Загрузка документа…
| 4-тиркеме БЕКИТИЛГЕН Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын “21” январындагы № 1-д буйругу менен |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
«Документтерди архивдик мекеменин аймагында убактылуу пайдалануу үчүн архивдик фонддон берүү»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 6-главасы №42
Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин ведомстволук мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат:
- Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивдери тарабынан (КР КФФД БМАдан тышкары);
- облустук мамлекеттик архивдер тарабынан;
- Түштүк аймактар аралык мамлекеттик коомдук-саясий документтер архиви тарабынан;
- шаардык мамлекеттик архивдер тарабынан;
- райондук мамлекеттик архивдер тарабынан.
2. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын талаптарына ылайык келет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнү берүүнүн жалпы мөөнөтү: кезекте күтүү жана суроо-талапты кабыл алуу 20 мүнөттөн ашык эмес; документти издөө жана берүү убактысы 30 мүнөттөн ашык эмес. Архивдик мекеменин аймагында (окуу залы) документтерди пайдалануунун чектелген мөөнөтү - 30 күндөн ашык эмес. 30 жумуш күнү өткөндөн кийин мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтүн узартуу зарыл.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
а) жазуу түрүндө арыз
б) ким экендигин ырастоочу документ;
в) өздүк архивдин документтерин пайдалануу үчүн фонд түзүүчүнүн (эгерде каза болсо, жакын туугандарынын уруксаты) уруксаты (фонд түзүүчү талап кылган кезде);
г) чет өлкөлүк жарандар үчүн - чет өлкөлүк жаранды кабыл алган чет өлкөнүн мекемесинин конкреттүү документтерди пайдаланууга уруксат берүү тууралуу өтүнүч каты;
д) юридикалык жактар өкүлүнүн укуктарын тастыктаган кошумча документ берет (ишеним кат).
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: акысыз.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: окуу залына, мамлекеттик органдардын документтери менен иштөө үчүн өзүнчө бөлмөлөргө архивдик документтерди берүү
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө негиз болуучу ченемдик - укуктук документтер:
- КР «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
- КР “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамы;
- КР «КР Улуттук архив фонду жөнүндө» Мыйзамы;
- КР «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Мыйзамы;
- КРӨ 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелер тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтому (мындан ары – Стандарт);
- КРӨ 2000-жылдын 20-январындагы № 33 «КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда архивдик маалыматты пайдалануу принциптери жана өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну бекитүү жөнүндө» (мындан ары – Макулдашуу);
- Мамлекеттик архив агенттигинин 2009-жылдын 17-августундагы № 46/1 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринин негизги иш эрежелери” (мындан ары – Негизги эрежелер);
- Архив агенттигинин 2015-жылдын 23-декабрындагы № 130 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив кызматы тарабынан социалдык-укуктук маанидеги суроо-талаптарды аткаруу боюнча нускама” (мындан ары – Нускама);
- Архив агенттигинин ЭТУКтун (эксперттик текшерүү-усулдук комиссия) 2008-жылдын 27-мартындагы № 4-чечими менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринин окуу залында пайдалануучулардын иштөө эрежелери” (мындан ары – Иштөө эрежелери).
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Суроо-талапты, арызды, катты (өзү кайрылганда же эл. почта аркылуу) кабыл алуу | а) Арыз ээси мамлекеттик архивге өзү кайрылган учурда суроо-талапты кабыл алуу; б) Электрондук почта аркылуу келген суроо-талапты кабыл алуу; |
2 | Мамлекеттик архивдин окуу залына киргизүү же кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу, эгер ага уруксат берүү мыйзам тарабынана чектөө коюлган болсо жана зарыл документтер болбогон учурда (ушул Регламенттин 3-п. 3.2. п. көрсөтүлгөн) | КР «КР Улуттук архив фонду жөнүндө» Мыйзамына ылайык |
3. | Архив сактоочу жайдан архивдик документтерди берүү | Архивдик фонддорго, документтерге маалымдагыч-издөө каражаттарын (илимий-маалымдоо аппараты) берүү |
4 | Архив сактоочу жайга архивдик документтерди кайтаруу | Документтерди көчүрмөлөөгө тапшырык берүү |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболорду сыпаттоо жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документтер | |||
1. | 2. | 3. | 4. | 5. | |||
1-жол-жобо. Суроо-талапты, арызды, каттарды кабыл алуу а) Мамлекеттик архивге арыз ээси өзү кайрылганда суроо-талабын кабыл алуу | |||||||
1.1-иш-аракет Арыздарды жана каттарды кабыл алуу
| Архив мекемелерининжетекчилери
| Кезекте күтүү, арыздарды жана каттарды кабыл алуу 20 мүнөттөн ашык эмес | - Арыздарды жана каттарды каттоо; - Жетекчинин резолюциясы. | - Негизги эрежелер
| |||
1.2-иш-аракет Арыздарды жана каттарды каттоо | Документтерди каттоого жооптуу кызматкер | Пайдалануучунун анкетасы толтурулат жана сактоочу жайдан документтерди алууга тапшырык берилет | - Иштөө эрежелери | ||||
1.3-иш-аракет Арыздардын жана каттардын мазмуну менен таанышуу жана анын тиешелүүлүгүн аныктоо | Документтерди каттоого жооптуу кызматкер | 5 мүнөттөн ашык эмес | а) ушул мамлекеттик архивде суроо-талап аткарылууга тийишпи – чечим кабыл алуу; б) ушул административдик иш-аракетти аткарууга милдеттүү кызматкер: - ушул архивде суроо-талап (тапшырык) аткарылууга тийишпи, эгерде документке чектелген колдонуу, жашыруундугу тууралуу гриф болсо, далилдүү баш тартуу берилет; - толук жана компетентүү жооп берүү үчүн тиешелүү чаралар көрүлөт. | - КР «КР Улуттук архив фонду жөнүндө» Мыйзамы; -КР «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы; -Типтүү нускама; - Негизги эрежелер.
| |||
1.4-иш-аракет Пайдалануучулар үчүн документтерди алууга архив сактоочу жайдын кызматкерлерине тапшырык (талап) берүү | Документтерди каттоого жооптуу кызматкер | 5 мүнөттөн ашык эмес | Архив сактоочу жайдан убактылуу колдонуу үчүн көктөмөлөрдү берүү тууралуу акт толтурулат жана тапшырыкка ылайык (талапка) көктөмөлөр берилет
| - Негизги эрежелер
| |||
1.5-иш-аракет Тапшырыкты кабыл алуу жана анда көрсөтүлгөн документтерди издөө | Документтердин сакталышын камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери,архив сактоочу жайдын башчысы | Бир жумуш күндүн ичинде | Окуу залына арыз ээсине архивдик документтерди берүү | - Негизги эрежелер; - Мамлекеттик архивдин фонддорунун тизмеси; - Архивдин фонддорунун курамы жана мазмуну жонүндө маалымдагыч (жол көрсөткүч).
| |||
1-жол-жобонун жыйынтыгы: арыз ээси өзү кайрылганда суроо-талапты, арызды, катты аныктоо жана каттоо | |||||||
1-жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөт ичинде, документтерди издөө бир жумуш күндүн ичинде | |||||||
1-жол-жобонун тиби: административдик | |||||||
1-жол-жобо. Суроо-талапты, арыздарды, каттарды кабыл алуу б) электрондук почта аркылуу келген суроо-талапты кабыл алуу | |||||||
1.1-иш-аракет Арыздарды жана каттарды кабыл алуу
| Архивдик мекеменин жетекчилери | 3 күндүн ичинде
| - Арыздарды жана каттарды каттоо; - Жетекчинин резолюциясы. | - Негизги эрежелер
| |||
1.2-иш-аракет Арыздарды жана каттарды каттоо | Документтерди каттоого жооптуу кызматкер | Каттоодон өткөн (тапшырык) суроо-талап же кат
| - Негизги эрежелер
| ||||
1.3-иш-аракет Арыздардын жана каттардын мазмуну менен таанышуу, анын тиешелүүлүгүн аныктоо | Документтерди каттоого жооптуу кызматкер | а) Чечим кабыл алуу – бул мамлекеттик архивде суроо-талапты аткарууга болобу; б) бул административдик аракетти аткарууга милдеттүү кызматкер: - бул архивде суроо-талапты (тапшырыкты) аткарууга болобу, эгерде документке чектелген колдонуу, жашыруундугу тууралуу гриф болсо же документ жок болсо баш тартуу боюнча чечим кабыл алуу; - Толук жана компетентүү жооп берүү үчүн бардык аракеттер колдонулат | - КР «КР Улуттук архив фонду жөнүндө» Мыйзамы; - КР «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы; -Типтүү нускама; - Негизги эрежелер; - Стандарт; - Нускама.
| ||||
1.4-иш-аракет Маалымат толук жана керектүү документтер бар болсо профилдик арызды, катты басып чыгаруу жана аткарууга кабыл алуу | Суроо-талапты кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Арыз ээсинин жазуу түрүндө профилдик суроо-талабы | - Нускама
| ||||
1-жол-жобонун жыйынтыгы: электрондук почта аркылуу келген суроо-талапты, арыздарды каттарды каттоо жана аныктоо | |||||||
1-жол-жобонун узактыгы: үч күндүн ичинде | |||||||
1-жол-жобонун тиби: административдик | |||||||
2-жол-жобо. Мамлекеттик архивдин окуу залына киргизүү же мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | |||||||
2.1-иш-аракет Мамлекеттик архивдин окуу залына киргизүү же мыйзам тарабынан маалыматка жетүүгө чек коюлган болсо же документтер болбосо кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу, ушул Регламенттин 3-п. 3.2-пунктчасында көрсөтүлгөн документтер жок болсо | Архивдик мекеменин жетекчиси | жеке кабыл алууда 20 мүнөттөн ашык эмес
| Окуу залына киргизүү же кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | - КР «КР Улуттук архив фонду жөнүндө» Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын сактоо жөнүндө» Мыйзамы, - Негизги эрежелер; - Иштөө эрежелери. | |||
2.2-иш-аракет Окуу залына келүүчүлөрдүн өздүк делосун түзүү | Окуу залынын кызматкерлери | 10 мүнөттөн ашык эмес | Таризделген өздүк дело, анын ичине мекеменин расмий каты же окуу залында иштөөгө уруксат берүү тууралуу архивдин жетекчисинин резолюциясы коюлган пайдалануучунун арызы. | - Негизги эрежелер; - Иштөө эрежелери. | |||
2.3. аракет Пайдалануучуну архивдик документтер менен иштөөгө даярдоо | Окуу залынын кызматкерлери | 20 мүнөттөн ашык эмес | Пайдалануучуну укуктары, милдеттери жана архивдик документтерге жетүүдөгү жоопкерчилиги менен тааныштыруу. | - Негизги эрежелер; - Иштөө эрежелери. | |||
2-жол-жобонун жыйынтыгы: келген кайрылууну каттоо жолу менен кийинки аракетке өтүү | |||||||
2-жол-жобонун узактыгы: 1 сааттан ашык эмес | |||||||
2-жол-жобонун тиби: уюштуруу-башкаруу | |||||||
3-жол-жобо. Архив сактоочу жайдан окуу залына архивдик документтерди берүү | |||||||
3.1-иш-аракет Окуу залынын пайдалануучуларына архивдик документтерди берүү | Архив сактоочу жайдын кызматкерлери | 30 мүнөттөн ашык эмес | Көктөмөлөр жана башка материалдар тапшырыктардын (талаптардын) толтурулган бланктарынын негизинде берилет. Талаптар 2 экземплярда толтурулат жана пайдалануучуларга берилген материалдын ар бир бирдигине кол коюу менен берилет. | - Негизги эрежелер; - Иштөө эрежелери; - Мамлекеттик архивдин фонддорунун тизмеси; - Архивдин фонддорунун курамы жана мазмуну жонүндө маалымдагыч (жол көрсөткүч). | |||
3.2-иш-аракет Пайдалануучуларга жаралган суроолор боюнча консультация берүү | Окуу залынын кызматкерлери | Пайдалануу убактысы ичинде | Окуу залынын кызматкерлери изилдөөнүн темасына жараша документтердин курамы жана мазмуну жөнүндө консультация беришет. | - Негизги эрежелер; - Иштөө эрежелери.
| |||
3.3-иш-аракет Изилдөөнүн темасына ылайык пайдалануучуну архивдик фонддорго бардык илимий-маалымат аппараты (ИМА) жана басылмалар менен камсыз кылуу (барлары менен)
| Окуу залынын ишине жана архивдик фонддорго жана документтерге илимий-маалымат аппаратын берүүгө жооптуу кызматкерлер | 7 сааттан ашык эмес | Пайдалануучуга архивде болгон маалымдагычтар берилет (тизимдер, каталогдор, обзорлор, жол көрсөткүчтөр, тизмектер, көрсөткүчтөр), делолор жана темасына жараша документтер. | - Негизги эрежелер; - Иштөө эрежелери.
| |||
3.4-иш-аракет Изилдөөнүн темасына ылайык документтерди берүү | Архив сактоочу жайдын жана окуу залынын кызматкерлери | 20 мүнөттөн ашык эмес | Пайдалануучу изилдөөнүн темасы боюнча иштеп баштайт | - Негизги эрежелер; - Иштөө эрежелери.
| |||
3-жол-жобонун жыйынтыгы: архивдик документтерди алууга тапшырыкты толтуруу (талапты) | |||||||
3-жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөттөн ашык эмес (30 күндөн) | |||||||
3-жол-жобонун тиби: атайын (жардамчы) | |||||||
4-жол-жобо. Архив сактоочу жайга архивдик документтерди өткөрүү | |||||||
Действие 4.1. Пайдалануучу тарабынан архив сактоочу жайга архивдик документтерди өткөрүү | Пайдалануучу, архив сактоочу жайдын жана окуу залынын кызматкерлери | 20 мүнөттөн ашык эмес | Архивдик документтерди архив сактоочу жайга өткөрүүдө, окуу залынын кызматкери архивдик документтердин барактап, физикалык абалын текшерет жана пайдалануучунун көзүнчө документтерди берүү китебине белги коёт | - Негизги эрежелер; - Иштөө эрежелери.
| |||
Пайдалануучу тарабынан архив сактоочу жайга архивдик документтерди өткөрүү | архив сактоочу жайдын жана окуу залынын кызматкерлери | 20 мүнөттөн ашык эмес | Архивдик документтер архив сактоочу жайга өткөрүлөт. |
| |||
4-жол-жобонун жыйынтыгы: окуу залын пайдалануучуну керектүү архивдик документтер менен камсыз кылуу | |||||||
4-жол-жобонун узактыгы: кезекте күтүү, суроо-талапты кабыл алуу 20 мүнөттөн ашык эмес; документти издөө жана берүү 30 мүнөттөн ашык эмес; мамлекеттик архивдин аймагында документтерди пайдалануу (окуу залы) 30 күндөн ашык эмес | |||||||
4-жол-жобонун тиби: атайын | |||||||
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритмдер)
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы көзөмөлдөө жүргүзүлөт.
1) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын ички (күндөлүк) көзөмөлдөө мамлекеттик архивдин жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички көзөмөлдөө кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
Ички көзөмөлдөөнүн максаты - мамлекеттик кызматты алуучулардын укугунун бузулушун аныктоо жана четтетүү, келип түшкөн арыздарды (ишеним телефону аркылуу түшкөндөр дагы), чечимдерди кабыл алуу, кызматкерлердин жана кызмат адамдарынын аракетине (аракетсиздигине) карата чечим кабыл алуу.
3) Ички (күндөлүк) көзөмөлдөө дайыма жүргүзүлүп турат, ошол эле убакта кызматты керектөөчүлөрдүн арызы боюнча дагы.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
Комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жана Архив агенттигинин адистери кирет.
Комиссиянын иш тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги тарабынан аныкталат.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал мамлекеттик архивдин жетекчисине жиберилет. Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш. Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет (керектигине жараша).
3) Тышкы текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт. Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн мамлекеттик архивдердин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти керектөөчүгө кызмат көрсөтүү максатында өз ара байланышта болгон баш ийген мекемелер менен макулдашылды.
11. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар: