Загрузка документа…
| 24-тиркеме БЕКИТИЛГЕН Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын “21” январындагы № 1-д буйругу менен |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
“Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга чек ара зонасына аз убакытка келүүсү үчүн уруксаттарды тариздөө”
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 6-главасы, № 48
1. Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин калкты паспорттоштуруу жана каттоо аймактык бөлүмдөрү жана жарандык, иммиграция жана чет өлкөлүк жарандарды каттоо маселелери боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери (мындан ары – КПКБ, Департамент) тарабынан жүргүзүлөт.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти төмөнкүлөрдүн талаптарына жооп берет:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 109 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтомунун;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө жобонун.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү:
а) Документтерди кабыл алууга убакыт - 30 мүнөттөн ашык эмес, кезек күтүүнү эске албаганда;
б) документтерди каттоо -10-15 мүнөт;
в) кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү – 6 жумуш күнү;
г) кызмат көрсөтүү боюнча жыйынтыкты берүү убактысы – 10-15 мүнөттөн ашык эмес.
(2) Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө уруксат алуу маселеси боюнча кайрылуу үчүн тийиштүү документтердин тизмеги:
- кабыл алуучу жеке же юридикалык жактардын 4 нускада өтүнүч-каты;
- кирүү максатын ырастаган документтер;
- ким экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- мамлекеттик алымды төлөө жөнүндө квитанция;
- визалык режим орнотулган чет өлкөлөрдүн жарандары үчүн визанын болуусу.
(3) Мамлекеттик кызмат көрсөтүлгөн үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы №521 “Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык мамлекеттик алым алынат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө уруксат алуу.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги №172 “Чек ара режиминин жана чек ара тилкесиндеги режимдин эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Кыргыз Республикасынын чек ара зонасына кирүүгө уруксат алууга документтерди мыйзамдарга ылайык кабыл алуу
| Арыз ээси тарабынан бардык тийиштүү жана талаптагыдай таризделген документтер берилген күндөн тартып арыз кароого кабыл алынды деп эсептелинет.
|
2. | Кыргыз Республикасынын чек ара зонасына кирүүгө документтерди Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарына макулдашууга жөнөтүү
| Кыргыз Республикасынын чек ара зонасына кирүүгө арызды канаттандыруунун же четке кагуунун максатка ылайыктуулугу макулдашуу жол-жобосунун жыйынтыктары боюнча таанылат.
|
3. | Кыргыз Республикасынын чек ара зонасына кирүүгө уруксат берүү же бербөө
| Уруксат 16 жашка жеткен адамдарга берилет. Уруксатта баруунун максаты, болуучу жери, орун которуулары, аткаруучу жумуштары жана башка иш-чаралары, болууга уруксат берилген административдик аймактык бирдик (облусу, район, айыл аймагы) көрсөтүлөт. Убактылуу болуу мөөнөтү берилген уруксаттын мөөнөтү менен чектелет.
|
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболорду сыпаттоо жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ |
| |||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
| |||||
1-жол-жобо: Кыргыз Республикасынын чек ара зонасына кирүүгө уруксат алууга документтерди мыйзамдарга ылайык кабыл алуу | ||||||||||
1.1. Документтерди өтүнүч-кат менен тизмекке ылайык кабыл алуу
1.2. Өтүнүч-катты каттоо журналында каттоо
1.3.Документтерди өтүнүч-кат менен кароо | КПКБ кызматкери | 10-15 мүнөт
10-15 мүнөт
|
| “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги №172 “Чек ара режиминин жана чек ара тилкесиндеги режимдин эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому.
|
| |||||
1-жол-жобонун жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын чек ара зонасына кирүүгө уруксат алууга өтүнүч-кат менен документтерди кабыл алуу, каттоо жана кароо |
| |||||||||
1-жол-жобонун узактыгы: 10-15 мүнөт, 20 мүнөт, 3 күндүн ичинде |
| |||||||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо |
| |||||||||
|
Кийинки жол-жобонун номери: 2 |
| |||||||||
|
| |||||||||
2-жол-жобо: Кыргыз Республикасынын чек ара зонасына кирүүгө документтерди Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарына макулдашууга жөнөтүү | ||||||||||
2.1. Макулдашуу жол-жобосуна жөнөтүү үчүн материалдарды даярдоо
2.2. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарына материалдарды жөнөтүү
2.3.Макулдашуунун жыйынтыктарын алуу | Департаменттин кызматкери | 3 күндүн ичинде | Коштомо кат даярдоо
Кыргыз Республикасынын чек ара зонасына кирүүгө арызды канаттандыруунун же четке кагуунун максатка ылайыктуулугу макулдашуу жол-жобосунун жыйынтыктары боюнча таанылат. | “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги №172 “Чек ара режиминин жана чек ара тилкесиндеги режимдин эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому. |
| |||||
2-жол-жобонун жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын чек ара зонасына кирүүгө арызды канаттандыруунун же четке кагуунун максатка ылайыктуулугу таанылат. |
| |||||||||
2-жол-жобонун узактыгы: 3 күндүн ичинде |
| |||||||||
2-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо |
| |||||||||
| ||||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 |
| |||||||||
3-жол-жобо: Кыргыз Республикасынын чек ара зонасына кирүүгө уруксат берүү же бербөө | ||||||||||
3.1 Чек ара зонасына кирүүгө уруксат берүү
3.2. Уруксат берүү жөнүндө чечим арыз ээсине же өтүнүч каттын ээсине билдирилет
3.3. Чек ара зонасына кирүүгө уруксат бербөө
| ЧУКБ, ЖИЧЖКБнын кызматкерлери | 6 жумуш күндүн ичинде
Чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө
Уруксат бербөө жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин 3 күндүн ичинде арыз ээсине билдирилет
| Уруксатта баруунун максаты, болуучу жери, орун которуулары, аткаруучу жумуштары жана башка иш-чаралары, барууга уруксат берилген административдик аймактык бирдик (облусу, район, айыл аймагы) көрсөтүлөт.
Чек ара зонасына кирүүгө уруксат алуу үчүн кайрылган жеке жактарга өткөрмө берилет, өткөрмөнүн дүмүрчөгү ведомстволук органда калат. Юридикалык жактарга чек ара зонасына кирүүгө уруксат берилгендиги тууралуу белгиси менен штамп өтүнүч-каттын өзүнө коюлат жана калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүнүшүнүн кызмат адамы колу коёт жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт. Топтук (жамааттык) уруксат топтун жетекчисинин атына топ мүчөлөрүнүн санын көрсөтүп, топтун тизмесин жана топтун ар бир мүчөсүнүн ким экендигин тастыктаган жарактуу документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен таризделет. Тизменин биринчи барагында берилген уруксаттын номери жана датасы, барууга уруксат берилген административдик аймактык бирдик (облус, район, айыл аймагы) көрсөтүлөт. Тизменин ар бир барагына калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн кызмат адамы кол коёт жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
Уруксат бербөө тууралуу чечим калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан төмөнкү учурларда чыгарылат: - эгерде арыз ээси өзү жөнүндө жалган маалымат берсе жана жасалма документ же кирүү максаты тууралуу толук маалымат көрсөтпөсө; - эгерде арыз ээси уруксат берүү жөнүндө өтүнүчүн так эмес, оңдоолор жана булгоолор менен толтурса; - улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органынын же анын аймактык органдарынын жарандарды чек арага жакын аймакка кирүүгө (өтүүгө) өткөрүүнү макулдашууда баш тартса; - эгерде чек арага жакын аймакта мурда болуу учурунда арыз ээси тарабынан Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республиканын мыйзамдарын бузгандык фактысы аныкталса. Арыз ээсинин талабы боюнча уруксат бербөө жөнүндө чечим жазуу жүзүндө берилет. | “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги №172 “Чек ара режиминин жана чек ара тилкесиндеги режимдин эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому. |
| |||||
3-жол-жобонун жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын чек ара зонасына кирүүгө уруксат берүү же бербөө |
| |||||||||
3-жол-жобонун узактыгы: Өтүнүчтүн жалпы кароо мөөнөтү - 6 жумуш күнү |
| |||||||||
3-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо |
| |||||||||
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритмдер)
№ 1 жол-жобо
№2 жол-жобо
№3 жол-жобо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Ички контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички контроль Департаменттин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар:
1. Таманбаев Р.К.- КРӨ МКК КЖААКД ЧУКБнын башкы адиси
2. Тиленова А.Э. – КРӨ МКК КЖААКД ЖИЧЖКБнын адиси