Загрузка документа…
| Тиркеме 1 Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2020-жылдын 5-октябрындагы №2-дп буйругу менен бекитилген
|
Салттуу айыл чарба өндүрүшүнөн органикалык айыл чарбасын жүргүзүүгө өтүүнүн эрежелери
Салттуу айыл чарба өндүрүшүнөн органикалык айыл чарбасын жүргүзүүгө өтүүнүн сунушталып жаткан эрежелери (мындан ары Эрежелер деп аталат) «Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-беренесинин биринчи бөлүгүнө (мындан ары Мыйзам деп аталат) ылайык иштелип чыккан, анда салттуу айыл чарба өндүрүшүнөн органикалык айыл чарбасын жүргүзүүгө өтүүнүн тартиби аныкталат.
1-бөлүм. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
1) органикалык дыйканчылык – жер кыртышынын табигый түшүмдүүлүгүн сактоого багытталган жер иштетүү ыкмаларын, буурчак өсүмдүктөрүн жана башка жашыл кык (сидералдык) өсүмдүктөрүн өстүрүү менен атайын которуштуруп айдоо ыкмасын колдонуу жана компосттоо же анаэробдук ферментация стадиясынан өткөн органикалык жер семирткичтерди пайдалануу, ошол эле убакта синтетикалык жер семирткичтерди, пестициддерди жана өсүмдүктөрдүн өсүшүн жөнгө салгыч регуляторлорду колдонбостон, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү;
2) органикалык мал чарбачылык – органикалык өндүрүштүн талаптарына ылайык кармалган же жергиликтүү шарттарга көнүү жана ооруларга туруштук берүү жөндөмүн арттыра турган органикалык өндүрүштүн эрежелери колдонулган өткөөл мезгилдин шартында багылган тукумдук малдан алынган жаныбарлардын породаларын жана түрлөрүн багып өстүрүү.
3) органикалык айыл чарба өндүрүшүн жүргүзгөн чарба субъекттери – органикалык өндүрүштү жүргүзүү максатында пайдаланылган өндүрүштүк бөлүктөр (бирдиктер), территория, жер жана балык өстүрүү участоктору, көлмөлөр, жайыттар, имараттар, сактоочу жайлар, өсүмдүктөрдү жана мал чарба азыктарын өндүрүүдө колдонулган техникалык каражаттар;
4) өткөөл мезгил (конверсия) – органикалык өндүрүшкө карата коюлган талаптарды колдонуу аркылуу айыл чарба өндүрүшүн органикалык жолдо жүргүзүүгө өтүү үчүн зарыл болгон убакыттын белгилүү бир аралыгы.
5) органикалык сырье – органикалык өндүрүшкө карата коюлган эрежелерге ылайык пестициддер жана өсүмдүктөрдү коргоонун башка каражаттарын, химиялык жер семирткичтерди, малдын өсүшүн жана семиришин шарттаган стимуляторлорду, антибиотиктерди, гормондук жана ветеринардык препараттарды, гендик-модификацияланган организмдерди пайдаланбастан өндүрүлгөн, ошондой эле иондоочу нурланууну пайдаланып тазалоого дуушар болбогон, курамында тыюу салынган жана зыяндуу заттар менен кайра иштетилген продуктылардын калдыктарын камтыбаган жагдайда өндүрүлгөн сырье.
6) салттуу айыл чарба өндүрүшү – айыл чарба азыктарын органикалык жана органикалык эмес катары ажыратып бөлбөй туруп, айыл чарба продукциясын өндүрүү жаатындагы иш;
7) салттуу айыл чарба өндүрүшүнөн органикалык айыл чарбасын жүргүзүүнүн өткөөл мезгили - айыл чарба азыктарын органикалык жолдо өндүрүүгө өтүү үчүн талап кылынган убакыттын белгилүү бир аралыгы.
Бул Эрежелер айыл чарба азыктарын органикалык жолдо өндүрүү иши менен алектенген физикалык же юридикалык тараптарга тиешелүү.
2-бөлүм. Салттуу айыл чарба өндүрүшүнөн органикалык айыл чарбасын жүргүзүүгө өтүүнүн жалпы эрежелери
1. Органикалык айыл чарба өндүрүшүнө өтүүнүн жалпы эрежелери
2. Өткөөл мезгил органикалык жолдо башкаруу системасын практика жүзүндө колдонууга, ошондой эле таза жана күрдүү топурак кыртышын даярдоого мүмкүндүк түзөт.
3. Өткөөл мезгилде жүргүзүлгөн бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын органикалык айыл чарба өндүрүшү жаатындагы мыйзамдарына ылайык органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн талаптарына жооп берүүгө жана Кыргыз Республикасы катышуучу мүчө катары кабыл алган жана белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде аныкталган эрежелерге, жалпыга таанымал принциптерге, стандарттарга (мындан ары Стандарттар деп аталат), ошондой эле ушул Эрежеге дал келүүгө тийиш.
4. Өткөөл мезгил өндүрүштүк бөлүктү (бирдикти) көзөмөлдөө системасына кошкондон кийин, ошондой эле сертификаттоочу орган менен келишим түзүүнүн натыйжасында ал бөлүк ушул Эрежени жана органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн талаптарын Кыргыз Республикасынын органикалык айыл чарба өндүрүшү жаатындагы Стандарттарына ылайык аткарууга киришкенден кийин гана башталышы мүмкүн.
5. Эгерде бүтүндөй фермердик чарба бир эле мезгилде органикалык өндүрүш жүргүзүүгө өтпөсө, анда Кыргыз Республикасынын органикалык айыл чарба өндүрүшү жаатындагы мыйзамдарына, Стандарттарына, ошондой эле ушул Эрежеге таянып, бул процесс өткөөл мезгилдин баштапкы этабынан тартып фермердик чарбанын ылайыктуу жерлерине жайылтылып, акырындык менен жүргүзүлөт.
6. Органикалык айыл чарба өндүрүшүн жарым-жартылай негизде баштаган учурда, өткөөл мезгилде өндүрүлгөн органикалык продукцияны сактоо, ошондой эле малды кармоо жана өсүмдүктөрдү өстүрүү өз-өзүнчө жүргүзүлүшү керек.
7. Өткөөл мезгилде иштетилип жаткан чарба бөлүктөрү, ошондой эле органикалык өндүрүш үчүн арналган талаалар (бир жерден экинчи жерге) которулбоого тийиш, органикалык жана салттуу өндүрүш ыкмалары өзгөрүлбөш керек.
3-бөлүм. Органикалык айыл чарба өндүрүшүнө өтүүнүн дыйканчылыкка тиешелүү эрежелери
1. Бул Эрежелерде жазылган талаптар чарба субъекттеринин участокторунда органикалык өндүрүш жүргүзүүгө өтүү мезгилинин бүткүл аралыгында сакталууга тийиш.
2. Салттуу айыл чарба өндүрүшүнөн органикалык айыл чарбасын жүргүзүүгө өтүү мезгили төмөнкүдөй жолдо башталышы керек:
1) (бир жылдык өсүмдүктөр үчүн) айдап себүүдөн же отургузуудан эки жыл мурун;
2) органикалык тоют катары пайдаланылчу жайыттарда же шалбааларда мал жаюудан же түшүмүн жыйноодон эки жыл мурун;
3) (тоют өсүмдүктөрүнөн тышкаркы көп жылдык өсүмдүктөр үчүн) органикалык азыктардын түшүмүн жыйноодон үч жыл мурун.
3. Өткөөл мезгилдин башталыш күнүнүн алдындагы 12 айга барабар же андан узакка созулууга тийиш болгон убакыт төмөнкү учурларда өткөөл мезгилге киргизилиши мүмкүн:
1) эгерде органикалык өндүрүштө уруксат берилген чаралар колдонулуп, бирок ушул жер тилкелеринде органикалык өндүрүштө колдонууга тыюу салынган каражаттар жана заттар пайдаланылбаган болсо.
2) эгерде жер тилкелери органикалык өндүрүштө колдонууга тыюу салынган каражаттар жана заттар менен кеминде эки жыл же андан узагыраак убакыт бою иштетилбесе.
4. Органикалык өндүрүшкө өткөрүлүп берилген же органикалык өндүрүшкө өтүү процессинде болуп, бирок органикалык өндүрүштө колдонууга тыюу салынган каражаттар же заттар колдонулган жер тилкелери үчүн ушул Эрежелерде каралган өткөөл мезгилдин башталышы органикалык өндүрүштө колдонууга уруксат берилбеген каражаттар же заттар колдонулган учурдан тартып, кайрадан белгилениши керек.
5. Эгерде өткөөл мезгил башталгандан бери кеминде бир жыл өтсө гана, өсүмдүк азыктары «органикалык өндүрүшкө өтүү стадиясында өндүрүлгөн» катары колдонулушу же сатылышы мүмкүн.
4-бөлүм. Органикалык айыл чарба өндүрүшүнө өтүүнүн мал чарбачылыкка тиешелүү эрежелери
1. Органикалык мал чарбачылык системасын түзүү орто мөөнөттүк өткөөл мезгилди талап кылат. Салттуу өндүрүштөн органикалык өндүрүшкө өтүп жаткан мал чарбачылык системалары малдын табигый жүрүм-турумун калыптандыруу, иммунитетин көтөрүү жана зат алмашуусун (метаболизм функцияларын) нормалдаштыруу үчүн өткөөл мезгил болууга тийиш.
2. Сертификаттоочу орган өткөөл мезгилдин узактыгын же жерди пайдалануу, мал жана мал чарба продуктыларын өндүрүү үчүн белгиленген шарттарды төмөнкү учурларда кыскартат:
1) чөп жебеген мал жайылуучу жайыттар жана ачык жерлер үчүн өткөөл мезгил бир жылга чейин кыскартылышы мүмкүн;
2) эгерде тиешелүү аянттарда мурунку жылы органикалык өндүрүштө колдонууга уруксат берилбеген заттар колдонулбаса, анда мындай жер аянттары үчүн өткөөл мезгил алты айга чейин кыскартылышы мүмкүн;
3) сертификаттоочу орган тарабынан белгиленген шарттарды аткарып жаткан өткөөл мезгил аралыгында ири мал чарба комплексинен келип түшкөн ири мүйүздүү бодо мал, жылкы, кой-эчки же алгачкы жолу өткөрүлүп жаткан саан мал үчүн;
4) бир чарбадагы малды жана ошол эле өндүрүштүк бөлүктүн ичинде багылган малды жаюу үчүн пайдаланылган өндүрүштүк объектти бир эле мезгилде органикалык өндүрүшкө өткөрүү орун алса, аталган чарбада кармалган мал жана алардын тукумдары ушул чарба бирдигинин продукциясы менен тоюттандырылган шартта гана, андагы мал үчүн да, малга жайыт катары пайдаланылуучу жайыт жана/же жер үчүн да өткөөл мезгилдин мөөнөтү эки жылга чейин кыскартылышы мүмкүн.
3. Кыргыз Республикасынын органикалык айыл чарба өндүрүшү жаатындагы мыйзамдарына, жерди пайдалануу жана мал багуу боюнча стандарттарга ылайык, ушул Эрежеге жана органикалык айыл чарба өндүрүшүнө тиешелүү болгон бардык талаптар акыркы продукт органикалык деп эсептелгенге чейинки өткөөл мезгилдин аралыгында аткарылышы керек. Өндүрүш объектиси менен жаныбарлар бир эле учурда «органикалык» деген статуска өтүп калышы мүмкүн.
4. Мал чарбачылыктагы өткөөл мезгилдин узактыгы төмөнкүдөй:
Ири мүйүздүү мал жана жылкы:
- эт азыктарын өндүрүүдө: 12 ай жана алардын өндүрүштүк циклинин 3⁄4 кем эмес убактысы органикалык жолдо башкаруу системасына өтүүгө тийиш;
- торпок этинен азыктарды өндүрүүдө: 6 ай, алар туулгандан кийин энесинен ажыратылаар замат, 6 айлык кезинде;
- сүт азыктарын өндүрүүдө: компетенттүү орган тарабынан белгиленген өткөөл мезгилди жүзөгө ашыруу аралыгында 90 күн, андан кийин 6 ай.
Кой-эчки:
- эт азыктарын өндүрүүдө: 6 ай;
- сүт азыктарын өндүрүүдө: компетенттүү орган тарабынан белгиленген өткөөл мезгилди жүзөгө ашыруу аралыгында 90 күн, андан кийин 6 ай.
3) чочко этинен азыктарды өндүрүүдө: 6 ай.
Канаттуулар / мекияндар:
- эт азыктарын өндүрүүдө: ошол канаттууну 3 күндүк кезинде сатып алгандан кийин 12 жума.
- жумуртка өндүрүүдө: 6 жума.
5. Ушул Эрежелердин 4-пунктуна ылайык, өткөөл мезгил башталган учурда чарбакер субъекттерде кармалып турган жаныбарлар жана мындай жаныбарлардан алынган мал чарба азыктары өткөөл мезгилди башынан өткөргөн соң органикалык өндүрүш категориясына өткөрүлүшү мүмкүн.
6. Курамында мал чарбачылыгын, малды тоюттандыруу үчүн пайдаланылуучу жайыттарды жана (же) ар кандай жер тилкелерин да камтыган бүтүндөй чарбалык өндүрүш бир эле мезгилде органикалык өндүрүш жүргүзүүгө өткөн учурда, анда багылган малдан өндүрүлгөн продукция органикалык деп саналышы мүмкүн.
7. Эгерде мал негизинен өз өндүрүшүнүн продукциясы менен тоюттандырылса, учурда чарбада кармалган жаныбарлар үчүн да, алардын тукумдары, малды тоюттандыруу үчүн пайдаланылуучу жайыттар жана (же) ар кандай жер тилкелери үчүн да өткөөл мезгилдин жалпы мөөнөтү 24 айга чейин кыскартылышы мүмкүн.
5-бөлүм. Органикалык айыл чарба өндүрүшүнө өтүүнүн аарычылыкка тиешелүү эрежелери
1. Эгерде ушул Эрежелер жана органикалык өндүрүш жаатындагы эрежелер/стандарттар бир жылдан кем эмес убакытта сакталып аткарылган болсо, аарычылык өндүрүшүнүн азыктары органикалык жолдо өндүрүлгөн катары сатылышы мүмкүн.
2. Породаларын тандоодо аарылардын жергиликтүү шарттарга ыңгайлашуу мүмкүнчүлүгүн, алардын жашоого ийкемдүүлүгүн жана ооруларга туруштук берүү жөндөмдүүлүгүн эске алуу таап кылынат.
3. Органикалык аары чарбасында аарылар органикалык өндүрүшкө карата коюлган талаптарга жооп бербеген учурда, бал челек турган жерлер үчүн өткөөл мезгил колдонулбайт, б.а. органикалык бал челек колонияларына жыл сайын ушул Эрежелердин жана органикалык өндүрүш стандарттарынын талаптарына жооп бербеген эне аарылардын 10% отургузууга уруксат берилет; мындайча көбөйтүүдө аарылар органикалык уюктарга отургузуу жолу менен өндүрүлгөн болушу керек.
4. Өткөөл мезгилдин аралыгында аарычылык өндүрүшүнүн бардык этаптарында колдонулган аары колониялары жана мом органикалык жол менен өндүрүлгөн уюктарга жана момго алмаштырылууга тийиш. Эгерде тыюу салынган азыктар уюкта мурда колдонулбаса, момду алмаштыруу талап кылынбайт.
5. Бардык уюктарды жана момду бир жылдын ичинде алмаштыруу мүмкүн болбогон учурда, өткөөл мезгил аларды толугу менен алмаштыруу үчүн талап кылынган мөөнөттүн аягына чейин узартылышы керек. Органикалык жол менен өндүрүлгөн аары момун табуу мүмкүн болбой калган жайгдайда, мөөр басылган клеткалардан же тыюу салынган материалдар колдонулбаган жерлерден алынып келинген шартта гана, ушул стандартка туура келбеген булактардан алынган момду колдонууга компетенттүү орган же сертификаттоочу орган тарабынан уруксат бериши мүмкүн.
6-бөлүм. Аквакультура өндүрүшүндөгү өткөөл мезгилдин узактыгы
1. Органикалык айыл чарба өндүрүш жаатындагы эрежелер колдонулган жагдайдагы өткөөл мезгилдин узактыгы, ошондой эле тиешелүү учурларда органикалык өндүрүштүн эрежелеринен чыгарып салуу төмөнкүчө жүргүзүлөт:
- 12 ай - тамак-аш икрасын өндүрүү максатында осетр балыктарын өстүрүүдө;
- 6 ай - тамак-аш икрасынан тышкаркы, аквакультура продукциясын өндүрүү максатында осетр балыктарын өстүрүүдө;
- 4 ай - (осетр балыктарынан тышкаркы) балыктарды, омурткасыздарды жана балырларды өстүрүүдө.
7-бөлүм. Өткөөл мезгил стадиясында азыктарды маркалоо
1. Органикалык азык статусуна өтүү процессинде өндүрүлгөн азыктарга «продукт органикалык өндүрүш системасына өтүү стадиясында турат» деген маркалоо төмөнкүдөй шартта коюлушу мүмкүн:
1) эгерде өндүрүүчү сертификаттоо программасына киргизилген болсо жана ушул Эрежелер менен Стандарттарга ылайык өндүрүү же кайра иштетүү өткөн он эки айдын ичинде жүргүзүлсө;
2) «продукт органикалык өндүрүш системасына өтүү стадиясында турат» деген маркалоо же ушул сыяктуу билдирүү түсү, көлөмү жана сатыла турган өнүмдүн сыпаттамасынан анча көп байкалбай турган жазуу стили; санынын азаюу тартибинде жазылган ингредиенттердин тизмеси жана азыктын курамындагы кайсы ингредиенттер «органикалык өндүрүш системасына өтүү стадиясында тургандыгы» көрсөтүлгөн маалымдаманы камтыган болсо.
2. Маркалоо расмий түрдө таанылган сертификатточу органдын аталышын жана/же кодунун номерин чагылдырат.
3. Органикалык продукция үчүн мамлекеттик логотип органикалык продуктыларды коштоочу этикеткаларга же тиркемелерге төмөнкүдөй жагдайда киргизилиши мүмкүн:
1) өткөөл мезгилде өндүрүлүп жаткан азыктар үчүн колдонулбайт;
2) ал «органикалык» же «органикалык продукт» катары маркаланган азыктар үчүн колдонулат, бирок «органикалык продуктылардан жасалган» деп маркаланган азыктар үчүн колдонулбайт.