Загрузка документа…
| 8-тиркеме БЕКИТИЛГЕН Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын “21” январындагы №1-д буйругу менен |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
«Архивдик фонддун бөлүгү болуп саналган документтерди сактоо»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 8-главасы, 15-пункту
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин карамагындагы төмөнкү мекемелер тарабынан жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын борбордук мамлекеттик архивдери (КР КФФД БМАдан тышкары);
- областтык мамлекеттик архивдер;
- Түштүк региондор аралык мамлекеттик коомдук-саясий документтер архиви;
- райондук мамлекеттик архивдер;
- шаардык мамлекеттик архивдер.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти төмөнкү талаптарга жооп берет:
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 109 токтому.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандартынын негизги параметрлери:
(1) Табыштаманы (арызды) кабыл алуунун чектелүү мөөнөтү - 30 мүнөттөн ашпайт; кызмат көрсөтүү боюнча алдын ала жооп берүү - 14 күндөн ашпайт; кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү сактоого берилүүчү документтердин көлөмүнө көз каранды.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
а) кайрылуучунун ким экендигин ырастоочу документ;
б) юридикалык жактын кайрылуусу (жазуу жүзүндө);
в) жеке жактын документтерди кошумча тапшыруу жөнүндөгү кайрылуусу (арызы);
г) кызмат алуучунун өкүлүнүн ыйгарым укугун тастыктоочу документ (ишеним кат) (зарылдыгына жараша);
д) мамлекеттик архивдин эксперттик-текшерүү комиссиясы (ЭТК) тарабынан бекитилген көктөмөлөрдүн тизимдери.
(3) Кызмат көрсөтүү акысыз.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: Документтерди мамлекеттик сактоого кабыл алуу. Белгилүү тартипте таризделген документтерди өткөрүү-кабыл алуу актысын берүү. Кабыл алынган документтердин сакталуучу орду жөнүндө корутунду (зарылдыгына жараша) берүү. Кабыл алынган документтерди мамлекеттик каттоого коюу.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө негиз болгон ченемдик укуктук актылар:
- «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 109 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 72 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-мартындагы № 160 «Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана башка юридикалык жактардын архиви жөнүндө, Борбордук эксперттик комиссия жөнүндө жана мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана башка юридикалык жактардын эксперттик комиссиясы жөнүндө болжолдуу жоболорду бекитүү тууралуу» токтому;
- Архив агенттигинин 2009-жылдын 17-августундагы № 46/1 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринин негизги иш эрежелери;
- Архив агенттигинин Илимий-усулдук комиссиясынын 2009-жылдын 18-августундагы чечими менен бекитилген Уюмдардын архивдеринин негизги иш эрежелери;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен макулдашылган, Архив агенттигинин 2007-жылдын 31-октябрындагы № 51/1 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринде аткарылуучу иштердин негизги түрлөрүнө болгон убакыттын жана көлөмдүн типтүү ченемдери;
- архив мекемелеринин ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук документтер (архив мекемеси жөнүндө жобо, Борбордук эксперттик комиссия жөнүндө, бөлүм жөнүндө жобо, кызматкерлердин функционалдык милдеттери ж.б.).
2. КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ ПРОЦЕССИНДЕ АТКАРЫЛУУЧУ ЖОЛ-ЖОБОЛОРДУН ТИЗМЕГИ
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Кызмат көрсөтүү жөнүндөгү кайрылууларды кабыл алуу жана каттоо
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндөгү кайрылууларды кабыл алуу төмөндөгү формаларда жүргүзүлөт: - кат жүзүндө кайрылуу; - электрондук кайрылуу; - оозеки кайрылуу. Каттоо жол-жобосу мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бекитилген мөөнөттөрдө аткарылат |
2 | Документтерди кабыл алуу. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү | Документтерди кабыл алуу эки иш процессин камтыйт: - документтерди кабыл алуу; -документтерди кабыл алуу-өткөрүп берүү фактысын тастыктоочу документти берүү. Көктөмөлөрдү кабыл алуу ар бир көктөмөнүн сыртындагы жазууну тизим менен салыштыруу, эсепке алуу документтерин тууралоо, эсепке алуу документтерине кабыл алууну тариздөө аркылуу жүргүзүлөт. Документтерди кабыл алууну тариздөө документтерди кабыл алуу актысын жана белгиленген үлгүдөгү корутундуну (зарылдыгына карата) берүү аркылуу жүргүзүлөт. Эскертүү: Документтердин жалпы санынын көпчүлүгү жок болгон учурда, алар толукталмайынча сактоого кабыл алынбайт |
3. ЖОЛ-ЖОБОЛОРДУН ӨЗ АРА БАЙЛАНЫШЫНЫН БЛОК-СХЕМАСЫ
«АРХИВДИК ФОНДДУН БӨЛҮГҮ БОЛУП САНАЛГАН ДОКУМЕНТТЕРДИ САКТОО»
4. ЖОЛ-ЖОБОЛОРДУ СЫПАТТОО ЖАНА АЛАРДЫН МҮНӨЗДӨМӨЛӨРҮ
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салуучу документ |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-жол-жобо. Кызмат көрсөтүү жөнүндөгү кайрылууну кабыл алуу жана каттоо | ||||
1.1-иш-аракет Кызмат көрсөтүү жөнүндөгү кайрылууну кабыл алуу
| УАФ документтерин топтоочу бөлүмдүн кызматкери, мамлекеттик архивдин топтоо булактарынын тизмесинде турган мекемелер менен иш алып баруучу кызматкер, ж.б.
| оозеки – кезек күтүү менен 10 мүн. ашпайт; жазуу жүзүндө – почта боюнча келип түшкөн күнү | а) кароого кабыл алынган кайрылуу (жазуу жүзүндө); б) маселенин маңызы боюнча толук жооп берилген кайрылуу (оозеки)
| - «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» КР Мыйзамы; - КРда иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама |
1.2-иш-аракет Кайрылууну каттоо | документтерди каттоого жоопкер кызматкер | кайрылуу түшкөн күнү 2 мүн. ашпайт
| Кириш документтерди каттоо журналына кайрылууну жазуу | КРда иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
|
1.3-иш-аракет Кайрылууну жетекчинин кароосуна берүү | документтерди каттоого жоопкер кызматкер | жетекчинин кайрылууну кароосу - кайрылуу түшкөн күнү 10 мүн. ашпайт
| кайрылуунун аткаруучусу, аткаруу тартиби жана мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды камтыган жетекчинин резолюциясы | КРда иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама |
1.4-иш-аракет Кабыл алынуучу көктөмөлөрдүн абалын кароо. Көктөмөлөрдүн тизимдерин, алардын ИМАсын текшерүү
| административдик иш-аракетти аткарууга жоопкер кызматкер
| 2 сааттан ашпайт
| мамлекеттик сактоого кабыл алынып жаткан документтердин сапатын жана толуктугун камсыздоо | Мамлекеттик архивдердин негизги иш эрежелери |
1-жол-жобонун жыйынтыгы. Документтерди кабыл алууга жетекчиликтин берген уруксаты | ||||
1-жол-жобонун узактыгы. 2 сааттан ашык эмес | ||||
1-жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруучулук | ||||
2-жол-жобо. Документтерди кабыл алуу. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү | ||||
2.1-иш-аракет Кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүн мамархивдин документтерди кабыл алуу боюнча план-графигине киргизүү | -мекемелер менен иш алып барууга жоопкер кызматкер;
-документтерди кабыл алууга жоопкер кызматкер
| жетекчинин тапшырмасы алынгандан кийин 5 мүн. ашпайт | -документтерди кабыл алуу мөөнөтүн белгилөө;
- ушул административдик иш-аракеттерди аткарууга жоопкер кызматкерлердин ишин пландаштырууну камсыздоо | Мамлекеттикархивдердин негизгииш эрежелери |
2.2-иш-аракет Документтерди бирден кабыл алуу-өткөрүү | документтерди кабыл алууга жооптуу кызматкер, мекеменин-топтоочу булактын куратору, документтерди тапшыруучунун өкүлү
| ченемге ылайык ар бир көктөмөнү кабыл алууга 5 мүн. ашпайт (көктөмөлөрдүн физикалык абалын, алардын барактарынын, күбөлөндүрүлгөн барактарынын толуктугун кароо менен)
| а) документтерди кабыл алуу;
б) себебин билдирүү менен документтерди кабыл алуудан баш тартуу | Мамлекеттикархивдердин негизгииш эрежелери; Убакыттын жана көлөмдүн типтүү ченемдери (1.1, 1.2-п.) |
2.3-иш-аракет Көктөмөлөрдү кабыл алуу-тапшыруу жөнүндө актыга кол коюу жана берүү | эки тараптын кызмат адамдары, кызмат адамы жана документтерди тапшыруучунун өкүлү
| 10 мүн. ашпайт (документтерди тапшыруучу турган жерге чейинки жолго кеткен убакытты кошпогондо)
| - белгиленген үлгүдөгү көктөмөлөрдү кабыл алуу-тапшыруу жөнүндө актыны берүү; - мекеме жоюлган учурда документтердин жайгашкан жери жөнүндө корутунду берүү | Мамлекеттикархивдердин негизгииш эрежелери |
2-жол-жобонун жыйынтыгы: Документтердин кабыл алуу. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү (белгиленген үлгүдөгү көктөмөлөрдү кабыл алуу-тапшыруу жөнүндө актыны берүү) | ||||
2-жол-жобонун узактыгы: 10 мин. ашпайт | ||||
2-жол-жобонун тиби: Атайын. Уюштуруу-башкаруучулук (бөлүгү) | ||||
5. ЖОЛ-ЖОБОНУ АТКАРУУ СХЕМАСЫ (АЛГОРИТМДЕР)
1-жол-жобо. Кызмат көрсөтүү жөнүндө кайрылууну кабыл алуу жана каттоо
2-жол жобо. Документтерди кабыл алуу.
Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү
6. АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТТИН ТАЛАПТАРЫНЫН
АТКАРЫЛЫШЫН КОНТРОЛДОО
Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Ички (күндөлүк) контроль мамлекеттик архивдердин жетекчилери (кызмат адамдары) тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички (күндөлүк) контроль кызмат адамдары тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү ар чейректе бир жолудан жүргүзүлүп турат. Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын бузуулар боюнча аныкталган фактыларды жоюу чаралары көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү кызматкерлердин жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги тарабынан түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы маалымкат түрүндө таризделет, анда административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Маалымкатка кол коюлгандан тартып, үч иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Маалымкат түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына жараша белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдүн киргизилиши демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы боюнча тышкы контроль жыл сайын жүргүзүлөт.
7. АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТТИН ТАЛАПТАРЫН БУЗГАНДЫГЫ ҮЧҮН КЫЗМАТ АДАМДАРЫНЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ
Мамлекеттик архивдердин кызмат адамдарынын иш-аракетине же иш-аракетсиздигине, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө кабыл алынган чечимдерге арыз ээси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартында белгиленген тартипте даттана алат.
Мамлекеттик архивдердин кызмат адамдары жана кызматкерлери административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
8. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР
Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты кайра каралган учурда жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТТИ ИШТЕП ЧЫГУУЧУЛАР:
1. Бектурова Асия Тобокеловна - КРӨ караштуу МКК алдындагы Архив агенттигинин ведомстволук архивдер менен иш алып баруу жана көзөмөлдөө секторунун башкы адиси;
2. Байбулатова Джамиля Дженишбековна - КР Борбордук мамлекеттик архивинин директорунун орун басары.