Загрузка документа…
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын 2020-жылдын 27-майындагы №96 буйругу менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти
Жылдык пландан тышкары басма (профилдик) продукцияны басуу, Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 7-бабынын 3-пункту
1. Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фонду (мындан ары – ИМ Мамфонду) ишке ашырат.
2. Бул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүлөрдүн тиешелүү стандартынын талаптарына ылайык келет.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты тарабынан берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү: кызмат көрсөтүүнү алууга документтерди жана аракеттерди кабыл алуунун мөөнөтү – 10 жумушчу күндүн ичинде.
Кызматтарды көрсөтүүнүн мөөнөтү – 3төн 45ке чейин жумушчу күнү (материалдын көлөмүнө жараша).
Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүнүн мөөнөтү – 30 минутага чейин.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
а) эркин формада жазылган жазуу жүзүндөгү арыз;
б) төлөмдүн же акча каражаттарынын ИМ Мамфондуна келип түшкөндүгү жөнүндө дүмүрчөк;
в) ИМ Мамфонду менен келишим.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы – монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тарабынан бекитилген ИМ Мамфонду тарабынан аткарылуучу колдонуудагы Тарифтердин прейскурантына ылайык.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы: Жылдык басма продукциясы.
2. Кызматтарды көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүү өндүрүшү жол-жоболордун төмөнкүдөй топтомун камтыйт:
1- таблица
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1. | Арызды кабыл алуу, басма продукциясынын материалдары менен таанышуу, келишимдин долбоорун түзүү | - жеке кайрылуу; - жазуу жүзүндө кайрылуу; - электрондук кызмат көрсөтүүлөдүн мамлекеттик порталы аркылуу |
2. | Келишимдин долбоорун укуктук экспертизалоо жана келишимге кол коюу | жеке кайрылуу; - жазуу жүзүндө кайрылуу; - электрондук кызмат көрсөтүүлөдүн мамлекеттик порталы аркылуу |
3. | Төлөмдү кабыл алуу жана тариздөө | - жеке кайрылуу; - электрондук форматта; - электрондук кызмат көрсөтүүлөдүн мамлекеттик порталы аркылуу |
4. | Басма продукциясынын макетин даярдоо жана өтүнмө ээси менен макулдашуу | - жеке кайрылуу; - электрондук форматта; - электрондук кызмат көрсөтүүлөдүн мамлекеттик порталы аркылуу |
5. | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасынан ISBN алуу | - жеке кайрылуу; - электрондук кызмат көрсөтүүлөдүн мамлекеттик порталы аркылуу |
6. | Басма продукциясынын макетин бекитүү, нускалоо | - жеке кайрылуу; - электрондук форматта; - электрондук кызмат көрсөтүүлөдүн мамлекеттик порталы аркылуу |
7. | Басма продукциясынын милдеттүү нускаларын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасына берүү | - жеке кайрылуу |
8. | Өтүнмө ээсине даяр болгон басма продукциясын берүү жана кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюу | - жеке кайрылуу |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөнкү блок-схемада көрсөтүлдү.
4. Жол-жоболордун жана алардын мүнөздөмөлөрүнүн сыпаттамасы
Таблица 2
Жол-жоболордун жана аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Аракеттердин узактыгы | Аракетти жөнгө салуучу документ | Аракеттердин натыйжасы | |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | |
1. Арызды кабыл алуу, басма продукциясынын материалдары менен таанышуу, келишимдин долбоорун түзүү | |||||
Кызмат көрсөтүүнү баштоо үчүн негиз болуп өтүнмө ээсинин кайрылуусу эсептелет (жеке, электрондук формада). | ИМ Мамфондунун аткаруучу директору, чыгармачыл демилгелерди шыктандыруу бөлүмүнүн башчысы |
| 1.«Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 126 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы жөнүндө жобо 3.Кыргызпатенттин төрагасынын 2017-жылдын 31-мартындагы № 69 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фонду жөнүндө жобо |
| |
1.1. Жеке кайрылуу учурунда инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ боюнча өтүнмө ээсинин инсандыгын белгилөө, өтүнмө ээлеринин кайрылууларынын журналында арызды каттоо, басма продукциясынын материалдары менен таанышуу | 20 мин | Арызды каттоо, басма продукциясынын материалдарын кабыл алуу же өтүнмө ээсинин инсандыгын ырастоочу документ жок болгон учурда, арызды каттоодон баш тартуу. | |||
1.2. Жылдык пландан тышкары басма (профилдик) продукцияны басуу жөнүндө келишимдин долбоору даярдалат | 30 мин |
| |||
1.3. Өтүнмө ээси кайрылган учурда: - электрондук форматта (электрондук почта) кароого кабыл алынган арызды басып чыгаруу керек; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кароого кабыл алынган квалификациялык электрондук кол коюлган арызды басып чыгаруу керек; | 3 мин | Өтүнмө ээсинин басылып чыгарылган арызы. | |||
1.4. Өтүнмө ээси электрондук форматта же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кайрылган учурда арыздагы жазуу дал келбегендиги белгиленсе, өтүнмө ээсинин телефону же e-mail аркылуу кызматты көрсөтүү үчүн тоскоолдуктардын бар экендиги жөнүндө өтүнмө ээсине кабарлоо, табылган кемчилдиктердин мазмунун түшүндүрүү жана аларды жоюу боюнча чараларды кабыл алууну сунуштоо зарыл. | 10 мин | Дал келбегендик жөнүндө кабарлоо же, эгерде өтүнмө ээси тарабынан табылган кемчилдиктерди жоюу боюнча чаралар кабыл алынбаса, арызды каттоодон баш тартуу. | |||
Жол-жобонун натыйжалары: а) келген документтерди каттоо журналында арызды каттоо; б) өтүнмө ээсинин жеке иш бөлмөсүнө жооп берүү; в) арызды каттоодон баш тартуу. | |||||
Жол-жобонун узактыгы: - жеке кайрылуу – 60 мин.; - электрондук форматта же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу – 3 мин. | |||||
Бул жол-жобонун тиби: Административдик | |||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | |||||
Кийинки жол-жобону баштоо үчүн жол-жобонун жыйынтыгын берүү ыкмасы: Кол менен | |||||
2. Келишимдин долбоорун укуктук экспертизалоо жана келишимге кол коюу | |||||
2.1. Чыгармачыл демилгелерди шыктандыруу бөлүмүнүн башчысы келишимдин долбоорун Кыргызпатенттин Укук башкармалыгына берет | ИМ Мамфондунун аткаруучу директору, чыгармачыл демилгелерди шыктандыруу бөлүмүнүн башчысы, Укук башкармалыгы | 30 мин | 1.«Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 126 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы жөнүндө жобо 3. Кыргызпатенттин төрагасынын 2017-жылдын 31-мартындагы № 69 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фонду жөнүндө жобо | Келишимдин долбоорун өткөрүп берүү | |
2.2. Укук башкармалыгы келишимдин долбооруна укуктук экспертиза жүргүзөт, зарыл болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет | 1 күн | Келишимдин долбооруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
| |||
2.3 Укук башкармалыгы келишимдин акыркы долбоорун чыгармачыл демилгелерди шыктандыруу бөлүмүнүн башчысына берет | 30 мин | Келишимдин акыркы варианты
| |||
2.4. ИМ Мамфондунун аткаруучу директору, чыгармачыл демилгелерди шыктандыруу бөлүмүнүн башчысы келишимди өтүнмө ээси менен макулдашат жана 2 нускада кол коюу жол-жобосун жүргүзүшөт. Бир нускасы өтүнмө ээсине берилет, экинчиси Кыргызпатентте калат. | 30 мин | Кол коюлган келишим | |||
2.5. Өтүнмө ээси электрондук форматта жана кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кайрылган учурда өтүнмө ээси менен келишимдин акыркы долбоорун макулдашуу жүргүзүлөт. | 30 мин | Келишимдин долбоорун макулдашуу
| |||
Жол-жобонун натыйжалары: а) кол коюлган келишим; б) өтүнмө ээсинин жеке иш бөлмөсүнө жооп берүү | |||||
Жол-жобонун узактыгы: - жеке кайрылуу учурунда – 1 күн 1 саат 30 мин.; - электрондук форматта же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу – 1 күн. | |||||
Бул жол-жобонун тиби: Административдик | |||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | |||||
Кийинки жол-жобону баштоо үчүн жол-жобонун жыйынтыгын берүү ыкмасы: Кол менен | |||||
3. Төлөмдү кабыл алуу жана тариздөө | |||||
3.1. Которуу жолу менен төлөгөн учурда өтүнмө ээси банктын маалымдаректери менен эсеп-фактруасын бухгалтерге берет. | Бухгалтер | 5 мин | 1.«Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 126 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы жөнүндө жобо 3. Кыргызпатенттин төрагасынын 2017-жылдын 31-мартындагы № 69 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фонду жөнүндө жобо | Эсеп-фактурасын тариздөө | |
3.2. Акча каражаттары келип түшпөгөн учурда басма продукциясын чыгаруу жүргүзүлбөйт (шарттар келишимде көрсөтүлөт) | ИМ Мамфондунун аткаруучу директору, чыгармачыл демилгелерди шыктандыруу бөлүмү |
| Төлөнгөндүгү жөнүндө документтин жоктугу | ||
3.3. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу сурам учурунда төлөм ошол порталдын талаптары боюнча жүргүзулөт | Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы | Төлөөнүн накталай эмес формасында аракеттин узактыгы акча каражаттарынын которулгандыгы жөнүндө документтин берилгендигине жараша болот. | Төлөөнүн накталай эмес формасында аракеттин узактыгы акча каражаттарынын которулгандыгы жөнүндө документтин берилгендигине жараша болот. | ||
Жол-жобонун натыйжасы: а) төлөнгөндүгү жөнүндө документ; б) төлөнгөндүгү жөнүндө документтин жоктугу | |||||
Жол-жобонунузактыгы: төлөө үчүн максималдуу мөөнөт: - которуу жолу менен төлөө учурунда- 5 мин. - Төлөөнүн накталай эмес формасында аракеттин узактыгы акча каражаттарынын которулгандыгы жөнүндө документтин берилгендигине жараша болот. | |||||
Бул жол-жобонун тиби: Административдик | |||||
Кийинки жол-жобонун номери: 4 | |||||
Кийинки жол-жобону баштоо үчүн жол-жобонун жыйынтыгын берүү ыкмасы: Кол менен | |||||
4. Басма продукциясынын макетин даярдоо жана өтүнмө ээси менен макулдашуу
| |||||
4.1. Чыгармачыл демилгелерди шыктандыруу бөлүмүнүн башчысы басыла турган материалдарды полиграфия бөлүмүнүн башчысына берет | Чыгармачыл демилгелерди шыктандыруу бөлүмүнүн башчысы, полиграфия бөлүмүнүн башчысы | 30 мин | 1.«Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 126 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы жөнүндө жобо 3. Кыргызпатенттин төрагасынын 2017-жылдын 31-мартындагы № 69 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фонду жөнүндө жобо | Материалдарды кабыл алуу | |
4.2. Полиграфия бөлүмү басма продукциясынын макетин даярдайт, өтүнмө ээси менен макулдашат | 5 күн | Басма продукциясынын макети Өтүнмө ээси менен макулдашуу | |||
4.3. Өтүнмө ээси электрондук форматта жана электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кайрылган учурда басма продукциясынын макетин макулдашуу электрондук почта же мамлекеттик портал аркылуу жүргүзүлөт |
| 30 мин | Материалдарды кабыл алуу | ||
Жол-жобонун натыйжасы: а) басма продукциясынын макетин даярдоо жана макулдашуу; в) өтүнмө ээсинин жеке иш бөлмөсүнө жооп берүү | |||||
Жол-жобонунузактыгы: - жеке кайрылуу учурунда –5 күн 1 саат; - электрондук форматта же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу – 10 мин. | |||||
Бул жол-жобонун тиби: Административдик | |||||
Кийинки жол-жобонун номери: 5 | |||||
Кийинки жол-жобону баштоо үчүн жол-жобонун жыйынтыгын берүү ыкмасы: Кол менен | |||||
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасынан ISBN алуу | |||||
5.1. Полиграфия бөлүмүнүн башчысы басма продукциясынын авторун, бетинин санын ж.б. көрсөтүү менен, арызды, титулдук барактарды ISBN алуу үчүн КРнын Мамлекеттик китеп палатасына жиберет | Полиграфия бөлүмүнүн башчысы Бухгалтерия
КРнын Мамлекеттик китеп палатасы | 10 мин | 1.«Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 126 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы жөнүндө жобо 3. Кыргызпатенттин төрагасынын 2017-жылдын 31-мартындагы № 69 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фонду жөнүндө жобо | ISBN алуу жөнүндө арызды КРнын Мамлекеттик китеп палатасына жиберүү | |
5.2. КРнын Мамлекеттик китеп палатасы төлөмгө эсеп-фактурасын жиберет | 1 күн | Төлөө үчүн эсеп-фактурасы | |||
5.3. Бухгалтерия эсеп-фактурасын төлөйт жана КРнын Мамлекеттик китеп палатасына жиберет | 1 күн | Төлөнгөн эсеп-фактурасы | |||
5.4. ИМ Мамфонду КРнын Мамлекеттик китеп палатасынан ISBN алат | 1 күн | Мамлекеттик китеп палатасынан ISBN алуу | |||
5.5. Өтүнмө ээси электрондук форматта жана электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кайрылган учурда арызды жөнөтүү жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасынан ISBN алуу |
| 1 күн |
| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасынан ISBN алуу | |
Жол-жобонун натыйжасы: а) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасынан ISBN алуу; в) өтүнмө ээсинин жеке иш бөлмөсүнө жооп берүү | |||||
Жол-жобонун узактыгы: - жеке кайрылуу учурунда – 3 күн 10 мин.; - электрондук форматта же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу – 1 күн. | |||||
Бул жол-жобонун тиби: Административдик | |||||
Кийинки жол-жобонун номери: 6 | |||||
Кийинки жол-жобону баштоо үчүн жол-жобонун жыйынтыгын берүү ыкмасы: Кол менен | |||||
6. Басма продукциясынын макетин бекитүү, нускалоо | |||||
6.1. ИМ Мамфондунун аткаруучу директору тарабынан басма продукциясынын макетин карап чыгуу жана бекитүү | ИМ Мамфондунун аткаруучу директору | 30 мин | 1.«Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 126 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы жөнүндө жобо 3. Кыргызпатенттин төрагасынын 2017-жылдын 31-мартындагы № 69 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фонду жөнүндө жобо | Басма продукциясынын макетин карап чыгуу жана бекитүү | |
6.2. Полиграфия бөлүмү басма продукциясынын материалдарын нускалайт | Полиграфия бөлүмүнүн башчысы | 3төн 45 жумушчу күнгө чейин (материалдын көлөмүнө жараша) | Басма продукциясынын макетин берүү
| ||
6.3. Өтүнмө ээси электрондук форматта жана электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кайрылган учурда ИМ Мамфондунун аткаруучу директору тарабынан басма продукциясынын макетин бекитүү жана нускалоо | Полиграфия бөлүмүнүн башчысы | 3төн 45 жумушчу күнгө чейин (материалдын көлөмүнө жараша) | Басма продукциясынын макетин бекитүү жана нускалоо | ||
Жол-жобонун натыйжасы: а) басма продукциясынын макетин бекитүү жана нускалоо; в) өтүнмө ээсинин жеке иш бөлмөсүнө жооп берүү | |||||
Жол-жобонун узактыгы: - жеке кайрылуу учурунда –3төн 45 жумушчу күнгө чейин (материалдын көлөмүнө жараша); - электрондук форматта жана электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу – басма продукциясынын көлөмүнө жараша. | |||||
Бул жол-жобонун тиби: Административдик | |||||
Кийинки жол-жобонун номери: 7 | |||||
Кийинки жол-жобону баштоо үчүн жол-жобонун жыйынтыгын берүү ыкмасы: Кол менен | |||||
7. Басма продукциясынын милдеттүү нускаларын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасына берүү
| |||||
7.1. Полиграфия бөлүмүнүн башчысы даяр болгон басма продукциясынын 10 даанасын (милдеттүү нускаларды) коштомо кагаз менен КРнын Мамлекеттик китеп палатасына берет | Полиграфия бөлүмүнүн башчысы | 1 күн | 1.«Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 126 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы жөнүндө жобо 3. Кыргызпатенттин төрагасынын 2017-жылдын 31-мартындагы № 69 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фонду жөнүндө жобо | Басма продукциясынын нускаларын жөнөтүү | |
7.2. Өтүнмө ээси электрондук форматта жана электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кайрылган учурда даяр болгон басма продукциясынын 10 даанасын КРнын Мамлекеттик китеп палатасына жөнөтүү |
| 1 күн |
| Басма продукциясынын нускаларын жөнөтүү | |
Жол-жобонун натыйжасы: а) басма продукциясынын нускаларын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасына жөнөтүү; в) өтүнмө ээсинин жеке иш бөлмөсүнө жооп берүү | |||||
Жол-жобонун узактыгы: - максималдуу мөөнөтү – 1 күн | |||||
Бул жол-жобонун тиби: Административдик | |||||
Кийинки жол-жобонун номери: 8 | |||||
Кийинки жол-жобону баштоо үчүн жол-жобонун жыйынтыгын берүү ыкмасы: Кол менен | |||||
8. Өтүнмө ээсине даяр болгон басма продукциясын берүү жана кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюу | |||||
8.1. Полиграфия бөлүмүнүн башчысы даяр болгон продукцияны бухгалтерияга берет. Бухгалтерия өтүнмө ээсине даяр болгон продукцияны берет жана басма продукциясынын кабыл алуу-берүү актысына кол коюуну жүргүзөт | Полиграфия бөлүмүнүн башчысы Бухгалтерия | 30 мин | 1.«Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 126 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы жөнүндө жобо 3. Кыргызпатенттин төрагасынын 2017-жылдын 31-мартындагы № 69 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фонду жөнүндө жобо | Өтүнмө ээсине даяр болгон продукцияны берүү
Басма продукциясынын кабыл алуу-берүү актысы | |
8.2. Өтүнмө ээси электрондук форматта жана электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кайрылган учурда бухгалтерия өтүнмө ээсине даяр болгон басма продукциясын берет жана басма продукциясын кабыл алуу-берүү актысына кол коюуну ишке ашырат |
| 30 мин |
| Өтүнмө ээсине даяр болгон басма продукциясын берүү | |
Жол-жобонун натыйжасы: а) өтүнмө ээсине даяр болгон басма продукциясын берүү, даяр болгон басма продукциясын кабыл алуу-берүү актысы; в) өтүнмө ээсинин жеке иш бөлмөсүнө жооп берүү | |||||
Жол-жобонун узактыгы: - жеке кайрылуу учурунда – 30 мин.; - электрондук форматта жана электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу – 30 мин. | |||||
Бул жол-жобонун тиби: Административдик. | |||||
3-таблица
Кызмат көрсөтүүнүн параметринин аталышы | Сандык дайындар |
1. Жол-жоболордун саны, бардыгы: анын ичинен: - административдик жол-жоболор; - уюштуруу-башкаруу жол-жоболору; - көмөкчү жол-жоболор; - атайын жол-жоболор |
8 8 - - |
2. Жол-жоболордун жалпы узактыгы (минуталар, сааттар, күндөр) | Кызмат көрсөтүүнү алууга документтерди кабыл алуу жана аракеттер үчүн мөөнөт – 10 жумушчу күндүн ичинде. Кызмат көрсөтүү мөөнөтү – 3төн 45 жумушчу күнгө чейин (материалдын көлөмүнө жараша). Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү мөөнөү – 30 минутага чейин. |
3. Электрондук форматта аткарылуучу жол-жоболордун саны | 5 |
4. Өтүнмө ээсинен суралуучу документтердин саны | 3 |
5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүнө катышкан башка уюмдардын саны, бардыгы: анын ичинен: - ведомствонун ичинде өз ара аракеттешүүдөгүсү; - ведомстволор аралык өз ара аракеттешүүдөгүсү | 1
1 |
6. . Кызмат көрсөтүү өндүрүшүнө катышкан жактардын саны | 4 |
7. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүн жөнгө салуучу документтердин саны | 3 |
8. Башкалар | - |
5. 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8 жол-жоболорун аткаруунун схемасы (алгоритмдери)
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
Ички контролду ИМ Мамфондунун аткаруучу директору жүргүзөт.
Ички контроль кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун сакталышын, ошондой эле кызматтарды көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу ишке ашырылат.
Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү үч жылда бир жолу. Пландан тышкары текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарынын табылган бузууларын жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле күнөөлүү жактардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе административдик жана эмгек мыйзамдарына ылайык каралат.
7. Кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарынын аткарылышын тышкы контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (мындан ары – Кыргызпатент) чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан ишке ашырылат.
Комиссиянын ишинин жыйынтыктары маалымкат түрүндө таризделип, ага административдик регдаментти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн. Маалымкат кол коюлгандан тартып 3 жумушчу күндүн ичинде ИМ Мамфондуна жөнөтүлөт.
ИМ Мамфонду маалымкат келип түшкөн датадан тартып бир айлык мөөнөттө табылган бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды, бул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартипке чакыруу чара жазасын кабыл алат. Зарыл болгон учурда, ошондой эле белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
Кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарынын аткарылышын тышкы контролдоо Кыргызпатенттин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан беш жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдары жана ИМ Мамфондунун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын административдик жана эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
9. Кызмат көрсөтүүнү же анын бир бөлүгүн аутсорсингге аткарууга жеке менчик жана/же юридикалык жактарга берген учурда административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти бул кызматты көрсөтүүгө жооптуу мекеме алат.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
10. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдары жана ИМ Мамфондунун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын административдик жана эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
11. Кызмат көрсөтүүнү же анын бир бөлүгүн аутсорсингге аткарууга жеке менчик жана/же юридикалык жактарга берген учурда административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти бул кызматты көрсөтүүгө жооптуу мекеме алат.
8. Корутунду жоболор
12. Кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти бул кызмат көрсөтүүнү акыркы керектөөчүгө берүү максаттарында алар менен өз ара аракеттешүүчү мамлекеттик органдар жана ведомствого караштуу уюмдар менен макулдашылган.
13. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра караган ошол эле бир убакта жана зарылдыгына жараша кайра каралат.
14. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тарабынан демилгеленген.
9. Административдик регламентти иштеп чыккандар
1. ИМ Мамфондунун аткаруучу директору
У. Д. Сыдыков. ________________________
2. Уюштуруу иштери жана стратегия бөлүмүнүн
башкы адиси А. Ж. Алымбаева _______________________
3. ИМ Мамфондунун чыгармачыл демилгелерди
шыктандыруу бөлүмүнүн башчысы Д. М.Түлөбердиева _______________________
4. ИМ Мамфондунун полиграфия бөлүмүнүн башчысы
Ж. К. Курмушуева ________________________