Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын «11»- октябрындагы № 140-Б буйругу менен бекитилди |
Мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн жүрүшүндө сатып алуучу уюмдардын аракетине даттанууларды кароо жана ишенимсиз ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) маалымат базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын ишинин тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 19-Б, 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 49-беренелерине ылайык (мындан ары - Мыйзам) иштелип чыккан жана мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү процедурасында даттанууларды жана нааразычылыктарды кароо боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын ишмердигин уюштуруу, иштөө жана токтотуунун, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасына (мындан ары - Дайындар базасы) киргизүү тартибин аныктайт (мындан ары - Комиссия).
2. Ушул Жободо төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат:
берүүчү (подрядчы), консультант - (контекстке жараша) сатып алуучу уюм (андан ары - берүүчү (подрядчы) өткөрө турган сатып алуу процедурасына катышкан тарап же потенциалдуу тарап;
даттануу - мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдардын бузулушун четтетүү тууралу, мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө кызыкчылыгы бузулган же бузулушу мүмкүн болгон берүүчүнүн (подрядчынын) жазуу жүзүндөгү талабы же арызы;
нааразычылык - даттанууга же кайрылууга карата жазуу жүзүндөгү берилген каршы пикир жана макул эместик;
кайрылуу - сатып алуучу уюмдун ишенимсиз (ак ниет эмес) берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) Дайындар базасына киргизүү боюнча жазуу жүзүндөгү демилгеси (арызы);
арыздануучу - Комиссияга даттанган, нааразычылыгын билдирген же Комиссияга кайрылган тарап;
башка жактар - даттануунун натыйжасында алардын кызыкчылыктарын бузулушу мүмкүн болгон жөнөтүүчү (подрядчы), консультант.
(КР Финансы министрлигинин 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйругунун редакциясына ылайык)
3. Комиссиянын негизги максаты мамлекеттик сатып алуулар жана башка мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуучу жана ченемдик укуктук акттар боюнча мыйзамдар чегинде даттанууларды жана нааразылыктарды же кайрылууларды кынтыксыз, өз маалында кароо жана алар боюнча объективдүү, адилет корутунду чыгаруу болуп саналат.
4. Комиссия төмөнкүлөрдү карайт:
- Мыйзамдын 48-беренесинин 2-бөлүгүн кошпогондо, ошондой эле Мыйзамдын 21-беренесине ылайык берүүчүнүн (подрядчынын) тандоосу боюнча кабыл алынган сатып алуучу уюмдун чечими Мыйзамда каралган сатып алуу жол-жоболорун ишке ашыруунун жүрүшүндө сатып алуучу уюмдардын аракетине (аракетсиздигине) берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) даттанууларын жана нааразылыктарын;
- сатып алуучу уюмдардын ишенимсиз (ак ниет эмес) берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) Дайындар базасына киргизүү боюнча кайрылууларын.
(КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 19-Б, 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
5. Комиссиянын иши эксперттик иш болуп саналат жана өзүнүн ишмердигинде мамлекеттик сатып алууларды жөнгө мыйзамдарын, "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, бул Жобону жана башка ченемдик укуктук акттарды жетекчиликке алат.
(КР Финансы министрлигинин 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Комиссиянын секретариаты жана анын функциялары
6. Комиссиянын Катчылыгы (мындан ары - Катчылык) болуп Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти эсептелет (мындан ары - КРФМ караштуу МСАД).
(КР Финансы министрлигинин 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйругунун редакциясына ылайык)
7. КРФМ караштуу МСАДнин негизги функцияларына төмөнкүлөр кирет:
1) Комиссиянын ишмердигин уюштуруучулук, документалдык жана техникалык камсыздоо;
2) каралган даттануулар, нааразылыктар жана кайрылуулар боюнча статистикалык жана аналитикалык маалыматтарды жыйноо жана жалпылаштыруу;
3) аткарылган иштердин статусун талкуулоо үчүн Комиссиянын мүчөлөрүнүн жыйынын квартал сайын уюштуруу (зарыл учурда Комиссиянын мүчөлөрүнүн чогулуштарын уюштуруу);
4) Комиссиянын ишмердиги боюнча отчётту даярдоо жана мамлекеттик сатып алуулар веб-порталында (мындан ары - Портал) жарыялоо;
5) даттануулардын, нааразылыктардын жана кайрылуулардын толук реестрин жүргүзүү жана алар боюнча кабыл алынган чечимдерди каттоо;
6) Комиссиянын чыгарган чечимдеринин аткарылышына көз салуу;
7) Мыйзамда жана ушул Жободо каралган учурларда Комиссиянын бетме-бет отурумдарына чакыруу жана өткөрүүнү уюштуруу.
(КР Финансы министрлигинин 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйругунун редакциясына ылайык)
3. Комиссиянын мүчөлөрүнүн түзүмү жана аларды тандоонун тартиби
8. Комиссия мүчөлөрү жана резервдин курамы бул Жобого ылайык эки жылга бекитилет, жана Комиссия мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Комиссиянын мүчөсү катары бекиткен учурдан тартып эсептелет.
(КР Финансы министрлигинин 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйругунун редакциясына ылайык)
9. Комиссиянын сандык түзүмү үч топтон турган жарандык коомдун өкүлдөрүнөн жана мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы сертификаты бар адистерден турушу жана он беш кишиден ашпашы керек:
1) үчтөн бири - юриспруденция тармагы боюнча адистер;
2) үчтөн бири - мамлекеттик же муниципалдык кызматты ээлеген адамдар, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү эксперттер жана сертификат алган адистер;
3) үчтөн бири - коомчулуктун өкүлдөрү.
(КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 19-Б буйругунун редакциясына ылайык)
10. Комиссиянын мүчөлүгүнө жана резервдин курамына төмөнкү талаптарга жооп бергендер боло алат:
1) Кыргыз Республикасынын жараны;
2) жогорку кесиптик билими бар;
3) талап кылынган иш тармагында үч жылдан кем эмес эмгек стажы;
4) кылмыш жазасына тартылбагандык;
5) саясий мамлекеттик кызмат орундарын, саясий муниципалдык кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлебеген;
6) бул Жобонун 14, 15 жана 16-пункттарына ылайык тандоодон өткөн кандидаттар.
(КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 19-Б, 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
11. Комиссиянын мүчөлөрүн жана резервдин курамын тандоо, ошондой эле Комиссиянын мүчөлөрүнүн ишинин отчетун карап чыгуу үчүн, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин буйругу менен мамлекеттик сатып алуулар боюнча Эксперттик кеңеш түзүлөт (мындан ары - ЭК). ЭК мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнөн, жарандык коомдун институтунун жана көз каранды эмес эксперттер өкүлдөрүнөн турат. ЭК өзүнүн иш Регламентин өз алдынча аныктайт жана бекитет.
(КР Финансы министрлигинин 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйругунун редакциясына ылайык)
12. Комиссиянын мүчөлөрүн жана резервдин курамын тандап алууда ЭКнын функциясы болуп, талапкерлердин жеке жана кесиптик сапаттарын аныктоо жана алардын Комиссиянын жана резервдин курамынын келечектеги иши жөнүндө түшүнүктөрүн аныктоо, ошондой эле талапкерлердин адилеттүүлүк жана калыстык принциптеринин негизинде ар кандай талаштар боюнча чечим кабыл алуу жөндөмдүүлүгүн баалоо эсептелет.
(КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 19-Б, 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
13. Милдеттер, иштин көлөмү жана шарттары, ошондой эле Комиссиянын мүчөлөрүн жана резервдин курамын кошуу жана алып салуу жол-жоболору боюнча маалымат КРФМ караштуу МСАД берилет.
(КР Финансы министрлигинин 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйругунун редакциясына ылайык)
14. Талапкерлер ЭК тарабынан эки этап менен бааланат:
1) биринчи этап - талапкерлер тарабынан берилген тастыктоочу документтерди баалоо (ушул Жобонун 10-пунктундагы квалификациялык талаптарга ылайык келиши);
2) экинчи этап - маектешүү.
(КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 19-Б, 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
15. Эки этапты ийгиликтүү өткөн талапкерлер, ЭК тарабынан Комиссиянын курамына киргизүү үчүн сунушталышы керек. Комиссиянын жана резервдин курамынын тизмеси коомчулук үчүн ачык болуп саналат жана Порталда жарыяланат.
(КР Финансы министрлигинин 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйругунун редакциясына ылайык)
16. Эки этапты ийгиликтүү өткөн талапкерлер үч күнгө созулган адистештирилген окуудан өтүшөт. Окуу практикалык үлгүлөрдү берүү менен, сатып алууларды жүргүзүүдө келип чыгуучу сатып алуучу уюм менен берүүчү (подрядчылар) тарабынан кеңири таралган Мыйзам бузууларды жана каталарды, талаш-тартыштарды чечүүгө негизделиши керек.
(КР Финансы министрлигинин 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйругунун редакциясына ылайык)
17. Комиссиянын иштеп жаткан мүчөлөрүнүн потенциалын күчөтүү максатында, КРФМ караштуу МСАД керек болгон учурларда аларды мезгил-мезгили менен окутуу механизмдерин түзөт (Окуу планын, программаны бекитет, билим берүү уюмун тандайт ж.б.). Окутуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун материалдык, техникалык жана финансылык базасынын негизинде жүргүзүлөт.
(КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 19-Б, 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
18. Бир эле адам эки мөөнөт катары менен Комиссиянын мүчөсү боло алат, бирок жалпысынан алганда эки мөөнөттөн ашык Комиссиянын мүчөсү боло албайт.
19. Адистиктин кайсы бир тобунан комиссиянын мүчөлөрүнүн саны ушул Жобонун 20-пунктунда көрсөтүлгөн себептер боюнча кыскарса, КРФМ караштуу МСАД ушул жобонун ченемдерине ылайык резервдин курамынан талапкерди комиссияга киргизүү жол-жобосун демилгелейт.
(КР Финансы министрлигинин 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйругунун редакциясына ылайык)
20. Комиссиянын иштеп жаткан мүчөлөрү жана резервдин курамынын талапкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен төмөнкү жагдайларда чыгарылат:
1) өз каалоосу менен (бул жөнүндө 2 жума (14 календарлык күн) мурда жазуу жүзүндө эскертүү арыз берүү менен);
2) мөөнөтүнүн аяктагандыгы үчүн;
3) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгышы же чет мамлекеттин жараны болгондугу же аны алгандыгы үчүн;
4) аракетке жөндөмсүздүүлүк, адамдын өлүмү;
5) эгерде адам күчүнө кирген мыйзам боюнча сот акттарына ылайык күнөөкөр деп табылса.
Комиссиянын иштеп жаткан мүчөлөрү ЭК чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен төмөнкү жагдайларда курамдан чыгарылат:
1) эгерде Комиссиянын мүчөсү, сатып алуунун кайсы бир жактын кызыкчылыгы үчүн Комиссиянын чечимине таасир эткенде;
2) Комиссиянын мүчөлөрү тарабынан өзүнүн квалификациясы жана ишинин түрү жөнүндө жалган маалымат берилгени аныкталса;
3) ушул Жобонун 23, 24 жана 25-пункттарын бузганда;
4) укук коргоо органдары расмий кайрылганда;
5) ушул Жобонун 24-пунктунан тышкары, даттанууларды жана кайрылууларды бир айдын ичинде системалуу түрдө карабоо, өз убагында кароого тоскоолдук кылган, же болбосо Комиссиянын жыйналыштарына катышуудан баш тартса.
6) кайсы бир жактын кызыкчылыгы үчүн Комиссиянын чечимине таасир эткенде;
7) Комиссиянын иши жөнүндө отчеттордун жыйынтыгы боюнча Комиссиянын мүчөлөрү милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда.
(КР Финансы министрлигинин 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйругунун редакциясына ылайык)
4. Комиссиянын укуктары жана милдеттери
21. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ушул жобонун белгиленген талаптарына ылайык чечимдерди кабыл алуу үчүн Комиссиянын компетенциясына кирген тийиштүү жол-жоболорду жүргүзүүгө:
- сатып алуулардын жол-жоболорун токтотууга;
- Мыйзам тарабынан коргоого алынган мамлекеттик, кызматтык жана башка жашыруун сырды кошпогондо, КРФМ караштуу МСАД аркылуу мамлекеттик органдардан жана башка уюмдардан даттанууларды, нааразылыктарды жана кайрылууларды кароого байланыштуу кошумча маалыматтарды сурап алууга, ошондой эле ушул Жобонун 42-пунктуна ылайык эксперттик корутундуларды жана түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн эксперттерди тартууга;
- мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү үчүн сунуштамаларды берүүгө;
- даттанууларды, нааразылыктарды же кайрылууларды кароого кабыл алууда конкурстук табыштамаларды автоматтык түрдө ачуудан кийин конкреттүү конкурс жөнүндө белгилүү маалыматтарды кароо үчүн окуу режимине кирүүгө мүмкүнчүлүк алууга;
- МСДга айып пулдук санкцияларды колдонуу жөнүндө кайрылуу;
- Мыйзамдын 49-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, зарыл болгон учурда даттанууну же кайрылууну, сатып алуучу уюмдун жана кызыккан тараптардын катышуусу менен кароого.
(КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 19-Б, 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
22. Комиссиянын мүчөлөрү милдеттүү:
1) келип түшкөн даттануулар, нааразычылыктар жана кайрылуулар боюнча Мыйзамда жана ушул Жободо каралган мөөнөттө объективдүү жана калыс чечим кабыл алууга;
2) Мыйзамдын негизги принциптерин сакталбагандыгына алып келген тартип бузуулар аныкталган учурда, даттануу же кайрылуу боюнча тиешелүү чечим чыгарууга жана жагдайга ылайык чараларды кабыл алышы үчүн аныкталган бузулууларды көрсөтүү менен маалыматты КРФМ караштуу МСАД өткөрүп берет;
3) Эгерде мамлекеттик сатып алууларга байланышкан башка мыйзамдардын бузулгандыгы аныкталса, анын ичинде кылмыш жана коррупцияга каршы мыйзамдар бузулса, даттануу же кайрылуу боюнча тиешелүү чечим чыгарууга жана жагдайга ылайык чараларды кабыл алышы үчүн аныкталган бузулууларды көрсөтүү менен материалдарды КРФМ караштуу МСАД коштоочу каты менен укук коргоо органдарына өткөрүп берүүсү абзел.
(КР Финансы министрлигинин 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйругунун редакциясына ылайык)
23. Комиссиянын мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын сот жана укук коргоочу органдарынын официалдуу суроолорунан башка учурларда, даттанууларды, нааразылыктарды же кайрылууларды кароонун жүрүшүндө аныкталган конфиденциалдуу маалыматтарды кагаз жүзүндө же оозеки жайылтууга тыюу салынат.
24. Комиссиянын мүчөсү даттанууларды, нааразылыктарды жана кайрылууларды кароо учурунда кызыкчылыктардын талаш-тартышынан алыс болушу керек, конкреттүү отурумдарда болсо төмөнкү жагдайларда өзүнүн милдеттерин аткара албайт:
1) даттанган, нааразы болгон же кайрылган тараптын аффирленген тарабы болсо;
2) мурунку эки жыл аралыгында сатып алуучу уюмдун кызматкери болуп саналса же даттануу, нааразылык же кайрылуу келип түшкөн же берген берүүчү (подрядчы) уюмдун кызматкери болгон болсо;
3) конкурс жүргүзүү процессинде сатып алуучу уюмга консультациялык кызматтарын көрсөтсө же берүүчүгө (подрядчыга) конкурстук табыштаманы даярдоого көмөктөшсө.
25. Комиссиянын мүчөсү даттанууларды жана кайрылууларды кароого чейин бул Жобонун 24-пунктунда каралган жагдайлар пайда болгондо, КРФМ караштуу МСАД ЭК жазуу түрүндө билдирип (баш тартуу), даттанууну, нааразылыкты же кайрылууну кароодо катышпоого тийиш, эгерде аталган жагдайларды жашырып жатка болсо, КРФМ караштуу МСАД сунушу боюнча ЭК чечиминин негизинде, Комиссиянын мүчөсүнүн иши токтотулат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен Комиссиянын курамынан алып салынат.
(КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 19-Б, 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
26. Комиссиянын мүчөсү жөнү жок себептер менен Комиссиянын даттанууларды, нааразылыктарды же кайрылууларды электрондук кароо боюнча бетме-бет отурумдарга катышпай коюуга жол бербестен Комиссиянын ишинде жеке өзү катышуусу керек, ошондой эле Комиссиянын кабыл алган иш планынын алкагындагы ушул Жобонун 24-пунктунда каралган башка иш-чараларга катышуусу керек.
(КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 19-Б, 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
5. Даттанууларды, нааразылыктарды жана кайрылууларды берүүнүн тартиби
27. Даттануулар, нааразылыктар же кайрылуулар электрондук түрдө Портал аркылуу, дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн кошпогондо, ушул Жобо менен бекитилген расмий түрдө таризделген арызды тиркеп тийиштүү форманы толтуруу менен берилет.
Порталда тийиштүү функционалды толуктап иштөө мезгилинде нааразылыктар жана административдик даттануулар КРФМ караштуу МСАД аркылуу берилет.
(КР Финансы министрлигинин 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйругунун редакциясына ылайык)
27-1. Мыйзамдын 9-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, даттануу берүүчүлөрдөн (подрядчылар) акы төлөнүүчү негизде берилет.
Ушул Жобонун 39-пунктунун негизинде Комиссия тарабынан даттануу четке кагылган учурда, кайталанган даттануулар, кошумча акы төлөөсүз берилет.
(КР Финансы министрлигинин 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйругунун редакциясына ылайык)
28. Даттануулар сатып алуу жол-жоболосунун бардык этаптарында, анын ичинде түздөн-түз келишим түзүү сатып алуу усулунда берилсе болот:
1) конкурстук документацияга (квалификациялык талаптарга, техникалык спецификацияларга, сатып алуунун методдоруна ж.б.) карата болгон даттанууларды берүү конкурстук табыштамаларды ачканга чейин үч жумушчу күндөн кеч эмес берилиши керек;
2) конкурстук документтердин шарттарына (талаптар) карата болгон даттануулар түздөн-түз келишим түзүү усулунда конкурстук табыштамаларды ачуу учуруна чейин 1 жумушчу күндөн кечиктирбестен берилиши керек. Бул учурда сатып алуучу уюмдар тарабынан конкурстук табыштамаларды ачуунун мөөнөтү эки жумушчу күнгө жылдырылууга тийиш;
Конкурстук табыштамаларды ачкандан кийин конкурстук документтердин шарттарына (талаптар) карата болгон даттануулар, Комиссия тарабынан каралбайт;
3) сатып алуучу уюмдун чечимине же аракеттенүүсүнө (аракеттенбөөсүнө) даттануулар бир этаптуу усулдун эки пакеттүү ыкмасы менен сатып алууда сатып алуучу уюмдун чечими жарыяланган күндөн тартып биринчи пакет боюнча эки жумушчу күндөн кеч эмес убакытта берилет;
4) конкурстук табыштамаларды баалоонун жүрүшүндө сатып алуучу уюмдун чечимине же аракеттенүүсүнө (аракеттенбөөсүнө), даттануулар конкурстун катышуучулар тарабынан жүргүзүлгөн тандоо жөнүндө маалымат порталга жарыялангандан кийин жана Мыйзамдын 32-беренеси менен белгиленген мөөнөттө мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишим түзүлгөнгө чейин берилүүгө тийиш;
5) сатып алуучу уюмдун чечимине же аракеттенүүсүнө (аракеттенбөөсүнө) даттануулар түз келишим түзүү методу аркылуу сатып алууларда Мыйзамдын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6, 10, 11, 15, 17-пункттарын кошпогондо жарыяланган датадан тартып эки жумушчу күндөн кечиктирилбестен берилет;
6) мамлекеттик сатып алуулар боюнча келишим түзүлгөндөн кийин берилген даттануулар Мыйзамдын 50-беренесине ылайык сот тартибинде даттануу үчүн Мыйзамдын 32-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган мөөнөттөрдү бузуу менен түзүлгөн келишимдерди кошпогондо комиссия тарабынан каралбайт.
(КР Финансы министрлигинин 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйругунун редакциясына ылайык)
29. Даттануу жана нааразылык төмөнкү шарттарды карманганда каралат:
1) арыздануучу тарабынан конкурстук документтердин конкреттүү шарттары (талаптары) көрсөтүлгөн даттанууну берүү үчүн форманы Порталда толтурганда же сатып алуучу уюмдун бул Жобонун 28-пунктунда каралган мөөнөттө "Мамлекеттик сатып алуулар" Мыйзамына каршы келген аракети (аракетсиздиги);
2) арыздануучу арыз берүү үчүн формага ылайыкташкан даттанууга жана нааразылыкка негизделген шилтемени тастыктаган көчүрмөлөрдү (электрондук) берсе;
3) (КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 19-Б буйругуна ылайык алынып салынды)
(КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 19-Б, 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
30. Берүүчү (подрядчы) өзүнүн даттануусун бул Жобонун 38-пунктуна ылайык комиссиянын кароосуна анын арызы кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирме алганга чейин кайра чакыртып алууга укуктуу. Кароого алуу жөнүндө билдирүү алынган учурдан тартып арыз ээси даттанууну кайра чакыртып ала албайт.
(КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 19-Б, 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
31. Сатып алуучу органдардын кайрылуусу төмөнкү шарттар сакталганда кабыл алынат:
1) Сатып алуучу уюм ишенимсиз (ак ниетсиз) берүүчүлөр (подрядчылар) дайындар базасына киргизүүнү демилгелөө ниети жөнүндө берүүчүгө (подрядчыга) алдын ала билдирсе, эгер:
- конкурстун жеңүүчүсү болуп таанылган берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар сатып алуулар жөнүндө келишимдерди (контракттарды) түзүүдөн баш тартса;
- берүүчүлөр бир тараптуу тартипте сатып алуулар жөнүндө келишимдерди (контракттарды) токтоткон берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар аткаруунун жүрүшүндө сатып алуулар жөнүндө документтерде белгиленген берүүчүлөргө (подрядчыларга) жана консультанттарга карата талаптарга шайкеш келбегендиги белгиленсе же алардын натыйжасында мындай келишимдер түзүлгөн, сатып алуу жол-жоболорунун жеңүүчүсү болууга мүмкүндүк берген берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар мындай талаптарга шайкеш келгендиги жөнүндө так эмес маалыматты берсе;
- берүүчүнүн (подрядчынын) компаниясынын жетекчиси же түзүүчүсү алдамчылык жана коррупция боюнча сотко тартылса, анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте тастыкталса жана соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген чечими менен белгиленсе. Эгер жогоруда аталган кылмыштар үчүн жетекчиге же түзүүчүгө карата сот иши аяктаса же белгиленген тартипте алынса бул ченем колдонулбайт;
- берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар тарабынан конкурстук табыштаманы кепилдеген декларациянын шарттары бузулса;
- берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар алар менен мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө түзүлгөн келишимдер (контракттар) боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаса же тийиштүү түрдө аткарбаса;
- берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар Мыйзамдын 6-беренесинин талаптарын бузууга жол берсе.
2) сатып алуучу уюм берүүчүнүн (подрядчынын) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамга каршы келген конкреттүү аракети (аракетсиздиги) көрсөтүлгөн кайрылууну Порталга берүү үчүн форманы толтурса;
3) сатып алуучу уюм берүүчүгө (подрядчыга) келишимдик милдеттерди аткаруу боюнча болгон чаралардын баарын жасаса жана берилген кайрылууга негизделген берүүчү форма үчүн шилтеме жасоочу тастыктоочу документтердин көчүрмөсүн (электрондук) берсе.
(КР Финансы министрлигинин 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйругунун редакциясына ылайык)
32. Берүүчүнү (подрядчыны) Дайындар базасына киргизүү бул Жобонун 31-пунктуна ылайык сатып алуучу уюм тарабынан гана демилгеленет жана кайра кайтарылбайт.
(КР Финансы министрлигинин 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйругунун редакциясына ылайык)
6. Даттанууларды, нааразылыктарды жана кайрылууларды кароонун процедурасы
33. Ушул жобонун 40-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан тышкары, кароого кабыл алынган бардык даттануулар, нааразылыктар жана кайрылуулар Комиссия тарабынан электрондук түрдө Порталда көрсөтүлгөн маалыматтардын жана документтердин негизинде каралат.
Даттанууларды, нааразылыктарды же кайрылууларды кароодо Комиссиянын мүчөлөрү табыштамалар ачылгандан кийин каралып жаткан конкурска Порталда корголгон жеке аккаунтту (эсептик жазуу) каттоо аркылуу окуу режиминде кирүүгө мүмкүнчүлүк алышат, ошондой эле жеке аккаунт аркылуу чечим кабыл алууда шайлоого катышышат.
(КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 19-Б буйругунун редакциясына ылайык)
34. Комиссия даттанууларды, нааразылыктарды же кайрылууларды төмөнкү учурларда кароосуз калтырат:
1) эгерде даттануу, нааразылык же кайрылуу предмети боюнча соттук териштирүүлөр башталса, же ошол эле тараптардын ортосундагы талаш-тартыш боюнча, ошол эле предмет боюнча жана ошол эле негизде чыгарылган мыйзамдуу түрдө күчүнө киргенде соттун чечими болгон учурда;
2) арызда белгиленген маселелер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынбайт;
3) талаш-тартыш предмети болбогондо (конкурстук документтин шарты же сатып алуучу уюмдун аракети (аракетсиздиги) болбогондо).
(КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 19-Б, 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
35. Даттануулар, нааразылыктар жана кайрылуулар Комиссия тарабынан арызда келтирилген бузуулар боюнча гана каралат.
36. Ар бир даттанууну, нааразылыкты же кайрылууну карап чыгуу үчүн Порталдын программасы Комиссиянын жалпы курамынан, ушул Жобонун 9-пунктуна ылайык, ар бир адистештирилген топтон бирден мүчөдөн алынып үч мүчөдөн турган Комиссиянын өзүнчө топчосун түзөт. Порталдын Программасы кокустук тартибинде Комиссиянын тандалып алынган топчосунун төрагасын аныктайт (мындан ары - Комиссиянын төрагасы), ал зарылдыкка карай ушул Жобонун 42-пунктуна ылайык сектор боюнча эксперттерди дайындайт.
Административдик даттанууларды кошпогондо бир эле конкурс боюнча бардык даттануулар жана нааразылыктар комиссиянын ошол курамы тарабынан каралат.
(КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 19-Б, 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
37. Портал бирдей жана кокустук тартибинде даттанууларды жана кайрылууларды Комиссиянын мүчөлөрүнө бөлүштүрөт жана Комиссиянын бардык тандалып алынган мүчөлөрүнө тийиштүү арыз түшкөнү жөнүндө билдирет. Даттануу, нааразылык же кайрылуу түшкөндөн кийин Комиссиянын тандалып алынган мүчөлөрү Портал аркылуу электрондук форматта ар бир даттануу, нааразылык же кайрылуу үчүн өзүнчө ички кат алышууну жүргүзөт.
(КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 19-Б, 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
38. Даттануулар келип түшкөндө Комиссия эки жумуш күндүн ичинде иштин материалдарын алдын ала карап чыгып, ушул Жобонун 4, 28, 29, 30 жана 34-пункттарына ылайыктуулугун, ал эми кайрылуу түшкөндө ушул Жобонун 31 жана 34-пункттарынын талаптарына ылайыктуулугун текшерет. Талаптарына ылайык келсе Комиссия кароого арызын кабыл алат жана портал аркылуу сатып алуучу уюмдун өздүк кабинетине келип түшчү билдирүүлөрдү таратат, (эгерде мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Мыйзамынын 49-беренесине ылайык сатып алуу жол-жоболорун жети же он күнгө токтотуп туруу үчүн келишим түзүлгөн болсо), ошондой эле билдирүү КРФМ Борбордук казылыгынын өздүк кабинетине келип түшөт (финансылык операцияларды токтотуу үчүн), конкурска тиешелүү жана берүүчүнүн өздүк кабинетине байланыштуу (маалымат үчүн).
Конкурстук табыштамалар ачылгандан кийин даттануу жөнүндө билдирүү конкурстун бардык катышуучуларына түшөт. Мындай учурда конкурстун бардык катышуучулары эки жумушчу күндөн кечиктирбестен Мыйзамдын 48-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык даттанууга укуктуу.
(КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 19-Б, 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
39. Ушул Жобонун 38-пунктунда көрсөтүлгөн пункттарга ылайык келбесе комиссия кароого берилген арызды четке кагат, жана эки жумушчу күндүн ичинде себебин көрсөтүү менен арыз ээсине билдирет. Арыз ээси алар ушул Жобонун талаптарына шайкеш келтирилгенде жана Мыйзамдын 48-беренеси сакталганда даттанууну же кайрылууну кайра бере алат.
(КР Финансы министрлигинин 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйругунун редакциясына ылайык)
40. Электрондук ыкма менен кароодо акыркы чечимди кабыл алуу кыйынчылык жараткан учурда, комиссиянын төрагасынын чечими боюнча даттанууларды, нааразылыкты же кайрылууну кароо бетме-бет форматында отурум жолу менен белгиленген убакта жана жерде тараптардын катышуусу менен өткөрүлөт.
Отурумду бетме-бет форматында өткөрүүдө тараптар, ошондой эле башка жактар өз таламдарын өз алдынча же ишеним каты бар өзүнүн өкүлү аркылуу билдирүүгө укуктуу.
(КР Финансы министрлигинин 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйругунун редакциясына ылайык)
41. (КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 19-Б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
42. Даттанууларды, нааразылыктарды жана кайрылууларды объективдүү жана ар тараптуу кароо максатында комиссия тийиштүү мамлекеттик органдардан жана саламаттык сактоо, энергетика, курулуш, маалыматтык технологиялар, айыл-чарба, стандартташтыруу жана сертификациялоо чөйрөсүндөгү башка органдардан түшүндүрмөнү (эксперттик корутундуну) суроого укуктуу.
Ошону менен бирге Комиссия чечим кабыл алаарда тандалып алынган эксперттер добуш бергенге укугу жок жана акысыз негизде эксперттик корутунду беришет.
(КР Финансы министрлигинин 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйругунун редакциясына ылайык)
43. (КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 19-Б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
44. Комиссиянын бардык маалымдоо каттары жана чечимдери тараптарга Портал аркылуу жөнөтүлөт.
(КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 19-Б буйругунун редакциясына ылайык)
45. Даттануу же кайрылуу түшкөн тарап бир жумушчу күн ичинде түшүндүрмөнү негиздөөгө шилтеме жасалган кандай гана болбосун тастыктоочу документтердин көчүрмөсүн берүү менен Порталга түшүндүрмө түрүндө нааразылык берсе болот.
(КР Финансы министрлигинин 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйругунун редакциясына ылайык)
46. Калган тастыктоочу документтер каралуучу ишке тиешеси бар болсо гана кошулат.
47. Белгиленген мөөнөткө чейин түшүндүрмө берилбеген болсо да кароо процедураларына жолтоо болбойт.
48. (КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 19-Б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
49. Даттанууларды, нааразылыктарды же кайрылууну кароодо жана алар боюнча чечим кабыл алууда, эгер Комиссиянын экиден кем эмес мүчөсү катышса Комиссия укуктуу болот.
(КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 19-Б, 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
50. (КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 19-Б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
51. Эгерде даттануунун, нааразылыктын же кайрылуунун кайсы бир тарабы отурумду бетме-бет форматында өткөрүүдө Комиссиянын отурумунда жок болсо, жөнү бар себептер менен катыша албай тургандыгы жөнүндө Комиссия билдирүү алган учурдан башка учурларда (оорунун себебинен жумушка жарамдуу эмес болгондо, ооруп калса, жакын туугандарынын оруп калганында өлүмүндө, дем алышта, иш сапарда болгондо жана алдын ала билүүгө мүмкүн болбогон форс-мажордук жагдайларда) ишти карай берет.
(КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 19-Б, 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
52. Отурумдун бетме-бет форматында катышпай калган даттануу, нааразылык же кайрылуу берген тарап ошол даттануу, нааразылык же кайрылуу каралчу убакыт жөнүндө кабар алып, бирок катышпаган болсо, ал даттануу, нааразылык же кайрылуу боюнча экинчи жолу даттана албайт.
(КР Финансы министрлигинин 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйругунун редакциясына ылайык)
53. Комиссиянын отуруму эки тарапка тең, бул маселе боюнча объективдүү чечим кабыл алууга кызыкдар башка жактар үчүн ачык болуп саналат.
(КР Финансы министрлигинин 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйругунун редакциясына ылайык)
54. Электрондук даттанууларды, кайрылууну кароодо Комиссия электрондук протокол түзөт жана электрондук кол коёт.
(КР Финансы министрлигинин 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйругунун редакциясына ылайык)
55. Комиссиянын төрагасы жыйындарда даттанууну, нааразылыкты же кайрылууну кароодо:
1) отурумду ачат жана Комиссиянын мүчөлөрүнүн курамын жарыялайт;
2) даттанууну, нааразылыкты же кайрылууну кароонун тартибин аныктайт;
3) отурумду өткөрүүнүн тартибин башкарат, документтерди толук жана тыкыр кароонун шартын камсыздайт.
Даттанууларды, нааразылыктарды же кайрылууларды бетме-бет кароо учурунда Комиссиянын бир мүчөсү отурумдун протоколун жүргүзөт, мүчөлөрүнүн бири жыйналышынын, ал андан ары электрондук протокол түрүндө таризделет жана Комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн электрондук колу менен кол коюлат.
(КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 19-Б, 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
56. Комиссиянын отурумунда тараптар жана башка адамдар өзүнүн жүйөсүн далилдөө үчүн документалдуу гана далилдерди келтирсе болот.
(КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 19-Б, 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
7. Даттануулар, нааразылыктар жана кайрылуулар боюнча комиссиянын чечимдери
57. Комиссиянын чечими конкреттүү даттануу же кайрылуу үчүн Портал аркылуу Комиссиянын тандалган мүчөлөрүнүн басымдуу добушу менен чыгарылат. Эгерде Комиссиянын кайсы бир мүчөсү көпчүлүктүн чечимине макул болбосо, анын өзгөчө пикири протоколдо чагылдырылат.
Комиссиянын чечими мыйзамдуу жана негиздүү болушу керек. Чечим, ушул укуктук мамилелерге колдонууга тийиштүү Мыйзамдык ченемдерге ылайык чыгарылганда гана мыйзамдуу болуп саналат. Чечим, ушул иш үчүн мааниге ээ далилдер менен тастыкталган, алардын тийиштүүлүгү жана жол берилгендиги, ошондой эле аныктыгы тууралуу мыйзамдын тийиштүү талаптарына жооп берген фактылар чагылдырылганда жана комиссиянын чечими белгиленген фактылардан келип чыккан корутундуну камтыган учурда гана негиздүү болуп эсептелет.
Комиссиянын мүчөлөрү Мыйзамдын 49-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык даттанууларды жана кайрылууларды кароонун алкагында кабыл алынган чечимдер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартышат.
(КР Финансы министрлигинин 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйругунун редакциясына ылайык)
58. Комиссиянын бардык тез аранын ичинде Порталга конфиденциалдык эмес маалымат болуп жарыяланат.
(КР Финансы министрлигинин 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйругунун редакциясына ылайык)
59. Комиссиянын төрагасы комиссиянын башка эки мүчөлөрү добуш бергенден кийин, акыркы кезекте добуш берет.
(КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 19-Б буйругунун редакциясына ылайык)
60. Чечим чыгарууда Комиссия берилген даттануунун, нааразылык же кайрылуунун негизинде аныкталган бузууларды эске алат.
Эгерде кароо учурунда кошумча документтерди сурап талап кылуу, же башка адистерди же эксперттерди чакыруу, же болбосо кошумча экспертиза жүргүзүү зарыл болсо, анда Комиссия зарыл болгон жол-жоболорду жана иш-чараларды жүргүзгөндөн кийин, беш жумуш күн ичинде акыркы чечимди чыгарат.
(КР Финансы министрлигинин 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйругунун редакциясына ылайык)
61. Комиссия даттанууну, нааразылык кароонун ыкмасына карабастан, даттануу түшкөн учурдан баштап жети жумуш күн ичинде жазуу түрүндө жүйөлүү чечим чыгарат жана Порталга төмөнкүлөр камтыган протоколду жарыялайт:
1) чечим кабыл алуунун жүйөлөрүн негиздөө;
2) даттануу толук же жарым жартылай канааттандырылган учурда, баяндалган талаптарды канааттандырууга багытталган чаралар.
Эгерде берүүчүнүн (подрядчынын) даттануусу негиздүү болсо, анда Комиссия төмөнкү укуктук каражаттардын бирин же бир нечесин берүүгө тийиш:
1) сатып алуучу уюмдун мыйзамсыз аракет жасоосуна же мыйзамсыз чечим кабыл алуусуна же мыйзамга каршы процедураларды өткөрүүсүнө тыюу салуу;
2) сатып алуучу уюмдун мыйзамсыз чечимин толугу менен же жарым-жартылай жокко чыгаруу;
3) сатып алуучу уюмдун конкурстун процедурасынын шарттарын бузган чечимин жокко чыгаруу;
4) сатып алуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө чечим чыгаруу.
(КР Финансы министрлигинин 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйругунун редакциясына ылайык)
62. Каралган даттануу, нааразылык же кайрылуу боюнча Протокол төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) Комиссиянын аталышы;
2) ишти кароонун датасы, каралган жери жана кароо ыкмасы;
3) тараптардын аталышы;
4) отурумда катышкан Комиссиянын мүчөлөрүнүн жана катышуучулардын аты-жөнү;
5) сатып алуу жана талаш-тартыштын предмети (арыздын себеби), ошондой эле конкурстун номери жана арыздын кыскача баяндамасы;
6) кароонун жүрүшүндөгү процедуралар жана аракеттер;
7) Комиссиянын чечими, анын ичинде чыгарылган чечимге негизделип мотивацияланган чаралар (укуктук коргонуу каражаттары);
8) Комиссиянын чечимине макул болбосо тараптарга укуктарын түшүндүрүү;
9) чечим кабыл алган Комиссиянын мүчөлөрүнүн кол коюусу;
10) башка маалыматтар.
63. Эгерде сатып алуучу уюм мамлекеттик сатып алуу келишимин сатып алуу токтотулган он күн аралыгы аяктагандан кийин жана Комиссия өзүнүн чечимин чыгарганга чейин түзсө, анда сатып алуунун катышуучуларынын Мыйзамдын 50-беренесине ылайык соттук тартипте даттануу жол-жобосу колдонулат.
(КР Финансы министрлигинин 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйругунун редакциясына ылайык)
64. Берүүчүнү (подрядчыны) ишенимсиз (ак ниет эмес) берүүчүлөр (подрядчылар) дайындар базасына киргизүү же киргизбөө жөнүндө чечим комиссиянын кароосуна кайрылуу кабыл алынгандан кийин жети жумушчу күндүн ичинде чыгарылат.
Берүүчүлөрдү (подрядчыларды) ишенимсиз (ак ниет эмес) берүүчүлөр (подрядчылар) дайындар базасына киргизүү комиссиянын чечиминин негизинде эки жылдык мөөнөткө ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт, эгер:
- конкурстун жеңүүчүсү деп таанылган берүүчүлөр (пордрядчылар) жана консультанттар сатып алуулар жөнүндө келишим (контракт) түзүүдөн баш тартышса;
- берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар менен заказчылар сатып алуулар жөнүндө келишимдерди (контракттарды) бир тараптуу тартипте бузушса, аткаруунун жүрүшүндө берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын сатып алуулар жөнүндө документацияда берүүчүлөр (подрядчылар), консультанттар үчүн белгиленген талаптарга ылайык келбей тургандыгы белгиленсе же берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар мындай талаптарга өзүнүн шайкештиги жөнүндө калпыс маалымат берип, бул сатып алуулардын жол-жоболорунун жеңүүчүсү болууга мүмкүнчүлүк берсе, анын натыйжасында ушундай келишимдер түзүлсө;
- берүүчү (подрядчы) компаниянын жетекчиси же түзүүчүсү күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденген жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен белгиленген алдамчылык жана коррупция үчүн сот тарабынан жоопкерчиликке тартылса. Эгерде жетекчиге же түзүүчүгө карата жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгондугу белгиленген тартипте жоюлган же алып салынган болсо, анда бул ченем колдонулбайт;
- конкурстук табыштаманы кепилдөөчү декларациянын шарттары берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар тарабынан бузулса;
- берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар түзүлгөн сатып алуулар жөнүндө келишимдер (контракттар) боюнча өздөрүнүн милдеттенмелерин аткарбаса, же болбосо талаптагыдай аткарбаса;
- берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар ушул Мыйзамдын 6-беренесинин талаптарын бузууга жол беришсе.
Берүүчүнүн (подрядчынын) Ишенимсиз (ак ниетсиз) берүүчүлөр (подрядчылар) дайындар базасында болуу мөөнөтү порталда жарыяланган учурдан тартып эсептелет.
Чечимди кабыл алуу тартибин регламенттештирген аракеттер, анын мыйзамдуу күчүнө кирүү жана мурда кабыл алынган чечимдерди кайра кароо жол-жоболору төмөнкү шарттар сакталганда кабыл алынат:
Сатып алуучу уюм портал аркылуу Ишенимсиз (ак ниетсиз) берүүчүлөр (подрядчылар) дайындар базасына киргизүү жөнүндө демилгелесе. 7 жумушчу күндүн ичинде комиссия жүйөлүү чечим чыгарууга тийиш.
Эгерде, сатып алуучу уюмдун кайрылуусу боюнча Комиссиянын чечими "негизсиз" чыгарылган болсо, анда Комиссия тарабынан чечим чыгарылгандан баштап үч жумуш күн ичинде, протокол Порталга жарыяланат. Мындай учурда, эгерде Комиссиянын чечими менен сатып алуучу уюм макул болбосо, анда сатып алуучу уюм ага административдик тартипте даттанууга укугу бар. Сатып алуучу уюмдан административдик даттануу келип түшкөндөн кийин, Комиссия карап чыгып, жүйөлүү чечим чыгарууга тийиш: (бул учурда, Комиссиянын мурда чыгарган чечими токтотулат жана Порталга жарыяланат): мурда чыгарылган чечимди күчүндө калтыруу же аны жокко чыгаруу жана жаңы чечим чыгаруу. Эгерде жаңы чечим чыгарылса, анда Комиссия тарабынан чечим чыгарылган учурдан баштап үч жумуш күн ичинде расмий түрдө Порталга жарыяланат. Эгерде Комиссиянын мурда чыгарылган чечими күчүндө калса, анда сатып алуучу уюм Мыйзамдын 50-беренесине ылайык соттук тартипте ага даттанса болот.
Эгерде сатып алуучу уюмдун кайрылуусу боюнча Комиссиянын чечими "негизсиз" чыгарылса, анда Комиссия тарабынан чечим чыгарылган учурдан баштап үч жумуш күн ичинде, протокол Порталга жарыяланат. Мындай учурда, эгерде Комиссиянын чечими менен берүүчүлөр (подрядчылар), консультанттар макул эмес болсо, анда берүүчүлөр (подрядчылар), консультанттар ага административдик тартипте даттанса болот. Берүүчүлөрдөн (подрядчылардан), консультанттардан административдик даттануу келип түшкөндөн кийин, Комиссия карап чыгып, жүйөлүү чечим чыгарууга тийиш: (бул учурда, Комиссиянын мурда чыгарган чечими токтотулат жана Порталга жарыяланат): мурда чыгарылган чечимди күчүндө калтыруу же аны жокко чыгаруу жана жаңы чечим чыгаруу. Эгерде жаңы чечим чыгарылса, анда Комиссия тарабынан чечим чыгарылган учурдан баштап үч жумуш күн ичинде расмий түрдө Порталга жарыяланат. Эгерде жаңы чечим чыгарылса, анда Комиссия тарабынан чечим чыгарылган учурдан баштап үч жумуш күн ичинде расмий түрдө Порталга жарыяланат жана берүүчүлөр (подрядчылар), консультанттар ишенимдүү эмес (ак ниет эмес) берүүчү (подрядчылардын) дайындар базасынан чыгарылат. Эгерде Комиссиянын мурда чыгарылган чечими күчүндө калса, анда берүүчүлөр (подрядчылар), консультанттар Мыйзамдын 50-беренесине ылайык соттук тартипте ага даттанса болот.
(КР Финансы министрлигинин 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйругунун редакциясына ылайык)
65. Ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасына эки жылдык мөөнөткө киргизилген берүүчүлөр (подрядчылар) киргизилген мөөнөтү аяктамайынча мамлекеттик сатып алууга катыша алышпайт.
(КР Финансы министрлигинин 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйругунун редакциясына ылайык)
66. Берүүчүлөрдү ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасынан чыгаруу КРФМ караштуу МСАД тарабынан төмөнкүлөрдүн негизинде ишке ашырылат:
1) Ушул Жобого ылайык Комиссиянын чечиминин негизинде;
2) ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасында туруу мөөнөтү өтүшүнүн негизинде;
3) соттун күчүнө кирген чечими боюнча.
(КР Финансы министрлигинин 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйругунун редакциясына ылайык)
67. Даттанууну, нааразылыкты же кайрылууну кароонун жүрүшүндө Комиссияга берилген маалыматтар жана документтер КРФМ караштуу МСДда үч жылга чейин сакталат. Мөөнөт аяктагандан кийин бардык документтер мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте архивге өткөрүлүп тапшырылат.
(КР Финансы министрлигинин 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйругунун редакциясына ылайык)
8. Комиссиянын чечиминин туруктуулугу
68. Сатып алуучу уюм Комиссиянын чечимин аткаруу үчүн багытталган иш-аракеттер жөнүндө үч жумушчу күндүн аралыгында КРФМ караштуу МСАД кабарлашы керек. Эгерде кабарлабаган болсо, анда КРФМ караштуу МСАД Мыйзамдын 9-беренесинде каралган чараларды көрөт.
(КР Финансы министрлигинин 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйругунун редакциясына ылайык)
69. Бул Жободогу нормалар мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамга ылайык талаш-тартыштарды алдын ала чечпестен берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана сатып алуучу уюмдардын сотко кайрылуу укугун чектөө катары каралбашы керек. Сатып алуулардын катышуучусу талаш-тартыштарды сотко чейинки тартипте жөнгө салуу максатында Комиссиянын чечими жана КРФМ караштуу МСДнын актылары боюнча Кыргыз Республикасынын административдик ишмердүүлүк жана административдик процедуралар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык даттанууга укуктуу.
(КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 19-Б, 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
70. Комиссиянын чечими акыркы тыянак болуп эсептелет, эгерде ал третейдик сотко же жалпы юрисдикциядагы сотко белгиленген тартипте берилбеген болсо.
(КР Финансы министрлигинин 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйругунун редакциясына ылайык)