Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2020-жылдын 30-марты № 42-п
“Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын ишинин тартиби жөнүндө жобосун бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин 2017-жылдын 11-октябрындагы № 140-Б буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын "мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамынын 5, 48, 49 жана 50-беренелерине ылайык, даттанууларды жана протесттерди кароо процедурасынын жол-жоболорун өркүндөтүү максатында, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө" жобосун жетекчиликке алып,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин "Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын ишинин тартиби жөнүндө жобосун бекитүү тууралуу" буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Жогорудагы көрсөтүлгөн буйруктун аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн жүрүшүндө сатып алуучу уюмдардын аракетине даттанууларды кароо жана ишенимсиз ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) маалымат базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын ишинин тартиби жөнүндө жобосун бекитүү тууралуу".
2. "Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын ишинин тартиби жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- Жогорудагы көрсөтүлгөн Жобонун аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн жүрүшүндө сатып алуучу уюмдардын аракетине даттанууларды кароо жана ишенимсиз ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) маалымат базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын ишинин тартиби жөнүндө";
- 2-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул Жободо төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат:
берүүчү (подрядчы), консультант - (контекстке жараша) сатып алуучу уюм (андан ары - берүүчү (подрядчы) өткөрө турган сатып алуу процедурасына катышкан тарап же потенциалдуу тарап;
даттануу - мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдардын бузулушун четтетүү тууралу, мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө кызыкчылыгы бузулган же бузулушу мүмкүн болгон берүүчүнүн (подрядчынын) жазуу жүзүндөгү талабы же арызы;
нааразычылык - даттанууга же кайрылууга карата жазуу жүзүндөгү берилген каршы пикир жана макул эместик;
кайрылуу - сатып алуучу уюмдун ишенимсиз (ак ниет эмес) берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) Дайындар базасына киргизүү боюнча жазуу жүзүндөгү демилгеси (арызы);
арыздануучу - Комиссияга даттанган, нааразычылыгын билдирген же Комиссияга кайрылган тарап;
башка жактар - даттануунун натыйжасында алардын кызыкчылыктарын бузулушу мүмкүн болгон жөнөтүүчү (подрядчы), консультант";
- 4-пункттун үчүнчү абзацындагы "сатып алуучу уюмдардын" деген сөздөрдөн кийин "ишенимсиз (ак ниет эмес) берүүчүлөрдүн (подрядчылардын)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"5. Комиссиянын иши эксперттик иш болуп саналат жана өзүнүн ишмердигинде мамлекеттик сатып алууларды жөнгө мыйзамдарын, "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, бул Жобону жана башка ченемдик укуктук акттарды жетекчиликке алат.":
- 6-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"6. Комиссиянын Катчылыгы (мындан ары - Катчылык) болуп Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти эсептелет (мындан ары - КРФМ караштуу МСАД).";
- 7-пунктагы "Секретариат" деген сөздү "КРФМ караштуу МСАД" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 7-пунктун 3-подпунктунун "квартал сайын уюштуруу" деген сөздөрдөн кийин "(зарыл учурда Комиссиянын мүчөлөрүнүн чогулуштарын уюштуруу)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 7-пунктун 4-подпунктту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"4) Комиссиянын ишмердиги боюнча отчётту даярдоо жана мамлекеттик сатып алуулар веб-порталында (мындан ары - Портал) жарыялоо";
- 7-пункт төмөнкү мазмундагы 7-подпунктту менен толукталсын:
"7) Мыйзамда жана ушул Жободо каралган учурларда Комиссиянын бетме-бет отурумдарына чакыруу жана өткөрүүнү уюштуруу.";
- 8-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"8. Комиссия мүчөлөрү жана резервдин курамы бул Жобого ылайык эки жылга бекитилет, жана Комиссия мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Комиссиянын мүчөсү катары бекиткен учурдан тартып эсептелет.";
- 10-пунктун биринчи абзацындагы "Комиссиянын мүчөлүгүнө" деген сөздөрдөн кийин "жана резервдин курамына" деген сөздөр менен толукталсын;
-10-пунктун 5-подпунктту 10-пункттун 6-подпункттуна алмаштырылсын, тиешелүүлүгүнө жараша 5-подпункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) саясий мамлекеттик кызмат орундарын, саясий муниципалдык кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлебеген;";
- 11-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"11. Комиссиянын мүчөлөрүн жана резервдин курамын тандоо, ошондой эле Комиссиянын мүчөлөрүнүн ишинин отчетун карап чыгуу үчүн, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин буйругу менен мамлекеттик сатып алуулар боюнча Эксперттик кеңеш түзүлөт (мындан ары - ЭК). ЭК мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнөн, жарандык коомдун институтунун жана көз каранды эмес эксперттер өкүлдөрүнөн турат. ЭК өзүнүн иш Регламентин өз алдынча аныктайт жана бекитет.";
- 12-пунктун биринчи абзацындагы "Комиссиянын мүчөлөрүн" деген сөздөрдөн кийин "жана резервдин курамын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 12-пунктун экинчи абзацындагы "Комиссиянын" деген сөздөн кийин "жана резервдин курамынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 13-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"13. Милдеттер, иштин көлөмү жана шарттары, ошондой эле Комиссиянын мүчөлөрүн жана резервдин курамын кошуу жана алып салуу жол-жоболору боюнча маалымат КРФМ караштуу МСАД берилет.";
- 14-пунктун биринчи абзацындагы "документтерди баалоо" деген сөздөн кийин (ушул Жобонун 10-пунктундагы квалификациялык талаптарга ылайык келиши)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 15, 16-пункттар төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"15. Эки этапты ийгиликтүү өткөн талапкерлер, ЭК тарабынан Комиссиянын курамына киргизүү үчүн сунушталышы керек. Комиссиянын жана резервдин курамынын тизмеси коомчулук үчүн ачык болуп саналат жана Порталда жарыяланат.
16. Эки этапты ийгиликтүү өткөн талапкерлер үч күнгө созулган адистештирилген окуудан өтүшөт. Окуу практикалык үлгүлөрдү берүү менен, сатып алууларды жүргүзүүдө келип чыгуучу сатып алуучу уюм менен берүүчү (подрядчылар) тарабынан кеңири таралган Мыйзам бузууларды жана каталарды, талаш-тартыштарды чечүүгө негизделиши керек.";
- 17-пунктун биринчи сүйлөмүндөгү "КР ФМга караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти (мындан ары - МСД)" деген сөздөр "КРФМ караштуу МСАД" деген сөздөрү менен алмаштырылсын;
- 17-пунктун экинчи сүйлөмүндөгү "МСД" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун" деген сөздөрү менен алмаштырылсын;
- 19-пунктундагы "КР ФМ ушул Жобонун нормаларына ылайык Комиссияга кошумча зарыл мүчөлөрдү" деген сөздөрдү "КРФМ караштуу МСАД ушул Жобонун нормаларына ылайык, резервдин курамынан талапкерлерди Комиссияга киргизүү жол-жобосун демилгелейт" деген сөздөрү менен алмаштырылсын;
- 19-пункт мамлекеттик тилде төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"19. Адистиктин кайсы бир тобунан комиссиянын мүчөлөрүнүн саны ушул Жобонун 20-пунктунда көрсөтүлгөн себептер боюнча кыскарса, КРФМ караштуу МСАД ушул жобонун ченемдерине ылайык резервдин курамынан талапкерди комиссияга киргизүү жол-жобосун демилгелейт.";
- 20-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"20. Комиссиянын иштеп жаткан мүчөлөрү жана резервдин курамынын талапкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен төмөнкү жагдайларда чыгарылат:
1) өз каалоосу менен (бул жөнүндө 2 жума (14 календарлык күн) мурда жазуу жүзүндө эскертүү арыз берүү менен);
2) мөөнөтүнүн аяктагандыгы үчүн;
3) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгышы же чет мамлекеттин жараны болгондугу же аны алгандыгы үчүн;
4) аракетке жөндөмсүздүүлүк, адамдын өлүмү;
5) эгерде адам күчүнө кирген мыйзам боюнча сот акттарына ылайык күнөөкөр деп табылса.
Комиссиянын иштеп жаткан мүчөлөрү ЭК чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен төмөнкү жагдайларда курамдан чыгарылат:
1) эгерде Комиссиянын мүчөсү, сатып алуунун кайсы бир жактын кызыкчылыгы үчүн Комиссиянын чечимине таасир эткенде;
2) Комиссиянын мүчөлөрү тарабынан өзүнүн квалификациясы жана ишинин түрү жөнүндө жалган маалымат берилгени аныкталса;
3) ушул Жобонун 23, 24 жана 25-пункттарын бузганда;
4) укук коргоо органдары расмий кайрылганда;
5) ушул Жобонун 24-пунктунан тышкары, даттанууларды жана кайрылууларды бир айдын ичинде системалуу түрдө карабоо, өз убагында кароого тоскоолдук кылган, же болбосо Комиссиянын жыйналыштарына катышуудан баш тартса.
6) кайсы бир жактын кызыкчылыгы үчүн Комиссиянын чечимине таасир эткенде;
7) Комиссиянын иши жөнүндө отчеттордун жыйынтыгы боюнча Комиссиянын мүчөлөрү милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда.";
- 21-пунктундагы "МСД" деген сөз "КРФМ караштуу МСАД" деген сөздөрү менен алмаштырылсын;
- 21-пунктуна төмөнкү редакциядагы акыркы абзацы менен толукталсын:
"- Мыйзамдын 49-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, зарыл болгон учурда даттанууну же кайрылууну, сатып алуучу уюмдун жана кызыккан тараптардын катышуусу менен кароого.";
- 22-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"22. Комиссиянын мүчөлөрү милдеттүү:
1) келип түшкөн даттануулар, нааразычылыктар жана кайрылуулар боюнча Мыйзамда жана ушул Жободо каралган мөөнөттө объективдүү жана калыс чечим кабыл алууга;
2) Мыйзамдын негизги принциптерин сакталбагандыгына алып келген тартип бузуулар аныкталган учурда, даттануу же кайрылуу боюнча тиешелүү чечим чыгарууга жана жагдайга ылайык чараларды кабыл алышы үчүн аныкталган бузулууларды көрсөтүү менен маалыматты КРФМ караштуу МСАД өткөрүп берет;
3) Эгерде мамлекеттик сатып алууларга байланышкан башка мыйзамдардын бузулгандыгы аныкталса, анын ичинде кылмыш жана коррупцияга каршы мыйзамдар бузулса, даттануу же кайрылуу боюнча тиешелүү чечим чыгарууга жана жагдайга ылайык чараларды кабыл алышы үчүн аныкталган бузулууларды көрсөтүү менен материалдарды КРФМ караштуу МСАД коштоочу каты менен укук коргоо органдарына өткөрүп берүүсү абзел.";
- 25-пунктунда "нааразычылык" деген сөз алынып салынсын;
- 25-пунктунда "жагдайлар пайда болгондо," деген сөздөрдөн кийин "КРФМ караштуу МСАД" деген сөздөр менен толукталсын;
- 25-пунктунда "ЭК аны Комиссиянын курамынан чыгарып салуусу керек" деген сөз "КРФМ караштуу МСАД сунушу боюнча ЭК чечиминин негизинде, Комиссиянын мүчөсүнүн иши токтотулат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен Комиссиянын курамынан алып салынат." деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 26-пунктунда "электрондук кароо боюнча" деген сөздөрдөн кийин "бетме-бет" деген сөз менен толукталсын;
- 26-пунктунда мамлекеттик тилде "отурумдарды коё бербестен" деген сөздөр "отурумдарга катышпай коюуга жол бербестен" деген сөздөрү менен алмаштырылсын;
- 26-пунктунда "жүйөлүү себептер менен жок болгон," деген сөздөрдөн кийин "ушул Жобонун 24-пунктунда каралган" деген сөз менен толукталсын;
- 27-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"27. Даттануулар, нааразылыктар же кайрылуулар электрондук түрдө Портал аркылуу, дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн кошпогондо, ушул Жобо менен бекитилген расмий түрдө таризделген арызды тиркеп тийиштүү форманы толтуруу менен берилет.
Порталда тийиштүү функционалды толуктап иштөө мезгилинде нааразылыктар жана административдик даттануулар КРФМ караштуу МСАД аркылуу берилет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 27-1-пункту менен толукталсын:
"27-1. Мыйзамдын 9-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, даттануу берүүчүлөрдөн (подрядчылар) акы төлөнүүчү негизде берилет.
Ушул Жобонун 39-пунктунун негизинде Комиссия тарабынан даттануу четке кагылган учурда, кайталанган даттануулар, кошумча акы төлөөсүз берилет.";
- 28-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"28. Даттануулар сатып алуу жол-жоболосунун бардык этаптарында, анын ичинде түздөн-түз келишим түзүү сатып алуу усулунда берилсе болот:
1) конкурстук документацияга (квалификациялык талаптарга, техникалык спецификацияларга, сатып алуунун методдоруна ж.б.) карата болгон даттанууларды берүү конкурстук табыштамаларды ачканга чейин үч жумушчу күндөн кеч эмес берилиши керек;
2) конкурстук документтердин шарттарына (талаптар) карата болгон даттануулар түздөн-түз келишим түзүү усулунда конкурстук табыштамаларды ачуу учуруна чейин 1 жумушчу күндөн кечиктирбестен берилиши керек. Бул учурда сатып алуучу уюмдар тарабынан конкурстук табыштамаларды ачуунун мөөнөтү эки жумушчу күнгө жылдырылууга тийиш;
Конкурстук табыштамаларды ачкандан кийин конкурстук документтердин шарттарына (талаптар) карата болгон даттануулар, Комиссия тарабынан каралбайт;
3) сатып алуучу уюмдун чечимине же аракеттенүүсүнө (аракеттенбөөсүнө) даттануулар бир этаптуу усулдун эки пакеттүү ыкмасы менен сатып алууда сатып алуучу уюмдун чечими жарыяланган күндөн тартып биринчи пакет боюнча эки жумушчу күндөн кеч эмес убакытта берилет;
4) конкурстук табыштамаларды баалоонун жүрүшүндө сатып алуучу уюмдун чечимине же аракеттенүүсүнө (аракеттенбөөсүнө), даттануулар конкурстун катышуучулар тарабынан жүргүзүлгөн тандоо жөнүндө маалымат порталга жарыялангандан кийин жана Мыйзамдын 32-беренеси менен белгиленген мөөнөттө мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишим түзүлгөнгө чейин берилүүгө тийиш;
5) сатып алуучу уюмдун чечимине же аракеттенүүсүнө (аракеттенбөөсүнө) даттануулар түз келишим түзүү методу аркылуу сатып алууларда Мыйзамдын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6, 10, 11, 15, 17-пункттарын кошпогондо жарыяланган датадан тартып эки жумушчу күндөн кечиктирилбестен берилет;
6) мамлекеттик сатып алуулар боюнча келишим түзүлгөндөн кийин берилген даттануулар Мыйзамдын 50-беренесине ылайык сот тартибинде даттануу үчүн Мыйзамдын 32-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган мөөнөттөрдү бузуу менен түзүлгөн келишимдерди кошпогондо комиссия тарабынан каралбайт.";
- 29-пунктунда мамлекеттик тилде "кабыл алынат" деген сөздөр "каралат" деген сөзү менен алмаштырылсын;
- 29-пункт 1-подпункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1) арыздануучу тарабынан конкурстук документтердин конкреттүү шарттары (талаптары) көрсөтүлгөн даттанууну берүү үчүн форманы Порталда толтурганда же сатып алуучу уюмдун бул Жобонун 28-пунктунда каралган мөөнөттө "Мамлекеттик сатып алуулар" Мыйзамына каршы келген аракети (аракетсиздиги);";
- 29-пунктунун 2-подпунктунда мамлекеттик тилде "берди" деген сөз "берсе" деген сөзү менен алмаштырылсын;
- 30-пунктунда "жана нааразылык" деген сөздөр алынып салынсын;
- 30-пунктун экинчи сүйлөмүндөгү "Тийиштүү билдирме алган учурдан баштап ал даттануу же нааразылыкты кайра чакыртып ала албайт" деген сөздөр "Кароого алуу жөнүндө билдирүү алынган учурдан тартып арыз ээси даттанууну кайра чакыртып ала албайт." деген сөздөрү менен алмаштырылсын;
- 31-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"31. Сатып алуучу органдардын кайрылуусу төмөнкү шарттар сакталганда кабыл алынат:
1) Сатып алуучу уюм ишенимсиз (ак ниетсиз) берүүчүлөр (подрядчылар) дайындар базасына киргизүүнү демилгелөө ниети жөнүндө берүүчүгө (подрядчыга) алдын ала билдирсе, эгер:
- конкурстун жеңүүчүсү болуп таанылган берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар сатып алуулар жөнүндө келишимдерди (контракттарды) түзүүдөн баш тартса;
- берүүчүлөр бир тараптуу тартипте сатып алуулар жөнүндө келишимдерди (контракттарды) токтоткон берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар аткаруунун жүрүшүндө сатып алуулар жөнүндө документтерде белгиленген берүүчүлөргө (подрядчыларга) жана консультанттарга карата талаптарга шайкеш келбегендиги белгиленсе же алардын натыйжасында мындай келишимдер түзүлгөн, сатып алуу жол-жоболорунун жеңүүчүсү болууга мүмкүндүк берген берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар мындай талаптарга шайкеш келгендиги жөнүндө так эмес маалыматты берсе;
- берүүчүнүн (подрядчынын) компаниясынын жетекчиси же түзүүчүсү алдамчылык жана коррупция боюнча сотко тартылса, анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте тастыкталса жана соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген чечими менен белгиленсе. Эгер жогоруда аталган кылмыштар үчүн жетекчиге же түзүүчүгө карата сот иши аяктаса же белгиленген тартипте алынса бул ченем колдонулбайт;
- берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар тарабынан конкурстук табыштаманы кепилдеген декларациянын шарттары бузулса;
- берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар алар менен мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө түзүлгөн келишимдер (контракттар) боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаса же тийиштүү түрдө аткарбаса;
- берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар Мыйзамдын 6-беренесинин талаптарын бузууга жол берсе.
2) сатып алуучу уюм берүүчүнүн (подрядчынын) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамга каршы келген конкреттүү аракети (аракетсиздиги) көрсөтүлгөн кайрылууну Порталга берүү үчүн форманы толтурса;
3) сатып алуучу уюм берүүчүгө (подрядчыга) келишимдик милдеттерди аткаруу боюнча болгон чаралардын баарын жасаса жана берилген кайрылууга негизделген берүүчү форма үчүн шилтеме жасоочу тастыктоочу документтердин көчүрмөсүн (электрондук) берсе.";
- 32-пунктунда "Дайындар базасына киргизүү жөнүндө кайрылуу," деген сөздөрдөн кийин "бул Жобонун 31-пунктуна ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
- 34-пунктундагы "карабайт" деген сөз "кароосуз калтырат" деген сөздөрү менен алмаштырылсын;
- 34-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"3) талаш-тартыш предмети болбогондо (конкурстук документтин шарты же сатып алуучу уюмдун аракети (аракетсиздиги) болбогондо).";
- 36-пунктуна төмөнкү редакциядагы экинчи абзацы менен толукталсын:
"Административдик даттанууларды кошпогондо бир эле конкурс боюнча бардык даттануулар жана нааразылыктар комиссиянын ошол курамы тарабынан каралат.";
- 37-пунктундагы "даттанууларды, нааразылыктарды же кайрылууларды" деген сөздөр "даттанууларды жана кайрылууларды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 38-пунктундагы "Даттануулар, нааразылыктар келип түшкөндө Комиссия эки жумуш күндүн ичинде" деген сөздөр "Даттануулар келип түшкөндө Комиссия эки жумуш күндүн ичинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 38-пунктуна төмөнкү редакциядагы экинчи абзацы менен толукталсын:
"Конкурстук табыштамалар ачылгандан кийин даттануу жөнүндө билдирүү конкурстун бардык катышуучуларына түшөт. Мындай учурда конкурстун бардык катышуучулары эки жумушчу күндөн кечиктирбестен Мыйзамдын 48-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык даттанууга укуктуу.";
- 39-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"39. Ушул Жобонун 38-пунктунда көрсөтүлгөн пункттарга ылайык келбесе комиссия кароого берилген арызды четке кагат, жана эки жумушчу күндүн ичинде себебин көрсөтүү менен арыз ээсине билдирет. Арыз ээси алар ушул Жобонун талаптарына шайкеш келтирилгенде жана Мыйзамдын 48-беренеси сакталганда даттанууну же кайрылууну кайра бере алат.";
- 40-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"40. Электрондук ыкма менен кароодо акыркы чечимди кабыл алуу кыйынчылык жараткан учурда, комиссиянын төрагасынын чечими боюнча даттанууларды, нааразылыкты же кайрылууну кароо бетме-бет форматында отурум жолу менен белгиленген убакта жана жерде тараптардын катышуусу менен өткөрүлөт.
Отурумду бетме-бет форматында өткөрүүдө тараптар, ошондой эле башка жактар өз таламдарын өз алдынча же ишеним каты бар өзүнүн өкүлү аркылуу билдирүүгө укуктуу.";
- 42-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"42. Даттанууларды, нааразылыктарды жана кайрылууларды объективдүү жана ар тараптуу кароо максатында комиссия тийиштүү мамлекеттик органдардан жана саламаттык сактоо, энергетика, курулуш, маалыматтык технологиялар, айыл-чарба, стандартташтыруу жана сертификациялоо чөйрөсүндөгү башка органдардан түшүндүрмөнү (эксперттик корутундуну) суроого укуктуу.
Ошону менен бирге Комиссия чечим кабыл алаарда тандалып алынган эксперттер добуш бергенге укугу жок жана акысыз негизде эксперттик корутунду беришет.";
- 45-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"45. Даттануу же кайрылуу түшкөн тарап бир жумушчу күн ичинде түшүндүрмөнү негиздөөгө шилтеме жасалган кандай гана болбосун тастыктоочу документтердин көчүрмөсүн берүү менен Порталга түшүндүрмө түрүндө нааразылык берсе болот.";
- 49-пунктунда "кароодо" деген сөздөн кийин "жана алар боюнча чечим кабыл алууда," деген сөздөр менен толукталсын;
- 51-пунктундагы "кароо учурунда" деген сөздөр "отурумду бетме-бет форматында өткөрүүдө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 52-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"52. Отурумдун бетме-бет форматында катышпай калган даттануу, нааразылык же кайрылуу берген тарап ошол даттануу, нааразылык же кайрылуу каралчу убакыт жөнүндө кабар алып, бирок катышпаган болсо, ал даттануу, нааразылык же кайрылуу боюнча экинчи жолу даттана албайт.";
- 53-пунктунда "ошондой эле тараптардын макулдугун алуу менен жана" деген сөздөр алынып салынсын;
- 53-пунктунда мамлекеттик тилде "алуусу үчүн кызыгуусу бар" деген сөздөр "алууга кызыкдар" деген сөздөрү менен алмаштырылсын;
- 54-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"54. Электрондук даттанууларды, кайрылууну кароодо Комиссия электрондук протокол түзөт жана электрондук кол коёт.";
- 55-пункт төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Даттанууларды, нааразылыктарды же кайрылууларды бетме-бет кароо учурунда Комиссиянын бир мүчөсү отурумдун протоколун жүргүзөт, мүчөлөрүнүн бири жыйналышынын, ал андан ары электрондук протокол түрүндө таризделет жана Комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн электрондук колу менен кол коюлат.";
- 56-пунктунда "тараптар" деген сөздөн кийин "жана башка адамдар" деген сөздөр менен толукталсын;
- 57-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"57. Комиссиянын чечими конкреттүү даттануу же кайрылуу үчүн Портал аркылуу Комиссиянын тандалган мүчөлөрүнүн басымдуу добушу менен чыгарылат. Эгерде Комиссиянын кайсы бир мүчөсү көпчүлүктүн чечимине макул болбосо, анын өзгөчө пикири протоколдо чагылдырылат.
Комиссиянын чечими мыйзамдуу жана негиздүү болушу керек. Чечим, ушул укуктук мамилелерге колдонууга тийиштүү Мыйзамдык ченемдерге ылайык чыгарылганда гана мыйзамдуу болуп саналат. Чечим, ушул иш үчүн мааниге ээ далилдер менен тастыкталган, алардын тийиштүүлүгү жана жол берилгендиги, ошондой эле аныктыгы тууралуу мыйзамдын тийиштүү талаптарына жооп берген фактылар чагылдырылганда жана комиссиянын чечими белгиленген фактылардан келип чыккан корутундуну камтыган учурда гана негиздүү болуп эсептелет.
Комиссиянын мүчөлөрү Мыйзамдын 49-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык даттанууларды жана кайрылууларды кароонун алкагында кабыл алынган чечимдер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартышат.";
- 58-пунктунда "чечимдери протокол түрүндө катталат жана" деген сөздөр алынып салынсын;
- 60-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Эгерде кароо учурунда кошумча документтерди сурап талап кылуу, же башка адистерди же эксперттерди чакыруу, же болбосо кошумча экспертиза жүргүзүү зарыл болсо, анда Комиссия зарыл болгон жол-жоболорду жана иш-чараларды жүргүзгөндөн кийин, беш жумуш күн ичинде акыркы чечимди чыгарат.";
- 61-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"61. Комиссия даттанууну, нааразылык кароонун ыкмасына карабастан, даттануу түшкөн учурдан баштап жети жумуш күн ичинде жазуу түрүндө жүйөлүү чечим чыгарат жана Порталга төмөнкүлөр камтыган протоколду жарыялайт:
1) чечим кабыл алуунун жүйөлөрүн негиздөө;
2) даттануу толук же жарым жартылай канааттандырылган учурда, баяндалган талаптарды канааттандырууга багытталган чаралар.
Эгерде берүүчүнүн (подрядчынын) даттануусу негиздүү болсо, анда Комиссия төмөнкү укуктук каражаттардын бирин же бир нечесин берүүгө тийиш:
1) сатып алуучу уюмдун мыйзамсыз аракет жасоосуна же мыйзамсыз чечим кабыл алуусуна же мыйзамга каршы процедураларды өткөрүүсүнө тыюу салуу;
2) сатып алуучу уюмдун мыйзамсыз чечимин толугу менен же жарым-жартылай жокко чыгаруу;
3) сатып алуучу уюмдун конкурстун процедурасынын шарттарын бузган чечимин жокко чыгаруу;
4) сатып алуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө чечим чыгаруу.";
- 63-пунктундагы "даттанууларын, нааразылыктарын же кайрылууларын кароодо Мыйзамдын 49-беренесинин 7-бөлүгүндө каралган процедуралар колдонулат." деген сөздөр "Мыйзамдын 50-беренесине ылайык соттук тартипте даттануу жол-жобосу колдонулат." деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 64-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"64. Берүүчүнү (подрядчыны) ишенимсиз (ак ниет эмес) берүүчүлөр (подрядчылар) дайындар базасына киргизүү же киргизбөө жөнүндө чечим комиссиянын кароосуна кайрылуу кабыл алынгандан кийин жети жумушчу күндүн ичинде чыгарылат.
Берүүчүлөрдү (подрядчыларды) ишенимсиз (ак ниет эмес) берүүчүлөр (подрядчылар) дайындар базасына киргизүү комиссиянын чечиминин негизинде эки жылдык мөөнөткө ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт, эгер:
- конкурстун жеңүүчүсү деп таанылган берүүчүлөр (пордрядчылар) жана консультанттар сатып алуулар жөнүндө келишим (контракт) түзүүдөн баш тартышса;
- берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар менен заказчылар сатып алуулар жөнүндө келишимдерди (контракттарды) бир тараптуу тартипте бузушса, аткаруунун жүрүшүндө берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын сатып алуулар жөнүндө документацияда берүүчүлөр (подрядчылар), консультанттар үчүн белгиленген талаптарга ылайык келбей тургандыгы белгиленсе же берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар мындай талаптарга өзүнүн шайкештиги жөнүндө калпыс маалымат берип, бул сатып алуулардын жол-жоболорунун жеңүүчүсү болууга мүмкүнчүлүк берсе, анын натыйжасында ушундай келишимдер түзүлсө;
- берүүчү (подрядчы) компаниянын жетекчиси же түзүүчүсү күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденген жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен белгиленген алдамчылык жана коррупция үчүн сот тарабынан жоопкерчиликке тартылса. Эгерде жетекчиге же түзүүчүгө карата жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгондугу белгиленген тартипте жоюлган же алып салынган болсо, анда бул ченем колдонулбайт;
- конкурстук табыштаманы кепилдөөчү декларациянын шарттары берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар тарабынан бузулса;
- берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар түзүлгөн сатып алуулар жөнүндө келишимдер (контракттар) боюнча өздөрүнүн милдеттенмелерин аткарбаса, же болбосо талаптагыдай аткарбаса;
- берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар ушул Мыйзамдын 6-беренесинин талаптарын бузууга жол беришсе.
Берүүчүнүн (подрядчынын) Ишенимсиз (ак ниетсиз) берүүчүлөр (подрядчылар) дайындар базасында болуу мөөнөтү порталда жарыяланган учурдан тартып эсептелет.
Чечимди кабыл алуу тартибин регламенттештирген аракеттер, анын мыйзамдуу күчүнө кирүү жана мурда кабыл алынган чечимдерди кайра кароо жол-жоболору төмөнкү шарттар сакталганда кабыл алынат:
Сатып алуучу уюм портал аркылуу Ишенимсиз (ак ниетсиз) берүүчүлөр (подрядчылар) дайындар базасына киргизүү жөнүндө демилгелесе. 7 жумушчу күндүн ичинде комиссия жүйөлүү чечим чыгарууга тийиш.
Эгерде, сатып алуучу уюмдун кайрылуусу боюнча Комиссиянын чечими "негизсиз" чыгарылган болсо, анда Комиссия тарабынан чечим чыгарылгандан баштап үч жумуш күн ичинде, протокол Порталга жарыяланат. Мындай учурда, эгерде Комиссиянын чечими менен сатып алуучу уюм макул болбосо, анда сатып алуучу уюм ага административдик тартипте даттанууга укугу бар. Сатып алуучу уюмдан административдик даттануу келип түшкөндөн кийин, Комиссия карап чыгып, жүйөлүү чечим чыгарууга тийиш: (бул учурда, Комиссиянын мурда чыгарган чечими токтотулат жана Порталга жарыяланат): мурда чыгарылган чечимди күчүндө калтыруу же аны жокко чыгаруу жана жаңы чечим чыгаруу. Эгерде жаңы чечим чыгарылса, анда Комиссия тарабынан чечим чыгарылган учурдан баштап үч жумуш күн ичинде расмий түрдө Порталга жарыяланат. Эгерде Комиссиянын мурда чыгарылган чечими күчүндө калса, анда сатып алуучу уюм Мыйзамдын 50-беренесине ылайык соттук тартипте ага даттанса болот.
Эгерде сатып алуучу уюмдун кайрылуусу боюнча Комиссиянын чечими "негизсиз" чыгарылса, анда Комиссия тарабынан чечим чыгарылган учурдан баштап үч жумуш күн ичинде, протокол Порталга жарыяланат. Мындай учурда, эгерде Комиссиянын чечими менен берүүчүлөр (подрядчылар), консультанттар макул эмес болсо, анда берүүчүлөр (подрядчылар), консультанттар ага административдик тартипте даттанса болот. Берүүчүлөрдөн (подрядчылардан), консультанттардан административдик даттануу келип түшкөндөн кийин, Комиссия карап чыгып, жүйөлүү чечим чыгарууга тийиш: (бул учурда, Комиссиянын мурда чыгарган чечими токтотулат жана Порталга жарыяланат): мурда чыгарылган чечимди күчүндө калтыруу же аны жокко чыгаруу жана жаңы чечим чыгаруу. Эгерде жаңы чечим чыгарылса, анда Комиссия тарабынан чечим чыгарылган учурдан баштап үч жумуш күн ичинде расмий түрдө Порталга жарыяланат. Эгерде жаңы чечим чыгарылса, анда Комиссия тарабынан чечим чыгарылган учурдан баштап үч жумуш күн ичинде расмий түрдө Порталга жарыяланат жана берүүчүлөр (подрядчылар), консультанттар ишенимдүү эмес (ак ниет эмес) берүүчү (подрядчылардын) дайындар базасынан чыгарылат. Эгерде Комиссиянын мурда чыгарылган чечими күчүндө калса, анда берүүчүлөр (подрядчылар), консультанттар Мыйзамдын 50-беренесине ылайык соттук тартипте ага даттанса болот.";
- 65-пунктунда "дайындар базасына" деген сөздөргө чейин "Ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 66-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"66. Берүүчүлөрдү ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасынан чыгаруу КРФМ караштуу МСАД тарабынан төмөнкүлөрдүн негизинде ишке ашырылат:
1) Ушул Жобого ылайык Комиссиянын чечиминин негизинде;
2) ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасында туруу мөөнөтү өтүшүнүн негизинде;
3) соттун күчүнө кирген чечими боюнча.";
- 67-пунктунда "маалыматтар жана документтер" деген сөздөрдөн кийин "КРФМ караштуу" деген сөздөр менен толукталсын;
- 68-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"68. Сатып алуучу уюм Комиссиянын чечимин аткаруу үчүн багытталган иш-аракеттер жөнүндө үч жумушчу күндүн аралыгында КРФМ караштуу МСАД кабарлашы керек. Эгерде кабарлабаган болсо, анда КРФМ караштуу МСАД Мыйзамдын 9-беренесинде каралган чараларды көрөт.";
- 69-пунктунда "Комиссиянын чечими жана" деген сөздөрдөн кийин "КРФМ караштуу" деген сөздөр менен толукталсын;
- 70-пунктундагы "сотко" деген сөз "ал третейдик сотко же жалпы юрисдикциядагы сотко белгиленген тартипте берилбеген болсо."; деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3. Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын ишинин тартиби жөнүндө Жобонун мамлекеттик тилинде "процедура" деген сөздөр "жол-жоболор" деген сөздөрү менен алмаштырылсын.
4. Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын ишинин тартиби жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
5. Ушул Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин буйругуна 1, 2, 3 жана 4-тиркемелерге ылайык Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын ишинин тартиби жөнүндө жобого даттанууларды, нааразылыктарды жана кайрылууларды берүү формалары бекитилсин.
6. Иш кагаздардын жүргүзүү жана иш кагаздардын электрондук жүгүртүү бөлүмү бул буйрукту тиешелүү тартипте каттоодон өткөрсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти:
- бул буйрукту катталган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде "Эркин Тоо" гезитине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин расмий сайттарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяласын;
- бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;
- бул буйруктун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтүлсүн.
8. Коомчулук менен байланыш сектору ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин веб-сайтына жарыялоону камсыздасын.
9. Бул буйрукту аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары А.К.Азимовго жүктөлсүн.
10. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын финансы министри | Б.Жеенбаева
|
1-тиркеме |
Фирмалык бланк, эгерде болсо |
| Берүүчүлөр (подрядчылар) үчүн Даттануу берүү, экинчи ирет доо-арыз берүү үлгүсү) |
|
|
|
|
|
|
Чыг. № ____________________
"____" _____________ 20___-ж.
|
| Даттануу жана нааразылыктарды кароо боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссия |
Арыз/экинчи жолку арыз
Сатып алуучу уюмдун аталышы: _______________ (аталышын көрсөтүү)
Конкурстун номуру: __________________ (мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына ылайык конкурстун идентификациялык номуру)
Даттануулардын предмети: | 1. Конкурстук документтердин шарттарына (талаптарына) |
(Даттануулардын бир предметин тандап алуу зарыл) | 2. Сатып алуучу уюмдун конкурстун катышуучулары үчүн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерине же аракеттерине (аракетсиздиктерине) карата |
Даттануулардын темасы (Даттануулардын предмети боюнча №3 мамычада көрсөтүлгөн тизменин ичинен бир же бир нече тематиканы тандап алуу)
| Даттануулардын предмети | Даттануулардын темасы: |
1 | 2 | 3 |
| Конкурстук документтердин шарттарына (талаптарына: | - жарыяда иш, товар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнүн жоктугуна (тиркелбегендигине) |
- иш, товар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнүн толук жазылбагандыгына же талаптардын так эместигине (толук эместигине) | ||
- квалификациялык жана техникалык талаптарга (негизсиз, жогорулатылган жана мыйзамсыз) | ||
- ачык-айкындуулук, ошондой эле конкурстун, атаандаштыктын катышуучулары үчүн тең укуктуу жана акыйкат шарттарды түзүү өңдүү мыйзамдын максаттары менен негизги принциптеринин сакталбагандыгына (аткаруу мөөнөтүнүн ж.б.) | ||
- методду мыйзамсыз тандап алуусуна | ||
- баалоо критерийлерине | ||
- лотторду ирилештирүүгө (ар кайсы топко кирүүчү товарлар бир лотко бириктирилишкен) | ||
- башка | ||
| Конкурстун катышуучусу үчүн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга каршы келген сатып алуучу уюмдун чечимдерине же аракеттерине (аракетсиздигине) | - кызыкчылыктардын кагылышы менен байланышкан негизги тыюу салуулардын сакталбагандыгына (аффилиация) |
- квалификациялык талаптар жаатындагы мыйзамсыз баш тартууларга | ||
- техникалык параметрлер жаатындагы мыйзамсыз баш тартууларга - конкурстук документтердин талаптарына жооп бербеген жана/же документтерди толук тапшырбаган конкурстун катышуучусун тандап алууга | ||
- конкурстун же лоттун жыйынтыгын мыйзамсыз деп таанууга | ||
- конкурстук табыштамалардын кепилдеген камсыздалышы кайтарылбаганда | ||
- конкурсту мыйзамсыз түрдө токтотууга | ||
- башка |
Мазмуну/Даттануулардын маңызы ________________________________________
Кошумча маалыматтар, эгерде бар болсо:
Тиркеме (Даттануулардын негиздемесине шилтеме жасалган ырастоочу документтерди бекитүү, тапшыруу формасында баяндалган):
Жетекчинин кызмат орду | жетекчинин колу | Жетекчинин аты жөнү |
МО |
|
|
|
| 2-тиркеме |
Сатып алуучу уюм үчүн фирмалык бланк милдеттүү түрдө, берүүчүлөр (подрядчылар) үчүн эгерде бар болсо |
| Сатып алуучу уюмдар менен берүүчүлөр (подрядчылар) үчүн административдик Даттануу берүүнүн үлгүсү |
Чыг. № _____________________
"____" _____________ 20___-ж.
|
| Даттануу жана нааразылыктарды кароо боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссия |
Даттануударды жана нааразылыктарды кароо боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын чечимине карата административдик даттануу
Арыз ээсинин аталышы: _________________ (административдик Даттануу кимдер келип түшөт)
Конкурстун номуру: __________________ (мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталынын маалыматына ылайык идентификациялык номуру)
Даттануулардын номуру: ____________________ (мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталынын маалыматына ылайык идентификациялык номуру)
Даттануулардын мазмуну/мааниси: _____________________________________________________________________________________________________
Даттануулардын негизи: _______________________________________________________________________________________________________________
Кошумча маалыматтар _________________________________________________________________________________________ (эгерде алар бар болсо)
Тиркеме (Даттануулардын негиздемесине шилтеме жасалган ырастоочу документтерди бекитүү, тапшыруу формасында баяндалган):
Жетекчинин кызмат орду | жетекчинин колу | Жетекчинин аты жөнү |
МО |
|
|
Маалымат иретинде: Административдик Даттануу төмөнкүлөрдөн туруусу керек:
1) Даттануу берилүүчү административдик органдын аталышы;
2) Даттануу берген жеке жактын аты-жөнү, дареги;
3) юридикалык жактын атынан Даттануу менен кайрылган жеке жактын аты жөнү, кызматы жана жайгашкан орду;
4) Даттануулардын предмети;
5) Даттануу берген адамдын талаптары;
6) Даттанууда тиркелген документтердин тизмеси;
7) Даттануулардын берилген күнү, айы жана жылы;
8) Даттануу берип жаткан адамдын колу;
9) юридикалык жактын атынан Даттануу менен кайрылган жеке жактын колу, юридикалык жактын мөөрү.
|
| 3-тиркеме |
Сатып алуучу уюмдар менен берүүчүлөр (подрядчылар) үчүн административдик Даттануу берүүнүн үлгүсү |
| Сатып алуучу уюм үчүн фирмалык бланк милдеттүү түрдө, берүүчүлөр (подрядчылар) үчүн эгерде бар болсо |
Чыг. № _____________________
"____" _____________ 20___-ж.
|
| Даттануу жана нааразылыктарды кароо боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссия |
Даттануу/кайрылууларга карата нааразылык № СОМ-
Даттануу ээсинин аталышы:________________________________________________________________________________ (Даттануу/кайрылуу кимден келип түштү)
Конкурстун номуру: _________________________________ (мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталынын маалыматына ылайык идентификациялык номуру)
Даттануу/кайрылуулардын номуру: ____________________ (мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталынын маалыматына ылайык идентификациялык номуру)
Даттануулардын предмети: | 1. Конкурстук документтердин шарттарына (талаптарына) |
(берүүчү (подрядчы) арызданып жаткан Даттануу бир предметин тандап алуу зарыл) | 2. Сатып алуучу уюмдун конкурстун катышуучулары үчүн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерине же аракеттерине (аракетсиздиктерине) карата |
Даттанууга/кайрылууга карата негиз: ______________________________________________________________________________________
Кошумча маалыматтар ________________________________________________________________________________ (эгерде бар болсо)
Тиркеме (Даттануулардын негиздемесине шилтеме жасалган ырастоочу документтерди бекитүү, тапшыруу формасында баяндалган):
Жетекчинин кызмат орду | жетекчинин колу | Жетекчинин аты жөнү |
МО |
|
|
|
| 4-тиркеме |
Сатып алуучу уюмдун фирмалык бланкы |
| Берүүчүлөрдү (подрядчыларды) ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасына киргизүүнү демилгелөө үчүн үлгү |
|
|
|
|
|
|
Чыг. № ____________________
"____" _____________ 20___-ж.
|
| Даттануу жана нааразылыктарды кароо боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссия |
Ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасына киргизүүнү демилгелөө жөнүндө кайрылуу
Сатып алуучу уюм: ________________________________________________________________________________ (уюмдун аталышы)
Конкурстун номуру: ______ (мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталынын маалыматына ылайык идентификациялык номуру)
Берүүчүнүн (подрядчынын) ИНН: ________________________________________________________________ (демилгеленип жаткан)
Демилгеленген берүүчү: ___________________________________________________________________________ (уюмдун аталышы)
Кайрылуунун маңызы (берүүчүнү (подрядчыны) демилгелеген учурду(ларды) тандап алуу: | - конкурстун жеңүүчүсү деп таанылган берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар сатып алуулар жөнүндө келишим түзүүдөн четтеп кетишти |
- келишимди аткаруунун жүрүшүндө берүүчүлөр (подрядчылар) менен консультанттар сатып алуулар жөнүндө документтерде белгиленген талаптарга жооп бербей тургандыгы, ошондой эле берүүчүлөр (подрядчылар) менен консультанттар мындай талаптарга жооп бере тургандыгы тууралуу жалган маалымат берүү менен сатып алуулар жол-жоболорунун жеңүүчүсү деп таанылгандыгы аныкталгандыгына байланыштуу заказчылар бир тараптуу сатып алуулар жөнүндө келишимди (контракттарды) бузган берүүчүлөр (подрядчылар) менен консультанттар | |
- берүүчүнүн (подрядчиктин) компаниясынын жетекчиси же уюмдаштыруучусу алдамчылык, ошондой эле коррупция боюнча сот жообуна тартылып, күнөөсү мыйзам тарабынан караштырылган тартипте далилденген. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн жетекчилер менен уюмдаштыруучулардан сот жоопкерчилиги кыскартылган болсо же белгиленген тартипте алынып салынса бул норма аларга карата колдонулбайт | |
- конкурстук табыштамага кепилдик берүүчү декларациянын шарттары берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар тарабынан бузулган | |
- берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар сатып алуулар жөнүндө түзүлгөн келишимдердеги өз милдеттерин аткарышкан эмес же ылайыксыз аткарышкан | |
- берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар Мыйзамдын 6-беренесиндеги талаптардын бузулушуна жол беришкен |
Кайрылуунун негизи: Баяндоо
Кошумча маалыматтар: ________________________________________ (эгерде бар болсо)
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен жана Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүгүндөгү жобого ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамынын 10-беренесинин 2-бөлүмүнүн 9-пунктундагы талаптардын негизинде өтүнөбүз:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 11-октябрындагы № 140-п буйругу менен бекитилген Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын ишинин тартиби жөнүндө жобонун 31-пунктуна ылайык бул кайрылуу маңызы боюнча караштырууга кабыл алынсын;
2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 11-октябрындагы № 140-п буйругу менен бекитилген Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын ишинин тартиби жөнүндө жобонун 64-пунктуна ылайык негизделген, мотивацияланган чечим кабыл алынсын.
№ 1 тиркеме: Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамынын 5-статьясынын 3-бөлүмүнүн жоболорун колдонуу жөнүндө берүүчүнүн (подрядчынын) дарегине жөнөтүлгөн билдирүү катынын түп нускасынын сканерден өткөрүлгөн көчүрмөсү ___ б.;
№ 2 тиркеме: билдирүү катынын жөнөтүлгөндүгү тууралуу аныктаманын түп нускасынын сканерден өткөрүлгөн көчүрмөсү (принт-скрин)___ б.;
№ 3 тиркеме: Конкурстук табыштаманы кепилдөөчү берүүчүнүн (подрядчынын) декларациясынын түп нускасынын сканерден өткөрүлгөн көчүрмөсү (декларация бузулгандыгы боюнча демилгеленген учурларда);
Сатып алуучу уюм келишимдеги милдеттемелерди аткартуу боюнча берүүчүгө (подрядчыга) карата зарыл болгон чараларды кабыл алгандыгын ырастоочу документтердин (нааразылыктардын) түп нускасынын сканерден өткөрүлгөн көчүрмөсү ___ б. (берүүчүлөр (подрядчылар) тарабынан келишимдик милдеттемелердин тиешелүү деңгээлде аткарылбагандыгы же аткарылбагандыгы боюнча демилгелөө учурунда);
Берүүчүнүн подрядчынын келишимге кол коюудан четтегендигин ырастаган түп нусканын сканерден өткөрүлгөн көчүрмөсү (принт-скрин) ___ б. (келишимге кол коюудан четтеген учурларда);
Аффилирленбегендигин (кызыкчылыктардын кагылышы) ырастаган түп нусканын сканерден өткөрүлгөн көчүрмөсү ___ б. (Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамынын 6-беренеси бузулган учурларда);
Сот чечиминин бар экендигин ырастаган түп нусканын сканерден өткөн көчүрмөсү __ баракта. (алдамчылык жана коррупция үчүн демилгелөө учурунда);
Жалган күбөлөндүрүүлөр жөнүндө ырастаманын түп нускасынын сканерден өткөрүлгөн көчүрмөсү (өзүнүн талаптарга жооп берээри туурасында чындыкка коошпогон маалымат берүүсүнүн негизинде сатып алуулардын жол-жоболорунун жеңүүчүсү болуп калуусуна мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгү үчүн демилгелөө учурларында);
№ 4 тиркеме: Ачуу протоколунун түп нускасынын сканерден өткөрүлгөн көчүрмөсү ___ б.;
№ 5 тиркеме: Сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколунун түп нускасынын сканерден өткөрүлгөн көчүрмөсү _____ б.;
№ 6 тиркеме: Башка документтер (эгерде бар болсо).
Сатып алуучу уюмдун | Жетекчиси | Жетекчинин колу Аты жөнү |