Загрузка документа…
7-тиркеме БЕКИТИЛГЕН Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын “21” январындагы № 1-д буйругу менен
|
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
«Арыз ээсинин демилгеси боюнча документтерди сактоо»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 8-главасы, 14-пункту
Жалпы жоболор
Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин карамагындагы төмөндөгү мекемелер тарабынан жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын борбордук мамлекеттик архивдери (КР КФФД БМАдан тышкары);
- областтык мамлекеттик архивдер;
- Түштүк региондор аралык мамлекеттик коомдук-саясий документтер архиви;
- райондук мамлекеттик архивдер;
- шаардык мамлекеттик архивдер.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти төмөнкү талаптарга жооп берет:
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №303 «Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 109 токтому.
3.Кызмат көрсөтүүнүн стандартынын негизги параметрлери:
(1) Кайрылууну кабыл алуунун чектелүү мөөнөтү - 30 мүнөттөн ашпайт; кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын алууга - 14 күндөн ашпайт; кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү келишимдин шарттары боюнча белгиленет.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
а) кайрылуучунун ким экендигин ырастоочу документ (паспорт);
б) юридикалык жактын кайрылуусу (кат жүзүндө);
в) жеке жактын кайрылуусу (арызы);
г) кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн өкүлүнүн ыйгарым укугун тастыктоочу документ (ишеним кат) зарылдыгына жараша;
д) кызмат көрсөтүүгө төлөгөндүгү жөнүндө квитанция.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: акы алынат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив мекемелери тарабынан аткарылган акы төлөнүүчү иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө баалар прейскуранты менен аныкталат (1-бөлүк, 6-бөлүм, 6.1-6.3-пункттар).
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы. Документтерди мамлекеттик сактоого кабыл алуу. Белгиленген тартипте таризделген документтерди кабыл алуу-өткөрүп берүү жөнүндө актыны берүү. Кабыл алынган документтердин жайгашкан жери жөнүндөгү корутундуну берүү. Кабыл алынган документтерди мамлекеттик каттоого коюу.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө негиз болгон ченемдик укуктук актылар:
- «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 109 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 72 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 72 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-мартындагы № 160 «Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана башка юридикалык жактардын архиви жөнүндө, Борбордук эксперттик комиссия жөнүндө жана мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана башка юридикалык жактардын эксперттик комиссиясы жөнүндө болжолдуу жоболорду бекитүү тууралуу» токтому;
- Архив агенттигинин 2009-жылдын 17-августундагы № 46/1 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринин негизги иш эрежелери;
- Архив агенттигинин Илимий-усулдук комиссиясынын 2009-жылдын 18-августундагы чечими менен бекитилген Уюмдардын архивдеринин негизги иш эрежелери;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен макулдашылган, Архив агенттигинин 2007-жылдын 31-октябрындагы № 51/1 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринде аткарылуучу иштердин негизги түрлөрүнө болгон убакыттын жана көлөмдүн типтүү ченемдери;
- КРӨ МККнын 2016-жылдын 4-апрелиндеги буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив мекемелери тарабынан аткарылган акы төлөнүүчү иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө баалар прейскуранты;
- архив мекемелеринин ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук документтер (архив мекемеси жөнүндө жобо, Борбордук эксперттик комиссия жөнүндө, бөлүм жөнүндө жобо, кызматкерлердин функционалдык милдеттери ж.б.).
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Кызмат алуу жөнүндө кайрылууну кабыл алуу жана каттоо
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча кайрылууну кабыл алуу төмөндөгү формаларда жүргүзүлөт: - кат жүзүндө кайрылуу; - электрондук кайрылуу; - оозеки кайрылуу. Каттоо жол-жобосу мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бекитилген мөөнөттөрдө аткарылат |
2 | Кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсү менен документтерди сактоого кабыл алуу-өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзүү (мамлекеттик, депозитардык)
| Ушул жол-жобонун жүрүшүндө кызмат көрсөтүүнүн тапшырыкчысы менен бир катар төмөнкү маселелер макулдашылат: тараптардын милдеттенмелери жана жоопкерчилиги, иштердин наркы, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү тапшыруу жана кабыл алуу тартиби |
3 | Документтерди кабыл алуу. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү | Көктөмөлөрдү кабыл алуу ар бир көктөмөнүн сыртындагы жазууну тизим менен салыштыруу, эсепке алуу документтерин тууралоо, эсепке алуу документтерине кабыл алууну тариздөө аркылуу жүргүзүлөт. Документтерди кабыл алууну тариздөө документтерди кабыл алуу актысын жана белгиленген үлгүдөгү корутундуну (зарылдыгына карата) берүү аркылуу жүргүзүлөт. Төмөнкүлөр мамлекеттик сактоого кабыл алынбайт: - аз баалуу документтер; - иштелип чыкпаган документтер; - толук эмес документтер |
3.ЖОЛ-ЖОБОЛОРДУН ӨЗ АРА БАЙЛАНЫШЫНЫН БЛОК-СХЕМАСЫ
«АРЫЗ ЭЭСИНИН ДЕМИЛГЕСИ БОЮНЧА ДОКУМЕНТТЕРДИ САКТОО»
4. ЖОЛ-ЖОБОЛОРДУ СЫПАТТОО ЖАНА АЛАРДЫН МҮНӨЗДӨМӨЛӨРҮ
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салуучу документ |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-жол-жобо. Кызмат көрсөтүү жөнүндө кайрылууну кабыл алуу жана каттоо | ||||
1.1-иш-аракет Кызмат көрсөтүү боюнча кайрылууну кабыл алуу
| УАФ документтерин топтоочу бөлүмдүн начальниги, мамлекеттик архивдин топтоо булактарынын тизмесинде турган мекемелер менен иш алып баруучу кызматкер ж.б. | оозеки – кезек күтүүнү кошкондо 10 мүн. ашпайт; кат жүзүндө – почта менен келип түшкөн күнү
| а) кароого кабыл алынган кайрылуу (кат жүзүндө); б) маселесинин маңызы боюнча толук жооп берилген кайрылуу (оозеки)
| - «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» КР Мыйзамы; - КРда иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама |
1.2-иш-аракет Кайрылууну каттоо
| документтерди каттоого жоопкер кызматкер | кайрылуу түшкөн күнү 2 мүн. ашпайт
| кайрылууну кириш документтерди каттоо журналына жазуу
| - КРда иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама |
1.3-иш-аракет Кайрылууну жетекчинин кароосуна берүү
| документтерди каттоого жоопкер кызматкер | кайрылуу түшкөн күнү жетекчи тарабынан каралышы - кайрылуу түшкөн күнү 10 мүн. ашпайт
| кайрылуунун аткаруучусу, аткаруу тартиби жана мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды камтыган жетекчинин резолюциясы | - КРда иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама |
1.4-иш-аракет Кабыл алына турган көктөмөлөрдүн физикалык абалын кароо. Көктөмөлөрдүн тизимдерин, алардын ИМАсын текшерүү
| административдик иш-аракетти аткарууга жоопкер адис | 2 сааттан ашпайт
| мамлекеттик сактоого кабыл алынып жаткан документтердин сапатын жана толуктугун камсыздоо | мамархивдердин ишинин негизги эрежелери
|
1.5-иш-аракет Кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүн мамархивдин документтерди кабыл алуу боюнча план-графигине киргизүү | - мекемелер менен иштөөгө жооптуу кызматкер; - документтерди кабыл алууга жооптуу кызматкер
| жетекчинин тапшырмасын алгандан кийин 5 мүн. ашпайт
| а) - документтерди кабыл алуу мөөнөтүн белгилөө; - ушул административдик иш-аракет үчүн жооптууларды аныктоо; б) төмөнкү учурларда билдирүү менен документтерди кабыл алуудан баш тартуу: - документтер толук болбогондо; - туруктуу (узак мөөнөткө) сактоого сунушталган документтердин аз баалуулугу; - көктөмөлөрдүн начар физикалык абалы; - документтерди кабыл алуу үчүн мамархивде аянттын жоктугу | мамархивдердин ишинин негизги эрежелери
|
1-жол-жобонун жыйынтыгы. Жетекчиликтин документтерди кабыл алуу жөнүндө чечими. Кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнү мамархивдин документтерди кабыл алуу боюнча план-графигине киргизүү | ||||
1-жол-жобонун узактыгы: 2 сааттан ашпайт | ||||
1-жол-жобонун тиби: уюштуруу-башкаруучулук | ||||
2-жол-жобо. Кызмат көрсөтүүнү керектөөчү менен документтерди сактоого кабыл алуу-өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзүү (мамлекеттик, депозитардык)
| ||||
2.1-иш-аракет Келишимге кол коюу | административдик иш-аракетке жооптуу кызмат адамы
| 10 мүн. ашпайт | эки тарап жактан кол коюлган келишим
| прейскурант; - Типтүү келишим |
2.2-иш-аракет Ишке жана кызмат көрсөтүүгө акы төлөө (алдын ала төлөм) эсебин тапшыруу | административдик иш-аракетке жооптуу кызматкерлер
| 10 мүн. ашпайт (алыс жайгашкан мекемеге чейинки жолго кеткен убакытты кошпогондо)
| төлөнгөн эсеп-фактура | прейскурант; - Типтүү келишим |
2-жол-жобонун жыйынтыгы: Кол коюлган келишим | ||||
2-жол-жобонун узактыгы: 1 сааттан ашпайт | ||||
2-жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруучулук | ||||
3-жол-жобо. Документтерди кабыл алуу. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү | ||||
3.1-иш-аракет Көктөмөлөрдүн тизимдери боюнча көктөмөлөрдү (документтерди) бирден кабыл алуу-өткөрүп берүү | документтерди кабыл алууга жооптуу кызматкер, документтерди тапшыруучунун өкүлү
| ченемге ылайык ар бир көктөмөнү кабыл алууга 5 мүн. ашпайт (көктөмөлөрдүн физикалык абалын, алардын барактарынын, күбөлөндүрүлгөн барактарынын толуктугун кароо менен)
| кабыл алынуучу документтердин толуктугун камсыздоо | Мамлекеттик архивдердин негизги иш эрежелери; Убакыттын жана көлөмдүн типтүү ченемдери (1.1, 1.2-п.) |
3.2-иш-аракет Көктөмөлөрдү кабыл алуу-тапшыруу жөнүндө актыга кол коюу жана берүү Тизимдерди даярдоо. | эки тараптын кызмат адамдары, кызмат адамы жана документтерди тапшыруучунун өкүлү
| 10 мүн. ашпайт (документтерди тапшыруучу турган жерге чейинки жолго кеткен убакытты кошпогондо)
| - белгиленген үлгүдөгү көктөмөлөрдү кабыл алуу-тапшыруу жөнүндө актыны берүү; - мекеме жоюлган учурда документтердин жайгашкан жери жөнүндө корутунду берүү | Мамлекеттик архивдердин негизги иш эрежелери;
|
3.3-иш-аракет Кызмат көрсөтүүнү керектөөчү тарабынан берилген кутучаларга (тубустарга) көктөмөлөрдү салуу. Кутучаларды шифрлөө. Көктөмөлөрдү архив сакталуучу жайга жайгаштыруу | документтерди кабыл алууга жооптуу кызматкер, мекеменин-топтоочу булактын куратору, документтерди тапшыруучунун өкүлү
| ченемге ылайык ар бир көктөмөнү салууга жана шифрлөөгө 4 мүн.ашпайт
|
| Мамлекеттик архивдердин негизги иш эрежелери; Убакыттын жана көлөмдүн типтүү ченемдери (1.19, 3.16-п.)
|
3-жол-жобонун жыйынтыгы: Документтерди кабыл алуу. Көктөмөлөрдү кабыл алуу-өткөрүү жөнүндө актыны, белгиленген тартипте жоюлган уюмдардан документтерди кабыл алуу жөнүндө корутунду. Кабыл алынган көктөмөлөрдү (документтерди) мамлекеттик каттоого коюу | ||||
3-жол-жобонун узактыгы: 10 мүн.ашпайт | ||||
3-жол-жобонун тиби: Атайын. Уюштуруу-башкаруучулук (бөлүгү) | ||||
5. ЖОЛ-ЖОБОНУ АТКАРУУ СХЕМАСЫ (АЛГОРИТМДЕР)
1-жол-жобо. Кызмат көрсөтүү жөнүндө кайрылууну кабыл алуу жана каттоо
2-жол-жобо. Кызмат көрсөтүүнү керектөөчү менен документтерди сактоого кабыл алуу-өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзүү (мамлекеттик, депозитардык)
3-жол-жобо. Документтерди кабыл алуу. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү
6. Административдик регламенттин талаптарынын
аткарылышын контролдоо
Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Ички (күндөлүк) контроль архив мекемесинин жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички (күндөлүк) контроль кызмат адамдары тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү ар чейректе бир жолудан жүргүзүлүп турат. Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын бузуулар боюнча аныкталган фактыларды жоюу чаралары көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү кызматкерлердин жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги тарабынан түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы маалымкат түрүндө таризделет, анда административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Маалымкатка кол коюлгандан тартып, 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Маалымкат түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына жараша белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдүн киргизилиши демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы боюнча тышкы контроль жыл сайын жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын
бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
Мамлекеттик архивдердин кызмат адамдарынын иш-аракетине же иш-аракетсиздигине, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө кабыл алынган чечимдерге арыз ээси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартында белгиленген тартипте даттана алат.
Мамлекеттик архивдердин кызмат адамдары жана кызматкерлери административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
8. Корутунду жоболор
Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты кайра каралган учурда жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучу:
1. Бектурова Асия Тобокеловна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин ведомстволук архивдер менен иштөө жана көзөмөлдөө секторунун башкы адиси;
2. Ирисова Асель Пайзылдаевна – Кыргыз Республикасынын Документтештирүү борборунун директорунун орун басары.