Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА,
КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК
ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2020-жылдын 17-апрели № 40-чуа
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 28-мартындагы №2-чуа “Курулуш, оңдоо-курулуш, монтаждоо, ишке киргизүү жумуштарына бирдиктүү баалардын улуттук жыйнактарын, долбоорлоо иштерине баалардын жыйнактарын, курулуш материалдарына жана автомобилдик ташууга баалардын жыйнактарын, курулуш машиналарын эксплуатациялоого баалардын жыйнактарын бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-январындагы № 13 "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатында ченемдик укуктук актыларды бекитүү тууралуу" токтомун толук ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 372 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобону жетекчиликке алып,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 28-мартындагы № 2-чуа "Курулуш, оңдоо-курулуш, монтаждоо, ишке киргизүү жумуштарына бирдиктүү баалардын улуттук жыйнактарын, долбоорлоо иштерине баалардын жыйнактарын, курулуш материалдарына жана автомобилдик ташууга баалардын жыйнактарын, курулуш машиналарын эксплуатациялоого баалардын жыйнактарын бекитүү жөнүндө" буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Курулуш, оңдоо-курулуш, монтаждоо, ишке киргизүү жумуштарына бирдиктүү баалардын улуттук жыйнактары, долбоорлоо иштерине баалардын жыйнактары, курулуш материалдарына жана автомобилдик ташууга баалардын жыйнактары, курулуш машиналарын эксплуатациялоого баалардын улуттук жыйнактарына:
Техникалык шарттарды жана техникалык корутундуларды иштеп чыгууга карата имараттарды жана курулмаларды изилдөө боюнча инженердик-техникалык иштердин наркын белгилөө үчүн № 7 жыйнагы төмөнкү мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Турак жай, коомдук, административдик жана көп функционалдык өндүрүштүк эмес имараттарды энергетикалык сертификациялоо.
Иштердин курамы
5.1. Имараттарга берилген техникалык жана эксплуатациялык документтер менен таанышуу.
5.2. Имаратты курчап турган конструкцияларга, жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылуу системасына, ошондой эле, алардын абалына визуалдуу текшерүү жүргүзүү.
5.3. Имараттарды энергетикалык сертификациялоо үчүн энергетикалык натыйжалуулуктун классын аныктоо жана имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүн эсептөө усулуна ылайык имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүү, "Жылуулук сактоо боюнча ченемдик документтерди бекитүү жана ишке киргизүү жөнүндө" 2013-жылдын 28-май № 143 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин тарабынан бекитилген буйругу менен жүргүзүлөт.
5.4. Имараттын жана имараттын конструкциясынын элементтерин сүрөткө тартуу.
5.5. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча техникалык чечимдерди иштеп чыгуу.
5.6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен белгиленген тартипте шаблондорго ылайык имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун классынын көрсөткүчүн жана имараттын энергетикалык сертификатын жол-жоболоштуруу.
5.7. Имараттын энергетикалык сертификатын энергетикалык сертификаттардын мамлекеттик реестрине каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Имараттарды энергетикалык сертификациялоо наркы төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Co = V х C1 х К1 х К2 х К3 х Ки х Кср + С2 + С3
анда С2 - имараттын курчап турган конструкциясын изилдөө боюнча инженердик жумуштардын наркы (8-табл. ылайык).
С3 - техникалык чечимдерди иштеп чыгуу боюнча жумуштардын наркы (18-табл. ылайык).".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы М.А.Амираевге:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" токтомуна ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чара көрүлсүн;
- буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсү эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, аталган ченемдик укуктук актыны жарыялаган булакты көрсөтүү менен ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин;
- буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсү маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберилсин.
3. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары М.А.Акматалиевге жүктөлсүн.
Директор | У.К. Кокочаров |