Редакцияот 1012575
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ЖАНА БАЙЛАНЫШ МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИНИН БУЙРУГУ

2020-жылдын 29-июлу № 1

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан көрсөтүлгөн «бөлүп берүүгө жеткиликтүү болгон радио жыштыктарды тандоо боюнча маалымат берүү» мамлекеттик кызмат көрсөтүүсүнүн административдик регламентин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы №26 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө» токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы №402 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жөнүндө Жобонун 6-пунктуна ылайык буйрук кылам: 

1. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан көрсөтүлгөн «бөлүп берүүгө жеткиликтүү болгон  радио жыштыктарды тандоо боюнча маалымат берүү» мамлекеттик кызмат көрсөтүүсүнүн тиркелген административдик регламенти бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин Байланышты өнүктүрүү бөлүмү:

- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги менен бирдикте «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ушул буйруктун расмий жарыяланышы боюнча чараларды көрсүн;

- расмий жарыялангандан тартып үч жумуш күндүн аралыгында ушул буйруктун көчүрмөсү Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтсүн.  

3. Буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырдым.

 

Төрага

 

А. Д. Исмаилов