Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги
буйруК
2022-жылдын 23-ноябры № 58-нпа
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 24-мартындагы №39-нпа “Кыргыз Республикасынын КР КЧ 30-01:2020 “Шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу пункттарды пландаштыруу жана куруу” Курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Архитектура-шаар куруу иш чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы №44 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Мамкурулуш) жөнүндө жобону жетекчиликке алуу менен, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 24-мартындагы №39-нпа буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын КР КЧ 30-01:2020 “Шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу пункттарды пландаштыруу жана куруу” Курулуш ченемдерине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 5-бөлүмдүн 5.13 пункту Селитебдүү аймак, төмөнкүчө баяндалсын: “5.13 Турак жай имараттарын кызыл сызыктардан чегинүү менен, магистралдык көчөлөрдөн 6 метрден кем эмес, ал эми жергиликтүү маанидеги көчөлөрдөн 3 метрден кем эмес аралыкта жайгаштыруу зарыл”.
Кызыл сызыкта коомдук багыттагы курулган жайлары менен турак жай имараттарын жайгаштырууга, жергиликтүү маанидеги көчөлөрдө чыгып турган конструкцияларды эске алуу менен түзүлгөн курулуштарды кайра конструкциялоо шарттарында жол берилет.
Короо-жай курулуштарынын райондорунда турак үйлөр, калыптанган жергиликтүү салттарга ылайык жергиликтүү маанидеги көчөлөрдүн кызыл сызыгы боюнча жайгаштырылышы мүмкүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык, ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды кабыл алсын;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун эки нускадагы көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук булактарда, аталган буйрукту жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары М.Б. Адиевге жүктөлсүн.
Директор | Н. Джетыбаев |