Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАР МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫНЫН БУЙРУГУ
2020-жылдын 27-майы № 96
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максаттарында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы №26 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы №126 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы жөнүндө жобонун 13-пунктун жетекчиликке алып,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Тиркемеге ылайык, «Жылдык пландан тышкары басма (профилдик) продукцияны басуу» мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун (Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду) аткаруучу директору У. Д. Сыдыков:
- мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү кызматкерлердин административдик регламенттин талаптарын изилдөөсүн жана аткаруусун уюштурсун;
- аталган кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын мындан ары жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча чара көрсүн.
3. Маалыматтык технологиялар сектору жогоруда аталган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентин Кыргызпатенттин расмий сайтында жайгаштырсын.
4. Жогоруда аталган административдик регламенттин сакталышын контролдоо Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун аткаруучу директоруна жүктөлсүн.
5. Жогоруда аталган административдик регламенттин сакталышына жеке жоопкерчилик Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жоопкерчиликтүү кызматкерлерине бекитилсин.
6. Уюштуруу иштери жана стратегия бөлүмү кол койгон учурдан тартып 3 жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине ушул буйрукту киргизүү үчүн Юстиция министрлигине материалдарды жөнөтсүн.
7. Кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү бул буйрукту Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун кызматкерлерине тааныштырсын.
8. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 7 жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
9. Бул буйруктун аткарылышын өзүм контролдойм.
Төрага | Д. Молдошева |