Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
АЙЫЛ ЧАРБА, ТАМАК-АШ ӨНӨР ЖАЙЫ ЖАНА
МЕЛИОРАЦИЯ МИНИСТРИЛИГИ
БУЙРУК
2020-жылдын 5-октябры №2-дп
Органикалык айыл чарба өндүрүш тармагына тиешелүү айрым ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамын аткаруу максатында, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн белгилүү бир ченемдик эрежелерди иштеп чыгуу жаатындагы ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана өзүн-өзү башкаруунун аткаруу органдарына ыйгарып берүү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрында кабыл алынган №530-токтомун жетекчиликке алуу менен
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Бекитилсин:
1) Салттуу айыл чарба өндүрүшүнөн органикалык айыл чарбасын жүргүзүүгө өтүүнүн эрежелери 1-тиркемеге ылайык;
2) Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн реестрин түзүү эрежелери 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Органикалык айыл чарба департаментине:
- каттоодон өткөндөн кийин үч жумуш күндүн аралыгында бул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде расмий булактарда жарыялансын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин расмий вебсайтына жайгаштырылсын;
- расмий түрдө жарык көргөндөн кийин үч жумуш күндүн аралыгында бул буйрукту ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүүсү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;
- бул буйруктун көчүрмөсүн белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратына жөнөтүлсүн.
3. Аталган буйрук расмий түрдө жарыялангандан кийин 15 күн өткөн соң күчүнө кирет.
4. Аталган буйрукту аткарууга көзөмөл жүргүзүү милдети Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К. Керималиевага жүктөлсүн.
Министр | Э.Чодуев |