолдордун жазылыгы унаанын жана жөө кишилердин кыймылынын ургаалдуулугуна, санитардык-гигиеналык талаптарды жана жарандык коргонуунун талаптарын эске алуу менен элементтердин (жүрмө бөлүктөрдүн, жер алдындагы коммуникацияларды жаткыруу үчүн техникалык тилкелердин, жан жолдордун, өсүмдүктөрдүн ж.б.) туура кесилиш профилинде жайгаштырылуучу курамына жараша эсептеп чыгаруу менен аныкталат. Кызыл сызыктардагы көчөлөрдүн жана жолдордун жазылыгы, м, төмөнкүчө кабыл алынат: магистралдык жолдордуку- 50-80; магистралдык көчөлөрдүкү – 40-80; жергиликтүү маанидеги көчөлөрдүкү жана жолдордуку – 15-25. Техникалык тилкенин, ошондой эле бөлүүчү тилкелердин жазылыгы курулуш тармагында аракеттеги ченемдик-техникалык документтерге жана долбоорлоого тапшырмага ылайык аныкталат.
9.15.2 Татаал рельеф же кайра куруу шарттарында, ошондой эле жогору баалуулуктагы шаар куруу аймактары менен чөлкөмдөрдө пландагы бурулуу радиустарын кичирейтүү жана узата жантаймаларын жогорулатуу менен ылдамдыктуу кыймылдагы жолдор жана үзгүлтүксүз кыймылдагы көчөлөр үчүн эсептик ылдамдыкты 10 км/саатка азайтууга жол берилет.
9.15.3 Чоң, ири жана өтө ири шаарлардагы магистралдык көчөлөрдө жана жолдордо автобустар жана троллейбустардын жүрүүсү үчүн жазылыгы 4 м болгон четки тилкени караштыруу керек; кыймылдын “кызуу маалында”, ургаалдуулугу 40 бирдик/сааттан көп болгондо автобустарды өткөрүү үчүн, ал эми кайра куруу шарттарында – 20 бирдик/сааттан көп болгондо жазылыгы 8-12 м келген өзүнчө жүрмө бөлүктү салууга жол берилет.
Көбүнчө жүк ташуучу автомобилдер жүргөн магистралдык жолдордо кыймыл тилкесинин жазылыгын 4 м чейин чоңойтууга жол берилет.
9.15.4 I В климатикалык кичи райондордо магистралдык көчөлөрдүн жана жолдордун жүрмө бөлүктөрүнүн узатасынан эң чоң жантаймаларын 10% азайтса болот. Көчөлөрдүн жана жолдордун жүрмө бөлүктөрүнүн чегинде кышы бою 600 м3/м ашык көлөмдөгү кар үйлөөчү жерлерде карды үйүү үчүн жазылыгы 3 м чейин болгон тилкелерди караштыруу керек.
9.15.5 Жан жолдордун жана жолчолордун жөө жүрмө бөлүктөрүнүн жазылыгына күркөлөрдү жана отургучтарды ж.б. жайгаштырууга керектүү аянттар кирбейт.
9.15.6 I В климатикалык кичи райондорунда 200 м3/м ашык көлөмдөгү кар үйлөөчү жерлерде магистралдык көчөлөрдүн жан жолдорунун жазылыгын 3 м кем эмес кылып алуу зарыл.
9.15.7 Жергиликтүү маанидеги көчөлөрдө кайра куруу шарттарында, ошондой эле эки багытта эсептик жөө жүрүү кыймылы 50 киши/сааттан аз болгондо жазылыгы 1м болгон жан жолдорду жана жолчолорду салууга жол берилет.
9.15.8 Жан жолдор имараттардын дубалдарына, тирөөч дубалчаларга же тосмолорго тикелей барып такалган учурларда алардын жазылыгын 0,5 м кем эмес кылып чоңойтуу зарыл.
9.15.9 Келечектеги курулуш үчүн аймактарды жана жер алдындагы мейкиндиктерди милдеттүү түрдө резервдөө менен, унаа жана жөө кыймылдарынын таасын өлчөмдөрүн көңүлгө алып, магистралдык көчөлөрдүн жана жолдордун, унаалык кесилиштердин эсептик параметрлерине баскыч-баскыч менен жетүүнү караштырууга жол берилет.
9.15.10 Майда, орто жана чоң шаарларда, ошондой эле кайра калыбына келтирүү шарттарында унаа кыймылын бир багытта уюштурууда жалпы шаардык маанидеги магистралдык көчөлөрдү долбоорлоо үчүн райондук маанидеги магистралдык көчөлөрдүн параметрлерин колдонууга жол берилет.
Көчөлөрдүн, жергиликтүү же каптал өтмөлөрдүн негизги жүрмө бөлүктөрүнүн четтеринен кызыл сызыкка же курулуш сызыгына чейинки аралыкты 25 м ашык албоо керек. Бул көрсөтүлгөн аралыктан ашып кеткен учурларда курулуш сызыгынан 5 м жакын болбогон аралыкта өрт өчүрүүчү машиналар өтүүгө жарактуу болгон жазылыгы 6 м болгон тилкени караштыруу зарыл.
9.16 Туюк көчөлөрдүн жана жолдордун жүрмө бөлүктөрүнүн аягында автомобилдердин кайрылуусу үчүн диаметри 16 м кем болбогон жана коомдук жүргүнчү унаа каражаттарынын акыркы пункттарын уюштурууда алардын кайра кайрылуусу үчүн диаметри 30 м кем болбогон аянтчаларды куруу керек. Бурулуучу аянтчаларды автомобиль токтоочу жай катары колдонууга тыюу салынат.
9.17 Жөндөлүүчү кыймылдуу магистралдык көчөлөрдө бөлүүчү тилкелер менен ажырымдалган велосипед жолчолорун караштырууга жол берилет. Калктын массалык эс алуу чөлкөмдөрүндө жана башка жашылдандырылган аймактарда көчөлөрдөн, жолдордон жана жөө кыймылынан обочолонгон велосипед жолчолорун караштыруу керек. Велосипед жолчолору бир же эки багыттуу болуп салынышы мүмкүн, веложолчонун четинен эң кичине коопсуз аралыкта, м: жүрмө бөлүккө, таянычтарга, бактарга чейин – 0,75; жан жолдорго чейин – 0,5; автомобиль токтоочу жайларга жана коомдук унаанын аялдамаларына чейин – 1,5.
Велосипед тилкелерин көчөлөрдүн жана жолдордун жүрмө бөлүктөрүнүн чети менен, аларды кош сызык аркылуу бөлүп белгилөө менен, уюштурууга жол берилет. Тилкенин жазылыгы унаа агымы менен бир багытта болгондо 1,2 м кем эмес, каршы багытта болгондо 1,5 м кем болбоого тийиш. Жан жолду бойлото салынган велосипед тилкесинин жазылыгы 1 м кем болбоосу зарыл.
9.18 Жан жолдордун жана бөлүүчү тилкелердин чекеси боюнча көчөлөрдүн жана жолдордун жүрмө бөлүктөрүнүн бурулуу радиустарын, м, төмөнкүлөрдөн кем эмес кабыл алуу керек: жөндөлүүчү кыймылдуу магистралдык көчөлөр жана жолдор үчүн – 8, жергиликтүү маанидегилер үчүн – 5; унаа аянттарында – 12. Кысталыш шарттарда жана кайра курууда магистралдык көчөлөрдүн жана жолдордун жөнгө салуу кыймылынын бурулуу радиустарын кеңейтүүгө жол берилет, бирок 6 м ден кем эмес, унаа аянттарында – 8 м алуу керек.
Жээк таш тосмолору жокто, ошондой эле бурулуштун минималдык радиусун колдонгон учурларда көчөлөрдүн жана жолдордун жүрмө бөлүктөрүнүн жазылыгын капталдардагы бөлүүчү тилкелердин же сырт жагынан кеңейтүүнүн эсебинен кыймылдын ар бир тилкесине 1 м кошуу менен чоңойтуу керек.
Бул учурда коомдук унаа (троллейбус, автобус) үчүн бурулуу радиустары унаанын бул түрүн пайдалануунун техникалык талаптарына ылайык аныкталат.
9.19 Жөндөлбөөчү кесилиштерде жана көчөлөрдүн, жолдордун кошулуштарында, ошондой эле жөө жол өтмөктөрүндө көрүү үч бурчтуктарын караштыруу керек. 40 жана 60 км/саат кыймыл ылдамдыктарында “унаа-унаа” шарттары үчүн тең капталдуу үч бурчтуктун жактарынын өлчөмдөрү тиешелүү түрдө 25 жана 40 м кем болбоого тийиш “Жөө жүргүнчү-унаа” шарттары үчүн көрүү тик бурчтуу үч бурчтугунун өлчөмдөрү, (м), унаанын кыймылынын ылдамдыгы 25 жана 40 км/саат болгондо тиешелүү түрдө 8х40 жана 10х50 болушу керек.
Көрүү үч бурчтуктарынын чегинде имараттарды, курулмаларды, көчмө предметтерди (күркөлөрдү, фургондорду, жарнамаларды, кичи архитектуралык формаларды ж.б.), бийиктиги 0,5 м ашык бактарды жана бадалдарды жайгаштырууга жол берилбейт.
Турукташып калган капиталдык курулуштар шарттарында, керектүү көрүү үч бурчтуктарын уюштурууга мүмкүндүк бербеген, унаа жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуз кыймылын жөндөө каражаттарынын жана атайын техникалык жабдуулардын жардамы менен камсыздоо зарыл.
9.20 Селитебдик райондордо карылар жана майыптар үчүн үйлөрдө, саламаттык сактоо жана башка калк массалык түрдө каттай турган мекемелерде механикалык майыптар коляскалары өтүүгө боло турган жөө жолдорду салуу зарыл. Ошол эле учурда жолду бойлото жайгашкан вертикалдык тоскоолдуктардын (жээк таштар) бийиктиги 5 см ашпашы керек; кыска тик (100 %о ашык) рампаларга, ошондой эле жан жолдордун жана жөө жолдордун 50 %о ашык узата жантаймаларына жол берилбейт. 30 – 60 %о узата жантаймалуу жолдордо 100 м ашык эмес аралыкта узундугу 5 м кем болбогон горизонталдык жер тилкелерин салуу зарыл.
9.21 Курулган аймактардын чегинде жөндөлүүчү кыймылдуу магистралдык көчөлөрдө жана жолдордо 200 – 300 м интервалда бир деңгээлде жөө өтмөктөрдү караштыруу керек.
Шатылар жана пандустар менен жабдылган ар кандай деңгээлдеги жөө өтмөктөрдү төмөнкү интервалдарда куруу зарыл:
ылдамдыктуу кыймылдагы жолдордо, ылдамдыктуу трамвай жана темир жол линияларында - 400–800 м;
үзгүлтүксүз кыймылдагы магистралдык көчөлөрдө – 300-400 м.
Ошол эле учурда:
9.21.1 Жөндөлүүчү кыймылдагы магистралдык көчөлөрдө жүрмө бөлүктөр аркылуу өтүүчү жөө жүрүүчүлөрдүн саны 3000 киши/саат ашык болсо, жөө өтмөктөрдү ар кандай деңгээлде куруу мүмкүнчүлүгү берилет.
9.21.2 Административдик жана соода борборлорунун, мейманканалардын, театрлардын, көргөзмөлөрдүн жана базарлардын жанындагы жөө өтмөктөрдү салууну жөө жүрүүчүлөр агымынын жыштыгы “кызуу маалда” 0,3 киши/м2 ашык эмес камсыздоо шартынан; заводдордун алдындагы аянттарда, спорт-оюн зоок мекемелеринин, кинотеатрлардын, бекеттердин жанында 0,8 киши/м2 шартынан долбоорлоо керек.
Коомдук жүргүнчүлөр унаасынын жана жөө кыймылдарынын тарамы
9.22 Коомдук жүргүнчүлөр унаасынын түрүн эсептик жүргүнчүлөр агымдарынын жана жүргүнчүлөрдүн жүрүүлөрүнүн узактыгынын негизинде тандоо зарыл. Унаанын ар кандай түрлөрүнүн ташуу жөндөмдүүлүгү, түзмөктөрдүн жана курулмалардын (платформалар, олтургузуу аянтчалары) параметрлери жер үстүндөгү унаанын кадимки түрлөрү үчүн жүргүнчүлөр салонунун төшөлмөсүнүн ээн аянтын кыймылдуу курамдын эсептик мөөнөткө толтуруусу 4 киши/м2 жана ылдамдыктуу унаа үчүн – 3 киши/м2 ченеминде аныкталат.
9.23 Жер үстүндөгү коомдук жүргүнчү унаа линияларын магистралдык көчөлөрдө жана жолдордо унаа курулмаларына ченемдердин талаптарына ылайык жүрмө бөлүктүн бөлүнгөн тилкесинде же өзгөчөлөнгөн тилкеде, унаа каражаттарынын кыймылын жалпы агымда уюштуруу менен кабыл алуу зарыл.
Ошол эле учурда:
9.23.1 Жалпы шаардык борбордун тарыхый өзөгүндө коомдук жүргүнчү унаанын аялдамаларына жөө жүрүүчүлөрдүн ченемдик жетүү мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоо мүмкүн болбой калган учурда унаанын атайлаштырылган түрүнүн жергиликтүү тутумун (жөө жүрүү, велосипед менен жана башка түрлөрүн) уюштурууга жол берилет.
9.23.2 Аянты 100 га ашык болгон магистралдар аралык аймактар, кайра куруу шарттарында 50 га ашык аймактар аркылуу жөө жол-унаа көчөлөрү же өзгөчөлөнгөн тилке боюнча коомдук жүргүнчү унаа линияларын салууга жол берилет. Коомдук унаа каражаттар кыймылынын ургаалдуулугу эки багытта 30 бирдик/саат, ал эми эсептик кыймыл ылдамдыгы 40км/саат ашпашы керек.
9.23.3 Курулган аймактардагы жер үстүндөгү коомдук жүргүнчү унаа тарамдарынын линияларынын жыштыгын функционалдык колдонууларга жана жүргүнчү агымдарынын ургаалдуулугуна жараша 1,5-2,5 км/км2 чегинде кабыл алуу зарыл.
Ири жана өтө ири шаарлардын борбордук райондорунда бул тарамдын жыштыгын 4,5 км/км2 чейин чоңойтууга жол берилет.
9.24 Коомдук жүргүнчү унаанын эң жакынкы аялдамаларына чейин жөө басып баруу узактыгын 500 м ашык кылбоо керек; бул аралыкты I A, I Г климатикалык кичи райондорунда 300 м чейин, IV климатикалык райондордо 400 м чейин азайтуу керек.
Жалпы шаардык борбордо коомдук жүргүнчү унаанын эң жакынкы аялдамасына чейин жөө жүрүүчү жолдун узактыгы массалык түрдө баруучу объектилерден 250 м; өндүрүш жана коммуналдык-кампалык чөлкөмдөрдө - ишканалардын кире беришинен 400 м; массалык эс алуу жана спорт чөлкөмдөрүндө башкы кире бериштен – 800 м алыс болбоого тийиш.
Татаал рельефтерде, атайын көтөрүүчү жүргүнчү унаа жок болгон учурда, жогоруда келтирилген аралыкты рельефтин ар бир 10 м ашып өтүлүүчү өзгөрүлүүсүнө 50 м азайтууга болот.
9.25 Калктуу конуштардын аймактарынын чегинде коомдук жүргүнчү унаанын линияларындагы аялдама пункттарынын ортосундагы аралыкты төмөнкүчө кабыл алат: автобус жана троллейбустар үчүн 400-600 м; экспресс автобустар үчүн – 800-1200 м; электрлештирилген темир жолдор үчүн – 1500-2000 м.
9.26 Которуп олтургузуучу түйүндөрдө эсептик жүргүнчү агымдарына көз карандысыз эле жүргүнчүлөрдү кайра олтургузууга кеткен которулуулардын убактысы, унааны күтүү убактысын эсепке албаганда, 3 мүнөттөн ашпашы керек. Кайра олтургузуучу түйүндөрдүн коммуникациялык элементтерин агымдардын кыймылынын эсептик жыштыгын, киши/м2, камсыздоо шартынан төмөнкү маанилерден кем эмес кылып долбоорлоо зарыл: 1,0 – бир багыттагы кыймылда; 0,8 – каршы кыймылда болгондо; 0,5 – кесилишүү жерлеринде бөлүштүрүүчү аянтчаларды курууда; 0,3 – көчөдөн сырткаркы ылдамдыктуу унаанын линияларында борбордук жана аяккы которулуп олтуруу түйүндөрүндө.
Унаа каражаттарын сактоо, тейлөө үчүн курулмалар жана түзмөктөр
9.27 Селитебдүү аймактарда коомдук жана турак жай имараттарынын алдындагы жер астындагы мейкиндиктерде, ошондой эле кварталдардын, кичи райондордун чектериндеги үй жанындагы аймактарда жеке жеңил автомобилдердин эсептик санынын 100% дан кем эмесин кароо зарыл.
Көп ярустуу унаа токтотуучу жайларда жана ачык аянттарда жөө басууга жеткиликтүүлүк 800 метрден көп эмес, ал эми реконструкциялоо же гидрогеологиялык абалы жагымсыз райондордо 1500 метрден көп эмес.
Алардын ичинен төмөнкүлөрдү караштыруу зарыл, аны менен бирге %:
Турак жай райондору (кварталдар, кичи райондор) 50
өндүрүштүк жана коммуналдык-кампа зоналары (райондор) 10
жалпы шаардык жана адистештирилген борборлор 25
массалык кыска мөөнөттүү эс алуу зоналары 15
Шаарларда жана шаар тибиндеги калктуу конуштарда машина орундарын жайгаштыруу үчүн жашаган жерине жакын жайгашкан унаа токтотуучу жайларда (унаа токтотуучу жайлар, жер астындагы унаа токтотмо жайлары, унаа токтотмолору, гараждар, гараждар-туруктар) автотранспортун туруктуу жана убактылуу сактоо үчүн орундар каралышы керек.
Автотоктотмолор: жеңил автомобилдерди жана башка мототранспорт каражаттарын (мотоциклдерди, мотороллерлерди, мотоколяскаларды, мопеддерди, скутерлерди ж.б.) сактоо (турук) үчүн арналган имараттар, курулмалар (имараттын, курулманын бөлүктөрү) же атайын ачык аянтчалар болушу мүмкүн.
Автомобилдерди жана башка мототранспорт каражаттарын туруктуу (узак мөөнөттүү) сактоо - бул автотранспорт каражаттарын конкреттүү Автоунаа ээлерине бекитилген унаа токтотуучу жайларда 12 сааттан ашык сактоо.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
9.27.1 Турак жай курулуш зоналарында калктын жеңил автомобилдерин туруктуу жана убактылуу сактоо үчүн жөө басууга жетүү 800 метрден ашпаган, ал эми реконструкциялоо райондорунда - 1200 метрден ашпаган токтотуучу жайлар каралат.
Турак жай курулушунун аймагында турак жай курулушуна келүүчүлөрдүн автотранспортун убактылуу сактоо үчүн арналган туруктар 1000 тургунга 30 машина-орундан кем эмес эсебинде кароо сунушталат.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
9.27.2 Автомобилдерди убактылуу жана туруктуу сактоо үчүн ачык туруктар турак жай райондору жана кичи райондор менен чектешкен көчөлөрдүн жана жолдордун жүрүүчү бөлүгүнөн сырткары жайгаштыруу каралат.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
9.27.3 Турак-жай зоналарынын, анын ичинде турак-жай райондорунун, кичи райондордун аймактарында коомдук жана турак-жай имараттарынын алдындагы жер астындагы, жер үстүндөгү жана көп ярустуу мейкиндиктерде, ошондой эле кварталдардын, кичи райондордун жана автомобилдердин жер үстүндөгү токтоочу жайларынын чегинде үй алдындагы аймактарда эсептешүү мөөнөтүнө кабыл алынган автомобилдештирүүнүн деңгээлин эске алуу менен 7.1-таблицага жана З) тиркемесине ылайык автомобилдерди туруктуу жана убактылуу сактоо үчүн орундарды кароо сунушталат.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
Турак жай имараттары үчүн машина-орундун саны Таблица 7.1
Турак жай менен камсыз болуу деңгээли боюнча турак үйдүн тиби | Квартирага автотранспортту, машина орундарын сактоо |
18 кв м \адам жана жогору | 1,7 |
18 кв м \адам | 1,0 |
18 кв м\адамдан кем | 0,7 |
Эскертүү: 1. КР КЭ 35-101:2018 талаптарына ылайык эс алуу аянтчаларын жайгаштыруу жана ыкмаларды уюштуруу шартта жөө адамдар жете турган радиуста турак жай курулушунун жер участогунан тышкары жеке транспортту сактоо үчүн, анын ичинде ДМЧА үчүн машина-орундарды жайгаштырууга жол берилет. 2. 5 кабаттан жогору турак жай имараттарын жана комплекстерин долбоорлоодо жер астындагы гараждарда жана унаа токтотуучу жайларда автотранспорт каражаттарын сактоо үчүн каралган орундар багытын өзгөртүүгө жатпайт. | |
Кичи райондорду, ири жана ири шаардык калктуу конуштардын кварталдарын долбоорлоодо автомобилдерди сактоочу жайлардын санын, эсептик мөөнөттө автомобилдештирүүнүн деңгээлине жараша, 1000 адамга 350 жеңил машина аныктоо керек.
Сактоо үчүн орундарга болгон жалпы муктаждыкты аныктоодо башка жеке транспорт каражаттарын (Мотоциклдер, мотороллерлер, мотоколяскалар, мопеддер) да эске алуу керек, мында аларды бир эсептик түргө (жеңил автомобилге) келтирүү төмөнкү коэффициенттерди колдонуу менен жүргүзүлөт: долбоорлоого тапшырма боюнча
Мотоциклдер жана мотороллерлер
Коляскасы менен, мотоколяскалар 0,5
Мотоциклдер жана мотороллерлер коляскасыз 0,25
Мопеддер жана велосипеддер 0,1
Турак жай жана коомдук имараттарга (жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарын кошпогондо) кошо курулган же курулуп-жанаша курулган жабык типтеги жеңил автомобилдер үчүн туруктар КР КЧ 31-12:2018 талаптарына ылайык аткарылышы керек.
Майыптарга тийиштүү автомобилдерди жана башка мототранспорттук каражаттарды сактоо үчүн туруктар КР КЭ 35-101:2018 ылайык жөө басып жетүү радиусунда каралуусу тийиш.
Эскертүү – Жагымсыз жагдайы бар, автомобилдердин жер астындагы токтоочу жайларын орнотуу мүмкүнчүлүгүн чектеген же жокко чыгарган райондордо, ушул пункттун биринчи абзацынын талабы спорттук жана чарбалык аянттар үчүн чатырды пайдалануу менен жер үстүндөгү жана жер астындагы курулмаларды куруу аркылуу камсыз кылынууга тийиш.
«9.27.4 Жеңил автомобилдерди туруктуу жана убактылуу сактоо үчүн арналган автомобилдердин жер үстүндөгү, жер астындагы гараж-турук жайларын, ачык аянттарын жайгаштырууну, шаар куруу кырдаалын, курулуш участогунун архитектуралык-пландоо чечимин эске алуу менен тандоо керек.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
9.28 Жеңил автомобилдер токтоочу жайлардын эсептик ченемдерин сунушталуучу 8-тиркемеге ылайык кабыл алууга жол берилет.
9.29 Кабаттуулугуна жараша жеңил автомобилдердин гараждарынын жана токтоочу жайларынын жер тилкелеринин өлчөмдөрү, 1 машина-орунга, м2:
гараждар үчүн:
бир кабаттуу.......................................... .30;
эки кабаттуу ......................... .................. 20;
үч кабаттуу ........................... .................. 14;
төрт кабаттуу ........................ ................. 12;
беш кабаттуу жана андан көп (бийиктиги 28 м чейин)......... 10;
жер үстүндөгү токтоочу жайлар үчүн ...25.
9.30 Гараждарга кирүүчү жана алардан чыгуучу жердеги аралыкты төмөнкүчө кабыл алуу керек: магистралдык көчөлөрдүн кесилишинен – 50 м; жергиликтүү маанидеги көчөлөрдүн кесилишинен – 20 м; коомдук жүргүнчү унаанын аялдама пункттарынан – 30 м.
Долбоордо санитардык шарттарды жакшыртуу боюнча атайын иш чаралар каралгандан сырткаркы учурларда жеңил автомобилдердин жер алдындагы гараждарына кирүүчү жана алардан чыгуучу жерлер турак үйлөрдүн терезелеринен жана жалпы билим берүүчү мектептердин, мектепке чейинки балдар мекемелеринин жана дарылоочу мекемелердин жер тилкелеринен 15 м кем эмес аралыкта болуусу керек.
Жер алдындагы гараждардын желдетүүчү шахталары курулуш тармагында иштеп жаткан ченемдик-техникалык документтерге ылайык каралышы зарыл.
Өрттүн жайылуусун чектөө максатында функционалдык өрт коопсуздугу башка класстагы имараттарга киргизилген же курулган унаа токтоочу жайлар үчүн унаа токтоочу жайлардын проемунан башка багыттагы имараттардын терезелеринин астына чейин 4 м кем эмес аралыкта болуусун камсыз кылуу керек же унаа токтоочу жайдын премдорунун асты жагына күйбөй турган материалдардан жасалган кеңдиги 1м кем эмес туюк калканч каралышы керек.
9.31 Атайын дайындалыштагы ведомстволук жана жеңил автомобилдердин, жүк ташуучу автомбилдердин, таксилердин, кире автомобилдеринин гараждарын, автобус жана троллейбус парктарын, ошондой эле автомобилдерди борборлоштуруп техникалык тейлөө базаларын жана автомобилдерди кирелөө пункттарын, алардын жер тилкелеринин өлчөмдөрүн сунушталуучу И-тиркемеге ылайык кабылдап, өндүрүш чөлкөмдөрүнө жайгаштыруу керек.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
9.32 Жеңил автомобилдерди туруктуу жана убактылуу сактоо үчүн дайындалган жер үстүндөгү жана жер үстү-астындагы гараждардан, техникалык тейлөө чордондорунан турак үйлөргө жана коомдук имараттарга, ошондой эле селитебдик аймактарда жайгашуучу мектептерге, балдар бакчаларына жана стационардык типтеги дарылоочу мекемелерге чейинки аралыкты түзүлгөн таасын шаар куруу кырдаалына карата 8-таблицага ылайык кабыл алуу зарыл.
Келген меймандардын жеңил автомобилдерин убактылуу токтотууга (меймандык унаа токтоочу жайлар) арналган ачык аянттар.
8-таблица
Аларга чейинки ажырым аныкталып жаткан объектилер | Аралык, м | ||||
Сыйымдуулугу төмөнкүдөй болгон ачык автомобиль токтоочу жайлар жана паркингдер, машина-орун | |||||
10 жана андан аз | 11 -50 | 51 -100 | 101 -300 | 300дөн көп | |
Турак үйлөрдүн бет маңдайлары жана терезелери менен тумшук жактары | 10 | 10
| 15
| 25
| 35 |
Турак үйлөрдүн терезелери жок тумшук жактары | 10 | 10 | 15 | 20 | 25
|
Мектептердин, бала бакчалардын, кесиптик-техникалык билим берүү уюмдарынын, техникумдардын, эс алуу, оюн жана спорт, балдар аянтчаларынын аймактары | 10 | 10 | 15 | 25 | 25 |
Стационардык типтеги дарылоо мекемелеринин, жалпы колдонуудагы спорт курулмалары, калктын эс алуу жайларынын (бакчалар, скверлер, сейилбактар) аймактары |
25 |
50 |
эсеп менен |
эсеп менен |
эсеп менен |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3.Автоунаага май куюучу жайлар 1200 женил автомобилге май куюучу колонка эсебинде долбоорлоо керек, май куюучу жайлар үчүн жер тилкелеринин өлчөмү, га:
2 колонкага .................0,1
5 колонкага .................0,2
7 колонкага .................0,3
9 колонкага .................0,35
11 колонкага ...............0,4
10 Инженердик жабдуулар
Суу менен камсыздоо жана суу агындылоо
10.1 Сууну тазалоочу чордондор үчүн жер тилкелеринин өлчөмдөрүн, алардын өндүрүмдүүлүгүнө жараша, долбоор боюнча, бирок төмөнкүлөрдөн кем эмес кылып алуу керек, миң м3/сутка, га:
0,8 чейин ............................... 1,0;
0,8 ден 12 чейин .................... 2,0;
12 ден 32 чейин ..................... 3,0;
32 ден 80 чейин ..................... 4,0;
80ден 125 чейин ................... 6,0;
125тен 250 чейин ................. 12,0;
250дөн 400 чейин ................. 18,0;
400дөн 800чейин .................. 24,0.
10.2. Суу агындылоонун суу тазалоочу курулмаларынын жер тилкелеринин өлчөмдөрүн 9-таблицадагыдан көп эмес кылып алуу зарыл:
9-таблица
Суу агындылоонун тазалоочу курулмаларынын өндүрүмдүүлүгү, м3/сутка | Жер тилкелеринин өлчөмдөрү, га | ||
тазалоочу курулмалардын | тундурма аянтчалардын | тереңдикте тазалоочу биологиялык көлмөлөрдүн | |
0,7 чейин | 0,5 | 0,2 | - |
0,7ден 17 чейин | 4,0 | 3,0 | 3,0 |
17ден 40 чейин | 6,0 | 9,0 | 6,0 |
40тан 130 чейин | 12,0 | 25,0 | 20,0 |
130дан 175 чейин | 14,0 | 30,0 | 30,0 |
175тен 280 чейин | 18,0 | 55,0 | - |
10.3 Жергиликтүү суу агындылоо тутумдарынын жана алардын санитардык-коргоочу чөлкөмдөрүнүн жер тилкелеринин өлчөмдөрүн кыртыштарынын шарттарына жана агынды суулардын көлөмүнө жараша, бирок 0,25 га ашык эмес алуу керек.
10.4 Канализациянын борборлоштурулган системасы жок болгон учурда санитардык-эпидемиологиялык кызматтын жергиликтүү органдары менен макулдашуу боюнча куюучу станцияларды жана чуңкурларды кароого жол берилет.
Куюучу станцияларга жана алардын санитардык-коргоо зоналарына бөлүнүүчү жер участокторунун өлчөмдөрү колдонуудагы ченемдик документтерге ылайык кабыл алынышы керек.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
Санитардык тазалоо
10.5 Калкынын саны 250 миң кишиден ашкан шаарлар жана республикалык маанидеги курорттор үчүн тиричилик калдыктарын өнөр жайлык кайра иштетүү боюнча ишканаларды жана таштанды кайра иштетүүчү ишканаларды куруу зарыл.
Тиричилик калдыктарынын ченемдерин сунушталган 10-тиркемеге ылайык кабыл алууга жол берилет.
10.6 Тиричилик калдыктарын ташуу, зыянсыздандыруу жана кайра иштетүү боюнча ишканалардын, курулмалардын жана башка объектилердин, алардын санитардык-коргоочу чөлкөмдөрүнүн жер тилкелеринин өлчөмдөрүн төмөнкүчө кабыл алуу керек:
I класс – санитардык-коргоочу чөлкөмү 1000 м:
1) Катуу тиричилик калдыктардын жакшыртылган төгүндүлөрү.
2) Акыр-чикирлерди жок кылуу талаасы жана айдап салуу талаасы.
3) Аңдарга көмүү менен мал өлүкканалары.
4) Малдын өлүктөрүн жана конфискаттарды жок кылуу үчүн кайра иштетүүчү заводдор.
5) Кайра иштетилбеген катуу өнөр жай калдыктары үчүн жакшыртылган төгүндүлөр.
6) Кубаттуулугу жылына 40 миң тоннадан ашык болгон таштанды өрттөгүч жана таштанды кайра иштеткич объектилер.
II класс – санитардык-коргоочу чөлкөмү 500 м.
1) Кубаттуулугу 40 миң тоннага чейин болгон таштанды өрттөгүч жана таштанды кайра иштеткич объектилер.
2) Катуу тиричилик калдыктарын чиритүүчү полигондор жана жер тилкелери.
3) Биологиялык камералары менен мал өлүкканалары.
4) Агызгыч чордондор.
III класс – санитардык-коргоочу чөлкөмү 300 м.
1) Кайра иштетилүүчү чийки заттарды жыйноо боюнча борбордук базалар.
2) Калдыктарды пайдалануу менен демканалар жана күнөсканалар үчүн жер тилкелери.
3) Кыксыз жана заңсыз калдыктарды чиритүү.
IV класс – санитардык-коргоо чөлкөмү 100 м.
Таштанды кайра жүктөөчү чордондор.
Суюк жана газ автоотуну менен жүк ташуучу жана жеңил автоунааны камсыздандыруу үчүн автоотун камсыздандыргыч чордондору.
V класс - санитардык-коргоо чөлкөмү 50 м.
Жеңил автомобилдерди тейлөөчү 5 постко чейинки техникалык тейлөө чордондору (майлап-түздөө жумуштарысыз).
Тейлөө объектилери (дүкөндөр, кафелер) менен, бензиндин буусун айландыруучу тутуму менен жабдылган жеңил автомобилдер үчүн автоотун камсыздандыргыч чордондору.
10.6.1 Акыр-чикирлерди жок кылуу, чиритүү талааларынын жана полигондорунун жер тилкелеринин эң кичине өлчөмдөрүн гидрологиялык, климатикалык жана кыртыш шарттарын эсепке алуу менен кабыл алуу керек.
Электр, жылуулук, муздак жана газ менен камсыздоо. Байланыш, радиоберүү жана телекөрсөтүү
10.7 Электр энергиясынын чыгымдалышын, жылуулукка, газга болгон муктаждыкты жана электр менен камсыздоочу булактардын кубаттуулугун төмөнкүчө аныктоо керек:
өнөр жай жана айыл чарба ишканалары үчүн – калыптанган ишканалардын табыштамалары, жаңы, кайра калыбына келтирилүүчү же окшош ишканалардын долбоорлору боюнча, ошондой эле жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ирилештирилген көрсөткүчтөр боюнча;
чарбалык-тиричилик жана коммуналдык муктаждыктар үчүн – курулуш тармагында иштеп жаткан ченемдик-техникалык документтерге ылайык.
Электр пайдалануунун ирилештирилген көрсөткүчтөрүн сунушталуучу 11-тиркемеге ылайык кабыл алууга жол берилет.
10.8 Чыңалуусу 110 кВ жана андан жогору болгон электр тарамдарын өтө ири жана ири шаарлардын селитебдик аймактарынын чегинде терең кирме учтуу төмөндөтүүчү көмөк чордондорду көздөй тартууну кабелдик линиялар менен ишке ашыруу зарыл.
Жалпы энергетикалык тутумга кирген электр өткөрүүчү чубалгыларды өнөр жай чөлкөмдөрүнүн (райондорунун) аймактарында, ошондой эле айыл чарба ишканаларынын өндүрүш чөлкөмдөрүндө жайгаштырууга тыюу салынат.
10.9 Шаарларды кайра калыбына келтирүүдө чыңалуусу 35 – 110 кВ жана андан жогору болгон электр өткөрүүчү чубалгыларын селитебдик аймактардын сыртына чыгарууну же аба чубалгыларын кабель менен алмаштырууну, ал эми өтө ири шаарларда бошотулуучу аймактарды турак жай жана коомдук имараттар менен куруу муктаждыгы чыккан учурларда – мурун турган терең кирме учтуу төмөндөтүүчү ачык көмөк чордондорду жабыктарга алмаштырууну караштыруу керек.
Аба электр чубалгылары үчүн коргоо зоналары энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ченемдик укуктук актыларына ылайык каралсын.
Мында аба электр чубалгыларынын коргоо зоналары балдар аянтчаларынын, дене тарбия жана чарба аянтчаларынын участокторунун чек араларына чейин каралат. Көп батирлүү турак үйлөрдүн үй жанындагы аймактарынан 1000 В жогору аба электр чубалгыларынын өтүүсүнө жол берилбейт.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
10.10 Шаарлардын жана калктуу конуштардын селитебдик аймактарындагы 4 жана андан бийик кабаттуу курулуш райондорунда кошулуучу 20 кВ чейинки чыңалуудагы электр тарамдарын, ошондой эле курорттук комплекстердин аймактарындагы баардык чыңалуудагы тарамдарды кабелдик линиялар менен тартуу зарыл.
10.11 Кубаттуулугу 16 миң кВ*А жана андан жогору болгон трансформаторлуу төмөндөтүүчү көмөк чордондорду жана селитебдик аймакта жайгаштырылуучу аба линияларынын кабелдик линияларга өтүү пункттарын, ал эми курорттук комплексттердин аймактарында – баардык трансформатордук көмөк чордондорду жана бөлүштүрүүчү түзмөктөрдү жабык түрдө куруу талап кылынат. Көмөк чордондордун жана аба чубалгыларынын кабелдик линияларга өтүү пункттарынын кире бериштеринде кабелдик линиялардын жана аба чубалгыларынын кирме жана чыкма учтары үчүн техникалык тилкелерди караштыруу керек.
10.12 Төмөндөтүүчү жабык көмөк чордондор үчүн, чыңалуусу 110-220 кВ болгон комплекттик жана бөлүштүрүүчү түзмөктөрдү кошкондо, жер тилкелеринин өлчөмдөрүн 0,6 га ашык эмес, ал эми аба чубалгыларынын кабелдик линияларга өтүү пункттарыныкын – 0,1 га ашык эмес кылып алуу зарыл.
10.13 Өзүнчө турган бөлүштүрүүчү пункттарды жана чыңалуусу 6-20 кВ болгон трансформатордук көмөкчордондорду жайгаштырууда ар биринин кубаттуулугу экиден ашпаган 1600 кВ*А болгон трансформаторлордун саны болсо жана ызы-чуудан коргоочу иш-чараларды аткарууну эске алуу менен аралыкты:
- турак жай жана коомдук имараттардын терезелерине чейин – 10м.
- дарылоо-алдын-алуу мекемелеринин имараттарына чейин – 15м.
Өзүнчө турган бөлүштүрүүчү пункттарды жана кыштан жасалган ар биринин кубаттуулугу 6-20 кВ чыңалуудагы 1600 кВ*А ашкан трансформатордук көмөкчордондорду жайгаштырууда, ызы-чуудан коргоочу иш-чараларды эске алуу менен аралыкты кабыл алуу зарыл, кем эмес:
- турак жай жана коомдук имараттардын терезелерине чейин – 10м.
- дарылоо-алдын-алуу мекемелеринин имараттарына чейин – 15м.
Кургак типтеги трансформатордук көмөкчордондордон турак жайлардын жана коомдук имараттардын бош дубалдарынын аралыгы ызы-чууга каршы иш-чараларды аткаруу шартында жөнгө салынбайт.
Зарыл техникалык жана санитардык иш-чараларды аткаруу учурунда имараттын атайын жайына кургак типтеги трансформатордук көмөкчордондорду орнотууга жол берилет.
Ачык, жабык же комплекттүү трансформатордук көмөкчордондор жана которуштуруу пункттары үчүн коргоо зонасы: көмөк чордондун чыңалуусунун жогорку классына карата колдонулган, белгиленген аралыкта периметри боюнча АБТ жана көмөкчордондун күч трансформаторлорунун тосмолорунун ар тарабында турган, вертикалдуу тегиздиктери менен чектелген жер участогунун жана аба мейкиндигинин бетинин бир бөлүгү катары (АБТ эң бийик чекитинин бийиктигине туура келген бийиктикке) АБТнын жана көмөкчордондун күч трансформаторлорунун тосмосунан орнотулат.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
10.14 Калктуу конуштарды жылуулук менен камсыз кылуу жылуулук менен камсыздоо схемасына ылайык ишке ашырылат.
10.15 Калкынын жыштыгы 40 киши/га жана андан жогору бир, эки кабаттуу турак жай райондорундагы курулуштарда жылуулук менен камсыз кылуу схемасы жок болсо, ошондой эле борборлоштурулган жылуулук менен камсыз кылуу тутуму жок айылдык калктуу конуштарда жылытуу тутумдарын коомдук жана турак жай имараттарынын тобунун отканаларынан алууга жол берилет.
IV климатикалык райондо жайгашкан шаарларда, тиешелүү техникалык-экономикалык негиздөөдө, борборлоштурулган муздак камсыз кылуу тутумун караштыруу керек.
10.16 Турак жай курулушу райондорунда жайгашкан өзүнчө турган жылытуу отканалары үчүн жер тилкелеринин өлчөмдөрүн 10-таблица боюнча кабыл алуу зарыл.
10- таблица
Отканалардын жылуулук өндүрүмдүүлүгү, Гкал/саат (МВт) | Жер тилкелеринин өлчөмдөрү, га, төмөнкү отундарда иштөөчү отканаларда | |
катуу отунда | газ-мазут отунунда | |
5 чейин | 0,7 | 0,7 |
5тен 10 чейин (6дан 12 чейин) | 1,0 | 1,0 |
10дон 50 чейин (12ден 58 чейин) | 2,0 | 1,5 |
50дөн 100 чейин (58ден 116 чейин) | 3,0 | 2,5 |
100дөн 200 чейин (116дан 233 чейин) | 3,7 | 3,0 |
200дөн 400 чейин (233дөн 466 чейин) | 4,3 | 3,5 |
Ошол эле учурда:
10.16.1 Керектөөчүлөрдү тикелей суу таратуу аркылуу ысык суу менен камсыздоочу жылытуучу отканалардын, ошондой эле отуну темир жол аркылуу жеткирилүүчү отканалардын жер тилкелеринин өлчөмдөрүн 20% көбөйтүү керек.
10.16.2 Майда күл жана кесек күл үйүндүлөрүн селитебдик аймактан сырткары жайгаштыруу зарыл. Майда күл жана кесек күл үйүндүлөрүн жайгаштыруу шарттарын жана алар үчүн аянттардын өлчөмдөрүн аныктоону аракеттеги ченемдик документтер боюнча жүргүзүү керек.
10.16.3 Отканалардан коргоочу санитардык-коргоочу чөлкөмдөрдүн өлчөмдөрү аракеттеги санитардык ченемдерге ылайык аныкталат.
10.17 Газ толтуруучу чордондордун (ГТЧ) жер тилкелеринин өлчөмдөрүн алардын өндүрүмдүүлүгүнө жараша, долбоор боюнча келтирилген маанилерден ашык эмес кылып алуу керек, өндүрүмдүүлүгү төмөнкүдөй чордондор үчүн, га:
10 миң т/жылына .................. 6;
20 миң т/жылына ..................7;
40 миң т/жылына .................. 8.
10.18 Газ толтуруучу чордондордун (ГТЧ) жана баллондордун ортолук кампаларынын (БОК) жер тилкелеринин өлчөмдөрүн 0,6 га ашык эмес кылып кабыл алуу зарыл. Алардан ар түрдүү дайындалыштагы имараттар жана курулмаларга чейинки аралыкты иштеп жаткан ченемдик документтерге ылайык алуу керек.
10.19 Байланыш, радиоберүү жана телекөрсөтүү, өрт өчүрүүчү жана кайтаруучу, ишарат берүүчү, инженердик жабдуу тутумун диспетчерлөө ишканаларын, имараттарын жана курулмаларын жайгаштырууну белгиленген тартипте бекитилген ченемдик документтердин талаптарына ылайык ишке ашыруу зарыл.
Инженердик тарамдарды жайгаштыруу
10.20 Инженердик тарамдарды артыкчылыктуу түрдө көчөлөрдүн жана жолдордун туура кесилиш профилдеринин чегинде; жылуулук тарамдарын, каналдарды же тоннелдерди – жан жолдордун (же бөлүүчү тилкелердин) алдында; суу өткөргүчтөрдү, газ өткөргүчтөрдү, чарбалык-тиричилик жана жаан суу агындылоону – бөлүүчү тилкелерде жайгаштыруу керек. Кызыл сызык жана курулуш сызыгынын ортосундагы тилкеде төмөнкү басымдагы газ тарамын жана кабель тарамдарын (күчтүк, ишарат белгилөө жана диспетчерлөө байланышынын) жайгаштыруу зарыл.
Жүрүүчү бөлүктүн жазылыгы 22 м ден ашык болгондо суу өткөргүч тарамдарын көчөлөрдүн эки жактары боюнча жайгаштырууну караштыруу керек.
Селитебдүү аймактагы электр тармактарын, байланыш линияларын жана оптика-була түйүндөрүн жер астынан аткаруу зарыл, техникалык мүмкүнчүлүк болбогон учурда жер үстүндөгү ыкма менен кароого уруксат берилет. Жеке турак жай курулушунда электр тармактары, байланыш линиялары жана оптикалык-була түйүндөрү аба аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
10.21 Жер астындагы инженердик тарамдар жайгашкан көчөлөрдүн жана жолдордун жүрүүчү бөлүктөрүнүн капиталдык жол жабуусун салуу менен кайра курууда бул тарамдарды бөлүүчү тилкелерге жана жан жолдорго чыгарууну караштыруу зарыл. Тиешелүү негиздөөлөрдүн натыйжасында көчөлөрдүн жүрүүчү бөлүктөрүнүн алдына мурун курулгандарды, ошондой эле каналдарда жана тоннелдерде жаңы курулуучу тарамдарды калтырууга жол берилет. Бөлүүчү тилкелери жок мурун курулган көчөлөрдө тоннелдерде же каналдарда жайгаштыруу шарты менен жүрүүчү бөлүктөрдүн алдына жаңы инженердик тарамдарды жайгаштырууга жол берилет; техникалык муктаждыктарга жараша көчөлөрдүн жүрмө бөлүктөрүнүн алдына газ өткөргүчтөрдү жайгаштырууга жол берилет.
10.22 Жер астындагы инженердик тарамдарды тартууну: керек учурларда бириктирилген - диаметри 500дөн 900 мм чейин жылуулук тарамдарын жана диаметри 500 мм чейин болгон суу өткөргүчтү тоннелдердеги жалпы траншейлерде бирге жайгаштырууну караштырууга болот. Газ, жеңил тутануучу жана күйүүчү суюктуктарды өткөрүүчү түтүктөрдү кабелдик линиялар менен бирге тартууга тыюу салынат.
Инженердик тарамдарды түбөлүк тоң кыртыштуу райондордо тартууда, тоң кыртышты тоңгон абалында сактоо менен, жылуулук өткөргүчтөрдү диаметрине карабай каналдарда же тоннелдерде жайгаштыруу керек.
10.23 Жер астындагы эң жакынкы инженердик тарамдардан горизонталь боюнча (нак аралык) имараттарга жана курулмаларга чейинки аралыкты 11-таблица боюнча кабыл алуу зарыл.
10.24 Жер астындагы инженердик тарамдар менен жөө өткөөлдөрдүн кесилишкен учурларында өткөргүч түтүктөрдү тоннелдердин алдына, ал эми күчтүк жана байланыш кабелдерин – тоннелдердин үстүнө жайгаштыруу керек.
10.25 Өнөр жай ишканалары жана кампаларын камсыздоо үчүн жеңил тутануучу жана күйүүчү суюктуктары, ошондой эле суюлтулган газы менен өткөргүч түтүктөрдү селитебдик аймактар аркылуу алып өтүүгө жол берилбейт.
Магистралдык өткөргүч түтүктөрдү калктуу конуштардын чегинен сырткары тартуу зарыл.
11-таблица
Инженердик тарамдар | Горизонталь боюнча аралык (накта), жер астындагы тарамдардан төмөнкүлөргө чейин, м |
|
| ||||||||||||||||||||||||||||
имараттар жана курулма-лардын пайдубал-дарына | ишканалар-дын, эстакадалар-дын, тийме тарамдар жана байланыш-тардын, темир жолдордун тосмолору-нун пайдубалда-рына |
четки жолдун огуна
| көчөнүн, жолдун жээк ташына (жүрмө бөлүктүн кыры, бекемделген тилкелүү жол четинин) | кюветтин сырткы кырына же жолдун үймөгүнүн таманына | электр өткөрүүчү аба чубалгыларынын таянычтарынын пайдубалдарына, төмөнкү чыңалуудагы |
|
| ||||||||||||||||||||||||
1520 мм издүү темир жолдун, бирок, үймөктүн түбүнө жана чуңкурдун кырына чейинки траншейдин тереңдиги-нен кем эмес | 750 мм издүү темир жолдун жана трамвай-дын |
|
| ||||||||||||||||||||||||||||
1 кВ чейинки сырткы жарыктан-дыруу, трамвай-лардын жана троллейбус-тардын тийме тарамы | 1ден 35 кВ чейинки | 35тен 110 кВ чейинки жана андан жогору |
|
| |||||||||||||||||||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
|
| ||||||||||||||||||||
Суу өткөргүч жана басымдуу суу агындыла-гыч | 5 | 3 | 4 | 2,8 | 2 | 1 | 1 | 2 | 3 |
|
| ||||||||||||||||||||
Өзү акма суу агындыла-гыч (тиричилик жана жаан суусун) | 3 | 1,5 | 4 | 2,8 | 1,5 | 1 | 1 | 2 | 3 |
|
| ||||||||||||||||||||
Сарыктыр-гыч | 3 | 1 | 4 | 2,8 | 1,5 | 1 | 1 | 2 | 3 |
|
| ||||||||||||||||||||
Коштоочу сарыктыр-гыч | 0,4 | 0,4 | 0,4 | 0 | 0,4 | - | - | - | - |
|
| ||||||||||||||||||||
Газөткөргүчтөрү, МПа, (кгк/см2): төмөнкү, 0,005 (0,05) чейин | 2 | 1 | 3,8 | 2,8 | 1,5 | 1 | 1 | 5 | 10 |
|
|
| |||||||||||||||||||
орто, 0,005тен (0,05) 0,3 чейин (3) | 4 | 1 | 4,8 | 2,8 | 1,5 | 1 | 1 | 5 | 10 |
|
|
| |||||||||||||||||||
жогорку, 0,3төн 0,6 (6) чейин | 7 | 1 | 7,8 | 3,8 | 2,5 | 1 | 1 | 5 | 10 |
|
|
| |||||||||||||||||||
жогорку, 0,6дан (6) 1,2 (12) чейин | 10 | 1 | 10,8 | 3,8 | 2,5 | 2 | 1 | 5 | 10 |
|
|
| |||||||||||||||||||
Жылуулук тарамдары: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||||
Каналдын, тоннелдин сырткы дубалча-сынан | 2 (1.3 эскертүүнү кара) | 1,5 | 4 | 2,8 | 1,5 | 1 | 1 | 2 | 3 |
|
|
| |||||||||||||||||||
Каналсыз тартууда кабыктан | 5 | 1,5 | 4 | 2,8 | 1,5 | 1 | 1 | 2 |
|
|
|
| |||||||||||||||||||
Баардык багыттагы күчтүк жана байланыш кабелдери | 0,6 | 0,5 | 3,2 | 2,8 | 1,5 | 1 | 0,5* | 5* | 10* |
|
|
| |||||||||||||||||||
Каналдар, коммуника-циялык тоннелдер | 2 | 1,5 | 4 | 2,8 | 1,5 | 1 | 1 | 2 | 3* |
|
|
| |||||||||||||||||||
Сырткы, желдеп таштанды өткөргүчтөр | 2 | 1 | 3,8 | 2,8 | 1,5 | 1 | 1 | 3 | 5 |
|
|
| |||||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
*күчтүк кабелдерден болгон аралыкка тиешелүү
Ошол эле учурда:
1.1 I В климатикалык кичи райондор үчүн курулуш жүргүзгөн учурда жер астындагы тарамдардан (суу өткөргүчтөрдөн, тиричилик жана жаан суу агындылагычтардан, сарыктыргычтардан, жылуулук тарамдарынан) аралыкты негиздин кыртыштарын тоң абалында сактоо менен техникалык эсеп боюнча кабыл алуу керек.
1.2 Пайдубалдардын чөгүүсүнөн, ошондой эле тарамдар кыйраганда пайдубалдардын бузулуусунан тарамдардын жабыр тартуу мүмкүнчүлүгүн болтурбоочу иш чараларды аткаруу шартында жер астындагы инженердик тарамдарды өткөргүч түтүктөрдүн, тийме тарамдын таянычтарынын жана эстакадаларынын пайдубалдарынын чегинде жайгаштырууга жол берилет. Курулуштук суу төмөндөтүүнү колдонуу менен тартылуучу инженердик тарамдарды жайгаштырууда алардан курулмалардын имараттарына чейинки аралыкты негиздердин кыртыштарынын бекемдигинин мүмкүн болгон бузулуу чөлкөмүн эсепке алуу менен аныктоо зарыл.
1.3 Каналсыз жайгаштырууда жылуулук тарамдарынан имараттарга жана курулмаларга чейинки аралыкты суу өткөргүчтөрдүкүндөй кабыл алуу керек.
1.4 Чыңалуусу ПО – 220 кВ болгон күчтүк кабелдерден ишканалардын тосмолорунун фундаментине, эстакадаларынын, тийме тарамдын таянычтарынын жана байланыш линияларынын пайдубалдарына чейинки аралыкты 1,5 м кылып кабыл алуу зарыл.
1.5 Чөкпөй турган кыртыштуу сугат райондорунда жер астындагы инженердик тарамдардан сугат каналдарына чейинки аралыкты (каналдын кырына чейин), төмөнкүчө кабыл алуу керек, м:
1 - төмөнкү жана орто басымдагы газ өткөргүчтөрдөн, ошондой эле суу өткөргүчтөрдөн, суу агындылагычтардан, суу агызгычтардан жана күйүүчү суюктуктардын өткөргүч түтүктөрүнөн – 1м;
2 - 0,6 МПа (6 кгк/см2) чейинки жогорку басымдагы газ өткөргүчтөрдөн, жылуулук өткөргүчтөрдөн, чарбалык-тиричилик жана жаан суусун агындылагычтан – 2 м;
күчтүк кабелдерден жана байланыш кабелдеринен – 1,5 м;
көчө тарамынын сугат каналдарынан имараттардын жана курулмалардын пайдубалдарына чейин – 5 м.
1.6 Кысталыш жана техникалык татаал шарттарда, эгер долбоордо коопсуздукту жана нормалдуу эксплуатацияны камсыз кылуу иш-чаралары каралган болсо, жогоруда көрсөтүлгөн аралыктарды азайтууга жол берилет.
12-таблица
Инже-нердик тарам-дар | Горизонталь боюнча аралык (нак), м, төмөнкүлөргө чейин | ||||||||||||
суу өткөр-гүчтөр | тири-чилик суу агын-дыла-гычтар | сарык-тыргычка жана жаан суусун агындылоого | басымдуу газ өткөрүүчүлөргө, МПа (кгк/см2) | баар-дык чыңа-лууда-гы күчтүк кабел-дерге | байла-ныш кабел-дери-не | жылуулук тарамдарына | тон-нелдин каналда-рына тоннелдер | сырткы, жел менен таштан-ды өткөр-гүчтөр-гө | |||||
Төмөн-кү, 0,005 (0,05) ке чейин | орто, 0,005(0,05) тен 0,3 (3) кө чей-ин | жогорку | канал-дын, тон-нел-дин сырт-кы дубал-дары-на | Канал-сыз жай-гаш-тырууда кабы-гына |
|
| |||||||
0,3 (3) төн 0,6 (6) чейин | 0,6 (6) дан 1,2 (12) чейин | ||||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
Суу өткөргүч | 1-эскер-түүнү кара | 2-эскер-түүнү кара | 1,5 | 1 | 1 | 1,5 | 2 | 0,5* | 0,5 | 1,5 | 1,5 | 1,5 | 1 |
Тиричи-лик суу агын-дылоо | 2-эскер-түүнү кара | 0,4 | 0,4 | 1 | 1,5 | 2 | 5 | 0,5* | 0,5 | 1 | 1 | 1 | 1 |
Жаан суусун агын-дылоо | 1,5 | 0,4 | 0,4 | 1 | 1,5 | 2 | 5 | 0,5* | 0,5 | 1 | 1 | 1 | 1 |
Басым-дуу газ өткөр-гүчтөр, МПа (кгк/см2): төмөнкү 0,005 (0,05) ке чейин; орто, 0,005 (0,05) тен 0,3 (3) кө чейин; жогорку, 0,6 (6) дан 1,2 (12) чейин |
1
1
1,5 2 |
1
1,5
2 5 |
1
1,5
2 5 |
0,5
0,5
0,5 0,5 |
0,5
0,5
0,5 0,5 |
0,5
0,5
0,5 0,5 |
0,5
0,5
0,5 0,5 |
1
1
1 2 |
1
1
1 1 |
2
2
2 4 |
1
1
1,5 2 |
2
2
2 4 |
1
1,5
2 2 |
Басым-дуу газ өткөр-гүчтөр, МПа (кгк/см2): Төмөнкү 0,005 (0,05) ке чейин; орто, 0,005 (0,05) тен 0,3 (3) кө чейин; жогорку, 0,6 (6) дан 1,2 (12) чейин |
1
1
1,5 2 |
1
1,5
2 5 |
1
1,5
2 5 |
0,5
0,5
0,5 0,5 |
0,5
0,5
0,5 0,5 |
0,5
0,5
0,5 0,5 |
0,5
0,5
0,5 0,5 |
1
1
1 2 |
1
1
1 1 |
2
2
2 4 |
1
1
1,5 2 |
2
2
2 4 |
1
1,5
2 2 |
Баардык чыңалуу-дагы күчтүк кабелдер | 0,5* | 0,5* | 0,5* | 1 | 1 | 1 | 2 | 0,1-0,5* | 0,5 | 2 | 2 | 2 | 1,5 |
Байла-ныш кабелдер | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 1 | 1 | 1 | 1 | 0,5 | - | 1 | 1 | 1 | 1 |
Жылуу-лук тарамдар Канал-дын, тоннел-дин сырткы дубалча-сынан, каналсыз тартууда, кабыгы-нан |
1,5
1,5 |
1
1 |
1
1 |
2
1 |
2
1 |
2
1,5 |
4
2 |
2
2
|
1
1 |
-
- |
-
- |
2
2 |
1
1 |
Каналдартоннел-дер | 1,5 | 1 | 1 | 2 | 2 | 2 | 4 | 2 | 1 | 2 | 2 | - | 1 |
Сырткы, желдеп таштанды өткөр-гүчтөр | 1 | 1 | 1 | 1 | 1,5 | 2 | 2 | 1,5 | 1 | 1 | 1 | 1 | - |
*Электр орнотмолорун түзүү эрежелеринин (ЭОТЭ) 2-бөлүмүнүн талаптарына ылайык кабыл алынат
Ошол эле учурда:
1.1 Бир нече суу өткөргүч линияларды параллель жаткырууда алардын ортосундагы аралыкты техникалык жана инженердик-геологиялык шарттарга жараша кабыл алуу керек.
1.2 Тиричилик суу агындылоодон чарбалык-ичүүчү суу өткөргүчкө чейинки аралыкты төмөнкүдөй кабыл алуу зарыл, м,:
диаметри 200 мм чейин болгон чоюн түтүктөрдөн куралган суу өткөргүчкө чейин – 1,5 м;
диаметри 200 мм чоң болгондо – 3 м;
желим түтүктөрдөн куралган суу өткөргүчтөргө чейин – 1,5 м.
Суу агындылоо тарамдары менен өндүрүштүк суу өткөргүчтөргө чейинки аралык түтүктөрдүн материалдарына жана диаметрлерине жараша, ошондой эле кыртыштардын номенклатурасына жана мүнөздөмөлөрүнө жараша 1,5 м кем болбошу керек.
1.3 Газ өткөргүчтөрдү параллель жаткырууда, бир траншейде 2 же андан көп газ өткөргүчтөрдү жанаша жайгаштырууда, диаметрлери 300 мм чейин болгон түтүктөр үчүн алардын ортолорундагы аралыкты (накта) 0,4 м жана диаметрлери 300 мм чоң болгондордукун 0,5 м кылып кабыл алууга жол берилет.
1.4. Эгерде өтмө каналды имараттын негизги конструкциялары менен байланыштырбай алып өтсө, магистралдык инженердик тарамдарды имараттын астында жана ичинде жайгаштырууга кээ бир учурларда жол берилет.
10.26. Селитебдүү аймакта жер астындагы суулар жок болгон учурда эң четки суу өткөрүүчү линиялардын эки тарабындагы коргоо тилкесинин кеңдиги, кем эмес кабыл алынышы керек:
– 5м - 1000 мм чейинки диаметрде;
-10м – 1000 мм ашык диаметрде.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
10.27. Шаарлардын аймагы аркылуу өткөн дарыялардын жээк жээгиндеги суу коргоо тилкесинде канализациялык тазалоо курулмаларын кошпогондо, инженердик тармактарды жайгаштырууга уруксат берилет.
Мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болгон учурда, суу коргоо зоналарынын жана тилкелеринин чектеринде гидротехникалык курулмаларды өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын чегинен тышкары жайгаштырууга уруксат берилет.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
10.28. Калктуу конуштарда көмөкчордондордун жана электр берүүнүн аба линияларынын коргоо зоналары тиешелүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген ченемдик укуктук актылар жана ченемдик техникалык документтер менен аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
11 Инженердик даярдык жана аймакты коргоо
11.1 Инженердик даярдык боюнча иш чараларды инженердик-геологиялык шарттардын өзгөрүүсүнүн божомолдорун, аймакты пайдалануу мүнөзүн жана мерчемдик уюштуруусун эсепке алуу менен аныктоо зарыл.
Шаардык жана айылдык калктуу конуштардын мерчемдик жана курулуштук долбоорлорун иштеп чыгууда, керек учурларда, суунун каптап, кирип кетүүсүнөн, сел агымдарынан, кар, жер көчкүлөрүнөн жана жер кулоолордон инженердик коргоолорду караштыруу керек.
11.2 Жерди вертикал багытында пландоодо аймактын долбоордук белгилерин табигый рельефти, кыртыштын бетин жана өсүп турган өсүмдүктөрдү максималдык түрдө сактоону, жер үстүндөгү сууларды бурууну жана кыртыштын эрозия болуу мүмкүнүчүлүгүн жокко чыгара турган ылдам агуучу сугат арыктарды чабууну, чыгарылуучу топурактарды курулуш аянтында колдонуу менен жер жумуштарын минималдык көлөмгө жеткирүүнү көңүлгө алуу менен даярдоо керек.
11.3 Жер үстүндөгү сууларды бурууну баардык бассейндерден (көлмөлөргө агуучу суулар, агынды суулар, чуңкурлар ж.б.) калктуу конуштарда, шаарларда агынды сууларды алдын ала тазалоо менен жабык түрдөгү жаан суусун агындылоону караштыруу менен ишке ашыруу керек.
Арыктан сугарууда арыктар аркылуу суу агындылоону көчөлөр, жолдор жана жан жолдор менен кесилиштеринде көпүрөчөлөрдү же түтүктөрдү коюу менен ишке ашыруу керек.
11.4 Кыртыш суулары бийик жайгашкан, саз баскан жерлери бар калктуу конуштардын аймактарында жабык сарыктыргычтарды куруу менен капиталдык курулуш чөлкөмдөрүндө кыртыш сууларынын деңгээлин төмөндөтүүнү караштыруу зарыл. Шаарлардын, калктуу конуштардын чарбактык курулуш аймактарында, стадиондордун, сейилбактардын жана башка жалпы пайдаланылуучу аймактарда ачык кургатуучу тарамдарды курууга жол берилет.
Төмөнкү аймактарда бул иш-чаралар кыртыш суулардын деңгээлин төмөндөтүүнү камсыз кылуусу зарыл:
капиталдык курулуштардын - жер бетиндеги долбоордук белгисинен 2 м кем эмес;
стадиондордун, сейилбактардын, скверлердин жана башка жашылдандырылган жерлердин – 1 м кем эмес.
11.5 Жээктерге жакын жайгашкан калктуу конуштардын аймактары кирген суулардын каптап кетишинен, шамалдын сууну айдап киришинен жана кыртыш сууларынын басып кетишинен топуракты үймөктөө же кырдоо менен корголушу керек. Үймөктөлгөн аймактын кырынын бийиктиги шамалдын толкунду айдап баруусун эсепке алуу менен көтөрүлгөн суунун эсептик горизонтунан 0,5 м кем эмес болуусу керек. Кырдалган дамбанын жээгинин суунун эсептик деңгээлинен көтөрүлүүсү курулмалардын классына жараша алынат.
Көтөрүлгөн суунун эсептик горизонтун суунун кайталануучу эң бийик деңгээлинин белгиси боюнча кабыл алышат: турак үйлөр менен курулуучу же курулган аймактар үчүн – 100 жылда бир жолу; сейилбактардын жана жалпак спорттук курулмалардын аймактары үчүн – 10 жылда бир жолу.
11.6 Селге кооптуу чөлкөмдөрдө курулгандарды коргоо үчүн токойду максималдык түрдө сактоону, жыгач-бадал өсүмдүктөрүн отургузууну, жантаймаларды терассалоону, сел келүүчү дарыялардын жээктерин бекемдөөнү, сел пайда кылуучу чөлкөмдө тогоондорду жана көлмөлөрдү курууну, селди багыттоочу дамбаларды жана конустук учтарда буруучу каналдарды курууну караштыруу керек.
11.7 Аңдарды пайда кылуучу эрозиялык процесстердин аракет этүү жер тилкелеринде жер үстүндөгү агынды сууларды ирээтке келтирүүнү, аңдардын нуктарын бекемдөөнү, жантаймаларды террассалоону жана токой отургузууну колго алуу зарыл. Айрым учурларда аңдарды, алар аркылуу суу агызуучу жана сарыктыруучу коллекторлорду жаткырып, толук же айрымдап толтуруу менен жоюуну да караштыруу керек.
Аңдардын аймактары унаа курулмаларды, гараждарды, кампаларды жана коммуналдык объектилерди, ошондой эле сейилбактарды жайгаштыруу үчүн колдонулат.
11.8 Жер көчкү процесстерине дуушарланган аймактарда жайгашкан шаарларда жана калктуу конуштарда жер үстүндөгү агын сууларды ирээтке келтирүүнү, кыртыш суулардын агымдарын бууп салууну, жер көчкү массивинин табигый жаратылышынын бузулушунун алдын алууну, жантаймалардын туруктуулугун механикалык жана физикалык-химиялык каражаттар менен бекемдөөнү, жантаймаларды террассалоону, өсүмдүктөрдү отургузууну колго алуу керек. Жер көчкүгө каршы чараларды райондордун геологиялык жана гидрогеологиялык шарттарын комплекстүү изилдөөнүн негизинде жүргүзүү керек.
12 Айлана чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу
12.1 Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине ылайык жаңы курулуучу жана калыптанган шаарларды, калктуу конуштарды өнүктүрүү үчүн аймактарды айыл чарба үчүн жараксыз жерлерден караштыруу зарыл.
Жер мыйзамдарына ылайык курулуштарды сугат жана кургатылган, айдоо жерлерде, көп жылдык жемиш өсүмдүктөрү жана жүзүмзарлар тигилген жер тилкелеринде, ошондой эле суу сактоочу коргомо жана I топтогу башка токойлор ээлеген жерлерде жайгаштырууга өзгөчө учурларда гана жол берилет, ал эми баалуулугу жогору болгон жерлерде – тыюу салынат.
12.2 Тиешелүү жергиликтүү геологиялык уюмдардан келечекте курулуучу жер тилкесинин аймагында пайдалуу кендердин жоктугу тууралуу маалыматты алганга чейин калктуу конуштарды, өнөр жай комплекстерин жана башка объектилерди долбоорлоого жана курууга тыюу салынат.
Пайдалуу кендер жаткан аянттарда курулуш жүргүзүүгө, ошондой эле алар жаткан жарлерге жер алдындагы курулмаларды курууга пайдалуу кендерди алып чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу шарты менен гана геология жана минералдык ресурстар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты менен же курулуштун экономикалык жактан максатка ылайыктуулугу далилденген учурда жол берилет.
12.3 Имараттарды, курулмаларды жана коммуникацияларды жайгаштырууга төмөнкү учурларда тыюу салынат:
коруктардын, корукчалардын, улуттук жаратылыш сейилбактарынын, ботаникалык бактардын, дендрологиялык сейилбактардын жана суу коргоочу тилкелердин (чөлкөмдөрдүн) жерлеринде;
шаарлардын жашыл чөлкөмдөрүнүн жерлеринде, шаар токойлорунун жерлерин кошкондо, эгерде долбоорлонуучу объектилер эс алуу, спорт же шаар четиндеги токой чарбасын тейлөө үчүн дайындалбаса;
гидрометеорологиялык чордондорду коргоо чөлкөмдөрүндө;
эгерде долбоорлонуучу объектилер булактарды пайдалануу менен байланышпаса, суу менен камсыздоо булактарын жана суу өткөргүч курулмалардын аянттарын санитардык коргоонун биринчи чөлкөмүндө;
курортторду санитардык коргоонун биринчи чөлкөмүндө, эгерде долбоорлонуучу объектилер курорттордун дарылоочу табигый каражаттарын пайдалануу менен байланышпаса;
Курортторду санитардык коргоонун экинчи чөлкөмүндө, курортторду пайдалануу, өнүктүрүү жана абаттоо объектилерин, ошондой эле атмосфераны, кыртышты жана сууну булгабай, ызы-чуунун деңгээли жана электр-магниттик талаанын чыңалуусу ченемдик көрсөткүчтөрдөн ашпай турган курорттордун калкын тейлөөчү объектилерди жайгаштырууга жол берилет.
Курортторду санитардык коргоонун үчүнчү чөлкөмүндө, дарылоочу табигый каражаттарга жана курорттун санитардык абалына терс таасирин тийгизбеген объектилерди жайгаштырууга жол берилет.
Ошол эле учурда төмөнкүлөргө жол берилбейт:
12.3.1 Имараттарды жана курулмаларды жайгаштырууга:
санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары тарабынан коюлган мөөнөт өткөнгө чейин органикалык жана радиоактивдүү калдыктар менен булганган жер тилкелеринде;
көмүр, сланец шахталарынын жана байытуучу фабрикалардын үйүндүлөрүнүн, жер көчкү, сел агымдары жана кар көчкүлөрдүн кооптуу чөлкөмдөрүндө;
тогоондордун же дамбалардын бузулуусунан катастрофалык суу каптоо чөлкөмдөрүндө (катастрофалык суу каптоо чөлкөмү деп тереңдиги 1,5 м жана андан да чоң болгон, имараттарды жана курулмаларды кыйратууларга, элди зыянга, ишканалардын жабдууларын иштен чыгарууга алып келген суу баскан аймак эсептелет);
активдүү жаракага жанаша жайгашкан сейсмикалык чөлкөмдөрдө жана райондордо;
магистралдык өткөргүч түтүктөрдүн коргоо чөлкөмдөрүндө.
12.3.2 Эгерде келтирилген объектилерди куруу жана аларды пайдалануу коруктардын табигый шарттарын бузбаса жана алардын сакталышына коркунуч туудурбаса, коруктардын коргоо чөлкөмдөрүндө айыл чарба ишканаларын, имараттарды жана курулмаларды жайгаштырууга жол берилет. Бул объектилерди жайгаштыруу шарттары ошол корук карамагына кирген ведомстволор менен макулдашылышы зарыл.
12.3.3 Унаа курулмаларынын, түзмөктөрүнүн жана башка объектилеринин толук кандуу пайдаланылышын камсыз кылуу максатында иштеп жаткан ченемдик укуктук актыларга жана унаа жерлери жөнүндөгү эрежелер топтомуна ылайык коргоо чөлкөмдөрү аныкталышы мүмкүн.
12.3.4 Курчап турган жаратылыш чөйрөнүн абалына тикелей же кыйыр түрдө таасир берүүчү объектилерди жайгаштырууда экологиялык коопсуздуктун жана калктын саламаттыгын сактоо талаптары аткарылышы керек, жаратылышты сактоо, табигый ресурстарды рационалдуу пайдалануу жана аларды калыбына келтирүү, курчап турган чөйрөнү жакшыртуу боюнча иш чаралар каралышы зарыл.
12.4 I топтогу токойлорго кирүүчү шаарлардын жашыл чөлкөмдөрүнүн токойлору, шаардык жана курорттук токойлор рекреациялык, санитардык-гигиеналык жана ден соолукту чыңдоо максаттында пайланылышы керек. Калктуу конуштардын чет жак чөлкөмдөрүнүн аймактарындагы саз баскан жерлерде гидротокоймелиорациялык иш чараларды көрүү керек.
12.5 Шаарлардын чет жак чөлкөмдөрүнүн чектеринде жана токой фондунун жерлеринде жалпы дайындалыштагы жашыл чөлкөмдөрдү түзүүнү караштыруу зарыл.
Шаарлардын жашыл чөлкөмдөрүн аймактык уюштуруу токой-сейилбак жана токой-чарбалык бөлүктөргө бөлүүнү, токойдун ден соолукту чыңоочу жана жаратылышты коргоочу функцияларын камсыз кылуучу калктын эс алуу жерлерин жана корголуучу аймактарды аныктоону камтышы керек. Жашыл чөлкөмдөрдө алардын экологиялык, санитардык-гигиеналык жана рекреациялык функцияларын аткарууга терс таасирин тийгизүүчү чарбалык ишмердикти жүргүзүүгө тыюу салынат.
12.6 Токойсуз жана аз токойлуу райондордо жайгашкан шаарлардын, калктуу конуштардын айланасына шамалдан коргоочу жана жээк бекемдөөчү токой тилкелерин, дөбөлөрдүн, аңдардын жана кокту-колоттордун капталдарын жашылдандыруу керек.
Коргоочу токой тилкелеринин жазылыгын, төмөнкүлөрдөн кем эмес кабыл алуу зарыл, м: өтө ири жана ири шаарларда – 500 м; чоң жана орто шаарларда – 100 м; майда шаарларда жана айыл калктуу конуштарды – 50 м.
12.7 Шаарлардын жана алардын чет жак чөлкөмдөрүн пландоо жана курулуш долбоорлорунда баалуу жаратылыш ландшафтарды рационалдуу пайдаланууну жана аларды коргоону, ландшафтык-рекреациялык аймактарды аныктоону, өзүнүн туруктуулугуна ылайык ландшафтка болгон рекреациялык жүктөмдөрдү чектөөнү, өзгөчө корголуучу аймактардын – мамлекеттик коруктардын жана корукчалардын, улуттук жаратылыш сейилбактардын, ботаникалык бактардын жана дендрологиялык сейилбактардын, ошондой эле жаратылыш эстеликтеринин – токой, суу жана геологиялык, шарттамдык талаптарын сактоону караштыруу зарыл.
Атмосфераны, суу объектилерин жана жер кыртышын булгануулардан коргоо
12.8 Селитебдик аймактарды атмосфералык абаны булгоонун булагы болгон, ошондой эле жогорку өрт кооптуулугун жараткан өндүруш ишканаларына карата жел соккон тарапка (басымдуулук кылган шамалдын багыты үчүн) жайгаштыруу керек. Өзгөчө таза атмосфералык абаны талап кылган ишканаларды жанаша жайгашкан атмосфералык абаны булгоонун булагы болгон ишканаларга карата шамалдын ыктоо жагына жайгаштыруу керек.
Мал чарбачылык, канаттуулар жана жүн өндүрүүчү ишканаларды, уулуу заттарды, биопрепараттарды, жер семирткичтерди сактоо боюнча кампаларды, өрткө жарылууга кооптуу кампаларды жана ишканаларды, ветеринардык мекемелерди, калдыктарды жок кылуу боюнча ишканаларды жана объектилерди, отканаларды, тазалоочу курулмаларды, ачык типтеги кык сактоочу жайларды иштеп жаткан ченемдик документтерге ылайык селитебдик аймактарга, ишканаларга жана өндүрүш чөлкөмүнүн объектилерине карата жел соккон тарапка (көбүрөөк соккон шамал багыты үчүн) жайгаштыруу керек.
Ошол эле учурда:
12.8.1 Зыяндуу заттар менен атмосфера абасын булгоочу булактары бар, санитардык ажырымы 500 м чоң ишканаларды, шамалдын ылдамдыгы 1 м/с чейинки, узак мөөнөттүү же тез-тез кайталануучу штилдери, инверсиялары, тумандары (жыл бою 30-40%, кыш бою 50-60% күн) менен шамал көбүрөөк соккон шамалдуу райондордо жайгаштырууга болбойт.
12.8.2 Атмосфера абасынын булгануусун эсептөөнү ушул курулуш ченеминин 7-бөлүмүнүнүн талаптарына ылайык жүргүзүү керек.
12.8.3 Аэропортторду жайгаштыруудагы атмосфералык абанын булганышы Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген “Ишканалардын, курулмалардын жана башка объектилердин санитардык-коргоочу чөлкөмдөрү жана санитардык классификациясы” санитардык-эпидемиологиялык эрежелеринде жана ченемдеринде каралган.
12.9 Чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоодо, калктын эс алуусунда жана балык чарбалык суу объектилеринде пайдалануу үчүн булгоочу заттардын мүмкүн болгон чектик концентрациясын (МЧК) камсыз кылуу менен жер үсүтүндөгү жана жер астындагы суулардын булгануусунун алдын алууну камсыздоо менен көлмөлөрдү, агын сууларды жана көл акваторийлерин коргоо боюнча иш чараларды суу мыйзамдарынын талаптарына жана санитардык ченемдерге ылайык түзүү керек.
12.10 Шаарлардын жана калктуу конуштардын селитебдик аймактарын, курорттук чөлкөмдөрдү жана массалык эс алуучу жерлерди өндүрүштүк жана чарбалык-тиричилик агын суулардын чыкма учтарына карата агын суулардын агымы боюнча жана көлмөлөрдөн жогору жайгаштыруу керек.
12.11 Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарына ылайык, көлмөлөрдүн жээктериндеги тилкелерде (чөлкөмдөрдө) өнөр жай ишканаларын жайгаштырууга ишкананын аянтчасын тикелей көлмөгө ыкташа жайгаштыруу муктаждыгы болгондо гана сууларды пайдаланууну жөнгө салуу жана коргоо боюнча органдардын макулдашуусу менен жол берилет. Ишканалардын көлмөлөргө ыкташа жайгашуусунун саны жана узундугу минималдуу болуусу керек.
Минералдык жер семирткичтердин жана өсүмдүктөрдү коргоочу химиялык каражаттардын кампаларын, мал чарба жана канаттуулар ишканаларын жайгаштырууда зыяндуу заттардын, малдын жана канаттуулардын кыктарынын агындыларынын көлмөлөргө түшүүсүн жокко чыгруучу чараларды көрүү зарыл.
Минералдык жер семирткичтердин жана өсүмдүктөрдү коргоочу химиялык каражаттардын кампаларын балык чарба көлмөлөрүнөн 2 км кем эмес аралыкта жайгаштыруу керек. Өзгөчө муктаждыктар болгон учурларда балык камдыктарын коргоону жүргүзүүчү органдар менен макулдашуу шарты менен жогоруда келтирилген кампалардан балык чарба көлмөлөрүнө чейинки аралыкты кыскартууга жол берилет.
12.12 Дарыялардын жээктеги суу коргоо тилкесинин жазылыгы, эки жагынан тең, суунун көп жылдык орточо деңгээлинен аныкталат.
Магистралдык жана чарбалар аралык каналдардын суу коргоо тилкесинин жазылыгы, эки жагынан тең, канал ойдуңдан өткөндө жээгинен, канал дөңсөөдөн өткөндө - дамбанын этегинен аныкталат.
12.12.1 Дарыялардын суу коргоо чөлкөмүнүн эң кичине жазылыгы, эки жагынан тең, суунун көп жылдык орточо деңгээлинен аныкталат:
Дарыянын узундугу | Суу коргоо чөлкөмдүн жазылыгы, м |
1ден 10 км чейин 10дон 50 км чейин 50дөн 100 км чейин 100 км көп | 50 м чейин 75 м чейин 100м чейин 150 м чейин |
12.12.2 Магистралдык жана чарбалар аралык каналдар үчүн суу коргоочу чөлкөмдүн эң кичине жазылыгы төмөнкүчө аныкталат:
Өткөрүү жөндөмдүүлүгү төмөнкүчө болгон каналдар үчүн | Суу коргоо чөлкөмдүн жазылыгы, м |
5тен 10 м3/сек чейин 10дон 20 м3/сек чейин 20 м3/сек ашык | 50 75 100 |
көлдөр үчүн – жай мезгилиндеги суунун көп жылдык орточо деңгээлинен жана суу сактагычтар үчүн акваториясынын аянты 2 км чейин болгондо нормалдуу басымдагы деңгээлде – 300 м, 2 км ашканда – 500 м.
Суу коргоочу чөлкөмдөрдүн чегинде дарыялардын, көлдөрдүн жана суу сактагычтардын жээктери боюнча чарбалык ишмердиктер катуу чектелген аймактар катары жээкке жалгашкан тилкелерди бөлүп көрсөтүшөт.
12.12.3 Суу объектисине жанаша жайгашкан шаарлардын жана айыл калктуу конуштардын аймактарында, өлчөмдөрү калктуу конуштун башкы планы боюнча пландаштыруунун жана курулуштун таасын шарттарынын негизинде тактала турган жээктик суу коргоо тилкелери гана караштырылат.
Калктуу конуштарды долбоорлоодо дарыялар жана каналдар үчүн жээктеги суу коргоо тилкелеринин минималдуу өлчөмдөрү сууга жакын жайгашкан чарба жерлеринин (айдоо, чөп чабынды, бадалдар ж.б.) мүнөздөмөлөрүнө жана жантаймалардын тиктигине жараша төмөнкү таблица боюнча аныкталат.
Сууга жакын жайгашкан чарба жерлеринин түрү | Жанаша жайгашкан жантаймалардын төмөнкү тиктигиндеги суу коргоо тилкелеринин жазылыгы, м | ||
тескери жана нөлдүк жантайма | 3 градуска чейин | 3 градустан көп | |
Айдоо жерлери | 10-12 | 20-35 | 35-50 |
Жайыттар жана чөп чабындылар | 10-15 | 15-25 | 25-30 |
Токой, бадалдар, бак | 20 | 20-35 | 35-50 |
Максималдык маанидеги өлчөмдөр эң көп бузулган кыртыштарга тиешелүү.
12.12.4 Дарыялардын, көлдөрдүн жана суу сактагычтардын суу коргоо чөлкөмдөрүндө төмөнкүлөргө тыюу салынат:
катуу тиричилик калдыктары жана керекке жарабай калган өнөр жай калдыктары үчүн полигондорду, уу химикаттар, минералдык жер семирткичтер жана майлоочу-күйүүчү материалдардын кампаларын, уулуу химикаттар менен аппаратураларды толтуруу үчүн аянтчаларды, мал чарба комплекстерин жана фермаларды, көмүү жерлерин жайгаштырууга;
жаратылышты коргоо жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары менен макулдашуусуз өндүрүш жана социалдык чөйрөдөгү жаңы курулушту курууга жана аракеттегилерин кеңейтүүгө.
12.12.5 Жээкке жанаша тилкелердин чегинде жогоруда келтирилген чектөөлөргө кошумча катары чатыр шаарчаларын коюуга жана малдын жайкы лагерлерин уюштурууга тыюу салынат.
12.12.6 Чарбалык-ичүүчү жана маданий-тиричилик суу колдонуунун булактары катары пайдаланылуучу же пайдаланууга белгиленген суу сактагычтарды жана алардын бьефтерин колдонууну суу сактагычтарды долбоорлоонун, куруунун жана пайдалануунун санитардык эрежелерин эсепке алуу менен жүргүзүү керек.
12.12.7 Көлмөлөрдүн жана агын суулардын жээктеринде мурун жайгашкан жана долбоорлонуучу эс алуу чөлкөмдөрүндөгү суу коргоочу иш чаралар курулуш тармагында иштеп жаткан ченемдик-техникалык документтердин талаптарына жооп бериши керек.
12.13 Жер үстүндөгү сууларды (жаан-чачын суулары) ачык көлмөлөргө агызаардан мурун, “Жер үстүндөгү сууларды коргоо эрежелеринин” талаптарын эске алуу менен тазалоодон өтөт.
Өнөр жай ишканаларынын аймагынан жер үстүндөгү агынды сууларды суу объектилерине агындылоого, өнөр жайды суу менен камсыз кылуу техникалык жактан мүмкүн болбогондо же экономикалык жактан максатка ылайыксыз болгондо, жол берилет.
Жер үстүндүндөгү агынды сууларды пляждар үчүн дайындалган суу агып чыкпаган көлмөлөргө, сазга айлануучу туюк колотторго, желип кетме аңдарга, эгерде алардын жарларын бекемдөө иш чаралары каралбаса, тиешелүү макулдашуусуз балык көлмөлөрүнө агызууга жол берилбейт.
12.14 Калктуу конуштардын аймактарында жайгашкан жасалма көлмөлөрүндө күзгү-жайкы мезгилде суунун мезгилдүү алмаштырылып туруусун суу бетинин аянтына жараша караштыруу керек:
суу бетинин аянты 3 га чейин болгон жасалма көлмөлөрдө – 2 жолу, суу бетинин аянты 3 га чоң болгондо – 1 жолу;
сууга түшүү үчүн көлмөлөрдө – тиешелүү түрдө төрт жана үч жолу, ал эми аянты 6 га жана андан чоң болгондо – 2 жолу.
Селитебдик аймактарда жайгашкан көлмөлөрдүн суусунун тереңдиги жаз-жай мезгилдеринде 1,5 м, ал эми жээкке жанаша чөлкөмдө, суудагы өсүмдүктөрдү мезгилдүү түрдө жок кылып туруу шартында - 1 м кем эмес болууга тийиш.
Көлмөлөрдүн суусунун бетинин жана пляждарынын аянтын ушул курулуш ченеминин 8.21-пунктуна ылайык кабыл алуу керек. Көлчүктөрдүн жана башка көлмөлөрдүн жээкке жанаша тилкелери абатталган болууга тийиш. Көлмөлөрдү жер үстүндөгү суулардын булгануусун жокко чыгаруу чараларын көрүү зарыл.
12.15 Кыртыштарды коргоо боюнча иш-чараларды кыртыштарды коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарына, санитардык ченемдерге жана кыртыштагы булгоочу заттардын мүмкүн болгон чектик концентрациясы (МЧК) бекитилген ченемдерден ашык болгон ар кандай жер пайдалануудагы кыртыштарды булгоонун алдын алууну камсыз кылуучу ведомстволордун талаптарына ылайык түзүү керек.
Ызы-чуудан, титирөөдөн, электрдик жана магниттик талаалардан, нурлануудан жана нурдануулардан коргоо
12.16 Турак жай, коомдук имараттар жана аларга жанаша жайгашкан аймактар үчүн ызы-чуунун мүмкүн болгон деңгээлин, сырткы ызы-чуунун негизги булактарынын мүнөздөмөлөрүн, күтүлүүчү деңгээлдерин жана эсептик точкалардагы алардын талап кылынуучу төмөндөөсүн, ызы-чууну төмөндөтүүчү архитектуралык-мерчемдик жана курулуштук-акустикалык каражаттардын акустикалык натыйжалуулугун эсептөө усулдарын жана аларды долбоорлоо боюнча негизги талаптарды курулуш тармагында иштеп жаткан ченемдик-техникалык документтерге ылайык кабыл алуу зарыл.
12.17 Турак үйлөрдөгү титирөөнүн мүмкүн болгон деңгээли турак үйлөрдөгү титирөөнүн санитардык ченемдерине ылайык келүүсү керек. Бул талаптардын аткарылышы үчүн турак үйлөр менен титирөө булактарынын ортосундагы тиешелүү аралыкты, бул булактарга титирөөнү натыйжалуу басуучу материалдарды жана конструкцияларды колдонууну караштыруу керек.
12.18 Электромагниттик энергияны нурлантуучу радиотехникалык объектилерди (радио чордондорду, радиотелекөрсөтүүнү берүүчү жана радиолокациялык чордондорду), жогорку чыңалуудагы электр өткөргүч аба чубалгыларын жана башка объектилерди жайгаштырууда радиотехникалык объектилер жаратуучу электрмагниттик талаалардын таасиринен калкты коргоонун санитардык ченемдери жана эрежелерин, өнөр жай жыштыгындагы өзгөрмөлүү агындын электр өткөргүч аба чубалгылары жаратуучу электр талаасынын таасиринен калкты коргоонун санитардык ченемдерин жана эрежелерин, электр орнотмолорун түзүүнүн эрежелерин жетекчиликке алуу зарыл.
Радиоактивдүү заттарды өндүрүүдө, иштетүүдө, кайра иштетүүдө, колдонууда, сактоодо, ташууда, зыянсыздандырууда, көмүүдө жана иондоштуруучу нурлануулардын башка булактарынын радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу радиациялык коопсуздук ченемдерине, ошондой эле радиоактивдүү заттар жана иондоштуруучу нурлануулардын башка булактары менен иштөөнүн негизги санитардык эрежелерине ылайык жүргүзүлөт.
Микроклиматты жөнгө салуу
12.19 Турак жай жана коомдук имараттарды (мектепке чейинки балдар уюмдарынан, жалпы билим берүүчү мектептеринен, мектеп-интернаттардан башкасы) жайгаштырууда жана багыттоодо жашоо бөлмөлөргө жана аймактарга үзгүлтүксүз жарыктын тийүүсүн камсыз кылуу керек, түндүк кеңдиктен 58 түштүгүрөөк - 22 марттан 22 сентябрга чейинки мезгилде күнүгө 2,5 сааттан кем эмес камсыз кылуусу зарыл.
Ошол эле учурда:
12.19.1 Мектепке чейинки балдар уюмдарынын, жалпыга билим берүүчү мектептерди, мектеп-интернаттарды, саламаттык сактоо жана эс алуу мекемелерин жайгаштыруу жана багыттоо “Турак жай жана коомдук имараттардын жана турак жай курулуштарынын аймактарынын жарыктын тийүүсүн камсыздоонун санитардык ченемдери жана эрежелеринде” каралган бөлмөлөрдүн үзгүлтүксүз үч сааттык узактыктагы жарыктын тийүүүсүн камсыздоосу шарт.
12.19.2 Аймакка 9 кабат жана андан бийик имараттарды курууда ар бир чөлкөм үчүн тиешелүү түрдө бир күндүн ичинде жарыктын тийүүсүнүн жалпы узактыгынын 0,5 саатка көбөйүү шарты менен күндүн тийишин бир жолу үзгүлтүккө учуратууга жол берилет.
12.19.3 Батирдин баардык бөлмөлөрүнө жарыктын тийүүсүн меридионалдык типтеги турак үйлөрдө, ошондой эле турак жай курулушун кайра калыбына келтирүүдө же өтө татаал шаар куруу шарттарында (тарыхый баалуу шаар чөйрөсүндө, аймактын өтө кымбат даярдалышында, жалпы шаардык жана райондук борбор чөлкөмүндө) жаңы курулушту жайгаштырууда тиешелүү түрдө ар бир чөлкөм үчүн бөлмөлөргө күндүн тийишинин узактыгын 0,5 саатка кыскартууга жол берилет.
Тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо
12.20 Шаарлардын жана калктуу конуштарды пландаштыруу жана куруу долбоорлорунда Кыргыз Республикасынын тарыхый жана маданий эстеликтерин коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын сактоо зарыл.
12.20.1 Ошол эле учурда: тарыхый жана маданий эстеликтерин коргоо чөлкөмүнүн, курулушту жөнгө салуу чөлкөмүнүн жана корголуучу жаратылыш ландшафтынын чөлкөмүнүн долбоорун иштеп чыгуу жана алар боюнча чек араларын тактоо керек. Тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо чөлкөмдөрү айрым имараттар жана курулмалар, алардын ансамблдери жана комплекстери, ошондой эле эстеликтерди коргоо чөлкөмүнүн өзүнчө атайын долбооруна ылайык башка дагы баалуу тарыхый-маданий шаар куруу элементтери үчүн каралат.
12.20.2 Коргоонун жана кайтаруунун атайын шарттамдарынын талаптары, ар бир таасын корук (корук аймагы) жөнүндө долбоорлор жана жоболор менен аныкталган, өзгөчө тарыхый археологиялык жана архитектуралык баага ээ болгон жана белгиленген тартипте мамлекеттик тарыхый-архитектуралык коруктар же тарыхый-маданий корук аймактары (жерлери) катары жарыяланган тарыхый жана маданий эстеликтердин ансамблдерине жана комплекстерине, тарыхый борборлорго, кварталдарга, аянттарга, көчөлөргө, эстелик жерлерге, байыркы шаарлардын маданий катмарларына, бак-парк искусствосунун эстеликтерине, табигый жана жасалма ландшафтарга таралышы керек.
12.21 Шаарларды жана калктуу конуштарды пландаштыруу жана куруу долбоорлору тарыхый жана маданий эстеликтерди бузууга, которуштурууга же алардын абалын башкача өзгөртүүгө алып келбеши керек. Айрым өзгөчө учурларда эстеликтердин абалын өзгөртүү боюнча сунуштар Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүшү керек.
12.22 Мурун курулган райондордун баалуу тарыхый чөйрөсүн коргоону архитектуралык жана маданий баалуулуктарга ээ имараттарды калыбына келтирүү боюнча жумуштарды бир убакта жүргүзүү, мурун курулган имараттарды кайра калыбына келтирүү, жаңылоо жана капиталдык куруу, чөйрөнүн мүнөзүн бузбоочу тандамал жаңы курулушту алып баруу, инженердик жабдуулар тутумун жана аймакты абаттоону өнүктүрүү менен комплекстүү кайра калыбына келтирүү, кайра иштеп чыгуу усулдары аркылуу камсыздалышы керек.
А Тиркемеси
(милдеттүү)
Өрткө каршы талаптар
1 Турак жай, коомдук, өнөр жай ишканаларынын имараттарынын жана курулмаларынын ортосундагы өрткө каршы аралыкты А1-таблицасына ылайык кабыл алуу керек.
I жана II өрткө туруктуулук даражасындагы турак жай, коомдук имараттардан өндүрүш имараттарына жана I жана II өрткө туруктуулук даражасындагы гараждарга чейинки минималдык аралык 9 м кем эмес, бат күйүүчү же полимер материалдарын колдонуу менен жабылган өндүрүш имартына чейинки аралык -15 м кем эмес болууга тийиш.
А1-таблица
Имараттын отко чыдамдуулук даражасы | Өрт коопсузду-гунун конструк-тивдүүлүк классы | Турак жай жана коомдук имараттардын жана курулмалардын өрт коопсуздугунун констуктивдүү классы жана өрткө туруктуулук даражасындагы минималдык аралык, м | ||||
Турак жай жана коомдук |
| I, II, III, ӨТД | II, III,С1 | IV ӨТД, С1 | IV, V С1,С2 | IV, V С2, С3
|
I, II, III | ӨТД | 6 | 8 | 8 | 10 | 10 |
II, III | С1 | 8 | 10 | 10 | 12 | 12 |
IV | ӨТД, С1 | 8 | 10 | 10 | 12 | 12 |
IV, V | С2, С3 | 10 | 12 | 12 | 15 | 15 |
Өндүрүштүк жана кампалык |
|
|
|
|
|
|
I, II, III | ӨТД | 10 | 12 | 12 | 12 | 12 |
II, III | С1 | 12 | 12 | 12 | 12 | 12 |
IV | ӨТД, С1 | 12 | 12 | 12 | 15 | 15 |
IV, V | С2, С3 | 15 | 15 | 15 | 18 | 18 |
Э с к е р т ү ү:
1.1 Отко чыдамдуулук даражасы боюнча классификацияны курулуш тармагында иштеп жаткан КР КЧ 21-01:2018 5.6.3 пуктунун 6-таблицасына ылайык кабыл алуу керек.
1.2 Имараттар жана курулмалар ортосундагы аралык деп сырткы дубалдардын же башка конструкциялардын ортосундагы нак аралык эсептелет. Күйүүчү материалдардан даярдалган, 1м ашык чыгып турган имараттардын жана курулмалардын конструкциялары болгон учурларда, ошол конструкциялардын ортосундагы аралык кабыл алынат.
1.3 Терезе оюктары жок дубалдуу имараттардын жана курулмалардын ортосундагы аралыкты 50% кыскартууга жол берилет.
Сейсмикалуулугу 9 балл болгон райондордо турак жай имараттарынын ортосундагы, ошондой эле IVа, V даражадагы отко чыдамдуу турак жай жана коомдук имараттардын ортосундагы аралыкты 20% чоңойтуу керек.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
1.4 Терезе оюктары жок имараттын дубалы менен өрткө каршы дубалдын ортосундагы аралык чектелген эмес.
Имараттарды жарым-жартылай кесилишкен терезе оюктары жок дубалдар менен долбоорлоодо алардын ортосундагы аралык ченемделбейт, бирок дубалдардын кесилишкен жеринин борборунан 5 метр радиуста терезе оюктары жок болуп жасалышы керек.
(Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 18-сентябрындагы № 96-чуа буйругуннун редакциясына ылайык)
1.5 Эгерде каршысындагы бийигирээк имараттын дубалы өрткө чыдамдуу болсо, отко чыдамдуулугу I, II даражадагы имараттардын ортосундагы аралыкты 6 м кем кылып алууга жол берилет,
1.6 Бир жер тилкесинин чегинде жайгашкан турак үй менен чарбалык курулуштун ортосундагы аралык (курулуштун жалпы аянтынан көз карандысыз) ченемделбейт.
1.7 Эгерде чарба багытындагы курулмалардын аянты 800 м кв ашпаса короо жанындагы жер тилкесинен сырткары жайгашкан чарба багытындагы (сарай, гараж) курулмалардын ортосундагы аралык ченемделбейт.
1.8 Башка фукционалдык багыттагы имараттарга жанаша курулган (Ф 1.4 имараттардан башка) унаа токтоочу жайлар үчүн унаа токтоочу жайдын тешиктеринен жакын жайгашкан имараттын астынкы терезе тешиктерине чейинки аралыкты 4 метрден кем эмес кароо керек же терезелерди отко туруктуу толтурууну 4 метр радиуста кароо керек, же унаа токтоочу жайдын тешиктеринин үстүнө жазылыгы 1 метрден кем эмес отко чыдамдуу материалдардан туюк калканч каралуусу керек.
1.9 Курулуштун аймагында сырткы өрткө каршы суу түтүгү болгон учурда аз кабаттуу турак жайлардын ортосундагы аралыкты 30% азайтууга жол берилет.
2. Имараттардын жана курулмалардын өткөөлдөрү жана кирмелери имараттын функционалдык классификациясына жараша КР КЧ 21-01:2018 5.6.5 пунктуна ылайык каралат.
2.1 Имараттарга жана курулмаларга эки жагынан бойлото кеткен өткөөлдөр бийиктиги 28 м же андан көп болгон учурда төмөнкү талаптардын бирөөсү колдонулушу керек:
- эки тараптуу багыттагы батирлер же коомдук имараттардын бөлмөлөрү (эки тараптуу багыттагы батирлер же коомдук имараттардын бөлмөлөрү түшүнүгү боюнча имараттын бир жагынын сырткы дубалына көзөнөк каралат, ошол эле учурда бир жагынан сөзсүз түрдө 2.9 жана 2.10 пунктарынын талаптарына ылайык өрт өчүрүүчү техниканын кирүүсү каралат)
- коомдук имараттар үчүн 1,2,3-типтеги тепкичтер бар болгон учурда.
Калган учурларда имараттарга жана курулмаларга өрт өчүрүүчү техниканын төрт тараптан келүүсү каралат.
Имараттардын жана курулмалардын стандартту эмес формасында турак үйлөрдүн батирлерине же коомдук имараттардын бөлмөлөрүнө өрт өчүрүүчү техниканын келүүсү камсыз кылынышы керек.
Узунунан кеткен терезе оюктары жок дубал орнотулган учурда, ал тарабынан өтүү жолун камсыздоо талап кылынбайт.
(Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 18-сентябрындагы № 96-чуа буйругуннун редакциясына ылайык)
2.2 Бийиктиги 10 м ден 28 м чейинки имараттарга жана курулмаларга өрт өчүрүүчү автомобилдердин бир тараптан кирүүсүн кароого жол берилет:
- эки тараптуу багыттагы батирлер же бөлмөлөр;
- өз ара жакын кабаттардын балкондорун жана лоджияларын туташтырган сырткы ачык тепкичтердин же имараттарды коридордук пландоодо 1,2,3-типтеги тепкичтер;
Бийиктиги 10 м ге чейинки имараттар үчүн өрт өчүрүүчү унаалардын бир тараптан кирүүсү каралат.
2.3 Төмөнкү шарттарда фукционалдык өрт коопсуздугу Ф1.1, Ф4.1, Ф4.2 тибиндеги имараттар үчүн кабыл алынган пландоо чечимине байланыштуу өрт өчүрүүчү унаанын бир, эки, үч, төрт жагынан кирүү каралат:
2.3.1. Бийик имараттарга өткөөлдөр, подъездер А тиркемесинин 2.9-пунктуна ылайык кошумча талаптарды эске алуу менен каралууга тийиш:
- өрт автомобилдеринин келиши бийик имараттын, комплекстин бардык тарабынан, анын ичине курулуп-жанаша курулган бөлүгүнүн өлчөмүн камтуу менен камсыз кылынууга тийиш;
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
2.4 Жалпы аянты 10 000 м кв же жазылыгы 100 м болгон имараттарга бийиктигине карабастан бардык тарабынан өрт өчүрүүчү машиналардын келүүсү каралышы керек.
2.5 Аз кабаттуу турак жай курулушунун пландоо чечиминде (3 кабатка чейинки) имаратка, курулмаларга жана курулушка өрт өчүрүүчү машиналардын келүүсү каралышы керек, алардын ортосундагы аралык 50 м кем эмес, жолдордун унаа жүргөн бөлүгүнүн жазылыгы 7 м кем эмес, өткөөлдөрдүн жазылыгы 3,5 м болушу керек.
2.6 Бак өстүрүүчү, жашылча өсүмдүктөрүн өстүрүүчү чарбалардын жана жарандардын коммерциялык эмес дачалык бирикмелеринин аймагында өрт өчүрүүчү техниканын бардык бакча тилкелерине, жалпы колдонуудагы же топторго бириккен объектилерге келүүсү камсыз кылынышы керек. Бак өстүрүүчү, жашылча өсүмдүктөрүн өстүрүүчү чарбалардын жана жарандардын коммерциялык эмес дачалык бирикмелеринин жолдорунун жазылыгы 7 мертден, өткөөлдөрдүн жазылыгы 3,5 метрден кем болбоого тийиш.
2.7 Өндүрүш объектилеринин имараттарына, курулмаларынын бардык узундугуна өрт өчүрүүчү техниканын келүүсү камсыз кылынышы керек:
- бир тараптан – имараттын, курулманын жазылыгы 18 метрден ашпаганда;
- эки тараптан – имараттын, курулманын жазылыгы 18 м ден чон болгондо, ошондой эле туюк жана жарым туюк короолорду курууда.
2.8 Автоунаа жолдорунун унаа жүрүүчү бөлүгүнүн кырынан өндүрүш имараттарынын, курулмалардын жакынкы дубалдарына чейинки аралыкты, өрт өчүрүүчү техникалардын бурулуусу жана ошол аянтчаларга өрт гидраттарын орнотуу үчүн аянттарды жана ушул имараттарга, курулмаларга туюк көчөлөрдү куруу шарты менен 60 м ге чейин чоңойтууга болот. Ошол эле учурда өндүрүш имараттарынан, курулмалардан өрт өчүрүүчү техниканын бурулуусу үчүн аянчанын ортосундагы аралык 5 м ден кем эмес, бирок 15 м ден көп эмес, ал эми туюк көчөлөрдүн ортосундагы аралык 100 м ден кем эмес болушу керек.
2.9 Имараттын, курулманын негизги келип кирүүчү жолу менен биргелешкен өрткө каршы өткөөлдөрдүн жалпы жазылыгына төшөлмө жолду кошууга болот.
Жолдун жазылыгы төмөнкүдөй болушу керек:
-бийиктиги 15 метрге чейинки имараттар үчүн- 3,5 метрден кем эмес,
-бийиктиги 28 метрге чейинки имараттар үчүн- 4,2 метрден кем эмес,
-бийиктиги 28 метрден бийик имараттар үчүн- 6 метрден кем эмес,
2.10 Жолдун ички жээгинен имараттардын, курулмалардын дубалдарына чейинки аралык төмөнкүдөй болушу керек:
- бийиктиги 10 метрден 28 метрге чейинки имараттар үчүн – 5-8 метр;
- бийиктиги 28 метрден бийик имараттар үчүн – 8-16 метр.
2.11 Өрт өчүрүүчү техника үчүн жолдордун конструкциясы өрт өчүрүүчү унаанын оордугуна жараша болушу керек. Өрт өчүрүүчү унаа жолдору катуу жер каптоодон болушу керек.
Э с к е р т ү ү:
1. Унаа жүрүүчү жол бөлүгүнөн акыркы же мансарддарын терезелеринин төмөн жагына чейинки аралык имараттардын бийиктиги (өрт коопсуздугунун ченемдери боюнча) болуп саналат.
2. Жанаша курулган курулмалары менен, жогорку кабаттагы өрттү өчүрүүгө мүмкүн болбогон учурларда, батирлер жана имараттар автоматтык өрт өчүргүчтөр менен жабдылат.
3. Жанаша курулган курулманын бөлмөлөрү негизги имараттын дубалдарына чейинки аралык 3 метрден аз болсо имараттын бийиктигине жараша негизги жолдун ички жээгинен имараттын дубалына чейинки аралык 2.10 пунктуна ылайык каралат.
4. Туюк жана жарым туюк короолордо өрт өчүрүүчү унаалар үчүн унаа жүрүүчү жол каралышы керек.
5. Имараттардагы, курулмалардагы өтмө жолдордун жазылыгы 3,5 м ден, бийиктиги 4,5 м ден кем болбошу керек жана өтмө жолдор бири-биринен 300 м аралыкта жайгашышы зарыл, периметри боюнча кайра алыбына келтирилген райондорду курууда -180 м ден кем болбошу керек.
6. Конуштардын тарыхый курулуштарында калыптанган өтмө жолдордун өлчөмүн сактоого жол берилет.
7. Өрт техникасынын долбоорлонуп жаткан имаратка кирүүсү өрт техникасынын өтүшү үчүн жанаша өтүүчү жолдор же жарактуу аянтчалар аркылуу уюштурулушу мүмкүн.
8. Туюк өтмөктөр А.2 таблицасына ылайык аянтчалар менен аякташы керек. Туюк өтмөктүн максималдуу узундугу 150 метрден ашпашы керек. Узундугу 50 метрге чейинки туюк өтмөктөр бурулуш аянтчаларысыз каралат.
9. Имараттардагы, курулмалардагы жана курулуштардагы тепкич клеткалары аркылуу өтмөктөр бири-биринен 100 метрден ашпаган аралыкта жайгаштырылышы керек. Имараттар, курулмалара жана курулуштар бири-бирине бурч менен жанаша жайгашса, эсептөө үчүн өрт гидранттары бар тышкы суу түтүгүнүн периметри боюнча аралык алынат.
10. Стилобаттын чатырын өрт техникасынын кириши үчүн колдонууда стилобаттын конструкциялары өрт автомобилдеринин огуна кеминде 10 тоннадан кем эмес жүк көтөрө тургандай эсептелиши керек.
11. Өрт коопсуздугу боюнча ченемдик документтердин талаптарына ылайык, өрт техникасы менен суу алуу үчүн дарыяларга жана көлмөлөргө жетүү мүмкүнчүлүгү каралышы керек.
(Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 18-сентябрындагы № 96-чуа буйругуннун редакциясына ылайык)
А.2 таблицасы
Бурулуу аяттарынын
схемасынын варианттары
Б Тиркемеси
(милдеттүү)
Аба кемелеринин коопсуз учушун камсыз кылуу менен аэродромдордун райондорунда жана башка аймактарда объектилерди жайгаштырууну макулдашууга талаптар
Курулуш жүргүзүү аскердик окугдун жоопкерчилик чөлкөмүндө болжолдонсо, макулдашуу жүргүзүлүүчү ишканаларды жана уюмдарды аскер округунун Аскер аба күчтөрүнүн (ААК) штабы аныктайт. Долбоордук уюмдун тапшырыкчыларына же долбоордук уюмдарга штабдын дарегин жергиликтүү бийликтин облустук органдары берет. Төмөнкүлөрдү жайгаштырууга макулдашуу талап кылынат:
1) аэродромдорго баруучу аба жолдорунун тилкелеринин чегиндеги баардык объектилерди, ошондой эле бул тилкелердин чектеринен сырткары аэродромдун контролдук точкасынан (АКТ) 10 км радиустагы объектилер;
2) аэродромдун деңгээлине салыштырмалуу бийиктиги 50 м жана андан жогору болгон АКТдан 30 км радиустагы объектилерди;
жайгашкан жерине көз карандысыз:
3) жердин бетинен 50 м жана андан жогорку бийиктиктеги объектилерди;
4) радиотехникалык каражаттардын нормалдуу иштешине жолтоо боло турган байланыш, электр өткөрүүчү линияларды, ошондой эле башка дагы электр магниттик нурлануу объектилерин;
5) жарылууга кооптуу объектилерди;
6) чыгарылуучу газдарды авариялык күйгүзүү үчүн шаманалык түзмөктөрдү1;
Шаманалык түзмөктөрдүн бийиктигин аныктоодо жалындын мүмкүн болгон максималдык бийиктиги эске алынат.
7) аэродромдордун райондорундагы көрүүнү начарлатууга алып келе турган өнөр жай жана башка ишканалардын жана курулмалардын ишмердиги.
3-7 п.п. келтирилген объектилерди жайгаштырууда, алардын жайгашуу ордуна карабай, курулуучу объектилер аймактарына жана жоопкерчилик чөлкөмүнө кире турган аскер округунун штабы жана ААК штабы менен макулдашууга жатат.
Аэродромдун контролдук точкасынан 15 км жакын аралыкта канаттууларды чакыруучу жана алардын массалык чогулуусу менен айырмаланган тамак аш калдыктарын таштоочу жерлерди, айбанаттар фермаларын, мал союучу жайларды жана башка объектилерди жайгаштырууга тыюу салынат.
Ошол эле учурда:
1 Эгерде тиешелүү объектилерди куруу үч айдын ичинде башталбаса, жогоруда келтирилген макулдашуулар күчүн жоготот.
2 Аэродромдордун контролдук точкалары алардын геометрикалык борборлоруна жакын жайгашышат:
бир учуучу-конуучу тилкелүүлөр (УКТ) – анын борборунда;
эки параллелдүү УКТ – алардын борборлорун туташтыруучу түз сызыктын ортосунда;
эки параллель эмес УКТ – УКТ борборлорунан тургузулган перпендикулярлардын кесилиш чекитинде.
3 Бийик курулмаларды жайгаштырууну макулдашууга берилген документтерде, баардык учурларда, долбоорлонуучу курулмалардын жайгашуу координаттарын көрсөтүү зарыл.
В Тиркемеси
(милдеттүү)
Чарбак алдындагы жана батирлер алдындагы
жер тилкелеринин өлчөмдөрү
Турак үйлөрдүн колдонулуучу типтерине, калыптанып жаткан курулуштун (чөйрөнүн) мүнөзүнө, ар кандай чоңдуктагы шаарлардын түзүмүндө анын жайгашуусуна жараша жеке үйгө же батирге бөлүнүүчү турак үйдүн жанындагы жер тилкелеринин өлчөмдөрү төмөнкүчө:
400 – 600 м2 жана андан көп (курулуш аянттарын кошкондо) – жаңы перифериядагы аймактарда чарбактык типтеги курулуштардагы бир-эки батирлүү бир-эки кабаттуу үйлөрдө же майда шаарлардын мурунку жеке чарбактык курулуштарын кайра калыбына келтирүүдө, айыл чарба райондорундагы кичи жана орто шаарлардын резервдик аймактарында, кандай гана өлчөмдөгү болбосун шаарлардын чет жак чөлкөмдөрүндөгү жаңы же өнүгүп жаткан калктуу конуштарда;
200 – 400 м2 (курулуш аянттарын кошкондо) – майда, орто жана чоң шаарлардын жаңы перифериялык аймактарында коттедж тибиндеги курулуштардагы бир-эки же төрт батирлүү бир-эки кабаттуу үйлөрдө, чоң шаарлардын резервдик аймактарында, мурун курулган жеке чарбактык курулуштарды кайра калыбына келтирүүдө жана кандай гана чоңдуктагы болбосун шаарлардын чет жак чөлкөмдөрүндөгү өнүгүп келе жаткан калктуу конуштарда;
60 – 100 м2 (курулуштун аянтын кошпогондо) – майда, орто жана чоң шаарлардын жаңы перифериялык аймактарында блоктоштурулган типтеги курулуштун көп батирлүү бир-эки-үч кабаттуу үйлөрүндө, ири жана өтө ири шаарлардын чет жак чөлкөмдөрүндөгү жаңы жана өнүгүп келе жаткан кыштактарында жана кандай гана чоңдуктагы болбосун шаарлардын жеке чарбактык курулушун кайра калыбына келтирүү шарттарында;
30 – 60 м2 (курулуш аянтын кошпогондо) – жыш, аз кабаттуу курулушту колдонууда жана кайра калыбына келтирүү шарттарында кандай гана чоңдуктагы болбосун шаарларда көп батирлүү бир-эки-үч кабаттуу блоктоштурулган үйлөрдө же татаал көлөмдүк-мейкиндик түзүмдөгү эки-үч-төрт (беш) кабаттуу үйлөрдө.
Ошол эле учурда:
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык калктуу конуштардын чакан курулушун жүргүзүүдө үйдүн (батирдин) жанында жеке көмөкчү чарбаны алып баруу үчүн жер тилкелери аз өлчөмдө, калган бөлүгүн калктуу конуштардын турак жай чөлкөмүнүн чегинен сырткары бөлүп берүү менен берилет.
Г Тиркемеси
(милдеттүү)
Турак жай районунун жана кичи районунун аймагындагы
калктын эсептик жыштыгы
Турак жай районунун аймагынын калкынын эсептик жыштыгын, киши/га, Г.1-таблицада келтирилгенден кем эмес, ал эми кичи райондун аймагынын калкынын жыштыгын – Г.2-таблицада келтирилгенден кем эмес кылып кабыл алуу сунушталат. Аймактын ар кандай даражадагы чөлкөмдөрдүн шаар куруу баалуулуктугунун саны жана алардын чек аралары жердин наркын баалоону, инженердик жана унаалык магистралдык тарамдардын жыштыгын, коомдук объектилер менен толгондугун, аймакты инженердик даярдоого капиталдык салымдын өлчөмүн, тарыхый-маданий жана архитектуралык-ландшафтык баалуулуктарды эске алуу менен аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
Г.1-таблица
Аймактын шаар куруу баалуулугунун ар кандай деңгээлдеги чөлкөмдөрү | Калкынын саны төмөнкүчө болгон шаарлардын тобу үчүн, турак жай районунун аймагынын калкынын жыштыгы, киши/га | ||||||
20 чейин | 20-50 | 50-100 | 100-250 | 250-500 | 500-1000 | 1000 жогору | |
Жогорку | 90 | 110 | 125 | 135 | 145 | 145 | 150 |
Орточо | - | - | - | 120 | 125 | 135 | 145 |
Төмөнкү | 50 | 80 | 110 | 110 | 115 | 120 | 130 |
Ошол эле учурда:
1 Аймакты инженердик даярдоо боюнча татаал иш чараларды талап кылуучу аянтчаларда калктын жыштыгын чоңойтсо болот, бирок 35-40% ашык эмес.
2 Тарыхый шаарлардын борбордук бөлүктөрүндө мурунку курулуштарды кайра калыбына келтирүү шарттарында, ошондой эле башка бөлүктөрүндө тарыхый-маданий жана архитектуралык-ландшафтык баалуулуктар болгон учурларда калктын жыштыгы долбоорлоого берилүүчү тапшырмада камтылышы керек.
3 Борборлоштурулган инженердик тутумдардын курулуусу белгиленген жеке чарбак курулуштуу райондордо жана калктуу конуштарда калктын жыштыгын азайтууга жол берилет, бирок 40 киши/га кем эмес кабыл алуу зарыл.
Г.2 таблицасы
Аймактын ар кандай чөлкөмдөрүнүн шаар куруу баалуулуктугунда | Климатикалык кичи райондор үчүн кичи райондун аймагындагы калктын жыштыгы, киши/га | |
580 түндүк жазылыгынан түштүгүрөөк, IA, IГ кичи райондор | 580 түндүк жазылыгынан түштүгүрөөк бул чөлкөмгө кирген IA, IГ кичи райондордун бөлүктөрүнөн башкасы | |
Жогорку | 290 | 270 |
Орточо | 240 | 225 |
Төмөнкү | 135 | 120 |
Ошол эле учурда:
1. Шаар куруу баалуулугу жогору борбордук аймактардагы чон жана ири шаарларда калктын жыштыгы г.2-таблица боюнча, калган аймактарда шаар куруу баалуулугу жогору болгон аймактын борбордук пландоо районунан аймактын шаар куруу баалуулугуна жараша периферияга чейин жыштыкты төмөндөтүү менен кабыл алуу керек. Борбордук пландоо району калктуу конуштун башкы планын иштеп чыгууда аныкталат.
Турак жай райондорунун эсептик аймагынын чектери магистралдык жана турак жай көчөлөрүнүн, өтмөктөрдүн же жөө жүргүнчүлөр жолдорунун огу боюнча, табигый чектер боюнча, кичи райондун, кварталдын эсептик аймагынын чектери магистралдык жана турак жай көчөлөрүнүн кызыл сызыктары боюнча, ал эми алар жок болсо - курулуш линиясынан 3 м.аралыкта белгилениши керек.
Эсептик аймактан райондук жана жалпы шаардык маанидеги объекттердин, тарыхый-маданий жана архитектуралык-ландшафттык баалуулугу бар объекттердин участокторунун, ошондой эле чектеш кичи райондордун калкын ченемге салынуучу радиустарда тейлөөгө эсептелген (тейленүүчү калктын санына пропорционалдуу) күнүмдүк пайдалануудагы объекттердин участоктору алынып салынууга тийиш.
Эсептик аймакка эсептелген калкты тейлеген күнүмдүк пайдалануудагы объекттердин, анын ичинде чектеш аймактарда, ошондой эле жер астындагы жана жер үстүндөгү мейкиндиктерде жайгашкан участоктордун бардык аянттарын кошуу зарыл.
Калыптанган курулушту кайра конструкциялоо шартында кварталдарды бөлүп турган жана кичи райондун ичинде же имараттарга кирүү үчүн жөө жүрүүчүлөр үчүн сакталуучу көчөлөрдүн туурасынан кеткен профили өзүнчө көрсөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
2 Калыптанган курулуштарды кайра калыбына келтирүү шарттарында калктын эсептик жыштыгын көбөйтүүгө жол берилет, бирок 25-30% көп эмес.
3 Ири жана өтө ири шаарларда жогорку жыштыктагы 2, 3, 4 (5) кабаттуу турак жай курулушун колдонууда аймактын бир гектарына калктын эсептик жыштыгын шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарынын жогорку чөлкөмүнүн шаар куруу баалуулуктарындагыдан кем эмес кылып кабыл алуу керек.
4 Мектеп окуучулары жана калк үчүн кичи райондордо бирдиктүү дене тарбия-ден соолукту чыңоочу комплексти калыптандырууда жана ушул эреже топтомунун 5.15 пунктунда келтирилген дене тарбия менен машыгуу үчүн аянтчалардын салыштырмалуу өлчөмдөрүн кичирейтүүдө тиешелүү түрдө калктын жыштыгын чоңойтуу зарыл.
5 Токойлорго жана токой-сейил бактарга жанаша жайгашкан жана алардын ортосунда жайгашкан аймактарды курууда жашылдандырылган аймактардын аянтын азайтууга жол берилет, бирок 30% көп эмес, тиешелүү деңгээлде калктын жыштыгын көбөйтүү менен.
6 Жыштыктын көрсөткүчтөрү 18 м2/киши эсептик турак жай менен камсыздоо шартында келтирилген. Башка эсептик турак жай менен камсыздоо шартында эсептик ченемдик жыштыкты Р, төмөнкү формула боюнча аныктоо керек, киши/га:
Р = Р1818/Н,
мында Р18 – 18 м2/киши эсебиндеги жыштыктын көрсөткүчү;
– эсептик турак жай менен камсыздалышы, м2.
Функционалдык шаар куруу чөлкөмдөрүнүн курулуш жыштыгынын ченемдик көрсөткүчтөрү.
Функционалдык шаар куруу чөлкөмдөрүнүн жыштыгынын ченемдик көрсөткүчтөрү шаарлар үчүн Г.3 таблицасында көрсөтүлгөндөн ашык болбошу керек.
Функционалдык шаар куруу чөлкөмдөрүнүн курулуш жыштыгынын көрсөткүчтөрү.
Курулуштун жыштыгынын негизги көрсөткүчү:
- курулуштун коэффициенти- имараттар же курулмалар ээлеген аянтынын жер тилкесинин (кварталдын) аянтына болгон катышы;
- курулуштун жыштыгынын коэффициенти – имараттын жана курулманын бардык кабаттарынын аянтынын жер тилкесинин (кварталдын) аянтына болгон катышы.
Жергиликтүү шаар куруу өзгөчөлүктөргө жараша (калктуу конуштун көрүнүшү, тарыхый чөйрөсү, ланшафт ж.б.) кошумча көрсөткүчтөр белгилениши мүмкүн, жер тилкесинин аянтына имараттардын жана курулмалардын мүмкүн болгон курулуш көлөмүнүн катышын мүнөздөөчү, бардык кабаттардын саны, конкреттүү чөлкөмдөгү имараттардын жана курулмалардын мүмкүн болгон бийиктиги жана башка пландоодогу чектөөлөр.
Г.3 таблицасы – Курулуштун жыштыгынын көрсөткүчү
Турак жай чөлкөмү | Курулуштун коэффициенти | Курулуштун жыштыгынын коэффициенти |
Көпбатирлүү көп кабаттуу турак үйлөрдүн ортосунлагы курулмалар | 0,4 | 1,2 |
Магистралга жакын аймактар | 0,7 | 2-2,5 |
Магистралдар арлык аймак 100 га чейин | 0,6
| 1,5-2 |
Магистралдар аралык аймак 100 га дан ашык | 0,4 | 1,2 |
Ошол эле кайра калыбына келтирилген | 0,6 | 1,6 |
Орто жана аз кабаттуу көп батирлүү турак үйлөрдүн ортосундагы курулмалар | 0,4 | 0,8 |
Э с к е р т ү ү: 1.Турак жай, коомдук-ишкер чөлкөмдөрдүн курулуш коэффициенти жана курулуш жыштыгы кварталдын аймагы үчүн керектүү тейлөөчү ишканаларды жана мекемелерди, гараждарды, автомобиль токтоочу жайларды, жашыл бактарды, аянтчаларды жана башка аббаттоо объектилерин эске алуу менен келтирилген. 2.Курулуштун жыштыгынын коэффициетин эсептөөдө кабаттардын аянты имараттын сырткы өлчөмү менен аныкталат. Жер үстүндөгү кабаттар гана эске алынат, мансардаларды кошкондо. Имараттардын жана курулмалардын жер астындагы кабаттары эске алынбайт. Жердин үстүнкү бети жашылдандуруу, аянчаларды уюштуруу, автомобиль токтоочу жай жана башка аббаттоонун түрлөрү үчүн колдонулса жер астындагы курулмалар эсепке алынбайт. 3.Турак жай курулушунун жыштыгын эсептөөдө имараттын функционалдык дайындоосуна карабастан бардык жер үстүндөгү кабаттардын аянты эске алынат. 4.Кварталдардын чек аралары катары кызыл сызык эсептелет. | ||
Д Тиркемеси
(милдеттүү)
Кампалардын жер тилкелеринин аянттары жана өлчөмдөрү
Д.1-таблицасы – 1 миң кишиге жалпы товардык кампалардын жер тилкелеринин аянттары жана өлчөмдөрү
Жалпы товардык кампалар | Кампалардын аянты, м2 | Жер тилкелеринин өлчөмдөрү, м2 |
Азык-түлүк товарларынын | 77 | 310*/210 |
Азык-түлүк эмес товарлардын | 217 | 740*/490 |
*Жантык сызыктын үстүндө бир кабаттуу кампалар үчүн, ал эми астында – көп кабаттуу кампалар үчүн ченемдер берилген (кабаттардын орточо бийиктиги 6 м болгондо).
Ошол эле учурда:
Адистештирилген топтун курамындагы жалпы товардык кампаларды жайгаштырууда жер тилкелеринин өлчөмдөрүн 30% кыскартуу сунуш кылынат.
Товарларды шашылыш ташып келүү чөлкөмдөрүндө жер тилкелеринин өлчөмдөрүн 40% чоңойтуу керек.
Товар камдыктарын артыкчылыктуу сактоодо айылдагы калктуу конуштардын кампаларынын аянттары жана алардын жер тилкелеринин өлчөмдөрү чоңойтулат, бир эле убакта шаарлардагы бул көрсөткүчтөрдү азайтуу менен.
Д.2-таблицасы – 1000 кишиге эсептелген адистештирилген кампалардын сыйымдуулугу жана жер тилкелеринин өлчөмдөрү
Адистештирилген кампалар | Кампалардын сыйымдуулугу, т | Жер тилкелеринин өлчөмдөрү, м2 |
Бөлүштүргүч муздаткычтар (этти жана эт өндүрүмдөрүн, балык жана балык өндүрүмдөрүн, май, сүт өндүрүмдөрүн, жумуртка сактоо үчүн) | 27 | 190*/70 |
Жемиш сактагычтар | 17 |
1300*/610 |
Жашылча сактагычтар | 54 | |
Картөшкө сактагыч | 57 |
*Алымында бир кабаттуу кампалар үчүн ченемдер, ал эми бөлүмүндө – көп кабаттуу кампалар үчүн ченемдер.
Ошол эле учурда:
Картөшкө, жашылча, жемиштерди өстүрүүчү жана даярдоочу райондордо кампалардын сыйымдуулугу жана тиешелүү түрдө алардын жер участкаларынын өлчөмдөрү 0,6 көмөк чоңдугу менен кабыл алынат.
Шаарлардагы картөшкө жана жемиштерди сактоочу кампалардын сыйымдуулугун жана алардын жер тилкелеринин үлүшү, жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан аныктала турган шаардан сырткаркы сактоону уюштуруунун эсебинен кичирейтсе болот.
Д 3-таблицасы – Вахталык жана экспедициялык айылдар үчүн кампалардын сыйымдуулугу, 1 кишиге
Кампалар, ченөө бирдиги | Кыштактар үчүн кампалардын сыйымдуулугу | |
вахталык | экспедициялык | |
Кургак өндүрүмдөрдүн, м2 | 0,3 | 3,5 |
Муздаткычтар, т | 0,01 | 1,1 |
Жашылча сактагычтар, картөшкө сактагычтар, жемиш сактагычтар, т | 0,5 | 0,5 |
Ошол эле учурда: кургак өндүрүмдөр кампаларынын жана муздаткычтардын ченемдери вахталык айылдар үчүн бир айлык камдыктан жана экспедициялык айылдар үчүн бир жылдык камдыктардан аныкталган. Жашылча, картөшкө жана жемиш сактагычтардын ченемдери бир жылдык камдыктан аныкталган.
Д 4-таблицасы – Курулуш материалдары жана катуу отун кампаларынын жер тилкелеринин өлчөмдөрү, 1 миң кишиге.
Кампалар | Жер тилкелеринин өлчөмдөрү, м2 |
Курулуш материалдарынын кампалары (керектөөчүлүк) | 300 |
Артыкчылыктуу колдонуудагы катуу отун кампалары: таш көмүр жыгач отун |
300 300 |
Ошол эле учурда: Катуу отун кампаларынын жер тилкелеринин өлчөмдөрүн IV климатикалык район үчүн - 0,6 көмөк чоңдугу менен кабыл алуу керек.
Е Тиркемеси (милдеттүү) |
Тейлөө мекемелерин жана ишканаларын эсептөө ченемдери жана алардын жер тилкелеринин өлчөмдөрү
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
Мекемелер, ишканалар, курулмалар, ченөө бирдиктери | Кубаттуулугу | Жер тилкелеринин өлчөмдөрү, га | Эскертүүлөр |
1 | 2 | 3 | 4 |
Билим берүү уюмдары | |||
Мектепке чейинки балдар уюмдары, орун | Балдардын мектепке чейинки уюмдары менен камсыз болуу эсептик деңгээлин 85% чегинде, анын ичинде жалпы типтегиси - 70%, адистештирилген - 3%, ден соолук чыңдоочулары - 12% деп кабыл алып, калктуу конуштун демографиялык түзүмүнө жараша аныкталат. Жаңы конуш2 калктуу конуштарында, демографиялык маалыматтар болбогондо, 1 миң кишиге 180 орунга чейин деп кабыл алуу керек; ошол эле учурда турак жай курулушунун аймагында 1 миң кишиге 100 орундан ашык эмес эсебинде кабыл алуу зарыл | Майда балдар бакчасынын-балдар бакчасынын сыйымдуулугунда, 1 орунга, м2: 100 орунга чейин – 35, 100 дөн жогору - 33; майда балдар бакчасынын-балдар бакчасынын 500дөн жогору орунга - 30. Жер тилкелеринин өлчөмдөрү азайтылат: IA, IГ климатикалык кичи райондордо 30-40%, кайра калыбына келтирүү шарттарында - 25%; жантаймалуулугу 20% ашык болгон рельефте жайгаштырууда - 15%; жаңы конуштарда (жашылдандыруу аянттарын кыскартуунун эсебинен) - 10% | Майда жаштагы балдар үчүн топтук аянтчанын аянтын 1 орунга 7,5 м2 эсебинде кабыл алуу керек. Мектепке чейинки жаштагы балдар үчүн оюн аянтчаларын жалпы типтеги мектепке чейинки балдар уюмдарынын чегинен сырткары жайгаштырууга жол берилет. |
Мектепке чейинки балдар үчүн жабык бассейндер, объектилер | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча | ||
Жалпы билим берүүчү мектептер, окуучулар(*) | Бир сменада окутууда балдарды толук эмес орто билим берүү (I - IX класстар) менен 100% жана орто билим берүү (I - XI класстар) менен 75% чейин камтууну көңүлгө алуу менен кабылдоо керек | Жалпыга билим берүү мектебинин сыйымдуулугунда, бир окуучуга3: 150дөн 275 чейин – 1 окуучуга 20 м2; 275тен 500 чейин – 1 окуучуга 29 м2; 500дөн 800 чейин – 1 окуучуга 38 м2; 800дөн 1100 чейин - 1 окуучуга 33 м2; 1100дөн 1500 чейин - 1 окуучуга 21 м2; 1500дөн 2000 чейин - 1 окуучуга 17 м2; 2000ден көп - 1 окуучуга 16 м2. | Мектептердин жер тилкелеринин өлчөмдөрү: IA, IГ климатикалык кичи райондордо 40%, кайра калыбына келитрүү шарттарында 20% кичирейтилиши, эгерде окуу-тажрыйбалык жумуштарды уюштуруу үчүн атайын жер тилкелери каралбаса айылдык калктуу конуштарда 30% чоңойтулат. Мектептин спорттук чөлкөмү кичи райондун дене тарбия - ден соолукту чыңоо комплекси менен бириктирилет. |
Мектеп-интернаттар, окуучулар | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча | Жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттын сыйымдуулугунда, окуучулар: 220дөн 300 чейин -1 окуучуга 70 м2, 300дөн 500 окуучуга чейин - 1 окуучуга 65 м2, 500дөн жогору - 1 окуучуга 45 м2 | Мектептин жер тилкесинде интернаттын имаратын (жашоочу корпусун) жайгаштырууда жер тилкесинин аянтын 0,2 га көбөйтүү керек |
Мектептер аралык окуу-өндүрүштүк комбинаты, орун(**) | Окуучулардын жалпы санынан 8% | Мектептер аралык окуу-өндүрүштүк комбинаттардын жер тилкелеринин өлчөмдөрүн 2га кем эмес, автополигондорду же трактодромдорду курууда 3 га кем эмес кабыл алуу сунуш кылынат | Автотрактордромдорду селитебдик аймактан сырткары жайгаштыруу керек |
Мектептен сырткаркы мекемелер, орун(**) | Окуучулардын жалпы санынын 10%, анын ичинде имараттардын түрү боюнча: окуучулардын сарайы (үйү) - 3,3%; жаш техниктер чордону 0,9%; жаш натуралисттер чордону - 0,4%; жаш туристтер чордону - 0,4%; балдар-жаштар спорт мектеби - 2,3%; балдардын коркөм өнөр же музыкалык, көркөм, хореографиялык мектеби - 2,7% | Долбоорлоого тапшырма боюнча |
|
Атайын орто жана кесиптик-техникалык окуу жайлары, окуучулар | Анын таасир этүү чөйрөсүндөгү шаар-борбор жана башка калктуу конуштардын калкын эсепке алуу менен долбоорлоого берилген тапшырма боюнча | Кесиптик-техникалык окуу жайларынын жана атайын орто окуу жайларынын сыйымдуулугунда, окуучулар: 300 чейин - 1 окуучуга 75 м2; 300дөн 900 чейин - 50-65 м2; 900дөн 1600 чейин - 30-40 м2 | Жер тилкелеринин өлчөмдөрү азайтылат: IA, IГ климатикалык кичи райондордо жана кайра калыбына келтирүү шарттарында 50%, гуманитардык профилдеги окуу жайлары үчүн 30%; жер тилкелеринин өлчөмдөрү 50% көбөйтүлүшү мүмкүн - айыл калктуу конуштарда жайгашкан айыл чарба профилиндеги окуу жайларында. Окуу жайларды кооперациялаштырууда окуу борборлорун түзүүдө жер тилкелеринин өлчөмдөрүн окуу борборлорунун сыйымдуулугуна, окуучулардын санына жараша азайтуу сунуш кылынат: 1500дөн 2000 чейин - 10%, 2000ден 3000 чейин - 20%, 3000 жогору - 30%. Турак жай чөлкөмүнүн, окуу жана көмөкчү чарбалардын, полигондордун жана автотрактордромдордун өлчөмдөрү жогоруда келтирилген өлчөмдөргө кирбейт. |
Жогорку окуу жайлары, студенттер | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча | Жогорку окуу жайлардын чөлкөмдөрү (окуу чөлкөмдөрү), 1 миң студентке, га: университеттер, техникалык ЖОЖ - 4-7; айыл чарбалык - 5-7; медициналык, фармацевтикалык - 3-5; экономикалык, педагогикалык, маданият, искусство, архитектуралык - 2-4; адистикти жогорулатуу жана аралыктан окутуу институттары - тиешелүү түрдө алардын профилдерине ылайык көмөк чоңдугу менен - 0,5; адистештирилген чөлкөм - долбоорлоого тапшырма боюнча; спорт чөлкөмү - 1-2; студенттик жатаканалар чөлкөмү - 1,5-Дене тарбия ЖОЖдору долбоорлоого берилген тапшырма боюнча долбоорлоо | ЖОЖдун жер тилкесинин өлчөмү IA, IГ климатикалык кичи райондордо жана кайра калыбына келтирүү шарттарында 40% азайтылат. Бир жер тилкесинде бир нече ЖОЖдордун кооперацияланып жайгашуусунда окуу жайлардын жер тилкелеринин суммардык аймагын 20% кыскартуу сунуш кылынат |
Саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо мекемелери, спорттук жана дене тарбия-ден соолук чыңоочу курулмалар | |||
Интернат-үйлөр Өндүрүштүк бирикмелер (ишканалар) тарабынан уюштурулуучу карылар, согуш жана эмгек ардагерлери үчүн интернат-үйлөр, акы төлөнүүчү пансионаттар, 1 миң кишиге (60 жаштан жогору), орун. | 28 | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча | Социалдык камсыздоо мекемелеринин эсептик ченемдерин аймактын социалдык-демографиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша тактоо зарыл |
Физикалык кемчилдиктери менен жашы жетилген майыптар үчүн интернат-үйлөр , 1 миңкишиге орун (18 жаштан жогору) | 28 | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча |
|
Балдар интернат -үйлөрү, 1 миң кишиге орун (4 жаштан 17 чейин) | 3 | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча |
|
Психоневрологиялык интернаттар, 1 миң кишиге (18 жаштан жогору), орун | 3 | Интернаттын сыйымдуулугунда, орундар: 200 чейин - 1 орунга 125 м2, 200дөн 400 чейин - 1 орунга 100 м2, 400дөн 600 чейин - 1 орунга 80 м2 |
|
Согуштун жана эмгектин ардагерлери, жалгыз бой карылар үчүн атайын турак үйлөр жана батирлер топтору, 1 миң кишиге (60 жаштан жогору), киши | 60 |
|
|
Кресло-коляскадагы майыптар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн атайын турак үйлөр жана батирлер топтору, жалпы калктын 1 миң кишисине , киши | 0,5 |
|
|
Саламаттыкты сактоо мекемелери Жетилген курактагылар үчүн көмөкчү имараттары жана курулмалары менен баардык типтеги стационарлар, керебет | Дарылоочу-алдын алуучу мекемелердин керектүү сыйымдуулугу жана түзүмү саламаттык сактоо органдары тарабынан аныкталып, долбоорлоого берилген тапшырмада көрсөтүлөт | Стационарлардын кубаттуулугунда, керебет: 50 чейин - 1 керебетке 300 м2; 50дөн 100 чейин - 1 керебетке 300-200 м2; 100дөн 200 чейин - 1 керебетке 200-140 м2; 200дөн 400 чейин - 1 керебетке 140-100 м2; 400дөн 800 чейин - 1 керебетке 100-80 м2; 800дөн 1000 чейин - 1 керебетке 80-60 м2; 1000ден жогору - 1 керебетке 60 м2 | Балдар үчүн 1 керебетке жалпы стационардын ченемин 1,5 көмөк чоңдугу менен кабыл алуу керек. Бир жер тилкесинде эки же андан ашык стационар жайгаштырылган учурда анын жалпы аянтын стационарлардын суммалык сыйымдулугунун ченеми боюнча кабыл алуу зарыл. IA, IГ климатикалык кичи райондордо, ошондой эле ири жана өтө ири шаарларда кайра калыбына келтирүү шарттарында ооруканалардын жер тилкелерин 25% азайтууга жол берилет. Шаардын чет жак чөлкөмүндө жайгашуучу ооруканалардын жер тилкелердин өлчөмүн көбөйтүү керек: инфекциялык жана онкологиялык - 15%, кургак учук жана психиатриялык - 25%, жашы жетилгендер үчүн калыбына келтирип дарылоочу - 20%, балдар үчүн - 40%. Төрөт үйлөрүнүн жер тилкелеринин аянтын стационарлардын ченемдери боюнча 0,7 көмөк чоңдугу менен кабыл алуу зарыл |
Бейтапканалар, амбулаториялар, стационарсыз диспансерлер, сменада келүүлөр | Атайын автомобилде 15 минуттук жетүү мүмкүнчүлүгүндөгү чөлкөмдүн чегинде 10 миң кишиге 1 | 1 сменде 0,1 га 100 келип-кетүүгө, бирок 0,3 га дан кем эмес | Бир дарылоочу-алдын алуучу мекемеге бириккен стационардын жана бейтапкананын (диспансердин) жер тилкелеринин өлчөмдөрү тиешелүү ченемдер боюнча ар бири өз алдынча аныкталып, кийин кошулуп алынат |
Медициналык тез жардам чордондору (көмөк чордондору), автомобиль | Атайын автомобилде 30 минуттук жетүү мүмкүнчүлүгүндөгү чөлкөмдүн чегинде айыл калкынын 10 миң кишисине 1 | 1 автомобилге 0,05 га, бирок 0,1 га кем эмес | |
Медициналык тез жардамдын көчмө пункттары, автомобиль
| Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча | 1 автомобилге 0,05 га, бирок 0,1 га кем эмес | |
Фельдшердик же фельдшердик-акушердик пункттар, объект | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча | 0,2 га | |
Төмөнкү топтогу дарыканалар: I - II III - V VI - VIII | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча | 0,3 га же кошо курулган 0,25 га же кошо курулган 0,2 га же кошо курулган | |
Сүт ашканалары, 1 наристеге (1 жашка чейинки) 1 суткага үлүш | 4 | 1 суткадагы 1 миң үлүшкө 0,015 га, бирок 0,15 га кем эмес |
|
Сүт ашканаларынын таратуучу пункттары, 1 наристеге (1 жашка чейин) жалпы аянттан, м2 | 0,3 | кошо курулган | |
Санатордук-курорттук жана ден соолук чыңоочу, эс алуу жана туризм мекемелери | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча | 1 орунга 200 м2 | Келтирилген чектердеги жер тилкелеринин ченемдеринин таасын маанилери жергиликтүү шарттар боюнча кабыл алынат. Жер тилкесинин өлчөмдөрү чарбалык чөлкөмдөрдүн аянттарын, ушул ченемдердин 3.15 пунктуна ылайык кабыл алынуучу, эсепке албай берилген Мурун курулган курорттук райондордо жана курортторду кайра калыбына келтирүү шарттарында, ошондой эле өтө ири жана ири шаарлардын чет жак чөлкөмдөрүндөгү эс алуу базалары үчүн жер тилкелеринин өлчөмдөрүн азайтса болот, бирок 25% көп эмес | |
Санаторийлер ( кургак учук оорулууларды кошпогондо), орун | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча | 1 орунга 125-150 м2 |
| |
Балдары менен ата-энелер үчүн санаторийлер ( кургак учук оорулууларды кошпогондо), орун | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча | 1 орунга 145-170 м2 |
| |
Санаторийлер-профилакторийлер, орун | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча | 1 орунга 70-100 м2 | Шаар чийиминин чегинде жайгашкан санаторий-профилакторийлерде жер участкаларынын өлчөмдөрүн азайтса болот, бирок 10% көп эмес | |
Балдардын санатордук лагерлери, орун | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча | 1 орунга 200 м2 |
| |
Эс алуу үйлөрү (пансионаттар), орун | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча | 1 орунга 120-130 м2 |
| |
Балдары менен үй-бүлөлөр үчүн эс алуу үйлөрү (пансионаттар) | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча | 1 орунга 140-150 м2 |
| |
Ишканалардын жана уюмдардын эс алуу базалары, жаштардын лагерлери, орун | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча | 1 орунга 140-160 м2 |
| |
Курорттук мейманканалар, орун | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча | 1 орунга 65-75 м2 |
| |
Балдар лагерлери, орун | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча | 1 орунга 150-200 м2 |
| |
Жогорку класстын окуучуларынын ден соолукту чыңоочу лагерлери, орун | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча | 1 орунга 175-200 м2 |
| |
Мектепке чейинки балдар мекемелеринин дачалары, орун | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча | 1 орунга 120-140 м2 |
| |
Туристтик мейманканалар, орун | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча | 1 орунга 50-75 м2 | Өтө ири жана ири шаарларда, коомдук борборлордо жайгаштырылуучу туристтик мейманканалар үчүн жер тилкелеринин өлчөмдөрүн коммуналдык мейманканалар үчүн такталган ченемдер боюнча кабыл алууга жол берилет | |
Туристтик базалар, орун | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча | 1 орунга 65-80 м2 |
| |
Балдары менен үй-бүлөлөргө туристтик базалар, орун | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча | 1 орунга 95-120 м2 |
| |
Мотелдер, орун | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча | 1 орунга 75-100 м2 |
| |
Кемпингдер, орун | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча | 1 орунга 130-150 м2 |
| |
Баш калка жайлар, орун | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча | 1 орунга 35-50 м2 |
| |
Дене тарбия-спорттук курулмалар Аймагы |
|
|
| |
Кичи райондогу дене тарбия-ден соолук чыңоочу көнүгүүлөр үчүн жайлар, 1 миң кишиге жалпы аянт, м2 |
| 1 миң кишиге 0,7-0,9 м2 | Шаардык маанидеги дене тарбия-спорттук курулмалардын жеткиликтүүлүгү 30 минуттан ашпашы керек. | |
Жалпы пайдалануудагы спорт залдар, 1 миң кишиге төшөлмөнүн аянты, м2 |
|
| Турак жай районунда жайгашуучу дене тарбия-спорттук курулмалардын үлүшүн жалпы ченемден % менен кабыл алуу зарыл: аймактын - 35%, спорт залынын - 50%, бассейндин- - 45%. | |
Жалпы пайдалануудагы жабык жана ачык бассейндер, 1 миң кишиге суунун бети, м2 |
|
| Калкынын саны 2 миңден 5 миңге чейин болгон кыштактарда аянты 540 м2 болгон бир спорттук залды караштыруу зарыл. | |
IA, IГ климатикалык кичи райондор үчүн спорт залдар жана жабык бассейндер үчүн 1 миң кишиге төшөлмөнүн аянтынан, суунун бетинен, м2 | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча | 10 м2 |
| |
Калктуу конуштар үчүн, миң киши: | Спорттук залдар | Бассейндер |
|
|
100дөн көп; | 120 | 50 | ||
50дөн 100 чейин | 130 | 55 | ||
25тен 50 чейин | 150 | 65 | ||
12ден 25 чейин | 175 | 80 | ||
5тен 12 чейин | 200 | 100 | ||
Маданият жана искусство мекемелери | ||||
Калк менен маданий массалык жана саясий-тарбия иштерин жүргүзүү, эс алуу жана кызыкчылык ишмердик жайлары, 1 миң кишиге төшөлмө аянтынан, м2 |
| 50-60 | Маданий-массалык, дене тарбия-ден соолук чыңоочу жана тарбия иштерин уюштуруу үчүн, 500 м ашпаган жөө жетүү мүмкүнчүлүгүнүн чегинде окуучулар жана калктын (ченемдерди тиешелүү суммалоо менен) колдонуусу үчүн бирдиктүү комплекстерди куруу сунуш кылынат. Райондук маанидеги бийлөө залдарынын, кионтеатрлардын жана клубдардын салыштырмалуу салмагын 40-50% өлчөмүндө алуу сунушталат. Маданият жана искусство мекемелериндеги орундуктардын минималдык санын өтө ири жана ири шаарлар үчүн кабыл алуу зарыл. Планетарийлерди, көргөзмө залдарын жана музейлерди жайгаштырууну, алардын сыйымдуулугун жана жер тилкелеринин өлчөмдөрүн долбоорлоого берилген тапшырма боюнча аныкташат. Цирктерди, концерттик залдарды, театр жана планетарийлерди, эреже катары, калкынын саны 250 миң болгон жана андан ашкан шаарларда, ал эми кинотеатрларды - калкынын саны 10 миңден кем эмес калктуу конуштарда караштыруу зарыл. Жасалма муз аянтчасы менен универсалдуу спорт-оюндук залдарды, эреже катары, жайгаш-тыруу тутумундагы калкынын саны100 миңден ашкан шаар-борборлордо караштыруу керек. | |
Бийлөө залдары, 1 миң кишиге, орун |
| 6 | ||
Клубдар, 1 миң кишиге келүүчү орун |
| 80 | ||
Кинотеатрлар, 1 миң кишиге орун |
| 25-35 | ||
Театрлар, 1 миң кишиге орун |
| 5-8 | ||
Концерттик залдар, 1 миң кишиге орун |
| 3,5-5 | ||
Цирктер, 1 миң кишиге орун |
| 3,5-5 | ||
Лекторийлер, 1 миң кишиге орун |
| 2 | ||
Аттракциондор жана оюн автоматтар залдары, 1 миң кишиге төшөлмө аянтынан, м2 |
| 3 | ||
Спорттук-оюндук универсалдуу залдар, анын ичинде жасалма музу менен, 1 миң кишиге, орун | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча | 6-9 | ||
Шаардык массалык китепканалар, 1 миң кишиге тейлөө чөлкөмү, шаардын калкы, миң киши(***), төмөнкүчө болгондо: 50 дөн жогору 10дон 50 чейин | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча | 4/2 (миң сакталуучу бирдик/окуу орду) 4-4,5/2-3 (миң сакталуучу бирдик/окуу орду) | ||
Кошумча түрдө шаардык борбордук китепканада 1 миң кишиге шаардын калкы, миң киши, болгондо: | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча |
| ||
500 жана андан көп |
| 0,1/0,1 | ||
250 |
| 0,2/0,2 | ||
100 |
| 0,3/0,3 | ||
50 жана андан аз |
| 0,5/0,3 | ||
|
| 4,5-5/3-4 | ||
Жергиликтүү жайгаштыруу тутумунун (административдик район) борбордук китепканасында кошумча түрдө 1 миң кишиге. Клубдар, айылдык калктуу конуштар же алардын тобу үчүн 1 миң келүүчү орунга, миң киши: | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча |
| Клубдардын жана китепканалардын аз сыйымдуулуктарын чоң калктуу конуштар үчүн кабыл алуу зарыл. | |
0,2ден 1 чейин |
| 500-300 | ||
1ден 2 чейин |
| 300-230 | ||
2ден 5 чейин |
| 230-190 | ||
5тен 10 чейин |
| 190-140 | ||
Соода, коомдук тамак-аш жана тиричилик тейлөө ишканалары | ||||
Дүкөндөр, 1 миң кишиге соода аянты(****), м2 | 280(100) | Жергиликтүү маанидеги соода борборлору, тейленүүчү калктын саны, миң киши болгондо: 4төн 6 чейин - объектиге 0,4-0,6 га 6дан 10 чейин - 0,6-0,8 га 10дон 15 чейин - 0,8-1,1га 15тен 20 чейин - 1,1-1,3га Майда шаарлардын жана айылдык калктуу конуштардагы соода борборлору, калкынын саны, миң киши: 1ге чейин - 0,1-0,2 га; 1ден 3 чейин - 0,2-0,4 га; 3төн 4 чейин - 0,4-0,6 га; 5тен 6 чейин - 0,6-1,0 га; 7ден 10 чейин - 1,0-2,0 га Соода ишканалары, соода аянты, м2: 250 чейин - 100 м2 соода аянтына 0,08 га; 250дөн 650 чейин - 0,08- 0,06; 650дөн 1500 чейин - 0,06-0,04; 1500дөн 3500 чейин - 0,04-0,02; 3500дөн жогору - 0,02 | Эсептөө ченемдери, ведомстволук таандыктыгына карабай, соода-тиричилик тейлөө ишканаларынын баардык тарамын камтыйт жана региондордун өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен белгиленген тартипте тактоого жатат. Ишканалардын инженердик тутумдар жана коммуникациялар менен автономдуу түрдө камсыз болгон шарттарында, ошондой эле алардын аймактарында көмөкчү имараттарды жана курулмаларды жайгаштырууда жер тилкесинин аянты 50% чейин чоңойтулат. Шаарлардагы азык-түлүк эмес товарлардын дүкөндөрүн эсептөө ченемдерине 1 миң кишиге 10 м2 эсебиндеги комиссиондук дүкөндөр да кирет. Атайын дайындалыштагы дүкөндөрдү жана калктын айрым категориялары үчүн дүкөндөрдү азык-түлүк товарлардын дүкөндөрүн эсептөөнүн белгиленген ченемдерине кошумча түрдө, болжол менен, 1 миң кишиге 5-10 м2 соода аянты менен долбоорлоого берилген тапшырма боюнча кабыл алуу керек. Бак өстүрүүчүлөр шериктештик кыштагында азык-түлүк дүкөндөрүн 1 миң кишиге 80 м2 соода аянты эсебинде караштыруу керек. Өнөр жай ишканаларында жана башка эмгек майдандарында азык-түлүк тапшырыктарын таратуучу жайларды1 миң жумушчуга ченемделүүчү аянтты, м2, эсебинде: 60 - өнөр жай ишканалары селитебдик чөлкөмдөн алыс жайгашканда; 36 - өнөр жай ишканалары селитебдик чөлкөмдүн чек арасынын жанында жайгашканда; 24 - эмгек кылган жер селитебдик аймактын чегинде жайгашканда (дүкөндөрдүн аянтында жана өзүнчө объекттерде) | |
анын ичинде: азык-түлүк товарлардын, объект | 100 (70) | |||
азык-түлүк эмес товарлардын | 180 (30) | |||
Базар комплекстери, 1 миң кишиге соода аянты, м2 | 24-20 | Сыйымдуулугуна жараша базар комплексинин 1 м2 соода аянтына 7ден 14 м2 чейин: 14 м2 - соода аянты 600 м2 чейин; 7 м2 - соода аянты 3000 м2 жогору болгондо. 100 орунга орундардын санында, га: 50 чейин - 0,2-0,25; 50дөн 150 чейин - 0,2-0,15; 150дөн жогору - 0,1 | Базар комплекси үчүн 1 соода орунуна 6 м2 соода аянтын кабыл алуу керек. | |
Коомдук тамак-аш ишканалары, 1 миң кишиге орун | 40(8) |
| Шаар-курорттордо жана туризм шаар-борборлорунда коомдук тамак-аш ишканаларынын тарамын эсептөөнү убактылуу жашоочуларды көңүлгө алуу менен жүргүзүү зарыл, 1 миң кишиге: арашан менен дарылоочу курорттордо - 90 орунга чейин; климатикалык курорттордо -120 орунга чейин. Өндүрүш ишканаларында, мекемелерде, уюмдарда жана окуу жайларында коомдук тамактануу ишканаларына болгон муктаждыкты максималдык сменада иштөөчү 1 миң иштөөчүгө (окуучуга) ведомстволук ченемдер боюнча эсептешет. Коомдук тамактануунун даярдоочу ишканаларын 1 миң кишиге суткасына 300 кг ченеминде эсептешет. | |
Кулинария дүкөндөрү, 1 миң кишиге соода аянты, м2 | 6(3) |
|
| |
Тиричиликти тейлөө ишканалары, 1 миң кишиге жумушчу орун | 9 (2,0) |
| Өндүрүш ишканалары жана башка эмгек майдандары үчүн тиричилик тейлөө ишканаларын эсептөө көрсөткүчүн жалпы ченемдин эсебинен 5-10% өлчөмүнө кабыл алуу керек | |
анын ичинде: калкты тикелей тейлөөдө | 5(2) | 10 жумушчу орунга төмөнкү кубаттуулуктагы ишканалар үчүн, жумушчу орун: 0,1-0,2 га - 10-50; 0,05-0,08 га - 50-150; 0,03-0,04 га - 150дөн жогору | ||
тапшырыктарды борборлошкон аткаруудагы өндүрүш ишканалары, объект | 4/3 | 0,5-1,2 га | ||
Коммуналдык тейлөө ишканалары |
|
| Фабрикаларды эсептөө көрсөткүчү | |
Кир жуугучканалар, 1 миң кишиге сменадагы кир, кг анын ичинде: | 120 (10) | объектиге 0,1-0,2 га | ||
өзүн өзү тейлөөчү кир жуугучканалар, объект | 10 (10) | объектиге 0,5-1,0 га | ||
кир жуугуч фабрикалар, объект | 110 |
| ||
Химтазалагычтар, 1 миң кишиге сменада буюмдар, кг | 11,4 (4,0) |
| ||
анын ичинде: |
|
| ||
өзүн өзү тейлөөчү химтазалагычтар, объект | 4,0 (4,0) | объектиге 0,1-0,2 га | ||
химтазалагыч фабрикалар, объект | 7,4 | объектиге 0,5-0,1 га | ||
Мончолор, 1 миң кишиге орун | 5/7 | объектиге 0,2-0,4 га | Абатталган турак жай фонду менен камсыздалган калктуу конуштарда мончолордун жана мончолук-ден соолук чыңоочу комплекстердин 1 миң кишиге эсептөө ченемдерин 3 орунга чейин азайтууга; IA, IГ климатикалык кичи райондордо жайгаштырылуучу шаарлар үчүн 8, ал эми жаңы конуштарда 10 орунга чейин көбөйтүүгө жол берилет | |
Башкаруу уюмдары жана мекемелери, долбоордук уюмдар, насыялык-финансылык мекемелер жана байланыш ишканалары | ||||
Банктардын бөлүмдөрү, операциялык касса
| 10-30 миң кишиге 1 операциялык касса
| Объектиге, га: 0,2 - эки операциялык касса болгондо 0,05 - жети операциялык орунга
|
| |
Сактык банктын бөлүмдөрү жана филиалдары, шаарлардагы операциялык орун | 2-3 миң кишиге 1 операциялык орун (терезе) | 0,05 - үч операциялык орунга 0,4 - 20 операциялык орунга |
| |
Башкаруу уюмдары жана мекемелери, объект | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча | Имараттын кабаттуулугуна жараша, 1 кызматкерге м2: 44-18,5 - 3-5 кабаттуулукта; 13,5-11 - 9-12 кабаттуулукта; 10,5 - 16 жана андан жогору кабаттуулукта Облустук, шаардык жана райондук бийликтин органдарында, 1 кызматкерге м2: 54-30 - 3-5 кабаттулукта; 13-12 - 9-12 кабаттулукта; 11 - 16 жана андан жогору кабаттулукта; Айыл өкмөттөрүндө, 1 кызматкерге м2 : 60-40 - 2-3 кабаттулукта |
| |
Райондук, облустук жана шаардык соттор, жумушчу орун | 30 миң кишиге 1 сот | 1 объектиге 0,15 га - 1 сотко; 0,4 га 5 сотко; 0,3 га 10 мүчөсү болгондо; 0,5 га 25 мүчөсү болгондо |
| |
Облустук соттор, жумушчу орун | 60 миң кишиге облустук соттун 1 мүчөсү |
|
| |
Юридикалык консультациялар, жумушчу орун | 10 миң кишиге 1 юрист-адвокат |
|
| |
Нотариалдык контора, жумушчу орун | 30 миң кишиге 1 нотариус |
|
| |
Турак жай-коммуналдык чарба мекемелери | ||||
Турак жай-пайдалануу уюмдары, объект: |
|
|
| |
кичи райондун | Калкы 20 миң кишиге чейин болгон кичи районго объект | объектиге 0,3 га | ||
турак жай районунун | Калкы 80 миң кишиге чейин болгон турак жай районуна 1 объект | объектиге 1 га | ||
Кайра пайдаланылуучу чийки затты кабыл алуу пункт, объект | Калкы 20 миң кишиге чейин болгон кичи районго 1 объект | объектиге 0,01 га |
| |
Мейманканалар, 1 миң кишиге орун | 6 | Мейманканалардын орундарынын саны төмөнкүчө болгондо 1 орунга м2: 25тен 100 чейин - 55; 100дөн 500 чейин - 30; 500дөн 1000 чейин - 20; 1000ден 2000 чейин - 15 |
| |
Коомдук ажатканалар | 1 миң кишиге 1 алет
|
|
| |
Өлүктү тейлөө бюросу | 0,5-1,0 млн кишиге 1 объект |
|
| |
Салттуу өлүк көмүү көрүстөнү: а) мусулмандардыкы б) православие дининдегилердики |
| 1 миң кишиге 0,5 га 1 миң кишиге 0,24 га | Өлүк көмүү үчүн бөлүнгөн жер тилкелеринин өлчөмдөрүн жергиликтүү шарттар боюнча аныкталуучу өлүктү салттуу көмүү көрүстөнүнүн жана өрттөп көмүү көрүстөнүнүн катышына жараша тактоого мүмкүндүк берилет | |
Өрттөгөндөн кийин урналап көмүү көрүстөнү |
| 1 миң кишиге 0,02 га | ||
Ошол эле учурда:
Жаңы конуш калктуу конуштарына калкынын саны өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес дайындалыштагы объектилерди курууда катышып жаткан куруучуларды кошо эсептегенде, биринчи комплексти ишке киргизип жаткан мезгилде эки жана андан көп эсе көбөйгөн, мурун курулган жана жаңы курулуп жаткан шаардык конуштар кирет.
(*) Спорт чөлкөмүнүн аянтын жана мектептин имаратын эсепке алуу менен класстарды 40 окуучу менен толтурууда.
(**) Шаарларда мектептер аралык окуу-өндүрүштүк комбинаттар жана мектептен сырткаркы мекемелер 30 минуттан ашпаган унаалык жетүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен селитебдик аймакта жайгаштырылат. Айылдагы калктуу конуштарда мектептен сырткаркы мекемелерди жалпыга билим берүүчү мектептердин имараттарында караштыруу сунушталат.
(***) Келтирилген ченемдер сыйымдуулугу долбоорлоого берилүүчү тапшырмада аныкталуучу илимий, универсалдуу жана адистештирилген китепканаларга таратылбайт. Кашааларда кичи райондордогу жана турак жай райондорундагы тейлөө тутумун уюштурууга ылайык келе турган жергиликтүү маанидеги эсептөө ченемдери келтирилген.
|
| Ж Тиркемеси (милдеттүү) |
Шаардын чет жак чөлкөмдөрүнүн жана жайгаштыруу тутумунун автомобиль жолдорунун категориялары жана параметрлери
Жолдордун категориялары | Кыймылдын эсептик ылдамдыгы, км/саат | Кыймыл тилкесинин жазылыгы, м | Кыймыл тилкесинин саны | Пландагы эң кичине бурулуу радиусу, м | Эң чоң узата жантайма, % | Жер тилкесинин эң чоң жазылыгы, м |
Магистралдык: |
|
|
|
|
|
|
Ылдамдыктуу кыймылдагы | 150 | 3,75 | 4-8 | 1000 | 30 | 65 |
Негизги секторалдык үзгүлтүксүз жана жөнгө салынуучу кыймылдагы | 120 | 3,75 | 4-6 | 600 | 50 | 50 |
Негизги зоналдык үзгүлтүксүз жана жөнгө салынуучу кыймылдагы | 100 | 3,75 | 2-4 | 400 | 60 | 40 |
Жергиликтүү маанидеги: |
|
|
|
|
|
|
жүк ташуучу | 70 | 4,0 | 9 | 250 | 70 | 20 |
парктын | 50 | 3,0 | 2 | 175 | 80 | 15 |
Ошол эле учурда:
1. Татаал топографиялык жана жаратылыш шарттарда кыймылдын эсептик ылдамдыгын жолдун кийинки категориясына чейин горизонталдык ийри жана узунунан кеткен эңкейиштин параметрине ылайык оңдоо менен азайтууга жол берилет.
2. Багыттар боюнча унаалардын агымынын жогорку бирдей эместигинде женил автомобилдердин жана автобустардын реверсивдүү кыймылы үчүн унаа жүрүүчү жолдун борбордук бөлүгүнө жайгашууга жол берилет.
3. Магистралдык жолдордо жүк ташуучу автомобилдердин кыймылы басымдуулук кылса кыймыл тилкесинин жазылыгын 4 м чейин, ал эми унаа агымында оор жүк ташуучу автомобилдердин үлүшү 20% ашык болсо 4,5 м чейин чоңойтуу керек.
|
| З Тиркемеси (милдеттүү) |
Автомобиль токтоочу жайларды эсептөө ченемдери
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
Катар №№ | Баруу объектилери | Эсептик бирдиктер | Төмөнкү эсептик бирдиктерге 1 машина-орун каралат |
1 | 2 | 3 | 4 |
Административдик-ишкердик багыттагы объектилер | |||
1.1 | Мамлекеттик бийлик органдарынын мекемелери | пайдалуу аянттын чарчы метри | 200-220 |
1.2 | Административдик-башкаруу мекемелери, кеңсе имараттары жана коомдук уюмдар | пайдалуу аянттын чарчы метри | 130-150 |
1.3 | Коммерциялык-ишкердик борборлор | пайдалуу аянттын чарчы метри | 70-80 |
1.4 | Банктар жана банк мекемелери | ||
1.4.1 | - операциялык залдары менен | пайдалуу аянттын чарчы метри | 35-40 |
1.4.2 | - операциялык залдары жок | 65-70 | |
Илимий жана окуу-билим берүү багытындагы объектилер | |||
2.1 | Илим изилдөө жана долбоорлоо институттары | пайдалуу аянттын чарчы метри | 180-200 |
2.2 | Жогорку окуу жайлары | 1 сменде иштеген окутуучулар, кызматкерлер, окуган студенттер | 3-5 окутуучуга жана кызматкерге, + 20 студентке 1 машина-орун |
2.3 | Орто окуу жайлары, колледждер, атайын жана жеке мектептер, шаардык маанидеги көркөм өнөр жана музыка мектептери | 1 сменде иштеген окутуучулар | 3-4 |
2.4 | Окуу, өз алдынча чыгармачылык борборлору, кызыкчылыктар боюнча клубдар | жалпы аянттын чарчы метри | 30-35 |
Өнөр жай-өндүрүштүк багытындагы объектилер | |||
3.1 | Өндүрүштүк имараттар жана коммуналдык-кампалык объектилер | Удаалаш эки сменде иштөөчүлөр, киши | 10-12 |
4. Соода-тиричилик жана коммуналдык багыттагы объектилер | |||
4.1 | Дүкөндөр-кампалар (майда дүң жана чекене соодадагы,гипермаркеттер) | Соода аянттын чарчы метри | 30-35 |
4.2 | Азык-түлүк жана (же) азык-түлүк эмес топтогу мезгилдүү суроо-талаптуу товарлардын кеңири ассортименти менен соода багытындагы объектилер (соода борборлору, ссода комплекстери, супермаркеттер, универсамдар, универмагдар ж.б.) | Соода аянттын чарчы метри | 70-80 |
4.3 | Суроо талап аз азык-түлүк эмес топтогу товарларды сатуу боюнча адистештирилген дүкөндөр (спорт дүкөндөрү, автосалондор, эмерек, тиричилик техникалар, музыкалык аспаптар, зергер буюмдар, китеп дүкөндөрү ж.б.) | Соода аянттын чарчы метри | 90-100 |
4.4 | Туруктуу базарлар | ||
4.4.1 | Универсалдуу жана азык-түлүк эмес товарлардын базары | пайдалуу аянттын чарчы метри | 30-40 |
4.4.2 | Азык-түлүк жана айыл чарба товарларынын базары | 60-70 | |
4.5 | Ресторандар, шаардык маанидеги кафелер | отуруучу орундар | 6-8 |
4.6 | Коммуналдык-тиричилик тейлөө объектилери | ||
4.6.1 | Мончолор | бир убакта келүүчүлөр | 7-10 |
4.6.2 | Ательелер, шаардык маанидеги сүрөтсаландор, чачтарач-салондор, сулуулук салондору, солярийлер, мода салондору, үлпөт салондору | пайдалуу аянттын чарчы метри | 20-25 |
4.6.3 | Ритуалдык кызмат салондору | пайдалуу аянттын чарчы метри | 25-30 |
4.6.4 | Химтазалоолор, кир жуугучканалар, оңдогуч устаканалар, татаал тиричилик техникаларын тейлөө боюнча адистештирилген борборлор ж.б. | Кабыл алуучунун жумушчу оруну | 1-2 |
4.7 | Мейманканалар | ||
4.7.1 | Жогорку категориядагы (4-5*) | номер | 3-4 |
| Башкалар | 6-8 | |
5. Маданият жана эс алуу объектилери | |||
5.1 | Көргөзмө-музей комплекстери, музей-коруктар, галереялар, көргөзмө залдар | Бир убакта келүүчүлөр | 8-10 |
5.2 | Театрлар, концерттик залдар | Көрүү орундары | 25-30 |
5.3 | Кино борборлору жана кино театрлар | Көрүү орундары | 25-35 |
5.4 | Шаардык китепканалар, интернет-кафелер | Отуруучу орундар | 10-12 |
5.5 | Религиялык конфессиялар объектилери (чиркөөлөр, костелдор, мечиттер, синагогдор ж.б.) | Бир убакта келүүчүлөр | 10-12, бирок объектке 10 м/орун кем эмес |
5.6 | Көңүл ачуу борборлору, дискотекалар, оюн автоматтар залдары, түнкү клубдар, казинолор | Бир убакта келүүчүлөр | 8-10 |
5.7 | Бильярддар, кегельбандар | Бир убакта келүүчүлөр | 5-6 |
6. Дарылоочу мекемелер | |||
6.1 | Адистештирилген бейтапканалар | 1 сменге келүүчүлөр | 90-110 |
6.2 | Көп профилдүү консультациялык-дарттапма борборлор | 1 сменге келүүчүлөр | 55-65 |
6.3 | Ооруканалар, профилакторийлер | Керебет орун | 20-25 |
6.4 | Адистештирилген клиникалар, сакайтуу борборлору | Керебет орун | 10-15 |
6.5 | Карылар жана майыптар үчүн интернаттар жана пансионаттар | Керебет орун | Ченемделбейт |
7. Спорттук-ден соолукту чыңоочу объектилер | |||
7.1 | Спорт комплекстери жана трибуналары менен стадиондор | Трибуналардагы орундар | 25-30 |
7.2 | Ден соолук чыңоочу комплекстер (фитнесс-клубдар, ФДК, спорттук жана көнүгүү залдары) | Жалпы аянттын чарчы метри | 35-45 |
7.3 | Адистештирилген спорт клубдары жана комплекстери (теннис, ат спорту, тоо лыжалык борборлор ж.б.) | Бир убакта келүүчүлөр | 4-6 |
7.4 | Аквапарктар, бассейндер | Бир убакта келүүчүлөр | 8-10 |
8. Унаа тейлөө объектилери | |||
8.1 | Темир жол бекеттери | Кызуу кыймыл учурундагы алыска баруучу жүргүнчүлөр | 8-10 |
8.2 | Автобекеттер | Кызуу кыймыл учурундагы жүргүнчүлөр | 10-15 |
8.3 | Аэробекеттер | Кызуу кыймыл учурундагы жүргүнчүлөр | 6-8 |
Ошол эле учурда:
1. (КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
2. Машина-орундардын саны шаардын борборун автоунаадан арылтуу жана шаардын борборуна барууда массалык жүргүнчү унааны колдонууга багыттоо муктаждыгы менен шартталган.
3. Ченемдик көрсөткүчтөр иштегендер жана келүүчүлөр үчүн талап кылынуучу машина-орундарынын санын, объектинин технологиялык муктаждыктарын тейлөөчү автомобилдердин машина орундарын (объектинин иштешин камсыздоочу жүк жүктөө жана түшүрүү менен байланышкан автомобилдин токтоочу жайы ж.б.) эсепке албай, ошондой эле туристтик автобустардын машина-орундарынын санын камтыйт.
4. Сакталып калуучу курулуштарда соода объектилеринин жалпы аянтынын өлчөмү 400дөн 800 м2 чейин болгондо эсептөө жолу менен аныкталуучу машина-орундардын санын 2 эсеге кыскартса болот, ал эми жалпы соода аянты 400 м2 аз болгон учурларда, унаа токтоочу жайларды караштырбай коюуга жол берилет. Жаңы курулуштарда жеңил автомобилдерди токтотуу үчүн жайларды соода аянтынын кандай гана өлчөмү болбосун караштырып, аларды бөлүнгөн жер тилкесинин чегинде жайгаштыруу керек.
5. Объектинин жалпы аянты сырткы дубалдардын ички беттеринин чегинде аныкталган имараттын баардык кабаттарынын аянттарынын суммасына барабар, буга антресолдордун, башка имараттарга өтмөлөрдүн, айнектелген кире бериштердин, галереялардын жана балкондордун, көрүүчү залдардын аянттары дагы кирет. Көп жарыктуу жайлардын аянттары имараттын жалпы аянтына бир кабаттын чегинде гана кошулат.
6. Ар кандай функционалдык дайындалыштагы жайлары менен имараттар үчүн машина-орундардын санын ар бир жайдын түрү үчүн өзүнчө аныктап, андан кийин суммалап коюу зарыл.
7. Диний конфессиялардын объектилери үчүн машина-орундарды эсептөөнү келүүчүлөрдүн саны боюнча жуманын максималдуу күнү үчүн жүргүзөт, бирок эсепке негизги (башкы) диний майрам күндөрүн кошпоо керек.
8. Шаардык жана шаардын чет жагындагы сейилбактарга келүүчүлөрдүн автомобилдерин токтотуу үчүн орунду жайгаштырууну ушул эрежелер топтомунун 7-бөлүмүнүн - Ландшафтык-рекреациялык аймагынын, талаптарына ылайык жүргүзүү зарыл.
|
| И Тиркемеси (милдеттүү) |
Унаа каражаттарынын жер тилкелеринин жана парктарынын ченемдери
Объектилер | Эсептик бирдик | Объектинин сыйымдуулугу | Объектиге жер тилкесинин аянты, га |
Жеңил таксомоторлор жана жеңил автомобилдерди ижарага берүү базалары үчүн көп кабаттуу гараждар | Таксомотор, автомобилди ижарага берүү | 100 300 500 800 1000 | 0,5 1,2 1,6 2,1 2,3 |
Жүк ташуучу автомобилдердин гараждары | Автомобилдер | 100 200 300 500 | 2 3,5 4,5 6 |
Оңдоо устаканалары жок троллейбус парктары | Машина | 100 200 | 3,5 6,0 |
Ошондой эле, оңдоо устаканалары менен | Машина | 100 | 5,0 |
Автобус парктары (гараждар) | Машина | 100 200 300 500 | 2,5 3,5 4,5 6,5 |
Ошол эле учурда: Кайра калыбына келтирүү шарттары үчүн жер тилкелеринин өлчөмдөрү тиешелүү түрдө негиздөө менен кичирейтилиши мүмкүн, бирок 20% көп эмес.
|
| К Тиркемеси (милдеттүү) |
Тиричилик калдыктарынын топтолуу ченемдери
Тиричилик калдыктары | 1 жылда 1 кишиге тиричилик калдыктарынын көлөмү | |
кг | л | |
Катуу: | 190-225 | 900-1000 |
суу өткөргүч, суу агындылагыч, борбордук жылытуу жана газ менен жабдылган турак жай имараттарынан башка турак жай имараттарынан | 300-450 | 1100-1500 |
Шаар боюнча коомдук имараттарды эсепке алганда жалпы көлөмү | 280-300 | 1400-1500 |
Суюк калдык аңдарынан (суу агындылагыч жок болгондо) | - | 2000-3500 |
Көчөлөрдүн, сейилбак аянттарынын 1 м2 катуу жер беттеринен шыпырындылар | 5-15 | 8-20 |
Ошол эле учурда:
1. Калдыктардын топтолуу ченемдеринин чоң маанилерин өтө ири жана ири шаарлар үчүн алуу керек.
2. III жана IV климатикалык райондор үчүн тиричилик калдыктарынын бир жылдык топтолуу ченемдерин 10% чоңойтуп алуу зарыл.
3. I В климатикалык райончодо катуу калдыктардын топтолуу ченемдерин жергиликтүү жылытууда 10%, ал эми күрөң көмүрдү колдонууда - 50% көбөйтүп алуу зарыл.
4. Катуу тиричилик калдыктардын келтирилген маанилеринин курамындагы ири тыш өлчөмдүү тиричилик калдыктарынын топтолуу ченемдерин 5% өлчөмүндө кабыл алуу керек.
|
| Л Тиркемеси (милдеттүү) |
Электр колдонуунун ирилештирилген көрсөткүчтөрү
Калктуу конуштардын абаттоо даражасы | Электр колдонуу, 1 кишиге кВтсаат/жыл | Электр жүктөмүнүн максималдык колдонуу, киши/жыл |
Стационардык электр плиталары менен жабдылбаган шаарлар: |
|
|
кондиционерлери жок кондиционерлери менен | 1700 2000 | 5200 5700 |
Стационардык электр плиталары менен жабдылган (100%) шаарлар: |
|
|
кондиционерлери жок кондиционерлери менен | 2100 2400 | 5300 5800 |
Кыштактар жана айыл калктуу конуштар (кондиционерлери жок): |
|
|
стационардык плиталар менен жабдылбаган | 950 | 4100 |
стационардык плиталар менен жабдылган | 1350 | 4400 |
Ошол эле учурда:
1. Электр колдонуунун ирилештирилген көрсөткүчтөрү чоң шаарлар үчүн келтирилет. Аларды шаарлардын топтору үчүн төмөнкү көмөк чоңдуктар менен кабыл алуу зарыл:
өтө ири | 1,2 |
ири | 1,1 |
орто | 0,9 |
майда | 0,8 |
Электр колдонуунун келтирилген ирилештирилген көрсөткүчтөрү турак жай жана коомдук имараттар, коммуналдык-тиричилик тейлөө ишканалары, сырткы жарыктандыруу, шаар электр унаасы, суу менен камсыздоо, суу агындылоо жана жылуулук менен камсыздоо тутумдарына тиешелүү.
2. Турак жай курулуштарында стационардык электр плиталарын колдонуу шарттарын, ошондой эле калк тарабынан тиричилик кондиционерлерди колдонуу райондорун курулуш тармагында аракеттеги ченемдик-техникалык документтерге ылайык кабыл алуу керек.