Загрузка документа…
| 1-тиркеме БЕКИТИЛГЕН Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын “21” январындагы №1-д буйругу менен |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН
АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
«Архив иши жана иш кагаздары боюнча сабактарды өтүү»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 1-главасы, 120-пункту
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Малекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин Архив иши жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча адистерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу окуу борбору тарабынан жүргүзүлөт.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти төмөнкүдөй талаптарга жооп берет:
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 109 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө жобо.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы:
- кайрылууну кабыл алуу - 10 мүнөттөн ашык эмес;
- кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгын берүү - тестирлөөнүн жыйынтыгы таризделгенден кийин 5 мүнөттөн ашык эмес (кыска мөөнөттүк курсту бүткөндүгүн тастыктаган сертификат).
(2) Кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
а) юридикалык жактын кайрылуусу (кат жүзүндө);
б) жеке жактын кайрылуусу (арыз);
в) кызмат көрсөтүү жөнүндөгү келишим;
г) кызмат көрсөтүүгө акы төлөгөндүгү жөнүндө эсеп квитанциясы;
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив мекемелери тарабынан аткарылган акы төлөнүүчү иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө баалар прейскуранты менен аныкталат (2-бөлүм. Архив иши жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча окууларды өткөрүү, 2.1-2.4-пункттар).
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: “иш кагаздарын жүргүзүү”, «архив иши» багыттары боюнча квалификациясын жогорулатуу (кыска мөөнөттүү) жөнүндө документ (сертификат) берүү;
5. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 «Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 4-апрелиндеги № 2970 «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу тууралуу” токтому (3-п. Окуу борборун түзүү жөнүндө);
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 109 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-июлундагы № 517 «Кыргыз Республикасында Иш кагаздарын жүргүзүүнүн типтүү нускамасы жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 72 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-мартындагы № 160 «Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана башка юридикалык жактардын архиви жөнүндө, Борбордук эксперттик комиссия жөнүндө жана мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана башка юридикалык жактардын эксперттик комиссиясы жөнүндө болжолдуу жоболорду бекитүү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин 2018-жылдын 14-мартындагы № 20-од “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин Архив иши жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча адистерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу борбору” мекемесин түзүү жөнүндө” буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгы тарабынан 2018-жылдын 3-апрелинде катталган (каттоо № 173441 - 3301 – М-е) “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин Архив иши жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча адистерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу борбору” мекемесинин Уставы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2016-жылдын 13-июнундагы № 66 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив мекемелери тарабынан аткарылган акы төлөнүүчү иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө баалар прейскуранты (1-бөлүк, 2-бөлүм);
- Архив агенттигинин 2009-жылдын 17-августундагы № 46/1 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринин негизги иш эрежелери;
- Архив агенттигинин Илимий-усулдук комиссиясынын 2009-жылдын 18-августундагы чечими менен бекитилген Уюмдардын архивдеринин негизги иш эрежелери ж.б.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө кайрылууну кабыл алуу жана каттоо
| Жеке жактын кайрылуусу - жарандын жазуу, оозеки же электрондук түрүндө баяндалган арызы. Юридикалык жактын кайрылуусу – өтүнүч кат, анын максаты болуп мекемеге, уюмга – авторго зарыл кызмат көрсөтүүлөрдү алуу саналат. Жазуу жүзүндөгү бардык кайрылуулар сөзсүз түрдө каттоого алынышы керек. |
2 | Кызмат көрсөтүүнү алуучу жак менен келишим түзүү. Төлөнгөн эсеп-квитанцияларын кабыл алуу | Келишим түзүү эки тараптын милдеттенме укуктук мамилелерин аныктоочу маанилүү юридикалык жол-жобо болуп эсептелет. Келишим бекитилгенден тартып кызмат көрсөтүүнүн негизги иш процесстери башталат. |
3 | Окуу процессине даярдык көрүү | Бул жол-жобо кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгынын өз убагында жана сапаттуу берилишин камсыздоочу көптөгөн административдик-уюштуруу иш-аракеттерин камтыйт. |
4 | Окутуу процесси. Окуучулардын билим деңгээлин баалоо | Бул жол-жобо окутуунун негизгиси болуп эсептелгендиктен, окуу материалдарын сунуштоонун ар-кандай түрлөрү колдонулат (лекция, семинар-тренинг, мастер-класстар, темалардын презентациялары, ж.б.). Окугандардын билим деңгээлин баалоо (тестирлөө) Окуу борборунун окуучулары алган билим деңгээлин текшерүүгө багытталган. |
5 | Керектөөчүгө кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүү. | “Архив иши”, “иш кагаздарын жүргүзүү” багыттары боюнча жана документтерди архивдештирүү тармагындагы башка бир багыттар боюнча квалификацияны жогорулатуу (кыска мөөнөттүү) жөнүндө документ (сертификат) берүү. |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салуучу документ |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-жол-жобо. Кызмат көрсөтүү жөнүндө кайрылууну кабыл алуу жана каттоо | ||||
1.1. Кызмат көрсөтүү жөнүндө кайрылууну кабыл алуу (кезек күтүү менен, почта байланышы аркылуу). | Кайрылууну кабыл алууга жана каттоого жоопкер кызматкер
| - 10 мүн. ашпайт (кезек күтүү менен кайрылууда); - почтага келип түшкөн күнү | Кайрылууну кабыл алуу. Кат жүзүндөгү кайрылууну баштапкы кароодон өткөрүп кароо | “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КР Мыйзамы |
1.2. Арыз ээсин кызмат көрсөтүүнүн шарты менен тааныштыруу
| Кайрылууну кабыл алууга (каттоого) жоопкер кызматкер
| - 20 мин. мүн. ашпайт (арыз ээсин кабыл алуу учурунда)
| Кызмат көрсөтүүнүн шарттары жөнүндө маалымат берүү (зарылдыгына карата: - арыз ээсинин төмөнкү себептер боюнча кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу: - окуу модулдары туура келбейт; - кызмат көрсөтүүнүн наркы канааттандырбайт, ж.б.) | Мамлекеттик кызматтын стандарты;
Прейскурант (2-бөлүм) |
1.3. Кайрылууну (катты, арызды) Окуу борборунун жетекчисинин кароосуна берүү | Кайрылууну кабыл алууга жана каттоого жоопкер кызматкер
| - 10 мүн. ашпайт | Кызмат көрсөтүүнүн аткаруучусун, аткаруу тартибин жана мөөнөттөрүн камтыган жетекчинин резолюциясы | Типтүү нускама
|
1.4. Кайрылууну каттоого алуу | Кайрылууну кабыл алууга жана каттоого жоопкер кызматкер | - кайрылуу түшкөн күнү 5 мин. ашпайт
| Кайрылууну кириш документтерди каттоо журналына киргизүү | Типтүү нускама
|
1.5. Катталган кайрылууну аткаруучуга тапшыруу
| Кайрылууну кабыл алууга жана каттоого жоопкер кызматкер
| - кайрылуу түшкөн күнү 5 мин. ашпайт
| Аткарууга алынган кайрылуу | Типтүү нускама
|
1-жол-жобонун жыйынтыгы: Кайрылууну аткарууга алуу. Кайрылууну аткаруудан баш тартуу | ||||
1-жол-жобонун узактыгы: 20 мүн. ашпайт | ||||
1-жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруу | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||
2-жол-жобо. Кызмат корсөтүүнү алуучу менен келишим түзүү. Төлөм-квитанциясын алуу | ||||
2.1. Кызматтын наркын эсептеп чыгаруу. Кызмат көрсөтүүнү алуучу менен келишимге кол коюу. | Окуу борборунун директору, методисти, Архив агенттигинин финансисти | - 1 сааттан ашпайт | Кызматтын наркынын аныкталышы. Кызмат алуучу менен келишимдин түзүлүшү | Окуу борборунун уставы; Типтүү келишим; Баа ченемдери ( 2-бөлүм.) |
2.2. Төлөм эсебин чыгарып берүү. Төлөм квитанциясын кабыл алуу | Архив агенттигинин финансисти | - 1 сааттан ашпайт - 10 мүн. ашпайт
| Кийинки жол-жобонун аткарылышынын камсыздалышы | Баа ченемдери ( 2-бөлүм.) |
2-жол-жобонун жыйынтыгы: Төлөм-квитанциясын алуу | ||||
2-жол-жобонун узактыгы: 1 сааттан ашпайт | ||||
2-жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруу | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||
3-жол-жобо. Окуу процессине даярдык көрүү | ||||
3.1. Окуу группаларын топтоо. | Окуу борборунун методисти | - келишимге кол коюлгандан кийин 1 иш күндөн ашпайт
| Угуучуларды топторго бөлүштүрүү
| Окуу борборунун уставы; Кызмат алуучулар менен түзүлгөн келишимдер |
3.2. Угуучуларды топторго бөлүштүрүү, лекторлорду бекитүү боюнча буйрук чыгаруу | Окуу борборунун директору | - 1 сааттан ашпайт
| Угуучулардын кабыл алынышын токтотуу. Окуу процессине катышууга уруксат берүү
| Окуу борборунун уставы; Кызмат алуучулар менен түзүлгөн келишимдер |
3.3. Окуу класстарын сабак өтүүгө даярдоо | Окуу борборунун методисттери; техникалык тейлөө адистери
| - окуу башталганга чейин 1 иш күндүн ичинде
| Кызмат алуучуларды окутууга шарт түзүү
| Архив агенттигинин директорунун буйругу |
3-жол-жобонун жыйынтыгы: Окуу процессин камсыздоого багытталган уюштуруу- тескөө маселелерин чечүү | ||||
3-жол-жобонун узактыгы: 1 иш күндөн ашпайт | ||||
3-жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруу | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 4 | ||||
4-жол-жобо. Окуу процесси. Угуучулардын билимин баалоо | ||||
| ||||
4.1. Окуу сабактарын өткөрүү (лекциялар, семинарлар, мастер-класстар, тажрыйбалык сабактар, экскурсиялар ж.б.)
| Окуу борборунун методисттери; борбордук, облустук мамархивдердин адистери | - - бекитилген ыраттамаларга ылайык (1 күндө 4 акад. саттан ашпайт) - -
| Кызмат алуучулардын архив иши жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча теориялык билим жана тажрыйбалык көнүгүү алуусу
| Окуу борборунун уставы; Негизги иш эрежелери; Окуу борборунун директорунун буйругу; Архив агенттигинин директорунун буйругу |
4.2. Окуучуларды тестирлөө (сурамжылоо). Тестирлөөнүн жыйынтыгын чыгаруу | Окуу борборунун директору, методисттери; мамархивдерден тартылган адистер.
| - тесттин ар бир суроосуна 1 мүн. чейин
- 1 сааттан ашпайт
| Окуучулардын алган билиминин жана тажрыйбасынын деңгээлин текшерип байкоо | Окуу борборунун директорунун буйругу; Архив агенттигинин директорунун буйругу |
4.3. Кыска мөөнөттүк курстун бүтүрүүчүлөрүнө документ (сертификат) тапшыруу жөнүндө буйрук даярдоо | Окуу борборунун директору
| - 30 мүн. ашпайт
| Угуучуларды чыгарууга (к выпуску) даярдоо
| Окуу борборунун уставы; Окуу борборунун директорунун буйругу
|
4-жол-жобонун жыйынтыгы: Сунушталган окуу программасы боюнча угуучулардын билим алышы. Сунушталган окуу программасы боюнча алынган билим деңгээлин текшерип байкоо | ||||
- 4-жол-жобонун узактыгы: жол-жоболук иш-аракеттер 1 күндө 1 сааттан ашпайт, окутуу иш-аракеттери - 1 күндө 4 акад. саттан ашпайт (тыныгууну кошпогондо) | ||||
4-жол-жобонун тиби: Атайын | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 5 | ||||
| ||||
5-жол-жобо. Кызмат алуучуга кызматтын жыйынтыгын берүү | ||||
5.1. Кызматтын жыйынтыгын - кыска мөөнөттүк курсту бүтүргөндүгү тууралуу документти (сертификатты) тапшыруу
| Окуу борборунун директору
| - тестирлөөнүн жыйынтыгы таризделгенден кийин 5 мүн. ашпайт
| 1) Кыска мөөнөттүк курсту бүтүргөндүгү тууралуу документти (сертификатти) тапшыруу; 2) Кыска мөөнөттүк курсту бүтүргөндүгү тууралуу документти (сертификатты) тапшыруудан баш тартуу; (эгерде сабактардын 40% на катышпаса, тестирлөөнүн жыйынтыгы канааттандырарлык болбосо ж.б.)
| Окуу борборунун уставы; Окуу борборунун директорунун буйругу
|
5-жол-жобонун жыйынтыгы: Кыска мөөнөттүк курсту бүтүргөндүгү тууралуу документти (сертификатты) тапшыруу. Кыска мөөнөттүк курсту бүтүргөндүгү тууралуу документти (сертификатты) берүүдөн баш тартуу | ||||
5-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөттөн ашпайт – тестирлөөнүн жыйынтыгы таризделгенден кийин | ||||
5-жол-жобонун тиби: Административдик | ||||
5. ЖОЛ-ЖОБОНУ АТКАРУУ СХЕМАСЫ (АЛГОРИТМДЕР)
1-жол-жобо: Кызмат көрсөтүү боюнча арызды кабыл алуу жана каттоо
2-жол-жобо: Кызмат көрсөтүүнү алуучу менен келишим түзүү.
Төлөм квитанциясын алуу.
3-жол-жобо: Окуу процессине даярдык көрүү
4-жол жобо: Окуу процесси. Угуучулардын билимин баалоо
5-жол-жобо: Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы.
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Ички (күндөлүк) контроль Окуу борборунун жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички (күндөлүк) контроль кызмат адамдары тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү ар чейректе бир жолудан жүргүзүлүп турат. Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын бузуулар боюнча аныкталган фактыларды жоюу чаралары көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү кызматкерлердин жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги тарабынан түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы маалымкат түрүндө таризделет, анда административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Маалымкатка кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Маалымкат түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына жараша белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы боюнча тышкы контроль жыл сайын жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын
бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Окуу борборунун кызмат адамдары жана кызматкерлери административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын кандайдыр бир бөлүгү аутсорсинг иретинде башка бир жеке жана/же юридикалык жактарга аткарууга берилсе, кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарын сактоо жоопкерчилиги ошол кызмат көрсөтүүнү берүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты кайра каралган убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучу:
Бектурова Асия Тобокеловна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин ведомстволук архивдер менен иштөө жана көзөмөлдөө секторунун башкы адиси.