Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫНЫН БУЙРУГУ
2020-жылдын 21-январы № 1-д
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 308 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жазуу ыйгарым укуктарын берүү жөнүндө” токтомдоруна ылайык
БУЙРУК КЫЛАМ:
Төмөнкү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттери бекитилсин:
- “Архив иши жана иш-кагаздары боюнча сабактарды өтүү” 1-тиркемеге ылайык;
- “Жеке жана юридикалык жактардын суроолору боюнча социалдык-укуктук жана тематикалык мүнөздөгү маалыматтарды берүү” 2-тиркемеге ылайык;
- “Архив фондунан документтердин көчүрмөлөрүн берүү” 3-тиркемеге ылайык;
- “Документтерди архивдик мекеменин аймагында убактылуу пайдалануу үчүн архивдик фонддон берүү” 4-тиркемеге ылайык;
- “Документтерди архивдик мекеменин аймагынан сыртта убактылуу пайдалануу үчүн архивдик фонддон берүү” 5-тиркемеге ылайык
- “Документтерди мамлекеттик сактоого тапшыруу үчүн даярдоо” 6-тиркемеге ылайык;
- “Арыз ээсинин демилгеси боюнча документтерди сактоо” 7-тиркемеге ылайык;
- “Архивдик фонддун бөлүгү болуп саналган документтерди сактоо” 8-тиркемеге ылайык;
- “Мекемелер, уюмдар, ишканалар үчүн тармактык жана жеке иштердин номенклатурасын даярдоо” 9-тиркемеге ылайык;
- “Туулгандыгын каттоо” 10-тиркемеге ылайык;
- “Никеге турууну каттоо” 11-тиркемеге ылайык;
- “Никеден ажырашууну каттоо” 12-тиркемеге ылайык;
- “Өлүмдү каттоо” 13-тиркемеге ылайык;
- “Фамилиясынын, атынын, атасынын атынын өзгөртүлүшүн каттоо” 14-тиркемеге ылайык;
- “Фамилиясынын, атынын, атасынын атынын өзгөртүлүшүн тезинен каттоо” 15-тиркемеге ылайык;
- “Атасы экендигин аныктоону каттоо” 16-тиркемеге ылайык;
- “Бала (кыз) багып алууну каттоо” 17-тиркемеге ылайык;
- “Нике бекитүүнү салтанаттуу каттоону жүргүзүү” 18-тиркемеге ылайык;
- “Жаңы төрөлгөн балдарды салтанаттуу каттоону жүргүзүү” 19-тиркемеге ылайык;
- “Жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу кайталап күбөлүк берүү, жарандык абалдын актыларынын маалымкатын, билдирүүлөрүн, көчүрмөлөрүн берүү” 20-тиркемеге ылайык;
- “Жарандык абалдын актыларынын жазуусуна оңдоолорду, толуктоолорду киргизүү” 21-тиркемеге ылайык;
- “Жарандык абалдын актыларын жазууга оңдоолорду, толуктоолорду тезинен киргизүү” 22-тиркемеге ылайык;
- “Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашоо үчүн туруктуу жана убактылуу уруксатты узартууну тариздөө” 23-тиркемеге ылайык;
- “Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга чек ара зонасына аз убакытка келүүсү үчүн уруксаттарды тариздөө” 24-тиркемеге ылайык;
- “ID-card формасындагы паспорттор менен Кыргыз Республикасынын жарандарын документтештирүү: алмаштыруу боюнча, бузулгандыгы боюнча, жоголгон паспортту калыбына келтирүү боюнча, эркинен ажыратуучу жайдан бошогондугу боюнча, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу боюнча” 25-тиркемеге ылайык;
- “Кыргыз Республикасынын жарандарын жалпы жарандык паспорттор түрүндө документтештирүү” 26-тиркемеге ылайык;
- “ID-card жана жалпы жарандык паспорттор түрүндөгү паспорттор менен Кыргыз Республикасынын жарандарын шашылыш документтештирүү” 27-тиркемеге ылайык;
- “Жарандардын, анын ичинде жашы жете элек балдардын, Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин аныктоо” 28-тиркемеге ылайык;
- “Табылган буюмдар бюросунун маалымкатын берүү” 29-тиркемеге ылайык;
- “Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүк берүү” 30-тиркемеге ылайык;
- “Өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүү” 31-тиркемеге ылайык;
- “Укукту күбөлөндүрүүчү документтерди, катталуунун номердик белгилерин берүү менен автомототранспорт каражаттарына менчик укукту каттоо (кайра каттоо)” 32-тиркемеге ылайык;
- “Транспорт каражаттар жана айдоочунун күбөлүктөрү тууралуу маалыматтарды тастыктоо” 33-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (мындан ары – Кызмат) ведомстволук бөлүнүштөрүнүн жетекчилери:
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген административдик регламенттери менен кызматкерлерди тааныштырышсын;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлер тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген административдик регламенттеринин сакталышын жеке контролго алышсын.
3. Кызматтын төмөнкү буйруктары күчүн жоготту деп таанылсын:
- 2018-жылдын 5-декабрындагы № 342 “Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө”;
- 2018-жылдын 10-майындагы № 176 “Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө”;
- 2019-жылдын 30-майындагы № 135 “Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө”;
- 2019-жылдын 20-июнундагы № 146 “Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө”;
- 2019-жылдын 15-майындагы № 119 “Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө”.
4. Кызматтын стратегиялык өнүктүрүү жана интеграциялык процесстер сектору “Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө” буйругунун көчүрмөсүн мыйзамдарда белгиленген тартипте төмөнкүлөргө жиберсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына расмий жарыялоо жана маалымат үчүн;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн.
5. Кызматтын уюштуруу-коммуникациялык иштер бөлүмү ушул буйрукту Кызматтын ведомстволук сайтына жарыяласын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кызматтын калкты документтештирүү жана архивдик иш бөлүмүнө, кыймылдуу мүлктү каттоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Төрага |
| А.И. Мамбетов |