Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ
ОТУН-ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КОМПЛЕКСТИ ЖӨНГӨ САЛУУ
БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИКТИН
БУЙРУК
2020-жылдын 2-сентябры №3
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2015-жылдын 6-августундагы № 1 “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын генерациялаган станциялар тарабынан берилген электр энергиясына тарифтерди эсептөөнүн усулдугун бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” мыйзамына жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2015-жылдын 6-августундагы № 1 “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын генерациялаган станциялар тарабынан берилген электр энергиясына тарифтерди эсептөөнүн усулдугун бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын генерациялаган станциялар тарабынан берилген электр энергиясына тарифтерди эсептөөнүн усулдугундагы:
- 4-пункттун он тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
2. Пресс-катчы катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде бул буйрукту төмөндөгү маалымат булактарына жарыяласын:
- «Эркин Тоо» гезитине;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин веб-сайтына.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук колдоо бөлүмү:
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- күчүнө киргенден тартып үч жумуш күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтсүн.
Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Директор | Т.И.Нурбашев |