Загрузка документа…
| Тиркеме 2 Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2020-жылдын 5-октябрындагы №2-дп буйругу менен бекитилген
|
Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн реестрин түзүүнүн/жүргүзүүнүн эрежелери
1-бөлүм. Жалпы жоболор
1. Бул эрежелер «Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-беренесинин талаптарына ылайык органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик реестрин (мындан ары Реестр деп аталат) түзүү тартибин аныктайт.
2. Реестр өндүрүүчүлөр (өндүрүш операторлору), ошондой эле алар тарабынан өндүрүлгөн, кайра иштетилген жана сатылып өткөрүлгөн органикалык продукциянын түрлөрү жөнүндөгү маалыматтарды камтыган маалымат системасын билдирет.
3. Реестр керектөөчүлөргө жана башка кызыкдар тараптарга акысыз маалымат таркатуу максатында түзүлөт.
2-бөлүм. Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн реестрин түзүүнүн/жүргүзүүнүн эрежелери
1. Органикалык айыл чарба өндүрүш тармагындагы ыйгарым укукка ээ болгон орган сертификаттоочу органдар тарабынан сунушталган маалыматтарды реестрге киргизүү аркылуу реестрди түзөт/жүргүзөт.
2. Реестр коомчулуктун колдонуусу үчүн ачык/жеткиликтүү болууга жана айыл чарба өндүрүш тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын вебсайтында жыл сайын жарыяланып турууга тийиш.
3. Сертификаттоочу орган органикалык шайкештиги тууралу сертификат (күбөлүк) берилгендигин тастыктаган келишимге кол коюлгандан кийинки 10 жумуш күндүн аралыгында айыл чарба өндүрүш тармагындагы ыйгарым укуктуу органга ушул Эрежелердин 5-беренесине ылайык маалыматтарды жөнөтөт.
4. Сертификаттоочу органдан маалыматтарды алгандан кийинки 5 жумуш күндүн аралыгында айыл чарба өндүрүш тармагындагы ыйгарым укуктуу орган өзүнүн вебсайтына маалыматтарды жарыялап чыгарат.
5. Реестрге киргизилген органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчү мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн чагылдырган жазуу төмөнкү маалыматтарды камтышы зарыл:
1) толук жана (эгер бар болсо) кыскартылган аты, ишкананын аталышы, негизги мамлекеттик каттоо номери жана юридикалык жактын түзүлгөндүгү тууралу маалыматтын юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген күнү, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (юридикалык жактар - өндүрүш операторлору үчүн);
2) фамилиясы, аты, атасынын аты (эгер бар болсо), салык төлөөчү физикалык жактын - өндүрүүчүнүн (оператордун) идентификациялык номери, негизги мамлекеттик каттоо номери жана жеке ишкерлердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген күнү жана физикалык жактын жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралу жазуулар (физикалык жактар – операторлор катары алектенген жеке ишкерлер);
3) органикалык азыктарды өндүргөн, кайра иштеткен же сатып өткөргөн өндүрүш ордунун дареги;
4) өндүрүлгөн, кайра иштетилген же сатылып өткөрүлгөн органикалык продукциянын түрлөрү;
5) шайкештик сертификатынын регистрациялык номери;
6) шайкештик сертификатынын берилген, убактылуу күчүнөн кайтарылган же токтотулган күнү;
7) шайкештик сертификатынын жарактуу мөөнөтү;
8) шайкештик сертификатын берген орган жөнүндөгү маалымат:
- толук жана (эгер бар болсо) кыскартылган аты, мамлекеттик жана расмий тилдерде мекеменин аталышы жана юридикалык жактын жайгашкан орду, негизги мамлекеттик каттоо номери жана юридикалык жактын түзүлгөндүгү тууралу маалыматтын юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген күнү, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (юридикалык жактар үчүн);
- фамилиясы, аты, атасынын аты (эгер бар болсо) мамлекеттик жана расмий тилдерде, негизги мамлекеттик каттоо номери жана жеке ишкерлердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген күнү жана физикалык жактын жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралу жазуулар, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (жеке ишкерлер үчүн).
6. Айыл чарба өндүрүш тармагындагы ыйгарым укуктуу орган реестрди 6 айда бир такай жаңыртып турууга тийиш.