Загрузка документа…
| 4-тиркеме Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрилинин 2020-жылдын «1» июнундагы №1 буйругуна |
«Таяныч-кыймыл аппараты бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн реабилитациялоонун жеке программасы боюнча реабилитациялоо» мамлекеттик кызмат көрсөтүүсүнүн административдик регламенти
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85-токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 3-главасынын 15-пункту)
1. Жалпы жобо
1. Бул мамлекеттик кызматты көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды Беабилитациялоо борбору тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Бул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» №303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тиешелүү стандарттарынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүү стандарты тарабынан белгиленген негизги параметрлер:
1) төмөнкү себептер боюнча таяныч-кыймыл аппаратынын көйгөйлөрү болгон ДМЧАларга реабилитациялык кызмат көрсөтүү комплекси Кыгыз Респбликасынын бардык аймактарынан көрсөтүлөт: - кан-тамыр ооруларынын, жаракаттардын, кант диабетинин күчөп кетишинин кесепетинен колу-бутунун ампутацияланышы;
- буту-колдорунун өсүүсүнүн тубаса аномалиялары менен;
- муундардын майыптыкка алып келүүчү оорулары (артриттер, артроздор, жаракат);
- булчуӊ тутумунун патологиясы менен байланышкан оорулар (миозиттер, миопатиялар ж.б.);
- нерв тутумунун таяныч-кыймыл аппараттары тараптан туруктуу бузулуулары бар оорулары (БТШО (балдардын тубаса шал оорусу), полиомиелиттин кесепети, неврит, нейропатия, перифериялык нервдердин жаракат алуусу).
Реабилитацияга кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы 15-20 күн (ДМЧАны протездөөгө жаткырганда протез буюмунун татаалдыгына жараша 35 жумушчу күнгө чейин, КР Өкмөтүнө караштуу РПОБМдин 2015-жылдын 27-мартындагы №182- Жобосуна ылайык)
2) ДМЧАны кызмат крсөтүүгө кабыл алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:
- МСЭКтен (медициналык-социалдык эксперттик комиссия), Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин (РПОБМ) медициналык бөлүмүнөн, социалдык санитардык мекемеден (ССМ), ҮМБ дан (Үй-бүлөлүк медицина борбору) реабилитацияга багыттама.
- паспорттун көчүрмөсү, 16 жашка чейинки ДМЧ баланын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк;
-МСЭКтен майыптуулугу жөнүндөгү маалымкаттын көчүрмөсү;
-участкалык ҮМБдан медициналык карта, башынан өткөн оорулардын көчүрмөсү;
- флюрографиянын корутундусу, кандын жана зааранын жалпы анализинин жыйынтыктары;
3) Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүү «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бекер берилет.
4) кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжасы: ДМЧАнын / ДМЧ баланын ден соолугун чыӊдоо.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде берилүүчү процедуралардын тизмеги
1-таблица
№ | Жол-жоболордун аталышы | Эскертүү |
1. | Мамлекетик кызмат көрсөтүү тартиби жөнүндө маалымат берүү жана консультация берүү | Маалымат берүүүдө маалымат дубал беттери, маалыматтык буклеттер жана брошюралар; мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат ала турган веб-сайттын аталышы колдонулат. |
2. | Документерди кабыл алуу, каттоо жана ДМЧАны госпиталдаштыруу/реабилитацияга кабыл алуудан баш тартуу | ДМЧАны Реабилитациялоо борборуна жаткыруудан баш тартуу документтердин толук пакети берилбеген жана диагнозунун реабилитациялык кызмат көрсөтүүгө туура келбеген учурларда болушу мүмкүн |
3. | ДМЧАны палаталык врач жана тар адистиктеги дарыгрлердин реабилитациялык жол-жоболорду дайындоо, реаби литациялык картасын толтуруу менен кароосу | ДМЧАны карап жатканда палаталык врач зарылдыкка жараша кошумча изилдөөнү жана Саламаттыкты сактоонун мекемесинде консультацияны дайындашы мүмкүн |
4. | Реабилитациялык кызмат көрсөтүүнүн коплексин аткаруу | Реабилитациялык жол-жоболорду аткарууда адистер тарабынан ДМЧАнын абалынын өзгөрүшүнө дайыма контроь жүргүзүлүп турат, ал тууралу палаталык врачына маалымат берип турат |
5. | Реабилитациялык иш-чаралардын комплекси аяктагандан кийин, реабилитациялык картадан көчүрмөсүн берүү менен, ДМЧАны чыгаруу | ДМЧАны чыгарууда палаталык врач реабилитациялык картасынан көчүрмөсүн жашаган жери боюнча дарыгерге көрсөтүү сунуштоосу менен берет
|
3. Жол-жоболордун өз-ара байланыштарынын Блок-схемасы
5. . Кызмат көрсөтүүнү жүргүзүүдө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөнкү блок-схемада көрсөтүлгөн
4. Жол-жоболордун сүрөттөлүшү жана алардын мүнөздөмөлөрү
2-таблица
1. Жол-жоболордун сүрөттөлүшү жана алардын мүнөздөмөлөрү | Аткаруучу, кызмат адамы | Аракеттин узактыгы | Аракетти жөнгө салуучу документ
| Аракеттердин натыйжасы
| |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | |
№ 1-жол-жобо: Мамлекетик кызмат көрсөтүү тартиби жөнүндө маалымат берүү жана консультация берүү | |||||
1.1-аракет Реабилитация борбору жөнүндө маалымат үчүн оозеки формада (жеке бетме-бет кайрылууда, же телефон боюнча) же Кыргыз Республикасыныны Эмгек жана с оциалдык өнүгүү Министрлигинин расмий сайтына электрондук формада кайрылуга болот. ДМЧА жеке өзү же анын ишенимдүү адамы кайрылган учурда, реабилитациянын жеке программасы болсо, таяныч-кыймыл аппараты бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам үчүн комплекстүү реабилитациянын тартиби жана ыкмалары жөнүндө маалымат берилет, - кошумча кайрылган жакка тиешелүү малымат буклеттерин жана брошюраларды (болсо) сунушташат; - керек болгондо диагнозду тактоо үчүн кошумча диагностикалык чараларды жана башка врачтар менен консультацияларды өткөрүү сунушталат;
| Башкы врач | Жеке маектешүүдө маалымат бергенге чектеги убакыт 25 мүнөткө чейин
Кат менен кайрылганда, аны менен бирге электрондук формада кайрылганда - маалымат сурам келип түшкөн күндөн баштап 14 жумушчу күндөн кечиктирилбестен маалымат берилет
| КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы №429 Токтому менен бекитилген Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Реабилитация борборунун Жобосу
| ДМЧАнын жана анын өкүлүнүн реабилитацияга кабыл алуу үчүн керектүү документтердин тизмесин колуна берүү менен, кызыктырган суроолору боюнча толук маалымат алуусу
| |
1.2-аракет Өтүнмө ээси телефон боюнча кайрылганда: - телефонго жооп жаран телефон чалган мекеменин аталышы, телефон чалууну кабыл алган кызматкердин фамилиясы, аты, жана кызмат орду жөнүндөгү маалыматтан башталат; - андан ары керектүү маалыматты берет. | Башкы врач | Телефон боюнча маалымат берүүдө жана жеке маектешүүдө убакытын чеги – 25 мүнөткө чейин
|
|
| |
2 аракет | 1 адам | 25 мүнөт |
|
| |
1-жол-жобонун жыйынтыгы: а) ДМЧАга же анын өкүлүнө ДМЧАны реабилитациялоо борбор жөнүндө маалымат менен буклетти берүү менен кызыккан суроолору боюнча толук маалымат берилди; б) реабилитацияга кабыл алуу мүмкүнчүлүгү болгондо кабыл алу үчүн керектүү документтердин тизмеси колуна берилди; | |||||
Жол-жобонун узактыгы: 25 мүнөт | |||||
Жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | |||||
Киийнки жол-жобонун номери: 2 | |||||
№2-жол-жобо: Документерди кабыл алуу, каттоо жана ДМЧАны госпиталга жаткыруу/ ДМЧАны реабилитациялоого кабыл алуудан баш тартуу | |||||
2.1-аракет - реабилитацилоого кайрылган ДМЧАны кабыл алганда анын доосу угулат, оорусунун анамнези топтолот, объективдүү текшерүү жүргүзүлөт, реабилитациялоого алуу мүмкүнчүлүгүн же медициналык көрсөткүчтөрү боюнча баш тартууну аныктоо максатында жекелигин тастыктаган документтери жана медициналык документтери менен таанышылат. | Башкы врач/кабыл алуучу врач | 20 мүнөт
| КР Өкмөтүнүн2011-жылдын 29-июлундагы №429 Токтому менен бекитилген Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Реабилитация борборунун Жобосу
2019-жылдагы КР ЭСӨМ караштуу ДМЧА Реабилитациялоо борборунун ишин уюштуруу жана ички тартиби жөнүндө” Нускама | Реабилитацияга кайрылган ДМЧА текшерилди, ДМЧА стутусу аныкталды: госпиталга жаткырылды же баш тартылды; | |
2.2-аракет - кайрылган ДМЧАны реабилитацияга абыл алган учурда башкы врач багыттамага (МСЭК, РПОБМ , ССМ, ҮМБ )палатанын номерин көрсөтүү менен колтамгасын коёт, каттоого алынууга жана реабилитациялык картаны толтурууга башкы медайымга жиберилет ;
| “ДМЧАны кабыл алуу журналы”, “ДМЧАны реабилитацияга кабыл алуудан баш тартуу журналы ” баш тартуунун себебин, кайрылган күнүн көрсөтүү, врач колтамгасын коюусу менен толтурулду | ||||
2.3-аракет -Реабилитациядан баш тарткан учурда себебин, ошондой эле ДМЧАнын андан ары аракетине сунуштоолорду көрсөтүү менен, баш тартуу журналы толтурулат; |
|
|
| ||
2.4-аракет - ДМЧАны каттоого алууда реабилитациялык карта толтурулат | Башкы мед айым | 30 мүнөт |
| “ДМЧАнын каттоо жуналы”, паспорт бөлүгү “ДМЧАнын реабилитациялык картасы” жана СЖКМТ программа боюнча “каттоо” бөлүгү толтурулду; | |
2.5-аракет - бейтап түшкөн ДМЧАлардын журналында катталат; -үч маал ысык тамак берүү тизмесине киргизилет; - тамактанууга ДМЧАнын тизмеси ашкананын башчысына берилет | ЛОВЗ оформлен в Реабилитациялоо борбору
| ||||
2.6-аракет - ДМЧА реабилитация курсун жүргүзүү учурунда боло турган палатага чейин коштолуп барат. | |||||
6 аракет | 2 адам | 50 мүнөт |
|
| |
2-жол-жобонун жыйынтыгы: а) башкы врач ДМЧАны кабыл алды: б) ДМЧА Реабилитация борборунун журналында катталды; в) ДМЧАнын реабилитациялык картасы ачылды: г) ДМЧА палатага аныкталды; д) ДМЧАнын маалыматтары СЖКМТ программасына киргизилди | |||||
№2-жол-жобонун узактыгы: 50 мүнөт | |||||
Жол-жобонун тиби: административдик | |||||
Киийнки жол-жоюонун номери: 3 | |||||
№3-жол-жобо ДМЧАны палаталык врач жана тар адистиктеги дарыгерлердин реабилитациялык жол-жоболорду дайындоо, реабилитациялык картасын толтуруу менен кароосу | |||||
3.1-аракет - ДМЧАны текшерип карайт (доосу, анамнез, объективдүү текшеоүү), диагноз такталат; - керектүү реабилитациялык жол-жоболор дайындалат; - маалыматтар реабилитациялоо картасына жазылат, дайындоо барагы толтурулат; - керек болгон учурда кошумча изи лдөөлөр, консультация дайындалат; - маалыматтар СЖКМТ программасына киргизилет | Бекитилген палаталык врач
| 30 мүнөт | КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы №429 Токтому менен бекитилген Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Реабилитация борборунун Жобосу
2019-жылдагы КР ЭСӨМ караштуу ДМЧА Реабилитациялоо борборунун ишин уюштуруу жана ички тартиби жөнүндө” Нускама | ДМЧА текшерилди, диагноз такталды, көрсөткүчтөр боюнча кошумча изилдөө/консультация дайындалды; медикаментоздук реабилитация белгиленди; | |
№ 3.2-аракет - ДМЧА тар адистердин врачтары тарабынан текшерилет; - коштоочу оорулары болгон учурда кошумча дайындооолрду жүргүзүү; - реабилитациялык картада тиешелүү графалар толтурулат; - СЖКМТ дайындоолр программасына киргизилет | Тар адистиктердин врачтары (кан тамырлар хирургу, терапевт, невролог, физиотерапевт, стоматолог, тиш протездөөчү, көрсөтмө боюнча кардиолог) | 15-20 мүнөт
| тар адистиктеги врачтар тарабынан каралды, реабилитациянын жекече планы түзүлдү. | ||
№ 3.3-аракет - андан кийинки маектешүү убакатысын белгилөө менен, психологдун маектешүүсү жүргүзүлөт, реабилитациялык картада жана СЖКМТда графа толтурулат; | психолог
| 15-20 мүнөт
| Психологдун консультациясы алынды; | ||
№ 3.4-аракет - реабилитациялык жол-жоболордон бошогон эркин убактарда каалоосу боюнча ДМЧАларды эмгек терапия кабинетинде окууга тартуу (тигүү машинесинде тигүүгө үйрөтүү) максатында, эмгек терапевти тарабынан реабилитацияга кайра түшкөн ДМЧАларды текшерүү жүргүзүлөт. | эмгек терапевти
| 30 мүнөт | ДМЧАнын калоосу менен эмгек терапиясы боюнча сабак өткөрүлдү;
| ||
4 аракет | 10 адам | 1 саат 30 мүнөт |
|
| |
3-жол-жобонун жыйынтгы: а) бекитилип берилген палаталык врач караган жыйынтыгы боюнча диагноз такталды, зарылдыкта кошумча изилдөө, медикаментоздук реабилитация дайындалды; б) тар адистиктеги врачтардын кароосунан кийин медициналык реабилитациянын керектүү дайындоолору ар бир ДМЧАга жекече дайындоо (физиотерапия, укалоо, ЛФК, парафин, стоматологиялык жол-жоболор) бүткөрүлдү; - психологдун консультациясы алынды; - ДМЧАнын каалоосу боюнча эмгек терапия боюнча сабактар өткрүлдү; в) ДМЧАнын реабилитациялык картасында тиешелүү беттери жана графалары толтурулду; д) СЖКМТ программага маалыматтар киргизилди.. | |||||
Жол-жобонун узактыгы: 1 саат 30 мүнөт | |||||
3-жол-жобонун тиби: административдик | |||||
Киийнки жол-жобонун номери: 4 | |||||
№4-жол-жобо Реабилитациялык кызмат көрсөтүүнүн коплексин аткаруу
| |||||
№ 4.1-аракет - дайындалган реабилитациялык жол-жоболор аткарылат; - ДМЧАнын реабилитациялык картасындаграфалар толтурулат; - врачтар дайындаган реабилитациялык жол-жоболорду аткаруу боюнча маалыматтар СЖКМТ программасына күн сайын киргизилип турат. | Медайымдар, ДФК боюнча инструктор, укалоочу
| Бир жол-жобону аткаруу 10 мүнөттөн 1 саат 30 мүнөткө чейин (жол-жобонун түрүнө жараша) | КР ССМинин 2004-жылдын 16-августундагы №381-буйругу “Медициналык реабилитация адистеринин кызматтык милдеттери, жумуш убактысынын чыгымдалышынын ченеми, жүгүнүн ченеми” 2008-жылдын 26.06. өзгөртүүлөрү менен
| Реабилита циялык картаны толтуруу менен, сунушталган реабилитациялык жол-жоболор берилди
| |
№ 4.2-аракет - бекитилип берилген ДМЧАларды кароо күн сайын жүргүзүлөт; | Палатный врач
| Ежедневно по 15-20 минут на одного ЛОВЗ | ЖМЧАны күн сайын текшерип туруу жүргүзүлдү | ||
№ 4-аракет - реабилитациялык картада ДМЧАнын ден соолугунун абалы жөнүндө маалымат менен күндөлүк толтурулат, зарылдыкта реабилитациялык жол-жоболорго түзөтүүлөр киргизилет; - дайындоолордун аткарылышы адистер тарабынан контролдонот. |
| 20 минут
| Реабилитациялык картада күндөлүк толтурулду, дайындалган реабилитациялык жол-жоболордун аткарылышы конролдонду | ||
№ 4.4-аракет - ДМЧАнын абалына байкоо жүргүзүлөт, врачтар дайындаган жол-жоболор аткарылат; - жүргүзүлгөн жол-жоболор СЖКМТ программасына киргизилет. - иш күнүнүн аягында ДМЧАны кайталап кароо жана кезметтеги медайымга тизме боюнча өткөрүп берүү жүргүзүлөт. | Посттогу медайым
| ДМЧАга 15-20 мүнөттөн
ДМЧАга 15-20 мүнөттөн
| ДМЧАнын ден соолугунун абалына сутка бою көзөмөл жүргүзүлдү; заполнены “Кезметти өткөрүп алуу-өткөрүп берүү журналы” толтурулду; “Постто медикаменттерди берүү жана чыгымы журналы” толтурулду | ||
№ 4.5-аракет - кезмет учурунда ДМЧАнын абалына көзөмөл жүргүзүлөт, ал кезмет тууралуу тиешелүү доклад берилет. | Түнкү кезметтеги медайымдар кезметтеги медайымдар | ДМЧАга 15-20 мүнөттөн |
| ||
5-аракет | 9 адам | Сутка бою |
|
| |
№ 4- жол-жобонун жыйынтыгы: а) палаталык врач ар күн сайын текшерип турду; б) дайындалган реабилитациялык жол-жоболор ар күн сайын өткөрүлдү; в) дайындоолордун аткарылышы контролдонду; г) посттогу жана кеземеттеги медайымдар ДМЧАларды сутка бою көзөмөлгө алды. | |||||
4 жол-жобонун узактыгы: сутка бою | |||||
№4-жол-жобонун тиби: административдик | |||||
Киийнки жол-жобонун номери: 5 | |||||
№ 5-жол-жобо: Реабилитациялык иш-чаралардын комплекси аяктагандан кийин, реабилитациялык картадан көчүрмөсүн берүү менен, ДМЧАны чыгаруу | |||||
№ 5.1 -аракет - чыгарууда ДМЧАга акыркы текшерүү жүргүзүлөт да, реабилитациялык картадан көчүрмөнү жана ДМЧАны жашаган жери боюнча көзөмөлдөөгө сунуштоону толтуруп берет.
| Палаталык врач
| 20 мүнөт
| КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы №429 Токтому менен бекитилген Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Реабилитация борборунун Жобосу
| ДМЧАнын реабилитациялык картасында көчүрмө эпикризди толтуруу, реабилитациялык картасынан көчүрмөнү колуна берүүү менен ДМЧАнын чыгаруунун алдында корутунду текшерүү; | |
№ 5.2-аракет - ДМЧАлардын аймактардан жүрүүсүнө маалымкат берилет (жылына бир жолу, бир тарапка); - “ДМЧАны чыгаруу Журналы” толтурулат; - ДМЧАнын реабилитацияга кайра кайрылуусунун датасы аныкталат; - чыгаруу болору маалымат СЖКМТга киргизилет | 10 мүнөт
| - “Талап кылган жери боюнча маалымкатты берүү, жүрүү” журналы, “чыгарылган ДМЧАлардын журналы” толтурулду, маалыматтар СЖМКТга киргизилди. | |||
№ 5.3-аракет - реабилитациялык картанын, чыгаруу эпикриздин, ДМЧАнын реабилитациялык картасынан көчүрмөнүн туура толтурулушуна контроль жүргүзүлөт | Башкы врач
| Бир ДМЧАга 10-15 мүнөт |
| -медициналк документтердин толтурулушуна контроль жүргүзүлдү. | |
№ 5.4-аракет - ДМЧАнын чыгарылган күнү жана кайталап реабилитациядан өткөн мөөнөт белгиленет | Башкы медайым | Бир ДМЧАга 10 мүнөт |
| -ДМЧА пландык кайталап реабилитациялоо тизмесине киргизилди | |
4 аракет | 5 адам | 55 мүнөт |
|
| |
№5-жол-жобонун жыйынтыгы: а) реабилитациялык кызмат көрсөтүүнүн сунушталган комплексинин аткарылышынын тууралыгы жана толуктугу контролго алынды; б) ДМЧАнын реабилитациялык картасы толтурулду; в) ДМЧАнын колуна жүргүзүлгөн реабилитациянын жыйынтыгы көрсөтүлүү жана жашаган жеринен сунуштоолор менен, реабилитациялык картанын көчүрмөсү берилди; г) КР Өкм өтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы жобосуна ылайык, “ республиканын алыскы региондорунда жашаган, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жылына 1 жолу бир тарапка автомобиль транспортуна (таксиден башка) жол киресин төлөйт”; д) чыгаруу журналы, жолдо жүрүүгө маалымкат үчүн журнал, реабилитацияга кийин кайрылуу мөөнөтүнө каттоо журналы толтурулду. | |||||
5-жол-жобонун узактыгы: 55 мүнөт | |||||
Жол-жобонун тиби: административдик | |||||
Кийинки жол-жобонун номери: жол-жобо аяктады | |||||
Таблица №3
Кызмат көрсөтүү параметринин аталышы | Сандык маалыматттар |
1. жол-жоболордун саны, бардыгы болуп: анын ичинде: - административдик жол-жоболор; - уюштуруу-башкаруучулук жол-жоболор; - көмөкчү жол-жоболор; - атайын жол-жоболор | 5
5 0 0 0 |
2. жол-жоболордун жалпы узактыгы | Реабилитацияга 15-20 күн; Протездик буюмдун татаалдыгына жараша, пртездөөгө 35 жумушчу күнгө чейин |
3. Электрондук форматта аткарылуучу жол-жоболордун саны | 1 |
4. ЧДМЧАдан суралып алынган документтердин саны | 7 |
5. Реабилитациялоо кызмат көрсөтүүсүнө катышкан тараптагы уюмдардын саны, бардыгы: анын ичинде: - ведомство ичинде өз ара аракеттенүү: - ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү | 4
3 1 |
6. Реабилитациялочу кызмат көрсөтүүгө катышкан жактардын саны | 22 |
7. Кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган документердин саны | 4 |
8. Башка |
|
5. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блогу
6. Кызмат көрсөтүүдө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөнкү блок-схемада көрсөтүлгөн
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына контроль
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (кезектеги) жана тышкы контроль жүргүзүлөт:
- Ички контролду ДМЧА РБ директору жүргүзөт;
- Текшерүүлөрдү жүргүзүү туруктуу негизде жүзөгө ашырылат;
Пландан тышкары текшерүүлөр ДМЧАнын арызы боюнча жүргүзүлөт;
3) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча аныкталган кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарын бузгандыгын жоюу боюнча чаралар кабыл алынат, ошондой эле күнөөлүү жактардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилиги жөнүндөгү маселе каралат.
7. Кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссия, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контроль жана көзөмөл жүргүзүү функцияларына ээ болгон башка органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
1) 1) Комиссиянын ишинин жыйынтыктары маалымкат түрүндө таризделет, ага административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) 2) Маалымкат кол коюлган мөөнөттөн баштап 3 жумушчу күндүн ичинде ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Маалымкат келген күндөн баштап бир ай мөөнөтүндө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча ал бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата чаралар, тартипке чакыруу жана административдик чаралар кабыл алынышы керек.
Керек болсо, белгиленген тартипте үч жылда бир жолудан кем эмес мөөнөт менен дайыма административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) 3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль бир жылда бирден кем эмес жолу өткөрүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунун кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын административдик жана эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти алып жүрүшөт.
9. Кызмат көрөтүүнү же анын бөлүгүн жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берген учурда, админисративдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеде сакталып калат.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты менен бир маалда жана зарылдыкка жараша кайра кароого жатат.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар
11. Туменбаева Чинаркуль Айдарбековна – ДМЧАны Реабилитациялоо борборунун директорунун орун басары.