Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА МИНИСТРЛИГИНИН
БУЙРУГУ
2020-жылдын 19-октябры № 01
Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыктоодон өткөн продукцияларга шайкештик жөнүндө каттоодон өткөн декларациялардын жана берилген сертификаттардын Бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун 10-пунктунун 10-пунктчасын аткаруу максатында
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Тиркелген, Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыктоодон өткөн продукцияларга шайкештик жөнүндө каттоодон өткөн декларациялардын жана берилген сертификаттардын Бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби бекитилсин.
2. Техникалык жонго салуу жана метрология башкармалыгы:
- ушул буйрукту катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, расмий сайттарына мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяласын;
- ушул буйруктун көчүрмөсүн расмий жарыяланган күндөн баштап үч жумуш күнүнүн ичинде мамлекеттик реестерге каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- ушул буйруктун көчүрмөсүн үч жумуш күнүнүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтсүн.
3. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн аралыгында күчүнө кирет.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Э. Алишеровго жүктөлсүн.
Министр | С. Муканбетов |