Загрузка документа…
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин 2020-жылдын 29 июлундагы №1 буйругу менен бекитилди |
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин «бөлүп берүүгө жеткиликтүү болгон радио жыштыктарды тандоо боюнча маалымат берүү» мамлекеттик кызмат көрсөтүүсү боюнча
АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТ
(Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги),
10.02.2012-ж. №85 КРӨ Т. Маалымат берүү 6-главасы, 63-пункт)
1. Жалпы жоболор
1. «Бөлүп берүүгө жеткиликтүү болгон радио жыштыктарды тандоо боюнча маалымат берүү» мамлекеттик кызмат көрсөтүүсү Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги (мындан ары - МБА) тарабынан көрсөтүлөт.
2. Бул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 119 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому менен бекитилген «Бөлүп берүүгө жеткиликтүү болгон радио жыштыктарды тандоо боюнча маалымат берүү» мамлекеттик кызмат көрсөтүүсүнүн стандартына ылайык келет.
3. «Бөлүп берүүгө жеткиликтүү болгон радио жыштыктарды тандоо боюнча маалымат берүү» мамлекеттик кызмат көрсөтүүсүн берүү мөөнөтү -документтер топтому тиркелген, анын ичинде электрондук форматтагы (жарым-жартылай автоматташтырылган) табыштама алынгандан жана каыл алуу жана уруксат документтерди берүү секторунда (мындан ары – кабыл алуу сектору) каттоого алынгандан кийин 90 календарлык күн;
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
- бекитилген формада толтурулган табыштама;
- жеке жак үчүн – өздүгүн ырастаган документтин көчүрмөсү, (биринчи жолу кайрылганда же маалыматтары өзгөртүлгөн учурда);
- юридикалык жана/же жеке ишкер үчүн – мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү (биринчи жолу кайрылганда же маалыматтары өзгөртүлгөн учурда);
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө 1 жылдык мөөнөткө келишим түзүлөт, автоматтык пролонгация мүмкүнчүлүгү менен.
Келишимдин формасы, табыштамалардын бардык түрлөрү жана аларды толтуруу боюнча талаптар мамлекеттик кызмат көрсөтүү берилген жердеги маалымат такталарында жана КР МТБМК жана КР МТБМК МБАнын расмий сайтында (ict.gov.kg жана nas.gov.kg) жайгаштырылган.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу табыштама берүү үчүчн документтердин тизмеги аталган порталда жайгаштырылат жана электрондук түрдөгү табыштамага тиркелет.
Документтер мамлекеттик же расмий тилде берилет.
5. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү акы төлөнүүчү. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүнүн баасы Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бааларынын прейскурантында каралган.
6. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы болуп бөлүп берүүгө жеткиликтүү болгон радио жыштыктарды тандоо боюнча маалымат берүү саналат.
7. Административдик регламентте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
«Бөлүп берүүгө жеткиликтүү болгон радио жыштыктарды тандоо боюнча маалымат берүү» мамлекеттик кызмат көрсөтүүсү – аткаруучунун колдонуучуга радиоэлектрондук каражаттардын электр магниттик шайкештигине жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы жөнүндө, аятнчаларды макулдашуу, радио жыштыктарды координациялоо (чек арага чектеш жана тийиштүүү өлкөлөр менен) жана радиомониторинг жөнүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүсү.
мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү аткаруучу – Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги;
мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү колдонуучу - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү аткаруучуга мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн табыштама берген жеке же юридикалык жак;
радиоэлектрондук каражаттардын электр магниттик шайкештигине талдоо жүргүзүү (РЭК ЭМШ) – башка радио техникалык каражаттарга атайылап жиберилбеген электр магниттик жолтоолор, жол берилбеген электр магниттик жолтоолор таасир эткен учурда талаптагыдай сапатта эксплуатацияланган шартта радиоэлектрондук каражаттардын (РЭК) бир убакта иштөө жөндөмдүүлүгүн табуу;
Аянтчаны макулдашуу – номиналдарды жана/же радио жыштык тилкелерин, техникалык параметрлерди, эксплуатацияга бериле турган РЭКнын ЭМШ камсыз кылуу максатында номиналдарды жана/же радио жыштык тилкелери менен РЭК орнотуу пункуттарын, күч ведомстволорунун РЭК орнотуу пункуттарын макулдашуу (ведомстволор аралык макулдашуу);
Радио жыштыктарды координациялоо (чек арага чектеш жана тийиштүү өлкөлөр менен) - тийиштүү өлкөлөрдүн РЭК мүмүкүн болгон өз ара зыяндуу жолтоолорду болтурбоо, ошондой эле ар кандай радио кызматтардын, анын ичине Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш райондорундагы РЭК пайдалануу үчүн ыңнайлуу шартарды түзүү максатында жүргүзүлөт.
Радиомониторинг — бөлүп берилген номиналдарда жана/же радио жыштык тилкелеринде, белгилүү бир жерде(же объектинин чегинде) радио жагдайды ченөө жана талдоо, ар канай байланыш каражаттарынын ЖМШ камсыз кылуу максатында келип чыгышы мүмкүн болгон радио жолтоолорду, РЭК эксплуатациялоо чөйрөсүдөгү ченемдер жана мыйзамдуу чектөөлөрдү табуу боюнча практикалык иш-аракет.
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде аткарылган процедуралардын тизмеги.
6. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн берилиши 1-таблицада көрсөтүлгөн процедурларды камтыйт.
1-таблица
№ | Процедуранын аталышы | Эскертүү |
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүдөн документтер топтому тиркелген кагаз жүзүндөгү документти кабыл алуу сектору аркылуу кабыл алуу жана каттоо же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн документти Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу берүүсү
| 1) документти берүү мүмкүн: Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу (жарым-жартылай автоматташтырылган) жана (же) кагаз жүзүндө. 2) Кагаз жүзүндөгү документтер каттоо номерин жана датасын ыйгаруу менен кириш документтерди каттоо журналына каттоо үчүн КР МТБМК кабыл алуу секторуна келет. 3) тиркелген документтердин толуктугу, тууралыгы текшерилет жана документти кароо үчүн кабыл алуу же документти кабыл алуудан баш тартуу Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу тастыкталат: Системада мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү аткаруучуга жаңы электрондук табыштама жөнүндө билдирүү келет, анда арыз ээси жана «Берилди» статусу менен бирге берилген датасы көрсөтүлөт |
2 | Документтерди талдоо жана радио электрондук каражаттарды эсепке алуу бөлүмүнүн (РЭКЭБ) жетекчисинин мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү түздөн-түз аткаруучуну (адисти) дайындоосу | Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу: а) документтерди талдоо жана андан аркы процедураларды жүргүзүү үчүн түздөн-түз аткаруучунун дайындоо. Кагаз жүзүндө: б) документтерди талдоо жана андан аркы процедураларды жүргүзүү үчүн түздөн-түз аткаруучунун дайындоо |
3 | Процедураны жүргүзгөндүгү үчүн төлөмдү тариздөө
| - суралган радио жыштык тилкесиндеги ар бир номинал үчүн РЭК ЭМШга талдоо жүргүзүү үчүн эсеп-фактурага тиркеме даярдоо; - эсеп-фактурадагы тиркемеге ылайык төлөө үчүн эсеп-фактураны тариздөө; - финансы жана бухгалтердик эсеп бөлүмүнүн жетекчисинин жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү аткаруучунун колу коюлган эсеп-фактураны бекитүү; - эсеп-фактураны эсептерди каттоого алуу журналында каттоо; - РЭКЭБ адистерине берүү; - төлөө үчүн арыз ээсине эсеп-фактураны берүү |
4 | РЭК ЭМШ талдоо жүргүзүү процедурасын өткөрүү
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү РЭК ЭМШ талдоо үчүн акы төлөгөндүгүнө ырастаманы бергенден кийин, РЭКЭБ тиешелүү кызматтык кат менен бирге берлген документтерди радио жыштык спектри башкармалыгына (РЖСБ) жөнөтөт. РЖСБ башка операторлордун колдонуудагы жана пландалган РЭК менен суралган РЭК электрмагниттик шайкештигине эсептөөлөрдү жүргүзөт. РЭК ЭМШнын жыйынтыктары боюнча, радио жыштыктарды (чектеш жана тийиштүү өлкөлөр менен) координациялоо, радио жыштык аянтчаларын макулдашуу (жыштык номиналдарын, техникалык мүнөздөмөлөр жана РЭК орнотуу пункттары) жана радио мониторинг процедураларын жүргүзүүнүн зарылдыгын көрсөтүү менен табыштамада берилген орнотуу пунктунда РЭК пайдалануу шарттары аныкталат жана РЭККБга Эл аралык электр байланыш уюмунун (ЭЭБ) Радио байланыш регламенти бекиткен, толтурулган координациялоочу формаларды тиркөө менен жыйынтыктарын жөнөтөт. |
5 | Мамлекеттик кызмат көрстүүнү керектөөчүгө РЭК ЭМШ талдоонун жыйынтыктары жөнүндө кабарлоо
| - эгерде РЭК ЭМШ талдоонун жыйынтыктары терс болсо, анда РЭККБ мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө, баш тартуунун негиздүү себептери менен кагаз жүзүндөгү баш тартууну жөнөтөт; эгерде РЭК ЭМШ талдоонун жыйынтыктары оӊ болсо, анда РЭКЭБ мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө жүргүзүлгөн процедуралардын жыйынтыктары жөнүндө жана зарылдыгына жараша кийинки процедуралардын жүргүзүлүшү жөнүндө кабарлоону андан аркы процедураларды жүргүзүү үчүн эсептөөлөрдү тиркөө менен даярдайт |
6 | Процедураларды жүргүзгөндүгү үчүн төлөмдү тариздөө
| РЭКЭБ эсеп-фактурга тиркеме даярдайт (радио жыштыктарды координациялоо жүргүзгөндүгү үчүн (чектеш жана тийиштүү өлкөлөр менен), радио жыштык аянтчаларын макулдашуу (жыштык номиналдары, техникалык мүнөздөмөлөр жана РЭК орнотуу пункттары) жана зарылдыгына жараша) мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүдөн андан аркы процедураларды жүргүзүүгө кат жүзүндөгү макулдашуу алгандан кийин, же тараптардын макулдугу менен, бирок процедуралар жүргүзүлүүчү күндөн кечиктирбестен радио жыштыктардын өтүнмө берилген ар бир номиналы үчүн радио мониторинг жүргүзөт жана ФБЭБге төмөндөгүлөр үчүн жөнөтүлөт: - эсеп-фактуранын тиркемесине ылайык эсеп-фактураны тариздөө; - ФБЭБдин башчысы жана МБАнын жетекчисинин колу коюлган эсеп-фактураны бекитүү; - эсептерди каттоо журналында эсеп-фактураны каттоо; - эсп-фактураны РЭКЭБ адистерине берүү. |
7 | Процедураларды аткаруу: - радио жыштыктарды координациялоо (чектеш жана тийиштүү өлкөлөр менен); - радио жыштык аянтчаларын макулдашуу (жыштык номиналдары, техникалык мүнөздөмө жана РЭК орнотуу пункттары);
| Төмөндөгүлөр үчүн процедураларды аткарууга акы төлөнгөндүгү жөнүндө маалыматты ырастоочу документтерди алууда: 1) радио жыштык аянтчаларын макулдашуу жүргүзүүдө аянтчаларды макулдашуу баракчаларын тиркөө менен кызматтык пайдалануу үчүн документ даярдалат, жетекчилер виза койгондон кийин жана кабыл алуу секторунда каттоодон өткөндөн кийин күч ведомстволору менен макулдашууга жөнөтүлөт; 2) Радиомониторинг жүргүзүү үчүн РМБда жыштык номиналдары, РЭК орнотуу пункттары жана техникалык мүнөздөмөлөрү көрсөтүлгөн тиешелүү кызматтык кат даярдалат; 3) радио жыштыктарды координациялоо (чектеш жана тиешелүү өлкөлөр менен) жүргүзүү үчүн чектеш жана тиешелүү өлкөлөргө радио жыштыктарды координациялоо (чектеш жана тиешелүү өлкөлөр менен) жүргүзүү үчүн координациялоочу формалар тиркелген коштомо кат даярдалат. Катка бөлүмдүн жана МБАнын жетекчиси виза коет жана кабыл алуу секторунда каттоодон өткөрүлөт |
8 | Процедуранын жыйынтыктарына ылайык алынган радио жыштык тандоонун жыйытыгын даярдоо
| - эгер аянтчаларды макулдашуунун, жыштык номиналдарынын жана радио мониторингдин оӊ жыйынтыктары радио жыштыктарды координациялоонун (чектеш жана тиешелүү өлкөлөр менен) жыйынтыктарынан мурда келип түшсө, анда МБА радио жыштыктарды координациялоо (чектеш жана тиешелүү өлкөлөр менен) процедуралары аяктаганга чейин экинчилик негизде бөлүп берүүсү шарты менен мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыктарын керектөөчүгө жөнөтүүгө укуктуу, теле-радио берүү кызматтары жана спутниктик байланыштын жердеги станциясы үчүн радио жыштыктарды пайдаланууда милдеттүү түрдө жыштыктарды координациялоонун жыйынтыктарын алуу талап кылынган учурлардан сырткары, - эгерде радио жыштык номиналдары аянтчаны макулдашуу жана/же радиомониторинг, жана/же радио жыштыктарды координациялоо (чектеш жана тиешелүү өлкөлөр менен) процедурасынан өтпөй калса, анда РЭКЭБ мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө себептерди корсөтүү менен жыйынтыктарды жөнөтөт. Жүргүзүлгөн процедуралар оӊ жыйынтыктарды берген учурларда, РЭКЭБ керектөөчүгө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыктарын, радио жыштык номиналдарын биринчилик жана экинчилик негиздерде пайдалануу шарттарын көрсөтүү менен жөнөтөт. Даярдалган жыштыктарды тандоонун жыйынтыктарына бөлүмдүн жана МБАнын жетекчиси виза коет жана кабыл алуу секторунда каттоодон өткөрүлөт |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн даярдалган жыйынтыгы мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө төмөндөгүдөй берилет: - кагаз жүзүндө, же - Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу |
3. Процедурлардын өз ара байланышынын блок-схемасы.
6. Кызмат көрсөтүүнү берүүдө аткарылган процедуралардын логикалык тартиби блок-схемада берилген.
4. Процедуралардын баяндалышы жана алардын мүнөздөмөсү
2-таблица
Процедуранын жана иш-аракеттин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-процедура «Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүдөн документтер топтому тиркелген кагаз жүзүндөгү документти кабыл алуу сектору аркылуу кабыл алуу жана каттоо же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн документти Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу берүүсү» | ||||
Иш-аракет 1.1 - пункт А –кагаз жүзүндө - Кагаз жүзүндөгү документтерди кабыл алуу жана каттоо - пункт Б – ЭКМП аркылуу - Документтердин ЭКМП аркылуу келүүсү; | А) – Кабыл алуу секторунун адиси;
Б) - Кабыл алуу секторунун адиси; | А) –20 минут;
Б) автоматтык түрдө аткарылат
| А) Катталган кагаз жүзүндөгү документтер, кириш документтерди каттоо журналында каттоо номерин жана датасын ыйгаруу менен
Б) автоматтык түрдө катталган,кириш документтердин каттоо номери жана датасы ыйгарылган документтер ЭКМП аркылуу | А) КРӨТ №120 3-март 2020-жыл
Б) КРӨТ №525 7-октябрь 2019-жыл |
Иш-аракет 1.2 - пункт А – кагаз жүзүндө – документтер топтомун аткаруучуу аныктоо үчүн МБА жетекчисине резолюцияга берүү жана аткаруучуга берүү; - пункт Б – ЭКМП аркылуу – ЭДС жардамы менен документтердин толуктугун текшерүү, «Документ кабыл алынды» статусун ыйгаруу жана документтерди резолюция коюу үчүн МБА жетекчисине берүү; - ЭДС жардамы менен МБА жетекчисинин РЭКЭБ башчысына резолюция коюусу; - МБА жетекчисинин резолюциясы коюлган «Аткарууда» деген статустагы документтин РЭКЭБ башчысына келүүсү | А) - Кабыл алуу секторунун адиси;
- МБА жетекчиси; - РЭКЭБ башчысы;
Б) - Кабыл алуу секторунун адиси;
- МБА жетекчиси;
- РЭКЭБ башчысы;
| А) 30 минут
Б) 20 минут | А) - Документти карап чыгуу үчүн аткаруучу аныкталган жетекчилердин резолюциясы; - документтер алынгандыгы жөнүндө аткаруучунун колу;
Б) - МБА жетекчисинин резолюциясы коюлган «Аткарууда» деген статустагы каттоого алынган документ
| А) КРӨТ №120 3-март 2020-жыл
Б) КРӨТ №525 7-октябрь 2019 -жыл |
1-процедуранын жыйынтыгы: Аткаруу үчүн катталган документтердин топтому жана адистердин документтерди аткарууга алуусу | ||||
Процедуранын узактыгы 1: 50 минут. Процедуранын узактыгы 1: 50 минут кагаз жүзүндө, 20 минут ЭКМП аркылуу. | ||||
1-процедуранын тиби: административдик процедура | ||||
Кийинки процедуранын номери: №2 | ||||
Процедура 2 «Документтерди талдоо жана радио электрондук каражаттарды эсепке алуу бөлүмүнүн (РЭКЭБ) жетекчисинин мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү түздөн-түз аткаруучуну (адисти) дайындоосу» | ||||
Иш-аракет 2.1 - пункт А – кагаз жүзүндө – Документтерди талдоо, аткаруучуну дайындоо жана корреспонденцияларды каттоо журналында каттоо;
- пункт Б –ЭКМП аркылуу - ЭДС жардамы менен РЭКЭБ башчысынын РЭКЭБ кызматчысына резолюция коюусу; - ЭДС жардамы менен РЭКЭБ кызматчысынын документти алуусу, документтердин толуктугун, тууралыгын текшерүү | А) - РЭКЭБ башчысы; - РЭКЭБ адистери
Б) - РЭКЭБ башчысы;
- РЭКЭБ кызматчылары; | А) 5 минут
Б) 10 минут | А) – «корреспонденцияларды каттоо» журналында катталган документтер, бөлүмдүн каттоо номери ыйгарылган жана катталган датасы; - РЭКЭБ башчысы талдап чыккан документтер жана аткаруу үчүн дайындалган адис Б) – автоматтык түрдө каттоо номери жана датасы ыйгарылган жана «Аткарууда» статусу берилген, РЭКЭБ башчысы резолюция койгон документти ЭДС жардамы менен алуу; | МБА регламенти |
2- процедуранын жыйынтыгы: Аткаруу үчүн аткаруучу дайындалган | ||||
Процедуранын узактыгы 2: 5 минут | ||||
2-процедуранын тиби: административдик процедура | ||||
Кийинки процедуранын номери: №3 | ||||
Процедура 3 «Процедураны жүргүзгөндүгү үчүн төлөмдү тариздөө» | ||||
Иш-аракет 3.1 - пункт А - кагаз жүзүндө – РЭК ЭМШ талдоо жүргүзүү үчүн эсеп-фактурага тиркеме даярдоо; - РЭКЭБ башчысынын эсеп-фактуранын тиркемесине ыиза коюусу; - пункт Б – ЭКМП аркылуу - РЭК ЭМШ талдоо жүргүзүү үчүн эсеп-фактурага тиркеме даярдоо - РЭКЭБ башчысынын ЭДС жардамы менен эсеп-фактуранын тиркемесине виза коюусу; - ЭДС жардамы менен ФБЭБ кызматчысына эсеп-фактуранын тиркемесин атоматтык түрдө берүү; | А) - РЭКЭБ башчысы; - РЭКЭБ адистери
Б) - РЭКЭБ башчысы; - РЭКЭБ кызматчысы
| А) 10 минут
Б) 10 минут | А) – РЭКЭБ тарабынан РЭК ЭМШ талдоо жүргүзүү үчүн эсеп-фактурага тиркеме үч нускада даярдалат, анда радио жыштык номиналдарынын саны, РЭК орнотуу пункуттары көрсөтүлөт;
Б) РЭК ЭМШ талдоо жүргүзүү үчүн эсеп-фактурага тиркеме, төлөө үчүн зарыл болгон сумма, радио жыштык номиналдарынын саны, РЭК орнотуу пункуттары көрсөтүлөт;
| - Баалардын прейскуранты, КР МТБМК № буйругу |
Иш-аракет 3.2 - пункт А - кагаз жүзүндө –эсеп-фактуранын тиркемесин алуу жана ФБЭБ эсеп-фактуранын тиркемесине ылайык эсеп-фактураны каттоосу; - ФБЭБ башчысы жана МБА жетекчиси кол койгон эсеп-фактураны бекитүү; - эсеп-фактураны эсептерди каттоо журналында каттоо; - РЭКЭБ адистерине берүү; - РЭК ЭМШ талдоо жүргүзүү үчүн эсеп-фактураны кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө берүү. - пункт Б – ЭКМП аркылуу- эсеп-фактуранын тиркемесин ЭДС жардамы менен алуу жана ФБЭБнин жана эсеп-фактураны тариздөөсү; - эсеп-фактураны МБА жетекчисинин ФБЭБ башчысынын ЭСК менен бекитүү; - ЭДС жардамы менен эсеп-фактураны автоматтык түрдө эсеп-фактуранын тиркемесин даярдаган РЭКЭБ кызматчысына берүү; - РЭК ЭМШ талдоо жүргүзүү үчүн эсеп-фактураны мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө «РЭК ЭМШ талдоо жүргүзүү үчүн эсеп-фактура даярдалган» статусун ыгаруу менен ЭКМП аркылуу берүү | - МБА жетекчиси; - ФБЭБ башчысы; - ФБЭБ адистери;
Б) - МБА жетекчиси; - ФБЭБ башчысы ; - ФБЭБ кызматчысы; - РЭКЭБ кызматчысы.
|
А) 5 минут
Б) 5 минут | А) – ФБЭБ тариздеген, бекитилген жана эсеп-фактуранын тиркемесине ылайык эсеп-фактуранын эсептерин каттоо журналында катталган;
Б) таризделген, бекитилген жана эсеп-фактуранын тиркемесине ылайык автоматтык түрдө катталган эсеп-фактура;
| Баалардын прейскуранты, КР МТБМК № буйругу |
3-процедуранын жыйынтыгы: РЭК ЭМШ талдоо жүргүзүү үчүн эсеп-фактура берилген | ||||
Процедуранын узактыгы 3: 15 минут | ||||
3-процедуранын тиби: уюштуруу-башкаруучулук процедура | ||||
Кийинки процедуранын номери: 4 | ||||
Процедура 4 «РЭК ЭМШ талдоо жүргүзүү процедурасын өткөрүү» | ||||
Иш-аракет 4.1 - пункт А - кагаз жүзүндө – процедура жүргүзүлгөндүгү үчүн акы төлөө жөнүндө квитанцияны алуу; - документтер топтому тиркелген кызматтык кат даярдоо; - РЭКЭБ башчысынын кызматтык катка виза коюусу жана чыгыш кызматтык каттар журналында каттоо; - РЭК ЭМШ талдоо жүргүзүү процедурасын аткаруу үчүн РЖСБ берүү - пункт Б – ЭКМП аркылуу –процедураны аткарууга акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция алгандан кийин ЭДС жардамы менен документтер топтому тиркелген РЭК ЭМШ талдоо жүргүзүүгө кызматтык кат даярдоо; - РЖСБ начальнигине даярдалган кызматтык катка РЭКЭБ башчысынын ЭСК жардамы мекен виза коюусу; - ЭДС жардамы менен документтер топтому тиркелген РЭК ЭМШ талдоо жүргүзүүгө кызматтык катты автоматтык түрдө жиберүү; | - РЭКЭБ башчысы; - РЭКЭБ адистери
Б) - РЭКЭБ башчысы; - РЭКЭБ кызматчысы
| А) 5 минут; Б) 3 минут
| А) - РЭКЭБ башчысынын визасы коюлган РЭК ЭМШ талдоо жүргүзүү үчүн РЖСБна документтер топтому тиркелген катталган кызматтык кат
Б) – ЭДС жардамы менен РЭКЭБдин чыгыш номери жана датасы авоматтык түрдө ыйгарылган РЭКЭБ башчысынын визасы коюлган РЭК ЭМШ талдоо жүргүзүү үчүн РЖСБна документтер тиркелген кызматтык кат
| КР МТБМК МБА регламенти |
Иш-аракет 4.2 - пункт А - кагаз жүзүндө –кызматтык катты алуу; - аткаруучуну аныктоо, РЖСБ начальниги жана РЭК ЭМШ талдоо жүргүзүү бөлүмүнүн башчысынын виза коюусу; - кириш кызматтык каттарды каттоо журналында каттоо; - ченемдик укуктук актлардын жана/же стандарттардын талаптарына ылайык РЭК ЭМШ талдоо жүргүзүү; - РЭК ЭМШ талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары менен кызматтык кат даярдоо; - РЖСБ начальниги же РЭК ЭМШ талдоо жүргүзүү бөлүмүнүн башчысынын кызматтык катка виза коюусу; - кызматтык катты чыгыш кызматтык каттарды каттоо жана РЭКЭБ берүү. - пункт Б – ЭКМП аркылуу – кызматтык каттын ЭДС жардамы менен РЭСБ келүүсү; - аткаруучуну аныктоо; - ченемдик укуктук актлардын жана/же стандарттардын талаптарына ылайык РЭК ЭМШ талдоо жүргүзүү; - РЭК ЭМШ талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары менен кызматтык кат даярдоо; - РЖСБ начальниги же РЭК ЭМШ талдоо жүргүзүү бөлүмүнүн башчысынын кызматтык катка ЭСК жардамы менен виза коюусу; - РЭК ЭМШ талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен даярдалган, документтер топтому тиркелген кызматтык катты ЭДС жардамы менен РЭКЭБ берүү
| А) – РЖСБ начальниги; - РЭК ЭМШ талдоо бөлүмүнүн башчысы; - РЖСБ адистери А) – РЖСБ начальниги; - РЭК ЭМШ талдоо бөлүмүнүн башчысы; - РЖСБ адистери
Б) – РЖСБ начальниги; - РЭК ЭМШ талдоо бөлүмүнүн башчысы; - РЖСБ кызматчысы
| А) 140 минут бир табыштамага Б) 140 минут бир табыштамага
| А) – РЭК ЭМШ талдоо жүргүзүү; -суралган РЭКтин башка операторлордун иштеп жаткан жана пландалган РЭКтери менен электр магниттик шайкештигинин эсептеринин жвыйынтыктары, суралган орнотуу пунктунда РЭК пайдалануу шарттары көрсөтүлгөн, радио жыштыктарды (чек арага чектеш жана тийиштүү өлкөлөр менен) координациялоо, радио жыштык аянтчаларын макулдашуу (жыштык номиналдарын, техникалык мүнөздөмөлөр жана РЭК орнотуу пункттары) жана радио мониторинг процедураларын жүргүзүүнүн зарылдыгын көрсөтүү менен Эл аралык электр байланыш уюмунун (ЭЭБ) Радио байланыш регламенти бекиткен, толтурулган координациялоочу формалар тиркелген таризделген кызматтык кат. Б) – РЭК ЭМШ талдоо жүргүзүү; – Суралган РЭКтин башка операторлордун иштеп жаткан жана пландалган РЭКтери менен электр магниттик шайкештигинин эсептеринин жвыйынтыктары, суралган орнотуу пунктунда РЭК пайдалануу шарттары көрсөтүлгөн, радио жыштыктарды (чек арага чектеш жана тийиштүү өлкөлөр менен) координациялоо, радио жыштык аянтчаларын макулдашуу (жыштык номиналдарын, техникалык мүнөздөмөлөр жана РЭК орнотуу пункттары) жана радио мониторинг процедураларын жүргүзүүнүн зарылдыгын көрсөтүү менен Эл аралык электр байланыш уюмунун (ЭЭБ) Радио байланыш регламенти бекиткен, толтурулган координациялоочу формалар тиркелген таризделген, РЭСБ начальниги жана/же РЭК ЭМШ талдоо бөлүмүнүн башчысы кол койгон ЭДС жардамы менен РЖСБ чыгыш каттоо номери жана датасы ыйгарылган документтер тиркелген авоматтык түрдө катталган кызматтык кат.
|
- Электр жана почта байланышы жөнүндө КР Мыйзамы - Кыргыз Республикасынын Радио жыштыктарды бөлүштүрүү улуттук таблицасы; - РЖСБ кызматчыларынын кызматтык нускамалары; - ЭЭУ Радио байланыш Регламенти; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын ортосундагы макулдашуу; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы макулдашуу; - 29,7 МГц жогору радио жыштык тилкелеринде кургактыктагы көчмө жана туруктуу станцияларга жыштык ыйгарууларды координациялоо боюнча сунуштар
|
4-процедуранын жыйынтыгы: РЭК ЭМШ талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы (оң же терс). | ||||
Процедуранын узактыгы: 140 минут (*) | ||||
4-процедуранын тиби: уюштуруу-башкаруучулук процедура | ||||
Кийинки процедуранын номери: 5 | ||||
Процедура 5 «Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө РЭК ЭМШ талдоонун жыйынтыктары жөнүндө кабарлоо» | ||||
Иш-аракет 5.1 - пункт А - кагаз жүзүндө – мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө аткарылган процедуранын жыйынтыгы жана акы төлөнгөндөн кийин аткарылышы зарыл болгон аткарыла турган процедуралар жөнүндө билдирүүнү даярдоо; - тараптар макулдашкан учурда, билдирүү кат менен бирге аткарыла турган процедуралардын эсеп-фактураларын жиберүү. - радио жыштыкты бөлүп берүүдөн баш тартуу жөнүндө корутунду даярдоо; - РЭКЭБ башчысы, МБА жетекчисинин виза коюусу; - кабыл алуу секторунда каттоо; - пункт Б – ЭКМП аркылуу – мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө РЭК ЭМШ талдоо процедурасы оң/ терс жүргүзүлгөндүгү жана акы төлөнгөндөн кийин аткарылышы зарыл болгон аткарыла турган процедуралар жөнүндө билдирүүнү даярдоо; - РЭКЭБ башчысы, МБА жетекчисинин ЭСК жардамы менен виза коюусу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө РЭК ЭМШ талдоо процедурасы оң/ терс жүргүзүлгөндүгү жана акы төлөнгөндөн кийин аткарылышы зарыл болгон аткарыла турган процедуралар жөнүндө корутундуну ЭКМП аркылуу «Аткарылды» статусун ыйгаруу менен автоматтык түрдө жиберүү | А) - МБА жетекчиси; - РЭКЭБ башчысы; - РЭКЭБ адистери - Кабыл алуу секторунун адиси.
Б) - МБА жетекчиси;
- РЭКЭБ башчысы; - РЭКЭБ кызматчысы
| А) 9 минут
Б) 7 минут | А) – РЭКЭБ башчысы, МБА жетекчисинин виза коюусу менен РЭК ЭМШ талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө корутунду МБАнын чыгыш каттардын журналында каттоого алынган
Б) – МБА жетекчиси виза койгон, РЭК ЭМШ талдоонун жыйынтыгы жана акы төлөнгөндөн кийин аткарылышы зарыл болгон аткарылатурган процедуралар жөнүндө даярдалган ЭДС жардамы менен МБА каттоо номери жана датасы авоматтык түрдө ыйгарылган корутунду
| - КРӨТ №120 3-март 2020-жыл; |
5-процедуранын жыйынтыгы: Аткарылган процедуранын жыйынтыгы жана акы төлөнгөндөн кийин аткарылышы зарыл болгон аткарыла турган процедуралар жөнүндө же болбосо радио жыштыкты бөлүп берүүдөн баш тартуу жөнүндө даяр корутунду. | ||||
Процедуранын узактыгы 9 минутага чейин. | ||||
5-процедуранын тиби: уюштуруу-башкаруучулук процедура | ||||
Кийинки процедуранын номери: 6 | ||||
Процедура 6 «Процедураларды жүргүзгөндүгү үчүн төлөмдү тариздөө» | ||||
Иш-аракет 6.1 - пункт А - кагаз жүзүндө – РЭК ЭМШ талдоонун жыйынтыгынын негизинде - радио жыштыктарды (чек арага чектеш жана тийиштүү өлкөлөр менен) координациялоо, радио жыштык аянтчаларын макулдашуу (жыштык номиналдарын, техникалык мүнөздөмөлөр жана РЭК орнотуу пункттары) жана радиомониторинг процедураларын жүргүзүү үчүн эсеп-фактуранын тиркемесин даярдоо. Суралган радио жыштык тилкесиндеги ар бир номинал үчүн, радио жыштык тилкесине уруксат алууга документ тапшырган учурда; - РЭКЭБ башчысынын эсеп-фактуранын тиркемесине виза коюусу; - пункт Б – ЭКМП аркылуу - РЭК ЭМШ талдоонун жыйынтыгынын негизинде радио жыштыктарды (чек арага чектеш жана тийиштүү өлкөлөр менен) координациялоо, радио жыштык аянтчаларын макулдашуу (жыштык номиналдарын, техникалык мүнөздөмөлөр жана РЭК орнотуу пункттары) жана радиомониторинг процедураларын жүргүзүү үчүн эсеп-фактуранын тиркемесин даярдоо - РЭКЭБ башчысынын эсеп-фактуранын тиркемесине ЭСК жардамы менен виза коюусу | А) - РЭКЭБ башчысы; - РЭКЭБ адистери
Б) - РЭКЭБ башчысы; - РЭКЭБ кызматчысы
| А) 10 минут;
Б) 10 минут | А) РЭКЭБ тарабынан даярдалган эсеп-фактуранын тиркемесинин үч нускасы, процедура үчүн радио жыштык номиналдарынын санын, РЭК орнотуу пунктарын көрсөтүү менен;
Б) - РЭКЭБ тарабынан даярдалган радио жыштыктарды (чек арага чектеш жана тийиштүү өлкөлөр менен) координациялоо, радио жыштык аянтчаларын макулдашуу (жыштык номиналдарын, техникалык мүнөздөмөлөр жана РЭК орнотуу пункттары) жана радио мониторинг процедураларын жүргүзүү, радио жыштык номиналы жана (же) радио жыштык тилкеси үчүн төлөнө турган сумманы, радио жштык номиналдардын жана орнтуу пункттарын көрсөтүү менен даярдалган эсеп-фактуранын тиркемеси
| Баалардын прейскуранты, КР МТБМК № буйругу |
Иш-аракет 6.2 - пункт А - кагаз жүзүндө – эсеп-фактуранын тиркемесин алуу жана ФБЭБ э эсеп-фактураны эсеп-фактуранын тиркемесине ылайык каттоосу; - ФБЭБ башчысынын жана МБА жетекчисинин кол коюусу менен эсеп-фактураны бекитүү; - эсеп-фактураны эсептерди каттоо журналында каттоо; - РЭКЭБ адистерине жиберүү; - пункт Б – ЭКМП аркылуу – ЭДС жардамы менен эсеп-фактуранын тиркемесин алуу жана ФБЭБ эсеп-фактураны каттоосу; - ФБЭБ башчысынын жана МБА жетекчисинин ЭСК жардамы менен кол коюусунун натыйжасында эсеп-фактураны бекитүү; - эсеп-фактуранын тиркемесин даярдаган РЭКЭБ кызматчысына ЭДС жардамы менен эсеп-фактураны атоматтык түрдө берүү; - «Эсеп-фактура даярдалган» статусун ыйгаруу менен ЭКМП аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө процедураларды аткаруу үчүн эсеп-фактураны жиберүү | А) - МБА жетекчиси - ФБЭБ башчысы; - ФБЭБ адистери;
Б) - МБА жетекчиси
- ФБЭБ башчысы; - ФБЭБ адистери; | А) 5 минут
А) 5 минут
| А) Эсеп-фактура, бекитилген жана эсептерди каттоо журналына катталган
Б) таризделген, бекитилген жана автоматтык түрдө катталган эсеп-фактуранын тиркемесине ылайык эсеп-фактура;
| Баалардын прейскуранты, КР МТБМК № буйругу |
6-процедуранын жыйынтыгы: процедураларды аткаруу үчүн эсеп-фактура берилген | ||||
Процедуранын узактыгы 6: 15 минут | ||||
6-процедуранын тиби: уюштуруу-башкаруучулук процедура | ||||
Кийинки процедуранын номери: 7 | ||||
Процедура 7 «Процедураларды аткаруу: - радио жыштыктарды координациялоо (чектеш жана тийиштүү өлкөлөр менен); - радио жыштык аянтчаларын макулдашуу (жыштык номиналдары, техникалык мүнөздөмө жана РЭК орнотуу пункттары); - радиомониторинг.» Аткарылган процедуралардын жыйынтыгын алуу | ||||
Иш-аракет 7.1 - пункт А - кагаз жүзүндө – РЭК ЭМШ талдоонун жыйынтыгына ылайык аткарылган аткарылган процедурага акы төлөө жөнүндө квитанцияны алуу; - күч түзүмдөрү менен маелдшуу үчүн аятнчаларды макулдашуу барагы тиркелген кызматтык пайдалануу үчүн документти даярдоо; - кызматтык пайдалануу үчүн документке РЭКЭБ башчысы виза коет | А) -РЭКЭБ башчысы; - РЭКЭБ адистери
| 20 минут
| А) РЭКЭБ башчысы менен макулдашылган ар бир ведомство үчүн 6 нускадан турган кызматтык пайдалануу үчүн документ
| КР РЖМК токтому 2002-ж. №4/1 КРӨТ №255 7-май 2013-ж. |
Иш-аракет 7.2 - пункт А - кагаз жүзүндө - КР МТБМК МБАнын жетекчиси кызматтык пайдалануу үчүн документке виза коет; - кызматтык пайдалануу үчүн документти кабыл алуу секторунда кызматтык пайдалануу үчүн документтердин чыгыш журналында каттоо; - реестр даярдоо жана 1-5-нускаларды жөнөтүү; - 6-нусканы РЭКЭБге берүү. | - КР МТБМК МБА жетекчиси; - Кабыл алуу секторунун адиси. | А) 8 минут
| А) – виза коюлган атайын конверттерге салынган, жөнөтүлө турган номердери коюлган 1-5 нускалары реестрге киргизилген кызматтык пайдалануу үчүн документ; -6-нуска РЭКЭБ берилген. | А) КРӨТ №120 3-март 2020-жыл
|
Иш-аракет 7.3 - кабыл секторунда кызматтык пайдалануу үчүн документтин 6-нускасын алуу; - малыматтарды аятчаларды макулдашуулардын маалыматтык базасына киргизүү |
- РЭКЭБ адиси |
5 минут |
- макулдашууга жиберилген маалымат аятчаларды макулдашуулардын маалыматтык базасына киргизилет |
КР МТБМК МБА регламенти |
Иш-аракет 7.4 - пункт А - кагаз жүзүндө - радиомониторинг башкармалыгына (РМБ) жыштык номиналдары, РЭК орнотуу пункттары жана радиомониторинг жүргүзүү үчүн техникалык мүнөздөмөлөр көрсөтүлгөн тиешелүү кызматтык катты даярдоо; - РЭКЭБ башчысы кызматтык катка кол коет; - кызматтык катты чыгыш кызматтык каттар журналына каттоо жана РМБга берүү; - пункт Б – ЭДС аркылуу – ЭДС аркылуу радиомониторинг башкармалыгына (РМБ) жыштык номиналдары, РЭК орнотуу пункттары жана радиомониторинг жүргүзүү үчүн техникалык мүнөздөмөлөр көрсөтүлгөн тиешелүү кызматтык катты даярдоо; - РЭКЭБ башчысы кызматтык катка ЭСК жардамы менен кол коет; - радиомониторинг жүргүзүү үчүн РМБга кызматтык катты ЭДС аркылуу автоматтык түрдө берүү | -РЭКЭБ башчысы; - РЭКЭБ адистери | А) 10 минут
Б) 10 минут | А) жыштык номиналдары, РЭК орнотуу пункттары жана радиомониторинг жүргүзүү үчүн техникалык мүнөздөмөлөр көрсөтүлгөн тиешелүү кызматтык кат радиомониторинг башкармалыгына (РМБ) берилген
Б) - РЭКЭБнын чыгыш номери жана датасы автоматтык түрдө ыйгарылган жана РЭКЭБ башчысынын визасы коюлган катталган кызматтык катты радиомониторинг жүргүзүү үчүн РМБга ЭДС аркылуу берүү | КР МТБМК МБА регламенти |
Иш-аракет 7.5 - пункт А - кагаз жүзүндө - радиомониторинг жүргүзүүгө кызматтык катты алуу, аткаруучуну аныктоо, виза коюу жана аткарууга берүү; - кызматтык катты кириш кызматтык каттар журналына каттоо; - радиомониторинг жүргүзүү жана жыйынтыгы (оң же терс) көрсөтүлгөн кызматтык катты даярдоо; - кызматтык катты чыгыш кызматтык каттар журналына каттоо жана РЭКЭБге берүү; - пункт Б – ЭДС аркылуу - радиомониторинг жүргүзүүгө кызматтык катты ЭДС аркылуу алуу, аткаруучуну аныктоо, виза коюу жана ЭДС аркылуу аткарууга берүү; - радиомониторинг жүргүзүү жана жана жыйынтыгы (оң же терс) көрсөтүлгөн кызматтык катты даярдоо; - радиомониторингдин жыйынтыгы (оң же терс) көрсөтүлгөн кызматтык катты ЭДС аркылуу РЭКЭБге автоматтык түрдө берүү |
А) - РМБ начальниги; - жолтоолорду жана мыйзамсыз иштеп жаткан өткөргүчтөрдү издөө бөлүмүнүн (ЖМИӨИБ) же радио жыштык спектрин талдоо жана контролдоо бөлүмүнүн (РЖС ТКБ) башчысы; - ЖМИӨИБ же РЖС ТКБ адиси Б) – РМБ начальниги; - жолтоолорду жана мыйзамсыз иштеп жаткан өткөргүчтөрдү издөө бөлүмүнүн (ЖМИӨИБ) же радио жыштык спектрин талдоо жана контролдоо бөлүмүнүн (РЖС ТКБ) башчысы; - ЖМИӨИБ же РЖС ТКБ адиси | А) 360 минутага чейин
Б) 360 минутага чейин | А) - радиомониторингдин жыйынтыгы, жыштык номиналдары, РЭК орнотуу пункуттары көрсөтүлгөн кызматтык кат
Б) – жүргүзүлгөн радиомониторингдин жыйынтыгы - радиомониторингдин жыйынтыгы, жыштык номиналдары, РЭК орнотуу пункуттары көрсөтүлгөн ЭДС жардамы менен РМБнын каттоо номери жана датасы автоматтык түрдө ыйгарылган кызматтык кат
| КР МТБМК МБА регламенти |
Иш-аракет 7.6 - пункт А - кагаз жүзүндө - радиомониторинг жүргүзүүгө кызматтык катты алуу, аткаруучуну аныктоо, виза коюу жана аткарууга берүү; - кызматтык катты кириш кызматтык каттар журналына каттоо; - радиомониторинг жүргүзүү жана жыйынтыгы (оң же терс) көрсөтүлгөн кызматтык катты даярдоо; - кызматтык катты чыгыш кызматтык каттар журналына каттоо жана РЭКЭБге берүү; - пункт Б – ЭДС аркылуу - радиомониторинг жүргүзүүгө кызматтык катты ЭДС аркылуу алуу, аткаруучуну аныктоо, виза коюу жана ЭДС аркылуу РМБ адисине аткарууга берүү; - радиомониторинг жүргүзүү жана жана жыйынтыгы көрсөтүлгөн кызматтык катты даярдоо; - радиомониторингдин жыйынтыгы көрсөтүлгөн кызматтык катты ЭДС аркылуу РЭКЭБге автоматтык түрдө берүү |
А) – түштүк же чыгыш региондору боюнча радиомониторинг башкармалыгынын начальниги;
- мобилдик РКП бөлүмүнүн башчысы; - мобилдик РКП бөлүмүнүн адиси | А) 360 минутага чейин
А) 360 минутага чейин
| А) - Жүргүзүлгөн радиомониторингдин жыйынтыгы
Б) - Жүргүзүлгөн радиомониторингдин жыйынтыгы -
| КР МТБМК МБА регламенти №120-пр 27.02.2017-ж.
|
Иш-аракет 7.7 - пункт А - кагаз жүзүндө – чек арага чектеш жана тийиштүү өлкөлөргө радио жыштыктарды (чек арага чектеш жана тийиштүү өлкөлөр менен) координациялоо жүргүзүү үчүн кординациялык формалар тиркелген коштомо кат даярдоо. - МБА жетекчиси жана РЭКЭБ башчысы виза коет;
- пункт Б – ЭДС аркылуу – - чек арага чектеш жана тийиштүү өлкөлөргө радио жыштыктарды (чек арага чектеш жана тийиштүү өлкөлөр менен) координациялоо жүргүзүү үчүн кординациялык формалар тиркелген коштомо кат даярдоо. - МБА жетекчиси жана РЭКЭБ башчысы ЭСК жардамы менен виза коет; - радио жыштыктарды координациялоо жүргүзүү үчүн кординациялык формалар тиркелген коштомо катты ЭКМП аркылуу жөнөтүү |
А) - МБА жетекчиси; -РЭКЭБ башчысы; -Специалисты РЭКЭБ
Б) - МБА жетекчиси; -РЭКЭБ башчысы; -Специалисты РЭКЭБ
| А) 25 минут Б) 25 минут | А) - чек арага чектеш жана тийиштүү өлкөлөргө радио жыштыктарды (чек арага чектеш жана тийиштүү өлкөлөр менен) координациялоо жүргүзүү үчүн кординациялык формалар тиркелип даярдалган, РЭКЭБ начальниги, башчысы виза койгон коштомо кат. Б) - чек арага чектеш жана тийиштүү өлкөлөргө радио жыштыктарды координациялоо жүргүзүү үчүн кординациялык формалар тиркелген МБА жетекчиси жана РЭКЭБ башчысы виза койгон коштомо кат
| Казакстан Республикасы жана Кыргыз Республикасынын оросундагы макулдашуу; Өзбекстан Республикасы жана Кыргыз Республикасынын оросундагы макулдашуу;
ЭЭУ РР Регламенти |
Иш-аракет 7.8 - пункт А - кагаз жүзүндө – катка КР МТБМК МБА жетекчиси виза коет жана кабыл алуу секторунда катталат; - 2-нускасы РЭКЭБга берилет - пункт Б – ЭКМП аркылуу - катка КР МТБМК МБА жетекчиси ЭСК жардамы менен виза коет. - кат ЭДС жардамы менен РЭКЭБга жиберилет | А) - КР МТБМК МБА жетекчиси; - Кабыл алуу секторунун адиси Б) - МБА жетекчиси; - Кабыл алуу секторунун адиси
| А) 8 минут
Б) 5 минут
| А) - МБА жетекчиси виза койгон кат; - кат кабыл алуу секторунда катталат.
Б) – чек арага чектеш жана тийиштүү өлкөлөргө чек арага чектеш жана тийиштүү өлкөлөр менен радио жыштыктарды координациялоо жүргүзүү үчүн кординациялык формалар тиркелип катталган, ЭДС жардамы менен КР МТБМК МБАнын каттоо номери жана датасы автоматтык түрдө ыйгарылган МБА жетекчиси жана РЭКЭБ башчысы виза койгон коштомо кат. | А) КРӨТ №120 3-март 2020-жыл
|
Иш-аракет 7.9 - кабыл алуу секторунда каттын 2-нускасын алуу; - радио жыштыктарды координациялоо маалыматтарын маалыматтык базага киргизүү |
- РЭКЭБ адиси |
5 минут |
- координациялоого жөнөтүлгөн радио жыштыктар жөнүндө маалыматтар маалыматтык базага киргизилген |
КР МТБМК МБА регламенти №120-пр 27.02.2017-ж. |
Иш-аракет 7.10 - пункт А - кагаз жүзүндө – аткарылган процедуралардын жыйынтыктарын топтоо; – аткаруучуну жыйынтыктар менен тааныштыруу; - жыйынтыктарды маалыматтык базага киргизүү | А) -РЭКЭБ башчысы; - РЭКЭБ адистери | А) 10 минут | А) аткарылган процедуралардын жыйынтыктарынын (оң же терс) маалыматы маалыматтык базага киргизилген | КРӨТ №402 15.07.2016-ж. |
7-процедуранын жыйынтыгы: «Процедураларды аткарууга жөнөтүлгөн: - радио жыштыктарды координациялоо (чектеш жана тийиштүү өлкөлөр менен); - радио жыштык аянтчаларын макулдашуу (жыштык номиналдары, техникалык мүнөздөмө жана РЭК орнотуу пункттары); - радиомониторинг Аткарылган процедуралардын жыйынтыктары алынган. | ||||
7-процедуранын узактыгы: 13 саат 31 минут (*) | ||||
7-процедуранын тиби: уюштуруу-башкаруучулук процедура | ||||
Кийинки процедуранын номери: 8 | ||||
Процедура 8 «Процедуранын жыйынтыктарына ылайык алынган радио жыштык тандоонун жыйытыгын даярдоо» | ||||
Иш-аракет 8.1 - пункт А - кагаз жүзүндө – МБА мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө бөлүп берүүгө жеткиликтүү болгон радио жыштыктарды тандоонун (оң же терс) жыйынтыгы жөнүндө корутундуну даярдайт - пункт Б – ЭКМП аркылуу - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө радио жыштыктарды тандоонун (оң же терс) жыйынтыгы жөнүндө МБАнын корутундусун даярдоо. - РЭКЭБ башчысы ЭСК жардамы менен виза коет | А) -РЭКЭБ башчысы; - РЭКЭБ адистери
Б) -РЭКЭБ башчысы; - РЭКЭБ адистери
| А) 60 минут
Б) 60 минут | А) мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө бөлүп берүүгө жеткиликтүү болгон радио жыштыктарды тандоонун (оң же терс) жыйынтыгы жөнүндө МБАнын корутундусунун долбоору Б) мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө радио жыштыктарды тандоонун (оң же терс) жыйынтыгы жөнүндө МБАнын корутундусунун долбоору
| А) КР МТБМК МБА регламенти №120-пр 27.02.2017-ж. |
Иш-аракет 8.2 - пункт А - кагаз жүзүндө – МБАнын корутундусунун долбооруна МБА жетекчиси виза коет жана кабыл алуу секторунда катталат. - пункт Б – ЭКМП аркылуу - МБАнын корутундусунун долбооруна МБА жетекчиси ЭСК жардамы менен виза коет | А) - МБА жетекчиси; - Кабыл алуу секторунун адиси.
Б) - МБА жетекчиси
| А) бир жумуш күндүн ичинде
| А) МБА жетекчиси виза койгон, каттоо номери жана датасы коюлган МБАнын корутундусу;
Б) - радио жыштыктарды тандоонун жыйынтыгы; - ЭДС жардамы менен автоматтык түрдө МБАнын каттоо номери жана датасы коюлган катталган кат
| А) КРӨТ №120 3-март 2020 -жыл
|
8-процедуранын жыйынтыгы: «Радио жыштык тандоо» кызмат көрсөтүүсүнүн жыйынтыгы мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө берилген. | ||||
8-процедуранын узактыгы: 4 күнгө чейин | ||||
8-процедуранын тиби: уюштуруу-башкаруучулук процедура | ||||
Кийинки процедуранын номери: 9 | ||||
Процедура 9 «Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү»
| ||||
Иш-аракет 9.1 - пункт А - кагаз жүзүндө – мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө МБАнын корутундусун берүү - пункт Б – ЭКМП аркылуу - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө МБАнын корутундусун ЭКМП аркылуу «Радио жыштык тандоонун жыйынтыгы даярдалган» статусун ыйгаруу менен берүү, | А) Кабыл алуу секторунун адиси
Б) - Кабыл алуу секторунун адиси
| А) 3 минут
Б) 2 минут | А) - кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө берилген.
Б) - кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө берилген.
| А) КР МТБМК МБА регламенти №120-пр 27.02.2017-ж. |
* КЭК ЭМШ талдоо 2 ден 30 күнгө чейин жүргүзүлөт;
* аянтчалары макулдашуу (МВС) 20 күндүн аралыгында жүргүзүлөт;
* чек арага чектеш жана тийиштүүү өлкөлөр менен радио жыштыктарды координациялоо (МНС) 30 дан 60 күнгө чейин жүргүзүлөт;
*радиомониторинг Бишкек жана Ош шаарларында 30 күндүн, ал эми региондордо 50 күндүн аралыгында жүргүзүлөт.
5. 1, 2, 3 ж.б. процедураларды аткаруунун схемасы (алгоритмдери)
7. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү боюнча процедуралардын схемалык ырааттуулугу (алгоритмдери) төмөндө берилген:
5.1. №1-процедураны аткаруунун схемасы (алгоритмдери).
«Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүдөн документтер топтому тиркелген кагаз жүзүндөгү документти кабыл алуу сектору аркылуу кабыл алуу жана каттоо же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн документти Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу берүүсү»
5.2. №2-процедураны аткаруунун схемасы (алгоритмдери).
«Документтерди талдоо жана радио электрондук каражаттарды эсепке алуу бөлүмүнүн (РЭКЭБ) жетекчисинин мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү түздөн-түз аткаруучуну (адисти) дайындоосу»
5.3. №3-процедураны аткаруунун схемасы (алгоритмдери).
«Процедураны жүргүзгөндүгү үчүн төлөмдү тариздөө»
5.4 №4-процедураны аткаруунун схемасы (алгоритмдери).
«РЭК ЭМШ талдоо жүргүзүү процедурасын өткөрүү»
5.5 №5-процедураны аткаруунун схемасы (алгоритмдери).
«Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө РЭК ЭМШ талдоонун жыйынтыктары жөнүндө кабарлоо»
5.6 №6-процедураны аткаруунун схемасы (алгоритмдери).
«Процедураларды жүргүзгөндүгү үчүн төлөмдү тариздөө»
5.7 №7 -процедураны аткаруунун схемасы (алгоритмдери).
«Процедураларды аткаруу: радио жыштыктарды координациялоо (чектеш жана тийиштүү өлкөлөр менен), радио жыштык аянтчаларын макулдашуу (жыштык номиналдары, техникалык мүнөздөмө жана РЭК орнотуу пункттары) жана радиомониторинг»
5.8 №8 -процедураны аткаруунун схемасы (алгоритмдери).
«Процедуранын жыйынтыктарына ылайык алынган радио жыштык тандоонун жыйытыгын даярдоо»
5.9 №9-процедураны аткаруунун схемасы (алгоритмдери).
«Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү»
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
10. Административдик регламенттин талаптарын аткаруу ички (күнүмдүк) контроль жана тышкы контроль болуп бөлүнгөн.
11. Административдик регламенттин талаптарын аткаруу боюнча ички (күнүмдүк) контроль МБАнын буйругу менен түзүлгөн комиссия тарабынан туруктуу негизде ишке ашырылат.
Ички (күнүмдүк) контроль туруктуу жүргүзүлүүчү текшерүүлөр жолу менен, кызмат адамдары менен кызматчылардын административдик регламенттин жоболорун так сактоосу жана аткаруусу, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдер аркылуу ишке ашырылат.
Ички (күнүмдүк) контролдун максаты мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн укуктарынын бузулушун ачыкка чыгаруу жана жолго коюу, кароо, чечимдерди кабыл алуу жана келип түшкөн даттанууларга (анын ичинде ишеним телефондору аркылуу), чечимдерге, адистердин жана кызмат адамдарынын иш-аракеттерине (аракетсиздигине) жоопторду даярдоо болуп саналат.
Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн аралыгы, кварталдын жыйынтыктарын чыгарууда квартал сайын жүргүзүлөт.
Айрым учурларда пландан тышкаркы, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн конкреттүү керектөөчүсүнүн арызы боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүшү мүмкүн.
Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча административдик регламенттин талаптарындагы табылган кемчиликтерди жоюу боюнча токтоосуз түрдө чаралар көрүлөт, ошондой эле күнөөлү адамдардын жоопкерчиликтери жөнүндө маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.
12. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы боюнча тышкы контроль КР МТБМКнын чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
Комиссиянын курамына ошол мамлекеттик органдын коомдук кеӊешинин (болгон учурда) өкүлдөрү милдеттүү түрдө киргизилиши керек.
Комиссиянын иштөө регламенти жана тартиби КР МТБМК тарабынан белгиленет.
Комиссиянын ишинин жыйынтыктары, табылган тартип бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленип көрсөтүлгөн маалым кат түрүндө таризделет. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессин оптималдаштыруу максатында административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
Бул маалым кат ага кол коюлгандан кийинки 3 жумуш күнү аралагында МБАнын жетекчисине жөнөтүлөт, анда маалым кат келип түшкөн күндөн баштап бир ай аралыгында табылган тартип бузуулар жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, зарылдыгына жараша ошол тартип бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматчыларга дисциплинардык жана административдик таасир этүү чаралары көрүлөт, ошондой эле административдик регламентке белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
Тышкы контролдун жыйынтыктары боюнча, Мамлекеттик кызмат көрсөтүү реестрине ылайык мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүгө жооптуу КР МТБМКнын төрагасынын орун басарынын табылган тартип бузуулары жана кемчиликтери боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошол мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү аткаруучу МБАнын директорунун орун басарына жана МБАнын кызматчыларына карата тиешелүү дисциплинардык жана административдик чаралар көрүлүшү мүмкүн.
Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы боюнча тышкы контроль жылына бирден кем эмес жолужүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
13. МБАнын кызмат адамдарынын аракеттенүүсү же аракеттенбөөсү, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө кабыл алынган чечимдерге арыз ээси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартында белгиленген тартипте даттана алат.
14. Административдик регламенттин талаптарынын бузулушу боюнча МБАнын кызмат адамдары жана кызматчылары Кыргыз Республикасынын административдик жана эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
8. Жыйынтыктоочу жобо
15. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бир эле учурда жана зарылдыгына жараша кайра кароого жатат.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу жана стандартташтыруу боюнча ведомстволук жумушчу комиссиясы жана КР МТБМКнын 2018-жылдын 16-октябрындагы №268-а буйругу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин ведомстволук (түзүмдүк жана аймактык) бөлүмдөрү.
1. _____________________________________________________________________
(аты-жөнү жана ээлеген кызмат орду)
2. _____________________________________________________________________
(аты-жөнү жана ээлеген кызмат орду)
3. _____________________________________________________________________
(аты-жөнү жана ээлеген кызмат орду)