Загрузка документа…
| 5-тиркеме БЕКИТИЛГЕН Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын “21” январындагы №1-д буйругу менен |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
«Документтерди архивдик мекеменин аймагынан сыртта убактылуу пайдалануу үчүн архивдик фонддон берүү»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 6-главасы № 43
Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин ведомстволук мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат:
- Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивдери тарабынан (КР КФФД БМАдан тышкары);
- облустук мамлекеттик архивдер тарабынан;
- Түштүк аймактар аралык мамлекеттик коомдук-саясий документтер архиви тарабынан;
- шаардык мамлекеттик архивдер тарабынан;
- райондук мамлекеттик архивдер тарабынан.
2. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын талаптарына ылайык келет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнү берүүнүн жалпы мөөнөтү: өзү кайрылганда кезекте күтүүнү эске алганда - 30 мүнөттөн ашык эмес; документти издөө жана берүү убактысы арыз ээсине билдирүү менен 30 күндөн ашык эмес.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
а) жазуу түрүндө арыз жана юридикалык жактардын каты (анын өкүлчүлүгүн ырастоочу, ишеним кат);
б) ким экендигин ырастоочу документ (паспорт, күбөлүк)
в) өздүк архивдин документтерин колдонуу үчүн фонд түзүүчүнүн уруксаты (эгерде каза болсо, жакын туугандарынын уруксаты);
г) сот органынын жана прокуратуранын талабы;
д) мамлекеттик кызматтын акысы төлөнгөндүгү тууралуу квитанция.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн акысы: акы төлөнүүчү. Берилген документтерге жараша прейскурантка ылайык менен аныкталат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: Архивдик документтерди, архивдик көчүрмөнү, документтин көчүрмөсүн алуу же архивдик документтер жок болсо – суроо-талапка терс жооп алуу.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө негиз болуучу ченемдик укуктук документтер:
- КР «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
- КР « Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Мыйзамы;
- КР «КР Улуттук архив фонду жөнүндө» Мыйзамы;
- КР «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын сактоо жөнүндө» Мыйзамы;
- КРӨ 2014-жылдын 3-июнундагы №303 «Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелер тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтому (2016-жылдын 3-мартындагы № 109 редакциясында) (мындан ары – Стандарт);
- Мамлекеттик архив агенттигинин 2009-жылдын 17-августундагы № 46/1 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринин негизги иш эрежелери” (мындан ары – Негизги эрежелери);
- Архив агенттигинин 2015-жылдын 23-декабрындагы № 130 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив кызматы тарабынан социалдык-укуктук маанидеги суроо-талаптарды аткаруу боюнча нускама” (мындан ары – Нускама).
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Арыздарды жана каттарды кабыл алуу | Керектөөчүлөргө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн тартиби жана ыкмалары жөнүндө маалымат берүү |
2 | Архивдик документтерди убактылуу пайдаланууга берүү/бербөө тууралуу чечим кабыл алуу | Кабыл алынган чечим тууралуу керектөөчүлөргө маалымат берүү |
3 | Архивдик документтерди аймактан сыртта убактылуу пайдаланууга берүүгө даярдоо же бербөө | Документтерди каттоо, керектөөчүлөргө документтердин коопсуздугун камсыздоо боюнча жоопкерчилик тууралуу билдирүү |
4 | Архивдик документтерди аймактан сыртта убактылуу пайдаланууга берүү | Архивдик документтерди берүү китебине каттоо |
5 | Керектөөчүлөрдөн архивдик документтерди алуу жана архив сактоочу жайга кайтаруу | Архивдик документтерди кайтаруу |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболорду сыпаттоо жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ | |||
1-жол-жобо. Арыздарды, каттарды кабыл алуу | |||||||
1.1-иш-аракет Арыздарды, каттарды кабыл алуу (келишим боюнча тапшырык) | Суроо-талапты, арызды каттого милдетүү мамлекеттик архивдин кызматкери | Өздүк кабыл алууда 10 мүнөттөн ашык эмес | Каттоодон өткөн (тапшырык) суроо-талап же анкета-арыз
| - Негизги эрежелер
| |||
1.2-иш-аракет Арыздарды, каттарды аныктоо жана арыз ээсине аткарууга алынгандыгы же баш тартуу тууралуу билдирүү
| Суроо-талапты, арызды каттого милдеттүү мамлекеттик архивдин кызматкери | 10 мүнөттөн ашык эмес | Бул административдик иш-аракетти аткарууга милдеттүү кызматкер: - Бул архивде суроо-талапты (тапшырыкты) аткарууга болобу, эгерде документке чектелген колдонуу болсо, жашыруундугу тууралуу гриф болсо, же документ жок болсо баш тартуу боюнча чечим кабыл алуу; - Толук жана компетентүү жооп берүү үчүн колдонулган бардык тийиштүү чаралар. | - КР «КР Улуттук архив фонду жөнүндө» Мыйзамы; -КР «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы; - Негизги эрежелер.
| |||
1.3-иш-аракет Арыздарды жана каттарды кароо | Архивдин жетекчиси | 10 мүнөттөн ашык эмес | Арыздарга жана каттарга жетекчи тарабынан виза коюлушу | - Негизги эрежелер.
| |||
| 1-жол-жобонун жыйынтыгы: суроо-талап же арыз (тапшырык) аткарууга берилди | ||||||
| 1-жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөттүн ичинде | ||||||
| 1-жол-жобонун тиби: административдик | ||||||
| Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||||
2-жол-жобо. Архивдик документтерди убактылуу пайдаланууга берүү/бербөө тууралуу чечим кабыл алуу | |||||||
2.1-иш-аракет Архивдик документтерди убактылуу пайдаланууга берүү/бербөө | Архивдин жетекчиси | 10 мүнөттөн ашык эмес | Архивдик документтерди берүүгө уруксат берүү же бербөө: - эгерде документке чектелген колдонуу болсо, жашыруундугу тууралуу гриф болсо же документ жок болсо берүүдөн баш тартуу; - Толук жана компетентүү жооп берүү үчүн колдонулган бардык чаралар | - КР «КР Улуттук архив фонду жөнүндө» Мыйзамы; -КР «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы; - КР «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын сактоо жөнүндө» Мыйзамы; - Негизги эрежелер; - Стандарт; - Нускама. | |||
2.2-иш-аракет Мамлекеттик архивдин жана керектөөчүнүн (юридикалык жана жеке жактар) ортосунда келишим түзүлөт | Архивдин жетекчиси жана уюмдун жетекчиси | 3 жумуш күндөн ашык эмес | Келишим түзүлөт | - Негизги эрежелер
| |||
| 2-жол-жобонун жыйынтыгы: мамлекеттик архивдин жана мекеменин ортосунда келишим түзүлөт | ||||||
| 2-жол-жобонун узактыгы: 3 жумуш күндүн ичинде | ||||||
| 2-жол-жобонун тиби: административдик | ||||||
| Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||||
3-жол-жобо. Архивдик документтерди убактылуу пайдаланууга берүүгө даярдоо | |||||||
3.1-иш-аракет Архив сактоочу жайдан делолорду алууга тапшырык (талап) берүү | Документтердин сакталышын камсыздоо бөлүмүнүн жана архив сактоочу жайдын кызматкерлери | 10 мүнөттөн ашык эмес | Архив кызматкери архивдик документтерди чыгарат, архивдик шифр менен делолордун аталышын тизим менен салыштырат, делолордун барактарын текшерет жана архивдик документтерди берүү китебине берилүүчү документтерди каттайт | - Негизги эрежелер | |||
3.2-иш-аракет Документалдык материалдарды архив мекемесинин аймагынан сырткары убактылуу пайдаланууга берүү тууралуу акт түзүлөт ( 2 экземплярда) | Документтердин сакталышын камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери жана арыз ээси | 15 мүнөттөн ашык эмес | Делолор жана башка материалдар пайдалануучуларга толтурулган тапшырыктардын (талаптардын) негизинде берилет. Талаптар 2 экземплярда толтурулат жана пайдалануучуларга берилген материалдардын ар бир бирдиги кол коюу менен берилет. | - Негизги эрежелер; - Нускама.
| |||
3-жол-жобонун жыйынтыгы: документтерди тариздөө, архивдик документтерди убактылуу пайдаланууга берүү тууралуу акт түзүлөт. | |||||||
3-жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөт | |||||||
3-жол-жобонун тиби: административдик | |||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 4 | |||||||
4-жол-жобо. Архивдик документтерди убактылуу пайдаланууга берүү | |||||||
4.1-иш-аракет Делолорду архив мекемесинин аймагынан сырткары убактылуу пайдаланууга берүүнү журналга каттоо | Документтердин сакталышын камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери жана арыз ээси | 10 мүнөттөн ашык эмес | Делолорду убактылуу пайдаланууга берүүнү каттоо журналы толтурулат, арыз ээсинин дареги жазылат | - Негизги эрежелер; - Нускама.
| |||
4.2-иш-аракет Документтерди архив мекемесинин аймагынан сырткары убактылуу пайдаланууга берүү | Документтердин сакталышын камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери жана арыз ээси | 20 мүнөттөн ашык эмес | Керектөөчүгө архивдик документ берилет | - КР «КР Улуттук архив фонду жөнүндө» Мыйзамы; - КР «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын сактоо жөнүндө» Мыйзамы; - Негизги эрежелер. | |||
4-жол-жобонун жыйынтыгы: архивдик документтерди убактылуу пайдаланууга берүүнү каттоо жана берүү. | |||||||
4-жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөт | |||||||
4-жол-жобонун тиби: административдик | |||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 5 | |||||||
5-жол-жобо. Берилген архивдик документтерди текшерүү жана архив сактоочу жайга өткөрүү | |||||||
5.1-иш-аракет Убактылуу пайдаланууга берилген документтердин кайтаруу мөөнөтүн сактоо | Документтердин сакталышын камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери | 20 мүнөттөн ашык эмес | - Жооптуу кызматкер алынган документтер тууралуу убактылуу берилген документтерди каттоо журналына белги коёт; -архивдик документтерди кабыл алуу. | -Основные правила
| |||
5.2-иш-аракет Архивдик документтерди кабыл алуу жана архив сактоочу жайга өткөрүү | Документтердин сакталышын камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери | 20 мүнөттөн ашык эмес | Кайтарылган архивдик документтер тизим менен салыштырылат, барактары текшерилет; убактылуу берилген документтерди каттоо китебине белги коюлат жана архив сактоочу жайга өткөрүлөт | - Негизги эрежелер
| |||
5-жол-жобонун жыйынтыгы: Архивдик документтер архив сактоочу жайга өткөрүлөт | |||||||
5-жол-жобонун узактыгы: 40 мүнөт | |||||||
5-жол-жобонун тиби: административдик | |||||||
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритмдер)
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы көзөмөлдөө жүргүзүлөт.
1) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын ички (күндөлүк) көзөмөлдөө мамлекеттик архивдин жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички көзөмөлдөө кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
Ички көзөмөлдөөнүн максаты - мамлекеттик кызматты алуучулардын укугунун бузулушун аныктоо жана четтетүү, келип түшкөн арыздарды (ишеним телефону аркылуу түшкөндөр дагы), чечимдерди кабыл алуу, кызматкерлердин жана кызмат адамдарынын аракетине (аракетсиздигине) карата чечим кабыл алуу.
3) Ички (күндөлүк) көзөмөлдөө дайыма жүргүзүлүп турат, ошол эле убакта кызматты керектөөчүлөрдүн арызы боюнча дагы.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
Комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жана Архив агенттигинин адистери кирет.
Комиссиянын иш тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги тарабынан аныкталат.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал мамлекеттик архивдин жетекчисине жиберилет. Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш. Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет (керектигине жараша).
3) Тышкы текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт. Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн мамлекеттик архивдердин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти керектөөчүгө кызмат көрсөтүү максатында өз ара байланышта болгон баш ийген мекемелер менен макулдашылды.
11. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар:
1. Чекирова Анара Медетбековна – КРӨ караштуу МКК алдындагы Архив агенттигинин КР УАФ документтери менен иштөө бөлүмүнүн башчысы.
2. Абдыжапарова Айдай - КР БМА документтерди реставрациялоо жана мукабалоо бөлүмүнүн башчысы.