Загрузка документа…
| 2-тиркеме БЕКИТИЛГЕН Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын “21” январындагы № 1-д буйругу менен |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
“Жеке жана юридикалык жактардын суроолору боюнча социалдык-укуктук жана тематикалык мүнөздөгү маалыматтарды берүү”
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү реестринин 6-главасы № 40
1. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бул түрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигине баш ийген мекемелер тарабынан жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын борбордук мамлекеттик архивдери (КР КФФД БМАдан тышкары);
- облустук мамлекеттик архивдери;
- Түштүк аймактар аралык коомдук-саясий документтер мамлекеттик архиви;
- Кыргыз Республикасынын Документтер борбору;
- шаардык мамлекеттик архивдер;
- райондук мамлекеттик архивдер.
2 Кызмат көрсөтүүнүн бул түрүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 токтому менен бекитилген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө жобонун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 (2016-жылдын 3-мартындагы №109 редакциясында) токтому менен бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн тийиштүү стандарттарынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: жеке кайрылууда кезек күтүүгө – 30 мүнөттөн ашык эмес; суроо-талапты аткаруу мөөнөтү – 1 күндөн 30 күнгө чейин; узак мезгил үчүн эмгек стажы жана эмгек акысы тууралуу суроо-талапты аткарууда (10 жылдан ашык) аткаруу мөөнөтү мамлекеттик архивдин жетекчисинин көрсөтмөсүнүн негизинде кошумча 30 күнгө узартылат.
(2) Кызмат көрсөтүү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
а) жазуу түрүндө арыз
б) ким экендигин ырастоочу документтин нускасы (паспорт)
в) көрсөтүлгөн кызматтын акысы төлөнгөндүгү тууралуу квитанция
г) ишеним кат (маалыматты үчүнчү жак алган учурда)
д) эмгек китепчесинин көчүрмөсү (зарыл учурда)
е) сот органынын чечими
ж) көрсөтүлгөн кызматтын акысын төлөөдө жеңилдик бере турган документтин көчүрмөсү
(3) Кызмат көрсөтүүнүн акысы: маалымкаттын түрүнө (көчүрмө, нуска) жана маалыматтын көлөмүнө жараша прейскурантка ылайык аныкталат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: архивдик маалымкат, документтен көчүрмө, көчүрмө же керектүү маалымат архивде болбогон учурда жарандын суроо-талабына терс жооп.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө негиз боло турган ченемдик укуктук документтер:
- КР «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы,
- КР «Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамы;
- КР «КР Улуттук архив фонду жөнүндө» Мыйзамы,
- КРӨ 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелер тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтому (2016-жылдын 3-мартындагы № 109 редакциясында) (мындан ары – Стандарт);
- КРӨнүн 2000-жылдын 20-январындагы №33 «КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда архивдик маалыматты пайдалануу принциптери жана өз ара аракеттенүү жөнүндө Макулдашууну бекитүү жөнүндө» токтому (мындан ары – Макулдашуу);
- КРӨ караштуу МКК тарабынан 2016-жылдын 4-апрелинде бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөмө кызматтарынын баа ченемдери” (мындан ары – Баа ченемдери);
- Мамлекеттик архив агенттигинин 2009-жылдын 17-августундагы № 46/1 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринин негизги иш эрежелери” (мындан ары – Негизги эрежелери);
- Архив агенттигинин 2015-жылдын 23-декабрындагы № 130 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив кызматы тарабынан социалдык-укуктук маанидеги суроо-талаптарды аткаруу боюнча нускама” (мындан ары – Нускама).
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Суроо-талапты кабыл алуу | 1а Арыз ээси архивге жеке кайрылганда суроо-талапты кабыл алуу; 1б Почта аркылуу келген суроо-талапты кабыл алуу; 1в Электрондук почта аркылуу келген суроо-талапты кабыл алуу; |
2 | Жазуу түрүндөгү суроо-талапты каттоо | Каттоо «Электрондук каттоо » АМСте жүргүзүлөт |
3 | Почта аркылуу келген профилдүү эмес суроо-талаптар менен иштөө | Ведомстволор ичинде (архивдер ортосунда) жана ведомство аралык (архив жана мекеме ортосунда) өз ара аракеттенүү тартибинде жүргүзүлөт. Профилдүү эмес суроо-талап менен арыз ээси өзү кайрылганда суроо-талап кабыл алынбайт, ага керектүү документтердин жайгашкан орду тууралуу консультация берилет. Электрондук байланыш каналдары аркылуу келген профилдүү эмес суроо-талаптар аткарууга алынбайт, алар документтердин жайгашкан орду боюнча башка мамлекеттик архивге же жаранга керектүү документтердин жайгашкан орду тууралуу консультация берилет. |
4 | Профилдүү суроо-талапты аткаруу | Мамлекеттик архивге сактоого түшкөн документтердин негизинде аткарылат |
5 | Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын керектөөчүгө берүү (жолдомо) | - Архивдик маалымкатты берүү (документтен көчүрмө, көчүрмө) же арыз ээсине терс жоопту берүү; - Архивдик маалымкаттын түп нускасын (документтен көчүрмө, көчүрмө) же терс жоопту почта аркылуу жөнөтүү. |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболорду сыпаттоо жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-жол-жобо. Суроо-талапты кабыл алуу. 1а Архивге арыз ээси жеке кайрылганда суроо-талабын кабыл алуу | ||||
1.1-иш-аракет Арыз ээсин кабыл алуу, суроо-талаптын мазмуну менен таанышуу | Суроо-талапты кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Кезекте 30 мүнөттөн ашык эмес күтүү менен
| Суроо-талаптын мазмунун тактоо | - КР «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы, КР “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамы |
1.2-иш-аракет Суроо-талаптын профилдигин аныктоо | Суроо-талапты кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Суроо-талаптардын 2 группасы: профилдүү жана профилдүү эмес | - Мамлекеттик архивдин фонддорунун тизмеси - Архивдин фонддорунун курамы жана мазмуну жонүндө маалымдагыч (жол көрсөткүч) | |
1.3-иш-аракет Эгерде суроо-талап профилдүү эмес болсо, арыз ээсине суроо-талап боюнча даректи көрсөтүү менен кайда кайрылуу тууралуу оозеки консультация берилет | Суроо-талапты кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Арыз ээси ага керектүү маалыматтын болжолдуу сакталган орду тууралуу маалымат алат | - КР «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы | |
1.4-иш-аракет Эгерде суроо-талап профилдүү болсо, кызмат көрсөтүүнү берүү үчүн керектүү документтерге текшерүү жүргүзүлөт | Суроо-талапты кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Кызмат көрсөтүүнү берүү үчүн керектүү документтердин пакети даярдалат | - КР «КР Улуттук архив фонду жөнүндө КР» Мыйзамы - Стандарт
| |
1.5-иш-аракет Арыз ээсине суроо-талапты аткаруу мөөнөтү жана кызмат көрсөтүүнүн баасы жана төлөөнүн ыкмалары тууралуу маалымат берүү | Суроо-талапты кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Арыз ээсинен суроо-талапты шашылыш аткарууга макулдугун бергендиги тууралуу тил кат алуу (арыз ээсинин суранычы боюнча) | - Стандарт - Прейскурант | |
1.6-иш-аракет Жеңилдиктердин бардыгын кароо жана аларды тастыктаган документтерди текшерүү
| Суроо-талапты кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Жеңилдиктердин бардыгын тастыктаган документтер бар учурда төлөнүүчү акыны коррективдөө | - Прейскурант | |
1.7-иш-аракет Профилдүү суроо-талапты аткарууга алуу
| Суроо-талапты кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Арыз ээсинин жазуу түрүндөгү профилдүү суроо-талабы | - Негизги эрежелери - Нускама
| |
1б Почта аркылуу келген суроо-талапты кабыл алуу | ||||
1.1. Аракет Суроо-талапты аткарууга кабыл алуу
| Суроо-талапты кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Бир жумуш күндүн ичинде | Арыз ээсинин кат жүзүндө (профилдүү, профилдүү эмес) суроо-талабы | - Нускама
|
1в Электрондук почта аркылуу келген суроо-талапты кабыл алуу | ||||
1.1-иш-аракет Суроо-талаптын мазмуну менен таанышуу, анын тиешелүүлүгүн аныктоо | Суроо-талапты кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Бир жумуш күндүн ичинде | Суроо-талапты бул мамархивде аткарууга мүмкүнбү же жокпу тууралуу чечим кабыл алуу | - Мамлекеттик архивдин фонддорунун тизмеси - Архивдин фонддорунун курамы жана мазмуну жонүндө маалымдагыч (жол көрсөткүч) |
1.2-иш-аракет Эгерде суроо-талап профилдүү эмес болсо жана документтердин сакталган орду белгисиз болсо, бул жөнүндө арыз ээсине документтердин мамархивге сактоого өтпөгөндүгү жана алардын сакталган орду белгисиз экендиги тууралуу жооп жиберилет | Суроо-талапты кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Документтердин болбогондугуна жана алардын сакталган орду белгисиз экендигине байланыштуу суроо-талапты аткаруудан баш тартуу | - Нускама
| |
1.3-иш-аракет Эгерде суроо-талап профилдүү эмес жана документтердин сакталган орду белгилүү болсо, суроо-талап башка мамлекеттик архивге жиберилет жана арыз ээсине бул жөнүндө маалымат берилет, же болбосо арыз ээсине документтердин башка мекемеде сактоодо экендиги тууралуу консультация берилет | Суроо-талапты кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Башка архивге жиберилген суроо-талап, арыз ээсине документтердин сакталган орду тууралуу маалымат берүү | - «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдери» (Бишкек, 2006) справочниги - Мамлекеттик архивдердин жол көрсөткүчтөрү
| |
1.4-иш-аракет Эгерде суроо-талап профилдүү болсо, кызмат көрсөтүү үчүн маалыматтын жана документтердин толуктугун текшерүү | Суроо-талапты кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Суроо-талапты аткаруу үчүн маалыматтын толуктугун аныктоо | - Нускама
| |
1.5-иш-аракет Маалымат толук болбосо (мисалы, арыз ээсинин дареги жок болсо) же керектүү документтер болбосо (мисалы, эмгек китепчесинин көчүрмөсү) арыз ээсине электрондук почта аркылуу суроо-талапты толуктоо боюнча сунуш жиберилет | Суроо-талапты кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Электрондук форматта толук эместиги тууралуу билдирүү | - Нускама
| |
1.6-иш-аракет Маалымат жана керектүү документтер толук болсо профилдүү суроо-талапты басып чыгаруу жана аткарууга алуу | Суроо-талапты кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Арыз ээсинин жазуу түрүндөгү профилдүү суроо-талабы | - Нускама
| |
|
|
|
|
|
1-жол-жобонун жыйынтыгы: катталууга тийиш жазуу түрүндөгү суроо-талап | ||||
1-жол-жобонун узактыгы: бир жумуш күндүн ичинде | ||||
1-жол-жобонун тиби: уюштуруу-башкаруу | ||||
| ||||
2-жол-жобо: Жазуу түрүндөгү суроо-талапты каттоо | ||||
2.1- иш-аракет Мамлекеттик башкаруу органдарынын жана шашылыш аткарууну талап кылган суроо-талаптарды архивдин жетекчисинин кароосуна берүү | Суроо-талапты кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Бир жумуш күндүн ичинде | Жетекчинин суроо-талапты аткаруу тартиби жана мөөнөтү тууралуу резолюциясы | - Нускама
|
2.2-иш-аракет Жазуу түрүндөгү суроо-талапты «Электрондук каттоо» АМСте каттоо
| Суроо-талапты кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Суроо-талапты маалымат базасына киргизүү | - Нускама
| |
2.3-иш-аракет Суроо-талаптын мазмуну менен таанышуу, почта аркылуу келген профилдүү эмес суроо-талаптарды бөлүү | Суроо-талапты кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Почта аркылуу келген профилдүү эмес суроо-талаптар | - Мамлекеттик архивдин фонддорунун тизмеси - Архивдин фонддорунун курамы жана мазмуну жонүндө маалымдагыч (жол көрсөткүч) | |
2.4-иш-аракет Жеке кайрылуудагы, почта жана электрондук почта аркылуу келген профилдүү суроо-талапты аткаруучуга берүү | Суроо-талапты кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Аткарууга жаткан суроо-талап | - Нускама
| |
|
|
|
| |
2-жол-жобонун жыйынтыгы: Почта аркылуу келген профилдүү эмес суроо-талаптарды бөлүү, профилдүү суроо-талаптарды аткаруучуга берүү | ||||
2-жол-жобонун узактыгы: бир жумуш күндүн ичинде | ||||
2-жол-жобонун тиби: административдик | ||||
| ||||
3-жол-жобо: Почта аркылуу келген профилдүү эмес суроо-талап менен иштөө | ||||
3.1-иш-аракет Почта аркылуу келген профилдүү эмес суроо-талаптын келген жерин аныктоо | Суроо-талапты кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Үч жумуш күндүн ичинде | Профилдик эмес суроо-талаптын адресаты аныкталды (башка мамлекеттик архив же уюм) | - «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдери» (Бишкек, 2006) справочниги - Мамлекеттик архивдердин жол көрсөткүчтөрү
|
3.2-иш-аракет Профилдүү эмес суроо-талапты жөнөтүү үчүн коштомо кат даярдоо
| Суроо-талапты кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Башка уюмга коштомо кат | - КР «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы - Нускама | |
3.3-иш-аракет Керектүү маалыматтын сакталган орду тууралуу маалыматты табуу мүмкүн эместиги тууралуу арыз ээсине жооп жиберүү | Суроо-талапты кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Керектүү маалыматтын сакталган орду тууралуу маалыматты табуу мүмкүн эместиги тууралуу арыз ээсине кат | - КР «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы - Нускама | |
3.4-иш-аракет Катты жетекчинин колтамгасы менен күбөлөндүрүү жана «Электрондук каттоо» АМСте аткарылгандыгынкаттоо | Мамархивдин жетекчиси, суроо-талапты кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Күбөлөндүрүлгөн жана катталган жооп | - Нускама | |
3.5-иш-аракет Маалымат үчүн арыз ээсине жоопту же коштомо каттын көчүрмөсүн жиберүү | Суроо-талапты кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Арыз ээсине анын суроо-талабынын орду тууралуу кат | - КР «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы - Нускама | |
3.6-иш-аракет Профилдүү эмес суроо-талаптын тиешелүүлүгүнө жараша жиберилгендиги тууралуу мамлекеттик органга (КР Президентинин Аппараты, КРӨ Аппараты, КР ТИМ, КРӨ караштуу МКК) билдирүү жөнөтүү | Суроо-талапты кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Мамлекеттик органга кат | - КР «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы - Нускама | |
3.7-иш-аракет Почта аркылуу жөнөтүү | Суроо-талапты кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер |
| - Нускама | |
|
|
|
|
|
3-жол-жобонун жыйынтыгы: Профилдүү эмес суроо-талаптын тиешелүүлүгүнө жараша жиберүү, арыз ээсине билдирүү | ||||
3-жол-жобонун узактыгы: үч жумуш күндүн ичинде | ||||
3-жол-жобонун тиби: административдик | ||||
| ||||
4-жол-жобо: Профилдүү суроо-талапты аткаруу | ||||
4.1-иш-аракет Суроо-талаптын тематикасын талдоо, архивдик маалымдагычтар аркылуу маалымат булагын аныктоо (архивдик фонд) | Бөлүм башчысы | 0,5 саат | Маалымат изделүүчү архивдик фонддордун жана көктөмөлөрдүн тизмеги | - Архивдин фонддорунун курамы жана мазмуну жонүндө маалымдагыч (жол көрсөткүч) - Мамлекеттик архивдин фонддорунун тизмеси - Документтердин тизимдери |
4.2-иш-аракет Сактоочу жайдан документтерди алууга тапшырыкты тариздөө | Суроо-талапты аткарууга жооптуу кызматкер | 0,2 саат | Сактоочу жайдан документтердт алууга тапшырык | - Нускама |
4.3-иш-аракет Архивдик документтерден керектүү маалыматты издөө
| Суроо-талапты аткарууга жооптуу кызматкер | Суроо-талаптын татаалдыгына жана колөмүнө жараша 0,5 – 3 жумуш күнү | Салмалары менен (закладка) архивдик көктөмөлөр | - Нускама |
4.4-иш-аракет Архивдик маалымкаттын (көчүрмөнүн) тексттин түзүү | Суроо-талапты аткарууга жооптуу кызматкер | 1 саат | Компьютерде терилген архивдик маалымкаттын (көчүрмөнүн) тексти | - Нускама
|
4.5-иш-аракет Талап кылынган документтерди көчүрмөлөө | Документтерди көчүрмөлөөгө жооптуу кызматкер | 0,3 саат | Документтердин көчүрмөлөрү | - Негизги эрежелер - Нускама
|
4.6-иш-аракет Архивдик документтерден керектүү маалыматтар табылбаган учурда терс жоопту даярдоо, архивдин бланкына басуу, гербдүү мөөр жана колтамгалар менен күбөлөндүрүү | Суроо-талапты аткарууга жооптуу кызматкер | 1 саат | Терс жооп | - Нускама
|
4.7- иш-аракет Даярдалган документтердин каталарын жана так эместиктерин текшерүү | Архивдин жетекчиси Бөлүм башчысы | 0,3 саат | Сапат жана ишенимдүүлүккө карата текшерилген маалымкаттар (көчүрмөлөр, документтин көчүрмөсү, терс жооптор) | - Нускама
|
4.8-иш-аракет Архивдин кат бланкына маалымкаттын (көчүрмөнүн) текстин басып чыгаруу | Суроо-талапты аткарууга жооптуу кызматкер | 0,1 саат | Архивдин кат бланкына басып чыгарылган маалымкат (көчүрмө) | - Нускама
|
4.9-иш-аракет Жетекчинин жана аткаруучунун колтамгасы жана архивдин гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн маалымкат (көчүрмө) | Архивдин жетекчиси Суроо-талапты аткарууга жооптуу кызматкер | 0,2 саат | Колтамга коюлган жана архивдин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн маалымкат (көчүрмө, документтин көчүрмөсү) | - Нускама
|
4.10-иш-аракет Кызмат көрсөтүүнүн акысын эсептөө | Суроо-талапты аткарууга жооптуу кызматкер | 0,1 саат | Акысын төлөөгө эсеп берүү | - Нускама |
4.11-иш-аракет «Электрондук каттоо» АМСте аткарылган датаны, бланктын номерин, кызмат көрсөтүүнүн акысын, көчүрмөлөрдүн санын жазуу | Суроо-талапты кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | 0,1 саат | Маалыматтар базасына суроо-талаптын аткарылганын каттоо | - Нускама
|
4.12-иш-аракет Маалымкатка (көчүрмө, документтин көчүрмөсү, терс жооп) катталган номерин жана аткарылган датасын жазуу | Суроо-талапты кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | 0,1 саат | Катталган номерлер менен маалымкат (көчүрмө, документтин көчүрмөсү, терс жооп) | - Нускама |
4.13-иш-аракет Жооптун көчүрмөсүн алуу жана көктөмөгө суроо-талап менен бирге тигүү
| Суроо-талапты кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | 0,1 саат | Көктөмөгө тигилген суроо-талап менен жооптун көчүрмөсү (көчүрмө, терс жооп) | - Нускама |
4-жол-жобонун жыйынтыгы: Берүүгө (жиберүүгө) даярдалган маалымкат (көчүрмө, документтин көчүрмөсү) же терс жооп | ||||
4-жол-жобонун узактыгы: суроо-талаптын татаалдыгына, маалыматтын көлөмүнө жана суроо-талаптар массалык түрдө көп түшкөндө кезегине жараша 1 жумуш күнүнөн 30 календардык күнгө чейин. Эмгек стажы жана эмгек акысы тууралуу суроо-талап узак мөөнөткө (10 жылдан ашык) берилгенде, мамлекеттик архивдин жетекчисинин көрсөтмөсү менен аны аткарууга кошумча 30 күн берилет. Зарыл учурда арыз ээсинин суранычы жана макулдугу менен архивдин жетекчисинин резолюциясынын негизинде суроо-талап тез аранын ичинде (3-күнгө чейин, 10-күнгө чейин) аткарылат. | ||||
4-жол-жобонун тиби: административдик | ||||
| ||||
5-жол-жобо: Керектөөчүгө кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү (жиберүү) | ||||
5.1- иш-аракет Жеке кайрылган, кызмат көрсөтүүнү бекер алууга жеңилдиктери бар арыз ээсине маалымкатты (көчүрмөнү, документтин көчүрмөсүн, терс жоопту) берүү же почта аркылуу жөнөтүү | Суроо-талапты кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Кезекте күтүү менен 30 мүнөттөн ашык эмес
| Арыз ээсинин маалымкатты (көчүрмөнү, документтин көчүрмөсүн, терс жоопту) алышы | - Макулдашуу - Прейскурант |
5.2-иш-аракет Документтерди алуу үчүн акысын төлөөгө банктын реквизиттерин берүү (почта аркылуу жөнөтүү) | Суроо-талапты кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Банкка төлөө үчүн негиз | - Нускама | |
5.3- иш-аракет Кызмат акысы төлөнгөндүгу тууралуу банктын квитанциясы берилгенден кийин (почта аркылуу жөнөтүлгөндөн кийин) маалымкатты (көчүрмөнү, документтин көчүрмөсүн, терс жоопту) берүү | Суроо-талапты кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Арыз ээсинин маалымкатты (көчүрмөнү, документтин көчүрмөсүн, терс жоопту) алышы | - Нускама | |
5.4-иш-аракет «Электрондук каттоо» АМСте маалымкаттын (көчүрмөнүн, документтин көчүрмөсүн, терс жооптун) берилгенин жана почтанын чыгымдарын белгилөө | Суроо-талапты кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Бир жумуш күндүн ичинде | Аткарылган суроо-талапты каттоону аяктоо | - Нускама |
|
|
|
|
|
5-жол-жобонун жыйынтыгы: Арыз ээсине берилген (жиберилген) маалымкат (көчүрмө, документтин көчүрмөсү, терс жооп) | ||||
5-жол-жобонун узактыгы: бир жумуш күндүн ичинде | ||||
5-жол-жобонун тиби: уюштуруу-башкаруу | ||||
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритмдер)
1б Почта аркылуу келген суроо-талапты кабыл алуу
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы көзөмөлдөө жүргүзүлөт.
1) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын ички (күндөлүк) көзөмөлдөө мамлекеттик архивдин жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички көзөмөлдөө кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
Ички көзөмөлдөөнүн максаты - мамлекеттик кызматты алуучулардын укугунун бузулушун аныктоо жана четтетүү, келип түшкөн арыздарды (ишеним телефону аркылуу түшкөндөр дагы), чечимдерди кабыл алуу, кызматкерлердин жана кызмат адамдарынын аракетине (аракетсиздигине) карата чечим кабыл алуу.
3) Ички (күндөлүк) көзөмөлдөө дайыма жүргүзүлүп турат, ошол эле убакта кызматты керектөөчүлөрдүн арызы боюнча дагы.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
Комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жана Архив агенттигинин адистери кирет.
Комиссиянын иш тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги тарабынан аныкталат.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал мамлекеттик архивдин жетекчисине жиберилет. Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш. Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет (керектигине жараша).
3) Тышкы текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт. Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдары жана Окуу борборунун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти керектөөчүгө кызмат көрсөтүү максатында өз ара байланышта болгон баш ийген мекемелер менен макулдашылды.
11. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар:
1. Т.Д. Доценко – КРӨ караштуу МКК алдындагы Архив агенттигинин башкы адиси
2. А.С. Назаралиев – Архив агенттигинин алдындагы ИТБ директору
3.Г.М. Назаралиева –КР БМА суроо-талаптарды аткару бөлүмүнүн башкы архивисти